Menu

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ХАЙ ТЕК

Космоско учкан туристтер аман-эсен кайтып келишти

Inspiration4 деп аталган экипаж НАСАнын Кеннеди борборунан 15-сентябрда космоско учкан. Сапар толугу менен автоматташтырылган.

Буга чейин июль айында миллиардерлер Ричард Брэнсон менен Жефф Безос өздөрүнүн компаниялары жасаган кемелерде космоско көтөрүлүшкөн.

Inspiration4 экипажын болсо миллиардер Жаред Айзекман каржылады жана биринчилерден болуп космос бардык адамзат үчүн ачык болууга тийиштигин иш жүзүндө көрсөттү.

Айзекман 38 жаштагы тажрыйбалуу учкуч. Анын космоско учуу үчүн SpaceX компаниясына канча каражат төлөгөнү белгисиз. Ал башында турган төрт кишилик экипажда геолог Сиан Проктор, АКШ Куралдуу күчтөрүнүн ардагери Крис Семброски жана дарыгер Хейли Арсено болду. Булардын ар бири өзүнчө төрт баалуулуктун: лидерликтин – миссиянын башчысы Айзекман, бала кезинде рак оорусун жеңген Хейли – үмүттүн, геолог Сиан Проктор – гүлдөп өнүгүүнүн, ал эми мурдагы аскер кызматкери Крис Семброски – айкөлдүктүн символу катары белгиленген.

Inspiration4 экипажы отурган капсула орбитага 575 чакырым көтөрүлдү. Бул Эл аралык космос станциясынан жогору аралык.

Учуу толук автоматташтырылган болсо да, космостук туристтер сапарга алты ай даярданышкан.

Адамзат Жер орбитасынан тышкары космоско алгачкы жолу ХХ кылымда, 1961-жылы, 12-апрелде көтөрүлгөн. Советтер Союзунун жараны, учкуч-космонавт Юрий Гагарин космостогу 108 минуталык учуудан кийин Жерге аман-эсен келип конгон.

 

Улукбек Марипов: Уюлдук идентификациялоо тутуму калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн жогорулатат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин иши менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, санариптештирүү – дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдөгү негизги рычаг болуп саналат.

«Байланыш – бул санариптештирүүнүн негизи. Уюлдук телефон адам колундагы натыйжалуу аспап болуп саналат, ошондуктан бүгүнкү күндө ар кыл ресурстардын уюлдук байланышта интеграцияланышы дүйнөлүк тренд болуп калды. Биздин өлкөдө да мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр процессин жеңилдетүүгө өбөлгө түзүүчү иштер жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылдын май айында мобилдик жабдуулар аркылуу уюлдук идентификациялоону киргизүү маселеси көтөрүлгөн, натыйжада мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин жеңилдетүүгө жана ага калктын онлайн форматта жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк пайда болот. «Текшер» уюлдук тиркемеси ар бирибизге товардын таңгагынын кодун сканерлеп, анын сапатын жана мыйзамдуулугун текшерүүгө, ал эми контрафакт аныкталган учурда ал тууралуу текшерүү органдарына маалымдоого мүмкүнчүлүк берет», – деди ал.

Белгиленгендей, уюлдук идентификациялоо тутуму электрондук тейлөө алуу процессин жеңилдетип, бюрократиялык процесстерди кыскартып, калк менен физикалык байланышты жоюп, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт. Тиркеменин жардамы аркылуу жакын арада онлайн режимдеги мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн пайдаланууга болот.

Министрлер Кабинетинин башчысы тиркеменин «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү тутуму менен интеграциялашуусунун маанилүүлүгүн белгиледи жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, ал мамлекеттик тармактык органдарга дары-дармек каражаттарын маркировкалоо инфраструктурасын түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.

«Дары-дармек каражаттарын маркировкалоо – медикаменттерди көзөмөлдөөнүн маанилүү баскычы. Бул багыттагы ишти тездетүү зарыл. «Текшер» тиркмеси аркылуу дары-дармек тууралуу, анын катталышы жана сапаты боюнча  толук маалымат алууга болот. Бул чаралар дары-дармек менен камсыздоо жаатын тартипке салып, аларга карата бааны жөнгө салууга мүмкүндүк берет», – деди Улукбек Марипов.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле Уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин бетачары өткөн Альфа-Телеком» ЖАК, DATA-борбор, контакт-борбор жана компаниянын IT-дирекциясынын иши тууралуу отчет менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы «Альфа-Телеком» ЖАКта өткөн көчмө жыйындын жүрүшүндө Уюлдук идентификациялоо тутуму жана «Текшер» уюлдук тиркемесинин бетачары менен таанышты. Ошондой эле Улукбек Мариповго компаниянын иши тууралуу отчет сунушталды, андан соң ал DATA-борбор, контакт-борбор жана компаниянын IT-дирекциясынын иши менен жакындан таанышып чыкты.

