“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жана парламенттеги фракциянын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер катары расмий көрсөтүлдү. Тиешелүү чечим аталган партиянын кечээ, 27-июнда Бишкекте өткөн курултайында кабыл алынып, делегаттар өз лидерин бир добуштан колдоп беришти.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын курултайына өлкөнүн бардык аймактарынан өкүлдөр, партия мүчөлөрү келген. Анда чыгып сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев, талапкер катары айыл чарбасын өнүктүрүүгө артыкчылык берээрин, Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташтыкты колдой тургандыгын билдирди. Бакыт Төрөбаев андан тышкары ар кандай тоскоолдуктарга карабай, президенттик жарышта аягына чейин күрөшөрүн билдирди.
Курултайда сөз сүйлөгөн саясатчы Камчыбек Ташиев партиянын лидери Бакыт Төрөбаевге: “Кудай буюруп, сиз мамлекет башына келип калсаңыз кыргыз эли өкүнбөйт. Жараткандын назары түшкөн адам гана президент болот дейт, бул нерсе сизден кыйгап өтпөсүн. Мен башкалардай болуп сизге кеӊеш бере албайм. Анткени биз, экөөбүз замандашпыз, чогуу жасай турган иштер көп. Сиз бүгүн мекенчилдик боюнча айткан сөздөрүӊүзгө абдан ыраазы болдум. Сиздин партия жаш болсо да өлкөдө олуттуу саясий күчкө айланганын эч ким тана албайт”, – деди Ташиев.
Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев өлкөдө кадр саясаты талкаланганын, бул көйгөй шайлоодон кийин жоюлат деп үмүттөнөрүн айтты. “Шайлоодо административдик ресурстарды колдонгон адамдарды баарыбыз биргеликте уяткаралы. Баарыңыздардын колуңуздарда смартфон бар. Эгерде студенттерди, жаштарды бийлик кимдир бирөөнү колдоого чакырса, видеого тартып алып жайылткыла. Биргеликте алардын бетин ачабыз”, – деди Акаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg