Menu

ММК ДАЙДЖЕСТ

Темир Сариев, экс-премьер-министр: «Сариев трайбалист эмес, мекенчил адам»

 

-Темир Аргембаевич, сиз дагы кыргыз саясатында төбөсү көрүнүп калган саясатчылардын бирисиз. Андыктан азыркы саясий абалга анализ жүргүзүп, өзүңүздүн жыйынтыгыңызды чыгарып жатсаңыз керек. Саясий абал улам курчуп баратат. Кыйын кырдаалга барып такалбайбы?

— 2017-жыл кыргыз эли үчүн өзгөчө жылдардын бири болуп, мамлекет башчысынын шайлоосу өтөт. Өлкөдө биринчи ирет мамлекет башчысы өзүнүн алты жылдык мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, кызмат ордун мыйзамдын чегинде, шайлоонун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен адамга өткөрүп бергени жатат. Ачык айтыш керек, бул үчүн да күчтүү эрк керек. Буга чейин 2005-жылы андан кийин 2010-жылы мамлекет башчысын шайлоо курч маселелердин негизинде келип чыккан. Андыктан бул жолку шайлоо баарыбыз үчүн маанилүү. Шайлоону тынч, мыйзам чегинде, эл берген добуштун жыйынтыгы менен бийликти алмаштырып, бир колдон экинчи колго өткөрүп берсек, өлкөдөгү туруктуулукту, бийликти түптөө маданиятын бекемдей алабыз. Шайлоого баратканыбыздан кийин сөзсүз саясий абал курчуйт. Азыр эле бири-бирине компроматтар согушу жүрүп баштады. Бул жөн маселе эмес. Азыркы президенттин “Кызматтан кеткенден кийин Парламентке, Өкмөткө да барбайм” деп айткан сөзүн эрдик катары кабыл алсак болот. Мындан кийин да ушул тартип улануусу керек. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы шайлоо жакындаган сайын саясий айдыңда шайтан оюндар күч алат. Кыргызстан үчүн элдин ынтымагы, биримдиги, өлкөдөгү абалдын туруктуулугу биринчи орунда болушу керек. Бийлик органдары мыйзам чегинде иштеши зарыл.

— “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынганы да абалды курчутуп жиберди. Парламенттеги оппозиция лидеринин камакка алынганын укканда кандай ойго келдиңиз?

— Өмүрбек Чиркешовичтин камалышы өлкөдөгү саясий абалды аябай курчутту. Ага тагылып жаткан күнөөлөр абдан олуттуу болуп турат. Бирок, укук коргоо органдары айтылып жаткан күнөөлөрдү далилдүү фактылар менен тактап, андан кийин сотко өткөзүп бериши керек. Бул иш мыйзамдын чегинде териштирилип, кандайдыр бир тирешүүлөргө алып келбөөсү кажет. Баары ачык-айкын болуп, таза иликтөө иштери жүрсө тирешүүлөргө жол берилбейт. Мен Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши козголуп, аны камакка алган күнү эле өз оюмду билдиргем. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, бирөөгө жагабы-жакпайбы бул иште саясий боёк бар. Ошон үчүн абдан дыкат иликтөө жүрүүсү зарыл. Парламентте ушул маселени караганда бир топ суроолор пайда болду. Ал суроолорго УКМК, Башкы прокуратура так, ачык жооп бериши керек.

— Мына азыр Өмүрбек Текебаев камалды деп ызы-чуу болуп жатат. Буга чейин да Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков сыяктуу саясий лидерлерди камакка алуу, аларды сындыруу аракеттери болуп келген. Муну менен бийлик соттордун колу менен өзүнө күчтүү атаандаш болчуларды саясат айдыңынан чыгарып коюу оюнун жүргүзүп жаткан жокпу?

— Саясатта күчтүү жүргөн адамдарга кылмыш иши козголгондо, албетте саясатка айланат, саясий боёк берилет. Көп тармактарда реформа жүрүп жатат. Тилекке каршы, сот системасындагы реформа таптакыр аксап калды. Ошондуктан, саясий атаандаштарды мыйзамсыз ыкма менен алсыратып, саясат айдыңдан четке сүрөт деген сөздөр болуп жатат. Буга өлкөдөгү окуялар күбө болууда. Бирок, Камчыбек Ташиев соттон акталып чыгып, азыр саясатта өзүнүн орду бар. Ахматбек Келдибеков да өзүнүн мыйзамдуу укугун колдонот болуш керек деп ойлойм. Бул саясий буйрук болсо эртели-кечпи ачыкка чыгат. Мындай абалды укук коргоо органдарына, сотторго саясий кийлигишүүнү токтотуу жолу менен чектей алабыз.

— Сиз президенттик жарышка чыгам деп эң алгачкылардан болуп жарыяладыңыз. Учурда президенттин мураскери тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат. Мураскер тууралуу кандай пикирдесиз?

— КСДПдан көрсөтүлгөн талапкер түз эле мураскер болбойт. Баардык саясий партиялар өзүнүн талапкерин алып чыгууга укуктуу. Анын ичинде КСДП да бар. Андай укукту аларга чектеп коюу туура эмес болуп калат. Көрсөтүлгөн ошол талапкер өтүп кетет дегенден да алыс болушубуз керек. Биз мураскер эмес эл тандаган, өз добушун берген адамды президент кылып шайлашыбыз зарыл. Шайланып келген адам туруктуулукту сактап, элибиздин жашоо шартын көтөрүүгө өбөлгө түзгөн, калыс, акыйкат бийлик жүргүзүүгө милдеттүү болууга тийиш. Мен партиялык конференцияда мураскер деген сөздөн кетишибиз керек деп айткам. Президенттин мураскер калтырбайм деген сөзүнө ишенишибиз керек. Бизди сынаган негизги күч бул-элибиз.

— Шайлоо деп жүрүп элди түндүк-түштүк кылып бөлүп бүтпөдүкпү. Канчалык жокко чыгарбайлы тилекке каршы бул шайлоодо дагы атаандаштык түндүк-түштүк болуп жүрөт.

— Элди түндүк-түштүк, урууга бөлүү маселесин көтөргөндөр негизинен саясатчылар. Саясатчынын өзүнүн деми, ою жетпей, кылган ишин көрсөтө албай калганда акыркы аргумент катары ушул маселени көтөрө баштайт. Мен “түштүктөн болгонум үчүн же тескерисинче түндүктөн болгондуктан куугунтуктап жатат, түндүк түндүктүктү, түштүк түштүктөн чыккан лидерди колдош керек” деген саясатын жүргүзөт. Карапайым элдин ичинде түндүк-түштүк деген бөлүнүү сөзү жок. Мен өзүм көп жыл депутат, андан кийин Өкмөт мүчөсү болдум, Өкмөт башчысы болуп иштегенимде көп жерди кыдырдым. Барган жеримде эл менен сүйлөшкөнүмдө алардын ою таптаза, туптунук. Тескерисинче, бизге иштерман, тартипти катуу кармаган адам керек дейт.

— Түндүктөн чыккан саясий лидер түштүктөн добуш алуу үчүн түштүктөн чыккан тыңчыкмалар менен биригүүгө аракет жасап жатышпайбы. Сизди дагы түштүктөн чыккан саясатчылар менен биригүүгө аракет жасап жатат деп айтып жатышат. Биригүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыңыз чындыкпы?

— Кыргызстанда туруктуу саясат болсун десек өзүбүз ич ара сүйлөшкөндү билишибиз зарыл. Ошонун ичинде жаңыдан саясий айдыңда көрүнүп келаткан жаш саясатчылардан тартып, эл ичинде аброю бар күчтүү инсандар менен да сүйлөшө билүү керек. Мен ушул максатта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам.

— Сизди түштүктүн элин жактырбаган трайбалист саясатчы деп жазып да, айтып да жатышпайбы. Түштүктүн элин жактырбаган көз карашыңыз барбы?

— Бул маалымат карандай калп. Сариевди жамандоо үчүн башка аргумент таба алышпагандан кийин ушул нерсени ойлоп табышкан. Депутат болуп турганымда элдин таламын талашып, курч, ачуу сөздөрдү айтып жүргөнүмдө ошол кездеги Өкмөттүн мүчөсү болуп иштеген адамдын айткан сөзү дагы деле эсимде. Ал киши “Темир, катуу сүйлөп жатасың” дегенде, “Эмне сөөгүнө жете турган сөздөрдү сүйлөп жатамбы?” деп сурасам, “Жок, сөөгүнө эмес, чучугуна жеткизип айтып жатасың” деп айткан. Ошол учурда эле Темир Сариевди элге жек көрсөтүү үчүн ар кандай сөздөрдү жармаштырышкан. Түштүккө барганда “Сариев трайбалист, Оштуктарды жаман көрөт” деп чыгышкан. Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөм. Биздин Төш-Булак деген айылыбыздын жарымы орус, жарымы кыргыз болчу. Көп улуттуу элдин арасында чоңойгом. Мындан сырткары биринчи класстан баштап спорт интернатта окудум. Классыбызда өлкөнүн ар тарабынан келген 32 бала бар болчу. Баарыбыз бирге жатып, чогуу жүрүп, бир жерден тамактанып чоңойгонбуз. Ал жерде бөлүнүү дегенди эч ким билбейт. Андыктан, менин тарбиям, маданиятым таптакыр башка. “Сариев трайбалист” деген сөздөрдү таратып жүргөн адамдар чоң жаңылышат.

— 2005-жылы революциядан кийин Бишкектин тегерегиндеги жерлерди эл басып албады беле. Ошондо Сариев “Оштуктар Чүйдүн жерин басып алды. Сарттарды кууп чыгыш керек” деп айткан деген сөздөрдү өзүңүз деле угуп жүрсөңүз керек. Бул сөз сиздин оозуңуздан чыкканбы?

