Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Фото - Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясына барды

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.Казакбаев «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясына барды жана Академиянын президенти Т.Тургуналиев, ошондой эле илимдин көрүнүктүү ишмерлери Т. Кенесариев жана С.Кайыпов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз элинин «Манас» баатырдык эпосунун жана замандын улуу жазуучусу жана ойчулу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын илимий иликтенүү маселелери, окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн ал адабий чыгармалардын адаптация болуу зарылдыгы талкууланды. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө «Манас» эпосун жана Ч.Айтматовдун мурастарын изилдөө борборлору пайда болуп жатканы, жалпы күч-аракетти академиянын базасына бириктирүү демилгеси коюлганы жана эл аралык аянтчаны түзүү белгиленди, ал маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары алдыга жылдырууга, улуу чыгармаларда айтылган гуманизм идеяларын илгерилетүү үчүн негиздерди түзүүгө кызмат кылат.

«Манас ааламы» атласын даярдоонун жана басып чыгаруунун практикалык маселелери талкууланды. «Манас» эпосуна тийиштүү болгон материалдык жана маданий мурастардын объекттерин, топологиялык күбөлөрдү тандап алууга киришүү чечими кабыл алынды. Бул максатта КРнын Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө академиянын мүчөлөрүн экспедициялары уюштурулат.

Министр Р.Казакбаев балдар үчүн Манас жөнүндө адаптациялык китепти чыгаруу, дүйнө эли кыргыз элинин бай фольклордук жана рухий-адеп-ахлахтык мурастары жөнүндө көп билүүлөрү үчүн аларды чет тилдерге которуу зарылдыгын белгиледи, ошондой эле ЮНЕСКОго каттоо менен Дүйнө элдеринин эпосторунун энциклопедиясын түзүүнү сунуштады. Ал «Манас» жана Ч.Айтматов улуттук академиясы маданий-гуманитардык кызматташуунун борбору болоруна жана дүйнө жүзүнүн окурмандарынын алдында кыргыз элинин элдик оозеки жана заманбап чыгармаларынын жаңы жактарын ачып берерине үмүт артарын билдирди.

Кыргызстандык сулуу Диана Зулпуева Казандагы "Нооруз сулуусу - 2021" сынагында вице-мисс наамын жеңип алды

Казакстандык сулуу Карина Кабдуллина “Нооруз сулуусу-2021” таажысынын ээси болду. Нооруз майрамынын урматына өткөн сулуулар сынагына Татарстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Башкортостан жана Казакстандан алты кыз катышты.

Биринчи вице-мисс наамы Юлия Кимге (Өзбекстан) ыйгарылды. Диана Зулпуева (Кыргызстан) экинчи вице-мисс болду. Татарстан Республикасынын атынан Камилла Равилова катышкан. Ал сынактын эң жөнөкөй сулуусу деп табылды. Тажикстандын өкүлү Сабрина Борзова “Эң ажарлуу” наамын алса, Башкортостандык Яна Анварова “Көрүүчүнүн сүйүүсү” категориясында жеңишке жетишти.

Түрк тилдүү элдин улуу майрамы болгон Нооруз майрамынын урматына арналган майрам 21-мартта Казань ипподромунда белгиленди. Майрамдын конокторун жана катышуучуларын Татарстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Дамир Натфуллин куттуктады.

Казакстандык диджей Imanbek «Грэмми» сыйлыгын алды

Казакстандык диджей Иманбек Зейкенов “Грэмми” сыйлыгын жеңип алды. Анын америкалык рэпер SAINt JHNдин “Roses” композициясына жасаган ремикси мыкты деп табылды.

Зейкенов инстаграмга: “Музыканттын карьерасында эң сонун нерсе –”Грэмми” утуп алуу жана биз муну жасадык”, – деп жазды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 14-мартта Grammy сыйлыгын тапшыруу онлайн өттү.

Иманбек Зейкенов Павлодар облусунун Аксу шаарында темиржолчу болуп иштеген. 2016-жылы чыккан “Roses” ырына 2019-жылы ремикс жасаган. Бул чыгарма ютубда миллиондогон көрүүчүлөрдү топтогон.

Былтыр америкалык New York Times газети 19 жаштагы Imanbek тууралуу макала жазган. Ал Grammy уткан алгачкы казакстандык болуп калды.

“Грэмми” сыйлыктарын америкалык үн жазуу академиясы 1958-жылдан бери ыйгарып келет.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик тектүү Manizha Орусиянын атынан "Евровидение" сынагына катышат

Быйыл май айында Нидерландыда өтө турган “Евровидение” сынагына Орусиянын атынан ырчы Manizha катышат. Ал Биринчи канал уюштурган көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө жеңүүчү аталган.

Сынакта Manizha “Russian woman” (“Орус аялы”) ырын ырдайт.

Былтыр конкурста Little Big тобу өнөр көрсөтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ыр сынак өтпөй калган. Быйыл Little Big сынакка катышуудан баш тарткан.

Топ инстаграм баракчасына: “Биз “Eurovision-2021” сынагына барбайбыз. Орусияда таланттуулар көп. Аларга да мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш”, – деп жазды.

Manizha – Манижа Сангиндин чыгармачыл аты. Ал 1991-жылы Тажикстанда туулган. Бирок үй-бүлөсү Москвага көчүп кеткен. Ал 12 жашынан баштап музыка менен алектенген. 2020-жылы Орусиянын атынан биринчи жолу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин ыктыярдуу элчиси болгон.

Eurovision сынагынын уюштуруучулары пандемияга карабай иш-чара быйыл офлайн-форматта өтөрүн жарыялаган. Бирок ага көрүүчүлөр катышар-катышпасы белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди

6-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстандын «Достук» орденинин ээси, белгилүү актриса Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди.

Бул иш-чара 2021-жылы Кыргызстанда белгилене турган үч маанилүү датага карата уюштурулду. Алар:

–        СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдыгы;

–        Кыргыз киносунун түптөлүшүнүнүн 80 жылдыгы;

–        «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминин жана Айтурган Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгы;

Аталган иш-чара, Презитенттин «Манас» камералык оркестринин аткаруусундагы чыгармалар менен ачылып, Айтурган Темирова өмүр таржымалы, басып өткөн жолу жана чыгармачылыгы боюнча айтты. Ошо менен бирге күйөрмандарынын кызыктырган бардык суроолоруна жооп берди. Ошондой эле салтанатка өлкөнүн бардык аймактарынан Айтурган Темированын атынан коюлган Айтурган ысымдуу кыздар чакырылып, аларга белгилүү актрисанын атынан атайын баалуу белектер берилди.

Андан сырткары кыргыз киносунун өтмүшүн жана Болотбек Шамшиев менен Айтурган Темированын чыгармачылыгын чагылдырган сурөт көргөзмөсү ачылды. Бул сүрөт көргөзмөсү бир ай бою Дордой Плаза соода, оюн-зоок борборунда уланмакчы.

2021-жылда Кыргызстанда белгилене турган маанилүү үч маараке боюнча кыскча маалымат:

Кыргыз киносунун керемети

Кыргыз киносунун тарыхы өлкө үчүн оор мезгилде башталган. 1941-жылы 17-ноябрда, Улуу Ата Мекендик согуштун фронту Москвага жакындаган учурда, «Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу жөнүндө» Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Кеңешинин токтому чыккан. Өлкөнүн өз студиясынын түптөлүшү өлкөнү согуштан жапа чеккен калкынын руханий жана моралдык жактан колдоого, ошондой эле кинофильмдерди үзгүлтүксүз өндүрүп турууга мүмкүнчүлүк берген. Советтер Союзу, Республикалык бийлик органдарынын чечимин колдоп, Кыргыз ССРинин кино өндүрүү тармагына техника жана керектүү каражаттар менен менен камсыз кылып турган.

Кыргыз кинематографиясынын улуттук кадрларын тарбиялоо Москва жана Ленинград киномектептеринин чеберлеринин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. ХХ кылымдын 60-жылдарында, атамекендик кино эбегейсиз зор жетишкендикке жетишип, кино тармагында чоң секирик жасай алган. «Кыргыз киносунун керемети» жөнүндө СССРде гана эмес, эл аралык деңгээлде сөз кыла башташкан. Анын калыптанышында, Сталинден кийинки «эрүү» учурунда таланты толугу менен көрүнгөн интеллигенциянын өкүлдөрү болгон жаш кинорежиссерлор негизги ролду ойношкон. Советтик жана дүйнөлүк кинонун алтын фондусуна кирген Болотбек Шамшиев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Алгимантис Видугиристин чыгармалары Мекенге жана өз элине болгон сүйүүнү ушунчалык терең бере алгандыктан, ал сүйүү көрүүчүлөргө да өткөн. Ошол жылдары Кыргызстанга бүткүл дүйнөгө суктанган десек аша чапкандык болбос.

Никита Сергеевич Хрущев бийликке келгенден кийин бүткүл Советтер Союзундагы цензуранын алсырашы жана эркиндиктин берилишинен Кыргыз киносунун таланттары толук пайдалана алышкан. Алар жараткан искусство тайманбастан социалисттик реализмдин чегинен чыгып, эркин жана кеңири чагылдырылган. Жаш кыргыз кино чеберлери ошол мезгилдеги дүйнөлүк кинонун жана искусствонун мыкты жетишкендиктерин өзүнө сиңирип, ошонун негизинде жигердүү түрдө жаңы кино тилин түзүштү, баатырдык, адилеттүүлүк, эрдиктер жана трагедиялар жөнүндө принципиалдуу башкача ой жүгүртүштү. Алардын каармандары мамлекеттик-патриоттук абстракттуулуктун алыс болуп, чыныгы тарыхый шарттарды жана адамдардын боорукердик менен боор ооруган образдарын эске алуу менен өтө конкреттештирилип берилген. Ошондуктан ал кинолорду көргөндө кээде өтө жактырып кубансаң, кээде терең ойлонуп кайгырасын.

ХХ кылымдын 60-80-жылдарындагы кыргыз тасмалары Бүткүл союздук жана эл аралык конкурстардын жана фестивалдардын эң абройлуу сыйлыктарына татыктуу болгон. Дүйнөлүк басылмалар кыргыз киносунун ийгиликтери жөнүндө байма-бай жазып турган. Алар чындыгында жалпы элдин сүйүүсүнө ээ болушкан.

Болотбек Төлөнович Шамшиев (01.12.1941 – 21.12.2019)

Кинорежиссер Болотбек Шамшиев акын-фронтчу Төлөн Шамшиев менен дарыгер Авина Мырзакожоеванын үй-бүлөсүндө туулган. Ал символикалуу түрдө 1941-жылы, кыргыз киносунун негизделген жылы туулган. Болотбек Шамшиев кийинчерээк «кыргыз киносунун кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири болуп калды – бул кыргыз киносунун болуп көрбөгөндөй гүлдөп өнүгүшү жана ХХ кылымдын 60-80-жылдарында алдыңкы дүйнөлүк искусствонун деңгээлине көтөрүлүш доору болгон. Дал ошол жылдары дүйнө жүзү уникалдуу, заманбап жана жандуу кыргыз киносунун бар экендигин билишкен.

Болотбек Шамшиев кичинекей кезинен эле киного жакын болгон. Мектепте окуп жүргөн кездеринен баштап, Фрунзе көркөм жана кинохроникалык даректүү киностудиясында (азыркы «Кыргызфильм» киностудиясы) үн режиссерунун жардамчысы болуп иштеген. 1964-жылы ал эң абройлуу Бүткүл Союздук Мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук бөлүмүн аяктаган, ал жерде Александр Згуридинин устаканасында окуган. Студент кезинде ал актер катары ийгиликтүү дебют жасап, Чыңгыз Айтматовдун «Төө көз» романынын негизинде тартылган Лариса Шепитьконун “Жылуулук” тасмасында башкы ролду ойногон.

Шамшиевдин дипломдук иши катары Саякбай Каралаевдин өмүр-чыгармачылыгын чагылдырган «Манасчы» илимий-популярдуу тасмасы Оберхаузенде (Германия) өткөн эл аралык абройлуу кинофестивалда Гран-приге ээ болгон. Анын кийинки «Караш ашуусундагы атышуу», «Ыссык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн», СССРдин кинопрокатынын чемпиону болгон «Бөрү зындан» тасмалары жогору бааланып, эларалык чоң ийгиликтерге жетишкен. Болотбек Шамшиев жараткан 11 тасманын ичинен Бүткүл союздук же эл аралык кинофестивалдардын лауреаты болбогон бир дагы фильм болгон эмес. Режиссер өзү да көптөгөн сыйлыктарга жана наамдарга ээ болгон (отуздан ашуун). Ал сыйлыктардын кээ бирлери:

