Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

“Оскар" сыйлыгын “Көчмөндөр жери” тасмасы алды

Лос-Анжелесте 26-апрелде Америкалык киноакадемиянын сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү. Бул жолу эң маанилүү категориялар боюнча “Оскар” сыйлыгынан үчөөнү “Көчмөндөр жери” тасмасы алды.

Бул тасма “Мыкты фильм” аталды, “Мыкты режиссура үчүн” режиссеру Хлоя Чжао, “Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн” актриса Фрэнсис Макдорманд сыйланды.

Түбү кытайлык режиссер Хлоя Чжао мыкты режиссура үчүн “Оскар” алган экинчи аял, азиялык айымдардын арасынан биринчиси болду.

“Мыкты актер” деген номинацияда “Ата” тасмасында улгайган адамдын ролун аткарган Энтони Хопкинс жеңүүчү аталды.

Пандемиядан улам сыйлык тапшыруу аземи быйыл жарым-жартылай онлайн түрдө өттү. Мисалы, америкалыктар “Долби” театрында сыйланса, АКШга бара албагандар иш-чарага өз өлкөсүнөн видеобайланыш аркылуу катышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Баткенде «Салттуу музыка жумалыгы жана «Достук» фестивалы салтанаттуу жыйынтыкталууда

23-апрелден бери Баткен шаарында өткөрүлүп жаткан «Салттуу музыка жумалыгы»  жана «Достук» фестивалынын үчүнчү күнү,  улуттук кийимдер парады менен башталып, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен уланды.

Андан соң фестивалдын Гала-Концерти башталып, ага КРнын Маданият маалымат жана туризм министри Кайрат Иманалиев жана КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев катышып, бир катар маданият кызматкерлерине министрликтин жана облустук өкүлчүлүктүн сыйлыктарын ыйгарышты.

Аталган фестиваль үч күнгө созулуп, маданият жана искусство өкүлдөрү, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, Манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр, аваздык-аспапчылык, кол өнөрчүлүк  багыттары боюнча таланттарын тартуулашууда.

Белгилей кетсек фестивалга кошуна Өзбекстан жана Кытай мамлекетинин да маданият өкүлдөрү да  катышууда.

Бул күнү облус башчысы Өмүрбек Суваналиев, министр Кайрат Иманалиев менен жолугушуп, облус аймагындагы маданият мекемелеринин абалы, материалдык техникалык базасын чыңдоо, бул тармакты өнүктүрүү үчүн ар тараптуу колдоолорду корсөтүү менен, тыгыз иш алып барууну макулдашышты.

Бишкекте белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 23-апрелде, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Театрдын холлунда Болот Миңжылкыевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көргөзмө уюштурулган. Салтанаттуу иш-чаранын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров аталган көргөзмө менен таанышып чыкты.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү опера ырчысынын чыгармачылык жолу жөнүндө “Дүйнөнү дүңгүрөткөн бас” даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, көрүнүктүү талант, операнын корифейи Болот Миңжылкыевдин кыргыз искусствосуна кошкон эбегейсиз салымын белгиледи.

Андан соң Болот Миңжылкыев атындагы IV Эл аралык опера искусство фестивалынын гала-концерти болду.

Бишкекте жети өлкөнүн ырчылары катышкан эл аралык фестиваль өтөт

21-25-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев атындагы IV эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт.  Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалга Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.

Фестиваль 21-апрелде саат 18:00дө Джузеппе Вердинин “Аида” операсы менен ачылат.

Ал эми 23-апрелде гала-концерт өтүп, опера күйөрмандары фестивалдын программасындагы бардык катышуучулар катышкан концертке күбө болот. Концертте улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңырат.

Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин “Князь Игорь” операсы менен аяктайт.

Баткенде “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук” фестивалы өтөт

Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканы алып жүргөн дасыккан чеберлер жана өсүп келе жаткан жаш таланттар катышат.
Иш -чара калкка руханий гүлазык катары баалуулуктардын башатында турган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу максатын көздөп, коңшу жашаган элдердин ынтымакты бекемдөө менен, алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу болуп саналат.
Ошондой эле, иш- чара салттуу маданияттагы кол өнөрчүлүктү даңазалоо аркылуу уста, чеберлерге дем берүүнү көздөп, элдердин достугун, ынтымагын биримдигин бекемдеп, жаш муундардын интернационалдык тарбиясын жакшыртууга багыт алат.
****** 2021- жылдын 23-апрелинде саат 10:00дө А. Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында иш- чаранын расмий ачылышы башталат. Аны менен катар, Бишкек шаарында “Коомдук руханий адеп- ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасындагы эл аралык илимий- практикалык конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.
********23-апрель күнү саат 11:00- 17:00 чейин “Айтуучулук күнү” (манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр багыты);
******* 24- апрель күнү (А. Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театры):
10:00-13:00 чейин – “Аспапчылык” багыт (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз);
14:00-17:30 чейин – “Аваздык- аспапчылык” багыт (ашыктык , раман ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу);
17:30- 19:00 чейин – Аспапчылык жана аваздык- аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча тегерек стол.
****** 25-апрель күнү (Баткен шаарынын борбордук аянты):
09:30- 10:00 чейин- Улуттук кийимдердин парады;
09:30 – 18:00 чейин – Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө- жарманкеси;
10:30 “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук”
фестивалынын Гала- концерти өтөт.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги менен өтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана Кыргызстан элинин Ассамблеясы биргеликте иш алып барып жатат.
Мындан сырткары, 23-25- апрель күндөрү Маданият министрлигине караштуу балдар музыкалык, искусство мектептеринде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда “Салттуу музыка жумалыгына” карата ар кандай багыттагы иш- чаралар өткөрүлөт.

Москвадагы театралдык окуу жайына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча комиссия ишин баштады

Россия Федерациясынын Москва шаарындагы “Россия Мамлекеттик академиялык Кичи театрынын” алдындагы М. С. Щепкин атындагы жогорку окуу жайына 2021-2022-окуу жылына карата бюджеттик негизде «Драма театрынын жана кинонун актёру» адистигине күндүзгү бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алуу комиссия Бишкек шаарында өз ишин баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын
Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышып, аталган окуу жайга тапшырып жаткан таланттуу жаштардын арасынан татыктууларын тандап, келечекте кыргыз театр искусствосунун өнүгүп- өсүшүнө салым кошо турган жаштар билим алып келээрине үмүт артып жатканын билдирди.
Комиссия өз ишин 2021- жылдын 14—апрелине чейин улантат. Атайын комиссияга М. С. Щепкин атындагы жогорку окуу жайынын 2021-2022 –окуу жылына кабыл алына турган курстун көркөм жетекчиси, профессор Дмитрий Кознов, Пластикалык билим берүү кафедрасынын башчысы, актер чеберчилиги боюнча окутуучу, профессор Александр Кульков, доцент, улук окутуучу Аля Андреева, актердук чеберчилик боюнча окутуучу Борис Доминин жана Алайбек Тойчубековдор келген.
Ал эми Кыргызстандан комиссиянын курамына Кыргызстан театр ишмерлер союзунун президенти, театр сынчысы Жаныш Кулманбетов, Гульмира Молдалиева, Ч. Айтматов Мамлекеттик Улуттук орус драма театрынын режиссёру Нурлан Абдыкадыровдор бар.
Абитуриенттер көркөм прозалык чыгармалардан монолог, тамсил, этюд (маанилүү окуясы бар кыскача сюжетти үнсүз аткаруу), ыр (поэзиялык чыгармалардан көркөм окуу, ыр (обондуу чыгармалардан ырдоо же бийлеп берүү) боюнча тапшырмаларды аткарып жатышат.
Комиссиянын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Түрк тарап Ч.Т. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун маанилүүлүгүн дүйнөдө жайылтууда саясий жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө даяр

Бүгүн, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Р.Казакбаев Түркия Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, жазуучу О.Эрдоганды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ч.Т. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында 2021-жылдын 8-10-июнунда Түркия Республикасында пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

О.Эрдоган Ч.Т.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумун Анкара шаарында өткөрүүгө багытталган түрк тарабынын көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берди. Жыйырмадан ашуун мамлекеттин илим жана маданият ишмерлери катышуусун тастыктагандыгын айтты. Аталган форумдун алкагындагы пландаштырылган иш-чараларга Түркия Республикасынын жетекчилигинин катышуусу күтүлүп жатканын маалымдады. Ошол эле учурда, О.Эрдоган кыргыз тарабыга Эл аралык Ысык-Көл форумуна жогорку жана жогорку деңгээлде катышуу өтүнүчүн билдирди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев түрк тарабына Ысык-Көл форумун Түркияда өткөрүү боюнча демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал аталган форумду мындан ары кеңири жайылтуунун жана үчүнчү өлкөлөргө бул форумдун туруктуу жолугушууларын уюштуруу мүмкүнчүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

О.Эрдоган түрк тарап Ч.Т. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун маанилүүлүгүн дүйнөдө жайылтууда саясий жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Белорусиянын Минск шаарында "Кыргыз кино күндөрү" өтөт

9-апрелден 11-апрелге чейин Минск шаарындагы «Беларусь» кинотеатрында “Кыргыз кино күндөрү” өтөт. Бул иш-чаранын алкагында бир нече улуттук жана эл аралык сыйлыктарга татыган кыргыз жана советтик кинорежиссерлордун мыкты фильмдери көрсөтүлөт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз кино күндөрү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана СССРдин Эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын Лауреаты, белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгына арналды.

Иш-чара ачыла турган биринчи күнү жаш жана таланттуу кинорежиссер Айбек Дайырбековдун 2018-жылы тартылган «Дарак ыры» аттуу фильми көрсөтүлөт. Бул фильм бир нече эл аралык сыйлыктарга жана «Ак илбирс» улуттук киносыйлыктын сегиз түрүнө ээ болгон.

Калган күндөрү кино сүйүүчүлөр «Ника» (Россия) сыйлыгынын «КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты фильми» номинациясына, FEDEORA премиясынын «Чыгыштан Батышка карай» программасынын башкы сыйлыгына (Карловы Вары, 2015) жана «Листопад -2015» эл аралык кинофестивалдын   «Кинодогу гуманизм жана руханий өзгөчөлүк» үчүн Белорус Республикасынын Президентинин атайын сыйлыгына ээ болгон «Сүтак» фильми, ошондой эле 1972–жылы Тбилисиде өткөн Бүткүл союздук кинофестивалдын дипломуна жана 1973-жылы Страсбургда (Франция) адам укуктары боюнча эл аралык кинофестивалдын атайын сыйлыгына ээ болгон Болотбек Шамшиевдин  «Алые маки Иссык-Куля» аттуу фильми көрсөтүлөт.

Эл аралык маданий кызматташуунун алкагында Беларусь Республикасында Кыргыз кино күндөрү биринчи жолу өтүп жаткан жок жана бул иш-чара эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө максатында өтүүдө.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Беларусь Республикасынын маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп жатат.

Кыргыз кино күндөрүн ачуу салтанаты 2021-жылдын 9-апрелинде саат 17.00 дө Минск шаарындагы  «Беларусь» кинотеатрында өтөт. Кирүү бекер.

“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” концепциясы даярдалууда

А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” концепциясынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн ведомстволук жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө даярдалып жаткан концепциянын артыкчылыктуу багыттары маданият жана искусство, билим берүү жана илим, дене- тарбия жана спорт, жаштар саясаты, саламаттыкты сактоо, патриоттуулук жана аскерге чейинки даярдык, этностор аралык биримдикти бекемдөө, массалык маалымат каражаттарындагы айрым маселелер ачыкталды.
Жыйындын жүрүшүндө, катышуучулар инсандын руханий жактан калыптануусу үзгүлтүксүз жүрүшү керектиги, бул документ формалдуу гана болуп калбастан, анын ишке ашыруунун конкреттүү мерчемдери, ошондой эле жалпы коомчулукка жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуусу, ар бир жарандын инсан катары калыптануусунда пайда бере турган система иштелип чыгуусу керектиги белгиленди.
Маалымат боюнча концепцияны иш жүзүнө ашыруу үчүн иш-чаралардын планы түзүлө тургандыгы айтылып, аны ишке ашыруу боюнча эффективдүү мониторинг жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү кошумчаланды.
Ошондой эле, жыйында мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара ички кызматташуу механизми түзүү менен, жарандык коомчулуктун, көз карандысыз эксперттердин сунушун эске алуу тууралуу сөз болду.

Ч.Айтматовдун үй-музейине жазуучунун урду тилине которулган жана басылып чыккан китептеринин партиясы тапшырылды

2-апрелде Бишкекке болгон жумушчу сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Э.Бейшембиев Эл аралык Ч.Айтматов атындагы Фондунун Президенти, Ч.Айтматовдун Үй-Музейинин директору Элдар Айтматов менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Ч.Айтматовдун урду тилине которулган жана басылып чыккан китептеринин партиясын тапшырды.

Э.Бейшембиев Э.Айтматовду Кыргызстандагы жана Пакистандагы эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин пландаштырылып жаткан китептин расмий бет ачаарына чакырды.

Э.Айтматов Пакистанда Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу, китепти которууга көмөктөшкөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчилигине ыраазычылыгын билдирди жана ошондой эле элчинин чакыруусун кабыл алды

Меню