Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Мендебаиров драмтеатрдын директору болду

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драмтеатрынын директору болуп актёр Назым Мендебаиров дайындалды. Назым Мендебаиров режиссёр Рысбек Жабиров менен биргеликте «Достор», жеке өзү «Кайып булак», «Дудук», «Жубайлар», «Кемпир» жана башка тасмаларды тарткан.

«Кара кыз», «Чиркин өмүр», «Апамдын махабаты», «Кара жолтой», «Ысык-Көл бешбармактары», «Троллейбус», «Уурунун махабаты», «Президент жана бомж» өңдүү кинолордо роль жараткан. Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенип келген. Атасы Кенжегул Мендебаиров Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.

Булак: “Фабула”

Адамкулованы алып, ордуна Канат Садыковду алып келишти

КУУнун ректору Адамкулова жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып келди. Бирок жакындан таанышсак реформа кылганга дымагы бар, реформатор эле көрүнгөн. Кимге неси жакпай калды, айтор башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деген жарнак менен иштен алышты. Укканыбызга караганда Дипакадемияга жетекчи болоору кеп болуп жатат. Ал эми КУУга ректор болуп экс-министр Канат Садыков дайындалды. Садыков билим берүү министри болуп 3-4 жылдай иштеген, бирок аркасынан жакшы сөз айтылганын укканыбыз жок. Мүмкүн бир топ жыл эс алуудан кийин жакшырак иш алып барат деп күтө туралык.

Булак: “Фабула”

Адамкулованы алып, ордуна Садыковду коюшту

КУУнун ректору Адамкулова жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып келди.Бирок жакындан таанышсак реформа кылганга дымагы бар, реформатор эле көрүнгөн. Кимге неси жакпай калды, айтор башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деген жарнак менен иштен алышты. Укканыбызга караганда Дипакадемияга жетекчи болоору кеп болуп жатат. Ал эми КУУга ректор болуп экс-министр Канат Садыков дайындалды. Садыков билим берүү министри болуп 3-4 жылдай иштеген, бирок аркасынан жакшы сөз айтылганын укканыбыз жок. Мүмкүн бир топ жыл эс алуудан кийин жакшырак иш алып барат деп күтө туралык.

Булак: “Фабула”

Эркебаев акыры кетти...

Улуттук илимдер академияснын президенти Абдыганы Эркебаев акыры кетти. Буга чейин айтылып да, жазылып да келгендей, Илимдер академиясында ич ара интрига күч алып, илимди ойлогон киши жок, реформа жөнүндө сөз болмок турсун жыты да жок болуп, баары жаат-жаатка бөлүнүп бири-бирин туздамай эле болуп калган. 31 -мартта Эркебаев эрдик кылгансып арызын жазып, башкаларчылап креслого жабышып албай, бир жылдык мөөнөтүм бар экендигине карабай башкаларга үлгү болуп арызымды жаздым деп төш каккан. Эртеси күнү эле Жогорку Кеңештен төрага “Кечээ арызыңызды жазганынызды уктук, чынбы?” – десе, жанындагыларды каратып туруп “Жок, жазган эмесмин” – деп танып кетиптир. Бирок жазылган арыз боюнча иштен алынды. Жөн кетпестен, саясий мотив менен кетиришти деп жактоочуларынан айттырып жиберди. Чындыгында Эркебаев келгени академияда эмне өзгөрдү, реформа болдубу, илимге көңүл бурулдубу? Жок, албетте. Керек болсо айрым академиктер “Колунан эч нерсе келбей, айласы кеткенде институттарды бири-бирине бириктирип кирди. Бири-бирине кошулбай турган институттарды кошту. Анан мына ушундай оор абалда калып айласы кеткен мына ошол институттарда иштеген адамдар өкмөткө, парламентке, президенттик аппаратка чейин жаза башташты” – деп билдиргени бар. Анан эч бир иш кылбай иштен айдалып, саясат дегени неси?

Булак: “Фабула”

«Азаттык» радиосунун жетекчилиги Томас Кенттин Атамбаев менен жолугушуусунан кийин Каназаров жумуштан айдалды

Буга чейин биз Каназаров арыз жазыптыр, кетет экен деп жаздык элек. Анткени өлкө башчы «Азаттыктын» акыркы убактагы жүргүзүп жаткан саясатына нааразы болуп сындаган жайы бар эле. Мына ошол сөздөр Прагадагы жетекчилигине жеттип, чара көрүлдү. Бизге белгилүү болгондой, мындай чечим «Азаттык» радиосунун жетекчилиги Томас Кенттин Атамбаев менен жолугушуусунан кийин кабыл алынганы белгилүү болду. 1-майдан баштап эки тизгин, бир чылбырды Айзада Касмалиева кармап, ишин улай турганын мурда жазганбыз.

Булак: “Фабула”

Облустук соттордун жаңы дайындалган эки судьясы Жогорку сотто ант берди

2017-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы дайындалган эки судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ант берди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чара Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда өттү жана КР Жогорку сотунун Төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов судьяларды дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьялары:

– Исажанов Келдибек Сейдахматович – Ош облустук сотунун судьясы;

– Койломбаев Азамат Ишимбекович – Нарын облустук сотунун судьясы.

 Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 6-апрелинде «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Айзада "Азаттыкты" жетектейт

«Азаттыктын» белдүү журналисттеринин бири “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн алып баруучусу Айзада Касмалиева 1-майдан тарта “Азаттык медиа” мекемесинин директорлук кызматына киришет. Айзада айым 2004-жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Төрт жыл КТРКда, алгач каналдын радиосунда, андан соң “Ала-Too” маалымат программасында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу жана редактор болуп иштеген. «Азаттыкта» 2008-жылдан тартып иштей баштаган. “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүн 2010-жылдан бери алып барып келет. 2016-жылы “Каректе Евразия” программасынын редакторлук жана алып баруучулук кызматын да аркалоого киришкен.

Булак: “Фабула”

КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлердин тизмеси аныкталды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлердин тизмесин аныктады. БУл тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Төмөндөгү талапкерлердин тизмеси Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында каралып, депутаттар рейтингдик добуш берүү жолу менен Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу Кеңешинин курамы бекитилет.

Кыргыз Республикасынын Президентинен:

1.         Айдабосунова Нурия Иманкуловна;

2.         Асакеева Чолпон Нурбековна;

3.         Асылбашева Дарика Замировна;

4.         Жекшеев Жыпар Жекшеевич;

5.         Муктаров Арстанбек Кенешович;

6.         Ниязалиев Искендер Болотбекович;

7.         Өмүрканов Анатай;

8.         Сатыбекова Айжан Эркиновна;

9.         Султанов Талант Исакович;

10.       Шестаков Игорь Альбертович.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен:

1.         Аскарова Айнура Алмасбековна;

2.         Бакашева Жылдыз Кемеловна;

3.         Болотканов Кубат Болотканович;

4.         Турдалиева Чолпон Джапарбековна;

5.         Ниязова Джылдыз Шайлообековна.

жарандык коомдон:

1.         Болгонбаев Азамат Таалайбекович;

2.         Джаманбаева Тамара Кусейновна;

3.         Джунушалиева Айгуль Алмасбековна;

4.         Дюшалиев Сталбек Бекжанович;

5.         Карымов Айбек Усенович;

6.         Кадырова Анаш;

7.         Сатаров Абды Абдувалиевич;

8.         Сааданбеков Чоробек Идирисович;

9.         Тайтекеев Калыбек Рысбекович;

10.       Турдубаев Бакытбек Алтыбаевич;

11.       Халилов Абдыганы Дарманбекович.

Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын президенттик кызматында иштөөгө татыктуубу?

Академик Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясынын  президенттик кызматынан кетүү боюнча өз каалоосу менен арызын жазды. Бирок окумуштуулардын көпчүлүгү анын ишмердүүлүгүн колдоп чыгышты. Абдыганы Эркебаев бул кызматта иштөөгө татыктуубу?

 

Кулубек Бөкөнбаев, окумуштуу:

«Абдыганы Эркебаев абдан саясатта тажрыйбасы бар, адамгерчиликтүү, уюштуруу жагынан мыкты, күчтүү илимпоз»

