Menu

ММК ДАЙДЖЕСТ

Атамбаев “Ак Шумкарга” татыктуубу?

Ушул жумадан баштап мамлекетибизди башкара баштаган президент С.Жээнбеков алгачкы кадамын экс-президент А. Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган Жарлыкка кол коюу менен баштады.  Ошондой эле тиешелүү буйрукта “Элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн”,- деп айтылат. Ошентип А.Атамбаев улуу инсандар И.Раззаков, А.Масалиев, Т.Усубалиевдердин катарына теңелип, Кыргызстандын тарыхында ысымы алтын тамга менен жазылып калды. Бирок эл арасында экс-президенттин мындай өтө жогорку деңгээлдеги сый-урматка татыктуу эмес экендигин айткандар да болууда. Анткени А.Атамбаев башкарган акыркы алты жылда кылмышкер А.Батукаевдин түрмөдөн чыгарылышы, Дача-Судагы 40тан ашык адамдын өмүрүн алган авиакырсык, Кумтөр кениндеги өлкөбүздүн үлүшү 32%дан 26%га төмөндөшү, Ө.Текебаев, С.Жапаров сыяктуу кыргыздын мекенчил жигиттеринин камалышы сыяктуу табышмактуу жана кара тамга менен жазылган окуялар да болду.

Булак: “Майдан.kg” 

Таалайкүл Токтакунова, “Ата Мекен” партиясынын юристи: «Өмүрбек Текебаевдин күнөөсү жок экени иш жүзүндө аныкталды»

 

“Ата Мекен” партиясынын лидери, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында маанилүү орунду ээлеген саясатчы Өмүрбек Текебаевдин абакка кесилиши коомчулукту кайдыгер калтырган жок. Биз бул соттук ишти иликтөөдө жактоочу катары активдүү катышып, иштин ийне-жибине чейин билген юрист Таалайкүл Токтакунова менен маектештик.

— Эртең, 24-ноябрда Атамбаев кетип, жаңы шайланган Сооронбай Жээнбеков президент катары кызматка киришет. Өмүрбек Текебаевдин соттук ишине карата бийликтин мамилеси өзгөрүшү мүмкүнбү?

— Менин оюмча сөзсүз түрдө өзгөрөт. Кыргызда “балык башынан сасыйт” деген жакшы кеп бар. Президент Атамбаев мамлекеттин башында туруп алып “ирип” келбедиби. Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жеке мамилени мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, мамлекеттик машина аркылуу өч алуу иши болбодубу. Бул ишке президенттин достору, же партиялаштарынын тиешеси жок. Ал кызматтык адамдардын колдору менен жасады бул ишти. Акыркы пресс-конференциясында Атамбаев “Мен каматчу кишилерди каматтым, калгандарын каматып деле кереги жок. Алар таасир бере албайт”- деп айтты. Бул кылмыш ишинде жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун өчү жок. Менин оюмча Сооронбай Жээнбеков эртең кызматына киришкенден тартып Атамбаевдин жолун жолдобой, сотторго мыйзамсыз буйруктарды бербей иштейт. Анткени, Сооронбай Жээнбеков эртеңден тартып Алмазбек Атамбаевдин досу эмес, ал киши жалпы элдин президенти. Ал кишинин жумушунда дос, тууган деген болбошу керек. Кыргыз эли ишенип добуш бергенден кийин Сооронбай Жээнбеков досунун сөзүн укпай мыйзамдын гана чегинде иштейт деп ойлойм.

— Өмүрбек Текебаевге карата чыккан өкүмгө коомчулуктун пикири кандай болду?

— Соттун өкүмү Кыргыз Республикасынын атынан деп эсептелинет. Кыргыз Республикасында бийлик биринчи кезекте элге таандык. Ошондуктан ар бир чындыкты издегенде президент Атамбаевге эмес элге ишениш керек. Жалпысынан 100 пайыз дебейин, бирок 80 пайыз эл бул соттун өкүмүнө ишенген жок. Чындык кайсыл тарапта экенин билишти. Өкүм чыгып атканда дагы түз эфирден көрүп алышып, элдер “наалат” деген сөздү сотторго жана тапшырма бергендерге багыштап айтып жатышты. Эсиңиздерде болсо Исмаил Исаковду тапшырма менен соттогондо Роза Исаковна Отунбаева ушул “наалат” деген сөздү биринчи айткан. Кийин Исмаил Исаков акталып чыкты, кийин чындык элге жетти. “Наалат” деген өтө оор сөз. Бул сөздү бир эле киши айткан жок, Текебаев менен Чотоновдун соттук ишинен маалыматы бар адамдардын дээрлик бардыгы айтып жатышты. Канча жылдан бери Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик ММКлардан, КТРКдан каралап, жалган жалааны жаап, айыптап келишти. Ар бир иштин жаманы болсо, жакшысы дагы болот деп коёт кыргыз эли. Баягыл айыптоолорду КТРКдан кечке уга берип шек санап калган эл бул соттук ишти көрүп, угуп Текебаевдин күнөөсү жок экенине ишеништи. Мен дүкөнгө кирип калсам, бир аял киши “мурун Текебаевди аябай жек көрчүмүн, көрсө бул киши таза экен” деп аябай жакшы пикирлерин айтып берди. Текебаев коомчулуктун аң-сезиминде толук акталды деп айтсам болот.

— Өмүрбек Чиркешовичтин күнөөсү жок экенин аныктай турган эң маанилүү кайсыл далилдерди айта аласыз?

— Мен Өмүрбек Чиркешовичтин күнөөсү жок экенин аныктоо максатында 2–3 күн айтсам дагы далилдер түгөнбөйт. Абдан көп. Ар бир учурун майдалап айтып берсек деле болот. Бирок, мен айта кете турган эки жагдай бар. Биринчиси, орус жараны Маевский “Өмүрбек Текебаевге миллион доллар бергем”-деп айтып жатат. Бирок, акча Өмүрбек Текебаевге эмес башка бир адамга берилгендиги тууралуу дагы далил жок. Сүрөт, видео, телефондук сүйлөшүү, квитанция же документ болсо дагы ойлонуп калат элек да. Маевскийдин 300 миң долларды алды деген Маматкеримов деген кишиси каза болуп калыптыр. Маркум Маматкеримов акчаны Текебаевге бергендиги тууралуу бир дагы далил жок. Бул далил аныкталмак тургай Маевский ошол Маматкеримовго акча бергенин бир Кудай билет. Ал боюнча дагы далил жок. Ал эми калган 700 миң долларды Маевский Текебаевге деп белгисиз бир орус жаранына бергем дейт. Ал орус жаранынын аты- жөнүн билбейт, паспорт, сүрөт, дайын- дареги жок. Бул Маевский жана ал акча берип жибердим деген адамдар менен Текебаев, Чотоновдордун же алардын жакындарынын дагы телефондук сүйлөшүүсү жок болуп жатат. Маевскийден “Текебаевдерге кайсыл телефон менен чалдың эле, сүйлөшүүнүн табуляграммасында кимдер менен сүйлөшкөнүңдү алып кел”-деген талап коюлган. Ал телефондук сүйлөшүүсүнүн табуляграммасында башкалар менен сүйлөшүүсү бар, бирок Текебаев жана анын жакындары менен сүйлөшүүсү жок экен.

