Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

“Өнүгүү-Прогресс” Жалал-Абадда шайлоодо уткан партияларды тегерек столго чакырды.

30-май 2017ж., “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын Жалал-Абад шаардык өкүлчүлүгү төмөндөгүдөй билдирүү жасады: “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы 2017-жылдын 28-майы күнү болуп өткөн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышып, жеңишке жетишкен саясий партияларды куттуктайт жана 2016-жылдын 11-декабрында өткөн шайлоодо партиялар бир пикирге келе албастан, шаардык кеңеш тарап кеткендигин эске алып, бардык саясий партияларды (КСДП, Кыргызстан, Ата-Журт, Мекеним Кыргызстан жана Республика) шаардын келечегин талкулоо максатында тегерек столго чакырабыз!”

Булак: Kyrgyztoday.kg

Канат Садыков шайлоодо утуп, КНУнун ректору болуп шайланды

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоо 27-майда өттү. Каттоого алынган 1344 шайлоочунун 1216сы катышты. Жети талапкер ат салышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында ректордун милдетин аткаруучу, мурдагы билим берүү жана илим министри Канат Садыков 776, проректор Таалайбек Каракеев 264 добуш, Туратбек Суранаев 66 добуш топтоп, алдыңкы үч орунду ээлешти. Баарына каршы 27 адам добуш берген. Эми алдыңкы үч орунду алган бул талапкерлердин ысымдары өкмөткө жиберилет. Эреже боюнча, Улуттук университеттин ректорун окуу жайдын кызматкерлери шайлап, өкмөт бекитет.

Булак: “Фабула”

Жеңишке Канат Садыков жетишет

Өлкөдөгү фаворит окуу жайы болгон Ж. Баласагын атындагы улуттук университетке үч күндөн кийин ректор болчулар таймашка түшөт. Негедир күндөн-күнгө талапкерлердин саны азайып баратат. Мурда ректор болгусу келип оолуккандардын кээ бири талапкерлигин кайра алып салды. Бул эмнеден кабар берет? Албетте, күчтүү атаандаштан тайсалдоо экени талашсыз.

Негизи азыркы талапкерлердин ичинен бараандуусу Канат Садыков экенин танууга мүмкүн эмес. Мурда министрлик кызматты аркалап жүргөн киши кантип эле ректорлукка жарабасын деген суроо сөзсүз берилет. Акыркы күндөрдөгү жолугушууларга да көбү келбей калууда. Демек, эмитен эле упайдын көбүн Канат мырза бөктөрүп кетээри ачык байкалууда. Канчалык тескериленсе деле баары бир оомат Садыковго оогону турганы калетсиз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда төрт жарым айдан соң, 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып айтты.

Президенттин айтмында, 15-октябрда калк жаңы мамлекет башчысын тандайт. “Акыркы айларда мен өткөн күндөргө баам салып, президент катары жасаган иштеримди талдап жатам. Кудайга рахмат! Анын жардамы менен соңку 5-6 жылда мамлекетти түйшөлткөн көптөгөн маселелер чечилди”, – деди Атамбаев.

Президент тынчтыктын жана туруктуулуктун орношун – эң негизги жетишкендик катары эсептейт.

Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун күнү азырынча так аныктала элек. Буга чейин азыркы мыйзамдар боюнча добуш берүү күнү 19-ноябрь деп айтылган. Бирок ушул айдын башында шайлоо тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өтүп, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Айбек Омокеев Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 25-майда кол койгон буйрукка ылайык, Омокеев Айбек Талгатбекович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды.

Эльмира Усенова Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Сооронбай Жээнбеков  буйрукка кол койду. Ага ылайык,  Усенова Эльмира Валентиновна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Казакстанда талапкерлердин президентикке өзүн өзү жылдыруусуна тыюу салынууда

Казакстан парламентинин мажилис депутаттары талапкерлердин президентикке өзүн өзү көрсөтүүсүнө тыюу салган өзгөртүүлөрдүн топтомун жактырышты. Мыйзам долбооруна ылайык, каттоодон өткөн коомдук биримдиктер жана саясий партиялар гана өз талапкерлерин жылдыра алышат.

Өлкөнүн юстиция министри Марат Бекетаев мыйзамдагы бул норманы алып салуу демилгесин колдойт. «Шайлоодо адамдар бул норманы пайдаланган көп эле учурларды көргөнсүңөр. Алардын олуттуу талапкер эмес экенин, андай аракеттер болгону өзүн пиар кылуу үчүн жасалып жатканын баары түшүнгөн», – деди Бекетаев.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, өлкөдө президенттикке талапкерлер өз алдынча же республикалык биримдиктер менен чыга алышат. Алар талапкер катары расмий каттоодон өтүү үчүн жалпы шайлоочулардын бир пайыздан аз эмес бөлүгүнүн колун топтоп, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышы керек.

Мажилис тарабынан жактырылган мыйзам долбоорунда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн адам «мамлекет башчынын милдеттерин аткарууга тоскоол кылчу ооруларынын жоктугун» далилдеши керектиги көрсөтүлгөн. Бийлик талапкерлердин медициналык кароодон өтүүсүнүн жол-жоболору өзүнчө нормативдик-укуктук актыда жазыларын билдирүүдө.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда талапкерлерге коюлган талаптар арасында мамлекеттик кызматтарда же шайлоо иштериндеги тажрыйбасынын сөзсүз болушу керек деген шарт дагы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фархад Бекманбетов Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык буйрукка кол койду.  Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Ага ылайык Бекманбетов Фархад Шаршенович Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.

Молдокасымов "Мурасты" жетектейт

Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын тереңдеп үйрөнүү, көп улуттуу калктын биримдигин чыңдоо үчүн шарттарды түзүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү, атуулдук, мада­ний жана гуманитардык тармактарда эл аралык байланыштарды өнүктүрүү үчүн 2012-жылы түзүлгөн “Мурас” фондунун жетекчиси болуп Кыяз Молдокасымов дайындалды. Фондду буга чейин тарыхчы, окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин башкарып келген. Молдокасымов анын орун басары болуп иштеген. Сыягы, президенттин ата-бабасын бекер изилдебеген экен. Акыбети кайтты көрүнөт…

Булак: “Фабула”

Меню