– Бир нерсени бийликтегилер түшүнбөй жатышат. 25 жылдан бери Илимдер Академиясына илимди изилдөө жүргүзүү үчүн бир дагы тыйын төлөнгөн жок. Кедейдин айлыгынан башка эч нерсе болгон эмес. Илимдин техникасы, реактив, экспедиция дегенге бир тыйын бөлүнбөй келет. Эң жакыр академия болуп эсептелинет. Анан кантип илим изилдөө жүргүзөбүз? Ошондон бери академия, деги эле Кыргызстанда илим чала жан болуп баратканда баары чогулуп келип акырында Абдыганы Эркебаевдин башына үйүлдү. Анан өкмөт илимиңер жакшы болбой жатат, жоюш керек деп чыгышты. Абдыганы Эркебаевич дал ушундай илим өтө оор акыбалда турганда академияга президент болуп келген. Абдыганы Эркебаев абдан саясатта тажрыйбасы бар, адамгерчиликтүү, уюштуруу жагынан мыкты, күчтүү илимпоз. Өкмөт бир тыйын бөлбөсө кантип ал ишти алып кетет. Айласы кеткенде баардык күнөөнү Абдыганы Эркебаевдин башына үйүп салса, макул башканы тандагыла, алгыла, менден да күчтүүсүн тапсаңар болот деп өзүнүн арызын жазды. Жалгыз эле мен эмес, авторитеттери күчтүү академиктер, илим дегенди түшүнгөн адамдардын баары эле ушул пикирди айтып жатышат. Кайсыл гана адам келбесин, балким ал асмандан түшүп келеби, баары бир эч нерсе кыла албайт. Анткени акча бөлүнбөйт, каражат жетпей жатат. Кеп ошондо. Ошондуктан биз Абдыганы Эркебаевге “реформаны баштадың. Академиянын ичинде ансыз деле ушак, интригалар көп болуп жатат. Өкмөт тигини-муну кылгыла деп үстү жактан кысып жатат. Реформага каршылар өз кызыкчылыгын алдыга салып эки-үч топ чыгып жаткандар айтып жатышкандыр. Башкаларыбыз аягына чейин чык. Андан кийин кайра шайлоо кылалы”-деп айтып жатабыз. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин комитетинде ушул боюнча чоң талкуу болду. Бир пикирге келишти, ошону үчүн ошол үчүн ал жыйынга катышкандарга ырахмат. Алдыда дагы көп аткарылчу көп жумуштар бар. Ошондуктан Абдыганы Эркебаевич ушул жетишкендикти аягына чейин бүтүрүп берсин.

 

Жамин Акималиев, окумуштуу:

«Абдыганы Эркебаевдин   эң чоң жетишкендиги бул – уюштуруучулук иши»

– Абдыганы Эркебаев Улуттук илимдер академиясына президент болуп мындан ары дагы иштөөгө милдеттүү жана татыктуу. Биринчиден бул өзүнүн окумуштуулугу жагынан эң алдыңкы орунда турат. Себеби академиянын президенти эң биринчи илимпоз болуш керек. Бул киши филология илими боюнча туунун чокусуна чыккан инсан. Биз тамашалап “Эркебаев филология илиминин алпы”- деп коёбуз. Өзү эч нерсеге жулунбаган, гумандуу киши. Башкалардай болуп чуркабай, өзүн көрсөтүп актабайт. Унчукпай туруп баардык иштерди жасай берет бирок бул кишинин жазган сөздөрү, аткарган илимий иштери Кыргызстан үчүн ат көтөргүс. Филология илимдери боюнча көп киши, бул илимдин туу чокусуна чыккан алпы ушул Абдыганы Эркебаев. Кээ бирлер академияга илимпоз эмес, менеджер коёбуз деп былжырап жатышат. Болбойт андай. Илимдер Академиясы бул илимдин чокусу. Эгерде илгери аскер штабдарында маршалдар, генералдар олтурса бизде дагы ошондой академиктер анан илимпоздор олтуруш керек. Илгеркилерди алсак Иса Ахунбаев, Караев, Адышев, Иманалиев сыяктуу мыкты илимпоздор башкарышкан. Ошондуктан менеджерди коюп коёбуз дегендери туура эмес. Өткөн жумада Жогорку Кеңештеги социалдык маселелер боюнча комитетте болуп айттым. Алар Илимдер Академиясына академиктер гана эмес, мүчө- корреспонденттер дагы жетекчи боло берет деген сөздү жазып коюшуптур. Мисалы силер депутаттар академик болсоңор ал эми мүчө-корреспондент деген депутаттын талапкери. Корреспондент деген эмгегин сиңирсин, анан академик болсун десем болбой атайын кишиси бар окшойт, болбой коюшту. Атайын кишиси болсо жок дегенде академикти алып келсин, биз шайлайлы уставдын негизинде. Анын үстүндө 36 академигибиз эле калды. Алардын ичинде 70 жашка чыга элек татыктуу кишилерибиз бар. Эми биз мүчө-корреспондентти шайлап койсок академиянын аброю түшөт. Академия деген грек тилинен которгондо бул көз каранды эмес окумуштуулардын илимий бирикмеси деп аталат. Академия деген көз карандысыз болуш керек. Ал эми Абдыганы Эркебаевдин эң чоң жетишкендиги бул уюштуруучулук иши. Өзү абдан уюштургуч, Жогорку Кеңештин эки жолку Төрагасы болгон киши. Демек ал академияны башкарууга толук укуктуу деп эсептеймин.