Экинчи айта кете турчу жагдай бар. Маевский Текебаев менен Чотоновго 13-май күнү Бишкектен “Супарадан” жолукканын жана 21-декабрда Жогорку Кеңеште Текебаевдин иш бөлмөсүнөн жолукканбыз деп билдиришкен. 13-май күнү “Супарага” жакын жерге Текебаев дагы, Маевскийдин жанындагы Модин дагы барбагандыгын телефондук сүйлөшүүнүн табуляграммалары далилдеп берди. Бул маани бере турган гана далил. Болбосо Өмүрбек Текебаев ошол күнү Убактылуу Өкмөттүн жыйынына, андан соң Конституциялык кеңешменин жыйынына катышканын видео, фото далилдер менен көрсөттүк. Убактылуу Өкмөттүн токтомдорун колуна көтөрүп алып Роза Исаковна жана Темир Сариев баштаган орун басарлары баары келип документ түрүндө сотко далилдеп беришти. 21-декабрда болсо Маевский менен Модин Текебаевдин кабинетинде болмок тургай Кыргызстанда дагы жок болчу. Бул аэропорттогу маалыматтардан аныкталды. Бирок, соттор бул далилдерди карап окуп дагы койгон жок.

— Эмне үчүн соттук процессти өтө шашылыш бүтүрүүгө аракет кылышты деп эсептейсиз?

— Анткени, Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден кийин анын сөзүнүн баарын эле аткара бербешине көзү жетти. Жаңы президент Атамбаевдин өзүнө окшоп соттордун үстүнөн мыйзамсыз тапшырмаларды бере берээрине ишенген жок. Кызматында турганында өтө тездик менен акырына чейин соттоп алайын деген эле Атамбаевдин өзүнүн бир ой максаты болчу.

— Бул атайылап ойдон чыгарылган соттук иште кимдер күнөөлүү? Кийин кимдер жооп бериши мүмкүн?

— Биринчиден кылмыш иши жок. Бирок, ушул кылмыш ишин атайын ойлоп таап күнөөсү жок Өмүрбек Текебаевди абака отургузуп аткандын өзү кылмыш иш. Мыйзам боюнча дагы күнөөсү жок адамды камагандын өзү кылмыш. Буга биринчи күнөөкөр президент Алмазбек Атамбаев. Анткени, кылмыш ишин тергөө баштала электе эле жаз айларында Коопсуздук кеңеште отуруп алып “Текебаев күнөөлүү. Анын күнөөсү соттон тастыкталат” деп айтып жатат. Демек, алдын-ала даярдалган атайын иш экени билинип калды. Алдын ала эле тапшырма берип жатат. Экинчи күнөөкөр Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, президенттин тапшырмасын аткарып, мыйзамды сактабай өкүм чыгарган соттор. Андан сырткары УКМК дагы президенттин тапшырмасын аткарды.

— Жогорку Соттун чечиминен кийин Өмүрбек Текебаевди актап чыгуу үчүн кандай иштерди жасайсыздар?

— Мыйзам боюнча Жогорку Соттун өкүмү акыркы чечим деп атышат. Биз бул өкүмдөн кийин токтоп калбайбыз. Анткени, Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин күнөөсү жок экени иш жүзүндө аныкталды. Эл аралык уюмдарга дагы кайрылдык, алардан дагы сөзсүз тыянак чыгат. Бардык картаны ачып, пландарыбызды айтпай коё турайын, биз бул иш менен тынбай иштеп жатабыз. Президент Атамбаевдин тапшырмасы менен чыгарылган сот өкүмүн сөзсүз жокко чыгартабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Айрым аймактарда көмүр жылдагыга салыштырмалуу 20%га кымбат сатылууда

Быйыл кыш келбей жатып эле көмүрдүн баасы 2-3 эсе жогорулай баштады. Айрыкча Ош шаарында октябрь айынын экинчи жарымынан тартып баа кескин көтөрүлүп, бир килограммы 6-7 сомго бааланып жатат. Айрым жерлерде 8 сомго чыкты. Бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 3 сомго кымбат дегендик. Ал эми Жалал-Абад шаарында көмүр жылдагыга салыштырмалуу 20%га кымбат сатылууда. Былтыр эң сапаттуусунун 1 тоннасы 4,5 сомду түзсө, учурда 5,5 сомго жетти. Көмүр Баткенде да жылдагыдан кымбат. Самаркандек көмүрүнун бир килограммы 4 сомдон болсо, Сүлүктүнүкү 9 сомду чапчыды. Самаркандектен чыккан кара алтын 4 сомдон бааланганы менен көлөмү аз. Облус калкынын керектөөсү жылына 130 миң тонна болсо, Самаркандек шахтыларынан миң тоннага жетпеген көмүр өндүрүлөт. Ал эми Сүлүктү шахтыларынан жылына 230 миң тоннага чейин кара алтын өндүрүлүп, анын 60%ы кошуна мамлекеттерге экспорттолот. Мындан улам баасы жогору болууда. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги акыркы 10 күн ичинде көмүр баасын жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Эгер бул токтом күчүнө кирсе, көмүр наркы 20%дан ашкан аймактардагы шахтыларга тиешелүү адистер баа коюп берет. Көрсөтүлгөнүнөн кымбат сатылса, 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пулу салынат экен. Кыш да кирип келди, өкмөттүн бул убадасынын канчалык деңгээлде ишке ашарын көрө жатарбыз.

Булак: «Майдан.kg»

Назира Кадыева, алпаруучу: "Бабановдун президент болоруна ишенгем"

Назира Кадыева карындашым Өмүрбек Бабановдун КР президенттик кызматына талапкерлик үгүт иштеринде жүрдү. Көчмөндөр сымал Кыргызстандын бардык айылдарында болду. Жакындан билип-көргөн адам катары ага кыскача эки-үч суроо менен кайрылдым. Назира бир да суроомо түйшөлбөстөн, шарт-шарт жооп бергени мени таңгалдырды…

– Назира, мына жакында эле КР президенттик кызматына талапкер, бирден-бир фаворит болгон Өмүрбек Бабановдун үгүт иштеринде алпаруучу болуп жүрдүң. Шайлоонун жыйынтыктарына кандай көз караштасың?

-Туура айтасыз, ӨмүрбекТоктогуловичтин үгүт иштеринде жүргөнүм чын. Кайсы жерге барбайлы, бизди жаркын маанайда тосуп алып жатышты. Эң кызыгы, элдер эч кимдин кыстоосу жок эле өз эрктери менен жолугушууга келгени мени өзгөчө таңгалдырды. Басымдуу бөлүгү жаштар болуп, Бабановдун идеясын кунт коюу менен угуп, айткан-дегендерине каныга сугарылып атканы жана креативдүү көз карашын жактырганы байкалып турду, муну моюнга алыш керек. Жашоодогу өзгөрүүнү күткөндөр алдыга жылууну самап атышканын, ошол эле учурда Өмүрбек Токтогулович аларга ишеним артканын элдин маанайынан билип турдум. Бирок, шайлоонун жыйынтыгы жеке мени канааттандырган жок. Себеби, жаштар менен кошо мен дагы жашоодогу жакшы бурулуштарды күтүп, Бабанов президент болот деген элем. Чынында ага татыктуу болчу. Элге сунуштаган программалары да иш жүзүнө аша турган, замандын талабына ылайыктуу экенин, колдогондор көп болгонун баары эле сезип турду. А жыйынтыгы эл күткөндөй болгон жок. Баягы эле административдик ресурс каалайсыңбы-каалабайсыңбы, өз ишин кылгандай таасир калтыргансыды, абдан өкүнүчтүү.

