Menu

ШОУ-БИЗНЕС

Эльвира Артыкбаева: Моделдиктин арты менен арт-директорлукка жеттим

касынын Транспорт жана жоп министр-лигинин Азия Өнүк-түрүү банкынын Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Сатыбалдиев Руслан менен маек кылдык. Жол тарма-гына келген инвестициялык долбоорлор-дун күңгөй-тескейи тууралуу болгон маек-ти окурмандарга сунуштайбыз.
—Руслан Амангелдиевич, Транспорт жана жол министрлигинин Азия Өнүктүрүү банкынын Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобу качан түзулгөн жана эмне жумуш аткарууда?

—Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун ишмердигин жөнгө салуу, статусун аныктоо, мил-деттерин, функцияларын жана ыйга-рым укуктарын аныктоо 2017-жылдын 19-октябрында Кыргыз Рсспубликасы-нын Транспорт жана жол министрлигинин №339 буйругу менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобу-жөнүндө» Жободо белгиленген. Өз ишмердүүлүгүндө Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомдорун жана Буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жанажол министрлигинин буйруктарын жана тескемеле-рин, жетекчиликтин жана донорлордун

жол-жоболорун, ошондой эле ушул жо-бону жетекчиликке алат. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобу юридикалык жак болуп эсептелбейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык каржылоо уюмдары-донорлорунун ортосунда кол коюлган, белгиленген тартипте мыйзамдуу күчү-нө кирген, эл аралык Макулдашууларга ылайык каржыланат.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун негизги милде-ти болуп – инвестициялык долбоорлор боюнча кол коюлган Эл аралык Макулдашууларга ылайык, жол инфратүзүмүн
өнүктүрүүчөйрөсүндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, тиешелүү донорлордун алдында Заемчунун на-сыялык милдеттерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун негизги функция-лары болуп – тиешелүү документтерди жана донорлор менен макулдашуулар-ды долбоорлордун Консультанты менен бирдикте, оз убагында даярдоо болуп эсептелет. Сатып алууларды өткөрүү боюнча донорлордун эрежелери не жана жол-жоболоруна ылайык, инвестициялык долбоорлор боюнча тендерлерди,
конкурстарды жана тендердик сунуш-тарга баа берүү даярдалат.

Кыргыз Республикасынын Өкмө-түнө, Каржы министрлигине, Транспорт жана жол министрлигине сунуш-тар жана донорлорго Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу маалыматтар, 1 айлык жана квартал-дык отчеттор, ошондой эле башка маалыматтар донорлор менен жана башка кызыктар болгон министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жанажол министрлигинин Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун негизги каржы операциялары болуп, курулуш иштери боюнча – Подрядчик менен жана көзөмөл жүргүзүүдө кызмат көрсөтүүлөр боюнча – Консультант менен эсептешүү болуп эсептелет.

Түшүүлер жана төлөмдөргө карата Кытай Экспорттук-Импорттук

—Түндүк-Түштүк альтернатив-дик жолун рсабилитациялоо иштери качан башталган жана качан бү-төтжана кайсы насыянын эсебинен? Азыр эмне жумуш аткарылууда?

—2014 -жылы министрлик Бишкек-Ош альтернативдүү автожолун респуб-ликанын түндүгүнөн түштүгүнө баруучу жол менен камсыз кылуучу Түндүк-Түш-түк альтернативдүүжолунун курулушуна киришти. Түндүк-Түштүк альтернатив-дүүжолу «Балыкчы – Кочкор – Арал -Нарын жана Көкө-Мерен дарыялары-нын туташкан жери – Казарман-Джалал-Абад» маршруттары боюнча өтөт. Анын узундугу 433 км-ди түзөт. Белгиленген долбоор III фазага белүнгөн. 2014-жы-лы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги I Фазанын алкагында курулуш иштерин баштаган жана 2016-жылы II Фазанын курулуш иштерине киришкен. Учурда, бул дол-боордун алкагында жүзөгө ашырылып жаткан курулуштун жалпы узундугу 250 км-ди түзөт, Көк-Арт ашуусундагы туннелди кошкондо, I Фазанын узундугу 154 км-ди түзөт, алардын 62 км-и реконструкция, 89 км-и -бул жацы курулуш. II Фазанын узундугу 96 км, алардын 14 км-и реконструкция жана калган 82 км-и жацы курулуш.

Ошондой эле, 183 км узундукта-гы участокту камтыган III Фаза үчүн деталдуу долбоор даярдалган. Анын 70 км курулушу үчүн Азия Өнүктүрүү Банкынан 95 млн. АКШ доллары тар-тылган. Калган участоктор боюнча финансы институттары (донорлор) менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Биздин милдет – 2022-жылга чейин Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун куру-лушун бүтүрүү.

