Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Калиман Маматова Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Маматова Калиман Тойчубековна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ахмадинежад президенттик шайлоого катышпайт

Ирандын экс-президенти Махмуд Ахмадинежад президенттик шайлоого катышууга уруксат алган жок. Бул тууралуу иран медиасы кабарлоодо.

Иранды 2005-2013-жылдары башкарган Ахмадинежад президенттик шайлоого катышуу үчүн 19-майда каттоодон өткөн. Бирок кечээ, 20-апрелде Иран ТИМинин Шайлоолорду өткөрүү штабы жарыялаган акыркы тизмеге ал киргизилген эмес.

Тышкы саясатта Ахмадинежад эскичил көз карашты карманып келген, ал Буштун администрациясын кескин сындап, Ирандын Орусия жана араб дүйнөсү менен байланышынын бекемделишин кубаттаган. Мындан тышкары ал бир нече жолу Израилге карата кескин билдирүүлөрдү жасаган. Холокосту четке кагуучулардын бири.

Буга чейин аятолла Али Хаменеи Ахмадинежаддын шайлоого катышуусуна каршы чыккан. Ал экс-президенттин талапкерлиги карама-каршылыктарды жаратып, өлкөгө зыян алып келерин айткан.

Иранда президенттик шайлоо 19-майда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Иранда 137 аял президенттик шайлоого катышуу ниетинде

Иранда 137 аял президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер катары каттоодон өттү. Алардын арасында 73 жаштагы Азам Телагани дагы бар. Чүмбөттөнгөн, темир таянгычтардын жардамы менен араң баскан Ислам революциясынын аялдар коомунун төрайымы 14-апрелде эле каттоодон өткөн.

Ал биринчи жолу 1997-жылы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, тарых барактарына жазылган. Себеби ага чейин бул өлкөдө аялдардын президенттик пост үчүн күрөшүүсүнө жол берилген эмес. Анын бул кадамы Иран Ислам Республикасындагы аялдардын кодулануусуна каршы, коомчулуктун назарын бурууга багытталган.

137 аялдын ичинен эң эле белгилүүлөрүнүн бири – Талегани айым. Ал президенттикке талапкер болууга эки ирет катталып, бирок белгисиз себептерден улам Сакчылар кеңешинин иргөөсүнөн өтпөй калган.

Азам Талеганинин президенттик шайлоого катышууга аракет жасоосу – Сакчылар кеңешинин катаал саясатына карата жасалган чакырык. Талапкерлерди иргеген орган буга чейин өлкө Конституциясына таянуу менен бардык аялдарды шайлоодон четтетип келген.

— Иран калкынын 50 пайызын аялдар түзөт. Мындан улам өлкө жок дегенде бир аял талапкерге татыктуу, — деди Азам Талегани немис маалымат агенттигине берген маегинде.

Азам Талегани – белгилүү революциячыл динаятчы Махмуд Талеганинин кызы. Ал Сакчылар кеңеши талапкерлигин четке какса дагы “сынбай” турганын жана аялдардын укуктары үчүн күрөшүүнү улантарын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоо күнү туралуу талкуулар уланууда

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө президенттик шайлоо ноябрда өтүшү керектигин билдирди. Бирок оппозициячыл “Ата Мекен” фракциясы мамлекет башчыны август айында шайлоону сунуштап, аны ноябрга белгилөө мыйзамга каршы келерин айтып чыкты.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы президенттик шайлоону 27-августта өткөрүү сунушун парламентке жолдоду. Фракция башчысынын милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Конституцияга ылайык, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү быйыл 1-декабрда аякташы керек. Эгер шайлоо ноябрда өтсө жаңы президент Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кызматка кирише албай, ал мыйзамдардын бузулушун шартташы мүмкүн:

– Жаңы шайланган президент 1-декабрда өзүнүн ыйгарым укуктарына киришүүсү керек. Ал мөөнөттү камсыз кылуу үчүн президенттик шайлоо андан эрте өтүшү зарыл. Себеби, президенттик шайлоо өткөн соң БШК үч ичинде өз жыйынтыгын чыгарат. 20 күн ичинде шайлоо комиссиялары өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы протоколдорду эсептеп, жыйынтыгын чыгарышы керек. Ошентип, эгер президенттик шайлоо биринчи тур менен эле өтсө, анда 19-ноябрдагы шайлоодон кийин учурдагы президент 41 күн дагы мөөнөтүн аткарып келет. Эгер экинчи күнгө калса, анда президент дагы 82 күнгө ыйгарым укуктарын узартып алат. Мыйзам боюнча, 41 күн эмес, 82 күн эмес, бир күн, бир саатка дагы президенттик мөөнөттү узартууга эч кимдин акысы жок.

БШКнын түшүндүрмөсүндө президенттик шайлоо күнүн аныктоо «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде жүрөрү белгиленген. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Кубат Үмөталиев президенттин алты жылдык мөөнөтү 2017-жылы аяктай тургандыгын белгиледи. «Конституциялык мыйзам боюнча кезектеги шайлоо президенттин ыйгарым укуктары аяктай турган ушул жылдын ноябрынын үчүнчү жекшембисинде өтөт. Тактап айтканда, президенттик шайлоо 19-ноябрда өтүшү керек», – деди ал.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент бир мөөнөткө гана шайланууга укуктуу. Президент Алмазбек Атамбаев өз мөөнөтүндө бийликти тынч жол менен тапшырарын байма-бай айтып келет. Учурда күзүндө өтчү шайлоого катышуу ниетин бир нече саясатчы билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Самат Курманкулов ГУУРга барса, кылмышкерлер кынга киреби?

Буга чейин Бишкек шаардык милицияны башкарып келген полковник Самат Курманкулов мындан ары ИИМдеги кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын башчьшыгын аркаламай болору каңкууланууда. Кырктын кырындагы Чүйдүн кулуну жаштыгына карабай милициядагы бир катар кызматгарды четинен «чертип», карьералык секирик жасап келүүдө. Биттин ичегисине кан куйган оперге жогорку жетекчилик бул сапар ИИМдеги негизги башкармалыкты да жөндөм-шыгына, билим-тажрыйбасына карап сунушташтыбы? Келечегинен көптү үмүттөндүргөн, алыска чуркачу жигит алдына келген ооматты аркалай берсин да. Жаңы барчу кызматы акжолтой болсо, балким келечекте министр болуп калаар? Башкысы Кудайдын көзү түз болсо болгону.

Булак: “Азия Ньюс”

Видео - БШКнын жетекчилиги: Азыркы президент мөөнөтүнөн ашып, кызматын уланта берет. Конституцияда так 6 жыл деп жазылган эмес

«Ата-Мекен» фракциясынын депутататтары Президенттик шайлоону өткөрүү датасы туура эмес белгиленип, мыйзамдардын бузулушуна жол берилип жатат деп чыккандан бери, коомчулук бул маселени терең иликтөөгө ала баштады. Медиа эксперт Азамат Тынаев уюштурган талкууда БШКнын  мүчөлөрү – Гульнара Джурабаева жана Кайрат Осмоналиев, Президентти шайлоо күнү туралуу талаштуу жагдайларды эске алышып, өз бааларын беришти. Дароо эле шайлоо күнү өткөрүү датасы туура белгиленгенин айткан Гульнара Джурабаеванын өз оюн билдирди.

«Парламент шайлоо күнүн белгилөө боюнча акыркы бүтүмүн тез арада кабыл алышы керек. Андай жыйынтыкка келе алышпаса анда БШКнын өз алдынча белгилегенге укугу бар» – деп аныктады Джурабаева.

Эске салып кетсек, 2011- жылдын 5-октябрында 5- чакырылыштагы парламент президентти шайлоо датасы боюнча акыркы отурумунда шашылыш карап, тарап кеткен. Алардын кетирген кемчилиги азыркы абалга алып келди. Кайрат Осмоналиевдин айтуусу боюнча, коомчулуктун алдында азыркы Парламент жоопкерчиликти алыш керек.

