Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралу өкүлчүлүктүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасында Алтынбек Сулаймановдун билдирүүсү жарыяланды.

Төмөндө А.Сулаймановдун билдирүүсү:

Урматтуу мекендештер!
Баарыңыздарга маалым, мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп-тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем. “Ат баспайм деген жерин миң басат” дегендей, тагдыр буйруп өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим.

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаева Актилек Ишенгазыевна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Пекин шаарындагы резиндециясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Умбриэль Темиралиев Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды

Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Темиралиев Умбриэль Темиралиевич Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.

Равшанбек Сабиров Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду

Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатович өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

КР энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраевге КР энергетика министринин милдеттери убактылуу жүктөлдү

Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри жок болгон мезгилге Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Ибраев Таалайбек Омукеевичке Кыргыз Республикасынын энергетика  министринин милдеттерин аткаруу жүктөлдү.

Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине КР энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине, ошондой эле 89-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Бекмурзаев Доскул Жумагулович тергөө мезгилине Кыргыз Республикасынын энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.

Белгилүү обончу Түмөнбай Колдошев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды

Кечээ, 12-сентябрда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык, белгилүү обончу Түмөнбай Колдошев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерине Түмөнбай Колдошевди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Маданият министринин орун басары Салтанат Аманова, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев ээлеген кызматтарынан бошотулду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду.

Борбордук аппараттын кызматкерлери менен болгон кеңешмеде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маалымдагандай, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын буйругуна ылайык, Түмөнбай Колдошев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Эдил Байсалов министрликтеги эскирген иш ыкмаларын жана учурдун талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы демилгелердин, идеялардын жоктугун сынга алды.

«Мен кесиптештеримди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ведомствонун алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бирдиктүү иш алып барууга чакырат элем», – деди ал.

Бекбосун Апсатаров Президенттин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Бүгүн, 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык,  Апсатаров Бекбосун Жакшылыкович  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Меню