Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Каныбек Алиязов Кара-Кулжа районунун акими кызматынан бошотулду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Алиязов Каныбек Эшейбаевич ээлеп турган Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызматынан, башка жумушка которулуп жаткандыгына байланыштуу бошотулду. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Примберди Дыйканов Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Дыйканов Примберди Аширбекович мурдагы ээлеп турган кызматынан бошотулуп, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп,  дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Талайбек Карыбеков Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусунун орун басары кызматынан бошотулду

Атамбаев кол койгон  буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн  иш башкаруучусунун орун басары Карыбеков Талайбек Аманбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Нурбек Мамбетакунов Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды

Атамбаев кол койгон  буйрукка ылайык, Мамбетакунов Нурбек Тельманович Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн  иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды. Бул туурасынлда Президенттик Аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Айнур Абдылдаева Юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Абдылдаева Айнур Нуралиевна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин  статс-катчысы болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ногоевге эл ыраазы

Панфилов районунун акими Өмүр Ногоев кечээ өз арызы менен кызматынан кетти. Ал буга чейин эле үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арызын жазып келген. Бирок өкмөт тараптан дагы иштеп туруусун айтышкан. Учурда Панфилов районунун эли Ногоевдин кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты угуп, абдан кайгырып жатышат.

Анткени, Өмүр мырза аталган райондун элинин ынтымагын бекемдеп, эл үчүн кам көрүп, интрига-ушак деген нерселерден алыс болуп, чындап район үчүн күйүп, болгон тажрыйбасын жумшады. Анан кантип эл аны жаман көрсүн. Кыргызстандагы ар бир жетекчи Ногоевдей болуп иштеп берсе, өлкөбүз гүлдөп кетмек эбак эле.

Мындан мурда милиция тармагында кызмат кылып, көптөгөн тажрыйбага ээ болгон Ногоевди өкмөт ушул бойдон калтырып койбой, үй-бүлөлүк шарты бир калыпка келген соң, анын тажрыйбасын эл үчүн, мамлекет үчүн пайдаланыш керек. Ногоев бир райондун эмес, республикалык деңгээлде элине кызмат кылып берчү жигит. Керек болсо, кадыр-баркы күн санап төмөндөп бараткан кыргыз милициясына реформа жасачу жигит мына ушул Ногоев болушу мүмкүн. Атамбаев жана анын командасы, кыргыз элинин мыкты улан-кыздарынын тажрыйбасын жана билимин мамлекеттин келечеги үчүн пайдаланышы керек…

Булак: “Ачык саясат”

Трамп ФБР башчылыгына талапкерди тандады

АКШ президенти Дональд Трамп адвокат Кристофер Рэйди Федералдык тергөө бюросунун башчысы катары тандаганын маалымдады. Талдоочулардын баамында Рэйдин кадыр-баркы эки партияда тең жогору, мындан улам анын талапкерлиги Сенат тарабынан тоскоолдуктарсыз эле өтүп кетиши мүмкүн.

Президент Конгресстеги партиялаштарын алдын ала эскертпестен, бул чечимин Твиттерде жарыялады.

Рей 2003-2005-жылдары Башкы прокуратуранын Тергөө комитетин жетектеген. Мурда прокурор катары 11-сентябрдагы терактка тиешеси бар террордук түйүндөрдүн бетин ачуунун үстүндө иштеген. Учурда King & Spalding деген юридикалык фирмада эмгектенет.

Федералдык тергөө бюросунун мурдагы директору Жеймс Комини президент Трамп кызматтан өткөн айда бошоткон. Анын кызматтан алынышы ФБР Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан учурга туш келди.

Жеймс Коми бүгүн 8-июнда Сенаттын чалгын иштери боюнча комитетинде кызматтан алынышынын жагдайлары боюнча көрсөтмө берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

КТРКны Ак үйдүн буйругун аткаруучу конторага айланткан Илим Карыпбеков кызматтан кетет

КТРКнын азыркы жетекчисине коомчулук тарабынан дооматтар көп. Өзүнүн ылакап атын “Карыпбековдун кара жащиги” деп учурунда таамай алган КТРК бийликтин оппоненттерин кандай далили жок шыбап, элдин наалатына калганы бар. Нааразычылык апогейине жеткен маалга туш КТРК башчысы И.Карыпбеков жол кырсыгына кабылып, иче турган суусу түгөнө элек тура, аман калып, ооруканага жатып калып, каршы-терши толкундар токтой түшкөн.

Жакында ушул КТРК жаңы Байкоочу кеңештүү болду. Мурункусу деги кыйраткан эмес. Жаңысынан да үмүт аз. Бирок, учурда шайланып келген БК мүчөлөрүнө айлык акы төлөө жагы көтөрүлдү. БК мүчөсү эч кимден көз каранды болбош керек. Айлык алдыңбы, аны берген жактын кулу болдуң дегендик. Эми мына ушул БК жаңы директор шайлашы эп.

2015-жылдын март айында КТРКнын башкы директору болуп шайланган Илим өз каалоосу менен экинчи мөөнөттөн тартты. Албетте, бала заказ аткарган конторадан катуу жадаган окшойт. А бирок анын кеткени – трагедия эмес. Азыркы тапта кимди болбосун КТРКга жетекчи кылып алып келбесин – кайра эле чийилген пластинканы коёт. Б.а. ал баары бир өйдө жактын көзүн караган “секет” болуп, “кара жащиктин” дагы да кара атка конушуна өз салымын кошот.

Булак: “Майдан”

Омур Ногоев Чүй облусунун Панфилов районунун акими кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Ногоев Омур Арстанбекович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун администрация башчысы-акими кызматынан бошотулду. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Дамир Кулубаев Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кулубаев Дамир Садырбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик  администрация башчысы-акими болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Меню