Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Сегизбев премьер, Сүйүнбаев УКМК төрагасы болобу?

Буга чейин Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун премьер-министрликке кандидатуралары көрсөтүлүп, аракеттерин көрө башташса, соңку убакта Абдил Сегизбаевдин аты таасирдүү маанайында айтыла баштады. Саясаттын чордонуна алынып. Албетте, соңку чечимди президент Алмазбек Атамбаев чыгарат дечи. Эгер Абдилди премьер шайлатуу үчүн Жогорку Кеңешке мажбурласа, анда УКМК төрагасы Болот Сүйүнбаев боло турганы каңкууланууда.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Күмүшбек Шамканов МКК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Шамканов Күмүшбек Күрүчбекович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул туурасында Өкмөттүн расмий саты маалымдады.

Бакытбек Жусупбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Жусупбеков Бакытбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн арсмий сайты маалымдады.

Мирзиёев Улуттук телерадиокомпаниянын башчысын кызматтан алды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясынын (УТРК) төрагасы Хуршид Мирзохидовду кызматтан алды. Бул тууралуу мамлекет башчы 2-августта өткөн видеоселектордук жыйын маалында айтып, Мирзохидовдун ишин сынга алды.

Мирзохидов УТРКнын жетекчиси кызматына өлкөнүн башкы каналын 12 жылга жакын башкарган Алишер Хаджаевдин ордуна ушул жылдын февралында дайындалган.

Президент 30-марттагы видеоселектордук жыйында дагы өзбек телеберүүсүндө реформаларды жасоо зарылдыгы тууралуу айтып, «Өзбекстан» жана «Ёшлар» («Жаштар») телеканалдарынын ишин сынга алган.

«Мурдагы мезгил өттү. Телеканалдарда сындаган, аналитикалык материлдар берилиши зарыл. Адамдар берүүлөрдү чыдамсыздык менен күтүшү керек. “Ахборот“ берүүсүн өзгөртүү зарыл», — деп билдирген анда Мирзиёев.

Ошол эле жыйында мамлекет башчы Өзбекстандын эл артисти, белгилүү ырчы Озодбек Назарбековду «Ёшлар» телеканалынын башкы директору кылып дайындап, канал жаштардын жашоосун тиешелүү деңгээлде чагылдырбай жатканын айткан. Көп өтпөй Назарбеков бул кызматтан кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казаков менен Каримованын "чуусу" чубалып...

Шарт эле жаман ойго кабылбагыла, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай ырчы Самара Каримованы Сулайман-Тоо музей-комплексине директор кылып дайындай коюп, коомчулуктун “төө бастысында” калганы тууралуу кеп кетүүдө.

Айрым ээн ооздорчосунан экөөнү «жабыштырып» жибербегиле дейбиз. Аныгында, коомчулук ырчынын музейди жетектөөгө тажрыйбасы жоктугун белгилешип, маданиятты түшүнгөн кишинин кылаары ушул беле дешип Казаковду катуу жемеге алышты. Натыйжада, элдин ачуу сынына туруштук бере албай Каримова директор болуудан баш тартты. Ал эми министр Казаков болсо «Каримованы жетекчи кылууну музейдин эмгек жамааты суранган», – деп актанып айласы кетти. Деги ушу биздин жетекчилер бир чечим кабыл алаарда бир аз ойлонуп коюшса кыйын деле болбойт эле го…

Булак: “Майдан.kg”

Назарбаевдин небереси Альпинизм федерациясына жетекчи болду

Астана акиминин мурдагы орун басары, ишкер жана Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу небереси Нурали Алиев өлкөнүн Альпинизм федерациясына жетекчи болду. Бул тууралуу 31-июлда жергиликтүү маадымат агенттиктери билдиришти.

Федерациянын сайтына мекеменин жаңы президенти дайындалгандыгы тууралуу билдирүү 27-июлда жарыяланган. Казакстан мамлекет башчысынын кызы Дарига Назарбаеванын уулу Нурали Алиев 2014-жылдын декабрынан бери Астана акиминин орун басары кызматын аркалап, 2016-жылы мартта жумуштан өз каалоосу менен кеткенин жарыялаган.

