Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Жылдыз Сманбаева Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматынан бошотулду

Президент Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Сманбаева Жылдыз Аскарбековна өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Абдуллаев кызматтан алынды

Министрлик П.Шубин борбордук балдар музыкалык мектебинин директору А.Абдуллаевдин ишмердүүлүгү тууралуу жазылган маалыматтарды текшерүү максатында 19.06.№253-буйругу менен түзүлгөн комиссиянын текшерүүсүнүн негизинде 30.06.№153-буйругу менен аты аталган Абдуллаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бирок ал жерде «кылаарын кылып, кыл жип менен бууп» ошол окуу жайды каалагандай калчап жүргөн Хорошева деген окуу бөлүмүнүн башчысы азырынча ордунда калыптыр… Окуу жайдын мугалимдери жана Хорошевадан жадаган окуучулардын ата-энелери бул айым иштей берсе музыкалык мектеп эмес эле анын «вотчинасы» бойдон эле кала берет дагы баягы кабинеттерде арак ичүүлөр жана тымызын акча жемейлер кала берет дешип чоочуркашууда… Министрлик өзү жакшы эмес, бирок фамилиясы Хорошеваны да талкууга алып, чара көрөт деген үмүттө…

Булак: “Багыт”

Эсенгул уулу Улан Тоң районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Эсенгул уулу Улан башка ишке которулгандыгына байланыштуу Ыссык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими ээлеген кызматынан  бошотулду. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Талайбек Ажиев Тоң районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Тажиев Талайбек Кулубекович Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

КУУдагы кадрдык алмашуулар

КУУнун ректору Канат Садыков кадрдык алмаштырууларды баштаганы маалым болду. Бизге жеткен кабарга караганда, мурдагы ректор Чынара Адамкулованын кеңешчиси болуп иштеп келген Жеңиш Акматовду иштен айдап, анын ордуна убагында ТИМде иштеп, учурда ардактуу эс алууда жүргөн аксакал карыяны өзүнө кеңешчи кылып алганын уктук. Ошондой эле убагында Кыргыз-кытай институтун башкарып, мурдагы ректорлор менен тил табыша албай жумушунан кеткен кыргыз тилчи Култаева Үмүт Баймуратовнаны мурдагы ээлеген ордуна, тагыраак айтканда Кыргыз-кытай факультетинин башчысы кылып дайындаганы маалымдалды.

Булак: “Фабула”

Казакстанда катардагы адамдардын президенттикке талапкер болуусуна тыюу салынды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мыйзамдарды Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө тууралоо боюнча документке кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн расмий маалымат каражаттары кабарлашты.

Быйыл Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин иштелип чыккан документке ылайык, катардагы жарандардын президентикке талапкерлигин коюусуна тыюу салынат. Талапкер болууну каалаган жаран мамлекеттик кызматтарда 5 жылдан кем эмес тажрыйбага жана президенттик милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылчу ооруларынын жоктугун ырастаган кагазга ээ болушу шарт.

Ошондой эле башка өзгөртүүлөр менен катар Кылмыш кодексине террорчулук жана оор кылмыштар үчүн жарандыктан ажыратуу боюнча кылмыш жазасынын кошумча түрү дагы киргизилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Уларбек Шаршеев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   кол койгон Жарлыкка ылайык, Шаршеев Уларбек Зарлыкович  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул туралуу КР Президентинни пресс-кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысынын буйругу менен Уларбек Шаршеев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары- Башкы штабдын зардалы кызматынан бошотулду.

«Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» -  маалыматтык- билим берүү өнөктөштүгү старт алды.

Бул кампанияны «Жарандык платформа» Коомдук фонду ишке ашырууда. Өнөктүк, ушул жылдын 15-октябрында өтүүчү өлкө Президентин шайлоо алдында өткөрүлөт.

Өнөктүктүн негизги максаты, калктын шайлоо процесси жана шайлоо мыйзамдарындагы жаңычылдыктар, ошону менен бирге добуш берүү жол-жобосу жана жарандардын негизги укуктары тууралуу билүү деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Бишкек жана Ош шаарларында эки маалыматтык-ресурстук борборлору иштеп жатышат(МРБ). Жарандар, адистерден кесипкөй консультацияларды,  шайлоо укугу жана шайлоо процессине байланыштуу баардык суроолор боюнча керектүү маалыматтарды ала алышат.

Маалымат өнөктүгүнүн алкагында, Кыргызстандын 7 областында бир катар маалыматтык-агартуучулук жана билим берүүчү иш-чаралар өткөрүлөт. Жалпысынан, активдүү жарандар, саясий партиялар, ЖӨБ органдары жана биринчи жолу добуш берип жаткан жарандар үчүн шайлоо укугу боюнча 20 тренинг уюштурулат.

Мындан тышкары, өлкөнүн 20 шаарында добуш берүү жол-жобосунун негизги суроолоруна түшүндүрмө берүү жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча шайлоочулар менен маалымат жыйындары өткөрүлөт.

Өнөктүктүн алкагында, шайлоо процессинин эрежелерине байланыштуу инструкциялар жана көрсөтүлүүчү материалдар таркатылат. Материалдар, шайлоо учурунда жана шайлоо алдындагы укук бузуулар, мыйзамда белгиленген жоопкерчилик жана жарандарды шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле жарандардын добуш берүү жол-жобосу, добуш берүү кадамдары жана башка бир катар пайдалуу маалыматтар түшүнүктүү жана көрүнүктүү тилде баяндалган.

Ушул демилге  Щвейцария элчилигинин колдоосу астында, «2017-жылдагы Президенттик шайлоолорду өткөрүүгө мамлекетке өз-ара жардам көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

 

 

Камчыбек Акишев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

Сооронбай Жээнбеков  кол койгон буйрукка ылайык,  Акишев Камчыбек Сабырбекович  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары  кызматынан бошотулду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Русланбек Сарыбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  кол койгон буйрукка ылайык, Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Меню