КР Тышкы иштер министрлиги Facebook корпорациясы менен бирдикте чет өлкөлөрдөгү кыргыз мекемелеринин кызматкерлери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү

9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги «Фейсбук» корпорациясы менен бирдикте Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери үчүн санарип дипломатия боюнча вебинар өткөрдү.

Иш-чара дипломаттарды кеңири аудиторияга жеткирүү жана эларалык маалымат мейкиндигинде өлкөнү жана анын кызыкчылыктарын эффективдүү пропагандалоо үчүн социалдык тармактарды колдонуунун мыкты көндүмдөрүнө үйрөтүүгө арналган.

Вебинардын ачылышында Фейсбуктун Коомдук саясат боюнча башчысы Джордж Чен сөз сүйлөдү, ал Кыргыз Республикасы санариптик дипломатия боюнча семинар уюштурулган Борбордук Азиядагы биринчи өлкө болгонун белгиледи. Мунун себептеринин бири – Кыргызстандын активдүү санариптик трансформациясы, буга байланыштуу ал «Фейсбук» корпорациясынын кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Өзүнүн жооп сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Фейсбуктун бардык командасына вебинарды уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өлкөнүн тышкы саясий кызыкчылыктарын илгерилетүү, ишенимдүү маалыматты кеңири аудиторияга жайылтуу жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн баракчалары аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарына жардам көрсөтүү үчүн социалдык тармактарды колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Н.Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы Элчилиги менен биргеликте Фейсбук жана Инстаграмдагы элчиликтердин жана консулдуктардын баракчаларын верификациялоо үчүн көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Фейсбук командасына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана Социалдык Коргоо министрлигине COVID-19 эмдөө программасын жарнамалоого жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди жана бул маселе боюнча мындан ары тыгыз кызматташууга үмүт билдирди.

OCCRP: Pegasus программасы менен аңдууга кабылгандардын арасында үч казакстандык бар

Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Pegasus программасы аркылуу телефондору тыңшалган журналисттер менен активисттердин аты-жөнүн жарыялады.

Алардын арасында Казакстандын үч жараны бар: Informburo.kz жаңылыктар порталынын кабарчысы Серикжан Маулетбай, Central Asia Monitor гезитинин мурдагы башкы редактору, ПЕН-клубдун башчысы Бигельды Габдуллин жана “Ар-Рух-Хак” деп аталган укук коргоо тобун жетектеген укук коргоочу Бахытжан Торегожина.

Мындан тышкары OCCRP’нин иликтөөсүндөгү “казакстандык тизмеде” Квентин Гиёме жана Мартин Вийом аттуу эки адамдын аты-жөнү да жазылган. Булар Казакстанда анча таанымал болбогону менен, аларды аңдуу бозгунда жүргөн мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовго байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

“Жалпысынан тизмеде дээрлик 2 миң казакстандык номур бар. Арасында журналисттер, өлкөнүн саясий жана бизнес-элиталары, анын ичинде экс-президент Нурсултан Назарбаевдин каршылаштары менен тарапташтары делген адамдар да бар. Бул тизмедеги номурлардын баары эле тыңшалган дегенди билдирбейт, бирок аларга NSO Group’тун кардарлары кызыкканы анык” – деп жазган OCCRP.

Азырынча Казакстандын бийлиги бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек.

Pegasus – Израилдин кибертыңчылык программасы менен алектенген NSO Group компаниясынын өнүмү. Ал башкалардын телефон чалууларын көзөмөлдөп, кабарларын окуп, сүрөт жана сырсөздөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет. OCCRP 18-июлда жарыялаган иликтөөдө 2016-жылдан бери NSO Group компаниясы дүйнө жүзү боюнча 50 миң номурду аңдыганы жазылган.

Иликтөөчүлөр номурларды географиялык кластерине жараша топтоштуруп, алар ондон ашык өлкөгө таандык экенин аныктаган. Арасында Казакстан, Азербажан, Венгрия, Бахрейн, Индия, Индонезия, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Арабиясы, Того жана Бириккен Араб Эмираты бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстанда “IP Sharing” аталышындагы жаңы Корея долбоору ишке киргизилди

 Бүгүн, 18-июнда “IP Sharing” аталышындагы жаңы Корея долбоорун ишке киргизүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралу Кыргызпатент мекемесинин басма сөз кызматы билдирет.

 Онлайн форматта уюштурулган иш-чарага Кореянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (KIPO), ойлоп табууларды илгерилетүү боюнча Корея ассоциациясынын (KIPA), КОПИА Кыргыз борборунун, брендинг боюнча  BrandAcumen кореялык компаниясынын, Shinhan A-TEC Co. Ltd. Техникалык компаниясынын, Кыргызпатенттин жана Инновациялык агрардык технологиялар борборунун өкүлдөрү катышты.

KIPA “IP Sharing” алкагында техника илимдеринин кандидаты, ойлоп табуучу, Инновациялык агрардык технологиялар борборунун директору, “Мыкты инновациялык долбоор – 2016” сынагынын жеңүүчүсү Рыскул Касымбековдун “Энергияны үнөмдөөчү эко-күнөскана” долбоорунун ишке ашырылуусун каржылайт.

Долбоордун максаты – энергияны үнөмдөөчү эко күнөскананы куруу, анын технологиясын фермерлер арасында таратуу.  Долбоор азыркы учурда иштеп жаткан күнөсканалардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдоонун негизинде иштелип чыккан жана тиешелүү брендди иштеп чыгуу маселесин көтөрөт.

Расмий жолугушууда Кыргызпатенттин директору Динара Молдошева катышуучуларды Кыргызстанда “IP Sharing” долбоорунун ишке киргизилиши менен куттуктап, Кыргызпатент аталган долбоорду ишке ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, жемиштүү өз ара кызматташтык менен   долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына тилектештигин билдирди.

KIPA өкүлдөрү аталган долбоорду ишке ашыруу этаптары жана күтүлүүчү натыйжалар тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары, тараптар агро-чарба өнөр жайы жаатында долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичиннен күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги боюнча маселелерди талкуулашты.

Маалымат иретинде: 2019-жылы Кыргызпатент Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердикти шыктандыруучу орган катарында Корея тарапка «IP Sharing» долбооруна катышууга мыкты долбоорлорду сунуштаган. Натыйжада KIPA  Рыскул Касымбековдун “Энергияны үнөмдөөчү эко-күнөскана” долбоорун тандап алган.

Кытай үч астронавтын биринчи жолу жаңы космостук станциясына учурду

56 жаштагы Не Хайшэн, 54 жаштагы Лю Бомин жана 45теги Тан Хунбо “Тяньгун” (“Асмандагы хансарай”) деп аталган жаңы станцияда үч ай болушат. Үч астронавтын ичинен Хунбо гана буга чейин космоско учкан эмес.

Кытай үч астронавттан турган экипажын алгач ирет жарым-жартылай курулуп бүткөн жаңы космостук станциясына учурду. “Шэньчжоу-12” космостук кемесин “Чанчжэн-2F” ракетасы 17-июнда Гоби чөлүндөгү космодромдон орбитага алып чыкты. Бул Кытайдын соңку беш жыл ичиндеги биринчи космостук миссиясы болуп калды.

Бул миссиянын алкагында австронавттар эки жолу ачык космоско чыгып, станциянын ишин камсыз кылуучу технологияларды жана таштандыларды жок кылуучу системаны текшерүү сыяктуу бир нече тапшырманы аткарышы керек.

“Тяньгун” станциясынын негизги бөлүктөрү быйыл апрель айында космоско учурулган. Анда космонавттар жашай турган бөлмө, станциянын ишин камсыз кылуучу жабдыктар жана башкаруучу система бар. Алдыдагы эки жыл ичинде станцияга эки лаборатория жөнөтүлөт. Анда Кытайдын космостук станциясынын жалпы салмагы 100 тоннага жетет.

Эгер Кытайдын бул дымактуу долбоору ишке ашса, анда “Тяньгун” “Мир” жана Эл аралык космостук станциядан кийинки космостогу үчүнчү туруктуу станция болуп калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан алдыдагы эки жылда 5G технологиясын киргизүүнү пландоодо

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылга чейин 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын санариптик экономикасынын 2021-2023-жылдардагы консепциясында айтылат.

Ведомство ушул тапта 4G түйүндөрүн өнүктүрүү тиешелүү чегине жете электигин, ага карабай улуттук телекоммуникациялык тармак 5G технологиясын ишке киргизүү алдында турганын белгилеген.

