Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

"Ата Мекен" фракциясынын Президенттик шайлоо күнү жөнүндө шашылыш билдирүүсү

«Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоону быйылкы жылдын 19 ноябрында белгилөө бул Конституцияга түзмө түз кашы келет. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы жана бийлик дал ошол күнү мамлекеттик башчысынын шайлоосун өткөрсө, өлкөнүн укуктук баш алмандыгына алып келүүсү мүмкүн», – деп айтылууда фракциянын социалдык тармактарда жайылган видео кайрылуусунда.

Эксертке кетсек, Алмазбек Атамбаев буга чейин бир нече жолу президенттик кызматта толук 6 жылда, же болбосо 2017 жылдын 1 декабрында кете тургандыгын айткан.

«19 ноябрдан тартып 1 декабрга чейин, же болбосо 12 күндүн ичинде мамлекеттин башчысын шайлап жана өлкөнүн жаңы президенттин кызматка киришин Борбордук шайлоо комиссиясы толук камсыздап бере албастыгы белгилүү нерсе. Ошондуктан быйыл 2 декабрдан  тартып биздин өлкө президентсиз жана куралдуу күчтөрдүн башчысы жок калуу коркунучунда», – деп маалымдоодо кайрылууда.

Мындан тышкары, айрым бийлик өкүлдөрү учурдагы өлкө башчысы жаңы шайланган президент келгенде гана кетээрин  айткандарын эскертип кетүү зарыл.

«Эгерде ошондой боло турган болсо, 2 декабрдан тартып Алмазбек Атамбаев президенттик ордунда Конституцияны бузуу менен отурушуна жол берилип калат. Анткени Конституцияга ылайык, президент 6 жылдан кийин бир дагы мүнөт кызмат ордунда отурушу мүмүкүн эмес. Ошондой эле бир дагы мамлекеттик органдын жөнөкөй жаранга, экс-президентке мамлекетти убактылуу башкаруусуна жол берүүгө расмий укуктары жок. Мына ошондуктан оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары жана Секретариаты Жогорку Кеңешти өзүнүн Конституциялык укуктарынан пайдаланып 2017 жылдын 26-апрелинен кечикпей Кыргыз Республикасынын президенттин шайлоо күнүн 27-августка белгилөөнү талап кылабыз»,  – деп айтлууда билдирүүдө.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Нарын областтык сотунда жетекчилер шайланды      

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 22-октябрь 2004-жылдагы №9 ”Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун регламенти” жана Кыргыз Республикасынын   Жогорку сотунун 29-декабрь 2012-жылдагы №12 Пленумунун токтомунун негизинде  Нарын областтык сотунун төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо боюнча Нарын областтык сотунун судьяларынын жалпы чогулушунун жыйынтыгы менен   Нарын областтык сотунун төрагасы кызматына Абдыбеков Алдаярбек шайланды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Ал эми Нарын областтык сотунун төрагасынын жазык иштери боюнча соттук коллегиясынын орун басары болуп судья Орозалиев Алмаз Казиевич, жарандык иштер боюнча областтык соттун төрагасынын орун басары болуп судья Турат Торуевич Ташмамбетов жана Нарын областтык сотунун төрагасынын экономикалык иштер боюнча орун басары болуп судья Дүйшөнбекова Майрагүл Мырзабековна  шайланышты.

Абдыбеков Алдаярбек

Абдыбеков Алдаярбек 1960-жылы 4-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жогорку билимдүү юрист. 2-квалификациялык класстагы судья.

А. Абдыбеков жогорку юридикалык билим алганга чейин 1982-жылы Ташкенттеги юридикалык техникумду бүтүрүп келип, Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында юрисконсульт кызматында эмгек жолун баштаган. Мамлекеттик нотариалдык конторада нотариус, Ысык-Көл жана Нарын областтык адвокаттар коллегиясынын мүчөсү катары адвокаттык кызматтарда эмгектенген. 2002-2007-жылдары Нарын областтык адвокаттар коллегиясынын төрагасы болуп иштеген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-апрелиндеги Жарлыгы менен Нарын областтык сотунун судьялыгына дайындалган.

2013-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен судья болуп, экинчи мөөнөткө дайындалып, Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары болуп, жазык иштери боюнча соттук коллегиясын жетектеп иштеген.

2015-жылдын июнь айынан бери Нарын областтык сотунун төрагасынын милдетин  убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн. 2016-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги 10-курултайында Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин тартип комиссиясынын мүчөсү болуп шайланган.

А. Абдыбеков Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтеринин жана ведомстволорунун Ардак грамоталары менен сыйланган. 2013-жылдан бери “Нарын облусунун ардактуу атуулу” наамынын ээси.

Жалпы юридикалык иш стажы 35 жыл.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы Аза­мат Үсөнов Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун карачечекей күйөө баласы Аза­мат Үсөнов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Буга чейин президент Алмаз Атамбаевдин экинчи шоопуру Эркин Сопоков Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Генералдык консулу болуп дайындалган.

Эки баатырдын дайындалышы боюнча указга Алмаз Атамбаев кол койду. Иши кылып эле эми дипломаттык кызматтарга да чоңдордун урук-туугандары, шоопурлары жөнөтүлө баштады.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Азамат Усенов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды

Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Усенов Азамат Эркинбекович Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын  басма сөз кызматы маалымдады.

Канайым Бактыгулова Кыргыз Республикасынын Кытайдагы, Пекин шаарында резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде Монголиядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы,  Пекин шаарында резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу иретинде  Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КР Президенттик Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Эркин Сопоков Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Сопоков Эркин Мамасалиевич Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы  Башкы консулу болуп дайындалды. Бул туурасында КР Президенттик Аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттик шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» «7-апрель жаштар кыймылы» партиясы менен биргеликте катышат

Кызматташуу туурасында мемарандумга 2017-жылдын 13-апрелинде эки саясий партия тарабынан кол коюлду. Бул туурасында Өнүгүү-Прогресс фракциясынын катчылыгы тараткан маалыматта айтылат.

Меморандумда көрсөтүлгөндөй, эки партиянын кызматташтыгынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири – бул алдыдагы 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоолорго биргеликте катышуу болмокчу. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 15-февралында ушундай эле меморандумга «Өнүгүү» фонду менен « Замандаш» ассоциациясы кол коюшкан болчу.

Улан Доконбаев Ак-Суу районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Доконбаев Улан Ишембаевич Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облсунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы- акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Атамбаевдин кезектеги шоопурун Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу кылып дайындаганы жатышат

Икрам Илмияновдун кесиптеши, Атамбаевдин мурдагы шоопуру Эркин Сопоковду Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кылып дайындаганы жатышат. КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети анын кандидатурасын бул кызматка жактырды.

Чынында анын эч кандай дипломатиялык тажрыйбасы жок, ал чет тилдерде эмес өзүнүн эне тилинде тыңгылыктуу сүйлөй албайт, мен аны далилдеп бере алам.

Түрктөрдүн алдында уят болдук, бул өлкөдөгү мамлекеттик башкарууга болгон маскаралоо.

 Адиль Турдукулов, блогер

Саматбек Ибраев Жогорку Кеӊештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 160-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун тескемеси менен Саматбек Ибраев Жогорку Кеӊештин Аппаратынын жетекчилигине дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, Саматбек Ибраев V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Буга чейин “Саякбай манасчы” эл аралык фондун жетектеп келген.

Меню