Menu

ММК ДАЙДЖЕСТ

"Төртилик", "бешилик" че за х...? Чүйдө, борбордо ким кожоюн экенин булар  билишпейби?

Чүйдүн намыстуу балдары катуу жиндери кашайып атышат. Себеби, алдын ала провокациялык маанайда саясый биригүүлөр башталып кетти. Чүйдө, борбордо ким кожоюн экенин булар  билишпейби? Маселен, Темир Сариев же Канатбек Исаев деген белдүү жигиттер болсо, жалпы Кыргызстандын биримдигине жол чабылат болчу…

Тилекке каршы, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков баштаган «Төртилик» түзүлүптүр. Булардын катарында Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев да бар экен. Анан «Бешилик» болуп, генерал-лейтенант Элмурза Сатыбалдиевдин кошулганы кабарланды. Биз дароо элдин уулу Элмурзага эки жолу телефон чалып дагы, такыр байланыша албадык. Эмесе, бу жагы «жудаям» сыңары расса болуп атыптыр го? Талдайлы.

Мадумаров табиятынан кандай экенин билесиңер, зирпилдеп, мамлекетке эмес, деги бир кишиге жакшылык кылды беле? Бакиевдин «куйругу» болуп, мукурап калганын танасыңарбы? Келдибеков болсо баштан-аяк бул дагы үй-бүлөнүн жасоолу сыңары кызматын өтөп, келинче ийилип, өз убагында «хапуга» сыңарындай мүнөз күткөнү жалганбы? Андан соңку Ташиев да бул «уюктун» баштоочуларына айланыптыр. Кайран Камчы, ар дайым адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, аргасы түгөнгөндө кашааны да ашып кетмей эрдиги бар. Эсиңерде болсо, Бакиев бийлиги ашынып, Ташиевди адилетсиз негизде бийликтен алганда, ал Барпыга барып элди көтөрүп, ошол режимге каршы чыкканы факты да! Эми Элмурза Ракиевичке келсек, бу жигит 2009-жылы башкы прокурорлук кызматынан кетип, ошол эле кезде Курманбек Бакиевге баласы Максим боюнча ачуу чындык катын жазып, эртеңки мамлекеттүүлүктүн келечегин ойлогон. Ошондо Сатыбалдиевди угушканда, жакшы жолго түшөт белек? Ооба, агезде Бакыт Төрөбаев кыркка чыга элек кезинде депутат, министр болду, анча-мынча жаштык кылып адашкандыр, бирок түбөлүгү түз жигит экен, кийин кадыресе салмактуу саясатчы катары элдин колдоосуна ээ болуп чыга келди.

Аныгында, дал ушул «түштүкчүл» деп тергелип аткан биримдиктин башына Темир Сариев менен Канат Исаев турбаса, булар негизги күчкө айлануусу кыйын. Аныгында эмне кылуу керек? Эгер чындап эле мамлекеттин туруктуулугун сактагылары келишсе, дал ушул түндүк-түштүктүн балдары бир муштумга биригүү менен элдин кызыкчылыгын алдыга алып чыгуу жагынан үлгү көрсөтүшсүн. Аттиң ай, кыргызда кеп бар: «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, Мадумаров менен Келдибековдун арабөк кошулуп алганын эл кандай кабылдайт болду экен?..

Булак: “Азия Ньюс”

Август айында жоон топ саясатчылар Темир Сариев менен биригишет

Учурда президент болуу дымагы менен жалпы 52 талапкер БШКга катталуу арызын берди. Анын ичинде мурда кийин саясатта жүрбөгөн, ишкерчилик менен алектенгендер, жумушсуздар дагы бар.

Бирок эл арасында 3-4 талапкердин гана шансы бар экенин кеп кылып, алардын айланасына көз карашы туура келген саясий топтор бириге баштады. Элдин колдоосуна алынган, президент болуу мүмкүнчүлүгү эң көп талапкердин бири Темир Сариев. Темир Сариев – саясатта туруктуу көз карашы, коррупциялык жана экономикалык кылмыштарга аралашпаган таза саясатчы. Сөзгө бекем, адекваттуу жана берген убадасын кармаган саясатчы катары сыйга ээ. Өкмөт башчы болуп иштеген мезгилинде реформатор катары маанилүү иштердин аягына чыккан. Саясаттагы өнөктөштөрүнүн эч кимисин сатып же таштап кеткен эмес. Бүгүн, партиясына кошуп, эртең добуш алгандан кийин куйругун карматпай качкан сапаты жок. Ошондой туруктуулугу үчүн анын тегерегине белдүү саясатчылар, жаштар, ишкерлер келип топтоло баштады. Жакын арада, август айынын ичинде дагы чоң биригүүлөр болуусу күтүлүүдө. Угушубузга караганда президенттикке аттанган талапкерлерден тарта, саясий куугунтукка кабылгандар, ортолук көз карашты кармангандардын көпчүлүгү Сариев менен биригишет экен. Албетте бирге болгон – жеңишке дагы бир кадам жакындоо.

Булак: “Майдан.kg”

Кыргыз ССР Жогорку Совети менен КР Жогорку Кеңешинин өткөн тарыхынан

Кыргыз ССРнин мыйзам чыгаруу- эл өкүлдөр бийлиги Жогорку Совет ишке 1938 жылы киришкен. 1938-жылы 284 депутат шайланган. Кийин 70-жылдары алардын саны 350гө чейин жетип, беш жыл иштешкен. Ал эми учурда парламентте алты саясий партиядан 120 эл өкүлү эмгектенет.

Союз маалында шайлана турган эл өкүлдөрүнүн жалпы курамына дагы талаптар болгон. Алардын үчтөн бир бөлүгү аялдар, төрттөн бир бөлүгү интеллигенция өкүлдөрү жана 40 пайызы жумушчулардан болуусу каралган. Бул квотанын аркасында депутаттар ар кайсы тармактардан жана калктын түрдүү катмарынан чыккан.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына айлык маяна, кызматгык автоунаа, батир берилген эмес. Ошондой эле эл өкүлдөрүнүн жардамчылары дагы жок болгон. Мындай жагдай союз тараганга чейин сакталган. Азыркы депутаттар бирден консультант эрчитип, эмгек тажрыйбасына, илимий даражасына жараша 25 миң сомдон өйдө айлык маяна алат. Андан сырткары, 15 депутат кызматтык батирлерде жашап, төрага мамлекет тарабынан берилген жеңил унааны колдонуп келет.

Булак: “Айгай пресс”

Аида Касымалиева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Жогорку Кеңеште аялдарга байланыштуу чоң көйгөйдү тамашага айландырышат»

-ЖКда аялдар маселеси кандай каралат?

-Жогорку Кеңеште жакшы жери айым депутаттардын форуму бар. Аялдар, балдар укуктарына байланыштуу мыйзамдар ошол форум аркылуу өтөт. Бизде алты фракция бар. Алты фракциянын позициясы ар кандай. Жалпы жыйырма аял бар. Бирок оппозиция болобузбу, позиция болобузбу, аялдар маселесине келгенде форумдун мааниси жогору, Биз бир фракция менен пикирибиз келишпеси мүмкүн. Нике, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү мыйзамдары каралганда эркектер каршы чыгат же бул тема кызыктыра бербейт. Биз ал мыйзамдар каралышы үчүн ар бир депутат менен сүйлөшүп чыгабыз. Аларды макул кылдыруу үчүн сиз тууралуу журналисттерге маалымат беребиз. «Сиз колдошуңуз керек» деп ачык эле шантажга барабыз.  ЖКда бир айым депутат ушундай бир аялдар маселесин көтөрүп сүйлөп жатса, угуп отурган эркек депутаттар «мунун үйүндө проблема болуп жаткан окшойт», «мындан көрө үйүнө барып кир жуубайбы» деген сыяктуу комментарийлерди айтып отурушат. Бул абдан коркунучтуу. Чоң көйгөйдү тамашага айландыргандан кийин ал көйгөй эмес, тамаша болуп калат.

Өткөн жылы эрте турмуш куруу тууралуу маселе абдан «бум» болуп чечилди. Бул жылы саясаттагы аялдардын ролу, ал айымдын бир күнү кандай өтөт, кандай кыйынчылыктарга дуушар болот – иликтесе болот. Жакында социалдык баракчаларда боз үйдүн алдында бийлеген келин тууралуу видео тарап кетти. Бирок, бул тамашалуу видеонун артында да көрүнбөгөн көйгөйлөр жатат. Ал келиндердин кандай кийингенин, кандай иштерди кылганын тамаша менен сүрөттөп элге жеткирди. Ошондой кыска 15 секунддук, бир мүнөттүк видеолор гана көрүлөт. Гезит окуй келгенде темалары гана окулат.

Булак: “Азия Ньюс”

Темирбек Асанбековдун деңгээлин көрбөдүкпү? А.Айтикеев, К.Апас сындуулар менен бир типтеги пенде...

Буга чейин партиясындагы саясый кеңеш тарабынан президенттикке колдоо тапкан «Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков эртең 21-июлда өзү жетекчилик кылган партиясынын съездин өткөрүп, делегаттардан «бата алуу» менен кайрадан президенттикке аттанганга кам урууда. Көңүлүнө кетпесин, бирок, түз айтканда Темирбек Асанбеков бул жолу деле өтпөйт. Буга ашыкча көзү ачыктангандын деле кереги жок. Парламенттик шайлоого эки ирет, президенттик жарышка буга чейин бир ирет катышкан Темирбек Асанбековдун деңгээлин көрбөдүкпү? Тили эле сайрабаса, колунан… Андай эле патриот экен, шайлоо сайын миллиондорун желге чачпай, башка кайрымдуулук иштерине жумшабайбы? Кыскасы, бул пенде деле ар шайлоо сайын Россиядан келе калып, элге «шоу» көргөзгөн А.Айтикеев, К.Апас сындуулар менен бир типтеги пенде окшойт.

Булак: “Азия Ньюс”

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: "КСДПда Атамбаевсиз эчтеке чечилбейт. А Кремль Сооронбай Жээнбековду колдогон жок..."

– Бакыт Төрөбаев президенттик кызматка татыктуубу же азыр тажрыйбасы аздык кылабы?

– “Өнүгүү” партиясынын ийгилиги менен өлчөсөк, албетте, президенттикке ат салышууга толук кудуреттүү. Шайлоочулары мекенибиздин ар бир районунда бар экенин көрсөтө алды. Акыркы жергиликтүү шайлоолордо да жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Бирок, биздин тарых көрсөткөндөй – “президенттер мурунку премьерлерден шайланат”- деген жазылбаган эреже бар. Эгер ошол нерсени эске ала турган болсок, Төрөбаев балким, биринчи премьер болуп, анан президентикке барабы дейм. Азырынча, негизги таймаш мурунку премьерлер Жээнбеков, Сариев жана Бабановдун ортосунда болчудай.

– Президент Кремлге барып келгенден кийин КСДП Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоорун ачык жарыялады. Эми Сооронбай Жээнбековду Кремль да колдоого алат деп ишенсек болобу?

– Жок, андай эмес. Кремлге чейин эле партиясы көрсөтүп чыккан. КСДПда Атамбаевсиз эчтеке чечилбейт. Кремль болсо “шайлоого кийлигишпейбиз, кимиси утса, ошонусу менен иштешебиз” деп расмий да, башка каналдардан баардыгына айттырды. Атамбаев 2011-жылкы шайлоолордон кийин декабрь айында “силердин жигиттериңер жана атайын кызматтар Мадумаровду колдошкон, отуз миллион доллар берген” деп аябай чыр салган Москвага. Москва ошондон кийин, кайра Атамбаевдин талапкерин колдоого алмак беле. Апрелде өткөн ЕАЭСтин саммитине келген Путинге жана Назарбаевге да жакшы тааныштыра алган жок Сооронбай Жеенбековду. Аэропортто тоскондо дагы Путин Жээнбековго далысын салганын элдин бардыгы байкады. Жээнбеков дегеле эч жакка чыккан жок, бир дагы жолу Атамбаев аны Москвага атайын жөнөткөн жок. Андан тышкары Пекин менен башка мамлекеттерге да чыгарган жок, айтор Трамп менен баардык мусулман лидерлердин жолугушуусуна да вице-премьер барды. Каримовдун эле жаназасына катышканы болбосо, Сооронбайды азыр эч ким тааныбайт жана эмки президент катары кабыл алган жок.

– Кыргызстанда Сооронбай Жээнбековдон башка Атамбаев “ишимди улантып кетет” деп ишенчү адам жокпу?

– Биринчиден, иши болсо улантабы?! Кайсы ишин айтып атасыңар? Текебаевди камоо ишинби? Же шоопурларды жана жансакчыларын эркелетүүсүнбү? Балким, баардык алыскы жана жакынкы мамлекеттер менен алакабызды бузуу ишинби? Атамбаевдин доору башаламындык менен эле тарыхта калат. Бир дагы көзгө илинерлик жетишкендик жок. Мактана турчу баардык ийгилик, Бакиевдер бийликте калганда деле ишке ашмак, болгондо дагы жанагынча кан төгүүсү жок эле. Демократия жана сөз эркиндик деп айтып атты эле – мына ким камалып, ким камап атканын, баягы эле Бакиевдердин сүймөнчүктөрү 100% Ак үйдүн кабаттарында отургандарынан байкагыла. Атамбаев албетте, өзүн олуя катары көрүп, “2040-жылга чейин мен башкарам”- деп отурат. Бирок, кыргыз эли буга макул болбойт. Жээнбеков шайланган күндө дагы, Атамбаев бат эле ага да асылып баштайт. Көрөсүңөр!

– Эмнеге президент “Кыргызстанда демократия, Чыныбай Турсунбеков президенттикке аттанса аттанат, бирок, КСДП Жээнбековду гана колдойт”- деди? Чыныбай Турсунбеков менен президенттин ортосун кара мышык араладыбы же президент Чыныбайдан Сооронбайды жогору көрөбү?

– Эми бул байларды ким билсин. Мындай партиянын биз далайын эле көрүп калбадыкпы. Баягы “Алга, Кыргызстан” же “Акжол” каякта азыр? Чыныбай ошол чөгүп бараткан кемеден түшүп атканы. Ал ачык “мен кеттим” деп айтса, калгандардын баардыгы эчактан эле “запасной аэродромдорун” даярдап) күн санап отурушат.

– Шайлоо күрөөсүн кымбаттатканы менен президенттик так үчүн көзү ачыгы да, башкасы да ат салышаары анык болуп калды. Неге Кыргызстанда элдин баарынын эле президент болгусу келе берет?

– Анткени биз демократиялык мамлекетпиз. Биз муну менен сыймыктанышыбыз керек, эмнесинен уялабыз. АКШ же Франция же башка мамлекеттер жөнүндө биз 2-3 эле талапкердин атын угабыз, а бирок ал жерде ондогон киши катышат. Кыргызстан деле ошондой!

– “Зима не будет” деген Арстанбек Алай президент болсо нени кыйратат?

– Чынын айтсак, “Зима не будет” деп шакаба кылганыбыз менен жакшылап байкасаңар ошонун деңгээлиндеги эле кишилер президент болушту го. Биз кандай гана сөдөрдү уккан жокпуз. Көзү ачыктай эле мистикага салып келбедиби. “Зима не будет” менен салыштыра турган болсок, дагы чоң суроо жаралат. Кимиси көбүрөөк кыйратат деген.

Булак: “Майдан.kg”

Нооманжан Аркабаев, подполковник: "Атамбаевдин таанышы болсо эле татыктуулардын жолун тосо береби? Мал доктур болсо да бир жөн..."

Акыркы жылдарда чыр-чатак менен коррупциянын уюгуна айланган саламаттыкты сактоо министрлигиндеги мыйзамсыздыктар менен теңирден тескери шумдуктар массалык маалымат каражаттарынын негизги темасына айлангандыгын кимдер гана билбейт? Соңку мезгилдеги аталган тармактагы “дүңк” эткен чатактын бири – министрликтин статс-секретары Жазгүл Ильичевна Кийизбаеванын кантип кызматка дайындалышынан улам келип чыгып отурат.

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңешинин кадр саясаты боюнча жумушчу комиссиясынын мүчөлөрүнүн чыгарган жыйынтыгы боюнча Жазгүл сулуу статс-катчылыкка мыйзамды та­кай тебелеп-тепсеп, коомдук пикирге түкүрүп келген саясий сасыткылардын колдоосу менен отургузулган. Бул 37 жаштагы юрист айым КМУнун юрфагын аяктагандан кийин 17 жерде, башкача айтканда, жыл сайын кызмат которуп, “катыра” иштеп келгендигин да айтпай коюуга болбостур.

“Медицинадан түшүнүгү жок Кийизбаева элдин саламаттыгын сактоону кантип уюштурмак эле, – дешет министрликтин айрым кызматкерлери өз нааразылыктарын жашыра албай. – Адистиги ылайык келбегенден ки­йин тармактын проблемаларын кайдан түшүнмөк эле. Мал доктур болсо да бир жөн…”

“Атамбаевдин таанышы болсо эле татыктуулардын жолун тосо береби?! Министрликтин өзүндө тармактын проблемаларын мыкты түшүнгөн ондогон тажрыйбалуу адистер турса, кайдагы бир немени апкелишип…” де­шет аталган тармактын айрым өкүлдөрү.

Сураштыра келсек Жазгүл Ильи­чевна 2011-жылы Алмаз мырзанын БШКдагы өкүлү болуп, президенттик шайлоодо 2 ай ага кызмат өтөгөн экен. Албетте, коммерциялык катмардагы юристтин кызматынан түз эле көз көрүнөө мыйзамды тепсөө менен сала­маттыкты сактоо министринин орун басарлыгына отургузуп коюу, биздин оюбузча, баш бакандын же ЖК раисинин деле колунан келе бербестир. Ал­бетте, сулуу айымдын шоопур менен кароолдон интеллекти кыйла жогору экендиги талашсыз. Байкаган кишиге бул жерде кимдир бирөөгө статс-катчынын бир кездеги 2 айлык жакшылыгы унутулбагандай.

Жогоруда аталган жумушчу комис­сиясынын мүчөлөрүнүн айтымында Кийизбаеванын статс-катчылыкка отуруп калышында көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилген. Мисалы, статс-катчынын ордун ээлөө боюнча конкурска 9 киши ат салышкан. Алардын экөөсү: К.Мамбетов менен К.Маматова тестирлөөдө Ильич аксакалдын кызынан жогору балл алышкан. Анын үстүнө алардын Жазгүл сулуудан принципалдуу артыкчылыгы – бул эки талапкер тең министрликтеги жетекчи кызматтарда иштеп келген тажрыйба­луу адистерден болушкан. “Мал доктур болсо да бир жөн” деген сөз бекеринен чыкпагандай.

Мамлекеттик кадр кызматы тестирлөөнү уюштуруп гана тим болгону кызык. Аталган кызматтын өкүлдөрүнүн, жумшартып айтканда – тишсиздиги – коомчулукта нараазылыктын пайда болушуна алып келген. Таңкаларлык жери – Мамлекеттик кадр кызматы бул жерде мыйзамдын, өз Жобосунун тебеленип жаткандыгын айтуудан корккон эмеспи деген суроо туулбай койбойт. Мындай маскарачылыкка жол койгондон көрө – конкурстун уюштуруучулары Ош базардан 2 хакерди кармап келип, конкурсту өткөрө салса болбойт беле, Мамлекеттик кадр кызматынын кадыр-баркын коррупционерлерге тебелетпей…

Жумушчу комиссиясынын маалыматы боюнча “Мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндөгү жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-ст. 17- б. жана Кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын статс-катчысы” жөнүндөгү жобонун 8-п. талаптарына ылайык Кийизбаеванын тийиштүү стажы жетишсиздик кылган.

Анын үстүнө Ж.Кийизбаева статс- катчынын милдетин аткарып жатып, ДачаСУдагы кыргыз төбөлдөрүнүн 100 млн. долларлык контрабандалык жүгү менен кыйраган жүк ташуучу учактын астында калып өлгөн, жарадар болгон шордуулардын акыбалы тууралуу массалык маалымат каражаттарына кабар бербөө боюнча атайын чыгарган жана коомчулукка жарыя кылынган көрсөтмөсү (№ 29, 17.01.2017.) КР Конституциянын бас­ма сөз эркиндиги жөнүндөгү (31-ст. 2-п.) нормаларына карама каршы кел­гендигин да айтпай коюуга болбойт. Албетте, Жазгүл айымдын Конституцияны көзгө илбеген чаласабаттыгы коомчулукта нараазылыктын чоң толкунун пайда кылып, көп өтпөй Сала­маттыкты сактоо министринин ата­йын буйругу менен жокко чыгарылды (№ 60,25.01.2017.).

Кийизбаеванын кыска убакыттын ичинде өз чаласабаттыгынан кетирген катачылыктары муну менен гана чектелип калбайт. Мисалы, ал тарабынан даярдалган “…кезектеги аттестацияны өткөрүү жөнүндөгү” № 303-буйрук (11.04.2017.) Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан КР Эмгек кодексине жана “…аттестациалоо жөнүндө” Жобонун талаптарына карама-каршы келээри баса белгиленген.

Ошондой эле жумушчу комиссиясы тарабынан Ж.Кийизбаева өз милдеттеринин чегинен аша чаап кеткен учурлары белгиленген. Мисалы, ал үстүбүздөгү жылдын июнь айында Молдавияда өткөрүлгөн дары каражаттары жана дары саясаты боюнча эл аралык конференцияга барып кел­ген. Врач болсо да бир жөн: “бирдемкени түшүнөт, иш сапарга кеткен ондогон миң сом чыгымдардын акыбети кайтат” – деп үмүттөнүүгө болоор эле. Же, чындап эле жок дегенде мал док­тур болсо кана, атаганат…

Жазгүл Кийизбаевага статс-катчы катары саламаттыкты сактоо министрлигинде коррупцияга каршы иш-чараларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу милдети жүктөлгөн. Бул багыттагы жагдай теңирден тескери ылдамдыкта “гүлдөп” жаткандыгы келесоого да түшүнүктүү.

Статс-катчы айым өз милдетин аткарууда көп катачылыктарды кетирип, өзүм билемдикке жол коюп келаткандыгы да көпчүлүккө белгилүү. Миса­лы, үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Жамила сулуу деген неме 9 миллион сомду чайнабай жутуп ийгендиги ашкереленип, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатса, аны калкалап, “өз каалоосу менен” кызматтан бошоткон. Бул жерде Жазгүл айымдын анча-мынча тажрыйбасы же бекемирээк духу болсо, Жамила деген аялдан чыккан жегич неменин ажыдаарлыгы жалпы министрлик боюнча кеңири талкууга алынып, мындан ары жегичтикке жол койбоо же азайтуу боюнча иш-чаралар иштелип чыгууга тийиш эле. Мына сага, коррупцияга каршы күрөшүү жана бул багыттагы профилактика!

Кызматкерлердин деңгээлин жогорулатууну камсыз кылуу милдети да Кийизбаевага жүктөлгөн. Өз деңгээли мындай болсо, врачтарды кудай сактасын. Демек, оорулууларды кудай сактасын!

Жазгүл айымды кошкон “салымы” менен саламаттыкты сактоо тармагында жогоруда келтирилген корруп­циянын болуп көрбөгөндөй жагдайынан улам, жумушчу комиссия жагдайды талдоого алып, төмөнкүдөй сунушка токтолду:

  • Кийизбаеваны мыйзам бузуу ме­нен кызматка дайындоонун мыйзамсыздыгы;
  • Ээлеген кызматы боюнча сабатынын жетишсиздиги;
  • Статс-катчынын милдетине кирбеген маселелер боюнча тармактык маселелерди чечүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча атайын текшерүү жүргүзүп, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу керек.

Албетте, бул сунуш Саламаттыкты сактоо министрлигине эмес, Кыргыз өкмөтүнө даректелгендиги түшүнүктүү. Жээнбековдун тийиштүү чара көрүүгө духу жетээр бекен? Көрө жатаарбыз…

Нооманжан Аркабаев

Булак: “Алиби”

Чыныбай Турсунбеков амбицияга алдырып, Атамбаевден да коркпой калдыбы?

Кечээ КСДПнын саясый кеңеши чогулуп, жыйын өткөрүштү. Спикер Чыныбай Турсунбеков партия төрагасынын орун басарлыгынан кетип, ордуна Фарид Ниязов шайланды. Бул көрунүш Чыныбай мырзанын КСДП талапкерине каршы экенин тастыктап, өз алдынча президенттик шайлоого аттанууга киришкенин билдиреби?..

Азырынча КСДПнын съезди качан болору белгисиз. Партия ичинде ич ара бөлүнүү жана лидерлердин тирешүүсү токтой элек. Бул жээкте негизги оюнчу катары Чыныбай Турсунбеков сыпатталыл, ар кандай божомолдорго эшик ачылууда. Чыкебиз чындап ачууланып, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине аягына чейин каршы турарын, президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтөрүн, калтасында 20 миллион доллар накталай турганын айтыптыр. Ошого катар 7 жылдан бери КСДП үчүн опол тоодой эмгек кылып, анысы бааланбай калганына ыза экен, Аныгында,
күрөшкө аттанган кербези. Реалдуулуктан алсак, Турсунбеков бүгүнкү күндө мамлекеттеги чоң фигура, олигарх, эчен жылдан бери бизнесте жүрүп, кийин саясатта такшалып, тамыры терең кеткен. КСДПнын бир ыптасын бөлүп кетүүгө жана карапайым калктан кандайдыр бир деңгээлде колдоо табууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн ал президент Атамбаевге да моюн бербестен, өз позициясынан тайбай, моюн толгой кыр көрсөтүүдө. Мындай тирешүү эмнеге алпарат? Эртең амбициясы үчүн кысымдар башталып, тагдыры жарга такалбайбы?

Булак: “Азия Ньюс”

Абдыжапар Бекматов, БШК төрайымынын орун басары: "Соттун айыптоо өкүмү күчүнө кире элек болсо, БШК кайсы талапкер болсо да каттаганга милдеттүү"

– Абдыжапар Гапырович, кечээ жакында коррупция жана алдамчылык сыяктуу оор беренелер менен айыпталып, УКМКнын СИЗОсунда отурган Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкер катары БШКга арыз менен кайрылганы белгилүү болду. Укуктук жактан алганда, анын талапкер катары катталууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар?

– Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кецештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамда так көрсөтүлгөндөй, КР жарандары жана саясый партиялары президенттикке талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Башкача айтканда, мындай укук эки субъектке берилген. Биринчиси, жарандарга өзүн-өзү жылдыруу менен, экинчиси саясый партияларга өздөрүнүн курултайларында, конференцияларында талапкерди жылдыруу боюнча атайын чечим кабыл алууга. Албетте, президенттикке талапкерлерге коюлчу талаптар бар. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, акыркы он беш жылда мамлекеттин аймагында жашаган 35 жаштан кем эмес, 70 жаштан ашык эмес, пассивдүү шайлоо укугу бар жарандар президент болуп шайлана алышат. Ошого ылайык, азыркы күндө эки жаран өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкер катары атайын арыз менен кайрылышты. Өмүрбек Текебаев жана Назарбек Нышанов. Эми алар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн көрсөтүшү керек, анан БШК атайын отурумунда бул жылдырылган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн бекитет. Алар мыйзамда көрсөтүлгөн 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колун чогултууга милдеттүү. БШКнын атайын адистерден турган жумушчу тобу колдордун ырастуулугун текшерип, тиешелүү корутунду берип, тиешелүү справкалар чогултулуп, бир миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү коюлгандан кийин БШК жылдырылган талапкерди каттоо, же каттоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алат. Эми каттоо мөнөттөрү жөнүндө айтсак, талапкерди көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалгандын эртеңки күнүнөн баштап шайлоого 75 күн калганга чейин. Башкача айтканда, 1-августка чейин талапкерлерди көрсөтүү процесси жүрөт. Андан соң шайлоого 50 күн калганга чейин чогултулган колдорду, шайлоого 45 күн калганга чейин тиешелүү бүт документтерди БШКнын жумушчу тобуна тапшыруулары тийиш. Шайлоого 35 күн калганга чейин БШК ошол жылдырылган талапкерлерди каттоо боюнча маселелерди карайт. 10-сентябрда бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктайт. Ошол күндөн тарта үгүт иштери башталат.

– Текебаев талапкер катары катталды дейли. Ошол замат кол тийбестикке ээ болуп, эркиндикке чыгабы?

– Анын баш коргоо чарасын укук коргоо жана сот органдары чечишет. Бул нерсе БШКньш милдетине, ыйгарым укуктарына кирбейт. Бизге берилген документтерди кароонун мөөнөтү бүткөнгө чейинки мезгилде пассивдүү шайлоо укугу болсо, башкача айтканда, соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек болсо, БШК кайсы талапкер болсо да каттаганга милдеттүү. Эгер катталгандан кийин соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирчү болсо, анда БШК өзүнүн каттоону жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алышы керек.

– Катталгандан кийин деле кол тийбестик укугунан ажыратыла береби?

– Катталганга чейин сот өкүм чыгарган болсо, ал тиешелүү мөөнөттөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет да. Ал кийинки инстанцияларга арыз менен кайрылышы мүмкүн. Ушундай мөөнөттөрдө каттоо процесси келген болсо, ал каттала берет. Бирок, соттун айыптоочу өкүмү шайлоо күнүнө чейин беш күндөн кем эмес убакытта күчүнө кирип калган болсо, анда БШК өзүнүн каттоо чечимин жокко чыгаруу боюнча кабыл алышы керек.

– Оппозиция өкүлдөрү «быйылкы президенттик шайлоо 19-ноябрда өтчү болсо, азыркы президенттин ыйгарым укуктары мыйзамсыз узарып кетиши мүмкүн» деп парламентте маселе коюшкан болчу. Эми шайлоо 15-октябрга белгиленген соң аны өз мөөнөтүндө өткөргөнгө кепилдик барбы?

– Шайлоо эки тур менен өтсө дагы жыйынтыгын өз мөөнөтүндө чыгарып, расмий жарыялап, инаугурация өткөзгөнгө бизде шарттар да, мүмкүнчүлүктөр да бар. Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алгандан кийин биз БШКда шайлоону даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруучулук-практикалык иштердин календарлык планын иштеп чыгып, бекиттик. Шайлоого кетчү каржылык чыгымдардын сметасы да бекитилди. 671 миллион сом өлчөмүндө каражат жумшалмакчы.

Булак: “Азия Ньюс”

Дастан Шаршеев беш жолку чемпионду нокаут менен жеңди

Таиландда 4-июнь күнү өткөн Дүйнөлүк турнирде кыргыз мушкери Дастан Шаршеев бул өлкөнүн беш жолку чемпиону Сомчай Пхакпхум менен беттешип, аны 3-раундда нокаут менен жеңди. Дастан өзү бул жеңиши тууралуу ФБдагы баракчасына мындай деп жазды: “Жеңиш оңой болгон жок. Биринчи раундда утуп, экинчи раундда – утулуп бараткам. Ал эми үчүнчүсүндө бар күчүмдү топтоп, жеңишке жеттим» Д. Шаршеев быйыл 22-апрелде Казанда өткөн тай бокс боюнча мелдеште калыстын чечимине нааразы болуп, рингден көпкө чейин кетпей, микрофон аркылуу калыстарга “Тебя депортируют” деп коркутканына карабастан, “Мне все равно”,- деп нааразычылыгын билдирген болчу. Жердешибиз мындай кадамы менен өзүнүн гана эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин намысын бийик көтөрүп, рингде Кыргызстандын атын атап, ак калпагыбызды кийип түшкөн. Ал эми орус жарандары болсо да, күйөрмандар Дастанды кубаттап турушкан. 27-июнда Москва шаарында ошол эле россиялык атаандашы Антон Калинин менен кайрадан реванш беттешине чыгаары күтүлүүдө. Эми баарыбыз бул ирет Дастандын жеңишин тилейбиз.

Булак: “Майдан”

Меню