  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
  • Кыргыз ССРинин эл артисти
  • СССРдин эл артисти
  • Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты
  • СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
  • «Ардак Белгиси» ордени
  • Элдердин достугу ордени
  • 3-даражадагы «Манас» ордени
  • 2-даражадагы «Манас» ордени

Болотбек Шамшиев кыргыз маданиятына бир гана кинотасмалары менен салым кошуу менен чектелген эмес. Ал 1989-1995-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин, андан кийин – эгемендүү Кыргызстандын «легендарлуу парламентинин» депутаты болуп турганда маданияттын өнүгүү маселелерин активдүү көтөргөн. 1995-жылы Шамшиев «Ашхабаддан-Таласка чейин» аталышындагы Улуу Жибек Жолу боюнча 1000 чакырым аралыкка ат чабыштын долбоорун ойлоп таап, иштеп чыккан жана ошондой эле «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине арналган ачык асман алдындагы массалык театрлаштырылган оюн-зоок салтанатынын башкы режиссеру болгон. 1996-жылы Болотбек Шамшиев улуттук көк-бөрү оюнунун заманбап версиясын иштеп чыгып, андан тышкары бирдиктүү эрежелерди түзүп, ишке ашырган. Анын арты менен бул улуттук оюн эл аралык деңгээлге чыга алды. 1998-жылы досу жана кесиптеши Аскар Салымбеков менен биргеликте Көк-Бөрү федерациясын негиздеген. Болотбек Шамшиев өмүрүн көптөгөн жылдар бою Кыргызстанды ар кандай мамлекеттик кызматтарда кызмат өтөөгө арнап, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары чет өлкөлөрдө өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп келген. Болотбек Шамшиев өмүрүн көп жылдар бою ар кандай мамлекеттик кызматтарда Кыргызстанга кызмат кылууга арнады жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси катары чет мамлекетте өлкөнүн кызыкчылыгын коргоду.

Айтурган Абдрахмановна Темирова

Кыргызстандын эң белгилүү киноактрисаларынын бири, чыныгы элдик артист Айтурган Темированын ысымы, кыргыз киносу менен ажырагыс байланышта. Анын чыгармачылык карьерасы 50 жыл мурун Болотбек Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» фильминин тартуу аянтчасында башталган. Кийинчерээк Айтурган Темирова менен көп жылдар бою тагдыр жолдору  байланышкан жаш режиссер, ал кезде мектеп окуучусу болгон жаш кыз – Айтурган Темированын, өтө тез убакытта андан дүйнөлүк масштабда кино жылдызына айлануусуна өбөлгө болгон өздүк тереңдикти жана боорукердикти, каармандарга жараша өзгөрүү жөндөмдүүлүгүн көрө алган.

1972-жылы Тбилисиде өткөн Бүткүл Союздук кинофестивалда Айтурган Темированын актёрдук чеберчилиги жогору бааланып, ага эң мыкты дебют сыйлыгы ыйгарылган. Терең драмалык көрүнүштөн комедияга чейинки – экрандагы ар кандай образдарды чагылдыруу жөндөмү, көп жылдар бою жан аябастык менен иштегендиги жана образдын жана баяндын аныктыгы үчүн түзмө-түз өзүн-өзү курмандыкка чалуу мүмкүнчүлүгү Айтурган Темированы кыргыз киносундагы эң көп талап кылынган актрисалардын бири кылды. Ал биринин артынан бири болуп, – «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан» сыяктуу көптөгөн тасмаларга тартылды жана ал тасмалар атактуулукка жетишти. Сүйүктүү актрисанын катышуусунда тартылган ар бир тасманы миллиондогон көрүүчүлөр көрүп, профессионалдык коомчулук кинофестивалдарда башкы жана атайын сыйлыктарды тапшырышты.

1987-жылы Чынгыз Айтматовдун жеке өзү Айтурган Темированын кыргыз улуттук киносунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, ага Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамын берүүнү сунуштаган. Белгилүү жазуучу – Айтурган Темированын экранда жалпысынан жыйырмадай жаркын, өзгөчө аял образдарын чагылдырган талантын «кайталангыс, көп кырдуу талант» деп сүрөттөгөн.

Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти наамынан тышкары, Айтурган Темировага Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ыйгарылды, ошондой эле дагы башка көптөгөн сыйлыктар жана наамдар, анын ичинде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен белгилүү кыргыз актрисасына II даражадагы «Достық» ордени берилген. Бул жогорку сыйлык Айтурган Темировага Болотбек Шамшиевдин «Снайперлер» тасмасында легендарлуу советтик снайпер, Советтер Союзунун Баатыры, казак аялы Алия Молдагулованын ролун мыкты ойногондугу үчүн берилген.

Премьер-министр Улукбек Марипов мекендештерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов мекендештерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Улуттук баш кийим болгон Ак калпактын кыргыз элинин түптөлүшү менен тыгыз байланышкан терең жана бай тарыхы бар.

Ак калпак кылымдар бою кыргыз жигиттерин ар кандай аба ырайында жана мезгилдерде коштоп келген. Күнүмдүк жашоодо ак калпак кийип жүргөн жаштарыбыздын саны жыл санап өсүп жатканын белгилеп кетким келет. Бул биздин кылымдарды карыткан каада-салттарыбыз жашап келе жатканын жана кийинки муундар тарабынан сактап каларын күбөлөндүргөн кубанычтуу факт.

Мен ар бир эл каада-салтын сактабаса, жок болуп кетет деп ишенем. Ошондуктан, бардыгыңыздарды биримдикке чакырам. Ак карлуу Ала-Тоо тоодой улуу жана көркөм Ак калпагыбызды сыймык менен кийип жүрүңүздөр!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!»

Фото - “Ала-Тоо” аянтында “Ак калпак” күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 4-мартта “Ала-Тоо” аянтында “Ак калпак” күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш- чара улуттук кийимдердин парады менен башталып, маданий иш- чаранын расмий бөлүгү “Ала- Тоо” аянтында уланды.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Бишкек шаарынын вице- мэри Жамалбек Рысалиев, коомдук маданий ишмерлер, шаар тургундары жана меймандар катышты.
Иш – чараны министр Кайрат Иманалиев ачып, жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, куттуктоо жолдоду.
Министр өз сөзүндө, өлкөдө майрамдалып жаткан ак калпак майрамынын мааниси жогору экендигин билдирип, аны аздектеп сактоо, улуулардын жолун улай, мындай иш- чараларды дагы жогорку деңгээлде уюштурула тургандыгын айтты. Ак кар баскан Ала Тоонун чокуларын чагылдырган улуттук баш кийимибиз Кыргыз жигиттерине айбат,сүр берип, айкөлдүгүн көргөзүп эң негизгиси Ак калпагы менен алар ар дайым бийик экенин даңазалап келет. Касиети бийик Калпактын кадыры да жогору жана ар дайым жогору бойдон калышы керек. Аны муундан- муунга сактап, кыргыз жигиттери башынан түшүрбөй кийип жүрсө деген изги тилек менен бүгүнкүдөй жакшы саамалыктар уюштурулуп, өтүп келет”-, деп кошумчалады министр. Салтанатта Ак калпак күнүн майрамдоо демилгесин көтөргөн Рысбек Жабировго Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы жана белеги тапшырылды. Ошондой эле иш- чаранын жүрүшүндө уюштуруу жана даярдоо аракеттерин көргөн Элнура Кулуева, Ырыс Окенова жана Аманбол Бабакуловго ыраазычылык айтылды.
Эске салсак, бүгүнкү майрамда улуттук кийимдердин парады “Ала Тоо” кинотеатрынан башталып, “Ала Тоо” аянтына чейин созулду.
Учурда «Курманжан Датка» эстелигинин жанында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп жатат. Ага ак калпактардын түрлөрү, улуттук кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган. Жарманке 4-5 март күндөрү өтөт.
Иш- чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Улуттук намыс” уюму жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурду.

Түрк тарых коомунун башчысы Кыргызстанда тарыхый китепкананы ачууга даяр экендигин билдирди

2-мартта Кыргыз Республикасынын Түркиядагы  Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Тарых коомунун башчысы, профессор Бирол Четин менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тарых жана археология жаатында биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашылды, ошондой эле Коом менен Кыргыз Республикасынын тийиштүү уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында коомдун башчысы Б.Четин Кыргызстанда ар кандай тилдерде басылып чыккан басылмалардан жана электрондук китептерден турган тарыхый китепкананы ачууга даяр экендигин билдирди.

Фото - Хива шаарында Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» музей-комплексинин көчмө көргөзмөсү ачылды

Кечээ, 2-мартта Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинин катышуусу менен Хива шаарынын «Ичан-Кала» мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругунда «Сулайман-Тоо – Бүткүл дүйнөлүк мурас объектиси» аттуу уникалдуу көчмө көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын збекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөдө Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин геологиялык жана археологиялык экспонаттары, фотоматериалдар көрсөтүлдү.

Иш-чарага ошондой эле Хива шаарынын хокиминин орун басары Темурбек Анварбеков, «Ичан-Кала» музей-коругунун директору Шоназар Матякубов, «Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директору Султан Абдрахманов, Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинин Атташеси Айжамал Карамурзаева, Хорезм облусунун туризмди өнүктүрүү департаменттин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Абдулла Ходжаев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат Министрлигинин, Өзбекстандын ММКнын өкүлдөрү, Хива шаарынын коноктору жана тургундары катышышты.

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Элчиликтин Атташеси А.Карамурзаева акыркы мезгилдеги музей иштери жаатындагы кызматташтыктын оң динамикасын, ошондой эле эки мамлекеттин маданий байланыштарын кеңейтүүдө мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуну менен катар, кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхый достугуна негизделген маданий-гуманитардык кызматташтык мындан ары да бекемделе берилишине ишеним билдирилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргызстан менен Өзбекстандын музей мекемелери өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Аталган көргөзмө 2021-жылдын аягына чейин уланат.

"Көчмөндөрдүн жери", "Борат 2", "Таажы" тасмалары "Алтын глобус" алды

АКШда 78-жолу кино жана теле жаатындагы абройлуу «Алтын глобус» сыйлыгы тапшырылды. Пандемияга байланыштуу иш-чара видеобайланыш аркылуу өттү.

Ошол эле маалда – актрисалар Тина Фей менен Эми Полер – Нью-Йорк менен Лос-Анжелестеги ар башка студиядан байланышка чыгышты. Бирок алар сахнада чогуу тургандай иллюзия жарата тургандай монтаж жасалды.

«Алтын глобусту» эң мыкты драмалык фильм үчүн «Көчмөндөрдүн жери» тасмасы алды. Тасманын режиссёру Хлой Чжао «эң мыкты режиссердук иш» номинациясына ээ болду.

Драмалык фильмде эң мыкты актер наамы «Ма Рейни: Блюз энеси» тасмасында ойногон Чедвик Боузманга берилди. «Кошмо Штаттар Билли Холидейге каршы» картинасында роль алган Андра Дэй эң мыкты актриса номинациясына татыды.

Режиссер Жейсон Уолинердин «Борат 2» лентасы «Эң мыкты фильм – комедия же мюзкил» номинациясында «Алтын глобус» алды. Эң мыкты комедиялык актер наамына Борат Сашаны ойногон Барон Коэн ээ болду. Ушул эле категорияда эң мыкты актриса наамын «Аферистка» фильминде роль алган Розамунд Пайк жеңди.

«Эң мыкты чет тилдеги тасма» категориясында «Алтын глобус» режиссер Ли Айзек Чундун «Минари» картинасына берилди.

Эң мыкты анимациялык фильмде сыйлыкты «Жан» мультфильми алып кетти.

Эң мыкты драмалык сериал үчүн сыйлыкты британ ханышасы Елизавета Экинин башкаруусун баяндаган «Таажы» тарыхый сериалы жеңди. Бул сериалда ханзаада Чарльзды ойногон Жош О’Коннор эң мыкты телеактер, ханбийке Диананын образын жараткан Эмма Коррин эң мыкты телеактриса аталды.

«Ханышанын жүрүшү» психологиялык триллери эң мыкты мини-сериал сыйлыгын алса, анда башкы ролду ойногон Аня Тейлор-Жой эң мыкты мини-сериал актрисасы болду.

«Шиттс Крик» эң мыкты комедиялык телесериал номинациясында «Алтын глобус» алды.

«Алтын глобус» кино жаатында «Оскардан» кийин эле кадыр-барктуу эсептелген сыйлык болуп эсептелет.

Салтка ылайык, «Алтын глобус» алган эмгектер 25-апрелде тапшырыла турган «Оскар» сыйылыгынын негизги талапкерлери катары сыпатталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню