Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Кыргызстанда президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөт. Мындай норма жазылган мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу бул конституциялык мыйзамдын долбоору 31-майда парламентте кабыл алынган.

Быйыл октябрдын үчүнчү жекшембиси 15-октябрга туура келет.

Азыркы мамлекет башчынын ыйгарым мөөнөтү 1-декабрда аяктайт. Президенттик шайлоо күнү боюнча буга чейин ар кандай талаш-тартыш жүрүп келген болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Джумагуль Эгамбердиева Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду

Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык,  Эгамбердиева Джумагуль  башка ишке которулгандыгына  байланыштуу Кыргыз Рекспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бахтияр Салиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды

Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Салиев Бахтияр Усманович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Рустам Азимов премьер-министрдин орун басары кызматынан бошотулду

Башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Рустам Азимов премьер-министрдин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришүүдө. Бирок азырынча бул боюнча расмий маалымат жарыялана элек.

ММКлардын маалыматтарына караганда, анын ордуна каржы министринин биринчи орун басары Жамшид Кучкаров келди. Азырынча Рустам Азимовдун кайсыл кызматка дайындала тургандыгы белгисиз.

Рустам Азимов 2016-жылдын 13-сентябрынан бери биринчи вице-премьер, каржы министри жана өлкөнүн Макроэкономикалык өнүгүү, түзүмдүк өзгөртүүлөр жана чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча комплекстин башчысы кызматтарын ээлеп келген.

Жакында эле Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев банкирлер менен финансисттердин иши көзөмөлдөнбөй жаткандыгы үчүн Рустам Азимовду сынга алган. «Сен экономикалык комплекстин башчысысың, банкирлерди абийирдүүлүккө чакырышың керек эле. Эмнеге антпейсиң?! Чындыгында мен сени жумуштан бошотушум керек! Мен райондогу финансисттердин 50 пайызын иштен алам, себеби алар бекерпоздор! Абийири жоктор эмнеге жооп беришет?!», — деген өлкө башчысы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Айджигит Буранов Кыргызстандын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиcинин кызматынан бошотулду

Президент Атамбаев бүгүн, 5-июнда Буранов Айджигит Баймухамедовичти Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан  бошотуу  тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул туурасында Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Фарид Ниязов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулуп, коомдук башталышта Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Атамбаев кол койгон Жарлыгы менен, берген арызына ылайык Ниязов Фарид Абилезимовичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматынан бошотту дагы буйругуна ылайык, аны коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кылып дайындады. Бул туурасында Президенттин маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдайт.

Асхат Акибаевдин жаңы кызматка барары каңкуланууда

Ысык-Көл губернаторлугунан кол жууган Асхат Акибаевге тиешелүү күбүр-шыбыр кеп кайрадан тарай баштады. Жакынкы күндөрү экс-губернатор Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин баш катчысынын орун басары (кезегинде Адахан Мадумаров аркалаган кызмат) болоору каңкууланууда. Эсиңерде болсо, бул кызматтын өлкөбүздөгү буга дейре эки ирет жүз берген Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө вазыйпасы чоң болгон. Губернатор катары Акибаевдин да ири саамалыкты өткөрүүдө эмгеги эбегейсиз экендигин эске алуу менен анын бул кызматка бап келерин аңдашса керек. Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков өткөндө Акибаев жаткан ооруканага барып, бир саатча бекинип алып сүйлөшкөнүндө кеп бар эле да. Маселе бышып калса, буга дейре губернатор катары тажрыйба күтүп калбадыбы, арабаны тартып кеткенге жараар.

Булак: “Азия Ньюс”

Премьер-министр Албек Ибраимов, 1-вице Исаков, аппарат башчы Сегизбаев, УКМК төрагасы Исраилов, ИИМ жетекчиси Өмүрзаков болобу?.

Аз күн мурун КСДПнын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырышкан, эми партиянын съезди аркылуу толук кандуу бекисе, анан БШКдан президенттик шайлоого талапкер катары күбөлүк алат. Мына ушундан кийин ал премьер-министрлик кызматын өткөрүп береби? Же Конституцияда көрсөтүлгөн негизде иш-аракетин уланта береби? Айтмакчы, эмитен эле саясый чөйрөдө ар кандай сөздөр тарай баштады. «Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыктан кетпесе, ыйгарым укуктарын шайлоого чейин ашыкча пайдаланат, административдик ресурсту коддонот ж.6.» деген. «Макул» дейли. Эгер келечекте Соке кызматын тапшырып, шайлоо иштери менен шугулданып кетсе, өкмөттө, дегеле бийлик бутагында кандай кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүшү мүмкүн?

Албетте, эртеңки боло турган кундү эч ким так кесе айталбайт. Бирок, анализ кылуу менен ой калчап, Акүйдүн айрым лөктөрүнүн тымызын маалыматтарына таянып, аныгында, «окшоштурулган картинаны» алып чыксак болот. Маселен, Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматынан кетсе, ордун Бишкек мэри Албек Ибраимов ээлеп, 1-вице-премьерликке Сапар Исаков келиши мүмкүн. Ал эми президенттик аппараттын башчылыгына Абдил
Сегизбаев барып, УКМК төрагасына Улан Исраиловдун дайындалышы, ИИМ башчылыгына Сүйүн Өмүрзаковдун бекиши болжонууда. Мындай чечим бир гана президент Алмазбек Атамбаевдин каалоосу аркылуу ишке ашса керек. А парламенттеги көпчүлүк коалиция адатынча «хоп майли» деген таризде жүгүнүшүп, жогору жактын буйругун каалагандай аткарышары ажеп эмес. Мурдагы практикаларды эске алып көргүлө.

Кудай жалгап, бийлик мураскеринин хан тактыга аттанганын элестетип атабыз. Кызыгы, айрым билермандар «Жээнбеков түштүктөн кыйратып добуш ала албайт, түндүк болсо регионалдык көз караш менен колдобойт» дешүүдө. Андай эмес, учурда көпчүлүк коалицияда КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол» фракцияларынын депутаттары, олигархтары, партиялаштары жапырт чуркоо менен жетиштүү добушту алышууга жан үрөшөт. Анүстүнө Атамбаевдин деле саясый рейтинги азырынча жогору – ушул жагынан да Сокеге кыйла тирөөч болот. Көпчүлүк элдин катмары азыр туруктуулукту, тынчтыкты каалашат. А мындай көрүнүшкө бүгүнкү бийликтин салымы чоң болду. Кыскасы, Алмазбек Шаршеновичтин каалоосуна, эркине жараша кийинки президент шайланат.

Булак: “Азия Ньюс”

Туруспек Султаналиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Султаналиев Туруспек Оморович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Элкинбек Аширбаев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык Аширбаев Элкинбек Токтогонович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Меню