“Жаңы технологиялар маалыматты берүүдө кечигүүнүн алдын алып, жасалма интеллектти ишке киргизүүгө жана жайылтууга жардам берет. Анын жардамы менен “акылдуу шаарларды” жана “үйлөрдү” куруу, аралыктан башкарылуучу автоунааларды пайдалануу, мындан тышкары өндүрүштө, кеңселерде, соода борборлорунда, социалдык жана өндүрүш объектилеринде ар кыл процесстерди оптималдаштырууга мүмкүндүк түзүлөт”, деп түшүндүрдү министрлик.

2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган маалда дүйнөдө “бешинчи муундагы мобилдик байланыш технологиясы же 5G аркылуу илдет таркайт экен” деген имиштер жайылган. Кыргыз өкмөтү бул технология али өлкөдө ишке киргизиле элек экенин тастыктоого аргасыз болгон.

Кыргызстанда эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен биринчи "IT EXPO Connect.KG" иш-чарасынын ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн, 15-мартта КР Премьер-министри У.А.Мариповдун, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиевдин, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Лунун, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси С.Маэданын жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Гарреттин катышуусу менен видеоконференция форматында биринчи «IT Expo Connect.KG» иш-чарасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.Марипов Кыргызстандагы IT-индустриясынын өсүп келе жаткан потенциалын белгилеп, эл аралык катышуучуларды Кыргызстандын IT сектору менен жигердүү кызматташууга чакырды. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыт экендигин белгилеп, IT тармагын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.Ниязалиев IT-индустриясын өнүктүрүү жана IT кызматтарын экспорттоону күчөтүү COVID-19 кесепеттеринен кийин өлкө экономикасын калыбына келтирүү үчүн өбөлгө болот деп белгиледи. Ага кошумча ал программалык камсыздоолордун жана кызматтардын иштеп чыгуучуларынын, ошондой эле чет өлкөдө дүйнө жүзүнө белгилүү  компанияларда бийиктиктерди багындырган мекендештерибиздин жана демилгелердин ийгиликтүү мисалдарын белгиледи. Технологиялар жана инновациялар кыргызстандыктарга жана жергиликтүү бизнеске глобалдык рынокто атаандаштыкка туруштук берүүгө өбөлгө түзүп, Кыргызстан алардын аркасынан дүйнөлүк экономикада татыктуу орунду ээлейт деген ишеничин билдирди. Ошол эле учурда ал бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп турууну сунуштады.

Ошондой эле IT Expo иш-чарасынын ачылыш күнүндө АКШнын, Япониянын жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссияларынын башчылары куттуктоо сөздөрүн жолдоп, бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, ушул жумада онлайн режиминде өтүүчү иш-чаралар Кыргызстандагы IT/стартап-компанияларга тажрыйба алмашуу жана бизнес-аутсорсинг боюнча дүйнөнүн алдыңкы компаниялары менен кызматташтык түзүүгө мүмкүндүк берет деп үмүт артышты.

Белгилей кетсек, «IT Expo Connect.KG» ушул жылдын 15-19-март күндөрү өтөт. Expo жергиликтүү жана эл аралык катышуучуларды Hi-Tech Park, БААУ, Ololo House жана Кыргызстандагы Борбордук Азия Университетинен түз эфирде көрсөтүлө турчу Виртуалдык панелге жана B2B сессияларына катышууга чакырат. Facebook, Amazon Web Services UK, Cambridge Partnership, Dell, LinkedIn, SAP, Juniper Networks, SeeRem, Clarity Movement Co., EPEM, Nokia, FabLab Bishkek жана EGISтин эл аралык өкүлдөрү, башка тармактык адистер менен катар, санарип маркетинг, электрондук соода жана санариптик трансформация боюнча вебинарларды өткөрүшөт.
Тилек Мамутов (Outtalent), Эсен Ниязов (Peaksoft) жана Никита Рыжих (FitJab) баш болгон ийгиликтүү кыргызстандык технология ишкерлери АКШдагы жана эл аралык рыноктогу тажрыйбалары менен бөлүшүп, IT-инженерлерине жана программисттерине кеңеш беришет.