(Уландысы 10-бетте)

Айзада Жамгырчиева: Модель кыздардан кем эмесмин, ашып түшөм

-Чыгармачыл жолуңду Тамашоуда “затравшица” болуп баштагансың, кээде ошол кезди сагынасыңбы?

– Албетте, сагынам. “Затравшицалыкты” эки жылдай аркалап жүрүпмүн. Өзгөчө «кызмат», сен сахнага чыгып: «Саламатсыздарбы! Кийинки тамаша: эрди-катын урушат. Жок ай, урушпайт окуясы» деп, кайра сахнага кирип кетесиң. Эгер ошондой мүмкүнчүлүктөр жаралып калса, кайтадан затравшица болууга даярмын. Бул «кызматты» эстеген сайын жүрөгүм «тыз» дей түшөт.

– Алтынчы күнү кечинде, эмнеге кечинде, түнгө эмес, таңда эмес?

– Бардык жакшы нерселер, күтүүсүз кызыктар кечинде башталат эмеспи. Анткени, алтынчы күнү кечинде баардык эл жумуштарынан бошоп, «эртең дем алыш» деп, ар кыл кыялдарга батат. Андай кыялдар түштө да, таңда да келбейт.

– Чүкөгө кыт куюп көргөнсүңбү же сөз менен эле кыт куюппу?

– Чүкөгө кыт куйганды билбейм, бирок өз көзүм менен көргөм. Кудум ошондой кылып жигиттердин мээсине «кыт куйганды» жакшы көрөм. Кандай рахат! Аны сүрөттөө мүмкүн эмес.

– Ушу тапта жүрөгүңдө жулкунуп, улам-улам тилиңдин учуна келип турган бал сөз?

– «Сени сагындым, качан келесиң?» деген сөз.

– Өткөндө «Күйдүм чокту» катыра ырдадың эле. Азыр кайсы ырды кыңылдап ырдап жүрөсүң?

– Өзүмдү диплому жок ырчы эсептейм. Чын эле жакшы ырдайм, үнүм бар, абдан кооз. Кээ бир ырчы сөрөйлөрдөн ашып кетем. Жони деген жаңы чыгып келаткан ырчы баланын «Күттүм ай» деген ырын бир жумадан бери машинеде кыңылдап ырдап жүрөм. Мээмдин баары бир нерсени күтүп атат. Эмнени, кимди айта албайм.

– Бензин кымбаттады…

– Ооба, бензин кымбаттап, Айзаданын капчыгы жукарып атат. Бензин менин бала чагым менен өтө тыгыз байланышта. Ата-энемдин чакан бизнеси бар болчу. Ар дайым колкабыш кылып, жардам берер элек. Бензин саткан күндөрүм болду. Бул тема менин жандүйнөмө жакын тема десем жаңылбайм. Бензин кьмбаттаган сайын вело-ипеддерге күнүбүз түшүп, эми алар да кымбаттайт.

– Шикарный машина көрсөң айдай качкың келеби, каякты көздөй?

– Көз жоосун алган кымбат машине көрсөм, «бул машине кимдики, акчаны кайдан алып атат?» деп таңгалып эле тим болом. Бир жолу айылда байкемдин жакшы машинесин айдай качып, аны токтото албай, кийинки айылга чейин кетип калгам. Артыман кууп жетип, аябай урушкан. Ошондон кийин айдай качпай, ала качпай калдым. Андан көрө мени ала качышсын (тамаша).

– Инстаграм сен үчүн?

-Инстаграм мен үчүн көрөрманга чек коюлбаган кичинекей аудитория. Жеке өзүмдүн чакан телевидением. А жерге мага керектүү маалыматты колдонуучуларга таратып, кайра контент чогулта алам. Азыркы учурда 300 миңге жакын подписчигим бар. Кээ бир роликтеримди 500 миңге жакын көрөрмандар көрүп коюшту.

– 23кө чыктың, турмушка чыгайын деген оюң барбы?

– Оюм бар. Кимге? «Кудай деген куру калбайт» деп коюшат. Буюрса болуп калаттыр.

– Модель кыздардан эмнең кем?

– Модель кыздардан боюм эле кем. Азыр да жакшы 160 сантиметр болуп калдым, бийик така кийсем 170ке жетем. Мурун «полтарашка» деп коюшчу. Азыр антпей калышты. Болбосо амбициям, максатым, бакыраң көзүм, чийме кашым, кымча белим, чырайым, төшүм – баардык сулуулук жагым алардан кем эмес, ашса ашып түшөт. Тилим да сайрайт. Любой жаңылмачты «тытам». Алардын кээ бирөө «Жип» минип жүрсө, мен «Фит» минип жүрөм.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Анжелика: Марат Назарбеков менен инсаний мамиледе жүрөм...

Бу саам «Анжеликанын күңдөшү» делген Марат Назарбековдун мурдагы жубайы ырчы кызды коркутуу-үркүтүү амалына салып атканы тууралуу соцтармакта жайылып кетти. Чоо-жайын тыңдап көрөлү.

-Саламатсыңбы Анжелика, сен тууралуу коомчулукта айтылган кептер ар кандай пикирлерди жаратууда. Акырына чыгып чекит коюлабы?

– Саламатчылык. Ыйык орозо айы менен сиздердин жамаатты, баардык окурмандарды куттуктагым келет. Ал эми мени ого бетер «жылдыз» кылган темага кайрыла турган болсок, албетте, өкүнүчтүү. Балким маңдайыма ушул нерсе жазылгандыр. Жарым жылдан бери ушул ушактар токтобой келе жатат. Марат Назарбеков аттуу мырзанын мурдагы жубайы мени күнөөлөп атат. «Марат менен Анжелика сүйүү мамиледе…» деп, ар кандай кептерди таратууда. Ар бир нерсенин өз убагы бар, чекит коюлса керек…

– Ошондо Марат менен мамиле курганың чынбы?

– Иш боюнча, инсаний мамиледе экенибиз чын. Бирок, сүйүү мамиледе эмеспиз, болгон да эмес. Бул Назаркуловдун мурдагы аялынын эле чыгарган кеби. Себеби, ошол убакта биз жолдошум Урмат экөөбүздүн ортобузда ажырашуу процесси жүрүп жаткан. Ал айым менен эч бир жакын тааныштыгым жок. Мага ар кандай коркутуу СМСтер, чалуулар менен кайрылган. Анда ал «мен сенин эл караган бетиңди жер каратам, баардык күйөрмандарың сени жек көргөндөй кылам. Марат менин айткандарымды аткарышы керек. Мен алардын үй-бүлөсүн чөгөлөтөм» деп жазгандары бар. Бул эми акмакчылык да. Кандайдыр бир эгоисттик максаттарга жетиш үчүн, балдарын бетине кармап, ошол балдардын атасын жамандоо – чыныгы аялдык сапатка жатпаса керек. Мындай нерсени ич ара чечишсе болмок, мени аралыштырбай эле. Күйөрмандарыма «эч көңүл бөлбөгүлө. Ар бир адамдын жеке жашоосу болот, аны эч ким талкууга алууга укугу жок. Ой-пикирлериңер менин чыгармачылык ишиме айтылса түшүнөм, көтөрөм. Ал эми жеке жашоом, кыздарымды кеп кылгандарды кудайга койдум» демекчимин.

– Айтмакчы, «Бактылуу айым» долбооруң эфирден алынганы турабы?

– «Бактылуу айым» долбоорун чоң команданын эмгеги менен чыгарып келе жатабыз. Үч жыл ичинде жүзгө жакын айымга ар тараптуу жардам көрсөтө алдык. Бул чоң жетишкендик. Долбоор келишимге ылайык жүрө бермекчи. Эч кандай жабылбайт. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңеши, жетекчилиги колдоодо, алдыда пландар көп. Буюрса ишке ашырабыз.

– Экс-жолдошуң Урмат сенин тегерегиңде болгон кептерге не дейт, кантсе да балдарыңдын атасы да?

– Эми Урмат экөөбүздүн ортобуздагы нерсе биздин гана ичибизде. Ал жакшы адам, эң негизгиси жакшы ата. Бирок, белгилүү себептер менен ажыраштык. Мамилебиз түзүк. Ал эми мен тууралуу, кыздарыма айтылган кептерге, албетте, көңүлү ооруп турат. Мен «бул маселеге көңүл бөлбө» дедим.

Булак: “Азия ньюс”

Видео - Орусиялык юморист Семен Слепаков Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду ыр менен шакаба кылды

Семен Слепаковдук жаңы ырдаган “Олé-Олé-Олé!” ырын эки күндө 3,5 миллион көрүүчү көргөн. Ырда орусиялык футболчулардын ыкшоолугу, ал эми  Рамзан Кадыровго Орусиянын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу болууну сунуштаган. Бирок аларды Кадыров дагы жеңишке сүрөй албай тургандгыын айткан.

Чеченстан башчысы Кадыров юморист Слепаковдон кечирим суроону талап кылган жок. Кадыров Инстаграмдагы баракчасына “чын дилинен күлгөнүн” жазып, юмористти Грозныйга чакырган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Азамат Исмаилов: 16 жаштагы кызды алып, "Келин келгенский" ыры менен таанылган Азамат

-Азамат, куудулдук өнөр кай жактан келатат деп ойлойсуң, ата журттанбы же тай журттанбы?

