Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Жогорку Кеңештин чоң муштум депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты, “Мекенчил” фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу үчүн жазган арызы жакынкы күндөрү каралат.

Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Бул маселе комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет.

Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, бир мандаттуу округдан шайланып, түрдүү себептер менен кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болот. Аталган мыйзамдын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоону президент жарлыгы менен дайындайт. Эки айлык мөөнөттүн ичинде БШК талапкерлерди каттоо жана башка жараяндарды конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрөт.

Эгер бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же андан аз калганда мандатын тапшырса, ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт.

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атына арыз жазганын бүгүн, 27-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголгон.

Бул окуядан кийин Башкы прокуратура 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизгенин кабарлаган. Депутаттын аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан башкы көзөмөл органына материалдар келип түшкөн.

Жаныбек Абиров Жогорку Кеңешке 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округунан шайланып келген.

Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги тарабынан 250дөн ашык мекендештердин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленди

Үстүбуздөгү жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилиги тарабынан 250дөн ашык мекендештердин катышуусунда Нооруз майрамы уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Венгрияагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков, куттуктоо сөзү менен мекендештерди куттуктап, Нооруз жаз менен жаңылануунун майрамы экенин, ал жаңы жылдын башталышын символдоштуруп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана салттарын камтыган майрам баса белгиледи.
Иш-чара кыргызстандык студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолуп, элдик жана кыргыз эстрадасынын ырлары ырдалып, “Маш ботой” чыгармасы комузчулардын аткаруусунда тартууланды.
Ошондой эле катышуучулар, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан даярдалган “ Улуттук салттын ажайып сулуулугу” аттуу эл аралык этнологиялык сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.
Майрамдык салтанат, кыргыздын улуттук тамактарынан жасалган майрамдык дасторкон менен жыйынтыкталды.

"Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Лос-Анжелес шаарында Америка киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгын тапшыруу салтанаты өттү. Бул – 95-ирет өтүп жаткан азем. Режиссерлор Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерттин “Бардык жерде жана бир убакта” чыгармасы эң мыкты көркөм фильм сыйлыгына ээ болду. Тасма жети “Оскар” алды.

Дэн Кван менен Дэниэл Шайнерт эң мыкты режиссура жана эң мыкты оргиналдуу сценарий үчүн сыйлык алышты. Пол Рожерс эң мыкты мантаж үчүн байгеге ээ болду.

Эң мыкты актирса наамы Мишель Еого берилди. Экинчи пландагы мыкты аялдын ролу үчүн байгеге Жейми Ли Кертис татыды. Ке Хюи Куан экинчи пландагы мыкты актер аталды.

Режиссер Даррен Аронофскинин “Кит” фильминде ойногон 54 жаштагы Брендан Фрейзер эң мыкты актер сыйлыгын алды. Бул тасма эң мыкты грим жана чач жасалгасы үчүн да “Оскарды” жеңип алды.

Режиссер Эдвард Бергердин “Батыш фронтто өзгөрүү жок” эмгеги бул аземдин эң мыкты чет өлкөлүк тасмасы болуп калды. Картина эң мыкты оператордук иш жана оргиналдуу саундтрек үчүн да сыйлык алды.

“Аватар. Суу жолу” тасмасы эң мыкты визуалдык эффект үчүн “Оскарга” ээ болду.

Гильермо дель Торонун “Пиноккио” чыгармасы эң мыкты толук метраждуу анимациялык фильм аталды.

Канадалык режиссёр Дэниел Роер тарткан “Навальный” аттуу даректүү тасма “Эң мыкты даректүү тасма” категориясында “Оскар” сыйлыгын алды. Салтанатка режиссер менен бирге Алексей Навальныйдын жубайы, кызы жана уулу – Юлия, Дарья жана Захар да катышты.

Индиялык Гонсалвес менен Гутит Монгинин “Пил сүйүүчүлөр” картинасы эң мыкты кыска метраждуу фильм аталса, “Бала, Момолой чычкан, Түлкү жана Ат” мыкты кыска метраждуу анимациялык фильм катары “Оскарга” татыды.