– Менимче, Бабановдун 2010-жылкы үгүт иштеринде да алпаруучу болсоң керек?

– «Республика» партиясын жаңыдан түптөп аткандан бери десем жаңылбайм. Өмүрбек мырза ошо кезде биринчи жолу Кыргызстанга жаңы өзгөрүүлөрдү, ошол эле шайлоонун үгүт кампанияларын жогорку деңгээлде, жаңыча, биз күтпөгөн ыкмаларды колдонуу менен коомчулукту өзүнө буруп, мыкты ишбилги саясатчы, уюштуруучу катары да көрсөтө алган. 2010-жылдары өзү менен курдаш, саясатка бир учурда аттанган жаш лидерлер Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаевдер да Бабанов менен ошол кезде бирге эле. Кийин алар өз алдынча партия ачып, Бабанов баштаган саясый үгүт кампанияларынын ыкмаларын колдонуп жүргөнүн көрүп келем.

– «Үгүт иштери жүрүп жаткан учурда Оштун Кара-Суу жергесинде провокация иштери болду» деген кеп уккан жайым бар…

– Ооба, «Кара-Сууда Райым Матраимов жолтоо болот» деп божомолдоп атканбыз. Биздин команда кооптонду. Бирок жолтоо болгон жок. Райым мырза мен билгенден майдалана бербеген жигит. Кайрымдуулук иштерин кылып, элине жардам берип, сый-урматка ээ экен. Сурат байке, анүстүнө мен алпаруучу болуп жүрсөм, кайдагы жолтоо иш? (Ха-ха-ха, күлүп)…

– Шайлоо бүттү, эми эмне менен алек болосуң?

– Саясатчылардын эле жарчысы эмес, элдин жакшылыктарында да кызмат кылып, өзүмдүн сүйүктүү ишим менен алек болом. Жар-жар айтам, ырдайм, той алпарам… Күз сонун мезгил, жергебизде тынчтык, элимде жакшьшыктар гана болсун!

Сурат Жылкычиев

Булак: “Азия Ньюс”

Нариман Түлеевдин ишенээри Назгүл

Назгүл Түлеева 31 жашта. Атасынын ишкердигин улантып жүрөт. Учурда Нариман Ташболотович ооруп, Түркияда дарыланып жаткандыгы маалым. Бирок ал киши таптакыр кейибейт. Себеби анын ишенээри Назгүл кызы бар. Жөнөкөй мүнөзгө ээ Назгүл айым атасынын саясый иштерине активдүү аралашып, маектерди берип келет. Журналисттер менен дагы тыгыз мамиледе. Маек учурунда тартынбай сүйлөп берген ачык айрым мүнөзгө ээ.

Булак: Де-Факто

Дипломат эмес президент

7-октябрда мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып, мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эмоцияга алдырды. Анын бир себеби—вице-премьер, шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Темир Жумакадыровдун ошол аземге 2 саат калгандагы күтүлбөгөн жол кырсыгынан каза болушу, экинчиси—алдыдагы президенттик шайлоого 5 күн калгандагы психологиялык абал, нервдин чыңалышы деп болжоого болот.

 Казакстан жетекчилерине катуу сөз

Келечекте өкмөттүн, мамлекеттин жетекчилеринен болот деп үмүт арткан жигиттин капысынан болгон кырсыктан каза болушу мамлекет башчыбыз  Алмазбек Атамбаевди тең салмактан чыгарып жибергени байкалды. Ошондон уламбы, коңшу Казакстан жетекчилигине да сын айтып жиберди. “Эмнеге алар ошондой жетекчилерди Кыргызстандын мамлекет башчысы катары таңуулагысы келет? Себеби алар Бакиевди артык көрүшөт, Бакиевдер Алма-Атада тойлорун өткөрүп жүрүшөт. Айрым эң жогорку жетекчилерден Бакиев элди атып, туура кылган” деген сөздөрдү угуп жүрөм. Анткени биз казактарга жаман мисалдарды берип жатабыз”.

“Назарбаев бир гана Алма-Атанын Ички дүң продукциясы бүткүл Кыргызстандын дүң продукциясынан 5 эсе көп, ал эми Казакстандын ИДП Кыргызстандыкынан 20 эсеге көп, бир адамга эсептегенде киреше 10 эсеге көп деп айтып жүрөт. Анда эмнеге аларда пенсия бизден болгону 1,5 эсеге көп, тарифтер 5 эсеге кымбат? Себеби, ал жакта Казакстандын байлыгын уурдап жатышат. Биз аларга туура эмес мисалдарды берип жатабыз. Атамбаев туура эмес мисалдарды көрсөтүп жатат, адилеттүү бийлик мисалын көрсөтүп жатат.  Эгер биз киши башына 10 эсеге көп киреше алсак, анда пенсия да 10 эсе көп болмок. Бабанов, Сариев Утемуратовдорго окшогондорго, өлкө байлыгын уурдагандарга кол куушуруп барып жатышат. Мен жаштар бийликке келсин  деген Назарбаевдин айткандарын колдойм. Биздеги президенттикке талапкерлердин эң улуусу Назарбаевден 20 жаш кичүү, мен андан 16 жарым жаш кичүүмүн. Жаш президент бизге керекпи же Казакстангабы?” деди Алмазбек Атамбаев.

Андан ары тарыхка кайрылып, биз менен казактар түбү бир эле эл экенин эске салды.  “500 жыл мурун биздин бир бөлүгүбүз Чынгызхандын урпактары өз султаны кылып алышкан” . “Казактар бизди үйрөтпөй эле койсун, биз өз жолубузду билебиз” деди президент.

“Темир Жумакадыровдой өлүп эле калбасам…”

“1-декабрга чейин алардын ар бирин катуу жазалайм. Бакиевдин заманын кайрып келгиси келгендердин ар биринин жазасын колуна карматам. Эгерде Темир Курмангазиевич Жумакадыровдой болуп  өлүп калбасам эле”  деди мамлекет башчы.

“Мындайларды ысык темир менен күйгүзүш керек” , “Элибиздин наны урсун, тузу урсун”

Эгерде президенттикке бийликтин атынан талапкер  Сооронбай Жээнбеков  дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановду “балапан” деп атаса, эми президент аны “бай-манапчик” деди. “Мындайларды ысык темир менен кїйгүзүш керек” деди Президент.

Андан кийин мамлекет башчы президенттикке талапкерлер туурасындагы өзү жүргїзүүнү тапшырган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы тууралуу айтты. “Эгер президенттин талапкери башында 3 пайыз, Бабанов 39 пайыз добуш алса, бүгүнкү күнү Бабанов 20, ал эми биздин талапкер 40 пайыз алып отурат. Шайлоого чейин бул рейтинг дагы көтөрүлөт” деди Алмазбек Атамбаев. “Шайлоодон кийин булардын баарын тазалайм. Ууру түрмөдө олтуруш керек”.

“Буларды аясаң, башыңа чай кайнатат. Буларга окшогондорду элимдин наны урсун, тузу урсун!” деди Алмазбек Атамбаев.

“Мен кайрылып келем. Булар келе албайт”

“Кудай мага өз жеримдин топурагын буйрусун. Булар өзүнүн капчыктарына качат, Акаевди, Бакиевдерди туурап, камаганга үлгүрбөсөк. Мен кайрылып келем, ар бир ишиме, сөзүмө жооп берем. Буга чейин чыдасам, мындан кийин мындай итчиликке чыдабайм” деди ал.

“Президент болбой калсам эле, эл мени колдобой калат деп ойлобогула. Кыргызстандан Чүй болобу, Ош болобу. Баткен болобу, Талас болобу, Манас атанын урпактары баш көтөрөт. Азыр Абыке, Көбөштөр баш көтөрїп жатат”. “Биздин келечегибиз биздин элибизде жана акыйкат бийликте” деди мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев.

Шайлоого 5 күн калганда…

Президенттин шайлоого 5 күн калгандагы абалы ушундай, эмоциялуу болду. Балким, Темир Жумакадыровдун бөөдө кырсыктан делген өмүрүнүн артында кандайдыр сыр барбы же уулундай эсептеген адамдын капыс өлүмү жанды кейитип, эмоцияга жетеледиби, айтор, президентибиз калыстыктан тайып, бийликтин талапкерин колдоп, башка талапкерлерге ачуу сөз ыргытты,  кошуна өлкө жетекчисине да катылып алды. Аягында, пенде эмеспи, ашыкча сөз айтылып кеткенине кейип да калды. Кантсе да бул шайлоо тарыхтагы эң катаал шайлоо болору байкалды. Чындыгында азыркы президентибиз өзү айтмакчы, “дипломат эмес” экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Казакстан премьер-министри жооп кайтарды

Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрдагы сүйлөгөн сөзүнө Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев жооп берди:

«Казакстан экономикасы эгемендик жылдары 20 эсеге өскөнүн,  2012-жылы Казакстан дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн 50 өлкөнүн катарына киргени, «Doing Business» рейтинги боюнча 35-орунда турганы айтылат.»Батыш Европа — Батыш Кытай» континенттер аралык магистралдын казак тарабы курулуп бүткөнүн, 2,5 миң чакырымдан ашуун жаңы темир жол курулганын, 10 миң чакырымдан ашуун авто жол курулуп жана оңдолгонун, 1,1 млн казакстандык үй-бүлөнү үйлүү кылган 120 млн чарчы метр турак жай курулганын, акыркы он беш жылда орточо айлык акы менен пенсия он эседен ашуун көбөйгөнү айтылды. Астананы курууга 50 млрд доллар жумшалып, алтын-валюта корунун көлөмү 91 млрд долларды түзөрү да белгилеген.

«Кыргызстан ЕАЭБге кирерде казак президенти тарабынан 10 млн доллар техникалык жардам берүү чечими кабыл алынган. Гуманитардык жардам катары Кыргызстанга 20 млн доллар бөлүнгөн. Ошто жана Бишкекте эки мектеп курулган. Кыргызстандын экономикасына Казакстандан 820 млн доллар акча инвестиция салынган. Кыргызстандын 125 миң эмгек мигранты Казакстанда жашап жатканы айтылат.

«Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин бир нече жолку жагымсыз чабуулдарына карабай, казак өкмөтү мындан ары да Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана кызматташтыкты активдүү тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү көздөйт» деп жыйынтыктаган.

Айтмакчы…

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү: Н. Арипов, А. Абдрахматова, Е Жылкычиева, Н Журабаева кайрылуу жасап, президенттикке негизги эки талапкердин бирин шайлоо жарышынан алып салуу маселеси талапка ылайык келбесин, адилет шайлоо үчүн талапкерлердин баарын жарышка салуу туура болору тууралуу Кайрылуу менен  чыгышты.

Булак: “ПолитКлиника”

Видео - Адахан Мадумаров: “Молдомуса Конгантиев, бети-башыңды ким талкалады эле? Камчыбек Ташиев, сени “аласы жыртылган” деп ким күлкүгө салды эле?”

Жакында социалдык тармактарда белгилүү ырчы Клара Алибекова тартылган видеотасма тарады.

Тасмада белгисиз бирөө К.Алибекованы зордуктоого аракет кылып, муунтуп коркутканын ырчы шок абалда милиция кызматкерлерине айтып бергени тартылган. Ошол эле учурда ал милициядан жардам сурап кайрылып, зөөкүрдү качып кете электе кармоону өтүнгөн. Ал эми милициялар ырчыны тасмага тартып алышкан. Тасмада алар ырчыны шылдыңдап жатышканы алардын берген суроолорунан ачык байкалып турат. Алар ага “Сени зордуктайм дедиби? Крышаң кетип калган жок беле?” деген суроолорду узатышкан. Бул видеотасманы көрүп эле милицияларга кыжыры келип, Бишкек шаарынын төрт районунун ички иштер бөлүмдөрүнө арыз жазып кайрылганын акын Бурулкан Карагулова бизге айтып берди.

Бул окуядан кийин мен Кларага жолуктум. Кларанын айтуусуна караганда, ушул жылдын 27-сентябрында кечинде дүкөндөн келе жатканда ага мас адам кол салып, муунтуп, зордуктоого аракет жасаган. Жардам сурап кыйкырып, же каршылык көрсөтсө өлтүрө тургандыгын айтып коркуткан. Ошол учурда алыс эмес жерде милициянын унаасы токтоп турганын байкап аларды көздөй чуркап, жардам сурап кыйкырган. Зөөкүр болсо Клараны бошотуп, качып жөнөгөн. Клара коркконунуна нес болуп калган. Милициянын унаасына отуруп окуянын чоо-жайын айтып берүүгө аракет кылып, зордуктоого аракет жасаган зөөкүрдү качып кете электе кармагыла деп суранган. Милиция кызматкерлери аны кармоонун ордуна коркконунан нес болуп калган Клараны шылдыңдап, ар кандай адепсиз суроолорду беришкен. Милициялар Клараны караңгы жерге көчөнүн боюна “бар жогол” дешип унаадан түртүп түшүрүп коюшкан. Алар аны мас деп ойлошкон. Клара ичпептир. Мас эмес экен. Коркконунан окуянын чоо-жайын толук түшүндүрүп айтып бере албаптыр. Алтургай милиция кызматкерлери аны камерага тартып жатканын да билбептир. Кийин гана интернеттен көрүптүр. Милициялар аны түртүп унаасынан түшүрүп коюшканда артынан эле келаткан такси кол көтөрсө токтогон. Милицияларга караганда кыргыздын чыныгы атуулу таксист жигит, “коркпо, алар жетип келсе башын жулуп алам, жылуу жумшак үйүңө кирип уктай гой” деп үйүнө жеткирип, короодон киргизип койгон. Таксист жигит Клараны Акөргө конушунун кире беришиндеги ал жашаган үйгө жеткирген. Кларанын өзүнүн арызын да ИИМге өткөрдүм. Клара катуу коркуп калгандыктан, азыр деле өзүнө келе албай жатат”, – деди Б.Карагулова.

Ал эми соцтармактын колдонуучулары милициялардын сурагын адепсиздик, түркөйлүк, көпкөндүк катары сыпатташып, алардын бул жоругуна нааразы болушууда. “Эгерде ошол милиционерлер жөн гана мырзалык, эркектик кылып Кларага жардам беришсе, анда алар ата-энеден жакшы тарбия алган мырзалар болушмак. А булар тескерисинче алсыздарды кордоп, элге жек көрүнүшүүдө. Кылаарга жумуштары жок үчүн эрмектеп видео тартып жатышат”-дейт Акылжан Асанова. “Өзү жардамга барса кайра мазактаганы кандай? Булар көпкөн немелер го!”,- деп ачууланган Алманбет Таап Теги. “СССР убакта биздин милиция бизди коргоочу азыр биздин милиция бизди кордоп жатат. Клара моралдык чыгым болду, милициялар материалдык чыгым тартышсын. Билимсиз адепсиздер десе. Психологиясы жабыркап уялганынан өлүп алса эмне болот. Милицияда крышасы кеткен билимсиз адепсиздер эмнеге иштешет?. Жанагы милицияларды таап жооп берүүсүн ИИМден талап кылам” – дейт Гүлмира Конушбаева.

Акын Б.Карагулова биз менен болгон маегинде ИИМден аталган окуяны иликтөөгө алып жооп беришээрин билдиришкени менен “карга карганын көзүн чокубайт” болуп ишти создуктуруп жатышканын билдирди. Эгерде бул окуя тез арада териштирилип, күнөөлүүлөр тиешелүү жазаларын алышпаса, жалпы кыргыз милициясынын бетине чиркөө болорун Ички иштер министри Улан Исраилов эсине алышы керек. “Бир карын майды бир кумалак чиритет”!

Булак: “Алиби”

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: «Саясаттагы адамдар бизнес менен алектенбеши керек, акча тапкысы келеби, соода кылышсын!»

— Темирбек Ишенбаевич, 2011-жылы президенттик шайлоого катыштыңыз эле. Эмне себептен бул жолкусунда БШК сизди президенттикке талапкерлердин катарына кошпой койду деп ойлойсуз?

— Туура айттыңыз, 2011-жылы Кыргызстандын президенттигине талапкер катары шайлоого катышкам. Анда БШК тарабынан берилген баардык тапшырмаларды аткаргам. Андагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, 16 талапкердин ичинен 4-орунду ээлегем. Эгер регионалдык факторду карай турган болсок, анда түндүк боюнча Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтен кийинки болуп эле 2-орунга жетишкем. Ал эми бул жолкусунда тилекке каршы, БШК мени мындай статуска татыктуу эмес деп чечип койду.

— Сизден сырткары Камила Шаршекеева, Рита Карасартова сыяктуу көрүнүктүү коомдук ишмерлерди президенттик шайлоого конкуренция күчтүү болбош үчүн катыштырбай коюштубу?

— Негизи шайлоого катышуу өтө оор эмгекти талап кылган, көп чыгым алып келчү иш чара. Андыктан баардык талапкерлерге алардын чечкиндүүлүгү үчүн терең урматтоо менен мамиле кылам. Ал эми жогорку жактагылар тарабынан болуп жаткан белгилүү тоскоолдуктардын болуп жатканы чын жана боло бермекчи. Бул деген бийлик үчүн болгон реалдуу күрөш. Ошондуктан ар бир саясатчы аны кандай сыноолор жана кыйынчылыктар күтүп атканын так түшүнүшү керек.

— Учурдагы саясий чөйрө шайлоонун таза өтүшүнө жеткиликтүү деңгээлде шарт түзүп берүүдөбү?

— Формалдуу түрдө Кыргызстандын бийлигинин баардык институттары демократиялык баалуулуктарга таянышат (таза, ачык шайлоо, мыйзамга баш ийүү жана баардык талапкерлерге конкуренциялык шарттарды түзүп берүү ж. б.). А чындыгында биздин өлкө демократиянын баалуулуктарын туура жамынган союз мезгилинен келип чыккан мутант бойдон калууда. Негизи шайлоонун жыйынтыгы эбак аныкталган. Болгону “Шайлоо” деген спектаклди ойноп коюу эле калды.

Бийликтин башкы батирин мурдагы президенттерге кызмат кылган эле адамдар курчап турушат. Алар бул жааттын техникасын жогорку деңгээлде өздөштүрүшкөн жана жогорку жактагылардын баардык «каприздерин» аткарууга даяр.

— Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтүнө кандай баа бересиз? Бул аралыкта Кыргызстандын экономикасын туруктуу бир жолго сала алдыбы?

— Алмазбек Шаршенович өлкө оор кырдаалда турган кезде президент болуп калды. Ал учурда ички жана тышкы саясатта чоң карама-каршылыктар болуп жаткан. Ага ылайык, башында президент бир топ саясий каршылаштары менен компромисске баруусуна туура келген. Бирок, тилекке каршы убакыт өтө берет, а мамлекетте болуп жаткан окуялар үчүн өлкө башчысы жооптуу болот. Андагы саясий жагдай президенттин убактысынын көбүн өзүнүн бийлигин сактоого жана бекемдөөгө сарптоого мажбурлаган. Ушундан улам мамлекеттин экономикасы жана улуттук кызыкчылыктары жогорку деңгээлде боло алган жок. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик стратегиялык планы жокко эсе эле. Ушул сыяктуу кыйынчылыктарды түшүнгөндүктөн, шайланган бийликти катуу сыноодон алысмын.

Себеби, сыноо жана кеңеш берүү оңой, жоопкерчиликти моюнга алып, маселелерди чечүү ар бир адамдын колунан келе бербейт. Көбү мени шайлоо убагында гана саясий активдүүлүгүмдү көрсөткөндүгүм үчүн сынга алып келишет. Мекендештерибиздин көпчүлүгү өздөрү шайлаган саясатты сын жана дискриминация катары кабыл алышат. Менин түшүнүгүмдө, мындай коомдук аң сезим мамлекетибизди ичинен алсыздандыруу үчүн соңку 10 жылдыктарда калыптанды. Ошондуктан, бул мисал менен калыптанган туура эмес саясий маданиятты алмаштырууга аракеттенем. Ал эми шайлоочуларды тандоосуна жоопкерчиликтүү болушуна чакырам. Анткени, коомдун аң сезиминин деңгээли мамлекеттин келечегин аныктайт.

— Президенттикке талапкер катары каттоодон өтпөй калсаңыз дагы, өлкөнү өнүктүрүү туурасындагы программаңыз баарына кызык болсо керек? Ошол боюнча айтып берсеңиз?..

— Өлкөбүзгө коомчулуктун кызыкчылыктарын коргоо менен билимдин пайдубалын жана мамлекеттин коопсуздугун калыптаган, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн адамдар керек. Саясаттагы адамдар жумуш ордуларын жамынып, жеке бизнес менен алектенбеши керек. Болбосо, биз эч убакта коррупцияны жоё албайбыз.

Акча тапкыңар келеби, соода кылгыла! Кээде өткөн кез менен келечектин ортосундагы көпүрөлөрдү өрттөө керек.

Учурда көпчүлүк бизнесмендер жана калп саясатчылар жеке кызыкчылыктары менен коомдукун алмаштырып алышты. Алар коомдун мүлкүн тоноону кадимки көрүнүшкө айландырышууда:

а) Жердин астыңкы бөлүгү менен жаратылыш ресурстардын баары элге гана таандык!

б) Мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын кыскан баардык мыйзамдарды карап чыгуу.

в) Экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болуп аткан эл аралык каржылык институттарга болгон көз карандуулуктан арылуу үчүн тышкы карыздардан кутулуунун булактарын табуу.

г) Мамлекеттик кызматкерлер туурасындагы мыйзамды карап чыгуу жана бюджеттин кызыкчылыктарын коргоочу жоопкерчиликтүү бийлик калыптоо.

Башка мамлекеттерден жардам күтүү саясатчылардын ишенчээктиги эмес, а жоопкерчиликсиздиги. Өтө кыска мөөнөттө экономиканы жана инвестициянын агымын жогорулатып, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууну убада берген саясатчылар, адамдардын башын айлантышууда.  Реалдуу түрдө, шайлоочуларга экономиканы жогорулатуу үчүн катуу көзөмөл, темирдей тартипти жана жогорку жоопкерчиликти убада бере алабыз. Кыргызстандын экономикасынын булагы болуп эл өзү саналат.

— Россия кайсыл талапкерди колдойт деп ойлойсуз?

— Россия эл аралык саясий аренада өзүнүн репутациясына шек келтиргиси келбейт. Ошондуктан ал эч убакта бирөөнүн ички иштерине бирөө үчүн киришпейт. Балким жөн гана жашыруун колдоо болушу мүмкүн.

— Сизди Бабановду колдойт деген сөздөр айтылууда. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Бабанов Өмүрбек менен студенттик кезде Москвада чогуу окуганбыз. А кадимки жашоодо достук мамиледебиз. Бирок Кыргызстанга карата саясий көз караштарыбыз бири-бирибиздикинен такыр айырмаланып турат. Андыктан колдоо туурасындагы сөздөр негизсиз.

— Жаңы президент шайлангандан кийин Кыргызстандын сырткы саясаты кандай болушу керек? Дегенибиз, Батышка көбүрөөк ыкташы керекпи же көп кырдуу тышкы саясат жүргүзгөнү туурабы?

— Улуттук коопсуздук боюнча Кыргызстандын учурдагы тышкы саясий курсун туура деп эсептейм. Ал эми улуттук экономиканын өнүгүшү туурасында айта турган болсом, биз ириленишкен саясат жүргүзүүбүз керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Курманбек Осмонов, Жогорку Соттун мурунку төрагасы: «БШК Келдибековду Конституциянын, Эл аралык Конвенциянын талаптары боюнча  талапкер кылып катташы керек болчу»

— Курманбек Эргешович, сиз сот тармагында бардык тепкичтерди басып өткөн дасыккан адис экениңизди эч ким тана албайт. БШК президенттик шайлоого талапкер болуп бараткан Ахматбек Келдибековдун талапкерлигин каттоодон баш тарткан чечимди кабыл алды. Бул чечим юридикалык жактан канчалык деңгээлде мыйзамдуу болду?

— Бизде “Кыргыз Республикасынын депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндө” бир мыйзам, ал эми Союздан тараган өлкөлөрдө башка-башка мыйзам кабыл алынган. Мисалы, Россияда президентти жана Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдар өз-өзүнчө. Ал мыйзамдар федералдык деп аталат. Бизде болсо Конституциялык мыйзам. Ошол мыйзамда “Соттуулугу жоюла элек же алына элек адам президенттикке шайлана албайт” деп жазып койгон. БШКнын мүчөлөрү, жумушчу тобу Ахматбек Келдибековго тергөөдө коюлган айыптардын баарын тизмектеп, коррупция боюнча айып коюлган, 304-берененин 4-бөлүмү менен соттолгон деп токтомдоруна жазып алышыптыр. Мен бүгүн дагы радиодон “Коррупциянын номур биринчи символу болгон Ахматбек Келдибеков БШКдан талапкер болуп катталбай калып, шайлоого болгон мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды” деп берген маалыматты уктум. Ушул сыяктуу маалыматтар менен элге «Келдибеков коррупционер» деген сөздү сиңиргенге аракет көрүп жатышат. Келдибеков коррупция беренеси менен соттолгон эмес. 304-берене болсо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу. Бул кылмыш иши да шектүү болуп жатпайбы. Келдибеков парламенттин төрагасы болуп турганда Москвага парламенттин өкүлчүлүгүн ачып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген кине коюлган. Кызматта турган адам кол алдындагылардын үстүнөн кызматтык абалын пайдалануу үчүн анда административдик, эмгектик, социалдык, укуктук негизде рычагы болушу керек. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы деген төрдө олтуруп жыйынды алып барганга төрагалык кылат. Бир дагы депутатты сен деп айтууга, административдик чараларды колдонгонго укугу жок. Депутаттар менен эле тең укуктуу. 2002-жылы баардык КМШ өлкөлөрү чогулуп, Молдованын борбору Кишинёв шаарында 7-октябрь күнү Конвенция кабыл алышкан. Ал Конвенция “Шайлоолордун жана жарандардын шайлоого болгон укуктары, эркиндиктеринин демократиялык стандарттары” деп аталат. Ага биринчи президент Аскар Акаев кол койгон. 2003-жылы 3-августта Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйыны ошол Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ал мыйзамды эл өкүлдөр жыйыны жактыргандан кийин мыйзамга президент кол койгон. Мындан сырткары азыркы кезге чейин иштеп жаткан Санкт-Петербургда Парламенттер аралык Ассамблея бар. Мен ошол Ассамблеянын укук комитетинде иштегенмин. КМШ өлкөлөрүнүн баарына улуттук мыйзамдарды шайлоолордун демократиялык стандарттары боюнча кабыл алынган Конвенцияга шайкеш келтирип ылайыктагыла деген сунушту жөнөткөн. Биздин өлкө ошол сунушту дагы кабыл алган. Бул Конвенция асмандан түшүп калган жок. Бүткүл дүйнөлүк адам укугу боюнча декларацияга, жарандык жана саясий укуктар жөнүндө кабыл алынган дүйнөлүк ПАКка негизделип иштелип чыккан. Сөз болуп жаткан Конвенцияда “КМШ мамлекеттеринин баарысы тең ушул Конвенцияда жазылган принциптерди, шарттарды аткарууга милдеттүү” деп жазылып турат. Ошол Конвенцияда ким президент болуп шайлана албайт деген нормада “Сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган адам, соттун өкүмү менен эркинен ажыратылып, жазасын эркинен ажыратылган жерлерде өтүп жаткан адам президент болуп шайлана албайт” деп каралган. Биринчилерден болуп Россия өзүнүн улуттук мыйзамдарын Конвенцияга шайкеш келтирген. Россиянын мыйзамдарында ар кандай кылмыш кылып соттолгон адам шайлоого бара албайт деген норма жок. Оор кылмыш, өзгөчө оор кылмыш жана экстремисттик кылмыштарды жасаган, соттун өкүмү менен камакта жаткан адамдар гана шайлоого бара албайт. Соттуулугу жоюла же алынып салына элек адамдар президенттикке жана депутаттыкка талапкер боло алат.

— Россияда соттолуп, соттуулугу алынып салына элек же жоюлбаган саясатчы шайлоолордо талапкер болуп катталган мисал барбы?

— Мисалы, орустарда Навальный деген белгилүү оппозиционер саясатчыны билесиңер. Навальный боюнча соттордун 3-4 чечими бар. Бир чечим Конституциялык сот тарабынан чыгарылган. Навальный бир топ жолу соттолгон, бирок оор же өзгөчө оор кылмыш менен эмес, эркинен ажыратылбаган, ошон үчүн депутаттыкка да, президенттикке да талапкер боло алат деген чечим бар.

— Эл аралык Конвенция боюнча Ахматбек Келдибековду БШК президенттик шайлоого талапкер кылып каттаганга милдеттүү беле?

— БШК Ахматбек Келдибековду Эл аралык Конвенциянын, өзүбүздүн Конституциябыздын талаптары боюнча да талапкер кылып катташ керек болчу. Конституциябызда бир беренеде 4 талап көрсөтүлгөн. Дагы башка беренеде бир талап бар. Кыргыз Республикасынын президенти болуп Кыргызстандын жараны жашы 35 жаштан кем эмес 70 жаштан жогору болбогон адам шайлана алат. Кыргыз тилин билүүсү керек. Мындан сырткары жалпы жонунан Кыргызстанда 15 жыл жашаган адам болуусу зарыл. Бул 62-беренеде көрсөтүлгөн талаптар. Дагы бир беренедеги талап боюнча талапкерди колдогон 30 миңден кем эмес кол чогултуш керек. Конституциядагы нормалар ушулар гана. Шайлоо жөнүндөгү мыйзам боюнча миллион сом күрөө коюш керек. Ушунун өзү Конституциянын чегинен чыккандык. Эл аралык мыйзамдардын бирөөсүндө дагы миллион сом же доллар, рубль күрөө коюш керек деген норма жок. “Жалпы коомчулук тааныган Конвенциялар Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс жана иштеп жаткан бөлүгү болуп эсептелет” деп Конституцияда жазылып турат. БШКда токтомду даярдап келчү жумушчу тобу бар экен. Ахматбек Келдибековдун өкүлү катары ошол жумушчу топтун жыйынына өзүм дагы катыштым. Жумушчу топто дагы, БШКнын мүчөлөрү өткөргөн жыйында дагы, чечимди окуган кезде дагы Эл аралык Конвенциялар жана алардын Конституциялык байланыштары жөнүндө бир сааттан ашык сүйлөсөм, бирөөсү ооз ачып койгонго жарабады. Жок дегенде элди ишендирүү үчүн “Сиздин айтканыңыз туура эмес, биздин өзүбүздүн мыйзам бар, ошону жетекчиликке алып жатабыз, Эл аралык Конвенцияны жетекчиликке алууга милдеттүү эмеспиз” деп коюшса болмок да. Төрайымы баш болуп үн катпай олтуруп беришти.

— БШК Келдибековду кылмыш-жаза кодексиндеги беренени негиз кылып талапкер катары каттабады. Кылмыш-жаза кодексинде айып пул төлөсүн деген соттун өкүмү чыккан адам шайлануу эркинен ажыратылат деген норма барбы?

— Андай норма жок. БШКнын төрайымы Шайлдабекова “Эркинен ажыратуу Ахматбек Келдибековго айып пул менен алмашылган да” дейт. Мына, БШКнын төрайымынын укуктук деңгээли. Мен ордумдан туруп “Сиз туура эмес айтып жатасыз. Айып пул менен кандайдыр бир жазаны алмаштырган эмес. Айып пул деген негизги жаза катары колдонулган” деп түзөсөм чычалады. Мыйзамда кылмыштын оордугуна, белгиленген жазага жараша соттуулугунун жоюлуу мөөнөттөрү коюлган. Эң кызыгы БШК “Ахматбек Келдибековго 31-августка чейин соттуулугу алынып салынгандыгы тууралуу далилдерди БШКга алып келсин” деп кат жолдоптур. Бул боюнча Келдибековдун өкүлү катары “Кечээ эле операция болуп чыккан адамды бул операция болгон эмес деген справка алып кел деген менен барабар болуп жатпайбы” деп айттым. Жумушчу тобунда болсо “Ушул мыйзамдарды талкуулоо үчүн кимге кайрылабыз?” деп олтурушат. БШК укук колдонуучу, өзүнүн ишмердүүлүгүндө мыйзамдарды, мыйзамдын конкреттүү нормаларын, Конституциянын нормаларын колдонгон орган. Чыгарган чечимдери мыйзамдын чегинде, негиздүү болушу керек. Жөнөкөй алфавит сыяктууну билбей туруп укук колдонуучу органдар, анын ичинде БШК сабаттуу, негиздүү, мыйзамдуу чечим чыгарышы кыйын.

— Конституциянын талаптары, Эл аралык Конвенциянын нормалары боюнча Келдибеков талапкер болуп катталууга толук укуктуу болсо, БШКнын чечими укуктук эмес, саясий чечим болдубу?

— Келдибеков шайлоодо татыктуу атаандаштыкты жаратчу саясатчылардын бири экени талашсыз. Ошондуктан ага эптеп бир нерсе таап, буттан чалыш керек болду. БШК укуктук чечим кабыл алганга окшоштурабыз деп аракет кылганы менен ал аракети окшошпой калды.

— Курманбек Эргешович, сиз Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө беришкен деп Ташиев менен Бекназаровдун үнүнө окшогон аудио жазуу тууралуу өз пикириңизди билдирип, аларды камаш керек деп айтканыңыз маалымат каражаттарына чыкты эле. Ал аудио жазуу ошол эки адамдын сүйлөшүүсү экенин далилдебей туруп камаш керек деген тыянакка кантип келдиңиз? Бул юридикалык маселелерди ийне-жибине чейин билген адамдын пикири эмес го?

— Мен эч нерсе далилденбей туруп бир адамды камаш керек деп айтчу акылсыз адам эмесмин. Журналист мага телефон чалып “Белгилүү юрист, Жогорку Сотту жетектеген адам катары ушул маселе боюнча оюңуз кандай?” деп сураган. Мен сотто жалган көрсөтмө бергени үчүн мыйзамдарда жарандардын жоопкерчилиги каралган, Бекназаров менен Ташиевдин аудио жазуудагы сүйлөшүүсү тууралуу эч нерсе деп айта албайм, жалган көрсөтмө болгонбу же жокпу далилдеш керек деп айткам. Ташиев же Бекназаров камалсын деген сөздөрдү айткан эмесмин. Ташиев менен Бекназаров камалышы керек деп Курманбек Осмонов айткан деп менин айтканымды аудио же видео жазуусу болсо далилдеп коюп берсе бир жөн. Текебаевдин иши боюнча дагы Курманбек Осмонов Текебаевге жаза мөөнөтүн төмөн берип койду деп айтты дедиртип жарыялашып жиберишиптир. “Текебаев укуктук негиз менен соттолдубу же саясат болдубу?” дешип сурашкан. Мен адис катары кылмыш иштин ичине сүңгүп кирип, окуп чыкмайынча ак же көк деп айта албайм, антип айтышка менин укугум да жок деп жооп бергем. “8 жыл азбы же көппү?” деп сураган, эгер 303-берене менен соттогон болсо, анда каралган жазадан кыйла төмөн деп айткам. Анткени, ошол берене боюнча 12 жылдан 20 жылга чейин деп каралган. Текебаевге жаза мөөнөтүн төмөн берип койду дегеним жок. Журналисттер өзүнө ылайыктуу кылып менин сөзүмдү бурмалап алышыптыр.

Булак: “Жаңы Ордо”

Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты, СДПК фракциясы: «Азыркылардын көпчүлүгү эле бай-манаптын тукуму болуп калабы?»

— Агай, Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендеги максатыңыз эмне, же кээ бир кесиптештериңизге окшоп бизнесиңизди коргообу?

— Менин Жогорку Кеңешке депутат болуп келгендеги биринчи максатым-элиме пайдамды тийгизүү. Мурунку чакырылышта депутат болуп турганымда көптөгөн мыйзамдарды жазып, ишке ашышына көмөк көрсөткөм.

Ал эми бизнес тууралуу сурооңо токтоло кетсем, биринчиден менин аябай ашып-ташып, төгүлүп жаткан бизнесим жок. Бизнести кимдир бирөөдөн коргоо керек эмес. Себеби, мен өз маңдай тер, ак эмгек менен кураган бизнесиме кимдир бирөө тоскоолдук жаратат деп айта албайм.

— Карапайым калк учурда депутаттарга көп ишеним артып, келишпестиктер болсо Жогорку Кеңешке жүгүргөнүн билебиз, сизге кайсыл тармак боюнча көп кайрылышат?

— Мага көп учурда жер маселеси, жер кен байлыктары боюнча чыр-чатактар чыкканда кайрылышат. Шайлоочуларымдын кайрылуу себептерин териштирип, колумдан келишинче тактап, жан үрөп жардам берүүгө аракет жасайм.

— Учурда айыл жеринде жумушсуздук күч алып, жаштарыбыздын баары чет өлкөгө кетип, чет жакка барууга шарты жоктор, баш калаабызды көздөй агылуу- да, буга оюңуз кандай?

— Эсил кайран СССР деген улуу держава кулагандан баштап эле өлкөбүздө жумушсуздук пайда болгон. Өкмөттүн жумуш орду менен камсыз кылууга чамасы келген эмес. Ал тургай бизде чоң-чоң завод, фабрикаларыбыз менчиктештирилип, сатылып, талап-тонолуп кеткени жашыруун эмес. Өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери, эл өз киндигин өзү кесип, жакшы жашоого умтулган замандаштар кайсыл жерде иштебесин иштин көзүн таап, жашоо- шартын оңдоого аракеттениши кубанарлык иш. Ушу тапта элеттиктер да иштин көзүн таап алдыга умтулуп жаткан учуру. Иштейм деген кишиге иш табылат экен. Айылдан эле укмуш жыгачка жан киргизген усталар, колунан көөрү төгүлгөн уздар, жемиш бактарынын түрүн эгип гана тим болбой, чет өлкөдөн алынып келчү банан, лимон, киви, ал гана эмес ананасты бышырып жаткан багбандар. Аары баккан балчылар, бөдөнө, төө куш, тоок багуу менен алектенгендерди айтпаса да белгилүү. Менин оюмча замандаштар алдыга көч башын улап бараткандай.

Ал эми жумуш жогуна шылтоолоп, айылды чангандарга оюм. Кээ бир жаштар айылда жашагысы келбейт. Кетмен чабууну жактырбайт. Мал баккандан намыстанат. Же бир жакшылап алган билими жок. Билим албай калышына, акча төлөп окута албаганына ата-энесин күнөөлөйт. Иш менен камсыз кылбаган Өкмөткө наалат айтат. Кыялында, жомоктогудай жашоону элестетет. Заматта эле депутат же министр болгусу келет. Мындай жаштар миңдеп саналат.

Учурда айыл жеринде иш жок деп, борборго келип алып, жарытылуу иштей албай, айылга кайтууга намыстанымыш болуп, жеңил тамакка азгырылып, ууру- кески же болбосо кээ бир кыздарыбыз сойкулук жолуна түшүп кетүүдө. Ким болсо да, жаман жолго түшүүдө биринчиден өзүн күнөөлөшү керек. Акыл деңгээли өз ордунда, өз оюн башкара билген адам күнөөнү башкадан издебеши анык.

Борбордо азыр мурункудай завод, фабрикалар жок болгону менен майда, чакан ишканалар, тигүү цехтери, кичи заводдор иш алып барууда. “Аракетке берекет” дегендей. Атасы бай болбогонуна кейибей, өзү баюуга аракет жасаса болот (күлүп).

— Эл арасында депутаттар чет өлкөлөргө завод-фабрика куруп, чет өлкөнүн банктарына акчаларын катпастан, кыргыз эли үчүн пайда келтирчү ишканаларды курса, жаштарыбыз чет жака тентимек эмес деген ой айтылат. Суроого кандай жооп айтаар элеңиз?

— Кимдин кайсыл жакта иштетип жаткан завод-фабрикасы, канча каткан акчасы бар, аны менен ишим жок. Жеке өзүм үчүн жооп берсем, менин чоң завод, фабрика курууга кудуретим да жетпесе керек.

— Бийликке жалаң жаштар келүүдө, эл күткөндөй реформа жаратаарына көзүңүз жетеби?

— Ишенем. Жаштардын келечеги алдыда. Алар сөзсүз реформа жарата алат.

— Ооган жеринде кызмат өтөп келгенсиз. Ооган жерин эстегенде кайсыл учур көзгө тартылат?

— Согуш мезгили, колу-буту жулунган жоокерлер, жар сүйбөй, бала жытын искебей кеткен кырчындай жигиттерди эстегенде, каргыш сага согуш дейм. Кандай гана жакшы тилектерге, үмүттөргө байланган азаматтар боз топуракка аралашып калды.

— Үйдө ким башчы болушу керек? « Ким акчаны көп тапса ошол башкарат» дегендерге кошуласызбы?

— Ээ кокуй, жок. Акчаны тапкан адам эле башкара берсе анда аял- эркектин жашоодогу орду эмне болот? Азыр эми көбүнчө аялдар иштеп, эркектер үйдө олтуруп калбадыбы, ошого кээ бир түшүнүгү тайкылар акча тапкан адам башчы деп түшүнүп алса керек да.

— Доско байсызбы?

— «Жүз сомуң болгончо, жүз досуң болсунчу» деп коёт элибизде. Мен ошол накыл кепти туу тутам. Досторум көп эле, жакшылыкта тарапташ, жамандыкта канатташ болгон досторум менен сыймыктанам.

— Көпчүлүк бийлик бутагында олтурган замандаштардын ата-энеси илгертен бери эле мамлекеттик кызматты аркалап келген болуп чыгат. Сиздин атаңыз да эски чиновник беле?

— Анда азыркылардын көпчүлүгү эле бай-манаптын тукуму болуп калабы? Бул эми тамаша. Менин атам колхозчу эле болгон. Мен жөнөкөй, карапайым үй-бүлөдө тогуз бир туугандын арасында эр жеттим. Атам өмүр бою колхоздо иштеди, апам болсо үйдө балдарды карап, таалим-тарбия берип келди.

— Баятан байкасам, бөлмөңүздө кыргыздын руху, духу бардай, айтайын дегеним, башка саясатчылардан айырмаланып Манас бабабыздын портретин илип алганыңыз кубантты?

— Кыргыз эли байыркы элбиз. Канчалаган доорлорду басып өтсөк да жазуусуз жашаган доорлордо деле элибиз ооз эки мурас менен укумдан-тукумга Манасты калтырып келгендиги эле не деген керемет. Биз жаштарыбызга ыйык мурастарыбызды таанытышыбыз керек. Мурастарыбызды тааный билбесе анда кыргыздан маңкурттар чыгып калбайбы. Кыргыз барда Манас жашайт демекчимин.

— Салт-санаага кандай карайсыз?

— Эң жакшы, салт-санаабыз менен эзелки бабалар баскан көчтү улап кете алабыз деп ойлойм

— Өлкөбүздүн келечегин кандай элестетесиз?

— Өлкөбүздүн келечеги кең экенине ишенем. Азыр өткөөл мезгилде жашап жатабыз, көч бара-бара түзөлөт дегендей. Буйруса баары жакшы болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Меню