2016-жылы апрелде 32 жаштагы Нурали Алиевдин ысымы саясатчылар менен ишкерлердин оффшорлору тууралуу маалыматтарды камтыган «Панама архивдеринде» айтылган. Айрым өлкөлөрдө ал маалыматтардын жарыяланышы чоң жаңжалдарды чыгарып, жогорку кызматтагы адамдарды отставкага кетирген. Казакстан бийлиги болсо андагы маалыматтарга эч кандай реакция жасаган эмес. Анда өлкөнүн Башкы прокуратурасы «маалыматтардын булагы анык эмес болгондуктан» ал боюнча иликтөө иштерин баштоо демилгеленбегендигин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

БШКга президент болууну каалаган 59 адам арыз берди

Президенттикке талапкер болуп катталуу ниетин билдиргендердин саны 59га жетти. БШКнын маалыматы боюнча, алардын ичинен 48 жаран өзүн өзү көрсөтсө, 11ин партиялар көрсөтүшкөн.

31-июлда БШКга “Бөлтүрүк” дыйкан чарбасынын башчысы Өмурбек Бөлтүрүковдон, пенсионер Камил Токтобаевден, укук коргоочу Роман Ремневден, «Киргизпромтехнология» ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси Аскар Абышкаевден, ӨКМдин Мониторинг жана чукул кырдаалдарды божомолдоо департаментинин адиси Советбек Абыкуловдон, Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбековдон жана адвокат Марат Мергеновдон арыз келип түшкөн.

Талапкер катары өзү өзү көрсөткөндөрдүн арасында «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаров дагы бар.

Арыздарды кабыл алуу 31-июлда түнкү 12де аяктады. Талапкерлерди каттоо 15-августтан кийин башталат. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

Президенттикке талапкерлердин акыркы тизмеси 10-сентябрда жарыяланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Энтони Скарамуччи Ак үйдө 10 күн иштегенден кийин кызматтан кетти

АКШ президенти Дональд Трамп Энтони Скарамуччини Ак үйдүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору кызматынан алууну чечти. Бул тууралуу АКШ администрациясынын расмий билдирүүсүндө айтылат.

«Энтони Скарамуччи Ак үйдүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы кызматынан кетет. Ал жаңы аппарат башчысы Жон Келлинин бардыгын актай барактан баштап, өзүнүн жеке командасын түзүүсүнө мүмкүндүк берүүнү туура көрдү», – деп айтылат Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Буга чейин New York Times гезити өз булактарына шилтеме кылып, Скарамуччинин отставкага кете тургандыгын жазып чыккан. Анын кызматтан кете тургандыгы жөнүндөгү билдирүү Ак үйдүн жаңы аппарат башчысы Жон Келли ант бергенден көп өтпөй пайда болгон.

«Политико» басылмасы Скарамуччи Келлинин өтүнүчү менен кызматтан кеткенин билдирүүдө. Ал директор кызматында болгону 10 гана күн иштеди.

Жаңы кызматка келген Скарамуччи өткөн жумада Трамптын администрациясынын жогорку кызматтагы аткаминерлерин, анын ичинде Ак үйдүн мурдагы аппарат башчысы Рейнс Прибусту кескин сынга алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казаков "Каримованы жетекчи кылууну музейдин эмгек жамааты суранган», - деп актанып айласы кетти...

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ырчы Самара Каримованы Сулайман-Тоо музей-комплексине директор кылып дайындай коюп, коомчулуктун «төө бастысында» калды. Көпчүлүк ырчынын музейди жетектөөгө тажрыйбасы жоктугун белгилешип, маданиятты түшүнгөн кишинин кылаары ушул беле дешип Казаковду катуу жемеге алышты. Натыйжада, элдин ачуу сынына туруштук бере албай Каримова директор болуудан баш тартты. Ал эми министр Казаков болсо: «Каримованы жетекчи кылууну музейдин эмгек жамааты суранган», – деп актанып айласы кетти. Айтор, кашыктап чогулткан аброюн, бир дайындоо менен чакалап төгүп алгандай болду көрүнөт… Ырасында, дайындаган соң иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек болчу, болбосо дайындабаш керек эле. Жети өлчөп, бир кесип чечим кабыл албай, өз чечимине өзү каршы чыгып, эмне аброй тапты?

Булак: “Фабула”

Нурзада Жолдошева "Кыргызстан Обондору" радиосунан кетти

Булбул үндүү ди-джей Нурзада Жолдошева “Кыргызстан Обондору” радиосундагы кызматын өткөрүп берди. Башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу эми радио тармагынан анын үнүн укпайбыз, Азырынча курбуларынын тойлорунан гана көрүнгөн Нурзада кандай ишке өткөнүн жашырып келүүдө.

Булак: “Де-Факто”

Меню