Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Алмаз Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан бошотулду.

Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Илияз Иманбетов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Бүгүн, 28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Иманбетов Илияз Жеңишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралу өкүлчүлүктүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында Алтынбек Сулаймановдун билдирүүсү жарыяланды.

Төмөндө А.Сулаймановдун билдирүүсү:

Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарга маалым, мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп-тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем. “Ат баспайм деген жерин миң басат” дегендей, тагдыр буйруп өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим.

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаева Актилек Ишенгазыевна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Пекин шаарындагы резиндециясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Умбриэль Темиралиев Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды

Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Темиралиев Умбриэль Темиралиевич Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

Меню