 

Чикаголук кыргыздар «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурушту

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жана Кыргыз коомчулук борбору «Kyrgyz Community Center» менен биргеликте АКШнын Чикаго шаарында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» деген темада флешмоб уюштурду.

Бул флешмоб манас эпостун уламыштарын айтуу, кыргыз көчү, бешик ыры, кара жорго бийи, топ таш, чүкө оюндары жана башка кыргыз элинин ар-түрдүү улуттук каада-салт, үрп-адат жана маданиятын көрсөтүү менен коштолду.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун 1999-жылдагы чечими менен 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү болуп бекитилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Кыргызстанда «Эне тил күнүнө карата бир айлык» жарыяланган.

Кыргызстандын кол өнөрчүлөрү Майндагы Франкфурт шаарында «Creativeworld» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү 2023-жылдын 4-7-февралында Германия Федеративдүү Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы «Messe Frankfurt» ири көргөзмө комплексинде өтүп жаткан «Creativeworld» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда.
2023-жылдын 4-февралында Кыргызстандын кол өнөрчүлүк кеңешинин президенти Нурзат Жээнбек жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда “Creativeworld” Эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.
Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн өкүлдөрүнүн бул көргөзмөгө катышуусу АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Борбордук Азиядагы соода программасынын жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Кинорежиссёр Геннадий Базаров дүйнө салды

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, автордук кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр жана сценарист Геннадий Базаров дүйнө салды. Бул тууралу КР Маданият министрлиги билдирет.
Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы районунда төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктаган. 1965-жылы ВГИКтин режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн.
Геннадий Базаровдун ысымы кыргызстандыктарга гана белгилүү эмес – улуттук кинонун чебери тарткан тасмалар көптөгөн өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Ал автордук кыргыз киносун түптөөчүлөрдүн бири. Өткөн жылы II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган.
Анын “Саманчынын жолу”, “Буктурма” жана башка тасмалары өлкөнүн кино хроникасына түбөлүккө жазылган.

Бегалы Наргозуев, кинорежисcер: “Киностудияда жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди”

-Бегалы мырза, “Жылкычы чымчык” деп аталган жаңы тасмаңыздын бет ачаары болду. Көрүүчүлөр аябай жакшы кабыл алышты. Тасма канча убакта, кайсыл жерлерде  тартылды?

-Бул мен эчактан бери эле кыялданып жүргөн кыялдагы чыгарма  болчу. Ал эми кинону тартууга болсо бир жарым жыл убакыт кетти. Адегенде Алайда тарталы дегенбиз, кино тартуучу топтун айрым мүчөлөрүн алып алып, атайын кыдырып келгенбиз, Кубат акенин үйүндө да болгонбуз. Сары-Могол айылынан жогору Ленин чокусуна кеткен жолдо атайын жерлерди тандаган болчубуз. Бирок, башкы ролду ойногон эжебиз “ден соолугума байланыштуу алыска бара албайм, кан басымым жогору” дегени кайра башка жактарды издөөгө туура келди. Анан Кумтөрдүн жанында Ара-Бел деген жер бар. Ошол жерде тарттык алгачкы сьемкаларды. Алгач бизге бир топозчу 300 топозун киного тартууга  бермек болгон. Бирок, кээ бир “достор” айнытып коюп, ал тартуу үчүн келгенибизде топозун бербей койгондуктан, башка  бир жакшы топозчуну  таптык. Ошол киши аялы экөө жардам беришти. 2022-жылы март-апрелде толуктоочу эпизоддор Кара-Кужурдан тартылды. Себеби, топоз тууп-төлдөгөн маал ошого туш келет экен. Бийик тоонун шартында иштедик. Бир-эки кишибиз кычкылтек жетишпей, түтөктөн жыгылып калган күндөр болду. Дагы бир  нерсе, ошол жылы кар аз түшүп, ал да бизди бир топ түйүшүккө салды.

-Буга чейин кино чөйрөсүндө 10 жыл иштегенсиз да. Ошол кезде жыйнаган тажрыйбаңыз жардам бергендир?

-Албетте. Мен киностудияга барганда Океев, Шамшиевдердин чыгармачылыгы гүлдөп турган маалы эле, каалаган киносун тартышчу. Алардын артында Убукеев, Базаров, Замир Эралиев, Шамил Жапаровдор кезекке турган мезгил эле. Ондон ашуун ВГИКтин режиссерлук факультетин бүтүрүп келгендер бар болчу. Ошон үчүн бизге режиссердун жардамчысы, ассисенти деген сыяктуу гана кызматтар тийчү. Бирок, ошого да кайыл болуп, мэтрлердин кино тартканын көрөм, үйрөнөм деген ниет менен  жүрдүк. Ошол кишилердин жакшы нерсесин алганга аракет кылып, актерлор менен иштешкенди үйрөндүк. Бизди киностудия СССРдин Госкиносунун, ВГИКтин, Жогорку режиссердук курстардын алдындагы киночулардын квалификациясын жогорулатуучу 3 айлык же 6 айлык курстарына жиберип турчу. ”Мосфильмге”, “Ленфильмге” көп жолу командировкаларга бардым. Дүйнөлүк кинолорду ошол жерден көрүп, чыныгы киноискусство деген эмне экенин ошондо түшүндүм. Ошон үчүн кинодо жыйнаган тажрыйбам аябай жардам берди деп ойлойм.

Сыр болбосо, кино тартканга каражат көп кетет бекен?

-Союз тараганда киностудиядан баарыбыз эле “акча жыйнап келип, кино тартабыз” деген ниет менен кеткенбиз да. Ал кезде кино тартуу аябай кымбатка турчу. Мен андан кийин кино тартканга канча акча керек деп көпкө чейин сурап жүрдүм. Чоң суммалар айтылып аткан. Анан былтыр менин алым жете турган суммалар айтылып калды. Себеби, азыр санариптик кинолор келди. Пленка сатып алыштын кереги жок. Камерага флешка салып алып эле тарта бересиң. Пленка жуумай жок, брак болуп калыптыр,  кайра тартабыз деген жок. Азыр 100 миң долларга тартса болот. Мен киностудияда иштеп жүргөндө 1 млн.долларга тартылчу кинолор.

Тартуу процессинде сиз үчүн эң кыйын нерсе эмне болду?

-Мен  дебютант режиссер болгонум үчүн кандай болоор экен деген күдүктөнүү кыйнады. Сен өзүңө өзүң ишенбей жатсаң ал атмосфера жалпы кино тартуучу топко да таркайт экен. Режиссер негизинен мизансцена түзгөндү билип, актерлордун оюнун көзөмөлдөшү  керек. Мен бул маселени кантип чечтим? Өзү дүйнөлүк профессионал кинодо мизансценаны коюучу оператор менен сүрөтчү жасайт. Бирок, бизде сүрөтчү ооруп, катыша албай калгандыктан, мен көбүнчө кинооператорубуз Хасан Кыдыралиевдин тажырыйбасына таяндым. Ал эми актерлор менен иштешүүдө экинчи режиссер катары Бусурманкул Одуракаевди алгам. Ал иштеп атты. Өзүм дагы актерлорго “мен актерлук искусствону окуган эмесмин, силерге кыйын билем деп үйрөтө  албайм. Болгон суранычым, реалдуу турмушта адам ушундай кырдаалда өзүн кандай сезет, ошол образга кирип ойногула” дедим. Алар да дароо эле түшүнүшүп, образга кирип кетишти.

Дегеле биздин кинодо режиссерго аябай көп милдет жүктөлөт. Монтаж да режиссердун мойнунда. А дүйнөлүк практикада кинорежиссер тартып койгонду гана белет. Калганын бүт башка адистер жасайт.

Фильмге өзүңүз канчалык деңгээлде канааттандыңыз? Тасма тартылып бүткөндөн кийин эми жаңы пландар пайда болгондур?

-Мен өзүм каалагандын 70 пайызын гана аткара алдым деп ойлойм. Ага ар түрдүү себептер болду. Шартка, мүмкүнчүлүккө байланыштуу жасайбыз деп туруп жасай албай калып аттык. Бирок, көрөрмандар жакшы кабыл алгандан кийин, айрыкча Кубат аке “ишке ашыптыр” дегенден кийин санаам бир аз тынчып калды.

Пландар албетте, бар. Менин өзүмдүн бир сценарийим бар. Бала менен эненин мамилеси жөнүндө. Быйыл тартам деп ойлодум эле, бирок, үлгүрбөй калып, кийинки жылга өтүп кетет окшойт. Андан сырткары, Кубат акенин мен кызыгып жүргөн эки-үч чыгармасы бар, эгер өзү макул болсо ошону экрандаштырсамбы деп жүрөм. Кокон хандыгынын, Полот хандын, Алымбек датканын, Нүзүп бийдин тагдыры, дегеле хандыктагы кыргыздардын ролу  кызыктырат.

Тасма кеңири экранга качан чыгат?

-Биз  өзүбүз көрсөткөнгө шашып атабыз, бирок, дүйнөлүк кинофестивалдардын бир шарты бар: ар бир фестиваль жаңы кино кеңири тарап кетпесин, биринчи бизден көрсөтүлсүн деген талап коюшат. Экинчи талабы, интернетке чыкпашы керек. Бизге да кинофестивалдарга катышкыла деген сунуштар болуп атат, ошон үчүн бет ачаарын кинотеатрларда эмес, Кино үйүндө өткөрдүк. Алты айдан кийин, кинофестивалдарга катышып келген соң кинотеатрларга чыгарабыз.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс” гезити

Бишкекте Германия жана Франциянын Елисей келишимине кол коюусунун 60 жылдыгына арналган концерт өтөт

21-январда саат 18.30да, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониянын соң залында, француз жана немец музыкасынын концерти өтөт.
Концертке виоленчелист Флориан Шмидт-Барта (Германия) жана альтист Матис Роша (Франция), ошондой эле Асанкан Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик симфониялык оркестр, Рахатбек Осмоналиевдин жетекчилигинде астында катышат.
Концерттен сырткары, 23-январда музыканттардын, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын студенттери менен семинары болот.
Концерт Германия жана Франция мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчиликтеринин колдоосу менен, Казакстандагы Гёте институту жана Бишкектеги Француз Альянсы тарабынан уюштурулуп жатат.
Концерт Елисей келишиминин 60 жылдыгына арналат. Елисей келишими – Франциянын президенти Шарль де Голль менен Германиянын канцлери Конрад Аденауэр, 1963-жылы 22-январда кол койушкан эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык келишими. Бул келишим, эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин жаңы пайдубалын туптөп, кылымдардан бери келе жаткан атаандаштык мамлесине чекит койду. Бул келишим Ахен келишими менен бекемделди, бул келишимде, Бишкек шаарында ачыла турган, француз-немис маданий борборлорун, бүткүл дүйнөдө ачуу каралган.
Кирүү акысыз

Маалымат иретинде: Бишкектеги Француз Альянсы 1993-жылдан бери Кыргызстандагы жападан жалгыз француз расмий тил борбору болуп саналат. Альянс Франция элчилиги менен тыгыз кызматташып, анын маданий долбоорлорун башкарат.
2021-жылы Бишкектеги Француз Альянсы жана Казакстандын Гёте институту маданий долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштүк түзүшкөн. Франция менен Германия тынчтыктын, сүйлөшүү, Европа ичинде жана андан сырткары ар түрдүүлүктүн идеяларын жакташат. Эл аралык маданий кызматташтыкка кадам таштап, Франция жана Германия, бул мекемелер менен бирге Европанын маданий келечегин калыптандырып, тынчтыкта
жанаша жашоого салым кошууда.

Некролог – Азиз Мурадиллаев

Кыргыз театры жана кино искусствосу оор жоготууга учурады. 44 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев 2022-жылдын 17-декабрында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Азиз Мурадиллаев 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1994-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Аны 1997-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Москва шаарындагы М.С. Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн.
2001-жылдан тартып Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында артист болуп эмгектенип келген.
Азиз Мурадиллаев Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклиндеги Семетейдин образын жаратып, дээрлик 10 жылдан ашуун театр күйөрмандарынын купулуна толуп, сүйүктүү актёруна айланган. Кийин Семетейдин образын жаш муунга өткөрүп берип, өзү Ысмайылдын образын чеберчилик менен алып чыккан.
Азиз Мурадиллаев кыргыз драматургиясынын эле эмес, дүйнөлүк классикалык чыгармаларда да мыкты образдарды жаратып келген. Алсак Ж.Б. Мольердин “Анткор оорулуу” спектаклинде Беральддын, Юджин О’Нилдин “Дарак түбүндөгү махабат” спектаклинде Эбиндин, У. Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункан сындуу бир топ образдарын жогорку деңгээлде жараткан.
Акыркы жылдары Ч. Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектаклиндеги Сабитжандын, Т. Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” спектаклиндеги Омордун, М. Ауэзовдун “Эңлик-Кебек” спектаклинде Кеңгирбайдын, Ж. Садыковдун “Төлгө” спектаклинде Ысмайылдын ролун аткарган.
Ал өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин театрдын сахнасынан түшкөн жок. Театр эле эмес, кинодо да кайталангыс образдарды жараткан. Алардын эң этаптуусу жана элдин эсинде калганы Садык Шер-Нияз режиссерлук кылган “Курманжан Датка” тасмасындагы Алымбек Датканын образы болуп калды. Мындан сырткары, “Чиркин өмүр” сериалында Эркиндин, “Апамдын махабаты” сериалында Бакыттын, “Кара кыз” тасмасында Темирдин, “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж 2” тасмаларында күйөө баланын ролун аткарган.
Таланттуу актер Азиз Мурадиллаевдин көп жылдык эмгеги бааланып, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, 2015-жылы эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн “Ак Илбирс” Улуттук кино сыйлыгы, ал эми 2018-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” ардактуу наамы ыйгарылган.
Мындай ташкындаган таланттын артында атасы актёр Үсөн Мурадиллаев, апасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүр бою театр маданиятына кызмат кылган адамдар болгондугу таасир берип, алардын жолун жолдоп, оору менен алышып жаткан учурда да театрда эмгектенди.
Сахна жана кинодо жылдызы жанган кайталангыс талант Азиз Мурадиллаевдин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.Дж. Джунушалиев, А.А. Максутов, У.Э. Мамбетакунов, С.А. Раев, К.О. Иманалиев, М.С. Шаршенбаев, Г.С. Базаров, Т.Т. Казаков, С. Шер-Нияз, Н.И. Мамбетова, Г.К. Каниметова, З.М. Сооронбаев, М.М. Мусаев, Ж.О. Кулманбетов, А.А. Өзүбеков, К. Абылов, Т. Абдразаева, Ш. Алсеитова, А.М. Истамбаев, К.А. Осмонов, С.В. Бардаков, А. Болгонбаев, Ш. Шейшенов ж.б.

Өзбекстан 5 млн долларга ремонттоп жаткан Оштогу Бабур атындагы өзбек театры жаңы сезонун баштады

21-ноябрда Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык театры 105-сезонун баштады. Театрдын артисттери оңдоо иштеринен улам убактылуу Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драмалык театрында оюн коюуда.

Кыргызстанда ачылган алгачкы өзбек театрынын реконструкциясы Өзбекстан өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен жүрүп жатат.

Оңдоо иштери 2021-жылы 13-сентябрда башталган. Өзбекстан өкмөтү театрдын ремонту үчүн 5 миллион доллар бөлгөн.

Ош шаарынын мэриясы реконструкция иштери быйыл жыл башында аягына чыгарын билдирген. Бирок ремонттук-курулуш иштеринин көлөмүнө байланыштуу бул мөөнөт жылдырылган. Курулушчулардын айтымында, реконструкциянын болжолдуу наркы 84 миллиард сом же 7,5 млн долларга бааланууда.

Театрда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан адистер жумуштун дээрлик 80% бүткөнүн билдирүүдө. Ушул тапта тышкы жасалга, сахнага жабдууларды, залга отургучтарды жайгаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул иштер жакынкы айларда, 2023-жылдын мартына чейин аягына чыгышы мүмкүн.

Быйылкы сезонго театрдын жамааты “Самар Бону”, “Дудук Келин” спектаклдерин даярдашты.

Бабур атындагы өзбек драмалык театры – Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири. Ал 1918-жылы ачылган, 2004-жылы президенттин жарлыгы менен ага академиялык деген макам ыйгарылган. Учурда театрдын чыгармачыл курамында 60тай адам бар.

Меню