Menu

МАДАНИЯТ ЖАНА АДАБИЯТ

Президент Садыр Жапаров: Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов — планетардык аң-сезимге салым кошкон адам

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.

Мамлекет башчылары иш-чарага келгенден кийин Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды. Андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын дүйнөлүк маданият менен адабиятты өнүктүрүүдөгү чоң ролу жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.

Алгачкы сөз Президент Садыр Жапаровго берилип, ал түрк элине жана Режеп Тайып Эрдоганга залкар жазуучунун планетардык масштабдагы мурасын даңктоо уланып жаткандыгын тастыктаган Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

«Чыңгыз Айтматовдун адабий аренада жарк этип жаралуусу беш континенттин миллиондогон окурмандарын таң калтырды. Кыргыз элинен бүткүл түрк тилдүү дүйнөнүн кадыр-баркын көтөргөн таланттуу жазуучунун чыкканы күтүүсүз болду. Ал  XX кылымда Орто Азия республикаларынын тарыхында болуп көрбөгөндөй секирик жасады», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Ал 1986-жылы биринчи жолу Чыңгыз Айтматов адамзаттын келечектеги глобалдык көйгөйлөрүн талкуулоо жана алар боюнча пикир алмашуу максатында дүйнөлүк интеллектуалдардын расмий эмес жолугушуусун Ысык-Көл жээгине уюштурган форумдун тарыхына кыскача токтолду.

Президент Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкенден кийин биринчи Жарлыгына — «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койгондугуна токтолду.

Ал Жарлыктын негизги максаттары: жогорку моралдык ченемдер, улуттук каада-салттар, үй-бүлөлүк жана коомдук салттуу баалуулуктар менен катар, бардык элдердин маданияттарынын кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктар аркылуу жарандарды тарбиялоо тууралуу айтып берди.

«Демек, Айтматов жар салгандай, адамзаттык баалуулуктар кайсы бир этникалык жана улуттук кызыкчылыктардан жогору турат, ал эми акыл-эстүү адамдын жаратмандык күчү тынчтыкка жол ачат.

Ошол эле учурда адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндө улуттук маданияттын ролу үстөмдүк кылат. Бир эле тил, бир эле маданият жок болсо, дүйнөнүн боёгу өчө түшөт, бир жери кемий түшөт. Көп түрдүүлүктү сактоо көп кырдуу жана бирдиктүү аракеттерди талап кылат», — деди Мамлекет башчысы.

Мындан улам, Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө элинин улуттук оюндарын, каада-салтын сыймык менен ааламга таркатуучу аянтчага айлангандыгын белгиледи. Анын айтымында, бул оюндардын өткөрүлүшү — көчмөндөр цивилизациясынын маданий мурасынын маанилүү бөлүгүн сактап калууга жасалган аракет. Ал кийинки жылы Түркия жергесинде өткөрүлүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ийгилик каалады.

«Айтматовдун дагы бир сабагы — Ак илбирс Жаабарс, бөрү эне Акбаранын образдары, Арал деңизи, мөңгүлөр аркылуу туюнтулган экологиялык проблема. Табияттын чынжырына кыпындай доо кетсе, калыбына келтирүү кыйын. Айтматовдун чыгармаларында булар туурасында принципиалдуу жаңы ой жүгүртүүлөрдүн башталышына негиздер салынган.

Демек, биздин Айтматов — планетардык аң-сезимге салым кошкон адам. Түрк элдеринин улуу жазуучусунун улуу ойлору түбөлүк даңазаланууга татыктуу», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров бардыгын Айтматовдун идеяларын бүткүл адамзатка жайылтууга чакырып.

Баяндамалардан соң форумду уюштуруучулар эки өлкөнүн президенттерине Форумдун жыйынтыктоочу документин салтанаттуу турдө тапшырышты.

Фото - “Погончон айым - 2021” сынагында гран-при сыйлыгын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Айзада Максатбекова утуп алды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Айзада Максатбекова “Погончон айым -2021” конкурсунда гран-приге ээ болду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жана Куралдуу күчтөр күнүнө арналып 29-майда А.Изибаев  атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин имаратында өттү.

