Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Фото - Жазуучу, коомдук ишмер Кадыркул Өмүркуловду эскерүү кечеси өттү

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү кинодраматург, прозаик, журналист жана коомдук ишмер Кадыркул Өмүркуловдун 80 жылдыгына арналган «Сөз терип, ой баккан талант » аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, туугандары, жердештери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ири өкүлдөрү катышты.
Кадыркул Өмүркулов 1941-жылы Чүй облусунун Жыламыш айылында туулган. Жазуучу Касымалы Жантөшев менен акын Нуркамал Жетикашкаеванын уулу.
Өмүркулов Москвадагы Бүткүл Союздук Мамлекеттик Кинематография институтунун “Сценарий” бөлүмүн аяктаган.
К.Өмүркуловдун айтымында, анын чыгармачыл өмүр баяны журналистикадан башталып, республикалык жаштар басма сөзүндө биринчи жолу жарыяланган. Андан бери ал республиканын көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз кызматташып, 17 жылдан ашуун убакыт “Жаңылыктар” республикалык пресс-бюросун жетектеген (АПН). Ал чыгармачылык ишмердүүлүгүн илим жана педагогика менен ийгиликтүү айкалыштырган.
Ал сценарий жазганды эрте өздөштүрүп, 1964-жылы “Кызыл Аянт” деген документалдуу фильмге сценарий жазып чыгармачыл жолу башталган. 1965-жылы Бүткүл союздук кинематографисттер институтунун сценардык бөлүмүн бүткөн. Ошол эле жылы таланттуу кинорежиссер Т. Океев менен биргелешип жазган “Бакайдын жайыты” аттуу кинофильмдин сценарийи анын биринчи адабий иши болуп эсептелет.
1966-1971-жылдары Кыргызстан мамлекеттик кинокомитетинде жана “Кыргызфильм” киностудиясында башкы редактор, 1973-1976-жылдарда директор, башкы ре¬дактор, 1976-1993-жылдары Жаңылык Басылмалар Агентствосунун (АПН) кыргыз бөлүмүнүн өз кабарчысы жана башчысы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук телерадио берүү компаниясынын президенти болгон.
К.Өмүркулов республиканын мамкиносунда, телерадиосунда иштеп турган мезгилинде жаңы темага, профессионалдык чеберчиликке, улуттук рухий маданиятты өстүрүүгө аракеттенип, уюштуруу ишине чоң көңүл бурган. Айрыкча документалдуу фильмдин өсүп-өнүгүшүнө жаңы табылгаларды изденип, өзүнүн бай тажрыйбаларын үйрөтүп, бир топ алгылыктуу иштерди аткарып өз салымын кошкон.
Манасчы С. Каралаев тууралуу тарткан даректүү тасмасы дүйнөлүк аренага тарап, улуттук жаш кино өнөрүнүн чоң жаңылыгы катары бааланган.
К. Өмүркулов жеке эле кино жаатында эмес, адабият майданында да жигердүү иштеп, “Жер касиети”, “Жылдыздуу түн”, “Миң булак” аттуу чыгармалардын автору болду.
1968-жылы “Бакайдын жайыты” кинофильми үчүн республиканын Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. 1979-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген. “Эл достугу” ордени (1991), “Даңк” медалы менен (2001) жана грамоталар менен сыйланган.

 

Мирбек Атабеков: "Акыркы убакта "Манас" айткым келип жүрөт"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков кечээ, 5-февралда өзүнүн инстаграм социалдык тармактагы баракчасына “Манас” айткысы келип жүргөнүн жазып чыкты.

“Акыркы убакта “Манас” айткым келип жүрөт. “Тай торунун” сөздөрүн билгендер болсо мага жазып койосуздарбы”.- деп жазып, “Манас” айтып жаткан видеосун киргизген.

Бишкекте Маданият министрдин м.а. менен "ТҮРКСОЙ" түрк маданияты уюмунун башкы катчысынын жолугушуусу болду

Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Нуржигит Кадырбеков Эл аралык “ТҮРКСОЙ” түрк маданияты уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды. Бул тууралуу минисрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Кыргызстанда бир катар иш-чараларды өткөрүүнү караган 2021-жылга карата иш-чаралар планын талкуулашты.

Талкуу учурунда, опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы, кинорежиссер Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы, жазуучу, котормочу Мукагали Макатаевдин 90 жылдыгы сыяктуу мааракелик иш- чараларга маани берилди.

Өз кезегинде министр театрлардын жетекчилиги жогорудагы даталарды өткөрүүгө көмөктөшүүгө жана катышууга толук даяр экендигин билдирди.

Министр ошондой эле мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында үч күн катары менен "Манас" айтууну пландап жатат

Бүгүн, 22-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов манасчы Дөөлөтбек Сыдыков, журналист Элнура Кулиева жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун алкагында вице-мэр коомчулук арасында көөнөрбөс Манас дүйнөсү тууралуу жайылтып жаткан жакшы саамалык үчүн ыраазычылык билдирип, колдоого алаарлык демилелер үчүн Ош шаарынын мэриясы ар дайым даяр экендигин кошумчалады.
Ага улай уюштуруучулар Ноорузга карата Ош шаарында 3 күндүк манас айтууну жана “Сүмөлөк” фестивалын өткөрүү боюнча пландар менен ой бөлүшүштү.

Анжелика, ырчы: "Мага азыр ашын берсе ийилип алып, ташын ыргытса, андан жол курчу болдум"

“Бриллиант шакегине, үйүнө , унаасына мактанган жашоо болуп калыптыр” деп асмандан түшкөнсүп кээ бирлер сөз кылышат. Түздөн-түз көрө албастык. Ийгилике өз кучү менен жеткендер антип айтпайт! Жетпей туруп, сасык дегендер ошондой болот. Шылтоо айтып, “бай күүйөө тааптыр” деп. Ар кимдин табити, жашоосу ар башка! Кээ бирлер жакшы жашоого умтулуп, кыялданып, ден-соолугуна карабай талпынып, жалкоолуктан арылса, кээ бирлер космоско учсам дейт. Анын эмнеси бар?”, – деп жазды ырчы Анжелика Кайратовна Instagram социалдык тармагындагы баракчасына.

“Буйруса, абдан белгилүү болуп, оорусаңар дагы жылмайып иштеп, тобоколдике барып, өзүңөргө күч берип, тытынып иштесеңер – баарын сатып деле аласыңар! Жашоо силердики болот. Бир нерсени түшүнбөй, же бирөөдөн көз каранды болсоңор – ӨСКҮЛӨ! Жаман эле сүйлөп, шылтоо айтып бир орунда турбагыла! Акыл сынгандардын теориясына эмес, басып өткөн жолун карап, практикасына басым жасай байкалы. Мага азыр ашын берсе ийилип алып, ташын ыргытса, андан жол курчу болдум. Кудайым мага пандемияда элиме болгон сүйүүмдү – өзүм үчүн гана текшерип алууга мүмкүнчүлүк берди. Миллиондогон акчаларга кесипкөйлөр – байлардын үйүндө кызмат кылып, алардын гана үй-бүлөсүн даарылап, карапайым элди ыктыярчыларга калтырган. Анда бул акылдуулар кайда эле? Эгемдүүлүктү билбегенден акыл сурап калдынарбы деген имиш. Билип туруп керек болсо балдарыңдын атын алмаштырып айтып аласың кээде. Андай хайптар үчүн кечирим сурашып бүткөнбүз. Мынча чапташып эле калышты билбейм. Башкаларды дагы сүйүндүрүп талкуулап турсанар )) Күнөөлөрүн азайтып. Мен эми башка Анжеликамын”, – деди ал.

“Үйрөнгөнүм өзүм үчүн, кылганым сиздер үчүн!!! Чалынсам, үйрөнөм!!! Күндө аракеттенем! Айтам, жазам. Өзүмө-өзүм колдоо көрсөтүп , катталуучуларымдын оюн түздөйм. Аман болсом. Себеби, акылсынгандар кооз гана сүйлөшөт. Өздөрүнүн башындагы чөптү карап коюшса. Мен силер жөнүндө эмне деген сөздөр айтылып жатканын айтчу болсом, майдаланып, анда сынасыңар! Оттобой, ойлонгула биринчи”, – деп эскертти.

Ырчы Кайрат Примбердиев "КР эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратылбай турган болду

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ырчы Кайрат Примбердиевди  “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча сунушун четке какты. Бул тууралуу министр Нуржигит Кадырбековдун атына жазылган катта айтылат.

Комиссия белгилегендей, Жазык кодексинин 64-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганда же оор кылмыш жасаган учурда жокко чыгарылат. Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратууга мыйзамдуу негиз жок.

Звание Кайрата Примбердиева сохранили. В Комиссии по госнаградам отказали Минкультуры
Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдалган.

Министр Нуржигит Кадырбеков ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолугуп, эмнени сүйлөштү?

Бүгүн, 18-январда Маданият министри Нуржигит Кадырбеков менен ырчылар Кайрат Примбердиев жана Курал Чокоевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Билдирүүдө жолугушуу достук маанайда өткөнү айтылат. Жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык аренага алып чыгуу менен кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды.

Тараптар ошондой эле фонограмма көйгөйүн да талкуулашты. Муну менен бирге, артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды.

Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги тарабынан Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алынган. Кайрат Примбердиевди “КР эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу президенттин аппаратына расмий жөнөтүлгөн.

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ырчы Кайрат Примбердиевди  “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча сунушун четке какты.

Анжелика, ырчы: "Курал менен Кайратка сени кошуп көмүп салабыз" деген билдирүүлөр келип жатат"

“Курал менен Кайратка сени кошуп көмүп салабыз” деген билдирүүлөр келип жатат. Эми, эмне дейм. Кандай нотада мен бул жашоо менен коштошом, аны Аллах гана билет. Менин бир сөзүм – чоң талкууга дароо түшөт экен да …”, – деп жазды ырчы айым Instagram социалдык тармагындагы баракчасына.

“Ар ким өзү-өзү менен, сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деп жашаш керек экен. Адамдык сапаттар көптөрдө жоюлуп бара жатат. Мага эч качан , эч ким болушуп, жаңылсам, же сөзгө калсам колдогон эмес. Балким, ырчылар ынтымака, биримдике келип, наамдарын бердиртпей алып калабыз дегем. Кесиптештерим ватсап группаларда гана талкууга кошулушуп, элге келгенде кээ бирлери гана үн катат тура”, – деди ал.

Нет описания.

Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдалган.

Ырчы айым кесиптештерин колдоп, министрликке өзүнүн сыйлыктарын тапшырып берүүгө даяр экенин билдирген.

Анжелика: "Эркин Рыскулбековго кошулуп мен да сыйлыктарымды тапшырып берүүгө даярмын"

Эркин Рыскулбековго кошулуп мен да сыйлыктарымды тапшырып берүүгө даярмын. Мындай пикирин ырчы Анжелика бүгүн, 15-январда Инстаграм баракчасында билдирди.

“Мен дагы башында ыплас сөздөр менен коштолгон көрсөтүүнү атактуулардын оозунан чыгып жатканын көрүп, демек, булар бизге күндө сөгүнүп жазган комментаторлордун катарын толуктагандардан турбайбы деп, ойлонуп калгам. Себеби, бизге күндө укмуш сөздөрдү жазган адамдар -жан кейите капаландырат .

Көрсөтүүнүн мазмуну: бир алып баруучу алдын ала каарманга жазылган кептерди окуйт экен. Жалаң – болгон тешик жана дене органдары тууралуу, адамдын жыныстык ориентациясына асылуу, шылдыңдоо. Кайрат жөн жерден илинип калды. Ал дагы каарман болуп барып, айла жок, чычалабастан кошо күлүп кутулган. Куралдын мындан мурун дагы катталуучуларына колун көрсөтүп “мына силерге” деп пост менен хейтерлерге кайрылган. Мен катталуучу катары ортончу кызым менен инста карап жатып, аны көрүп калдым.

Демек, бизди жаштардан баштап улуу муун, менталитет башка экенин эсибизге тутушубуз керек. Эл чучугуңа тийген сөздү жазса дагы, бир ойлонуп, сабырдуулук менен ишке алаксып жеңиш керек экен. Ал эми сыйлыктар боюнча – алса ала берсин! Эртеңки күн дагы бар. Чыгармачылыгыңарды курчутуп, альбом чыгарып, концерт берип, элдин силерге болгон сүйүүсүн көрсөткүлө. Эмгек сиңиргенди эки-үч ыры бар ырчылар деле алып, өмүрүн маданиятка арнагандар четте калып кетип жатпайбы.

Америкада мындай сыйлыктары жок эле ырчылар дүйнө жүзүн багындырып келе жатышпайбы. Жеңилдик жаратпаган “маданият кызматери” деген төш белгини мен 12 жыл мурун алгам, Эркинге кошулуп, аны тапшырып берүүгө даярмын. Күнөөнүн баары – маданият министрлигинде. Биринчи, бизге көңул бөлүп, жолугуу уюштуруп, таанышып, алдыга пландарды жазып, кайрымдуулук, мамлекеттик концерттерди, иштерди чогуу жасайлы деп, келгиле минтели деп туура жолго салуу, маданиятка чакыруу болуш керек болчу.

Андан дагы чоң проблема – бул фейктер. Фейк баракча менен сайт ачып, журналисттин терисин жамынып, ар кайсы ушактарды жазып элди жинди кылып кырылыштыргандар. Биздин атыбызды сатып карапайым элди тоногондорду кармап, жазасын бериш керек. Азыр сен жаман, мен жаман деген заман эмес. Реалдуу болуңуздар. Улутубузду, тилибизди кор кылбайлы. Суранам, жаман сөз жазбайлы эч бир баракчадагы сасык маалыматтарга”, – деп жазган Анжелика.

Видео - Алып баруучу Урмат Борченов ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен болгон ызы-чуу боюнча үн катты

Алып баруучу Урмат Борченов өзүнүн Instagram баракчасында ырчы Курал Чокоевдни “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин жана Кайрат Примбердиевдин “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча өз оюн билдирди.

“Маданият кызматкери биринчи кезекте адам. Демек, милдети менен кошо өз эрки, укугу, эркиндиги бар. Ошол эле маалда пенде. Кимде күнөө жок, ким таптаза? Ырчыга чыгарып күчүбүздү, ажыратабыз дейбиз сыйлыкты. Ооба, кылыптыр алар былыкты. Тыйып коюу парз, бирок жазалоо биздин колдо эмес. Мыйзам бузса сот, күнөө кетирсе кудай алдында жооп берет. Демек, сөгүнөбү, урушабы – өз эрки”, – деп билдирди ал.

Борченов ошол эле учурда, паракорлор, зөөкүрлөр, уурулар, педофилдер эркиндикте жүргөнүн кошумчалады.

 

Белгилей кетсек, ырчылардын чуу жараткан долбоорунан кийин Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары кайтарып алына турганын маалымдалган.
Меню