Menu

ММК ДАЙДЖЕСТ

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Батукаевдин айынан кызматымдан кеттим, элге жаман көрүндүм”

– Батукаевдин жанданган ишинин жыйынтыгы сизди да жоопко тарттырып койбойбу?

– Акыйкатчы айтат, дейт, бирок айткан сөзүнө жооп бербейт. Анткени, Акыйкатчы чечим чыгара турган орган эмес. Акыйкатчыны кылмыш жоопкерчилигине тартууга мыйзам жол бербейт. Ошон үчүн менин жүрөгүм тынч, “камайт” деген кооптонуум жок. Мени жоопкерчиликке тартып, камашпаса да туш тараптан караланып, Батукаев чыгып кеткенден кийин моралдык жоопкерчиликке тартылдым. Кызматымдан кеттим. Элге жаман көрүндүм. Ошон үчүн жоопкерчиликке мен эмес, аны чыгарып жиберген соттор, прокурорлор жана аны кызыл килем менен узатып, ага бир күндө паспорт жасап бергендер тартылышы керек. Анткени, Батукаевдин чыгышында процессуалдык норма бузулган эмес дебей, прокурорлор каршы болгондо Батукаев бошобой калмак.

Булак: «Майдан»

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “АШАнын бет тырмарлыгынан майнап чыккан жок”

– Туруп-туруп эле фейк партияга айланып калган “СДПК с Атамбаевым” деген партиянын Кызыл-Омполдогу уран көйгөйүнө жармашып ызы-чууга аралашып кетебиз деген оюн таш капты көрүнөт… Өздөрү «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» коюшуп анан башкаларга жаба салып бет тырмарлык кылганынан да майнап чыккан жок. Эми бетти тултуйтуп туруп эле “Кумтөр элдики!” деген ураанды көтөрүп чыгышы эле калды…

Булак: «Майдан»

Жеңиш күнүн түрмөдөн тосот. Көзүнө жаш алган 93 жаштагы ардагер

93 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жеңиш күнүн темир тор артында тосот. Аны фронттоштору түрмөдөн куттукташты. Бул тууралуу казак басылмасы жазды.

Мындан бир ай мурда ардагерди тууганын өлтүргөндүгү үчүн 4 жылга эркинен ажыраткан. Майрамга карата абактагылар аны 40-жылдардагы атмосфераны түзүү менен куттукташып, өздөрүнүн күчү менен концерттик программа даярдашкан. Анда алар сахнага турушуп ардагерге таазим кылышты.

Бул жолу Иван Владимирович Сурков Жеңиш күнүн орден толо костюм менен эмес, абактагы атайын кийими менен тосуп көзүнө жаш алды.

Булак: «Факты.kg»

Жумушсуздардын саны 179 миңге жетти

Өлкөдө мугалим, тарбиячы жана тейлөө тармагында жумушчулар жетишсиз. Ошол эле убакта, иш табалбай жүргөн экономист менен юристтер көп. Кыргызстанда жумушсуздардын саны 179 миңге жетти. Мындай маалыматты улуттук статистика комитети таратты. Бул көрсөткүч ишке жарамдуулардын 7 пайызын түзөт экен. Адистердин айтымында, жаштардын кесипти туура эмес тандоосу да жумушсуздуктун бирден-бир себеби болууда. Тиешелүү мекеме жумушсуздарды кайра окутуп, аларды иш менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатканын айтат. Бул жаатта алар көрсөткүчтү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1 пайызга жакшыртып, 30 миңге жакын кишиге жумуш таап беришиптир.

Булак: «Азия ньюс»

Мэрдин коркунучтуу демилгеси

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 2020-жылга чейин баш калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу анын коомчулукка кайрылуусунда айтылат.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын башынан бери мэрияга митинг, пикет жана жөө жүрүш өткөрүү тууралуу 19 арыз келип түшкөн. Мындай иш-чаралар бизнесмендер менен туристтердин тынчын алууда. Мэрдин маалыматы боюнча, митинг өткөн жерлерде муниципалдык кызматтар тонналаган таштандыларды чыгарат. Андан тышкары клумбадагы гүлдөрдү тепселеп, отургучтарды сындырып, урналарды оодарып салышат. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери ошол жерлерди кайрадан тазалап жууп чыгышат. Мындан тышкары, туруксуз саясый жана коомдук абал инвесторлорду жана туристтерди да чоочутуп жатат» дейт мэр.

