Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Жогорку Кеңеш 21-августта кезексиз жыйынга чогулат

Бул маалыматты Социал-демократтар фракциясынын лидери, парламенттеги көпчүлүк коалициянын башчысы Иса Өмүркулов журналисттерге билдирген. Өмүркуловдун сөзү боюнча, кезексиз отурумда депутаттар жаңы өкмөт башчысын шайлап, министрлер кабинетин бекитишет.

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу азырынча кезексиз жыйын тууралуу парламент төрагасына сунуш түшө электигин “Азаттык” радиосуна билдирди.

Парламент регламентине ылайык, кезексиз сессияны көпчүлүк коалициянын башчысы чакырат.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атада курган маалымат жыйынында парламент күзгө чейин жаңы өкмөт куроого тийиштигин айткан.

Азыркы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков 15-июлда КСДПнын курултайында 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер болуп сунушталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ал ээлеп турган кызматын тапшырып берүүгө тийиш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кудайга жакпаган иштери үчүн эртен эле жооп берүүдөн чочулашуудабы?..

Бүгүнкү бийликтин күнү бүтүп бараткандыгына көзү жетип калыштыбы же өздөрүнүн мыйзамга да, Кудайга да жакпаган иштери үчүн эртен эле жооп берүүдөн чочулашуудабы, айтор майлуу-сүттүү кызматынан “өз арызы менен” бошогон чиновниктер көбөйүүдө Булардын бири Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев десек болот. Ал 21-июлда өз арызынын негизинде кызматынан кеткендиги белгилүү болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кубанычбек мырза пенсияга чыккандыгына байланыштуу арыз жазыптыр. Албетте, жаш курагы жеткенде пенсияга чыкса болот. Бирок мындай майлуу-сүттүү орунду оңой эле бошото койгондун бир жүйөлүү себеби жокпу? Башкасын мындай коёлу, айтылуу “Ата Мекен” партиясынын азыр “кылым соту” жүрүп аткан Ө.Текебаевге карата айыптар дал ушул Бишкек прокуратурасы тарабынан коюлуп жатпайбы. Азыр баарыбызга эле бир гана Ө.Текебаевге эмес, С.Жапаров, Б.Талгарбеков, Б.Асанов, К.Кадыров жана башка кыргыздын бычакка caп жигиттерине прокуратура тарабынан саясый айып тагылып, “репрессия” болуп жатышпайбы. Анткен менен ошол эле Ө.Текебаевдин россиялык өзү шылуун Маевскийден 1 млн. доллар алгандыгын далилдей албай мыш болушууда. Ошондуктан бийликтин буюртма тапшырмасы менен чындыктын ортосунда чайналгандар “өз эрки менен” чөгүп бараткан кемени таштай качышууда.

Булак: “Майдан.kg”

Таш-Көмүрдүн мэри шайланбай турат...

Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин депутаттары экинчи ирет дагы калаа мэрии шайлай алышкан жок.

Таш-Көмүр шаардык Кеңешине КСДП партиясынан 7, “Республика” партиясынан 7, “Мекеним Кыргызстандан” 6, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан 5, “Ата-Журт” партиясынан 3, “Таш-Көмүр жаштарынан” 3 депутат шайланган.

КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Таш-Көмүр жаштары” партиялары биригип, “Биримдик” коалициясын түзүшкөн. Ошентип, шаардык кеңештин төрагасы дагы 16 добуш менен шайланган эле. Ал эми шаар мэрлигине КСДП партиясынан Сулайман Сансызбаев гана жалгыз талапкерлигин койгон. Шаар мэрии шайлоо үчүн эки Жолу кворум болуп, эки жолкусунда тең оппозицияда калган партиянын депутаттары келбей коюшту. Оппозицияда калган партиялардан мэрликке талапкер көрсөтүлгөн дагы эмес.

Ал эми КСДП партиясынан шаардык Кеңешке депутаттар, аксакалдар Кеңеши Өкмөт башчыга шаар мэринин милдетин аткаруучуну аталган партиядан дайындоо боюнча кайрылуу дагы жолдошкон.

Баса, буга дейре Бекболот Миңбаев Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулган.

Ошондуктан, калаа мэрии шайлоо биринчи жолу 31 -январда өткөн. Анда “Өнугүү-Прогресс” партиясынан Тимур Колоев, “Кыргызстан” партиясынан Шайлообек Кубатбеков. КСДПдан экс-мэр Шамшарбек Чойбеков көрсөтүлүп, эч кимиси жетиштүү добуш ала алган эмес.

Булак: “Майдан.kg”

Видео - Журналист Автандил Добулбеков Атамбаевге курч суроо бергени үчүн өз жумуш ордунан айрылды

24-июль күнү көл жээгинде өткөн Алмаз Атамбаевдин маалымат жыйынында Super.kg маалымат порталынын журналисти Автандил Добулбеков Алмаз Атамбаевге “эмне үчүн өз элиңизге эле көп нааразы боло бересиз?” деген суроосу үчүн Атамбаевден кагуу жеп, өз жумуш ордунан айрылды.

Асан Кангелдиев Бишкек шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бишкек шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Асан Кангелдиев дайындалды. Бул туурасында прокуратурадан билдиришти.

Мурда белгилүү болгондой, Бишкектин прокурору Кубанычбек Бейшекеев пенсияга кетүү арызын жазып, жумуш ордун бошоткон.

Видео - Кийинки өкмөт башчы 2020-жылга чейин башкарабы?

Шайлоонун шааниси менен Кыргызстанда чоң кадрдык өзгөрүүлөр боло тургандыгын саясий эксперттер айтып келишүүдө. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков талапкер катары өзүнүн кызмат ордун тапшырган соң мыйзам боюнча анын милдетин биринчи-вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев аткара берсе болот.

Булак: “September TV

Тыныбек Кадырбаев Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси болуп дайындалды

Тыныбек Кадырбаев Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси болуп дайындалды. Мурда бул кызматты ээлеген Изатбек Токтомамбетов өз ишин так аткарбагандыгы үчүн жумуштан алынды.

“19-июль күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Токтогул районуна болгон иш сапарында Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Изатбек Токтомамбетовду тарссанын ремонтун өз учурунда жасабагандыгы үчүн сындаган” – деп билдириши Транспорт жана жол министрлигинен.

Реконструкцияны 30 майда эле башташ керек болчу, алар болсо июлдун жарымына чейин болгону 2,5 километр жолду жасашкан.

Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев ээлеген кызмат ордунан бошотулду

Кечээ, 21-июлда Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Расмий шылтоосу боюнча ал пенсия жашына келгенине байланышту өз арызы менен кеткен.

Бирок, билермандар ага саясый өң бергени жатышат, анткени Кубанычбек Бейшекеев буга чейин сотто “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоочу катары чыгып жаткан.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Кайрат Мусаев жаңыдан түзүлгөн Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда буйрукка кол койду. Ага ылайык Мусаев Кайрат Абдрахманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-жылдын 14-июлундагы №432 токтому менен «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары системасын реформалоо боюнча иш чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун негизинде  түзүлгөн. Буга чейин Кыргыз Респбликасынын Коргоо кеңешинин жыйынында республикада  бирдиктүү соттук-эксперттик орган түзүү,  Юстиция, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтеринин эксперттик түзүмдүк бөлүмдөрүн бириктирүү чечими кабыл алынган.

Диктор болуп иштеген Рахмондун кенже кызы банктын төрага орун басары болду

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кыздарынын бири Зарина Рахмон өлкөдөгү ири банктардын бири “Ориёнбанктын” төрага орун басары болуп дайындалды. Бул банкты анын бир тууган таекеси, белгилүү ишкер Хасан Асадуллозода жетектейт.

23 жаштагы Зарина Рахмон бул кызматка жыл башында дайындалган.

Президенттин алтынчы кызы Британиядагы колледждердин бирин бүтүрүп, 2010-жылы эки айдай Тажикстандын мамлекеттик телеканалында англис тилинде жаңылыктарды окуган диктор болуп иштеген.

2013-жылы тажик өкмөтүндөгү Байланыш кызматынын төрагасы Бега Сабурдун уулу Рамз Зухуровго турмушка чыккан.

Рахмондун улуу кызы 39 жаштагы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттин администрациясын жетектейт. Президенттин уулу 29 жаштагы Рустам быйыл Душанбе шаарынын мэри, кийинчерээк шаардык кеңештин да башчысы болуп дайындалган.

Рахмондун дагы бир кызы Рухшон Рахмонова 2016-жылы ноябрь айынан бери Тажикстандын тышкы иштер министрлигинде Эл аралык байланыштар башкармалыгынын орун басары болуп иштейт.

1992-жылдан бери Тажикстанды башкарып келаткан Рахмондун 9 баласы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню