Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Мирлан Самыйкожо, акын, "Устат" академиясынын негиздөөчүсү: "Устат" академиясында "Манас ааламы" сүрөт көргөзмөсү болуп өттү

Коомубузда адабият, маданият бааланбай, жаштарыбыз жеңил-желпи нерселерге басым жасап калды деген пикирлер байма-бай айтылып келет. Дал ушундай кыйчалыш кезде кыргыздын эртеңин ойлогон, улуттун улуу нарк-насилин туу туткан, жаштарга жол көрсөтө турган жигердүү инсандар бар экени кубандырбай койбойт. Улуу элдин урпактары экенибизди даңазалаган “Устат” академиясы түзүлүп, сөз зергерлерин тарбиялап жатышыптыр деген жаңылык бардыгыбызды кубандырды эле. Эми ошол академия кадимки “Манасты” көкүрөгүнө сыйдырып алган мыкты сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин калемине таандык сүрөттөрдүн көргөзмөсүн “Манас ааламы” деген аталышта элге тартуулап турган чагы. Иш-чарага өзүбүз күбө болуп, жалпы эле академияны түзүү идеясы кантип жаралып, кантип ишке ашкандыгы тууралуу маалымат алуу максатында акын Мирлан Самыйкожого собол узаттык…

-Мирлан мырза, негизги идея кимге таандык жана жалпы академиянын максаты тууралуу айта кетсеңиз?

– Бардык нерсе зарылчылыктан чыгат эмеспи. Керек болсо тал дагы зарылчылыктан улам пайда болот. Маселен тили жаңы чыккан бала “нана”, “мама” дейт деп айтып эле келебиз. Ошол сыяктуу бүгүнкү күндө коомдо келегей кептерибиз көбөйдү.Тизгиндей албай баратабыз. Кыргыз сөзү бузулуп жатат. Кыргыз сөзү бузулса, кыргыз өзү бузулушу мүмкүн. Биз эч качан кыргыз тили жоголуп кетет деп айтпайбыз. Анткени тилибиз эч убакта жоголбойт. Бирок ошол кыргыз тилинин өнүгүшүнө салымыбызды кошуу максатында “Устат” академиясын ачып отурабыз. Эң башында идеялаш катары Азамат Болгонбаев, Айтурган Сатаева үчөөбүз сүйлөшүп, Азамат Болгонбаев экөөбүз ачып ишке киргиздик. Бул жерде 3 багыт бар. Биринчисин “Кеп зергери” деп атадык. Жыгачтын устасын жыгач уста, темирдин устасын темир уста дейт, ошол сыяктуу кептин зергери “кыргыз” болсун деген максатта сөз чеберчилигин окутабыз. Экинчи кыргыз журналистикасынын акыбалын билип жатабыз. Кыргыз журналисттеринин айрымдары туура эмес жазат, туура эмес суроо берет деген сөздөрдү көп эле угуп калабыз. Биз ошол кыргыз журналистикасынын сапатын жогорулатуу максатында эмгектенип жатабыз. Мындан сырткары элдик оозеки чыгармачылык менен адабиятыбыз бар. Эзелтен бери кыргыздын “Манасы” баштаган оозеки чыгармачылыгы бүгүнкү доорго чейин жана уланып кете берчү негизги байлык. Биз ошол нерсени келечек муунга өткөрүү максатында ушул үчүнчү бөлүктү тандадык.
– Бүгүнкү өтүп жаткан ”Манас ааламы” көргөзмөсү тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Бул сиздердин академияда өтүп жаткан алгачкы иш-чарабы?

– Бул биздин академиянын кошумча кызматтарыбыздын бири десек болот. Дүйнөлүк сүрөтчү десек да болот, себеби Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун логотибин тарткан инсан Майрамкул Асаналиевдин чыгармачылыгын даңазалоо, барктоо иретинде “Манас ааламы” деген аталышта сүрөт көргөзмө уюштурдук. Азыр байлык десе эле материалдык байлык менен гана чектелип, акчалуу адамдарды гана бай деп эсептеп калбадыкпы. А Майрамкул байкедей жан дүйнөсү бай адамдар өтө сейрек болуп баратат. Булардын үйү эки бөлмө. Жамгыр жааса эшигинен кирип, терезесинен чыгат. Дал ошол көр дүйнөгө кайыл болуп мына ушундай көркөм дүйнөнү артынып бара жаткан инсан жөнөкөй инсан эмес. Ошондой инсандарды даңазалоо максатында биз “Устат” академиясы кызмат кылабыз. Мындан ары мыктылардын мыктысын аныктап, алардын китеп көргөзмөсүн алып чыгышыбыз мүмкүн, ушул сыяктуу бир катар чыгармачылык кечелерди өткөрүп турабыз.

Булак: “Фабула”

Фото - Жалал-Абадда бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленип, сүмөлөк кайнатылды

 

 Жалал-Абад шаарында Барпы атындагы кыргыз драма театрынын эмгек жааматы Дүйнөлүк театр күнүн шаардын коомчулугунун коштоосунда кыргыздын улуттук оюндары жана сүмөлөк кайнатуу менен белгилешти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жалал-Абад шаанын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымында, Барпы театрынын чыгармачыл жамааты быйыл өзгөчө программада белгиледи.

-Бүгүнкү театр майрамында элге жакшы маанай тартулоо максатында атайын концерттик программа, сценалык аткаруулар болду. Жылдан айырмаланып, быйылкы жылы театр ишмерлерибиз казанда сүмөлөк кайнатып, ушул жыл жемиштүү жылдардын болсун деген тилектерин билдиришти, – дейт ал.

Майрамдык  иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шааынын мэриясынын Ардак грамоталары театрдын алдыңкы театр кызматкерлерине тапшырылды.

Эске сала кетсек, Өткөн Тарых жана маданият жылында уюшулган  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Курманбек баатыр” драмасы менен барган театр кызматкерлери баш байгени жеңип келишкен. Ал эми театрда уюшулган 1992-жылдан бери 40тан ашуун спектаклдер сахнага алып чыгылып, чыгармачыл топ бир катар эл аралык фестивалдардын лауераты болгон.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 2016- жылы 50дөн ашык китеп чыгарылды

 

“Кыргыз Республикасында 2014-2020- жылдары мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнүн жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн Улуттук программасына” бѳлүнгѳн каражаттын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 2016- жылдын эсебинен 50дөн ашык китеп чыгарылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик тилди үйрөнүүчүлөр үчүн жана башка тармактык эмгектерди кыргыз тилинде окууга багыттаган “Окуу-усулдук” сериясына 12 китеп, тарыхый багыттагы “Тарых жана маданият” сериясына 10 китеп, тилдин күчтүү түркүктөрүнүн бири болгон адабиятты өнүктүрүүгө арналган “Азыркы кыргыз адабияты” сериясына кыргыз поэзиясынын алптарынын бири Т.Муканов баштаган 10 автордун эмгектери кирип, дүйнө адабиятын кыргыз окурмандарына тааныштыруу максатында “Дүйнѳлүк адабият” сериясы менен 8 китеп жарык көрсө, ал эми келечек муундун өкүлдөрү үчүн “Балдар адабияты” сериясынын алкагында 9 китеп чыгарылды. Ар бир китеп тууралуу кенен маалымат жана китептердин электрондук варианттары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтында жайгаштырылган. Аталган китептердин бет ачар аземи 2017-жылдын 15-мартында саат 14:00дө К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөрүлмөкчү.

Жалал-Абадда 8-Март – Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди

Бүгүн, 6-мартта Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнү майрамы салтанаттуу маанайда белгиленди. Бул туурасында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык жыйынга облусттун район, шаарларынан келишкен ар кыл тармактарда эмгектенишкен аялдар менен “Баатыр Энелер” катышты. Майрамдык салтанаттуу жыйындын катышуучуларын өкүл Кыянбек Сатыбалдиев куттуктады:

– Кымбаттуу энелер, асылзаада кадырлуу айымдар! Сиздерди алдыбызда келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Урматтуу асылзаада айымдар, Сиздерди биз алмустактан бери теңдешсиз ыйык нерселерге салыштырып келебиз. Ай ааламга нурун чачкан айга, күнгө, Жер жайнаган жыпар жыттуу түркүн гүлгө, мөлтүр булак тунук сууга, көлдүн көркү болгон чүрөк кууга салыштырып келебиз.

Чындыгында сулуулуктун да, улуулуктун да, назиктиктин да теңдеши жок асылзат айымдар Сиздерсиздер. Ушундай улуулук менен сулуулуктарыңыздарды ырга да, күүгө да, обологон обонго да, даңазалуу дастандарга кошуп, бал татыган баалуу сөздөр менен даңктап да , барктап да келебиз.

Кылым карыткан кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхында аялзатынын баркын ыйык да бийик тутуп келген кан Манастагы Каныкей энебизден баштап Айчүрөк, Айганыш, Кыз Сайкал жана Жаңыл Мырзаларды даңктап келсек, Кыргыз журтчулугунун өз алдынча Мамлекет болушуна өрнөктүү өбөлгөсүн кошкон даңазалуу Курманжан Датка энебизди кошсок орундуу болоор.

XIX кылымдын орто ченинде орус падышачылыгы бардык улуттардын башын бириктирүүдөгү саясатында келишпестиктер жаралып турган мезгилде Курманжан Датка энебиздин орус падышачылыгына койгон эки ооз талабы менен элибиздин  тынчтыгы, жерибиздин бүтүндүгү сакталып калган. Ал мындай айтылат:

– Биздин түпкү тегибиз, ата-бабаларыбыз сүйлөп келген ыйык тилибизге тийбеңиздер жана баш ийип, сыйынып келген ыйык динибизге тийбеңиздер!,- деп шарт коюу менен кошулган экен. Мына ушундай улуу көсөмдүк баалуу сөзү менен элибиздин биримдиги жана ынтымагы сактап калган. Куттуу үйдүн коломтосунун очогун өчүрбөй, кутун байытып чачыраткан, балдарыбызга бешик ырын ырдап, мээримин төккөн энелерибиздин мамлекет жана коом алдындагы ак эмгектери тоо көтөргүс оор жүк десек жаңылбайбыз. Асылзат аялдар коомдук турмуштун активдүү катышуучулары жана жаратмандары десем дагы аша чапкандыкка жатпайт. Алсак, билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармагынын оор жана түйшүктүү жүгүн кабагым-кашым дебей татыктуу алып бараткандардын басымдуу бөлүгү асылзат аялдар экендигине терең сыймыктансак болот. «Аял жылмайса, аалам кошо жылмаят», «Аял – үйдүн куту» деп кыргыз эли асылзаада аялзатына ар дайым терең урматын жана сый – кадырын көрсөтүп келишкен. Бүгүнкү күндө областыбыздын аймагында 8075 “Баатыр Эне” ордени жана 2500 “Эне даңкы” медалынын ээлери болушкан энелерибиз мамлекетибиздин эртеңки келечек-тиреги болушкан уул-кыздарына татыктуу таалим-тарбия берип келе жатышат. Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович быйылкы жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялады. Коомдук турмушту жакшыртууда, өсүп келе жаткан жаш муундарыбызды ыймандуулукка, адеп-ахлак менен жогорку маданияттуулукка тарбиялоодо Сиздердин эмгегиңиздер өзгөчө орунда тураары талашсыз. Сиздер эриш-аркак иштеген жерде тазалык дагы, тартип дагы, тактык дагы бар экендиги талашсыз. Куттуу үйдүн коломтосун өчүрбөй келе жаткан энелерибизге, дүйнөдөгү эң башкы бакытты – бизге Өмүр бергендиги үчүн аларга миң мертебе башыбызды ийип, таазим этсек жарашат. Алардын энелик мээримине, талыкпаган кажыбас эмгегине, боорукердиги менен чыдамдуулугуна чын жүрөгүбүздөн алкыш айтабыз! Анткени “Бейиш – эненин таман алдында” деген улуу накыл сөз тек жеринен айтылган эмес. Ар дайым аман жана бар болуңуздар кадырлуу энелер жана асылзаада айымдар. Келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы баарыңыздарга куттуу болсун. Нур тамган жүзүңөрдөн эч качан жылмаюу менен күлкү кетпесин. Бактылуу балдарыбыздын шаңдуу күлкүсү ар бир үйдө жаңырсын. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев облусттун аймагындагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук коргоо, аскер, маданият, тейлөө жана башка тармактарда эмгектенишкен жана өздөрүнүн өрнөктүү иштери менен айрымаланган бир катар асылзаада айымдарды өкүлчүлүктүн Ардак Грамоталары жана Алкыштары менен сыйлады.

