Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Чингыз Кубатбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык буйрукка кол койду, анда Кубатбеков Чингыз Курманбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

 

Урматбек Кокочаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-мартта, буйрукка кол койду, ага ылайык, Кокочаров Урматбек Курманбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сайитбек Абдырахманов Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Абдырахманов Сайитбек Кутбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Чынар Саттарова Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Саттарова Чынар Осмоновна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Бактибек Анаркулов Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Анаркулов Бактибек Кочкорович берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалала-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Ырысбек Ызабеков Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Ызабеков Ырысбек Темирбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалала-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын  маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

КТРКнын жаӊы Байкоочу кеӊешинин мүчөлөрү тандалат

27-мартта боло турган Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу Кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү маселе каралары күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, КТРКнын учурдагы Байкоочу кеӊешинин курамы КР Жогорку Кеӊешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги №1850-V токтому менен бекитилген. Ал эми “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамдын 13-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Байкоочу кеӊештин жаӊы курамына талапкерлерди көрсөтүү, мурдагы Байкоочу кеӊештин ыйгарым укуктары бүтөрүнө үч ай калганда Жогорку Кеӊеш тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

Кошумчалай кетсек, КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 мүчөдөн туруп, 5 жылга шайланат. Алгач КР Президенти, Жогорку Кеӊеш жана жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерлер комитетте каралып, кийин жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылат.

 

Түркмөнстан президентинин уулу парламенттеги жооптуу кызматты ээледи

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жалгыз уулу Сердар Бердымухамедов парламенттеги укуктук маселелер комитетинин жетекчиси болду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Мамлекет башчынын уулу буга чейин Тышкы иштер министрлигинде Маалымат департаментин башкарган. Анын комитет башчылыгына дайындалгандыгы жөнүндө өлкө парламентинин 20-марттагы жыйынында айтылды.

Сердар Бердымухамедов үч ай мурда Ахал облусундагы 24-шайлоо окуругунан парламент депутаты болуп шайланып келген.

Түркмөнстан президентинин уулу Сердардын саясий карьерасы тууралуу алгачкы билдирүүлөр өткөн жылдын жайында пайда боло баштаган. Анда көз карандысыз маалымат булактары ал атасынын атайын токтому менен өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине кызматка дайындалганын билдиришкен. Андан сырткары ага чейин Сердар бир канча министрликте жана агенттиктерде иштегендиги кабарланган. Ал 2014-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, 2015-жылы техника илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгондугу тууралуу дагы маалыматтар бар.

Гурбангулы Бердымухаммедов өлкөнү атасы Сапармурат Ниязов каза болгон 2006-жылдан берип башкарып келет. Учурдагы мамлекет башчынын уулунан тышкары дагы үч кызы бар.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Асхат Акибаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Акибаев Асхат Акибаевич  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Узарбек Жылкыбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Жылкыбаев Узарбек Казиевич Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Меню