Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Манас Сарымсаков юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-июнда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Сарымсаков Манас Болотович Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

 

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Догоев Дастан Давлетович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Шамиль Бердалиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Бердалиев Шамиль Шамшиевич Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду, анын ордуна Премьер-министрдин буйругу менен Ниязалиев Замирбек Узакович дайындалды.

МБК азырынча Шамиль  Бердалиев кайда которулаарын белгилей элек.

Видео - Аламедин базары өрттөндү

Бердалиев Шамиль Шамшиевич Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду, анын ордуна Премьер-министрдин буйругу менен Ниязалиев Замирбек Узакович дайындалды.

МБК азырынча Шамиль  Бердалиев кайда которулаарын белгилей элек.

А. Мадумаров Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Атамбаев кол койгон Жарлыкка  ылайык, Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кыргыз Республикасынын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Аскар Бешимов Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси кызматынан бошотулду

Алмаз Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык Аскар Бешимов Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси кызматынан бошотулду.

Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Аскар Бешимов Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Бешимов Аскар Жолчубекович Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маа

Замирбек Ниязалиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйруука кол койду. Ага ылайык Ниязалиев Замирбек Узакович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Болот Отунбаев эки ишти айкалыштыруу менен Кыргызстандын Данияда, Норвегияда жана Швециядагы Элчиси болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев кол койгон  Жарлыкка ылайык,    Кыргыз Республикасынын  Россия Федерациясындагы жана Финляндия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Отунбаев Болот Исакович Москва  шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Дания Королдугундагы, Норвегия Королдугундагы,  Швеция Королдугундагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Путин президенттик шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок

Орусиянын кийинки президентинин башкы милдети жакырчылыкка каршы күрөшүү жана калктын кирешесинин жогорулашын камсыздоо болот. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин калк менен болгон түз байланыш маалында билдирди.

Ошол эле маалда Путин келерки президенттик шайлоодо талапкерлигин коер-койбосу тууралуу суроого жооп берген жок. Мамлекет башчы жаңы президентти өлкөнүн жашоочулары тандай турганын гана айтты.

Орусиядагы нааразылык акциялары тууралуу берилген суроого жооп берип жатып Путин “айрым адамдар оор учурду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгын» айтты. Бирок кеп кимдер жөнүндө болуп жатканын так билдирген жок.

Путин буга чейин да шайлоого катыша тургандыгы жөнүндө узатылган суроолорго жооп берүүдөн качып келген. Кремлден президент бул тууралуу ойлонбогондугун жана эч кандай шайлоо алдындагы өнөктүк жүрбөгөнүн билдирип келишет.

Буга чейин келерки президенттик шайлоого катыша тургандыктарын Владимир Жириновский, Григорий Явлинский жана Алексей Навальный билдирген. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартына дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню