Menu

КЫЗМАТ-МАНСАП

Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-августундагы № 116 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын
75-пунктунун б пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бекболотов Бактыбек Асанкалиевичке катуу сөгүш берилди.

Соттордун жүрүм-турум талаптарын бузгандыгы үчүн 2 судьянын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча

  • Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Туражанова Жамиля Асадуллаевнанын жана
  • Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы  Каримбеков Ниматилла Исмаиловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду.

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына беш талапкерди дайындоо боюнча сунуштарды киргизди.

Ал эми бир талапкер боюнча анын талапкерлигин кайтарып алуу боюнча  Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңешине берген арызына байланыштуу, аны жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо сунушу четке кагылды.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык төрт талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Президент Садыр Жапаров төрт талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарды, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

  • Жалал-Абад облусу:
    Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович;
  • Ысык-Көл облусу:

Каракол шаардык соту:
Каипова Нурила Кочкоровна;
Эралиев Талайбек Каскаевич;

Жети-Өгүз райондук соту:
Асаналиев Нуркалый Жумабекович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан өз ишин жөндүү аткара албагандыгы үчүн бошотулду

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Азамат Муканов КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Муканов Азамат Кенешевич Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп дайындалды.

Дайырбек Орунбеков КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Орунбеков Дайырбек Тейишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Алтынбек Жумаев КР Президентинин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду

Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Талант Султанов Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Султанов Талант Кушчубаевич Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Арстанбаев Мирлан Есенович Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ишин айкалыштыруу боюнча Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Автандил Коңгайтиев КР Бажы кызматынын биринчи орун басары болуп дайындалды

Кечээ, 28-июлда КР Министрлер кабинетинин төрагасы – КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун жарлыгы менен Автандил Молдомусаевич Коңгайтиев КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бажы кызматынын полковниги Автандил Коңгайтиевдин эмгек ишмердиги:

2005 –  2006 жж. – «Манас» аэропорту бажысынын инспектору

2006 – 2014 жж. – «Түндүк» темир жол бажысынын жооптуу кызматтарын аркалаган

2014 -2016 жж. – «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы бажынын башкы инспектору

2016 – 2017 жж. – «Ош» бажысынын начальнигинин орун басары

2017 – 2018 жж. –  «Түндүк» темир жол бажысынын начальнигинин орун басары

06.04.2018 – 24.08.2018 жж. – «Түндүк» темир жол бажысынын башкы инспектору 

2018- 2019 жж.-  «Түндүк» темир жол бажысынын начальнигинин орун басар

2020 – 2021 жж.- «Манас» аэропорту бажысынын начальнигинин милдетин аткаруучу

11.06.2021 – 24.09.2021 жж. – КР Мамлекеттик Бажы кызматынын кадрлар резервинде 

2021 – 2022 жж. – «Түндүк» темир жол бажысынын начальниги

14.05.2022 – 26.05.2022 жж.- КР Мамлекеттик Бажы кызматынын кадрлар резервинде

26.05.2022-08.06.2022 жж. – КР Мамлекеттик Бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басарынын милдетин аткаруучу 

08.06.2022 – 28.07.2022 жж. –  КР Мамлекеттик Бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары 

Меню