 

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы:

«Абдыганы Эркебаев академияны башкарууга толук акылуу, укуктуу»

– Абдыганы Эркебаев кыргыз элитасынын арасынан өзүнүн пикирин түз айткандыгы, тазалыгы менен айырмаланат. Бул окумуштуулардын арасында дагы кадыр-барктуу адам. Жаш, студент кезинде эле өтө окумалдыгын көрүп туруп, достору «академик» деп тамашалап коюшчу экен. Азыр Абдыганы Эркебаев академияны башкарууга толук акылуу, укуктуу. Окумуштуулар дагы анын тазалыгын көрүп туруп кетирбей коюшту. Аны кетирбей койгону өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал бир топ реформаларды жүргүзүүгө көп аракеттерди жасап жатат. Ошол эле учурда академиянын кадыр-баркына эч качан доо кетирбеш керек. Бул базар заманына ылайык чын эле реформаланыш керек. Бирок кайсы бир мекеменин алдындагы көз каранды мекемеге айланыш керек. Балким Абдыганы Эркебаевдин кетем дегенин дагы академиянын кадыр-баркын кетирген үстүртөн жасалган реформага каршылык билдирип кетем деген аракетидир. Бирок Академияны сактап, окумуштууларга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп, реформаны жакшылап жүргүзүп, илимди кыргыздын экономикасына салым кошо турган нукка буруш керек деген ниеттемин.

 

Султан Раев, жазуучу:

«Илим жагынан, мамлекеттик коомдук ишмер катары дагы үч нерсени бириктирген кыйын инсан»

– Абдыганы Эркебаевич чоң саясатчы. Кыргызстандын эгемендүүлүгүндө алгачкы жылдарында иштеген киши. Кыргыз мамлекетин түзүп калыптандырууда чоң роль ойногон кишилердин бири. Легендарлуу парламенттин депутаты болгон. Илим жагынан эң жогорку даражадагы наамдарга ээ болгон. Абдыганы Эркебаев илим жагынан, мамлекеттик коомдук ишмер катары дагы үч нерсени бириктирген кыйын инсан. Адамдыгы, ички интеллектуалдык дүйнөсү дагы бийик адам. Ошондуктан биздин Улуттук академияны Абдыганы Эркебаевич жетектегенге татыктуу инсан. Адамгерчилиги жогору, таза, өзүнүн эмгеги менен ушул бийик даражага жеткен адамдардын бири. Өмүрүндө көптөгөн кыйынчылыктарды көргөн, турмуштан сыналган адам. Маданий интеллектуалдык деңгээли абдан бийик. Айта берсе мактоого татыктуу сөздөрдүн аягы түгөнбөйт.

 

Абдрахман Маматалиев, коомдук ишмер:

«Өмүр бою мамлекет деп иштеп келе жаткан өзгөчө чоң окумуштуу»

– Албетте ал бул кызматка татыктуу. Абдыганы Эркебаев абдан эмгекчил, жөнөкөй, таза киши, алдым-жуттуму жок. Өмүр бою мамлекет деп иштеп келе жаткан өзгөчө чоң окумуштуу. Аны элдин баары жакшы билишет. Окумуштуулардын көпчүлүгү билген үчүн колдоп жатышат болуш керек. Алардын арасында бир аз интрига менен аябай шугулданып жүргөн окумуштуулар дагы жок эмес. Алар бул кишини көп жактыра беришпейт. Бул киши азыркы заманга жараша деп реформа кылып бир аз кыскартып, кайталанган структураларды жоюп аракет кылды. Ошого каршылар гана Абдыганы Эркебаевичтин ишин жактырбаса, көпчүлүк адамдар аны колдошот

 

Курманбек Осмонов, экс-депутат:

«Өз ишин мыкты билген атактуу окумуштуу, көрүнүктүү саясый ишмер, мыкты жетекчи»

– Абдыганы Эркебаевдин «академик» деген наамы бар, илгертен, жаш кезинен бери адабият жагынан көп окумуштуулук жагын көрсөткөн. Адабий сынчы. Илим жагынан бүткүл дүйнөлүк тарых, философия боюнча кенен тааныштыгы бар киши. Өз ишин мыкты билген атактуу окумуштуу, көрүнүктүү саясый ишмер, мыкты жетекчи.

Булак: “Жаңы Ордо”

Рустам Эмомали расмий түрдө Дүйшөмбүнүн мэри кызматына киришти

Тажикстан президентинин улуу баласы Рустам Эмомали расмий түрдө Дүйшөмбүнүн мэри кызматына киришти. Ал шаардык мажлистин депутатыгына болгон шайлоодо жеңишке жетип, президенттик жарлыкка кол коюлганга чейин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп келген.

Дүйшөмбү шаардык мажлиси 18-апрелдеги жыйынында Рустам Эмомалинин мэр болуп дайындалышы тууралуу жаңы жарлыкты бекитет деп күтүлүүдө.

Өткөн аптада Рустам Эмомали Дүйшөмбүнүн элдик депутаттар мажлисине болгон шайлоодо жеңишке жеткен. Шайлоодо аны №25 тилкеде добуш бергендердин 84,8 пайызы колдогон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню