Menu

ММК ДАЙДЖЕСТ

Канатбек Исаев, "Кыргызстан" фракциясынан ЖК депутаты: "Атамбаев, Сегизбаев, Сүйүмбаев жана Жолдубаеванын орду түрмөдө"

Эл депутаты көчөдө сейилдеп жүрүптүр. Капыл-тапыл кезиге калып, учкай суроолорду салдым. Азыноолак баарлаштык.

– Канат мырза, Алмазбек Атамбаевди камакка алуу боюнча аракеттер кызуу жүрө баштаганы каңкууланууда. Сиздин оюңуз кандай?

– Мыйзам алдында Атамбаевдин кылган иштери, кылмыштары далилденерине ишенем. Мындай шартта аны токтоосуз түрдө камаш керек.

– Эл көтөрүлүп кетпейби?

– Эми ашып кетсе эки жүз киши чурулдайт. А жалпы элибиз мамлекетке кылган кыянаттыгы боюнча туура түшүнүшөт. Менимче, Атамбаевдин орду түрмөдө!

– Сизди камаса эле, дал ошол кекти алуу үчүн өчөшүп аткан жоксузбу?

– Эч кандай андай эмес. Мен Алмазбек Атамбаев, Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүмбаев, Индира Жолдубаева боюнча «Азия Ньюстун» кийинки санына кенен интервью берейин. Булар камалышы керек. Негиздери бар. Ошондо шашпай маектешели…

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Зарылбек Рысалиев,  Жогорку Кеңештин депутаты: «Милициянын ишин аксаткан, белин сындырган көрүнүш токтобой койду»

– Зарылбек Кылычбекович, жаңы кодекстер ИИМдин иштешине канчалык оң же терс таасирин берет?

– Азыр жакшы же жаман таасир берет деп айтканга эрте. Балким иштеп кетсе жакшы үзүрүн бериши мүмкүн. Ага чейин көп убакыт талап кылынат. Бирок жалпы кодекстердин маңызында кемчиликтер көп. Мен премьер-министр Абулгазиевдин, вице-премьер министр Жеңиш Разаковдун иштерине ичим чыкпайт. Аябай нааразымын. Жакында Разаков генерал болсо таң калбайм. Милициянын ишин аксаткан, белин сындырган көрүнүштөрдү токтотпой коюшту. Мына өткөндө НТСте Феликс Кулов, Динара Ошурахунова, анан милициядан бир полковник барып жаңы кодекстерди талкуулап жатышат. Ошол жерде милицияда 5 жыл киши өлтүргөн кылмыштуулук менен иштегендер 5 жылда «крышалары тайып» калат дегенди айтып жатышат. Кудум ошондой кызматтарда иштегендей сүйлөшүүдө. Мен мына өзгөчө оор кылмыштын бетин ачып, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүп 33 жыл иштедим. Менин «крышам тайып» калган жок. Болбосо мени 5 жылдан кийин башка кызматка которуп жиберген жок да. Анан өздөрү иштебей, билбей эле элдин башын айланткан болбойт.

– Кулов ИИМДе иштеп, министр болду го…

– Кулов өзүнүн ким экенин, кызыл же кара экенин ажырата албай жүрөт. Керек учурда кызыл болуп калат, дагы башка кырдаалда кара болуп чыга келет. Анын кандай иштегенин биз жакшы билебиз да. Кээде каратып туруп калп айтат. Аксакал киши өзүн эле акылдуу, элди келесоо ойлойбу, ушундай калптарды айтканды жакшы көрөт.

– Милициянын белин сындырган, кадырын кетирген көрүнүш качан башталды негизи?..

– Негизи эгемен болгондон кийин башталды. Өзгөчө Атамбаевдин тушунда гүлдөдү. Атамбаев ким болсо ал болсун, негизгиси мени сатпаган, менин кишим болсун деп Улан Исраиловго окшогондорду министр кылып милициянын беделин түшүрүп, белин сындырган көрүнүштү күчөттү. Исраилов үч жылдын ичинде капитандан генерал болду. Мына ушул көрүнүш бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат. Маселен, Бишкек шаарынын ИИБнин башчысы Сталбек Рахмановду иштен алып, ордуна МАИнин башчысы Канат Жумагазиевди дайындаптыр. Эми бул министр Кашкар мырзанын Атамбаевдик ыкмасы. Бир кадрды ары-бери эле ооштура берет. Бул акыйкатсыздык. Бет деген болуш керек да.

Маектешкен: Алмаз Темирбек

Булак: «Фабула»

Асылбек Жээнбековго "тиш салган" Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев «Калыс Медиа» аттуу сайт иштетип атканы, Акүйдүн интригалары, алдын ала божомолдор жарыяланганы, ошого катар Асылбек Жээнбековго сын пикирлерди да күчөткөнү байкалат. Убагында КСДП Акаевди депутат кылганына карабай каршы чыгып, өз алдынча эркиндикти тандап, Атамбаевге тил кайрып, каршылаш жээкке өтүп кеткен. А бүгүнку бийлик төбөлдөрүнө эч кандай карыздар болбосо керек. Ошон үчүн Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун «туздамайлары» сайтына чыгып атат да. Убагыңда Алмазбек Атамбаевге оппозиция болгон Жанар мырза Асылбек Жээнбековду аямак беле?..

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Күч органдарынын жетекчилери алмашабы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ишенимди актай албай жатканы боюнча сын-пикирлер арбын. Коррупция менен күрөштүн алкагында Өткүрбек мырза өткүрлүгүн көрсөтө алган жок. Эт эмес же чел эмес позицияны карманды. Бийлик башкы прокурордун мындай илең-салаң ишинен майнап чыкпасын түшүндүбү, айтор ээлеген кызматынан башка жакка жылдырмай болуптур. Бирок кайра эле УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына алып барганы жатканын эшиттик. Тилекке каршы, бул кадам иш кылбаган чоркокко бир жерди кайра-кайра кетмендете бергендей эле кеп да. Ал эми Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сагынбек Исмаилов ИИМдин эки тизгин, бир чылбырын колго алары кеп болууда. Учурдагы ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев болсо Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын ээлери күтүлүүдө. Башкы прокурорлук кызматка болсо ким келет деген маселе талкууда турган кези экен. Айрым билермандардын айтымында башкы прокурор кызматына Кылычбек Токтогулов келет деген кеп бар…

Булак: «Фабула»

Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: "Токмоктогу атышуу парламентке эле эмес, ИИМге да көө жапты"

Рыскелди мырза, кечээ жакындагы Токмоктогу атышууда кесиптешиңиздин аты аталып жатат. Депутаттардын ушундай иштерге аралашуусу парламенттин аброюна таасир этеби?

-Негизи, кандай гана маалымат болбосун, ал ыкчам ачыкка чыгыш керек болчу. Токмоктогу окуя чыккандан бери бир нече күн өттү. Ал эми ага катыштыгы бар делип, депутаттын аты 2-3 күндөн бери аталып жатат. Эгер ал жигиттин (Урмат Самаевдин) окуяга тиешеси жок болсо, катышпаса, ошондо эле чыгып, «ой, айланайындар, мен ал жерде болгон эмесмин, менин тиешем да жок, парламентти жөн эле жаманатты кылбагыла, мен парламент мүчөсүмүн» деп койсо болмок да. Анткен жок. Бирок, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы анын суракка чакырылганын айтгы. Бул жерде кайчы пикир жаралды. Мына эми кайчы пикирден улам каршы пикирлер чыгып жатат. Дегеле, депутаттардын кандай гана кылмыштуу, чуулгандуу иштерге аралашканы парламенттин аброюна көө жабат. Мындайда депутат өзү чечим кабыл алып, «парламентти, кесиптештеримди уятка калтырдым» деп четке чыга бериш керек. Антпесе, «депутаттар жат иштерге, контрабандаларга катышы бар экен» деген коомго кеп кетет. Бул сөзсүз түрдө Жогорку Кеңешке болгон эл ишенимин төмөндөтүп жиберет.

– Милиция бул кылмыштуу окуяны жаап-жашырганга аракет кылды, бирок ишке ашпай калды. Бул эмнени билдирет?

– Депутат эгер бул кылмыштуу ишке аралашып туруп, «тиешем жок» деп жатса, анда ички иштер министрлиги айтса болмок, алар билет. Анын ордуна милиция «атышуу болгон эмес, жөн эле чыр-чатак, жаңжал чыгып кетти» деп жапканга аракет кылды. Бирок, жанагы ок жеген жигиттин президентке кайрылуусу интернетке чыгып кетип, анан шашылыш түрдө булар моюнга алууга аргасыз болушту. Мынчалык деңгээлге жеткирбеш керек болчу. Бул окуя бир гана парламентке эмес, ИИМге да көө жаба турган иш болду. Муну менен өкмөттүн структураларынын ыкчам иш алып бара албагандыгы кашкайып көрүндү. Андыктан, бул иш жөн эле жабылып калбаш керек. Кайсы бир жетекчилердин жоопкерчилиги каралыш керек деп ойлойм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Кылмыш болгон жерден эле "кызыл шапкелердин" кулагы чыгууда

Биздин өлкөнүн күч түзүмдөрүндө иштегендердин жоопкерсиздиги чектен чыккандыгы калк арасында кеңири айтылса дагы бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келди. Анын жыйынтыгы акырында барып ириңдеп бүткөн жара катары өзү жарылууда. Айтсак, 21-январда Бишкек шаарында мас абалдагы милиция кызматкери унаасы менен башка бирөөнүн унаасын сүзүп, 29 жаштагы аял каза тапты. 29-январда Бишкек-Ош жолунда Жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкери 11 жаштагы баланы унаасы менен коюп, аны жан таслим кылды. Кечээ Ысык-Ата райондук милициясына 28 жаштагы кыз кайрылып, жакшы тааныбаган бир нече эркектер аны күчкө салып зордуктап кетишкенин билдирген. Иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүүнүн бири кармалып, ал Бишкектеги Свердлов РИИБнин 36 жаштагы кызматкери болуп чыкты. Бу биздин кызыл шапкечендин баары кылмышкерге «айланып» кеткенби иттики!

Булак: “Де-Факто”

Сузакта ИИМ кызматкери кафеден 1000 долларга тамак жеп, төлөбөй кеткен

Жалал-Абад шаарында кафе-бар иштеткен ишкер Искандар Хамракулов Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери карыз акчасын бербей, кафеден ичкен тамагынын акчасын төлөбөй жүргөнү жөнүндө арызданып Башкы прокуратурага жана президентке кайрылды. Бул тууралуу ал басма сөз жыйынында билдирди.

—Облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку улук тергөөчүсү, учурда Сузакта аймактык тескөөчү болуп иштеп жаткан Улан Бакиев менден миң доллар карызга алып, кафеде тамактанып, акчасын төлөбөй кеткен. Мындай окуялар бир нече ирет кайталанган. Акчаны сурап кайрылсам, акыркы учурларда мага басым кылып, тапанча менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, коркута баштады. Аргасыздан мен өзүмдү жана ишкердүүлүгүмдү коргоо максатында прокуратурага жана президентке кайрылууга мажбур болуп жатам. Бул милиция кызматкери шаардагы бир топ кафе-ресторандарды да ушул ыкмада пайдаланып, кээде ызы-чуу чыгарган окуялар болгон. Алардын ээлери ачык айтуудан кооптонуп жатышат, – деди Хамракулов.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуяга байланыштуу кызматтык териштируү иштери жүрүп жатканын билдирди. Улан Бакиев өзү коюлган дооматтардын баарын четке кагууда.

Булак: “Де-Факто”

Максим Бакиевдин жакын адамы Сагынов кандайча Темир Сариев премьер-министр учурунда "майлуу" чоң кызматка олтуруп калды?

Максим Бакиевдин жакын адамы катары Елисеевдин кон­сультанты болуп иштеп, Бакиевдердин финансы боюнча көмүскө иштерин бүтүргөнү менен таанылган, 2010-жылы революциядан кийин дайынын чыгарбай кеткен Бектур Сагынов Темир Сариев өкмөт башчысы болуп турганда кандайдыр бир жол менен «Кыргызалтын» ишканасына финансы тармагын тейлеген орун басар болуп келген. Элдер түшүнбөй эле калышкан, баскан изи мандемдүү кадр кайдан маанилүү кызматка келип калды дешип. Бул кыраан боюнча «Кыр­гызалтын» ишканасынан өзүнчө айлык, «Кумтөрдөн» 5 миң дол­лар өзүнчө айлык алаары туурасында Жогорку Кеңештин депутаттары маселе көтөргөн жайы бар. Бирок аны Сагынов чиркей чакканчылык көргөн эмес. Ай сайын Канадага командировкага барам деп 5 миң доллардан да коротоору кеп болгон. Мамлекеттин акчасын жеке чөнтөгү катары пайдаланган неменин тизгинин тартаар жан жок экенине «Кыргызалтындын» жамааты эмдигиси баш катырып жатышат. Мына ушул жигит жакында эле «Борсан» курулуш компаниясынан 200 миң долларга квартира алыптыр. Алсын буюрсун дейли. Кайсы акчага? Кеп ошондо. Бул жигиттин «Кумтөрдө» 100 миң долларлык акцияга ээ экени айтылууда. Аялы «Кыргызалтындын» “Кыр­гызское Взморье” санаторийинин кожоюну сезип, тууган-уругун эс алдырганды адат кылып алганын каңырык түтөтүп кеп кылып жүрүшөт. Мына ушул чуусу көп жигит өкмөт башчысы Сапар Исаковду колго алып койдум, «Кыргызалтынга» жетекчи болом деп айгай салып жатканын, мындай ишмердүүлүгү мандемдүү немеге ишеним көрсөтүү кыйын экенин кесиптештери кеп кылышууда.

Булак: “Фабула”

Ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт: Абдыгулов Улуттук банкка кайра барышы мүмкүн

«Ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт» дегендей, Кыргызстандын «эрке талтаңы» Кубанычбек Кулматов бажы башчысы болуп кеткенден кийин, Улуттук банктын жетекчисинин орду бош турат. Аталган орунга мындан 3 ай мурун вице-премьер болуп кеткен Толкунбек Абдыгулов кайрадан келет экен деген сөздөр айтылып жатат. Сапар Исаковдун өкмөтүндөгү эң эле иштин көзүн билгени катары сыпатталган Толкунбек Абдыгулов ишеничти актай албай жатканы байкалууда. Тың дегени минтип карайлап жаткандан кийин, башка өкмөт мүчөлөрү туурасында кеп козгоп кереги жоктой. Андыктан Исаковдун өкмөтү тажрыйбасыз, чабал катары тарыхта калат окшойт. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөй турганын эске алсак, Абдыгулов мурунку эски кызматына кайтып барганы менен жыргатпайт. Албетте, аздыр-көптүр иштеп көнүп калган ишин жөндөп кетээр, бирок арабөк кадрларды ары-бери сүйрөй бергенден мамлекет утпай турганын дагы эстен чыгарбаш керек.

Булак: “Фабула”

Шадиев аттан түшсө да тактан түшө элек “аташканын” тилин тапкан окшойт

С.Исаков башында турган “Акылдуу, жаш өкмөттүн” популисттик кырк кадамы акыркы чегине жетип, айласы кете баштаганбы, акыркы күндөрү баягы эле эл менен мамлекеттин түбүнө жетип, сызга отургузган чиновниктердин “эски гвардиясын” майлуу-сүттүү кызматтарга дайындоодо. Алардын бири биринчи вице- премьер-министр Аскарбек Шадиев. Бул азамат тээ Ака­ев заманынан бери эле улам депутат, губернатор, министр болуп, айтор жомоктогу каармандардай эле бир креслону кучактап келатат. Бирок, иштеген ишинин майын чыгарып, ийгилик жараткандыгын уга элекпиз. Ошол эле учурда мамлекеттик кызмат менен кошо жеке бизнестин битин сыгып, бир топ байып алгандыгы белгилуү. Башкасын айтпай эле коёлу, эки жыл мурда Энергетика министри кезинде Казакстандан ташылып келген уулуу көмүр чырында да башы көрүнүп, бул чатак парламентте чоң чууну жаратып, шайтандын да тилин билген Шадиев айрым депутаттарды кантип сыйкырлагандыгын билбейбиз, кыскасы радиациялык көмүр чатагынын аягы күлгө айланган болчу. Сыягы, бул ирет ЖКнын эл аралык комитетин жетектеген Аскар мырза аттан түшсө да тактан түшө элек Атамбаев менен БУУнун Ассамблеясына катышуу үчүн АКШга чогуу барып, “аташканын” тилин тапкан окшойт.

Булак: “Майдан.kg”

Меню