– Түзмө-түз куудулдук жок, ошентсе да чыгармачылык, анын ичинде Шапак Рысмендиев чоң аталар тубаса манасчы болсо, тай журттан Бейшеналы Кулболдиев мыкты комузчу болуптур. Анткен менен туугандар бир тасмалда отурганда эки жактан тең куудулданып, сөздү бура сүйлөгөндөр жок эмес. Өзүм жашоодо өтө жоош болгонум менен сахнага чыга келгенде «чымындарым» ойгонуп кетип, менден өткөн куудул жок болуп калат. Негизи куудулдукту бирөө башташ керек окшойт. Ошол миссия мага туш келип калган өңдүү.

– Соцтармактар, анын ичинде эң популярлуу делген Инстаграм сен үчүн эмне?..

– Инстаграмда менин подписчиктеримдин саны 423 миңге жетти. Бу да чек эместир. Инстаграм – чыгармачылыгымды көрсөтүп аткан, калың элдин катмарына пропаганда кылган соцтармак деп билем. Инстаграм аркылуу жарнама, роликтерди салып акча табам. Мурун радио, телевидениеге жалдырап, «муну чыгарып койчу, тигини көрсөтүп койчу» деп убакыттын баары ошого кетчү. Азыр жумушубуз жеңилдеди.

– Боюңа тийишкендер болдубу?

– Чынын айтсам, менден да кичинекей адамдар бар. Бою узундарды көргөндө быякта туруп алып эле жүдөй берем. Кыймыл аракеттери копол болгондуктан алар эңкейгиче мен илип кетем. Бурулуп  карагыча, чимирилип барып алып келе коём. Өзүмдү спортивный «мерс», а чоң адамдарды болсо прицеп кошулган КамАЗ элестетем. Эгер боюм узун болгонумда мүмкүн куудул болбой калмакмын.

– Чыгармачылыгыңда Тамашоу кандай роль ойноду?

– Тамашоу мен үчүн өзгөчө форматтагы мектеп болду десем жаңылышбайм. Тамашоу ырдаганды, бийлегенди, элди күлдүргөндү, актёрлукту үйрөттү. Чыгармачылыктын даңгыр жолуна алып чыкты.

– «Келин келгенский» деген ырыңдын популярдуулугу кээ бир ырчылардыкынан он эсе ашып кетип атат…

– Мен деле убагында клип тартылып атканда мынчалык болуп кетерин ойлогон эмес элем. Бүгүнкү күндө бир эле Ютубда 2,5 миллион көрөрман чапчып отурат. Аябай удачно ырдап коюпмун. «Келин келгенский» ырым менен элге таанылдым. Ал эми Кайрат Кыргыздын ырына пародиям деле өзүнүн аткаруусунан ашып кетип атат, «Кудай сактай көр» деген жан жок.

– Эми кичине болсо да жеке жашооңо башбагып, колуктуң Сымбат менен алгач таанышканыңды уксак. Кантип жаш кыздын жүрөгүнө чок салып койдуң?

– Жаш кыздың жүрөгүнө чок салам деп, өзүмдүкүнө билинбей чок салынып калыптыр. Сымбат анда 16 эле жашта экен. А мен карт бөрү. Кичинекей братишкеси менен «Ала-Too» кинотеатры жакта сейилдеп жүрүшүптүр. Сымбатты бир көрүп эле жактырып калдым. Тааныштык, баары мен ойлогондой болбоду. Сымбатка «үйлөнөлү» десем, «мен азыр болгону 16 жаштамын. Окуп билим алайын. Болбоду дегенде 18 жашка чыгайын. Эки жылдан кийин. Бизде баардыгын чоң апабыз чечет» деген көп шылтоолорду айтты. А мен «менде «чыдабайт» деген справкам бар» деп, болочоктогу кайненеме, Сымбаттын чоң апасына, Таласка чейин барып, батасын алып атып акыры үйлөнүп жаным тынды. Ошол процессти тарыхий роман кылып, мемуар катары 80-90 жашка келгенде шашпай отуруп алып кагаз бетине түшүрөт окшойм. Азыр Сымбатты келинчек кылып алганыма эч өкүнбөйм.

– Сымбаттын көкбеттик жагы калып келатабы?

-Негизи аял кишини алдап-соолап, акырын ийге келтирсе, акырындап тарбияга салса болот. Көкбеттик жагы тукумунда бар окшойт. Мага турмушка чыкканы ошонусун ала келген. Азыр акырындап анысы жоголуп бараткансыйт же мен анын «ит кыялына» баш ийдимби, билбейм. Камыр-жумур болуп эле бактылуу үй-бүлөбүз. Учурда бир уул төрөп берди. Уулдуу болгондон кийин аябай эле серьезный болуп калдым, оор басырыктуу басып дегендей. Теңтуштардын «жарашпайт» дегенин укканым жок.

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия ньюс”

Меню