8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнүнө арналган майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов куттуктап, ар кыл кесиптерде жигердүү эмгектери менен айрымаланган жана Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымдары үчүн шаардагы мекеме-ишканалардын бир катар асылзаада айымдарын Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин Ардак Грамоталары жана Алкыштары менен сыйлады. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынан 200 асылзаада айымдар 500 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Майрамдык салтанаттуу жыйындын катышуучулары болушкан асылзаада айымдарды облусттук мамлекеттик улуттук коопсуздук башкармасынын башчысы Канжарбек Бокаев, областтык аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова, Ала-Бука райондук аялдар кеңешинин мүчөсү Салима Аллакулова жана Кыргызстан Элдеринин Ассемблеясынын мүчөсү, облустук тажик диаспорасынын төрагасы Бахрам Марасулов куттукташты. 8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу жыйындын жалпы катышуучуларына өнөрпоздор тарабынан кеңири программадагы концерт тартууланды.

Академик Акматалиевдин “Манастан” Айтматовго карай...” китеби чыкты

Манас эпосу, фольклор, акындар поэзиясы, профессионалдуу адабият жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын маселелерин камтыган китеп жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө “Улуу тоолор” басмасында жарык көрдү.

         “Манас” эпосу – Чыңгыз Айтматовдун руханий космоско учуп чыгышынын көркөм старттык аянтчасы болгон” деген пикирин автор дагы тереңдетип, дагы кошумчалап “Кассандра тамгасы” романы менен эпостун үндөштүгүнө, ааламдык маселелердин коюлушуна жана көркөм чечилишине токтолот. Ч.Айтматовдун эпикалык ой жүгүртүү масштабында манасчылык өнөрдүн купуя сыры катылып жатканын ачып берет. Ал эми “Ак булуттун өзөгү кайда?!…” деген макаласында болсо жазуучунун Куранды, Мухаммед пайгамбардын өмүрүнүн баяндарын эң жакшы билгендигин ырастайт. Автор А.Акматалиев – бул жалпылыктарды окуп, таалим алуудан гана эмес, Айтматовдун чыгармачылык фантазиясынан жаралгандыгын да белгилейт.

         Ошону менен бирге китепте тил, маданият маселелерине арналган маектер да орун алган.

Улуттук илимдер академиясында “Айтматов окуулары-2016” иш-чарасы өттү

Залкар жазуучунун туулган күнүнө карата Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы кезектеги “Айтматов окуулары – 2016” илимий-практикалык иш-чарасын өткөрүлдү. Кыргыз элинин атагын алыска тааныткан, дүйнөлүк аренада эбегейсиз орду бар, чыгармалары 180ден ашык тилге которулган классик жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо ушул күндөрү 88 жашка толмок.

УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган салтанаттуу жыйынга Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигинин орун басары А.Муратов, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башчысы С.Раев, КР чыгармачыл кошундарынын жетекчилери, белгилүү акын-жазуучулар, Айтматов таануучулар, окумуштуулары жана коомдук ишмерлери катышты. Ошондой эле иш-чарага чет элдик илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү келишкен.

Б.Жакиев кыргыз элинин 2 жылдан кийин боло турган залкар жазуучунун 90 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө камынуусу керектигин айтты. “Айтматовго тийиштүү улуттук деңгээлдеги барандуу нерселерди ишке ашыра албай жатабыз. “Айтматов борбору” деген масштабдуу борбор түзүлүшү керек. Анда Айтматовдун эле чыгармалары эмес, бүтүн улуттун, өлкөнүн маданиятын көтөрө турган, улуттун жүзүн көрсөтө  турган борбор болушу керек” – деди ал.

Ал эми драматург С.Раев өз кезегинде Айтматов кыргыз рухунун, интеллектуалдык духунун көтөрүүчүсү. Ар бир улутту дүйнөлүк дөөлөттөрдүн бийиктигине көтөрө турган адамдар бар. Алардын бири – кыргыз эли үчүн жаралган Ч.Айтматов” деген оюн билдирди.

Аль-Фараби атындагы КУУнун Абай илим-изилдөө институтунун директору, профессор Дадебаев “Шыңгыс Айтматовтың мифопоэтикасы” аттуу илимий баяндамасын тартуулап жатып, казак эли Чыңгыз Айтматовду өзүнө абдан жакын көрөөрүн белгилеп өттү.

“Айтматовдун айрым чыгармаларындагы мифологиялык каармандар (“Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”) болгону менен алардагы чындык өзөктүү, терең. Аларды окуп адам баласы ушундай экенбиз да деген ойлор жаралат. Анын пайдаланган каармандарынан улам, “адамзат” жана “адамзаттын келбети” тууралуу ойлор келет” – деп баяндамасында кошумчалады.

Ал эми Айтматовдун буга чейин кыргыз журтчулугуна белгисиз болгон “Чоор жана жер” деген чыгармасы жөнүндө билдирүү жасаган академик А.Акматалиев:

-Чыгарма 60-жылдардын орто ченинде, “Кош Гүлсарат” менен “Ак кеме” чыгармаларынын ортосунда жазылган чыгарма экен. Бул чыгармада дагы “Кош Гүлсарат” чыгармасындагы социалдык-драмалык кырдаал камтылган экен. Бул чыгарманы мен “Айтматов  чет тилдерде” деген библиографиялык көрсөткүчтөн таптым. “Флейта и земля” деп турат. Бул чыгарма “Знамя” деген журналда 1973-жылы, “Литературный фронт” деген адабий журналда, андан соң 1976-жылы жазуучунун тандалган чыгармаларынын экинчи томдугунда жарыяланыптыр. Бул китепти издеп жүрүп Болгариядан таптык. “Чоор жана жер” чыгармасында Байымбет менен Шолпандын сүйүүсү жөнүндө баяндалган.

Бул чыгарма орус тилинде дагы, кыргыз тилинде дагы жарык көрбөптүр. Бул Айтматов таануу илиминдеги сенсациялык көрүнүш деп айтса болот. Дагы бир сенсация – башкы каармандардын бири Асакеев деген болгон экен. Окуя боюнча бул каарман жаштарды Чоң Чүй каналын курууга үндөгөн партиялык кызматтагы адам болгон экен. Бул адам Шекер айылында иштеп кеткендиги билинди. Чыгармада Ата мекендик согуш башталып калып, ал согушка кетет. Турмушта да ал согушка кеткен экен. Сталинграддын алдында баатырларча курман болуптур – деп, Айтматовдун чыгармачылыгын океандай экендигин, дагы көптөгөн илимпоздордун изилдөө объектиси болоорун баса белгиледи.

“Айтматов окуулары – 2016” Эл аралык илимий-практикалык конференциянын башында катышуучулар Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышып, жазуучуга куран  түшүрүштү. Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Кылым карытаар эки күн” деген даректүү тасма көрсөтүлүп, жазуучунун чыгармаларына Ч.Айтматов атындагы №68 мектептин окуучулары жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышкан. КР УИАнын фоесинде китеп көргөзмөсү да уюштурулду.

Ошондой эле конференциянын дарегине 150 илимий макала келип, алардын ичинен 120 баяндама тандалып алынды. Андан 71 басма табак көлөмүндө “Айтматов окуулары – 2016”  илимий жыйнагы жарык көрдү.

Иш-чаранын алкагында айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан залкар жазуучунун туулган күнүнө карата эки китептин бет ачары өттү.

Анын биринчиси, “Айтматовдун асыл ой берметтери” // Түзгөндөр: К.Жусупов, А.Акматалиев, З.Дербишева. – Бишкек, 2016. – 255 б. – кыргыз, орус тилдеринде. ( “Жемчужные россыпи мыслей”). Китепке Ч.Айтматовдун публицистикаларынан жана көркөм чыгармаларынан тандалып алынган адамдын жашоо-турмушу, өнөр, табият, элдик мурас жөнүндөгү айрым ойлору жана философиялык насыят сөздөрү киргизилген.

2) Айтматов Ч.Т. Вселенная сотворена любовью: Интервью и диологи (1990-2008) // Сост. А.Акматалиев, Н.Ыйсаева. – Бишкек, 2016. – 208 стр. Бул китепке Ч.Айтматовдун 1990-2008-жылдары ММКларда жана интернет булактарда жарык көргөн интервьюлары жана маектери киргизилген.

“Айтматов окуулары – 2016” Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын экинчи күнүндө катышуучулар Чыңгыз Айтматов атындагы китепканага барышты.

