Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Медербек Сатыев Президенттин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду

Бүгүн, 6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Сатыев Медербек Асанбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Ооганстан боюнча жаңы атайын өкүлү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) башчысы болуп Роза Отунбаеванын дайындалганын билдирди. Роза Отунбаева канадалык Дебора Лайонстун ордуна келди.

Роза Отунбаева бул кызматка лидерлик, дипломатия, жарандык активдүүлүк жана эл аралык кызматташуу боюнча 35 жылдан ашуун кесиптик тажрыйбасын эске алуу менен дайындалды. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти (2010–2011) жана үч жолу тышкы иштер министри, акыркысы 2005-жылы министрдин милдетин аткаруучу болуп иштеген. Жогорку Кеңештин депутаты (2007-2010), 1991-жылы вице-премьер-министр болуп иштеген.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинде бир нече жооптуу кызматтарды аркалаган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттары жана Канададагы элчиси (1992-1994) жана Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси (1997-ж.) -2002). 1989-1991-жылдары ЮНЕСКО иштери боюнча советтик улуттук комиссиянын төрагасы болгон.

Роза Отунбаева 2002-2004-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун Грузиядагы байкоочулар миссиясында (UNOMIG) Башкы катчынын атайын өкүлүнүн орун басары болуп да иштеген. Учурда ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын медиация боюнча жогорку деңгээлдеги консультативдик кеңешинин мүчөсү жана Кыргызстандагы «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун жетекчиси.

Москва мамлекеттик университетинин философия илимдеринин доктору жана Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктаган. Ал кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

«Азаттык” радиосунун директору Венера Жуматаева кызматынан алынды

Кечээ, 27-августта «Азаттык” радиосунун кыргыз редакциясынын Прагадагы директору Венера Жуматаева кызматынан алынды. Бул тууралу биздин жеке булактар билдирди.

Венера Жуматаеванын ордуна директордун милдетин аткаруучу болуп радионун журналисти Гүлайым Ашакеева убактылуу дайындалды.

Ошондой эле “Азаттык” радиосунун вице-президенти жана башкы редактору Дейдзи Синделар да кызматтан алынган.

Эми “Азаттык” радиосунун директорлугуна ачык сынак жарыяланып, анын жеңүүчүсү жетекчиликке дайындалат.

Венера Жуматаевага кайсы бир сайттан сооротуучу жумуш берилгени айтылууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, кыргыз коомчулугунун айрым өкүлдөрү Венера Жуматаеваны непотизмге, жердешчилдикке, бийлик менен тымызын кызматташып иштегенге айыптап, “Азаттыктын” АКШдагы жетекчилигине, АКШ Конгрессине ачык кат жазып кайрылып келишкен.

Акылбек Жапаров "Кумтөр" алтын кенинин жаңы жетекчиси Алмаз Барыктабасовду ишкананын жааматына тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине барды.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган Президенти (Башкармалыктын төрагасы) Алмаз Барыктабасовду тааныштырды.

Ал белгилегендей, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

««Кумтөр» Кыргызстандын элине иштеши керек. Биз ишкананын менеджментинен эффективдүү жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. Кумтөр элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек. Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоосу тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек. Иште эч кандай кемчиликтер болбошу керек. Министрлер Кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарыңызды тапшырыңыз. Ошол эле учурда 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл», – деди Акылбек Жапаров жана компаниянын жаңы жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Канатбек Азиз Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык  Канатбек Азиз Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды.

Төлөбек Абдырахманов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Абдырахманов Төлөбек Абылович Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды.

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаручу болуп дайындалды

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Баатырова Гүлнара Маришовна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү балдардын "Алтын балалык" реаблитациялык борборуна директор болуп дайындалды

Бүгүн, 19-августта КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу боюнча Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү балдардын “Алтын балалык” реаблитациялык борборуна директор болуп дайындалды. Бул тууралу ал өзү журналисттерге билдирди.

Андан сырткары Алымкадыр Бейшеналиев эртең, 20-августтун таңында Түркияга белгисиз мөөнөткө учуп кете турганын кошумчалаган.

Ага чейин КР Президентинин Алымкадыр Бейшеналиевди КР Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотуу тууралу буйругу жарыяланган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын 14-октябрынан бери Саламаттыкты сактоо министри кызматын аркалап келген.

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду.

Бир катар жетекчилерге жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн дисциплинардык жазалар жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду.

Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:

– берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбековичке сөгүш берилди;

– “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

Сулайманов Алтынбек Турдубаевичке – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жумагазиев Канат Сагыновичке – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;

Термеев Руслан Качкынбаевичке – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги.

Меню