“Мен эң күчтүү” биринчи конкурсунда катышуучулардын алдында күжүрмөн кесиптик даярдыгын көрсөтүү, экинчи “Мен ар тараптуумун” – конкурсунда өздөрүнүн оригиналдуу стили менен тааныштытуу тапшырмасы коюлган.

“Мен үйдө погонсуз” конкурсунда катышуучулар тамак жасоо өнөрүн көрсөтүштү.

Ошондой эле “Мен ырдайм же бийлейм” конкурсунда көрүүчүлөргө өз таланттарын тартуулашты.

Айзада Акыркы “Кандай болсо да мен айым” конкурсунда (дефиле) катышуучулар кече көйнөктөрүн кийип чыгышты. Түндүк-Чыгыш бажысынын юридикалык иштер боюнча бөлүмүнүн инспектору, бажы кызматынын кенже лейтенанты Айзада Максатбекова жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтүп, жеңишке ээ болду.  Ошондой эле конкурска ӨКМ, ЖАМК, МЧК, ИИМ жана ИИМ Академиясынын өкүлдөрү катышышты. Бардык катышуучулар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Аталган иш-чара акыркы 15 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Белгилүү коомдук ишмер, чыгаан режиссер Төлөмүш Океевдин эстелик бюсту өзү окуган Санкт-Петербургдагы институтка тапшырылды

Кечээ, 27-майда Кино жана телевидения боюнча Санкт-Петербург мамлекеттик институтуна таланттуу кинорежиссер, даңазалуу жердешибиз, маркум Төлөмүш Океевдин эстелик бюстун тапшыруу иш-чарасы болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Адегенде иш-чарага келген Жогорку Кеңештин депутаттары, Т.Океевдин туугандары, кыргыз мигранттары Т.Океев окуп-билим алган институтту кыдырып, таанышып чыгышты.

Ал эми эстелик-бюсту тапшырууга арналган салтанаттуу жыйында сөз алган Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гулнара Клара Самат  Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун ушул иш-чарага арналган сөзүн окуп берди.

Анда белгилүү режиссердун эстелик бюстун тапшырууну кеңири колдоого алган Санкт-Петербург мамлекеттик институтунун жамаатына ыраазычылык билдирүү менен Т.Океевдин чыгармачылык жолуу жана кино тармагында жараткан ийгиликтери учкай айтылды. СССРдин эл артисти, көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси, коомдук жана саясий ишмер, советтик кыргыз кинорежиссеру Т.Океевдин эстелик бюсту Жогорку Кенештин атынан тапшырылып жатканы белгиленди.

Кезегинде кыргыз кереметин жаратуунун башатында турган Т.Океев “Бакайдын жайыты”, “Кызыл алма”, “Көк серек”, “Улан”, “Ак илбирстин тукуму” ж.б. фильмдери менен дүйнөлүк кино ааламына жол салган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Т.Океевдин кинолору бүгүн да актуалдуулугун жоготпой тескерисинче улам тереңдеп, жаңырып адамзатты табият менен эриш-аркак жашоого, экологиялык тең салмактуулукту бузбоого чакырып турат деп белгиледи. Ошол эле Кумтөр сыяктуу башка экологияга залал келтирген жагдайларды айтуу менен Т.Океев ошондо эле өз чыгармаларында пайгамдардай көзү ачыктык кылгандыгына токтолуп өттү.

Кино жана телевидения боюнча Санкт Петербург мамлекеттик институтунун ректору Александр Евменов  уюшулгандан бери бул институттан 80ден ашык өлкөдөн 100миңден ашуун студент окуп чыкканын айтып, Т.Океев окуу жайдын эң сыймыктуу, эң эле даңазалуу бүтурүүчүлөрүнүн бири экендигин белгиледи. Т.Океевдин бюсту институттун эскерүү аллеясына коюла турган алгачкы эстелик болуп калгандыгын айтуу менен таланттын студент кездеги өздүк делосун кызы Азиза Төлөмүшовага тапшырды.

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты, СССРдин Жогорку Советинин депутаты, кыргыз элинин даңазалуу уулу Т.Океевдин кызы Азиза Төлөмүшова институттун жетекчилигине, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовго, демилгечи болгон Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевге терең ыраазчылык билдирип,атасы да, апасы да ушул шаардан билим алганын, Санкт Петербург жана аталган институт алардын үй-бүлөсү үчүн өзгөчө жагымдуу экенин белгилеп кетти.

Иш-чарада досу, курсташы, белгилүү режиссер Карен Геворкян да сүйлөп, ал ар бир фильминде өсүп жүрүп отурганын, анын улам кийинки чыгармасы тереңдеп отурганын айтып, адамкерчилигин, достукка бекемдигин, өзү тартууга ниеттенип жаткан фильмин эч бир кызганыч кылбай, чын жүрөгүнөн ага бергенин эскерди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары К.Иманалиев, А.Аскарова, Б.Турусбеков, С.Ибраев, Б.Дюшалиев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гулнара Клара Самат, Жогорку Кеңештин КМШнын ПААдагы өкүлү Н.Сатвалдиев катышты.

Улукбек Марипов Кыргыз Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттарына сыйлык тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттарына сыйлыктарды тапшырды.Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы жазуучуларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктап, кыргыз балдар адабиятынын өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

«Сиздер кыргыз балдар адабиятынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуу менен катар балдардын китеп окууга жана жаңы илим-билимге карай умтулуусун калыптандырууга зор таасир берип жатасыздар. Кызыктуу, мазмуну терең чыгармаларыңыздар менен адабиятыбызды байытуудасыздар. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кыргыз балдар адабиятынын жазуучуларынын эмгегин жогору баалайт жана кыргыз адабиятын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн бардлык күч-аракетин жумшайт. Сиздерге мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден-соолук жана бакубатчылыкты каалайбыз», – деди Улукбек Марипов.

Төмөндөгүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары 50 000 (элүү миң сом өлчөмүндө) наамына ээ болду:

– Наматов Аман Наматовичке – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн» номинациясында «Гүлчечекей кулунчак» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

– Абдыраимов Ырысбайга – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн» номинациясында «Түбөлүктүү чеп» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн;

– Мамбеталиев Сатыбалдыга – «Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн» номинациясында «Керемет жомоктор» аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

Сахаровдун ордуна Назарбаев. Москвада тыюу салынган көргөзмөнүн ордун Казакстан жөнүндө экспозиция ээледи

Москванын бийлиги 17-майда орусиялык укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун 100 жылдыгына арналган көргөзмөнү өткөрүүгө уруксат берген жок.

Москвадагы Сахаров борбору “Андрей Дмитриевич Сахаров: чочулоо жана үмүт” аттуу көргөзмөнү уюштурууну пландаган. Ал 17-майда укук коргоочунун туулган күнүнө төрт күн калганда көчө көргөзмөсү түрүндө ачылмак.

Көргөзмөдө Сахаровдун, советтик жана орусиялык сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү, укук коргоочунун мемуарындагы учкул сөздөр, макалалар коюлмак.

18-майда “Дождь” телеканалы бул көргөзмөнүн ордуна “Казакстан – Евразиянын жүрөгү” деген көргөзмө ачылганын кабарлады. Сүрөт көргөзмө Казакстандын тарыхын жана туристтик дараметин баяндайт. Анда өзүнчө бир стенд “елбасы” Нурсултан Назарбаевге арналган. Көргөзмө 23-майга чейин уланат.

Бул арада Сахаровдун 100 жылдыгына арналган Эркиндик фестивалы 21-майда өтөт. Ал бардык саясий туткундарга арналат.

Андрей Сахаров 1921-жылы 21-майда Москвада төрөлгөн. Ал физик, суутек бомбасынын негиздөөчүлөрүнүн ири болгон. 1975-жылы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын алган. 1979-жылы Сахаров советтик аскерлердин Ооганстанга киришине каршы билдирүүлөрдү жасаган. Мындан соң аны үй-бүлөсү менен Горькийге ( азыркы Нижний Новгород) айдап жиберишкен.

Сахаровдун сүргүнү 1986-жылы аяктаган. Окумуштуу Москвага келгенден үч жыл өткөн соң өз батиринде көз жумган.

Быйыл орус бийлиги Москадагы “Сахаров борборун” “чет өлкөлүк тыңчылардын” тизмесине кошкон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Манижа «Eurovision-2021» сынагынын финалдык бөлүгүнө өттү

Нидерландынын Роттердам шаарында башталган «Eurovision-2021» ыр сынагына Орусиянын атынан катышып жаткан ырчы Манижа сынактын финалдык бөлүгүнө өттү.

Жарым финалда Манижа Russian Woman (“Орус аялы”) аттуу ырды аткарды. Ал сахнага Орусиянын түрдүү аймактарындагы ар улуттагы аялдар жөнөткөн кездемеден тигилген көйнөк кийип чыгып, ырдын ортосунда анысын башка көйнөккө алмаштырды.

Манижа РИА «Новости» агенттигине берген маегинде көйнөк — аялдарга «бошонууга» мүмкүндүк бербей келген көп кылымдык салттардын символу экенин билдирди.

«Eurovision» сынагынын 22-майда өтө турган финалдык бөлүгүнө Орусиядан тышкары Норвегиянын, Израилдин, Азербайжандын, Мальтанын, Литванын, Кипрдин, Швециянын, Бельгиянын жана Украинанын өкүлдөрү да чыгышты.

Манижа — тажик тектүү орусиялык ырчы. Ал «Биринчи канал» уюштурган көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүндө жеңүүчү деп аталгандан кийин интернетте ырчы тууралуу ксенофобиялык билдирүүлөр пайда боло баштаган. Буга байланыштуу Орусиянын Тергөө комитети жек көрүүчүлүктү же душмандыкты козутуунун белгилери бар-жоктугу боюнча ырдын текстин текшергени кабарланган.

Манижа 1991-жылы Тажикстанда туулуп, кийин үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Ал 12 жашынан баштап музыка менен алектенет. 2020-жылы Орусиянын атынан биринчи жолу БУУнун Качкындар иши боюнча агенттигинин ыктыярдуу элчиси болгон. Мындан тышкары Орусиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы өнөктүктөргө катышып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда мамлекеттик мультипликациялык фильмдер студиясы ишин токтотту

Өзбек анимациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, 70 жаштагы режиссер Назим Туляхожаев “Узбеккинонун” жетекчилигин өзбек мультипликациялык искусствосун толугу менен жок кылууга айыптады.

Туляхожаевдин айтымында, май айында “Узбеккинонун” жетекчилигинин чечими менен “Мультипликациялык фильмдер студиясы” унитардык ишканасынын жалпы жамааты толугу менен жумуштан бошотулуп, студия ишин токтоткон.

– “Мультипликациялык фильмдер студиясынын” 30 кесипкөй кызматкерин – аниматорлорун, режиссерлорун, редакторлорун көчөгө чыгарып коюшту. Көчөдө калган айрым режиссерлор, аниматорлор Орусия менен Казакстанга иштөө үчүн кетишти. Муну менен алар жарым кылымдан бери өзбек балдарын кубантып келген мамлекеттик анимацияны көмүп салышты. “Узбеккинонун” азыркы башчысы тарыхта өзбек мультипликациясынын түбүнө жеткен адам катары калат, –деди Туляхожаев.

Буга чейин “Мультипликациялык фильмдер студиясынын” кызматкерлери да “Узбеккинонун” жетекчилигин жергиликтүү мультипликацияны жок кылууга айыпташкан.

“Узбеккинонун” басма сөз катчысы Нозим Сафари “Мультипликациялык фильмдер студиясы” президенттин чечими менен жабылганын билдирди.

–​ Алар жеке колго өтүүдө. Жеке студиялар өз ассоциациясын түзүштү. Анимация искусство катары бүтпөйт, – деди Нозим Сафари.

2017-жылы президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен улуттук киноматографияны өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Анын алкагында мамлекеттик бюджеттен “Узбеккино” улуттук агенттигине мультипликациялык фильмдерди жаратуу үчүн каражат бөлүү пландалган. Ага ылайык, 2018-жылы мамлекет 15, 2022-жылдан тартып жылына 50 мультфильмдин өндүрүшүнө акча бөлүп турмак.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пабло Пикассонун "Терезенин жанында отурган аял" картинасы аукциондо 103,4 миллион долларга сатылды

Пабло Пикассонун “Терезенин жанында отурган аял” (“Мария Тереза”) картинасы аукциондо 103,4 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу Christie’s аукцион үйүнүн сайтында маалымдалды.

1932-жылы тартылган картина 19 мүнөттүн ичинде сатылды. Акыркы баа 90 миллион долларды түзгөн, бирок бардык кошумча төлөмдөрдү эске алганда,  сатып алуучу 103,4 миллион доллар төлөйт. Аукционго чейин эксперттер аны 55 миллион долларга баалашкан.

Акыркы жолу “Терезенин жанында отурган аял” картинасы аукционго 2013-жылы коюлган. Анда аны анонимдүү адам 44,8 миллион долларга (комиссия менен) сатып алган.

Ошондой эле, аукциондо башка сүрөтчүлөрдүн эмгектери да сатылды: Клод Моненин 1899-1903-жылдар аралыгында тартылган «Ватерлоо көпүрөсү. Туман эффектиси” картинасы 48 миллион доллардан ашык акчага сатылды, Марк Ротконун 1970-жылы тартылган “Аты жок” сүрөтү 38,1 миллион долларга сатылды. Ошондой эле сатылган чыгармалардын арасында: Ван Гогдун “Тринкветейл көпүрөсү” (37,4 миллион доллар), Энди Уорхолдун “Эки Мэрилин” сүрөтү  (15,8 миллион доллар), Марк Шагалдын “Флутист” (1,6 миллион доллар) сүрөтү бар.

“Чынгыз-Ордо” комплексин курууга бөлүнгөн акчаны өөнөп-жегенче, чычкандын богун жеп...

Биз барып көргөндө эки  жыл  мурда  тегиз  эмес,  чункур жерге  курулган  “Чынгыз-Ордо”  комплексинин  курулушунун  көрүнүшү  көзгө  комсоо,  көнүл ирээнжитет.

Анын  үстүнө  ал  жердин  астында   суу  мол дешет-билими  бар   көсөмдөр.  Анан  дагы   жер  алдынан   чыккан   суулардан  улам  толуп  турган  “пруд”  бар.  Комплекске  жакын  жерде, ошол  жерге  “арка”  курулуптур.  Түндүк  жагы  жар, жолдун  кенендиги   9-10 метрге   жакын. Суу  толсо же  ашып  кетсе  “кырсык” болсо… Анан  эмне  болот-ЫЯ,  Ээй  көрпенде?

Андан  ары  бассан, Чынгыз  Айтматовдун  “Бото  көз  булагы”.  Жалт-жулт  этет. Агымы  дабышсыз.  Тегерек  чети  кунарсыз.  Анын  жээгинде   эки  колун   бооруна   алган  Чынгыз  Айтматов  тургандай  сезилет.  Туюм  ошондой.  Кулакка  даана  угулгансыйт.  Чынгыз   Айтматов жалооруй  үн катат:

Айтчы  “Бото  көз”  булагым.  Менин  атам  кайда?   Ал кайсы   жерге   коюлган…? Жым-жырт.  Бул  сөз  Чынгыз  Айтматовдун   бала   кезиндеги кусалыгы.    Ал дагы   үн    каткансыйт…

Мен  ыраазымын дүйнө  элдерине.  Бүтүндөй  чыгармаларымды  өз   тилдерине   которуп   алып  окушту. Мен  ыраазымын немец , француз, түрк,   казах,    жана   Орто  азиялык   туугандарыма.   Ыйык  жайларына   менин  атымды   ыйгарышты.   90-жылдыгымды  белгилешип,  урматтап   жатышканына. Мен, мени   урмат,   сый  туткан бардык   адамзаттарына   эки  дүйнөдө   ыраазымын.  Анан  Чынгыз  Айтматовдун   үнү   басандап,   андан  аркысы  угулбайт. Теребел  тынч.   “Бото  көз”  булак  шылдыр-шалдыр.  Элеси   кайып  болуп!  Чынгыз  Айтматовдун… Манас  тоосунан соккон   жумшак  желаргы   кана   беш-энеге  леп-леп… Ушул  учкул   секунддарда   көнүл   дүүлүгөт.. Ыза  пайда  болот. Жүрөк  болк-болк.  Тил  күрмөлбөй-дудук.  Денеде  муздак  тер. Көздөр  босомук.  Кычыктарында  тамчы.  Ындыны  өчүргөн  табышмактуу  ойлор. Билимсиздик-улуу  адамга  болгон  жетесиздик.   Уйгу-туйгу ойлор   кулактан   кирип,  мээни чайкайт.

Болору  болгон,  сапатына карабай  “көсөмдөр” ураалашып   тим  болушкан. Токтоп  калган.   Кур  аякка  бата  жүрбөйт болушуп, май  кармаган    бармагын  жалайт  болуп, каралган  каражат   тып-тыйпыл.   Бүтпөгөн,  сапатсыз  иштерди көрүп  ачуун,  келет.  Аргасыздан   каргыш  сөз  да,  чыгат,    “Чынгыз-Ордо”   комплексине бөлүнгөн  акчаны  ”бөлүп”  жегенче,  чычкандын богун  жеп… дейсин. Анын  үстүнө,   Эсептөө   палатадан  келгендер ”начет”  койгондору  бар.   Бирок  акча   жок, иш  эчак  токтогон. Ап  эткендер  жүрөт  аман-эсен.

Бирок   Чынгыз Айтматовдун   арбагы   тынчсыз.  Тээ  “Бото  көз”  булагында   дүйнө  элине    ыраазычылыгын   айтып,  андан  ары кыргыз  элине таарынычы бардай, үнү  угулбай,  сыр  бойдон  калышында  эмне  деген   сырдуу ой  жатат? Эмнеси  болсо  да,  айрым    атка  минерлердин  ЭССИЗДИГИ,  улуу  тарыхты   түзгөн   философко,  айкөлгө  жүр-нары  мамиле кылгандар  да,   тарыхта  калат  ээ…  Катыкүн.  Бир кем дүйнө.  Дудук  дүйнө. Табышмактуу  дүйнө… Анан  “чычкандын  богун  жегирлер”   эмне  болушаар  экен?  Же  тилдери  күрмөөгө  келбей…

Ээй  билермандар,   Кудайдан    корккула!   Арбактын  унүн  уккула!  Манастын  айкөл  элин   дүйнөгө  уят   кылбагыла?  Колу  шоктор, оозунар  булганып  калса,  көздөн  “кайым”  болгула!  Кечирим  сурагыла. Дүйнө  элдерине  уят кылбагыла!  Касиеттүү калкыбызды. Тартип  да, адамкерчилик  да  ушундай!   Эссиздер, жерпайлар  эки  сөздүүлөр!  Ойлонгула.  Кеч  эмес.  Бир  жарым жыл бош  кетти.

Чынгыз  Айтматовдун 95  жашка чыкканын  белгилөөгө   да,  аз  эле  калды.  Шашпагыла.  Азыр  Чынгыз  Айтматовдун   арбагы  алдында  кетирип  жаткан  күнөөбүз   арбын.

Бозортпогула Дүйшөндүн  мектебин.  Буза  көрбөгүлө кыргыз  калкымдын  үмүтүн.

Талас  облусу  М.  Мамбеталиев,  Т. Наралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыктары жөнүндө» токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы төмөнкү лауреаттарга 50 000 (элүү миң) сомдон ыйгарылды:

Наматов Аман Наматовичке – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Гүлчечекей кулунчак” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;

Ырысбай Абдыраимовго – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Түбөлүктүү чеп” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;

Сатыбалды Мамбеталиевге – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.

Меню