Маалымат үчүн:
IT Expo USAID жана башка эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөр тарабынан өткөрүүлүдө.
B2B секциялары төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:
– бизнес чечимдер;
– IT билим берүү жана дистанттык окутуу;
– финансылык технологиялар;
– электрондук коммерция;
– санариптик саламаттыкты сактоо, илим жана туризм;
– электрондук башкаруу, санариптик трансформация;
– ачык/электрондук өкмөт;
– Кыргызстандагы жаңы технологиялар ж.б.
Иш-чаранын негизги максаты – натыйжалуу аянтчаны түзүү түрүндө конкреттүү натыйжаларга жетишүү, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын IT тармагына зарыл эл аралык көңүлдү бурууга, ошондой эле иштеп жаткан жана келечектеги IT компанияларга чет элдик инвестицияларды тартууга шарт түзөт жана Кыргызстандын IT компаниялары менен АКШнын, Улуу Британиянын, Европа Биримдигинин, Япониянын жана Түштүк Кореянын алдыңкы IT компаниялары ортосундагы экономикалык шериктештикти алга жылдырат, экономиканы стимулдаштырууга, жумуш орундарын түзүүгө жана кыргыз жаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Фото - Билл Гейтс суусуз жана канализациясыз иштей турган жаңы даараткананы көрсөттү

Акыркы жылдары Билл Гейтс өзүнүн ишмердүүлүгү санитария жаатында жаңы технологияларды иштеп чыгууга багытталган өзүнүн изилдөө фондусуна көбүрөөк көңүл буруп келет. Илимпоздордун жана инженерлердин акыркы жетишкендиги бул уникалдуу даараткана болду, ага негизинен канализация жана суу зарыл эмес.

 

Жок, бул Билл сунуш кылган даараткана эмес. Ал булар менен күрөшүүгө ниеттенүүдө.

Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс акыркы жылдары санитарияга аябай кызыгып келет. Анын компаниялары бул жаатта бир нече жолу кызыктуу долбоорлоду сунуштап, иштеп чыгышкан. Негизинен бул олуттуу көйгөйлөргө туш болгон өлкөлөргө арналган (мисалы, бир катар Африка жана Азия мамлекеттери үчүн). Билл Гейтс Кытайда сууну талап кылбаган даараткананын презентациясын өткөрдү. Бул деген даараткананы канализацияга туташтыруунун кажети жок экенин билдирет. 

Заманбап үлгүдөгү дааратканада адамдын заңы менен зарасын атайын капсулада калтырып, андан кийин химиялык реагенттерди колдонуп, аны айыл чарбасында жер семирткич катары колдонуу үчүн кайра иштетүү процессин баштайт. Бул долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн өндүрүшчүлөрдүн тобуна жылдарды талап кылынган. Эми ал рынокко чыгууга толук даяр.

Билл Гейтс дааратканын бул түрү жакынкы он жылдыктарда дүйнөдөгү бардык үй-бүлөлөрдү “басып алат” деп ишенет. Илимдин жана техниканын жетишкендиктеринин натыйжасында, ири көлөмдөгү агынды сууларды тазалоочу жайлар керексиз болуп калышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Билл Гейтс кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү (жубайы Мелинда менен бирге). Акыркы 7 жылда бул фонд 200 миллионго жакын долларды илимий долбоорлорго жумшаган, алардын көпчүлүгү зара менен заңды отунга жана жер семирткичке айландыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган. Фонддун адистеринин эсептөөсү боюнча, санитариянын начардыгы жыл сайын жарым миллиондой баланын (5 жашка чейинки) өлүмүнө алып келет, ошондой эле дүйнөлүк экономиканы жылына 233 миллиард доллар өлчөмүндө кошумча каржылык чыгымдарга алып барат.

Акылбек Жапаров: "Ак үйдү калыбына келтирүү үчүн болжол менен 450 миллион сом керек"

Ак үйдүн имаратын оңдоо-түздөө үчүн кеминде 450 миллион сом талап кылынышы мүмкүн. Бул тууралуу Акылбек Жапаров кечээ, 22-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында парламенттик отурум учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы Ак үй талкаланганда 380 миллион сомго оңдолгон.

Ал ак үйдө оңдоо иштери качан башталаарын билбей турганын кошумчалады.

“Азыр материалдардын кымбаттыгынан улам оңдоо иштери кымбатка турушу мүмкүн”, – деди Жапаров.

Ал ошондой эле, бюджеттик тартыштык 36 млрд сомдон ашып бара жатканын белгиледи. Ал премьер-министр Садыр Жапаровдун экономика жана финансы тармагы боюнча кеңешчиси катары, пенсия, жөлөкпул жана айлык маяналарды, тышкы карызды тейлөөгө өкмөттүн мүмкүнчүлүгү бар экенин, бирок президенттик жана парламенттик шайлоону өткөрүүгө акчалай мүмкүнчүлүгү жок экенин белгледи. Ал ар бир шайлоого 450 млн сом сарпталарын кошумчалады.

 

Меню