— 2005-жылы революциядан кийин кээ бир шылуундар акча жасайбыз дешип элди үгүттөп жерлерди басып алышкан. Негизинен Сокулук районунун тоо этегиндеги жерлер болчу. Ал жер адамдарга берилген, колдорунда тийиштүү кызыл китеби бар үлүш жерлер эле. Ушундай өзүм билемдик, ээн баштыкка бийликке келген Бакиев, анын жанында жүргөндөр ушулар бизди колдойт деп түрткү берген. Жерлерди басып алып жатканда мени ошол округдан шайланган депутат катары “Биздин жерибизди басып алып жатышат, коргоп бериңиз” деп чакырышкан. Ал жерде бир гана Оштон келгендер эмес, Кыргызстандын баардык булуң-бурчунан келгендер басып алган. Депутат болуп туруп “тийбегиле, бул жер анын менчиги, мунун да оокаты” деп коргобосом, айтпасам, элдин бетин кантип карайт элем? Мени депутат кылып шайлаган эл “Темир, сага ишенип, депутат кылып шайладык эле. Жерибизди тартып алып жатса сен эмне үчүн унчуккан жоксуң?” деп бетиме түкүрмөк да. “Оштуктар кеткиле” деген сөз оозумдан чыкмак турсун, ал оюмда дагы болгон эмес. Жерлеринен ажыраган эл чогулуп, борбордук аянтка келип, Бакиевди чакырып, аны менен жолугушуп, ызы-чуу болгон. Бакиев ошол жерге барып “Мен мыйзамды сактайм, бул жерди басып алуучуларга бербейм” деп айтып, 15 мүнөттөн кийин эле төмөнкү жактагы жер алабыз дегендер менен жолукканда “Бул маселени чечем, жерди таратам” деп айткан. Анын карама-каршы сөзүнөн улам жерди басып алам дегендер менен жергиликтүү элдин ортосунда кагылышуу чыгып кеткен. Жетинчи кабатта ушул маселе боюнча жыйын кылганбыз. Премьер-министр, Президенттик администрациянын башчысы, ИИМ министри, губернатор, шаардын мэри катышкан. Ал жерде мен Бакиевге “Сиз туура эмес кылып жатасыз. Менчик жерди эч кимге бербеш керек. Эгер жер бере турган болсок ФПСтин жерин трансформация кылып, андан кийин берели. Аны да таратып жибербей, план иштеп чыгып, көп кабаттуу үй салып, андан кийин бериш керек” деп айткам. Ал киши экөөбүз катуу айтышып кеткенбиз. Менин Бакиевге каршы болуп жүргөнүмдүн башкы себептеринин бири ушул болчу. Тыйын кылабыз деген адамдар элди ызы-чуу кылыш үчүн “Сариев каршы болуп жатат” деген сөздү чыгарышкан. 2005–2007-жылдар ичинде 2800 гектар жер трансформация болду. Ошол жерди 5 сотыхдан деп бөлүп эсептегенде 40 миң участок чыгат. 40 миң участокту 3 миң доллардан сатканда 120 млн доллар болуп жатат. 40 миң участоктун 5–6 миңи бекер берилип, калганы жең ичинен сатылды. Ким пайда көрдү? Ким ошол участокторду сатты? Ызы-чуу болуп жүргөн эл “Эмне үчүн жер албай калды?” Өздөрүнүн кылган кылмышын жашыруу үчүн сиз айтып жаткан сөздү чыгарды. Өздөрү капчыктарын толтурду дагы, Сариевге жалаа жабышты. Трайбалист деген сөздүн пайда болушу ушундан улам. Сариевди түштүккө жаман көрсөтүү үчүн ушул сөздү айтып жүрүшөт.

— 2009-жылы болгон президенттик шайлоодо талапкер болуп чыккансыз. Баткенге эл менен жолугушуу үчүн барганыңызда аксакалдар ушул маселени көтөрүшкөнү чынбы?

— 2009-жылы президенттик шайлоого катышып, эң биринчи жолугушуумду Лейлектин Кулунду деген айлынан баштагам. Биз пландаган жерди бийлик бербей койгондуктан базардын жанына эл чогулган. Мен барганда бизди коштоп жүргөн балдар “Атайын адамдарды даярдап коюшуптур. Чепкендин үстүнөн жоолук менен кур тагынып, башына ак калпак кийген 3–4 аксакал турат. Сиз сүйлөгөнү чыкканда эле ошолор ар нерсени айтышып, сүйлөтпөй коюуга аракет жасайт” дешти. Саламдашып, сөздү баштаганда “Эл менен жолугушууну Кулундудан баштайын деп атайын келдим. Араңарда 3–4 аксакал турат. Ии, Сариев келдиңби? Биз сага эми керек болдукпу? Убагында оштуктарды минтип айттың эле?” деп айтканы даярданып турушат. Ошолорго суроо бердирбей өзүм жооп берейин деп даярдалган суроолордун жообу деп болгон чындыкты айтканымда “Ой бали, Азамат экенсиң!” деп кол чаап жиберишти. Ошондон кийин жолугушуу башка нукту өткөн. Аягында бир аксакал “Көзү түз, сөзү да курч экен. Ушул баладан бир нерсе чыгат. Батаңызды бериңиз?” деп башында сүйлөйм деген аксакалга “Тилегиңе жет, президент бол” деп бата бердиртип жөнөтүшкөн. Мындай жолугушуулар түштүктө абдан көп болду. Ош менен Жалал-Абад облустарында Бөдөш Мамырова аял болсо да эч нерседен коркпой мени менен чогуу жүрдү. Бакиевдин айылына чейин бардык. Ал жерде дагы тартынбастан, баардыгын ачык, так айтып бергем.

— Сиз Өкмөт башчысы болуп турганда Аксы районундагы телемунара жайгашкан Уңгар-Тоону Өзбекстанга таандык делген протокол чыккан. Анда сиздин койгон колуңуз да көрсөтүлгөн. Уңгар-Тоону биздики дебестен өзбектердики деп тааныганыңыз ыраспы?

— Бул карандай калп. Асман менен жерди алмаштырып салгандай. Мен Өкмөт башчысы болуп тың иштеп жатканда кимдир бирөөлөр саясий боёк беребиз дешти. Унгар-Тоо боюнча, башка документтер бар, эң акыркысы К. Бакиев президент болуп турганда кабыл алынган, убагында көчүрмөсү гезиттерге чыккан. Биздин өкмөт көтөргөн маселе, Унгар-Тоонун жанында кошумча станция куруу боюнча берилген тапшырма болчу. 2010 жылдан бери бир дагы сантиметр жер берилген эмес. 2016-жылы 22-мартта Аксыга барганда мен элдин астына чыгып ушуну айткам: «Бир да сантиметр жер берилбейт деп». Тескерисинче Өзбекстан колдонуп келген 19 объектти Өкмөттүн токтому менен кайтарып алдык. Анын ичинде Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы, 4 насостук станция, Баткендеги кампалары, Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты. Мунун баарына мен Премьер-министр катары кол койгом. Кантип анан Сариев Унгар-Тоону Өзбекстанга берди деп айта алабыз. Бул бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле кеп.

— ЕАЭБге кирүү үчүн көп иштер сиздин учурда жүрдү. Азыр ал биримдикке киргенибиз менен пайдасын жакшы көрө албай жатабыз. Бул маселе учурдун талабы болгондуктан көп сөздөр айтылып жатат. Бул уюмга кирүүдө кандай эркиндиктерге ээ болгонбуз?

— Биз эмне үчүн ЕАЭБге мүчө болуп кирдик? Анткени, Казакстан, Россия, Белоруссия үчөө биригип, өздөрү үчүн атайын эреже кабыл алышкан. Анда үч өлкөнүн жарандарынын жүрүшү, товарлардын, тейлөөнүн, капиталдын жүгүрүүсү ич ара эркин болот деп каралган. Башка өлкөлөрдөн келген товарлар болгон болсо, алар биздин шарттын негизинде гана киргизе алат дешкен. Алар биринчи Бажы биримдигин түзүп, эрежесин кабыл алып, чек араларын бекемдеп коюшту. Кыргызстан ЕАЭБге кирбесек алардын койгон шарты менен иштешибиз керек болчу. Анда абдан чоң чектөөлөргө дуушар болмокпуз. Андыктан, биз да ошол уюмга кирип, алардын эрежесин кабыл алышып, төрт эркиндикке ээ болушубуз керек болгон. Мунун баарын терең изилдеп, өзүбүзгө ыңгайлуу шарттардын баарын сурап, өзүбүзгө керектүү жеңилдиктерди алып, андан кийин биримдикке мүчө болуп кирдик. Муну менен биз туура саясий чечим кабыл алдык. ЕАЭБге киргендин натыйжаларын келечекте сөзсүз көрөбүз. Бул интеграциялык биримдикке бүгүн кирип, эртең жыргап кетпейбиз деп баардык жерде айтып келатам. Парламенттин сессиясында, Өкмөттүн жыйынында дагы айткам. Россиянын өзүндө эле 600–700 миң элибиз иштеп жүрүшөт. Азыр Россиянын атуулдары кандай укукка ээ болсо, биздикилер да ошондой укукка ээ болуп калды. Казакстанда дагы ошондой. Мен Москвага барып мигранттар менен жолукканымда, алар “Темир Аргембаевич, абдан туура чечим кабыл алдыңар. Биз бул жакта биринчи сорттогу адамга айланып калдык” деп айтып жатышат. Бул биримдиктен көрө турган пайдабыз али алдыда. Бүгүнкү күндө жашылча жемиштерди ташып чыгууда эч кандай маселе жок. Фитосанитардык көзөмөл кылуучу лабораториялар бар. Биздин сертификаттар таанылат. Сүт менен этти чыгарууда маселе жаралууда. Анткени, ветеринардык лаборатория толук бүтө элек. Мен премьер-министр болуп турганда тийиштүү чараларды көрүп, мөөнөттөрдү койгонбуз. Учурда мөөнөтү бир аз узарып жатат, аны тез арада жасап койсо болот.

— Түштүк аймагыбызда жашылча жемиштер эрте бышат. Дыйкандар товарларын учурунда Казакстан менен Россияга чыгарып калса жакшы пайда табышмак. Фитосанитардык лаборатория Бишкек менен Ош шаарларында гана болууда. Мындай лабораторияларды көбөйтсө, атаандаштык жаратса болобу?

— Азыр Бишкекте жана Ош шаарында бирден лаборатория бар. Келечекте булардын саны өсөт. Бул жерде атаандаштык бизнес бар. Лабораториялар жеке менчик да боло алат. Бир адам акчасын салып, лаборатория куруп, аккредитациядан өткөзүп алса, ошол жерден сертификат берүүгө толук укуктуу болуп калат. Ушунун өзү бизнес. Албетте, бул иш кечеңдеп жатат. Өкмөт бул боюнча ыкчам иштерди алып барышы керек.

— Президент болом деген дымак менен жүрөсүз. Азыр өлкөдөгү орчундуу маселе чек ара болууда. Эгер сиз президент болуп калсаңыз чек ара маселесин чечүүдө коңшулар менен теңата сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин пайдабызга чечкенге эрк жетеби?

— Мен депутат болуп учурда чек ара маселеси каралганда “Биз үчүн эң оор, кыйын маселе түштүктөгү чек ара болот. Ал жерде тирүү нерсени кезебиз” деп айткам. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен элүү бешке жакын талаш жер бар. Миң километрден ашык чек ара такталып, жумушчу топтордун колу коюлган протоколдор турат. Аларды ратификациялап, андан ары кетишибиз керек. Бирок, Өзбек Өкмөтү такталган протоколдон баш тартып, аны кыскартып “Биз 700 километрге гана макулбуз, калганын дагы бир жолу тактап чыгалы” деген сунуштарын берген. Биз ал сунушка макул болбогонбуз. Коңшуларда бийлик алмашты. Менин кабарым боюнча ал жакта жакшы жумуштар болуп жатат. Биз чек араны канчалык эртерээк макулдашып, такташып, кол коюп алсак, элге да жакшы болот болчу. Көп учурларда чек араны да саясатка айлантып жиберип жатышат. Чек ара эч убакта бир жактуу чечилбейт. Эки тарап тең бир пикирге келиши кажет. Ушундай эле акыбал Тажикстан менен да бар. Бул маселени чечүүдө албетте эрк керек. Мындан сырткары ушул маселени терең түшүнгөн адамдардын эмгегине муктаж болобуз. Кудайга шүгүр, бизде андай адамдар да, эрк да бар.

— Ош шаарын экинчи борбор дейбиз. Бирок, министрликтердин, Өкмөттүк кызматтардын, комитеттердин баары Бишкекте жайгашкан. Кээ бир министрликтерди, кызмат-комитеттерди Ош шаарына көчүрүү демилгеси, ал тургай борборду Ошко которуу боюнча сөздөр да чыккан. Буга кандай көз караштасыз? Өлкө башчысы болсом Ош шаарынын потенциалын көтөрөт элем деген пландарыңыз барбы?

— Өкмөт башчысы болуп турганда 25 жылдын ичинде биринчи жолу Ош шаарында Өкмөттүн көчмө жыйынын өткөздүм. Ага чейин Өкмөттүн расмий жыйыны болгон эмес. Ушундай расмий жыйындар Ош шаарында өтүп турушу керек. Премьер-министр бир айда бир жума ошол жерге барып иштесе да болот. Президенттин түштүктөгү резиденциясы Ош шаарында. Ал дагы ошол жерге барып бир жума иштеп келсе неге болбосун? 2–3 министрликти Ош шаарына көчүрүп коюу менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көйгөйлөрүн чече албайбыз. Эң негизгиси Ош шаарын келечекте ири өндүрүш, каржылык, соода борборуна айлантуу керек. Мисал катары Россияны алып карасак, Санкт-Петербург азыр чоң финансылык борборго айланып баратат. Экономикалык саясий форумдар ошол жерде өтөт. Казактар деле Астананы борбор шаар кылып кеткени менен Алма-Ата соода борбору бойдон калды. 2010-жылы мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганымда кандуу кагылышуудан кийин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүүнү мен сунуштап чыккам. Буга азыркы экономика министри Арзыбек Кожошев күбө. Мамлекеттик дирекцияны түзгөндө Ош шаарынын генералдык планы тез арада иштелип чыгып кабыл алынсын деген тапшырма койгонбуз. Тилекке каршы ар түрдүү себептер менен иш башка нукта кетип калды. Биздин максат боюнча Ош шаарындагы Ак-Бууранын жээктерин бошотуп, шаар туризм, ири финансылык, соода борбор болмок. Ушундай программалар бар, келечекте мунун баары ишке ашат деп ойлойм.

— Сиздин дарегиңизге Балыкчы-Корумду жолунан 6 млн долларды сол чөнтөккө солоп койгон деген сөздөр айтылууда. Өзүңүз да ушул чуудан кийин Өкмөт башчылыгынан кеткенсиз. Жол салуу боюнча тендерге аралашканыңыз ачыкка чыгып калат деп коркпойсузбу?

— Парламентке барганымда бул маселе боюнча өзүмдүн жообумду так, ачык айткам. Жолду шылтоолоп, атайын чыр кылышып, Сариевди кетирүүнүн жолун издешкен. Мен кызматтан эмне үчүн кеттим? Анткени, парламентте менин фракциям жок болчу. Өкмөт менен парламенттин ортосунда тирешүү күчөй баштады. Өкмөттүн негизги маселелери парламент аркылуу чечилет. Эгерде Өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда тирешүү болгон болсо эч кандай жыйынтык болбойт. Мен бийлик ортосунда тирешүү болбосун деп отставкага бердим. Мени кызматтан алуу үчүн жол шылтоо болсо, себеп башкада болчу. Көпчүлүгүн Сариевдин иш стили, ыкчамдыгы тынчсыздандырып жатты. Балыкчы-Корумду жолун баштаганым үчүн мени күнөөлөсө, мен ал күнөөнү көтөргөнгө даярмын деп айттым. Бул жолдун салынышы үчүн кошумча каражаттарды таап жатканбыз. Келечекте дагы тапмакпыз. Чечим кабыл алып, баары менен макулдашылып башталган жол. Президент менен да бул маселе боюнча бир нече жолу сүйлөшкөнбүз, баштай берели деп кеңешкенбиз. Ошонун негизинде башталган. Тендерди транспорт министри өткөрөт. Бул алардын түздөн-түз укугу. Эгерде тендерде кандайдыр бир мүчүлүштүк кетсе транспорт министри, комиссиянын төрагасы жооп берет. Премьер-министрдин тендер өткөрүүгө эч кандай тийешеси жок. Мен бүгүн да айтам, жол туура башталды. Тескерисинче, биз кечигип баштадык. Сариев кетти башка эч нерсе өзгөргөн жок, ошол эле компания иштеп жатат. Мен ачык айтып коёюн, бул жолдон 6 млн доллар эмес 6 тыйын да алынган жок. Менин принцибим таптакыр башка. Баардык министрлерден ачык, таза иштегиле деп талап кылчумун. Отставкага кетип жатканымда Өкмөттүн жыйынын өткөрүп, баарыңардын көзүңөргө тик карап айта алам, бирөөңөрдөн тыйын сураганым жок, муну жасап кой дебедим, баарыңарды таза иштөөгө чакырып, таза иштейли деп талап кылып турдум деп айттым.

— Президенттикке талапкер болуп чыгам дегенден бери Кремлге бат-бат каттап жатканыңыз тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Москвадан колдоо табам деп аракет кылып жатасызбы?

— Экономика министри болуп турганымда Бажы биримдиги тууралуу, андан кийин Өкмөт башчысы болгонумда ЕАЭБ жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баардык сүйлөшүүлөргө катышып, көп учурларда чечимдерди кабыл алып жүрдүм. Ошондон улам мени алар жакшы билип калышкан. Сүйлөшүүлөр учурунда менин принципиалдуулугумду, катуулугумду, маселени терең изилдеп чечим кабыл аларымды билишчү. Мен баардык жакка эле каттап жүрөм. Казакстанга деле барып жатам. Тааныш болгондон кийин чакырышса барат экенсиң да. Ар түрдүү маселелер боюнча талкуулар болуп жатат. Россияга дагы барып жатам. Бирок, биздин президент ким болорун кыргыз эли чечет. Элдин добушуна ээ болсок шайланабыз.

Булак: “Жаңы ордо”

Эрмек БЕКТУРОВ, теолог: «Бизде таблиги жамааттарга тыюу салынган эмес»

– Биздин өлкөдө ар түрдүү медреселер бар. Каржылоолор да ар кандай. Кээде жеке ишкерлер эле каржылашы мүмкүн. Ошону менен бирге ар кандай диний уюмдар каржылашат. Бизде таблиги жамааттарга тыюу салынган эмес. Бөлөк мамлекеттерде – Орусия, Казакстанда тыюу салып койгон. Таблиги жамааты – бул уюм эмес кыймыл. Булар намазды кандай окуш керек ошого түшүнүк беришет. Алардын негизги түбү Пакистанда, Индияда түптөлгөн. Колдоо ошол жактан бо- луп жаткандыктан сакал коюшуп, пакистандыктардын кийимин кийип жүрүшөт. Биздин өлкөдө таблиги жамаатына муктаждык болуп жатат.

 

Булак: “Азия ньюс”

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Атамбаев көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат»

 

— Табылды мырза, бийликке каршы үн катып жаткан Өмүрбек Текебаевдин 2 айга камакка алынышы саясий абалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

– -Бул суроого алды менен кечээки ЖКнын отуруму жакшы мисал болуп берет го дейм. Айрым калбыры бар депутаттар үн каталбай коркуп жатпадыбы. Айрымдары бийликтин сөзүн, көзүн карап, күнкарамага айланып жатпадыбы. Эл көрүп алып күлүп жатат. Бүгүн президент Атамбаевге тике карап, чындыкты көзүнө айта ала турган бир эле Текебаев болчу. Ошого аны саясий негизде кандай гана болбосун оюндан чыгаруу керек деген операциясы жүрүп жатат. Муну Акаев, Бакиев деле жасап келген. Аны баарыбыз билебиз. Башкасын айтпасак да “Матрешкагейтти” эстесек жетиштүү. Бүгүн болсо “Мародерство”, “ Белизгейт” эми “Маевскигейт”. Менимче, эми бийликке эч ким тоскоолдук кыла албайт. Ал президенттик шайлоолорду өзү каалагандай өткөрөт. Масленин баары ошондо.

— Текебаевге жан тарткан саясатчылардын басымдуу бөлүгү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болууда. Башка саясий күчтөр сырттан байкап тургандай элес калтырууда. Бул кармаш Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн ортосунда боло турган болуп калды окшойт. Кайсыл тарап элге жакыныраак боло алат?

— Ооба, 31-августта А. Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн кескин сынга алып, тирешке жол ачты. Бирок, саясатчылар президенттик шайлоолор алдында өзүнчө ар бир кандидаттын тегерегине топтолушат. Башкача айтканда бир эле УӨ эмес, башка да күчтөр пайда болот. Бүгүн эле өлкөдөгү баардык патриоттук күчтөрдү бириктирген күчтүн пайда боло тургандыгы айтылды. Президенттикке барам деп жарыя кылган Т. Сариев, Б. Төрөбаевдердин тегерегине да бир топ саясатчылар топтолуп жатат дегендей.

— Башкы “Атамекенчиге” көрсөтмө берген орус ишкери Маевский өз өлкөсүндө ызы-чуулуу иштерге аралашканы, арты таза эмес экени маалым болду. Ал М. Бакиев менен тааныш болгон экен. Кийин Россиядан куулган Березовскийдин адамы болгону да айтылды. Ошондой адамдын көрсөтмөсү менен Текебаевге кылмыш ишин ачып, камакка алуу акылга сыйчу ишпи?

— Кыргызстанда абийири, ар- намысы күмөндүү адамдарды пайдаланып кылмыш ишин ачуу, саясатчыларды сындыруу көнүмүш болуп калды. Мына “атамекенчилер” үчүн “ мошенниктер”, мурда отуруп чыккан адамдар катары таанылган А. Юсупов, Рыкунова, Маевскийлер колдонулуп жатпайбы. Белизгейтте да эл аралык деңгээлде “мошенник” аталган компания колдонулбадыбы. Бирок, ушунун баарын көрүп туруп, саясатчылар унчукпай олтурушпайбы. Эртең эле бийлик алмашып кетсе, өзүлөрү ошондой абалга кептелип калаарын билбей жатышат. Анан калса, биздин саясатчыларда ар-намыс дегенден эч нерсе жок. Депутат болуп алып, Президент аппаратынын кызматкерлерине жүгүнүп кирип, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасап берип жатпайбы.

— Маевскийдин видео көрсөтмө берүүсүнө ФСБнын макулдугу жок биздин УКМК жетише алат беле? Бул ишке ФСБ да кызыкдар деп шек саноого болобу?

— Ооба, менимче Маевскийди ФСБнын жардамысыз арыз менен кайрылтуу кыйынга турмак. Анан калса, ал экс-депутат. Госдумада байланыштары бар дегендей. Биздин СНБ орус тараптын макулдугусуз башка өлкөнүн гражданинине, фракциянын лидерине каршы арыз жаздыра албайт. ФСБ дароо эмне үчүн биздин башыбыздан ашып түшүп иштеп жатасыңар деп чыкмак. Маевский ФСБ жана башка укук коргоо органдарынын колунда, башкача айтканда алардан көз каранды адам. Орусияда репутациясы өлгөн, бир канча жолу соттошуп, азыр да сотто жүрүп жаткан адам катары айтылууда. ФСБ ага “макул” биз бул ишиңди бүтүрүп берели, сен болсо кыргыз оппозиционерине каршы көрсөтмө бер деп көндүрүп коюштары мүмкүн да. Анан калса, Маевский өзү деле эмне үчүн биздин коопсуздук кызматына ишениши керек эле. Ошондуктан, менимче бул макулдашылган. Кайсы бир деңгээлде макулдукту алыш учун акча да берилген. Себеби, Орусияда деле биздегидей коррупция күч. Ошол эле учурда Маевскийге да көп нерселер убадаланышы мүмкүн. Мисалы, “Мегакомду” арзаныраак сатууга. Же акциясынын кайсы бир процентин сатууга дегендей.

— А. Атамбаев “Маевский 6 жыл мурун арыз менен кайрыла албай эми кайрылыптыр. Себеби, бүгүн ал бийликке ишенип, укук коргоо органдарына кайрылып жатат” дегендей айтты. Сиз кандай ойлойсуз, эмнеге ал 6 жылдан бери арыз менен кайрылган эмес? Бул жерде кандайдыр бир саясат жатса керек, кандай дейсиз?

— Өзүңүздөргө белгилүү “Ата-Мекен” фракциясы буга чейин дайыма коалицияда болуп келген. Бирок, акыркы коалиция түзүлгөндө “Ата-Мекен” кирбей калды. Мына ошондон баштап бийлик “Белизгейт” операциясын уюштурду. Андан майнап чыккан жок. Анан Саляновага кылмыш ишин ачты. Анан Шыкмаматовго, эми Текебаевди камап олтурат. Башкача айтканда ушул согуштун жүрүп жатканын көргөн соң, тиги Маевский деген шылуун арыз жазып, бир чоң нерсени утуп алууну көздөп жатат. Албетте, Маевский бул оюнга дароо эле көнө койгон жок. Бул үчүн Маевский өзүнүн тылын бекем кылып алган. Мисалы, анын артында ФСБ же Госдуманын депутаттары турушу мүмкүн. Же болбосо ФСБнын отставкадагы генералдары турушу ыктымал. Алардын бул структурада крышалары бар.

— Кыргызстанда кимде-ким взятка менен шектелсе, анда взятканы сунуштаган адам да камалышы керек. Бул жерде орус гражданини үчүн мыйзамдар иштебей жатат. Эмне учун? Путин менен макулдашылган эмеспи?

— Мен жогоруда айткандай Маевскийдин «крышасы» бар. Ошондуктан, Маевский биздикилер менен өзүнүн коопсуздугу тууралуу өтө так келишип алган болсо керек. Ал келип арыз жазат, очный ставкага катышат. Анын бул кызматы үчүн биздикилер ага кылмыш ишин ачпайт. Эгер ачса, ал тескери сүйлөп, менден суранышкан, мага акча сунушташкан деп көп нерселерди айтып, коопсуздук кызматынын абийирин аштай төгүп коюшу мүмкүн. Ооба, айрымдар бул ишти Путин менен макулдашылган деп жатышат. Себеби, Маевский Госдуманын экс-депутаты. Ага Кыргызстандын укук коргоочулары эмес, Коопсуздук кызматы кызыгып жатат. Ошол өңүттөн алып, Маевскийди көндүрүш үчүн Путинден макулдук алынган деп жатышат.

— Эмнеге орус жараны Маевский тандалган?

— Себеби, Текебаев өтө популярдуу саясатчы. Аны сындырыш үчүн кыргыз жаранын колдонуу кооптуу. Кыргыз жаранынын артында тууган- уругу бар дегендей. Ал кайсы бир учурда баарын айтып салышы ыктымал. Маевский бир колдонулуучу тряпкадай эле да. Ал кайсы бир кызматтарды кылып берет, анан кетип калат. Биздикилердин проблемасы болбойт. Кыязы, ушундай негизден Маевскийге токтолушкан го дейм.

— Маевский сотко келбей коюшу мүмкүнбү?

— Ооба. Маевский сотко келбей коюшу толук мүмкүн. Анан калса, Маевскийдин айткандарын сотто далилдөө кыйын. Мисалы, ал акчаны эки бөлүп жибергем дейт. Биринчисинде 300 миң долларды Модинге берген. Ал дагы бирөөнө берген. Бирок, ал бүгүн жок. Кайтыш болуп калган. Акча каякка кеткени белгисиз. Анан калса, Маевский ошол 300 миң долларды Кыргызстанга кантип киргизген? Бул маселе да так эмес. Эч документсиз. Экинчи жолу 700 миңди Москвадан жөнөткөм дейт. Ал акчанын Кыргызстанга киргени тууралуу эч далилдери жок. Ошого ал сотко толук келбей коюшу мүмкүн. Бирок, биздикилерге саясат керек да. Максат эптеп Текебаевди сындыруу учун ага асылып, аны жулмалап, тынч койбош керек болуп жатат да. Эркин дүйнөнү кыдырып, коррупциялык документтерди чогулткан Текебаевден көрө, СИЗОдо олтурган Текебаев артык болуп калды көрүнөт.

— Путиндин келиши менен Маевскийдин көрсөтмө берүүсү аркылуу Текебаевдин камакка алынышы бир мезгилге туура келип калбадыбы. Бул атайын жасалган ишпи?

— Бул бекер болгон жок. Муну менен бийлик Текебаевден өтө коркоорун, аны камоо өтө маанилүү экенин билгизип койду. Эң негизги максат Текебаевди камоо экени билинип калды десем жаңылбайм. Менимче эң негизги себеби, президенттик шайлоолор жакындап келатат. Орусия кандидаттарды караштырып, акырындык менен тымызын консультацияларды жүргүзөт. Балким, Текебаевдин өзүнө да кызыгып калабы деген коркунуч болду. Же Текебаев көрсөтүп, сунуштаган кандидатты жактырып калышпасын деген коркуу бар. Кыскасы, Текебаев негизги конкурент деп аны оюндан чыгаруу негизги максат болду көрүнөт.

— Путин келсе президенттик шайлоого старт берилет деп айтылып жүрдү эле. Орус президентинин иш сапары учурунда мураскер тууралуу сөз козголду деп ойлойсузбу?

— Жок, сөз козголгон жок деп ойлойм. Текебаевдин камалышы менен саясий процесстер башка нукта өнүгүшү мүмкүн. Атамбаев буга чейин деле айтып келбеди беле, мураскер болбойт деп. Кыязы, мындан ары саясий процесстер эки нукта өнүгөт. Биринчиси, Атамбаев өзү экинчи мөөнөткө барат. Экинчи жол, Атамбаев мураскер калтырат. Бирок, ал үчүн көптөгөн саясатчыларды президенттикке чыгарбай, өзүнүн мураскерине жол ачат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Акин Токтоналиев, адвокат, укук коргоочу: “Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жүргөн”  

 

Азыркы муфтий Максатбек ажынын тиешелүү диний билими жок, ал мусулмандардын укугун анча коргой албай, кайдигерлик кылып жатат деген Акин Токталиев менен байланышып, суроолорубузга жооп алдык.

-Акин мырза, маалымат жыйын берип, муфтий тууралуу айткандарыңызды муфтияттан жокко чыгарып, Максатбек ажы Скря­бин атындагы айыл чарба институтунан зоотехник адистигине ээ болгонун жана Пакистандын Лахор шаарындагы “Алъ-Арабия” университетинен билим алганын айтышты го? Буга кандай жооп кайтарасыз?

-Максатбек ажы жогорку би­лим алдым деген “Аль-Арабия” деген окуу жай Пакистанда жо­горку окуу жайга кирбейт экен. Айтайын дегеним, “Аль-Арабия ” диний окуу жайы тууралуу Дин комиссиясынын директору Орозбек Молдалиевге Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 04.06.2015-жылы №16-025/6101 номерлүү кат ме­нен маалымат беришкен. Ал документти жакын арада эле көрдүм. Кайсы тармак болбосун адилеттүүлүк орун алсын деген максатта ошол маселени көтөрүп, Максат ажы үч жыл бою муфтий болуп иштеп мыйзамсыз маяна алып, мусулман коомчулугун алдап жа­на КМДБнын уставын бузуп жүргөнүн айтып чыктым.

-Муфтий тууралуу тараткан терс маалыматтарыңыздан улам аны менен мамилеңиз начар окшойт деген ойго кептелет экенсиң. Азыркы муфтий менен кандай мамиледесиз?

-Негизи муфтий Максатбек ажы тууралуу коомчулукта терс пикир жаратайын деген деле оюм жок. Чынын айтсам, Максатбек ажы менен абдан жакшы мамиледемин. Мен аны, ал мени сыйлайт. Башкача айтканда, пофессионалдуу укук коргоочу жана адвокат деп мага урмат-сый менен мамиле кылат. Бирок орустар “Платон мой друг, но истина дороже” дегендей, мен КМДБ өздөрү кабыл алган мыйзамдуу устав сакталсын де­ген гана ой менен ушул маселени көтөрүп, бул нерсе кийинки шайланчу муфтийлерге сабак болсун деп жатам. Анткени эртеби-кечпи жасалма сөздөр, дипломдор айтор, ар кандай терс иштери бүгүн жашырганы менен эртең эле ачыкка чыгып калат деп ойлонсун, өзгөчө молдокелер мыйзамды сыйлаганды жана аны аткарганды үйрөнсүн деп жатам.

-Муфтийликке am салышсамбы деген оюнуз барбы? Муфтий Максат ажыга кар­шы топтун заказын аткарып жаткан жоксузбу?

-Мен өзүм укук коргоочумун жа­на адвокатмын, өз профессионалдуу ишимди гана аткарам. Менде муфтий болот элем деген ой жок. Себеби диний билимим жок. Муфтийликти талаша албайм. Өзүм да муфтийликке жарабайм. Кабыл алынган мусулмандардын уста­вы бурмаланбай так аткарылсын деген гана таризде ошол маселе­ни көтөрүп, өз көз карашымды билдирип жатам. Чынын айтсам, мага муфтийликке ким келгенинин айырмасы жок. Эң негизгиси, муфтийликке мусулмандардын укугун коргогон адам келиши керек. Эгер чала сабат адам келсе, ал бийликтин марионеткасы бо­луп, ажылыкта акча бөлүшкөндөн башка иш алып бара албай калат.

Өкүнүчтүүсү, 1700дөн ашык момун мусулмандар мыйзамсыз экстремист деген жалган жалаа менен соттолуп кетишти. Масатбек ажы болсо аларга арачы түшө албай кайдигер мамиле кылып, мен келтирген далилдерди бийликке жеткире албай мококтук кылып жатат. Ушул жагынан кара­ганда, мусулмандардын таламын талашкан адам муфтий болсо де­ген оюм бар.

-Сизди экстремист, террористтердин демилгечиси деген маалымат чыкты эле. Ал сөздүн аныгына чыга алдыңызбы?

– Мени аз жерден экстремист – террористтердин уюштуруучусу, демилгечиси деп, сот жообуна тарттыруу үчүн УКМКга жашыруун катты Дин комиссиянын ди­ректору жибериптир. Ал аз келгенсип, Акин Токталиев эл аралык уюмдан акча алат террорист-экстремисттин уюмун коргош үчүн жана ызы-чуу салыш үчүн деп жазышыптыр. Мен айткан жашыруун каттын ээси менен соттошуп жатам. Мага өтө чоң оор кылмыш кылды деп жазыптыр, ошону далилдеп бергиле деп, 2015-жылдын июнь айынан бери соттун аягына чыга албай жатабыз.

-Чубак ажыны да президенттик тактан көргүсү келгендер бар экен. Өзү Чубак ажыга ишенгендер барбы?

-Чубак ажы негизи реформатор муфтий болгон. Бийлик менен теңтайлашып, мусулмандардын укугун коргой алат жана бийлик­тин кетирген кемчилигин саясатчыларга окшоп беттен албай, Куран, хадистерди айтып, тарыхта падышалар, вазирлер, соттор кан­дай болгон жана кандай болуш керек экенин жалпак, жумшак тил менен түшүндүрөт. Ал эми коомчулукка болсо падышаны жана анын өкүлдөрүн кандай мамиле жасашты айтып даават жасап ми­тинг, пикет дегенди жоготот, Сирияга адашып кетип жаткан элди токтотуп, кеткендерди чакырып алып келет. Мусулман өлкөсү президентке караганда Чубак ажы­га ишенет. Ошондуктан инвестицияны Чубак ажы жеңил алып келип, кыргыз элин бир заматта байытып жибере алат. Азия жана Россияда билими ага тең келген бир дагы муфтий жок. Чубак ажы президенттикке койсо да эл колдойт, бирок ал саясий жагынан жаш, такшала элек. Ошондуктан “карышкырларга” алданып калышы мүмкүн.

Булак: “Фабула”

Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: «Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер»

 

— Кеп Текебаевдин кармалгандыгы же кармалбагандыгы жөнүндө эмес. Айтайын дегеним, ошол ыкма жөнүндө кетип бара жатат. Текебаев бирөөгө жагабы, жакпайбы, ал мамлекеттик ишмер. Ал Жогорку кеңештин мурунку төрагасы жана бир канча жолку чакырылыштын депутаты. Башында азыркы бийликтегилер менен чогуу жүргөн менен соңку кездерде оппозициялык топтун төрагасы катарында дагы караш керек. Намысыңа келесиң да, эмнеге башка мамлекеттин жараны, биздин бир очойгон партиянын төрагасын, ушундай деп, койду деген сөздүн аркасы менен чоң операция жасагандай болуп, анан ошол самолеттон колуна кишен салышкан, жөн эле кечирип коюңуз, биздин силерге суроолорубуз бар эле, келип кетесизби, десе бара турган эле нерсе да. Текебаев башка жака качып кете турган киши эмес. Андан да баш кесер, жанкечтини кармагандай кылып, сыпаттап жаткандыгы, бул уят иш. Бул жеке Текебаевдин намысына шек келтирүү эмес, бул бүтүндөй кыргыз журтчулугуна, кыргыз саясатына тийгизген абдан чоң сокку. Эгерде кайсы бил маселелер боюнча кармаган болсо, үй камагына деп коюп, Бишкектен сыртка чыкпоо жөнүндө кол койдуруп алып, тергөөнү жүргүзө бер, эч ким сага тоскоолдук кылбайт. Анан ошол күнөөлөр далилденген соң элдин алдына келип, ийне-жибине чейин айтып, андан кийин чара колдонсоң эл деле толкубайт. Бул иштер, баягы кемчонтойлук. Мыйзамдуулукка карасанатайлыкты күч алдыруу. Эгер чындык үчүн күрөш боло турган болсо, баары мыйзамдын чегинде жүрүшү керек. Дем алыш, майрам күндөрүнө карабастан ушундай далбастаганы, бул абдан алсыздыгын билдирет. Азыркы УКМК мамлекеттин коопсуздугу үчүн эмес, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгын коргоп жаткандыгы көрүнүп калды да. Себеби, ал жерге таптакыр кызматты түшүнбөгөндөрдүн келип калгандыгынын кесепетинен десек болот. Маевский ушундай көрсөтмө берди дейт. Ал эмне жети жыл талкан салып жаттыбы же комага түшүп бүгүн ойгондубу? Бул маселени 2010-жылы эле көтөргөнбүз деп жатат. А эгер 2010-жылы көтөргөн болсо, ошондо неге чара көрүлгөн жок. «Мегакомдун» тегерегиндеги чыр да ошондон бери уланып келе жатат. Эмне үчүн ошондо эле чекит коюлган жок? Ошондуктан, ойлонулбаган, жакшы эмес аракеттер бүдөмүк ойлорду жаратат. Мен муну ким болсо ошол болсун, айтар элем. Эч кимдин башына андайды салбасын.  Кыргызстанда белгилүү жарандарды, белгилүү эмес болсо дагы кыргыздын жаранын биринчи кезекте укугун коргоого аракет жасалышы керек. Айрым учурларда туура эмес пикирлер кетип калып жатат. Эми аны ар-бир кишинин өз абийирине коёлу.

Булак: “Жаңы Ордо”

Өмүрбек Абдрахманов, мурунку депутат: «Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес»

 

— Өмүрбек байке, саламатсызбы. Текебаевдин камалышы тууралуу сиздин ойду уксак, сиз айтып жүргөн маселе менен камалбадыбы?

— Мен мурун айтсам Атамбаев да, Прокуратура да (Салянова) көңүл бөлбөй койгон. Анда эки дракон «дос» эле. Эми экөө согуша кеткенден кийин орустарды таап Текебаевди камакка алышты. Эгерде ошол маалда Текебаев менин тилимди укканда камакка алынмак эмес.

— Сиз бир миллион долларды орустар алып келгенин, Текебаев алганын көргөнсүзбү?

— Мен көргөн эмесмин, орустар менен жолугушуусуна катышкам. Андан кийин Чотонов 1 миллион доллар алып, партиянын ишине жумшаганын айткан.

— Маевский менен сиз да жолуккансызбы?

— Текебаевдин кабинетинде жолукканбыз. Мен “Мегаком” боюнча комиссиянын башчысы элем. Ошон үчүн мени да Текебаев чакырган.

— Маевскийдин билдирүүсүндө сиздин атыңыз аталбаптыр го?

— Ал менин фамилиямды эстеп жүрүптүрбү же мага акча бербесе…

— Сизди «Ата-Мекенчилер» коркутуп жатабы? Коркутуп жатат деген маалымат чыгып кетпедиби?

— Жок. 5-каналга интервью бербей койсом ошентип жазышыптыр.

— Текебаев сизди ушул маселе боюнча сотко берип, утуп алган болчу. Эми сиз аны сотко бересизби?

— Көрөбүз аны.

— Демократ саясатчы, эл өкүлү болгон кишисиз. Текебаевди аэропорттон күч колдонуп кармап кеткени мыйзамдуу болдубу?

— Кармай турган болгондон кийин каяктан кармаганы маанилүү эмес. Түлеевди үйүнөн алып кеткенде бала-бакырасы боздоду деп жазгансыңар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аида Салянова, ЖКнын депутаты: “Маевский дегенди камакка алыш керек болчу”

 

— Аида Жеңишбековна, сизди Башкы прокурор менен УКМКнын төрагасынын парламентке келип берген маалыматы канааттандырдыбы?

— Негизи акыркы болгон окуяга баа бергендей каралыш керек болчу. Тилекке каршы биз өзүбүздүн берген суроолордун көпчүлүгүнө жооп ала алган жокпуз. Мен ойлойм аларда жооп жок. Карап атабыз, карайбыз эле деп жатышат. Кээ бир өтө маанилүү маселелерде Россиядан акчаны чын эле алган болсо сөзсүз түрдө бажы тармагынан декларация толтурулушу керек. Эгер кимдир бирөө ошондой көрсөтмө берип жаткан болсо акча чын эле өткөнбү же өткөн жокпу деп сураш керек эле. Алар болсо эми карайбыз дейт. Эми каралып жатат, иштин үстүндө карап жатабыз дешүүдө. Иш козгоордон мурун тастыктап алып, анан жарыялап андан кийин иш козгош керек болчу. Кээ бир маселени карап атабыз десе кээ бир маселени тергөөнүн купуясы деп койду. Көп суроолорубузга канааттандыраарлык жооп ала алган жокпуз десем туура болот.

— Бүгүнкү чыгып жаткан документ боюнча эмнени айта аласыз?

— Азыр эч нерсе деп айта албайм. Ошондой маалымат чыкты. Бүгүн жактоочулар маалымат жыйын бериптир. Биз Жогорку Кеңеште жыйында элек. Азыр алар менен деле сүйлөшкөндөй боло элекпиз. Бирок биз фракциянын жыйынын чогулталы деп чечтик. Андан тышкары дагы социалдык көп маселелер болуп жатат. Коллегалар менен талкуу кылсак бүгүн келген маалыматка тийешелүү Дача-СУ маселеси боюнча дагы көп маселелер бар экен.

— ”Белизгейт” боюнча дагы кылмыш ишин козгободу беле? Азыркы документ менен кылмыш ишин козгосо болобу?

— Эч болбойт эле, козгогон күндө дагы Маевский дегенди камакка алыш керек болчу. Бирок биздикилер аны камакка алган жок. Бул өзү ошол УКМКга кирип, өзүн жайбаракат сезип, телефон менен сүйлөшүп, ал жактан чыгып аба майданга барганы чоң суроолорду жаратат. Эмне үчүн башка мамлекеттин жаранына ошондой мамиле болду? Анын үстүнө Өмүрбек Чиркешовичти камакка алып жаткандагы соттун чечимин окусак “Башка күбөлөргө кысым көрсөтөт”деп жазыптыр. Бүгүн бизге белгилүү болгон жарандар башка өлкөдө жашап, Кыргызстанда жашабаса кантип кысым көрсөтөт эле? Ошондуктан камаганга дагы эч кандай негиз жок болчу.

— Түркиядан келген документтер кылмыш ишин козгогонго негиз болуп бере алабы?

— Биз баарын дыкат карайлы деп айттым. Чындыгында биз ал документтерди көргөн жокпуз. Алардын баарын карап чыгып анан пикирлерди айтабыз.

— Өмүрбек Текебаев 48 сааттан кийин чыгат деген үмүт бар эле. Соттун чечими башкача чыгып калды. Мындан кийин митингдер токтойбу?

— Жок, токтобойт. Биз мөөнөтсүз митинг дегенбиз. Өмүрбек Чиркешович бошогонго чейин ушинтип чогулуп өзүбүздүн нааразчылыгыбызды билдирип турабыз.

— Өмүрбек Текебаевдин ак экенине ишенесизби?

— Жүз пайыз ишенем.