Мэр саясый партияларды талаштар-тыштарды сүйлөшүү жолу менен маданияттуу чечүүгө чакырып, эмки жылга чейин Бишкекте митингдерди өткөрүүгө мораторий киргизүүнү сунуш кылды.

Алдыда «атамекенчилердин» митинги кутүлүүдө

23-апрелде «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун соттук отурумдары өтөт. Ошол эле күнү аты аталган партиялардын өкүлдөрү да тынчтык митингине чыгууну пландашууда. Алар соттон адилеттүү чечимди күтүшөт. Эгерде сот бийлиги калыс чечим чыгарбаса, ачкачылык жарыялап, оппозицияга өтөрүн кабарлашууда.

Эки партиянын лидерлеринин соттук отуруму бир күндө өтөт. Тактап айтсак, саясатчы Садыр Жапаровдун соттук отуруму саат 9:00дө, Өмүрбек Текебаевдики 10:00дө башталат. Мындан улам «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын өкүлдөрү тынчтык митингин өткөрүүгө камынышууда.

«Митингдер мыйзамдарды кабыл алууда да таасирин берет. Митинг – жол тосуу же бирөөнүн укугун бузуу эмес. Ал демократиянын бир рычагы. 23-апрелде «Ата Мекен» партиясы тынчтык митингине чыгат. Мэрден чочулабайбыз. Анын токтомун жокко чыгаруу боюнча тийиштүү тараптарга кайрылабыз. Мэрдин сунушун колдобойм» деп Алманбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна өз пикирин билдирди.

Митинг, пикетке мораторий жарыялоого кандай пикирдесиз?

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

– Убактылуу мораторий деген мэрдин демилгеси адам укуктарына, мыйзамдарга каршы келет. «Саясый партияларга уруксат бербейм. Башкаларга уруксат берем» деген дагы туура эмес. Дин өкүлдөрүнө, анан бир улуттун өкүлдөрүнө чек коюлушу мүмкүн. Бейөкмөт уюмдарга, анан журналисттерге чек коюп, эркиндиктен айрылабыз. Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Азыркы демилге коркунучтуу, абдан кыжалат кыла турган демилге болуп жатат. Мэр бул оюнан баш тартышы керек.

Айбек Мырза, жарандык активист:

– Мен бул бийликтин чечимине каршымын. Баягы эле эски бийликтин ыкмалары. Экинчиден, бул Конституцияга каршы келет. Адамдардын митингге чогулуусуна бийлик тоскоолдук кылбаш керек. Мэрия гей парадга уруксат берип, анан эл чогулабыз дегенге каршы турганы абийир, аброй алып келбейт. Конституцияда так белгиленген, жазылган. Ар бир жаран пикетке чыгууга укуктуу. Мэриядан уруксат сурабай эле билдирүү берип коюулары гана керек. Алардын ар кандай убакка тууралаган чечимдерин, демилгелерин мыйзамдуу катары эсептебейм.

Динара Ошурахунова, жарандык активист:

– Мэрия ушинтип айта берет. Бул биринчи жолку эмес. Буга чейин башка мэрлер деле ушинтип эле өздөрүнүн акимиаттарын тыйбай, анан кээ бир жарандар митинг, пикет өткөрсө эле бут тосуп келишет. Мунун баары тең мыйзамга ылайык эмес. Биринчиден, Конституцияны бузуп жатышат. Конституцияда Кыргызстан демократиялык, укуктук мамлекет экендигибиз ачык жазылган. Адамдар эгерде тынч митинг өткөрүп жатышса, аларга да мыйзам кабыл алынган. «Жарандар тынч митингге чыгып, бийликке суроосун жолдосо болот» деген эркиндик берилген. Мэр митинг өткөрүүгө каршылыгын Конституцияны билбей айтып койду. Бул демилге ишке ашпашы керек. Бишкек шаардык кеңеши, мэрия чындап эле катуу талап койсо, бул Конституцияга каршы, эркиндикке каршы болуу дегендик. Бул демилгени колдогонго болбойт. Мэр айтып коюп, эми жарандык коомдордун пикирин угуп, ойлонуп жатса керек. Бишкек – борбор калаа. Борбор калаада баардык бийлик өкүлдөрү отурган үчүн эл өз үнүн угузганга аракеттенет жана угуза бермекчи.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Рыскелди Момбеков азамат экен! “...Атамбаев жаңы келген келиндей болуп жүгүнүп, кечирим сурап...” деген сөзү эле эрдик

Ар качандан бир качан чындыкты көзгө сая айтып келген Рыскелди Момбеков чынында эле эр тура. 7-апрелде “Форумдун” алдында да Атамбаев тууралуу чындыкты айтты.

Ачык айтпаса да “керегем сага айтам, келиним сек ук” деп туруп айтты. Момбековдун “…Атамбаев жаңы келген келиндей болуп жүгүнүп, кечирим сурап…” деген сөзү эле кө-өп нерсени айтып турбайбы. Түшүнгөн адамга бул сөздүн артында чо-оң маани жатат. Муну менен Рыскелди мырза Атамбаевге кайрылып “…өзүңдү өзүң билдиң, жаныңа жолотподуң, кылгылыкты кылып, бирок кыл жип менен бууй албай калып, күнүң бизге түшүп отурат. Ушунчалык да куйтуланасыңбы?” дегенди кыйытты окшойбойбу.

Эми Атамбаевге кыйын болот го… Минтип орун басарынан ачуу чындыкты, калыс кепти угуп турууга даярбы?

Булак: «Майдан»

 

Дүйнөдө курал-жарак экспорту боюнча АКШ алдыда турат

Бул тууралуу Тынчтык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм институту жарыялаган баяндамада айтылат. Андагы маалыматка караганда, Орусия экинчи орунду ээлеген. Институт акыркы төрт жылда курал-жарак экспорту боюнча АКШ менен Орусия ортосундагы айырма чоңоюп баратканын жана Кошмо Штаттар мурдагы жылдарга салыштырганда 36 пайызга көбөйткөнүн жарыялады.

«АКШ дүйнөдөгү эң көп курал-жарак экспорттогон өлкө катары өз позициясын чындады» деп билдирди Тынчык маселелерин изилдөө боюнча Стокгольм институтунун өкүлү Ауде Флюрант.

Кошмо Штаттар акыркы беш жылда 98 өлкөгө курал саткан. Анда аскердик учактардан баштап баллистикалык ракеталарга чейин бар. Бул курал-жарактын 52 пайызы Жакынкы Чыгышка экспорттолгон.

Ошол эле маалда Орусиянын бул тармактагы экспорту акыркы жылдары 17 пайызга төмөндөгөн. Мындай кырдаал бул
өлкөдөн Индия жана Венесуэланын курал сатып алууну кыскартканы менен түшүндүрүлүүдө.

Ал эми курал-жарак сатуу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда Франция, андан кийин Германия жана Кытай орун алган.

Булак: «Мантыш»

Тилек Кирекеев, “Эл тынчтыгы” коомдук бирикмесинин жетекчиси: "Биз өлкөдөгү туруктуулукту  сактоо үчүн күрөшөбүз"

– Тилек, Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 6 айылынын жаштары биригип, “Эл тынчтыгы” деген коомдук бирикме түзүпсүңөр. Бирикмени түзүүнүн максаты эмнеде болду?

– Биз жалпы мекендештерибизди, элибизди ынтымакка, ыймандуулукка чакырып жатабыз. Ынтымак бар жерде ырыс бар дейт. Элибизде ынтымак, тынчтык болсо көп нерсеге жетишебиз. Бүгүн биз өзүбүздүн коом түзгөнүбүздү сиздерге жарыялап жатабыз. Кимдир бирөөнүн камчысын чаап бергиле дегенден алыспыс. Коомдук бирикмени түзүү максатыбыз саясаттын айынан эки тарап болуп бөлүнүүнү токтотуп, ынтымакка чакыруу. Элдин ынтымагын бузган саясатчылардын куралы болуп калбайлы деп жатабыз.. Элибизге тынчтык керек. Өлкөбүздө тынчтык болсо жашоо шартыбыз оңолот, келечек муунга да татыктуу мамлекетти калтырып кете алабыз. Пайдасынан зыяны көп болгон саясий топтордун артынан ээрчибей, өзүбүздүн жашоодогу көйгөйлөрдү чечели деген чакырыкты таштап жатабыз. Көп түкүрсө көл болот дейт. Же болбосо кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей, ар кандай маселелерди ортого салып, акыл калчап, чогуу чечкенге аракет кылалы деп балдар бириктик. Ынтымакты, күч, биримдикте экенин эске алып, баарыбыз бир билек болсок, жамандыкка барбайбыз деген үмүттөбүз. Элди акчага сатып алам деп ойлогондорго эл акчага сатылбай турган улуу күч экенин көрсөтөлү деп жатабыз. Арам акчага алданып, эртеңки келечегибизди талкалап алгандан коркушубуз керек. Өзүбүздүн келечегибиз өзүбүздүн колубузда экенин айткым келип жатат. Кыргыз намыс үчүн, мекенинин тынчтыгы үчүн башын канжыгага байлап коюп,  душманды качырган. Биз Ак үйдүн алдына кимдир бирөөнү бийликке алып келүү үчүн чогулгандан көрө, өзүбүздүн айылыбыздын, жаштарыбыздын көйгөйүн чечип берели деген максатта ишти баштап жатабыз. Биздин тилегибиз өлкөбүздө тынчтык болуп, келечегибиз жаркын болсо деген..

– Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында бирикмеңерди элге тааныштырдыңар. Көтөргөн идеяңарды кубаттаган жаштар болуп жатабы?

– Бүгүнкү күндө активдүү иш алып бара баштадык. Элди биримдикке, ынтымакка чакыруу максатында биримдик түзсөк деген идеяны көптөн бери кеңешип келгенбиз. Кыргызстандын жараны катары өлкөдөгү ынтымак, биримдик үчүн өз салымыбызды кошсок, жаштарды туура жолго чакырсак деген ой-максатыбыз күч болчу. Азыр ошол максатыбызды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Кудай буйруса, баары жакшы болот деп ойлойм. Биздин ураанды бир гана биздин айылдаштар эмес, өлкөдөгү жаштар колдойт деп ишенем. Бирикменин ачылыш аземине эле 350дөй адам катышты. Келгендердин баары көтөргөн идеябыз жакшы экенин айтышып, чогуу болууга сөз беришти. Жаштардын максаты эл арасына жик салып, калкты туура эмес нукка бургандарга жол бербөө болуш керек. Кыргызстаныбыздагы тынчтыкты камсыз кылууга салым кошолу деген “Эл тынчтыгы” коомдук бирикмесинин демилгеси көпчүлүк тарабынан колдоого алынууда. Ачылышка өлкөдөгү туруктуулукту, биримдикти каалаган Кара-Балта, Сокулук, Кемин, Кант шаарынан патриот жарандарыбыз, жаштарыбыз келди. Алар биздин демилгени колдоого алып, мамлекеттеги туруктуулукту камсыз кылуу үчүн өз салымдарын кошууга даяр экендиктерин айтты.

– Бул бирикме кийинки жылы боло турган шайлоого карата кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгын колдоо максатында түзүлгөн жокпу?

– Биз эч качан саясатка аралашпайбыз жана кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн иштебейбиз. Бирикмени түзүп жатканда жигиттер менен ушундай чечимге келгенбиз. Ушул позицияда катуу турабыз. Биздин артыбызда эч кандай саясий күчтөр да жок. Кээ бирөөлөр мурунку президент Атамбаев айылдаштарын топтоп жатыптыр деп ойлоп алышы мүмкүн. Мен ачык эле биздин бирикмеге Атамбаевдин эч кандай тиешеси жок экенин айтып коёюн. Анын камчысын чаба турган жаштар эмеспиз. Башка адамдар бийлик уюштурган болушу керек деген ойго кетиши да ыктымал. Биз бийликтин ырын ырдабайбыз.

– Өлкөдөгү ынтымакты, биримдикти, тынчтыкты камсыз кылганга салым кошолу деп жатсаңар, азыр туруктуулукту бузганга аракет жасаган коркунучтар барбы?

– Тынчтыкты, туруктуулукту бузууга өзүбүздүн арабыздан чыккан саясатчылар кооптуу болуп турат. Айрымдары сырткы күчтөрдүн заказдарын аткарып, жеке кызыкчылыгы үчүн баарына даяр. Кыргызстан глобалдык оюнчулар үчүн эң маанилүү аймакта жайгашкандыктан алар бизди колдонуу менен ар кандай оюндарын ишке ашырууга сөзсүз аракет кылат. Бул үчүн карапайым элди мыйзамсыз аракеттерге түртүп, башаламандык уюштуруп жиберүүдөн да кайра тартпайт. Мындай коркунучтардын алдын алуу үчүн баарыбыз катуу турушубуз керек. Жакынкы Чыгыштагы Сирия, Ирак, Ливия мамлекеттеринин азыркы тагдыры биз үчүн чоң сабак болушу зарыл. Эң башкысы биз үчүн Кыргызстанда тынчтык маанилүү. Ошону камсыз кылып, туруктуулукту сактоо үчүн тикеден-тик туруп, салым кошолу деген тилектебиз.

Маектешкен: Н.Тагаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Карыпбек Алымкулов, экс-депутат: "Солтонун үч баласы: Күнтуу, Култуу жана Чаадан тараган уруктардын жалпы чогулуштарын өз-өзүнчө өткөрүп турабыз"

3-мартта “Ала-Тоо” кафесинде өткөн “Ай тамга Солто” уруусунун курултайында экс-депутат Карыпбек Алымкуловдун өзү сүйлөгөн сөзү тууралу:

-Каралган максаттар көп болгондуктан маселелерди тереңирээк изилдеп, жакшы жыйынтыктарга жетишиш үчүн шарттуу түрдө «4 Э» деген белги менен төмөндөгү иш-багытын тандап алдык. «Этнос», «Экология», «Энергия», «Экономика». Биринчи «Э» этнос. Солтолордун жалпы курултайын өткөрөрдөн мурда Солтонун үч баласы: Күнтуу, Култуу жана Чаадан тараган уруктардын жалпы чогулуштарын өз-өзүнчө өткөрүп, уруу ичиндеги ынтымакты бекемдөө, улуттар аралык биримдикти чыңдоону максат кылып койдук. Мындан ары да жаштарыбызда пайда болгон көйгөйлөрдү ынтымактын негизинде чечип, жердешчиликтен алыс болууга чакырам. Экинчи «Э» экология – илгери союз тарай элек учурда үч тоо-кен ишканасы боло турган. Үчөө тең азыр экологиялык жактан эң кооптуу пункттар болуп калды. Ак-Түздөгү калдыктар эгер Чүй суусуна кошулса, кандай кооптуу экенин айтпасак да түшүнүктүү. Кара-Балтадагы уран чыгаруучу заводдун калдыктары да жайкысын өтө опурталдуу. Үчүнчү «Э» энергия. Чүй – өнөр жай ишканалардын, айыл чарба продукцияларын иштеп чыгуу мекени жана өнүккөн жери. Ошолордун нормалдуу иштеши жана аларды өзгөчө электр энергиясы менен камсыздоо чоң проблема. Мына ушу багытта «Ай Тамга Солто» коому көп иштерди жүзөгө ашырды жана али ашыра турган көп жумуштар бар. Төртүнчү «Э» экономика. Чүй облусунун негизги экономикасы тамак-аш, жеңил өнөр жайлары, курулуш материалдарын чыгаруу, түстүү металлургия, нефтини кайра иштетүү ж.б. «Ай Тамга Солто» коому жогорудагы маселелер боюнча ар дайым иликтөөнүн негизинен келип чыккан сунуштарын тийиштүү жерлерге байма-бай айтып келишет…

Булак: «Азия ньюс»

Жогорку сот «КАҮNАК» ишканасын Түркиянын мамлекеттик фондуна өткөрдү

28-февралда Кыргызстандын Жогорку соту Туркиянын мамлекеттик фондунун «Н-Т Китап Кыртасийе Бюро Малземелери Пазарлама ВЕ Туризм Тиджарет Аноним Ширкети» компаниясына карата административдик доосу боюнча ишти карап, канааттандырды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Аталган доо арызда Кыргызстандын Юстиция министрлигинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы «КАҮNАК» («КАЙНАК» ЖЧКсы) ишканасын мамлекеттик кайра каттоо тууралуу №2664 буйругун жараксыз деп табуу өтүнүчү келтирилген.

«КАҮNАК» холдингинин Түркиядагы ишмердүүлүгү «Фетхуллах Гүлен жамаатына түздөн-түз тиешеси бар» деген жүйө менен сотко берилип, ишканалардын жетекчилери камакка алынган.

Түрк элчилиги «Фейсбук» баракчасында, бул соттук жараяндын үч жылдан бери жүрүп жатканын жана ФЕТО уюмунун сот алдында чет өлкөдө биринчи жолу Кыргы-станда утулганын жазган.

Түрк массалык маалымат каражаттарында бул соттук жараян боюнча кеңири маалымат берилип, серепчилер Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда саясий мамилелер жакшы нукта баратканын баса белгилешти.

Кошмо Штаттарда акыркы жыйырма жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан Фетхуллах Гүленди расмий Анкара 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайип Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган.

Булак: «Мантыш»

Меню