Конференциянын катышуучулары өз макала, баяндамаларында Чыңгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук, асылдандыруучулук касиетке эгедер көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп-үйрөнүү, тереңдетип изилдөө көп катмарлуу жана көп багыттуу иш экендигин белгилешти.

Эл аралык илимий конференция XX кылымдын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын идеялык-эстетикалык сабактарын тереңдетип өздөштүрүү, гуманисттик идеяларын жайылтуу үчүн төмөндөгү милдеттерди белгилейт.

-“Айтматов окуулары”Эл аралык илимий-практикалык конференциясынжыл сайын өткөрүп, материалдарын жарыялап туруу;

-Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жана жайылтуу, чет тилдерге котормолорунун деңгээлине баа берүү, жазуучунун мурастарын КМШнын жана алыскы чет мамлекеттердин орто жана жогорку окуу жайларында окутуунун методикасын байытуу үчүн адабиятчы, лингвист, тарыхчы, культуролог, искусство таануучу, психолог, философ, педагогдордун биргелешкен аракеттерин күчөтүү;

-Чет тилдерде жарык көргөн эмгектерин чогултуу, аннотациялары менен библиографиялык жыйнак түзүү.

-Кыргызстанда жана чет өлкөдө чыккан макалалардын тандалмаларын түзүп, аларды кыргыз, орус, англис тилинде которуп жарыялоо ишин колго алуу.

-Айтматовтаануу багытындагы илимий изилдөөлөрдү интеграциялоо, өз ара маалыматтуулуктуарттыруу үчүн интернет-портал түзүү.

-Ар жылы 12-декабрда республиканын бардык окуу жайларында, китепканаларында Айтматов күнүнө арнап “Айтматов окууларынын” өткөрүлүп туруусу зарыл.

-Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын жогорку эл аралык деңгээлде өткөрүү үчүн эртерээк мамлекеттик комиссия түзүлүп, иш пландар аныкталуусу керек.

Ч.Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо, жайылтуу багытында чыгармачылык жана илимий изилдөө боюнча:

– ыр, проза, драмалык чыгармачылык багытта;

– Айтматовдук ойлордун негизинде музыка, сүрөт, айкелчилик багытында;

– республикалык эл аралык деңгээлде илимий изилдөөлөр боюнча конкурстар уюштурулуп туруусу зарыл.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын пропагандалоо жана жайылтуу багытында көркөм тасма жана кыска метраждуу фильмдерди тартуу;

Бишкек шаарындагы Айтматов китептеринин китепканасына фондун байытуу, каржылоого мамлекеттик деңгээлде камкордук көрүлүүсү зарыл.

Иш-чара “Ысык-Көл форумунун” 30 жылдыгына арналган.

 

Оштогу мектептерде “Улуттук адабият жумалыгы” өтүүдө

Ош шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринде 5-декабрдан баштап “Улуттук адабият жумалыгы” кызуу өтүүдө.  Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын пресс-кызматы маалымдады.

Жумалык “Манас” эпосунун күнүнө карата окуучулар арасында өткөн манас айтуу сынагы менен башталып, “Кыргыз эл жомокторунун каармандары” аттуу сүрөт тартуу сынагы жана анын галереясын уюштуруу менен коштолду. Ошондой эле Ч. Айматовдун туулган күнүнө карата 5-11-класстар арасында “Ч. Айтматов атындагы планета” аттуу маданий иш-чара,  “12-декабрь – Кыргызстандын улуттук адабият күнү” аттуу китеп көргөзмөлөрү, окуу бурчтары уюштурулууда.

Мындан сырткары шаардагы мектептерде “Мектепке китеп белек атуу” акциясы да жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жигердүү катышкан окуучулар мектеп администрациялары тарабынан сыйланууда деп жазылат маалыматта.

osh-uluttuk-adabiyat-zhumalygy2

Чынгыз Айтматовдун “Флейта и земля” деген чыгармасы табылды!

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Флейта и земля”  (“Чоор жана жер”) деп аталган, мурда жарык көрө элек чыгармасы табылды.

Бул чыгарма жөнүндө окурмандар бир нече жылдар мурда кабардар болгон эле. Бирок, бул чыгарманын мааниси жана мазмуну жөнүндө кол жазманы алгач академик Абдылдажан Акматалиев окуп чыгып, өз ой-пикирин билдирген. Жакында А.Акматалиев “Флейта и земля” чыгармасынын үзүндүлөрү Болгариянын “Пламък” (1973-ж.),  “Литературный фронт” (1974-ж.)  аттуу журналдарында жана болгар тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын 2-томунда 1974­–1976-жылдары жарык көргөндүгүн таап чыкты.

Бул таң калыштуу окуя жөнүндө академик, айтматовтаануучу мындай дейт: “Жазуучу өзүнүн макалаларында, маектеринде, же сүйлөгөн сөздөрүндө бул чыгармасы жөнүндө бир да жолу эскерген эмес. Чыгарма орус тилинен болгар тилине которулган. Болгар окурмандары 40 жылдан бери Ч.Айтматовдун бул чыгармасына күбө болуп келет, а бизде али күнгө чейин колубузга жете элек. Анын үстүнө бул факт “Флейта и земля” чыгармасын Айтматов жазган эмес деген кээ бир ишенбөөчүлөрдүн ойлорун жокко чыгарды. Чыгарма Чоң Чүй каналынын курулушуна байланыштуу окуяларды камтыйт. Мен бул чыгарманын болгар тилинде жарык көргөнүн үч жылдай издеп, акыры Болгариядан таап, алдырттым”.

А.Акматалиев мындан сырткары аталган чыгарманын башкы каарманы Бейше Асакеевдин Улуу Ата мекендик согуш учурунда Сталинградда баатырларча курман болгондугун да тактап чыкты.

chyngyz-ajtmatov-flejta-i-zemya2

Улуттук китепканада Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн, 24-ноябрда  Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө  Кыргыз  эл  акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын 80 жылдыгына арналган  –

      “…Ата-баба шардан курган мекеним,

       Мен алардын бир урпагы экемин.

        Аман-эсен жүрсөк ушул арада,

        Көп иштерден мурас атап кетермин…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн  уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын эл акыны Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы Кемин районуна караштуу “Жаңы-Алыш” айылында туулган.

Ал алгач өз айылындагы 7 жылдык мектепти бүтүп, Фрунзедеги кыздар педагоги- калык окуу жайына кирип, 1953-жылы аяктагандан кийин В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология бөлүмүн 1958-жылы бүткөн.

1958-1960-жылдары Ош шаарындагы “Ленин жолу” газетасында кызматкер, 1960- жылдан 1962-жылга чейин Ош пединститутунда окутуучу болуп иштеген. Акын “Ала- Тоо” журналынын адабий кызматкери (1962-1970), Жазуучулар союзунун Ысык-Көл областы боюнча консультанты (1970-1972), 1973-1992-жылдардын аралыгында “Ала- Тоо” журналынын поэзия бөлүмүн жетектеп, 1993-жылдан бери “Асылзат” газетасынын редактору болуп жемиштүү эмгектенип келе жатат.

М. Абылкасымова мектепте окуп жүргөн кезинде эле адабиятка кызыгып, кыргыз акындарынын ырларын жан-дили менен берилип окуган. Педагогикалык окуу жайына киргенден баштан акындык өнөрдүн түмон түйшүктүү жолуна баш оту менен кирген.

Анын алгачкы ырлары “Жеңишбек” деген ат менен 1952-жылы жарык корүп, ошон- дон баштап ырлары басма сез беттеринен орун ала баштаган.

Акындын биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы “Кичинекей досторго” деген ат ме­нен басмадан жарык корүп, ага удаалаш эле “Чолпон” (1962), “Быйыл жаздын гүлдөрү көп” (1965), “Ишеним дайым жүрөктө” (1968), “Аскар” (1970), “Ата журт” (1973), “Сен билесин мекеним” (1973), “Менин бүтпөс ырларым” (1977), “Гүлдөр суу сурайт” (1983), “Ата журт дайым көңүлдө” (1987), “Үшүк” (2001) аттуу ырлар жана поэмалар жыйнак- тары басмадан басылып окурмандардын кызыгуусун арттырды.

Поэзияга ышкыбоз кыз-келиндердин арасынан республикалык жана союздук сый- лыкка татыктуусу М. Абылкасымова болду. Акындын “Эстелик сүйлөйт”, “Сен биле- сиң мекеним” аттуу поэмалары жана “Ишеним дайым жүрөктө” деген ыр китеби үчүн 1970-жылы Ленин комсомолунун сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми “Гүлдөр суу су­райт” ырлар жыйнагы үчүн М. Абылкасымова 1984-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болду.

Акындын ырлары орус, украин, француз, болгар тилдерине да которулган. Уолтер Мэйдин котормосунда анын көптөгөн ырлары англис тилине которулуп, өзүнчө жыйнак болуп чыкты.

М. Абылкасымова улуттук адабиятка кошкон зор салымы үчүн “Ардак Белгиси”, 2005-жылы “Манас” ордендери, медалдар, грамоталар менен сыйланган. 2008-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалына татыктуу болгон.

Фото - “Тарых жана маданият” жылына арналган Көркөм окуу сынагы жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Тарых жана маданият” жылынын алкагында, КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурган республикалык Көркөм окуу сынагын жыйынтыктады.

Бишкек шаарындагы жогору жана кесиптик-техникалык окуу жайларынын ичинен тандалып алынган 28 катышуучу бүгүн 18-ноябрда Республикалык көркөм окуу сынагында таймашты. Сынак К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык  университетинин концерттик залында өттү.

Эл-жер, мекен, тарых, тил, эгемендик сыяктуу ж.б. мекенчилдикке үндөгөн темадагы чыгармаларды көркөм окуган сынактын катышуучуларынын аткаруучулук чеберчилигин, дикциясын, мазмунга ылайык туюндуруу жөндөмүн,  көркөм текстти тандоодогу өзгөчөлүүлүгүн, сахнада өзүн алып жүрүүсүсүн, адабий тилдин нормаларын сактоосун,  сценалык костюмун, башкача айтканда дараметин ар тараптан баалап, калыс баа берүү үчүн  КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, акын Э.Аттокуров, Кыргыз Драм театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы, жазуучу А.Темирова, КР Эмгек сиңирген артисти Н.Мамбетова, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, жаш акын Б.Жамгырчиев сыяктуу адабияттын, көркөм өнөрдүн өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу түзүлгөн.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөндө көрсөтүлгөн катышуучулар жеңишке жетишти:

 

Аты-жөнү Окуу жайы Жыйынтык
Жогорку окуу жайлары
1. Турумбеков Ажыбек КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Баш байге
2. Юсуф Гундуз Кыргыз-Түрк “Манас” университети 1-орун
3. Кайрат кызы Жанара Б.Бейшеналиева ат. Маданият жана искусство университети 2-орун
4. Камчыева Гүлжан К.Карасаев ат. Бишкек гуманитардык университети 3-орун
5. Маматураев Розмухаммед Ата-Түрк Ала-Тоо университети 3-орун
6. Ашырбек уулу Сүйүндүк И.Раззаков ат.Кыргыз Мамлекеттик техникалык университети Кызыктыруучу сыйлык
7. Токтобеков Кайрат Улуттук көркөм сүрөт академиясы Кызыктыруучу сыйлык
Орто жана кесиптик-техникалык окуу жайлары
8. Ажыбеков Өмүрзак КЭУ Экономика  жана сервис колледжи 1-орун
9. Атакан кызы Асел Кыргыз-Түрк кесиптик лицейи 2-орун
10. Кубанычбек кызы Мактым М.Күрөңкеев ат. Кыргыз Мамлекеттик музыкалык училищеси 3-орун
11. Нурлан кызы Бегайым №3 КЛ кесиптик лицейи 3-орун
12. Кабылбекова Наргиза Бишкек медициналык колледжи Кызыктыруучу сыйлык

Сынактын жеңүүчүлөрүнө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын диломдору менен атайын сыйлыктары тапшырылып, ал эми ар бир катышуучу тастыктама жана китептер менен сыйланды.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия сынакты өткөрүүдө өнөктөш катары чоң салымын кошкон К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык  университетине жана маалыматтык колдоого алган КТРКга, ЭлТР МТРКсына, Кыргыз радиосуна, Биринчи радиого, Марал радиосуна ж.б. жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирет.

bgu-korkom-okuu7

bgu-korkom-okuu

bgu-korkom-okuu2

bgu-korkom-okuu3

bgu-korkom-okuu4

bgu-korkom-okuu5

 

Меню