Булак: “Жаңы Ордо”

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Атайын кызмат документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн”

 

— Артур мырза, кечээки Ата-Мекен фракциясы тарабынан Президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына тийешелүү болгон документ жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Дача-СУга кулаган учактагы жүк чын эле өлкө башчыга жана биринчи айымга тийешелүү болуп калышы мүмкүнбү?

— Бул маселени эки тараптуу карасак болот. Биринчиси, эң негизгиси, атайын документтер президенттин атына жазылган документ экен. Ал документтин кандайдыр бир иштердин же кызык окуялардын негизинде документтин көчүрмөсү башка адамдарга түшүп калганы өтө таң калыштуу. Экинчиден, бул документ оперативдүү маалымат. Оперативдүү маалыматтын ушундай деңгээлде жазылышы дагы күмөн. Үчүнчүдөн, бул документ окуялардын жана ушул окуяга катышкан фигуралардын аттарынын аталышы дагы кандайдыр бир деңгээлде күмөндүү ойлорду элестетет. Мындан тышкары ачыгын айтсак, кээде ушуга окшогон документтерди авиа компаниялар камсыздоону төлөбөш үчүн кандайдыр бир адамдарды жалдап, же өздөрүнүн атайын кызматтагы адамдарын жалдап кандайдыр бир документтерди даярдап элге таркатууга, ошондой эле биздин мамлекеттеги оппозициялык маанайдагы адамдарга маалымат катары жиберүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн учурлар пайда болот. Ачык эле айтыш керек, ушуга окшогон маалыматтардын айынан дүйнө жүзүндө согуштар дагы болуп келген. Мисалы, Англиянын атайын кызматынын адамдары убагында Иракта химиялык оор жарылуучу заттар бар деп туура эмес маалымат бергенинин негизинде кийин согуш ачылып кеткен. Же болбосо алыс кетпей эле биздин мамлекетте дагы жогорку бийликке кете турган документтер жоголуп, же болбосо кандайдыр бир деңгээлде ачыкка чыгып калган учурлар дагы көп эле кездешкен. Ошондуктан бул документти бүгүнкү күндө көңүл буруп, чын эле жасалма экендигин же чындыгын такташ үчүн карап чыкса болот. Себеби канткен менен айып тагылып жатат, бул боюнча бүт коомчулукка билдирүү болгондон кийин каралып чыгышы керек. Эң негизгиси 40 жараныбыз каза болуп, ушундай кырсыкка туш кылган контрабандалык жол менен келген учактар деп биз эсептеп жатабыз. Мен буга толугу менен кошулам. Себеби буга чейинки президенттердин убагында, бүгүнкү күндө дагы транспорттук, авиа, темир жолдору менен келип жаткан товарлар келген жана азыр да келип жатат. Бул ушунчалык коррупциялык схемага өтүп кеткен. Ошондуктан мындан кутулуш, арылыш өтө кыйын болуп калды. Былтыр Белоруссиянын президенти чоң бир жыйында “Кыргызстандын чек арасында чоң тешик бар, тешиктен контрабандалык жолдор менен товарлар келип турат”-деп айтты. Буга чейин дагы бир нече жолу анализ болуп келген. Биздин Кыргызстанга келген товарлардын баасынын суммасы башка мамлекеттен чыккан товарлардан 10 эсе аз көрсөтүлүп, абдан төмөн болуп кеткен. Бул ушундай ачыктан ачык, биздин Кыргызстанда болуп жаткан контрабандалык системалардын дагы деле иштеп жаткандыгын билдирип турат. Эми буларга жогорку деңгээлдеги атка минерлердин тийешеси бар, буга эч ким күмөн санабайт деп ойлойм. Мындан сырткары чек ара, бажы тармагынын кызматкерлери ушуга байланыштуу болгон укук коргоо кызматкерлери бул боюнча муну көп жылдардан бери жакшы билишет. Алардын кээ бир ыплас схемалуу жол менен иштеген жетекчилеринин иштерин же ушуга байланыштуу иштеген адамдары кийлигишип ушул боюнча шугулданып келишет. Буга бөгөт коюу абдан оор болуп калган. Жөнөкөй эле мисал бүгүнкү күндө Кыргызстандан өзүбүздүн жакынкы эле мамлекеттерге контрабандалык жол менен чыгып жаткан күйүүчү майлар дагы деле болсо болуп турат. Бул боюнча бир нече деген мисалдар дагы келтирилген, ошондуктан бүгүнкү күндө бул абдан татаал опурталдуу иш. Биздин укук коргоо органдары ушул боюнча териштирүү иштерди таза, чын, адилеттүү, Кыргызстандын мыйзамынын негизги нормалары менен туура көргөзсө көп контробандалык жол менен шугулданган жогорку деңгээлдеги атка минерлердин ысымдары эмес алардын схемалары кошо чыгып калышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө ушундай болуп калышы коомчулукту абдан ойлондурат.

— Турциядан келген документте 18 ката бар экен. Ушунча катадан кийин бул документтин “чындыгына” кантип ишенсе болот?

— Өткөндө “Белизгейт” маселеси чыкканда ондон ашык ката чыккан. Ондон ашык ката чыккандыктан оперативдик негизде айыптоолор болгон. Азыр деле ошонун жообу болуп жатат. Президентке жазылган расмий документтин үтүрүн же чекитин койбой койсо башка болмок. 18 ката болушу мүмкүн эмес эле. Мен жана да айттым, азыр да айтам ушуга атайын кызыктар болгон компаниянын, камсыздандырган агенттиктин кызматкерлери дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Же болбосо Турциянын өзүндө дагы президентке каршы иштеген адамдары бар. Себеби былтыр төңкөрүш болуп кете жаздап араң калышпадыбы. Дагы деле болсо алардын арасында жашыруун негизде ага каршы иштеген адамдар дагы пайдаланышы мүмкүн. Же болбосо шылуундар кандайдыр бир деңгээлде ушундай документти жасап, оор трагедиялуу окуядан акча табыш үчүн шугулданган учурлар дагы болот. Документти баардык жактан карап, мүмкүнчүлүк болсо коюлган мөөрлөргө байланыштуу текшерүү иштерин жүргүзсө ким аркылуу жасалганы чыгып калышы мүмкүн. Ачык эле айтаар элем, бул боюнча элчилиги билдирүү жасады. Чалгын же атайын кызматтын кызматкерлери документтерди жибергенде элчилик эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн. Бул документти кээ бир ошол жактагы адамдар кийин таппасын деп бурмалап атайын ката да киргизиши мүмкүн. Бул териштирүү жана иликтөөнүн негизинде көп нерселер белгилүү болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Турсунбек Акун, мурунку Акыйкатчы: «Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу»

-Турсунбек мырза, сиз Текебаев камалган күндөн бери активдүү чуркап жүрөсүз. Митингде жалындуу сүйлөдүңүз, сотко чейин бардыңыз. Бирок, Текебаев азыркы башаламан системаны курган башкы архитектор өзү экенин жакшы билесиз да. Ушул эле версия менен бир топ саясатчыларды сындырганга шарт түзгөн адам. Өзү ошол абалга туш келгенде мыйзам бузуу болду деп кыйкырып жатат. Бул кош стандарттуулук болуп калбайбы?

— Мен жалгыз гана Текебаевди коргоп митингге чыкканым жок. Демократиянын абалы коркунучта болуп, сөз эркиндиги бузулуп, саясий куугунтук күч алгандыгы үчүн чыктым. Жалгыз эле Текебаев эмес, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дүйшөнкул Чотонов, Дастан Сарыгуловго окшогон адамдар камалып жатканы үчүн чыгып атам. Укук коргоочу, өмүрүн демократияга арнаган адам катары Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги болушун каалайм. Азыр демократияны, сөз эркиндигин муунтууга коркунучтар жаралып жатат. Өмүрбек Текебаев менин досум, теңтушум болгону менен мага камакка алынган башка саясатчылар да ошондой жакын адамдар. Мен Текебаевди актоодон алысмын. Коррупцияга, алдамчылыкка каршы болуп, тазалык үчүн күрөшүп келатам. Бирөөнүн эмгегин жеп, акчасын алдап алганды каалабайм. Ким алдамчы экенин, ким коррупцияга аралашканын бир гана сот чече алат. Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева дагы коррупционер, алдамчы деп айта албайт. Текебаевди алдамчы, коррупцияга аралашкан деп айтууга эч кимдин укугу жок. Эгер ага тагылып жаткан күнөөлөрдү далилдей албаса камакка алгандар мыйзамдын алдында жооп бериши керек болот. Акчаны кайсыл убакта алды? Колуна алганы тууралуу тил кат жазганбы? Аудио же видео жазуу барбы? Башка өлкөдөн келген эки жарандын акча алган деген көрсөтмөсү менен эле камай берсе жаман өнөкөт түзүлөт да. Эгер кимдир бирөө президент менден мынча акча алды эле деп көрсөтмө берсе эле камай береби? Ошон үчүн өзүмдүн пикиримди ачык айтып жатам.

— Текебаев үчүн чыкканым жок деп жатасыз. Митингде Текебаевди жактаган, Атамбаевди эсиңе кел, Өмүкөмдү бошот деген сөздөрдү айтпадыңызбы?

— Текебаевди, саясий куугунтукка кабылган башка саясатчыларды коргогон комитет түзүлдү. Ошонун жетекчиси катары айтчу сөзүмдү айтам да. Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду, Дастан Сарыгуловду коргогон митинг болду. Ага да барып сүйлөдүм. Бектурларды коргоп 4–5 жолу туура эмес камалды, саясий куугунтук болуп жатат деп маалымат жыйынын бердим. Митингге мен эмес, адам укугун коргогон акыйкатчы Кубат Оторбаев чыгыш керек болчу. Анын ордуна мен жүрөм го.

— “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарына кылмыш иши козголуп, башынан кара булут айланып турат. Бирок, Аида Салянова башкы прокурор болуп турганда “Ата Журттан” депутат болгон Камчыбек Ташиевди, Ахматбек Келдибековду, Нариман Түлеевди, Талант Мамытовду дагы Текебаевди камаган ыкма менен камаган. Анда мыйзам бузуу болгон эмеспи?

— Текебаевдин жактоочуларын же болбосо нааразычылык акцияга катышып жаткандарды мыйзам бузду деп айта албайбыз. Алар бир имаратты барып басып алса, кимдир бирөөнү сабап койсо мыйзам бузуучулукка барды десек болот. Ошол эле Камчыбек Ташиевдин, Ахматбек Келдибековдун жактоочулары деле митинг, пикетке чыккан. “Ата-Мекендин” лидеринин күнөөсү болсо сот аркылуу далилдесин. Ал чет мамлекетке качып баратса камакка алса бир жөн. Тескерисинче, ал бул жакка келип жатпайбы. 25 жылдан бери саясатта жүрүп, номур биринчи деген саясатчы болуп аталып, Конституциянын атасы делген лидерди качып кетчүдөй кылып, Бен Ладенди кармаган сыяктуу 300 жоокер менен аэропортко барып, самолёттон түшүрбөй кармап кеткени чуу жаратып жатат. Көрсөтмө берген Маевский эл аралык издөөдө экен. 357 млн долларды жеп койгондуктан орус бийлиги издөө салыптыр. Ушундай аферисттердин көргөзмөсү менен кармабай, алгач тергөө жүргүзүп, тергөөгө барбай качса камап койсо неге болбосун?

— Саясий лидерлерди камакка алган учурда биздин баланы камап койду деген эл көчөгө чыгып, аягы кайгылуу окуя менен бүтчү эле. Мисалы, Аксы окуясы ушундай болгон. Азыр да УКМКнын жер төлөөсүндө ондон ашык саясатчы кармалып жатат. Алардын тарапташтары бийликке болгон нааразычылыгын билдирип келүүдө. Текебаевдин адамдары мөөнөтсүз митинг жарыялашты. Мунун аягы кыйын абалга алып келбейби?

— Кыйын абал жаралып калышы толук мүмкүн. Мен 3–4 күндөн бери сүйлөгөн сөздөрүмдө “Урматтуу Алмаз Шаршенович, Текебаевди камаганыңыз өзүңүздү камаганыңыз. Текебаевке кылмыш иш козгогондук, өзүңүзгө кылмыш иш козгогондук. Жаныңызда жүргөндөр Акаевге кызмат кылгандар, сизге жакшылык кылбайт, аларга бийлик, байлык болсо болду. Сиз биз менен чогуу жүрүп бийликке келгенсиз. Биз мөөнөтүңүздүн аягына жетпей качып кетишиңизди каалабайбыз!” деп айтып жатпаймынбы. 31-августтан бери экөөсүнүн ортосундагы тирешүү, чукушуу башталып, азыркы күнгө чейин уланып келе жатпайбы. Маевский 2010-жылы берген болсо ушул кезге чейин эмнеге карап олтурду? Качан кармаш-тиреш башталганда алып чыгып жатпайбы? Бул өч алуу, саясий куугунтуктун өзү болуп жатпайбы. Кечээ президент “Мында эч кандай саясат жок” деп айтып жатат. Менин Атамбаевден эч кандай өчүм жок. Эл “Кетсин!” деп кыйкырып жатса кетсин деп айтпагыла деп атам. Мунун эмнеси жаман?!

— Сиз “Атамбаев Аксыда, Базар-Коргондо кимдин үйүндө жатканын, таң аткыча эмне болгонун билебиз. Муну азырынча айта элекпиз” деп айттыңыз. Эгер көп нерсени билсеңиз аны эмнеге ачык айтпай жатасыз? Коркутуп жатасызбы?

— Күнүмдүк сөздөрдү айта берүү саясатчынын сөзү эмес. Билем дегенден кийин президенттин өзүнө жетет. Мен эмне үчүн айтышым керек? Президент кандай болгонун өзү билет. Болгону эсине салып коюш керек. Шералынын чокою илинип турушу зарыл да. Кыргызда ушундай ыкма бар. Эсине салып коёт. Бул жамандык ой эмес. Душман сүйдүрүп, тууган күйдүрүп айтат дейт. Мен күйдүрүп айтып жатам. Азыр президенттин көзүн май басып кетти. Досторунун баарын ала кетем дейт. Ала кеткидей ал ким? Ал эмне Кудайбы? Эмне үчүн антип айтат? Өзү кетсе эле баары кетиш керекпи? Азыркылар кетип, жаштар келсин дейт. Интересно. Кытайда алтымыштан ашкандан кийин гана акыл-эсине эми келди деп бийликке алып бара баштайт. Мисалы, мен алтымышка келишиме дагы 3 жыл бар. Президент эмне үчүн баарын “похоронить” этип салды. Тапканы Бакиев менен Акаевдин айланасында жүргөн жаш балдарбы?! Аларга баарыбир, принцип деген жок. Алар эч убакта Текебаев, Атамбаев же Турсунбек Акун боло албайт. Азыркыларды канчалык жаман көрбөсүн, бул муун тарыхты баскан адамдар.

— Турсунбек мырза, сиз ажыга барып келген кишисиз. Ажыга барып келген адам катары президентке тескери бата берип коюшум мүмкүн дептирсиз. Катуу кетип калгандык эмеспи?

— Бул дагы Базар-Коргондогуну эске салуу болуп эсептелет. Тескери батаны мен бербейм, мен сыяктуулар берип коюшу мүмкүн. Мен сыяктуу ажы адамдар бар да. Балким мен же башка бирөө берип коюшу ыктымал. Мен ага барамбы-барбаймбы башка маселе. Андай жолго барышым оор. Президентке жамандык каалабайм. Бирок, кээ бир адамдар элге каршы иштесе, туура эмес иштерди жасаса, элдин намысына тийип, абийирин тепсесе эл тескери бата берип коюшкан. Кеп ошол жөнүндө жүрүп жатат.

— Үч күн убакыт берем, болбосо буга баш-отум менен кирип кетишим мүмкүн дедиңиз. Бул да коркуткан адамдын сөзү го?

— Ачкачылык жарыялап олтуруп алышым мүмкүн. Бул коркутуу эмес да. Атамбаев деле Акаевди кетириш үчүн эмнелерди гана кылбады. “Көрсөтөм, Кетсин, Акаев саткын, болбой калды” деп Атамбаев менин жанымда туруп айткан. Интернетте мурунку айткан сөздөрү менен азыркы айткан сөздөрүн жарыялап коюшуптур. Экөөсү такыр башка болуп жатпайбы. Атамбаев да пикет, митинг, революциянын аркасы менен бийликке келген. Мен дагы революция менен жүрөм. Атамбаев экөөбүз бирдей элебиз. Мен айткан сөздөрдү ал да айткан. Атамбаев деле Акаев менен күрөшкөндө ушундай ыкмаларды колдонгон. Күрөшүүнүн толтура ыкмалары бар. Өлкөдө кыйын эки саясатчы болсо ошонун бирин камап салды. Бул жакшылыкка алып барбайт. Чыгарбай камап койгону Текебаевге эмес, Атамбаевге жаман. Текебаев чай ичип коюп тынч олтурат. Атамбаев болсо сар-санаа болуп, эмне болуп кетет деп коркуп калтырап олтурат.

— Президент үчүн күчтүү оппозиционер Өмүрбек Текебаев гана болуп калгандай болчу. Парламенттин трибунасынан жалгыз өзү эле президентти баш кылып командасын алдактатып койгондой болгон. Текебаевди камоо менен оппозициянын үнүн биротоло өчүрөйүн деген принцип колдонулган жокпу?

— Кыргыз түгөнгөн сайын түтөгөн эл да. Бир Текебаевди сындырса калганынын баары сынып калбайт. Парламентте Текебаев сыяктуу оппозиционер калбай кала турганы чындык. Атамбаев айткандай Өмүрбек парламенттеги эркек “Теке” болчу. “Теке” деген эркек деген сөз. Аялдай болуп коркпойт. Парламентте оппозиция калбай калганы менен көчө оппозициясы күч алат. Көчөдө Текебаевди колдогондор табылат. Кыргыз элинин духун эч ким баса албайт. Атамбаевден күчтүү болгон Акаев, Бакиев да баса албаган. Бул экөөнө караганда Атамбаев өтө эле алсыз.

— Путин менен жолукканда президентибиз “Эки революцияны тең мен жасагам. Үчүнчүсүн жасабайм” деп айтты. Революцияда жүргөн киши катары терикпедиңизби?

— Жарыктык киши Путиндин алдында бир мактанып алайын деди да. Ал өмүр бою эле мактанып жүрөт. Бирок, кечээ өзгөчө мактанды. Кыргызстанды мен башкарып жатам, саясий погоданы жасаган менмин, менин күчүм ушундай дегендей кылды. Текебаевди камаганы да өзүнүн күчүн көрсөтүп жатат. Мен доллар менен мультимиллионер болгом дейт. Бул уят сөз. Акаевдин учурунда Атамбаев бизнесин сакташ үчүн Түркияга качып кеткен. Аксылыктардын аркасы менен кайра келген. “Аксылыктар силерге рахмат. Силердин аркаңар менен мен кайра келдим” деген сөзү жазылуу турат. 2005-жылдагы революция Аксынын аркасы менен болду. Ошол революцияда Атамбаев чыккан. Бирок кечигип келген. Мен Акаевдин кабинетинде анын креслосунда олтургандан соң Атамбаевдин колоннасы түштөн кийин келгени чындык. Мен революцияны жасагам деп айтканы болбойт да. Ал жерде Бекназаров, Отунбаева, Үсөн Сыдыков, мен жана башкалар болгон. Керек болсо Нурлан Мотуев жүргөн. Эң негизгиси Курманбек Бакиев болгон. Ошол киши лидер болчу. Бакиевди жаман көрсө эле мен лидер болгом дей береби. Андай болбойт. 2010-жылы да Атамбаев болгон эмес. Аны камап койгон болчу. Менин офисимдин жанына чогулган дейт. Эл деген Ак үйдүн жанына, мүмкүн менин офисимдин жанына чогулушу мүмкүн. Өзү элди баштап барып, Ак үйдү алган болсо бир жөн. Мактангандын да чеги болот го дейм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аселкан Онорова: «Жолдошумду бир сааттын ичинде өлтүрүп алышыптыр»

 

— Аселкан эже, жолдошуңуз Абдыкерим Гапаровдун Медицина академиясында иш учурунда каза болгон окуя дүң эткени менен анын жыйынтыгы эмне болгону билинбей калды. Ошол окуяны башынан баштап айтып өтсөңүз?

— Жолдошум Абдыкерим Гапаровдун каза болгонуна бир жыл болду. Ал пенсияга чыккандан кийин медакадемияда ректордун аппарат бешчысы болуп иштеп турган эле. Ашыралы Зурдинов окуу жайдын ректору, илимдин доктору, аны аяш аке деп жүрчүбүз, илгери кайнагамдын досу болгон экен. Ошол киши телефон чалып «Абдикерим, мен медакадемияга ректор болдум, кел иштешели, мага кагаз жагынан жардам бербейсиңби?» дегенинен макул деп барган эле. Ошентип ал киши менен 7 жылча иштешип, кайсы орган текшерип келсе өзүнүн төшүн тосуп, узатып жүрдү. Ал киши ректор болгон күндөн тартып эле ага көптөгөн арыздар түшө баштады. Ректорго татыктуу эмес, жакшы иштей албай жатат деген сыяктуу. Ага менин жолдошумдун эч кандай тиешеси жок эле. Бирок, ал жалаң документ иштерин бүтүргөнүнө байланыштуу, арыздарды карап сот иштерине барып жүрүп, бүт башы менен ректорду жактаганга өтүп кетти. Ошону менен жети жыл соттошуп жүрүштү. Эми ошол киши ишенип кызматка алып келип жаткандан кийин сөзсүз Зурдинов үчүн чындап ак дилинен иштеп берди. Мага жолдошумдун өлүп калганы деле Зурдинов үчүн аны коргойм деп жүрүп ошол өлүмгө кириптер болгондой туюлат. 2016-жылы 24-февралда Жогорку сотто акыркы сот болот деп айтып аткан эле. Зурдиновду ректорлукка ыраа көрбөгөндөр менен. Анда да Абдыкеримди сен барып баарына көз салып тур деген экен. Ошентип сотко бир-эки юристи менен кеткен болчу. Кечке маал келди сүйүнүп, менин көзүмчө эле ректорго чалды: “Ашыралы Зурдинович! Сиздин иш бүттү. Туура чечим кабыл алынды” деди. Анан ал киши эртең мугалимдерди чогултуп түлөө өткөрүп коёлу деп сүйлөшүп жатканын уктум эле. Ошону менен 25-февралда жакшынакай болуп ишине кетти. Биз ал күнү тойго чакырылдык эле “Ала-Тоо” ресторанына, кайнимдин досу уулун үйлөп аткан. Биз жакшы катташып жүрчү элек. Эрте менен костюмун машинага илип алайын деди, мен эмнесин аяйсың кийип эле алчы дегем. Тойго барганда бир кийчү костюму эле. Кошумчага деп мен өз колум менен конвертке акча салып, көкүрөк чөнтөгүнө салып берген элем. Ошону менен жумушка жакшынакай узаттым. Төрткө жакын АКСтенбиз деп 12 бала күзөт кызматкерлерине да тоотпой тапыр-тупур кирип кетишиптир. Алар киргенде эле жакшы учурашып кимге келдиңер балдар дептир, муну ошол жерде кошо жүргөн балдардын бири айтып жатат. Алар сиздин үстүңүздөн арыз түштү, Епифанов деген орус жер сураган экен, сиз 30 000 сом пара талап кылыпсыз, ошонун негизинде келдик дешиптир. Абдыкерим «балдар силер адашып келип албадыңарбы» дептир. Ошентип ошол жерде балдар өзүлөрүнүн билгендерин көргөзүшүптүр. Эми медакадемиядагы кабинеттер жакын да, өзү жаңы эле юристтин кабинетинен чыккан экен. Алар айтып жатышат маанайы абдан жакшы болчу, түлөөнү кантип өткөрөбүз деп пландап жатканбыз дешет. Анан Гапаровдун кабинетине бир топ бала кирип кетти кабар алалы деп келишсе, эки эшикте экиден төрт бала тосуп киргизбей коюшуптур. Кадр бөлүмүндө отурган кыздар жер титирегендей болуп шкафтар кыймылдады, жер титиреп жаткан го деп ойлодук деп айтат. Ошол жердеги күбөлөр айтып атышат, сөгүшүүлөр болду, кыйкырып “коё бергиле, дарымды ичип алайын” дегендери баары сыртка угулуп жатты деп. Ошол жердегилер күбө катары бизди киргизгиле десе таптакыр болбой коюшуптур. Ал турсун улгайган эле юрист кишини керек болсо сени да кармап кетебиз деп коркутуп коёт дейт жанагы АКСтин балдары. Жолдошумду бир сааттын ичинде өлтүрүп алышыптыр.

— Тез жардам чакырып же ошол жердегилерге акыбалы начар болуп жатканын кабарлашпаптырбы?

— Эч нерсе айтышкан жок, бир убакта экөө чуркап чыгып кетишти дейт. Менчик клиникадан тез жардам алып келишиптир. Ал мезгилде медакадемияда иштегендер өлүп калганын билип калышыптыр. Ошентип түртүп эле кирсек жерде өлүп жатыптыр дешти. Ошол жердеги бирөө айтат, кагаздар чачылган, тартмалар ачык, кийимдери чаң, кир, галстугу кеткен деп. Ошол кабинеттин ичинде дагы бир күбөнүн айтуусу боюнча, бир баштык калыптыр, ичинде жарым метрлик эшилген жип бар экен. Менимче желим баштыкты башына кийгизип кыйнашкан окшойт да.

— Ошол жердегилер милицияга кабар беришпептирби?

— Жок. Ал турсун бир-бирден эле качып жок болушуптур. Ошол жерде иштегендер өлтүрүп алышыптыр деп видеого, сүрөткө тартып алышыптыр. Аңгыча балам, кайним жетип барышыптыр. Үйдө отурсам эле досторубуз келип, эмне болду Асел, биз суук кабар угуп келдик дешти. Көрсө эбак эле интернетке “пара алып жаткан жеринен кармалып инфаркттан көз жумду” деп маалымат кетиптир. Ошентип пара алып кармалды деп ишти жаап коюшту.

— Укук коргоо органдарынан кандай чара көрүлдү?

— Эки жумадай өзүбүздүн баш-отубузду жыя албай териштирүүгө акыбалыбыз келген жок. Андан кийин медакадемияга барып видео байкоодон жазууларды сурасак, жок, жазбай атыптыр деп аны эбак жоготуптур. Биз ошол орус чынында кирдиби жокпу карайлы деген элек. АКСтин балдарында жок эле дегенде экөөндө видео камера болуп тартыш керек экен эле. Сурасак мен жазууну баспай коюпмун, тасмага түшпөй калыптыр деген шылтоону айтышты. Элестетиңиз, ошол жерде жазууну баспай калганчалык кандай кызыктуу окуя болду экен. Демек, ал жерде Абдыкеримди ошолор өлтүргөндүгү анык. Антпесе эмнеге колунда кармап отурган, күндө жасаган ишин унутуп калсын? Кийин биз митингге чыкканда ректор «бирибизди да күбө кылып киргизбей койду эле, эми көчөдөн эки жаш баланы кармап алышып аларды күбө болчу деп көргөзүп жатышат» деп айтты. Мына ушул жерде да чоң суроо жатат. УКМКнын алдына чындык издеп, арманыбызды айтып митингге чыктык. Атамбаевге, Жогорку Кеңешке арыз жаздык, беш мүнөттүк тартылган видеону көрсөттүк. Ошону менен ушул мезгилге чейин өтө көп күч кетирип жакшы жыйынтык ала албадык. Араңдан-араң дегенде аскер сотунан ишти караттык. Бул акмактар күнөөсү азыраак эки баланы бизге салып беришти да, итке сөөк ыргыткансып. 12 бала барса эки эшик кайтарган балдарды Айманбаев, Мусаев деген, тергөөчү Суваналиев деген үчөөнө иш козгошту шалаакылык деген берене боюнча. Киши өлсө анын ишин карабайт экен, ал өлүп калды деп кылмыш иши ачылбай кала берди. А эмне үчүн өлдү? Ошону текшерип койгон киши жок. Жолдошумдун жүрөгү ооручу, эки жолу инфаркт болгон. Бирок, доктурга барып дарыланып, спорт менен машыгып өзүн карап, абдан тың жүрчү. Бизге чейин кардиологиялардан толтура справкаларды чогултуп алышыптыр. Кадр бөлүмүндө иштеген кишиге сотто суроо берип жатпайбы «Эмне үчүн жүрөгү ооруган кишини ишке аласың?» деп. Ал «Мен таптакыр билбепмин» деп айтты. Залда отурган проректор Беримкулов деген киши “Мен үч жолу инфаркт болгом, азыр андан киши өлбөйт, убагында дары ичип режим кармаса жакшынакай эле жүрө берет. Мына мен деле иштеп жүрөм, сабак берем. Силер эмне мени өлсүн деп атасыңарбы? Ал киши өлмөк эмес, силер аны өлтүрүп койбосоңор» деди. Булардын айтайын дегени өзү эле өлүп калган, биз эч нерсе кылган эмеспиз деп кутулуп кеткилери бар да. Ошентип барбаган жерибиз калбай араң козгогон ишибизди жаап салды. Биздин ишибизди аскер соту карап жатты эле аны да декабрь айында жоюп салды. Төрт айдан бери сот болгон жок, эмне болот деп күтүп отурабыз. Октябрь сотуна ишти өткөрүп берди дейт. Эми элестетиңиздер, баардык ишти башынан баштайт экен. Күбөлөр чогулуп бардык көргөн-билгенин айтышты да. Аларды да коркутуп бала-чакасынан бери асылып жатышты, рахмат ошолорго коркпой келип жооп берип жатышты. Сот аларды кайрадан чакырып көрсөтмө алат экен. Алар деле адам да иштери, балдары бар, башка эле бирөө үчүн кыйын абалда калгылары келбейт. Мурунку сотто араң келишкен эле. Бул өлтүргөн кишилердин баары кызматта отурушат. Алар телефон чалып коркутушат экен. Эми ошол иштин баарын кайра караса канча убакыт, канча нерв. Менин да ден-соолугум начар, ар бир иш сайын өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып эстетип, чукуп кайра-кайра уга бериш оңой бекен? Жүрөгүм ооруп жатат.

— Ошондо жолдошуңуздү өлтүргөндөр тарабынан коркутуулар да болуп жатабы?

— Жолдошум өлгөндөн кийин эле мага айттырып жиберишти. Ректордун оозунан «Жөн эле койбойсуңарбы? Болору болду, бийлик, күч ушуларда, силердин бизнесиңердин баарын эсептеп жазып алышыптыр» деген сөздү уктум. «Жалгыз уулуң бар аны да ойлон» деди. Ошол күнү эле менин ишканама төрт бала ак жип менен барып, ошол жерде иштеген аялды сөгүп, силерди иштетпейбиз деп кетишиптир. Сотто отурганда бир баласы чандайып отуруп алып, сот жүрүп жатса оозунда сагызын балчаңдап чайнап, телефон ойноп отурат. Мен силерге эми көрсөтөм “билять” деп сөгөт. Ошол баланын мендей апасы болсо керек. Мен ашыкча эч нерсе сурабадым, материалдык жактан төлөп бергиле дебедим, ошол балдарды түрмөгө тыккыла деген жерим жок. Менин бир эле өтүнүчүм жолдошумду «буйрутма» өлтүрүп койду да, анысы аз келгенсип пара алып өлдү деп жалган-жалаа жаап коюшту. Биздин талабыбыз болгону ошол жалган-жалааны алып салса. Эгерде жолдошумдун чын эле күнөөсү болсо күбөлөрдү алып келип көрсөтүшсүн! Ишене турган бир нерсе көргөзө албай жатышат. Жок дегенде күнөөнү мойнуна коюп беришсе «ай ит кылдың» деп туруп калат элек. Мен азыркы УКМКда ушундай балдар иштеп жатканы маскарачылык, орусча айтканда позор деп эсептейм. Кыргыздын келечеги ушулардын колунда болсо анда жыргаганыбыз ушу. Мени паракордун аялы дешет. Эгерде жолдошумдун пара алганы анык болсо, анда үй-бүлөбүз менен атып салгыла, биз менен ушул коррупция деген куурагыр маселеңер жоголуп кетсин. Эгерде чын эле коррупция менен күрөшүп жатсаңар деп айттым. Мен учурдагы бийликке, бийликтин ушундай тоокчолук мээси жок балдарды ишке алып көптүрүп иштетип жатканына капамын. Мен кыргызмын, кыргызга бүт өмүрүн арнаган кишини кыргыздын балдары өлтүрүп койгонуна зээним кейип баратам. Бир кечирим сурашканга жарашкан жок.

Булак: “Жаңы Ордо”

Меню