Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Бакыт Джусупов Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси болуп дайындалды

А. Атамбаев кол койгон  Жарлыкка ылайык,    Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы  жана  Вена шаарындагы башка эл аралык  уюмдардагы  туруктуу өкүлү Джусупов Бакыт Алиевич Вена шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Венгрия Республикасындагы  Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бообек Салимжанов Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды

А. Атамбаев кол койгон  Жарлыкка ылайык, Салимжанов Бообек Эркинбекович Россия Федерациясынын  Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы  Кыргыз Республикасынын  Башкы консулу болуп дайындалды. Бул туурасында Президенттин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан кетеби?

Башкы прокурор Индира Жолдубаева жакын арада кызматынан кетет деген божомолдор айтылууда. Анын ордуна Канат Керезбеков келиши мүмкүн экен. Индира Жолдубаева коомчулукка ашыкча эле чыга берген жок. Иш менен гана алек болуп жатканы болбосо, манчыркап мансап күткөнү байкалган жок. Жетекчи катары такшала электиги гана болбосо баралы келгенде мыкты юрист болчудай.

Булак: “Ачык саясат”

Тайырбек Сарпашев МККанын төрагалыгынан кетүү арызын өз ыктыяры менен жазгандыгын билдирди

Бүгүн Тайырбек Сарпашев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан өз ыктыяры менен бошотуу тууралуу арызын жазып, тапшырды. Бул тууралу ММКнын пресс-кызматы билдирди.

«Мен, “Учкун” Ачык акционердик коомунун маселеси боюнча менин аркетимде мыйзам бузуу болгон эместигин далилдедим. Скрябина 45-45а маселеси боюнча дагы мыйзам бузулбагандыгын далилдейм. Мамлекеттик каттоо кызматы 4 айдан бери төрагасы жок иш алып барууда. Бул туура эмес деп ойлойм. Каттоо кызматынын төрагасы күнүмдүк жасалып жаткан жумуштарга жана алдыга койгон долбоорлорду көзөмөлдөп, иш жүзүгө ашырууда жоопкерчиликти алыш керек», – деп билдирди Т.Сарпашев өзүнүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгынын себебин.

Тайырбек Сарпашевдин айтуусу боюнча 2017-жылдын 12-июнунда УКМК “Учкун” маселисинде кылмыштын түзүмү жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотту. “Мен 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезимде мамлекеттик бланктарды басып чыгарууга мыйзамсыз буйрук берген деген негизсиз айыптоолор жокко чыгарылды. Кудайга шүгүр, тергөөчүлөр ишти дыкат иликтеп, чындыкты жана акыйкаттыкты орнотушту”, – деди Сарпашев.

Ал эми Бишкек шаарындагы Скрябина 45-45а жер тилкеси боюнча мен тараптан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болбогондугун ишеничтүү айта алам. “Бүгүнкү күнгө чейин мага жалган жалаа жаап, ылайга чылагысы келген күчтөрдүн аракеттери мени таң калтырууда. Тергөө иштери баарын терең иликтеп, чыныгы кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартат деген ишеничтемин. Бул жер участогуна Максим Бакиев ортомчу кишилер аркылуу ээлик кылып келген деген билдирүүлөр массалык маалымат каражаттарында белгиленүүдө. Аталган жер участогуна менин атымды атайын аралаштырып, булгоого аракет жасаган саясый күчтөр бар экендигин эксперттер, жарандык коомдун байкоочулары массалык маалымат каражаттарында ачык айтып келүүдө. Бул мага бут тосуу, жасалып жаткан жумуштарга зыян келтирүү максатында жасалгандыгын эсептен чыгарбоо керек. Мен акыркы айларда аткарылган жумуштардын жана кандайдыр бир кетирилген кемчиликтердин үстүнөн көп ойлонуп, анализ жүргүзүп, жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар жана өзүмдүн жеке кызыкчылыгым үчүн эч нерсе жасабаганымды ишеничтүү баса белгилегим келет.

Мамлекеттик каттоо кызматанын төрагасы 4 айдан бери жоктугу бул көп убакыт. Ошондуктан, алдыда келе жаткан шайлоолорду таза өткөрүү максатында, аягына чыга элек иликтөө иштери обьективдүү болуусу үчүн өз ыктыярым менен арызымды жаздым. Жоопкерчиликтүү кызматтарда мага  көрсөтүлгөн ишеничти жогору баалайм жана өзүмдүн репутациямдын тазалыгын баарынан жогору коем.

Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июнда башталат

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июндан башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна билдирди.

-Президенттик шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин токтому жарыялангандын эртеси талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталат. Президент болгусу келгендер 30 миңден кем эмес кол топтоп, шайлоо күрөөсү боюнча, президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөнү тууралуу саясий партиянын курултайынын чечимин БШКга тапшырышы керек.

Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруучулук иш-чаралардын календарлык планын, каржылык чыгымдардын сметасын бекитет. Өзүн өзү көрсөткөндөргө белгиленген формада арыз толтуруп, Боршайкомго берүү талабы коюлган. Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт.

Жогорку Кеңеш бүгүн президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча токтом долбоорун кабыл алды. Өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыздоо багытында бир катар тапшырмалар берилди. Токтом кабыл алынган күндөн тарта күчүнө кирет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тайырбек Сарпашев МККанын төрагалыгынан кетүү арызын өз ыктыяры менен жазгандыгын билдирди

Бүгүн Тайырбек Сарпашев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан өз ыктыяры менен бошотуу тууралуу арызын жазып, тапшырды. Бул тууралу ММКнын пресс-кызматы билдирди.

«Мен, “Учкун” Ачык акционердик коомунун маселеси боюнча менин аркетимде мыйзам бузуу болгон эместигин далилдедим. Скрябина 45-45а маселеси боюнча дагы мыйзам бузулбагандыгын далилдейм. Мамлекеттик каттоо кызматы 4 айдан бери төрагасы жок иш алып барууда. Бул туура эмес деп ойлойм. Каттоо кызматынын төрагасы күнүмдүк жасалып жаткан жумуштарга жана алдыга койгон долбоорлорду көзөмөлдөп, иш жүзүгө ашырууда жоопкерчиликти алыш керек», – деп билдирди Т.Сарпашев өзүнүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгынын себебин.

Тайырбек Сарпашевдин айтуусу боюнча 2017-жылдын 12-июнунда УКМК “Учкун” маселисинде кылмыштын түзүмү жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотту. “Мен 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезимде мамлекеттик бланктарды басып чыгарууга мыйзамсыз буйрук берген деген негизсиз айыптоолор жокко чыгарылды. Кудайга шүгүр, тергөөчүлөр ишти дыкат иликтеп, чындыкты жана акыйкаттыкты орнотушту”, – деди Сарпашев.

Ал эми Бишкек шаарындагы Скрябина 45-45а жер тилкеси боюнча мен тараптан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болбогондугун ишеничтүү айта алам. “Бүгүнкү күнгө чейин мага жалган жалаа жаап, ылайга чылагысы келген күчтөрдүн аракеттери мени таң калтырууда. Тергөө иштери баарын терең иликтеп, чыныгы кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартат деген ишеничтемин. Бул жер участогуна Максим Бакиев ортомчу кишилер аркылуу ээлик кылып келген деген билдирүүлөр массалык маалымат каражаттарында белгиленүүдө. Аталган жер участогуна менин атымды атайын аралаштырып, булгоого аракет жасаган саясый күчтөр бар экендигин эксперттер, жарандык коомдун байкоочулары массалык маалымат каражаттарында ачык айтып келүүдө. Бул мага бут тосуу, жасалып жаткан жумуштарга зыян келтирүү максатында жасалгандыгын эсептен чыгарбоо керек. Мен акыркы айларда аткарылган жумуштардын жана кандайдыр бир кетирилген кемчиликтердин үстүнөн көп ойлонуп, анализ жүргүзүп, жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар жана өзүмдүн жеке кызыкчылыгым үчүн эч нерсе жасабаганымды ишеничтүү баса белгилегим келет.

Мамлекеттик каттоо кызматанын төрагасы 4 айдан бери жоктугу бул көп убакыт. Ошондуктан, алдыда келе жаткан шайлоолорду таза өткөрүү максатында, аягына чыга элек иликтөө иштери обьективдүү болуусу үчүн өз ыктыярым менен арызымды жаздым. Жоопкерчиликтүү кызматтарда мага  көрсөтүлгөн ишеничти жогору баалайм жана өзүмдүн репутациямдын тазалыгын баарынан жогору коем.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Президенттик шайлоого 671,5 миллион сом жумшалат

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун чыгымын бекитти.

Расмий маалыматка ылайык, шайлоо өткөрүү каражаты 671 миллион 502 миң сом болот. Акча республикалык бюджеттен бөлүнөт.

Жогорку Кеңештин токтому менен президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. 15-июндан тарта мамлекет башчылыкка талапкерлерди көрсөтүү башталды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тайырбек Сарпашев МККанын төрагалыгынан кетүү арызын өз ыктыяры менен жазгандыгын билдирди

Бүгүн Тайырбек Сарпашев Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан өз ыктыяры менен бошотуу тууралуу арызын жазып, тапшырды. Бул тууралу ММКнын пресс-кызматы билдирди.

«Мен, “Учкун” Ачык акционердик коомунун маселеси боюнча менин аркетимде мыйзам бузуу болгон эместигин далилдедим. Скрябина 45-45а маселеси боюнча дагы мыйзам бузулбагандыгын далилдейм. Мамлекеттик каттоо кызматы 4 айдан бери төрагасы жок иш алып барууда. Бул туура эмес деп ойлойм. Каттоо кызматынын төрагасы күнүмдүк жасалып жаткан жумуштарга жана алдыга койгон долбоорлорду көзөмөлдөп, иш жүзүгө ашырууда жоопкерчиликти алыш керек», – деп билдирди Т.Сарпашев өзүнүн кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгынын себебин.

Тайырбек Сарпашевдин айтуусу боюнча 2017-жылдын 12-июнунда УКМК “Учкун” маселисинде кылмыштын түзүмү жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин токтотту. “Мен 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турган кезимде мамлекеттик бланктарды басып чыгарууга мыйзамсыз буйрук берген деген негизсиз айыптоолор жокко чыгарылды. Кудайга шүгүр, тергөөчүлөр ишти дыкат иликтеп, чындыкты жана акыйкаттыкты орнотушту”, – деди Сарпашев.

Ал эми Бишкек шаарындагы Скрябина 45-45а жер тилкеси боюнча мен тараптан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болбогондугун ишеничтүү айта алам. “Бүгүнкү күнгө чейин мага жалган жалаа жаап, ылайга чылагысы келген күчтөрдүн аракеттери мени таң калтырууда. Тергөө иштери баарын терең иликтеп, чыныгы кылмышкерлерди жоопкерчиликке тартат деген ишеничтемин. Бул жер участогуна Максим Бакиев ортомчу кишилер аркылуу ээлик кылып келген деген билдирүүлөр массалык маалымат каражаттарында белгиленүүдө. Аталган жер участогуна менин атымды атайын аралаштырып, булгоого аракет жасаган саясый күчтөр бар экендигин эксперттер, жарандык коомдун байкоочулары массалык маалымат каражаттарында ачык айтып келүүдө. Бул мага бут тосуу, жасалып жаткан жумуштарга зыян келтирүү максатында жасалгандыгын эсептен чыгарбоо керек. Мен акыркы айларда аткарылган жумуштардын жана кандайдыр бир кетирилген кемчиликтердин үстүнөн көп ойлонуп, анализ жүргүзүп, жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар жана өзүмдүн жеке кызыкчылыгым үчүн эч нерсе жасабаганымды ишеничтүү баса белгилегим келет.

Мамлекеттик каттоо кызматанын төрагасы 4 айдан бери жоктугу бул көп убакыт. Ошондуктан, алдыда келе жаткан шайлоолорду таза өткөрүү максатында, аягына чыга элек иликтөө иштери обьективдүү болуусу үчүн өз ыктыярым менен арызымды жаздым. Жоопкерчиликтүү кызматтарда мага  көрсөтүлгөн ишеничти жогору баалайм жана өзүмдүн репутациямдын тазалыгын баарынан жогору коем.

Рахмондун улуу кызына юстиция кеңешчиси чини ыйгарылды

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон президенттик аппараттын аткаруу бөлүмүн жетектеген улуу кызы Озода Рахмонго юстициянын мамлекеттик кеңешчиси чинин ыйгарды.

Бул даражасынын улуулугу жагынан прокуратура жана юстиция органдарындагы эң жогорку чин болуп эсептелет. Өлкө президентинин администрациясынын сайтында бул тууралуу эч кандай маалымат жок. «Азаттыктын» тажик кызматынын өз булактары кабарлашкандай, мамлекет башчы тиешелүү жарлыкка 25-майда кол койгон.

38 жаштагы юридика илимдеринин кандидаты Озода Рахмон өткөн жылы Тажикстандын президенттик аппаратынын аткаруу бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалган.

Толук ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык даражасына ээ Озода ага чейин Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген, 2009-жылы өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматына дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню