Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Орусиялык ырчы Полина Гагарина жолдошу менен ажырашуу үчүн арыз берди

Орусиялык ырчы Полина Гагарина жолдошу Дмитрий Исхаков менен ажырашуу өтүнүчү боюнча Люблин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, түгөйлөрдүн ажыраша турганы тууралуу маалыматтар ​​жазында пайда болгон. Бирок, жубайлар муну четке кагып келишкен. Июнь айынын башында Исхаков өзүнүн Instagram баракчасына: “Ооба, биз ажырашкан жокпуз!”, – деп билдирүү жазган.

Бирок, эки жумадан кийин Дмитрий алардын көптөн бери чогуу жашабагандыгын, бирок кадимкидей мамилелерди сактап, балдарга кам көрүүнү улантышканын жарыялаган. Ошол эле учурда Гагарина күйөөсүн “Полина Гагарина” ЖЧКсынын башкы директорунун кызматынан бошоткону белгилүү болду.

Гагарина менен Исхаков 2013-жылы таанышкан. 2014-жылы күзүндө алар баш кошушкан. 2017-жылы жубайлар Мия аттуу кыздуу болушкан. Ошондой эле Гагаринанын биринчи никесинен Андрей аттуу уулу бар.

Учурда ырчы кызы жана уулу менен жашайт. Ал дагы деле ажырашуу боюнча комментарий бере элек.

"Аалам сулуусу" сынагына катышып жаткан Кайрат Нуртастын жубайы: "Кыргызстандан добуш бердик деген пикирлерди окуп көзүмө жаш алдым"

Казакстандык ырчы Кайрат Нуртастын жубайы Жулдыз Абдукаримова “Аалам сулуусу” сынагына катышып жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

“Бул жылы Казакстандын атынан “Аалам сулуусу” сынагына катышып жатам. Бул сынакта сырткы сулуулукту эмес, жан дүйнө сулуулугунун дагы айкалышын көрсөтүү зарыл. Башкы максаты – дүйнө жүзүндөгү айымдарды колдоо. Пандемиядан улам быйылкы сынак онлайн форматында өтөт”, – деп билдирүү жазган Абдукаримова.

Ошондой эле, ырчынын жубайынын айтымында азыркы учурда сынак боюнча добуш жүрүп жатат. Добуш берүүгө Кыргызстандыктар дагы катышкан.

“Урматтуу казак эли “Аалам сулуусу” сынагы кыза түштү. Биз 16 миң добуш менен баштаган элек, бирок башка катышуучулар бизге жакындап калыптыр. 18 миллион калкы бар Казакстан, 7 миллионго жакын калкы бар Кыргызстан, 30 миллион калкы бар Өзбекстан. Биз бириксек добуш берүүдө алдыга жылабыз.  Үй-бүлөбүз менен добуш бердик, Кыргызстандан добуш бердик деген пикирлерди окуп, катуу толкунданып, көзүмө жаш алдым”, – деди Жулдыз Абдукаримова.

Неля Нуркулова: "Туулган күнүм биринчи жолу апамсыз өтүп жатат"

Бүгүн, 3-декабрда ырчы Неля Нуркулова 37 жашка толду. Ал Instagram социалдык тармагындагы баракчасына биринчи жолу туулган күнү апасы жок өтүп жатканын жазды.

“Менин апамсыз биринчи туулган күнүм… Биринчи жолу мени апам куттуктабайт. Жарык дүйнөгө алып келип тарбиялап, акыл-кеңештерин берген адамдын эми жаныңда болбой турганын кабыл алуу кандай оор. Жан дүйнөм ооруп, кайгы жана өкүнүч бар. Апаңардын көзү тирүүсүндө сүйгүлө, барктагыла, баалагыла…”, – деп жазган ырчы айым.

Ырчы айымдын апасы 15-ноябрда аты жаман оорудан каза болгон.

 

Назира Айтбекова: "Бүгүн мен эмнени каалап турам билесиздерби? Садыр Жапаровдун Президент болушун каалап турам"

Бүгүн мен эмнени каалап турам билесиздерби? Садыр Жапаровдун Президент болушун каалап турам. Мындай пикирин бүгүн, 30-ноябрда телеалыпбаруучу, актриса Назира Айтбекова Инстаграм баракчасында билдирди.

Буга чейин саясатка аралашкан эмесмин. Эч кимге көр фанат да болуп көргөн жокмун. Башын жоготуп, анализ жасай албай фанат болгондорду да түшүнбөйм, бирок тилекке каршы алардын саны бүгүнкү күндө өтө көп.

“Жардан алыс учканы чуркап баратасыңар! Токтогула!” деп кол сунгандын, жардам бергиси келгенин баары “Канчык”, “Душман” аталууда. Эң өкүнүчтүүсү да күнөөсүз, билимдүүлөрдү, күчтүүлөрдү да өзүлөрү менен кошо жардан ыргытканы сүйрөп баратышканы.

Бүгүн мен эмнени каалап турам билесиздерби? Садыр Жапаровдун Президент болушун каалап турам! Таң калып турасызбы? Элдин сураганын берүү керек анткени өзүлөрү жон териси менен сезип, өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен уксун. Силердин сөз “душмандын сөзү” катары гана кабыл алына берет болбосо. Элде ажырым, согуш, жек көрүү болуусун каалабайм. Ансыз да уруштун учкуну көрүнүп турат. Май куйбайм. Катууну жумшак жеңет. Чыгыш философиясы.

Элдин энергиясы кандай болсо, ошондой өзүнө окшош энергиялуу адамдар бийликке келерине ынандым. Мыкты ажо каалайсыңбы? Анда элдин баары билимдүү, пейили түз болуусу керек. Кеп келген кишиде эмес. Кеп өзүбүздө.

Калемпирдин ачуу экенин көрмөйүн кантип билишсин? Көргүлүгүбүз көп экен. Бирок аңгыл – дөңгүлдүн баарын басып көрмөйүн жетилүү кыйын окшойт адам баласына. Эртең жардан учуп баратканда токтотуп, алы жетпегендерге күнөө артпагыла. Аракетибизди кылдык. Садыр – сиздин президент.

Баса , “атамбаевчил” эмесмин. Бирок Атамбаевди өлө жакшы көрөм. Анын учурундагы светтик өлкөнү жана бейпилдикти сагындым. Ал экөөбүз окшошпуз. Балтайта сүйлөй беребиз. Бирок досун бийликке алып келгени үчүн дагы эле таарынып жүрөм. Эми жаман көрүп, жармаңарды бербей койсоңор да болот“, – деп билдирүү жазды Назира Айтбекова.

Анжелика: "Карызымды бергенге жардамдашыңыз деп 25 жаштагы чоң эле жигиттер келгенде, кадимкидей уялам"

Карызымды бергенге жардамдашыңыз деп 25 жаштагы чоң эле жигиттер келгенде, кадимкидей уялам. Мындай пикирин ырчы Анжелика Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, жардам сурагандар абдан көбөйүп кетти.

Жол торогон байкенин сакалын көрүп намаз окуйт окшойт десем- спирт ичимдиги оозунан буркурайт. Келинчеги жанында. Мени тамашага салып жатат деп ойлоп, жардамчым видеого тартыптыр. Тамашасы жок эле , 600 сом алып кетти.

Ал акчаны мага бирөө берген жок, элге тарат деп. Аз уктап, көп иштеп таптым. Пандемия учурунда дүкөндөн чегин төлөткөн киши дагы болгон. Жардам сурагандар өтө көп болуп кетти. Же мага эле Кудайым муктаждарды жиберип жатабы? Бир түз эфир учурунда бир кыз кафеден аркаман чыгып, унаама отургузбай кийимге акча бериңиз деп, тамака эмес, кийимге акча сураган. Ошондо мен эсиңиздерде болсо айткам, кийимин бүтүн туруп, башка чыныгы муктаждын нанын жебе деп. Карызымды бергенге жардамдашыңыз деп 25 жаштагы чоң эле жигиттер келгенде, кадимкидей уялам. Карызды дагы тапкан кирешеңе жараша ал. Сен ал, мен төлөймүнбү?!-деп тарс айтчу дагы болдум.

Мен операцияга акчасы жетпей жаткандардын баардыгына жардам бергим келет, колуман келишинче. Менеджеримди баары эле урушмай болду, давай пост чыгарсын деп, тилдеп! Бардыгын баракчама жүктөй албайм, алдагандар дагы жок эмес.

Менин дагы балдарым, кыялдарым, кредиттерим бар. Кечээ бир 50 жаштардагы эжеке келип, бир ай мурун алып мен алып берген даарылары түгөнгөнүн айтып, кадимки айлык алчудай кайра келиптир. Бир жолу сураңыз, калганын иштеп тапса болот эле да десем, эмнеге бербейсиң? Мен кимден сурамак элем? – деп кыйкырып, сен дагы мендей ооруп кал деп кетти… Мындай ач көз, шүгүр кылбагандардын сөзүнө көнүп деле калдым. Ал эми менин көп балам бар деп, дени сак күйөөсү менен кошо жардам сурагандарга эмне дейбиз?“, – деп билдирүү жазды Анжелика.

Назира Айтбекова: "Алакандай жерди аяй коём деп концерттин баарынан кур калгам"

“Маданияттын мыкты кызматкери” деген кагаз берип койсо эмне? Таланттуулар көп, бирок баалай элекпиз көбүн. Мындай пикирин белгилүү теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Инстаграм баракчасында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик иш-чараларды алып барбасаң, чоңдордун тоюнда болбосоң, сыйлык берилбейт экен.

Эмгек сиңирген артистер менен жанаша түштүм сүрөткө. Балким жугуштуу болуп калабы? Ай, жок дегенде “Маданияттын мыкты кызматкери” деген кагаз берип койсо не? Илгери бир байке “Чоң үй жалдап, массаж жасашалы. Анан мамлекеттик концерттин баары сеники болот” десе, алакандай жерди аяй коём деп концерттин баарынан кур калгам.

Анан Мамлекеттикти алып барбасаң, чоңдордун тоюнда болбосоң, сыйлык берилбейт экен бизде. Алакандай жер биздин өлкөдө далай “маселени” чечет. Үстүңдө үйүң, астыңда унааң дегендей… Бирок ошол алакандай жерде аялдын болгон намысы, абдыракаты жатат. Аны чачсаң, жип сөккөндөй баары кетет. Кайра ойлонуп кеттим. Антип соодалашып, абийириңди берип анан сыйлык ж.б., албай эле коёюнчу? Ушул эжелерим өмүрүнүн жарымын чыгармачылыкка арнап, араң жеткен сыйлык дагы далай эмгегим сиңгенде келеттир өзү эле. Таланттуулар көп, бирок баалай элекпиз көбүн“, – деп билдирүү жазды Назира Айтбекова.

https://www.instagram.com/p/CIAqYPPHpN4/?utm_source=ig_web_copy_link&fbclid=IwAR3gNBRES9EsR_y3X8B-9uL5RfwphVyg3moP3am1Tz98MJnfJuQTgvEPaNI

Видео - Ырчы Зере "Апам айткан" ырына жаңы клип тарттырып, чыгарды

Ырчы Зере жаңы клип чыгарды. Анда гендердик теңсиздик темасын көтөрдү. Клиптин өзү “Апам айткан” ырына тартылган. Анда Зере кыргыз кыз-келиндери кичинекей кезинен эле кыз болгондуктан кечке чейин көчөгө чыкпай этият бол деп уккан шаблондуу сөздөрдү ырдайт.

Бул ыр жана клип көрүүчүлөрдүн купулуна толгондой. Анткени ютуб катталуучулары жакшы-ой пикирлерди гана калтыруушуда.

Эске салсак, Зере мындай форматтагы алгачкы клиби эмес. Буга чейин “Кыз” аттуу клиби жарыяланганда көптөгөн позитивдүү жана негитивдүү сын-пикирлер айтылып, калк арасында бир топ талаш-тартыштар менен коштолгон.

 

 

 

Ырчы Кайрат Примбердиевдин жубайын унаа сүзүп кетти. Ага операция жасалат

КРнын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиевдин жубайы Элвира Бегалиеваны унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, ал азыр ооруканада. Ага шейшемби күнү операция жасалат.

“Эртеби-кечпи муну баары билмек, андыктан бул тууралуу өзүм биринчи жазууну туура көрдүм. Мени унаа сүзүп кетти. Күнөө экөөбүздөн тең кетти. Айдоочу мен күтпөгөн жерден эки тилкени кесип өткөнү үчүн. Мен болсо, туура эмес жерден өткөнүм үчүн. Кудай сактады. Азыр ооруканадамын. Шейшембиде операция жасалат. Бет сөөгүм талкаланып кетиптир. Өзүңүзгө сак болуңуз. Кырсык күтүлбөгөн жерден келет турбайбы”, – деп жазды Элвира Бегалиева.

Жол кырсыгы Медеров жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгондугу такталды.

Ал эми ырчы Кайрат Примбердиев “Кудай буйруса баары жакшы болот”, – деп жазган.

Видео - Куудул Тынар Курбаналиев саясатчылар Текебаев менен Зулпуевге пародия чыгарды

Кечээ, 20-ноябрда куудул Тынар Курбаналиев Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоодо эмоцияга алдырган саясатчы Өмүрбек Текебаев менен анын оппоненти, КР Президенттик аппаратынын башчысынын орун басары Бектур Зулпуевдин талашы боюнча пародия чыгарып жарыялады.

Ал эми коомчулукта буларды “мурунку узурпаторлор менен конституцияны тебелеген революционерлер азыркы узурпаторлор менен революционерлерден конституцияны тебелебей, мыйзам нугуна түшүүнү талап кылышууда” деп күлкүгө алышууда.

Фото - Алмаз Атамбаевдин кызы Алия таштандылардын арасында жатып, сүрөткө түшүп, фотосессия өткөрдү

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмаз Атамбаевжин кызы Алия Шагиева өзгөчө тематикадагы фотосессиядагы сүрөттөрү менен бөлүшүп, таштандылар менен күрөшүүгө чакырды. Ал үйүлүп жаткан тиричилик таштандыларынын үстүндө жаткан сүрөттөрүн өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Биринчи сүрөттө ал чемодандын үстүндө отурат.

“Чемоданда эмне бар? Таштандылар бүт жактан жана анын көлөмү өсүп жатат. Ойлондуруучу кырдаал. Бирок биз колубузду куушурабыз жана “Бир нерсе кыла алабызбы?” деген ой келет. Келет! Кырдаалды чечүүнүн эрежеси – өзүңдөн баштоо”, – деп жазган Алия Шагиева.

Анын айтымында, ага экология темасында фотосессия тартуу сунушу түшкөн.  “Бул сүрөттө мен адам баласы кандай коркунучтуу жан экендигин айткым келбейт. Себеби бардыгы эле жаман эмес, дагы деле болсо адамзатка үмүт бар. Мен дүйнөгө ишенем”, – деп белгиледи ал.

Меню