«Күнөөлүүлөрдү издөөнүн кажети жок, парламент бул маселеге чекит коюш керек. Керек болсо, Конституциялык палата дагы бул маселе туралуу өз пикирин билдириш керек, – дейт БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев.

Бирок президенттик шайлоо иштеп жаткан президенттин иштөө мөөнөтүнүн акыркы жылынын ноябрь айынын үчүнчү жекшембисине келиши керек деген ойдо болгон БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов да бул туралуу пикирин билдирди.

«Жаңы президент шайланып, ал ант бергенче чейин иштеп жаткан президент өзүнүн кызматын уланта берет. Керек болсо кийинки жылдын башына чейин деле иштей берет. Биздин негизги мыйзамда көрсөтүлгөн 6 жылга шайланат деп, бирок бул кандайдыр бир так түшүнүк эмес. Сөзсүз түрдө 6 жыл, андан бир дагы күн ашпашы керек дегенди билдирбейт. Бул 5-10 күн эрте болуп калышы мүмкүн, же тескеринче кеч болуп калышы мүмкүн» – дейт Бекматов.

Ал эми «Ата-Мекен» фракциясы 2-декабрдан тартып мамлекеттик бийлик катардагы жаранга жана экс-президентке мамлекетти убактылуу башкаруусун ишенип бериши мүмкүн эмес дешет. БШКнын айрым мүчөлөрү төр айымынын шайлоо күнү 19-ноябрда өтөт деген билдирүүсү БШКнын бирдиктүү эмес пикири экендигин билдиришет.

«Бир эле президенттик шайлоо эмес, бардык маселелерде БШКнын жетекчиси комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашып анан гана БШКнын атынын сүйлөшү керек. Шайлдабекова өз атынан каалаганча сүйлөй берсин, БШК коллегиялуу орган. Мыйзамдар Конституцияга каршы келип калса, Конституция колдонулушу керек. Негизги мыйзамга ылайык, президент 6 жыл 1 күнгө эмес, 6 жылга шайланат деп турат. Шайлоо 19-ноябрда өтсө, жаңы президент 2-декабрда кызматка киришүүгө үлгүрбөсү анык. Шайлоо 2-тур менен өтсө, анда деги жетишпейт», – дейт БШКнын мүчөсү Назарали Арипов.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1477927028936414/

Булак: Kyrgyztoday.kg

Икрамжан Илмиянов коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды

Атамбаев бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Илмиянов  Икрамжан Саттарович коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Икрамжан Илмиянов назначен советником Президента Кыргызской Республики на общественных началах

Атамбаев сегодня, 20 апреля, подписал распоряжение о назначении Илмиянова Икрамжана Саттаровича советником Президента Кыргызской Республики на общественных началах. Об э

Сагынбек Исмаилов жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде кол койгон буйрукка ылайык, Исмаилов Сагынбек Сардарбекович  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Видео - Рустами Эмомали Дүйшөмбү мажлисинин төрагалыгына шайланды

Дүйшөмбүнүн мэри, Тажикстан президентинин уулу Рустами Эмомали шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Мажлистин сессиясы 18-апрелде өттү.

Рустами Эмомали сессияда сөз сүйлөп, шаардыктарды татыктуу жашоо менен камсыздоону убадалады. Ал депутаттардын көңүлүн курулуш, таштанды, көчөлөрдүн тазалыгы сыяктуу маселелерге бурду. Мындан тышкары калаа мэри жаштардын арасындагы экстремизмдин алдын алуу зарылдыгына токтолду.

Рустами Эмомали эки апта мурун шаардык кеңешке депутат болуп шайлангандан кийин расмий түрдө мэрлик кызматка киришкен.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 12-январда Дүйшөмбү шаарынын мурунку мэрин кызматтан кетирип, анын ордуна өз уулу Рустам Эмомалини алып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню