Menu

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ХАЙ ТЕК

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардын жетекчилерин аймактарда коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон санарип баарлашуу учурунда аймактарда коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы «өзгөчө абал алынды» деп, бошоңдоп калбай, талаптарды жеңилдетүүгө эрте экенин баса белгиледи.

«Кыймыл-аракетке, ишкердикке болгон катуу чектөөлөр алынганы менен, санитардык талаптарга байланыштуу чектөөлөр алынган жок. Ар кандай маалымат тараткандар бар. Эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Силерден жергиликтүү эл менен тыгыз иштөө талап кылынат», — деп билдирди Президент.

Ал жеке коргонуу каражаттарын сөзсүз колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, ишканаларды дезинфекциялоо талаптарынын катуу сакталышы мэрлерге жана облус жетекчилерине жүктөлгөндүгүн эске салды. Республикалык штаб менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү зарыл.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы сырттан кайтып келген жана колдоого муктаж мекендештердин маселесине көңүл бурду.

«Обсервацияларга жайгаштыруу, карантиндин шарттарын сактоону уюштуруу, аларды иш менен камсыздоо жана колдоо багытында ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Аларга туруктуу жумуш орундарын түзүү — жергиликтүү бийликтин милдети. Ошондуктан ар бир жетекчи облустун аймагындагы ири өндүрүш ишканаларынын туруктуу иштөөсүн жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүсүн көзөмөлгө алышы абзел», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

NASAда иштеп, робот жасап, эми Кыргызстандан космоско ракета учургусу келген кыргыз жигити

Кыргызстандык жигит жасалма интеллектиси бар робот-ассинтент жасап чыгарды. Роботтун аты – “Альфред”.

Муну ойлоп тапкан 29 жаштагы ишкер  – Музарбек Жолошев. Эмдиги жылы Кыргызстандан космоско ракета учуруу тилеги бар. Ал өзүнүн пландары, долбоорлору жөнүндө айтып берди.

Музарбек Бишкекте туулган, №67 орто мектепти аяктаган. 2007-жылы АКШга кетип, университетке өтүп, машине куруу инженери болуп чыккан. Бул адистик робот, ракета, спутник иштеп чыгууга багытталган. Андан соң NASAга (космос мейкиндигин изилдөө жана аэронавтика боюнча улуттук башкармалык, АКШ) жумушка орношкон.

– NASAга кантип жумушка орношуп калдың?

– Мен университеттин 3-курсунда окуп жүргөндө, NASA мыкты студенттерди бүтүндөй Америка боюнча тандай баштады. Конкурстан 30дай студент өттү, арасында мен да бар элем. Ал жакта негизинен спутник куруу менен алек болдум.

Эки спутник жасадык. Бирөөсү учурулуп, Жер шарын айланып чыкты. Экинчиси Айга учту. Ал өз алдынча спутник. Мен спутниктин космостогу навигациясы үчүн жооп берчүмүн. Ал Күн менен жылдыздардын нурлары аркылуу космосто өзүн жоготпой жүрүүгө тийиш. Анан учурулгандан кийин бир калыпка түшүүсү кажет, менин ишим ошол калыпка магниттер аркылуу түшүрүү эле. Ал ийгиликтүү аяктаганда, сыйлык алдым.

– “Альфред” роботуң жөнүндө айтып бербейсиңби? Аны жасоо идеясы качан келди эле?

– Студент кезде эле ойлонуп жүрчүмүн. Ал кезде кишинин жүзү, денеси аркылуу таануу технологиялары жаңы эле иштелип жаткан учур. NASAдан кийин дагы бир компанияда иштеп калдым.

Биз кишилерди жүзүнөн, денесинен,үнүнөн таанып, сары изине чөп салган дрондорду жараткыбыз келген. Идея аскердик багытта болчу. Бирок мен АКШнын жараны болбогон соң, “Муну менен алышпай эле кой” дешти.

Бош убактымда код жасоо менен алек болдум. Топ балдар элек, кишини элдин арасынан таанып, артынан ээрчий турган робот жасоо менен алек болдук. Кийин бул ишти таштап салдык. Анан бир жылдай ойлонуп олтуруп: “Бул системаны иштеп чыктык. Келгиле, жүзөгө ашырабыз” деп калдык. Ошентип робот жасоо идеясы келди, ал кожоюнунун артынан ээрчип, кебетеси, үнү, кыймылы аркылуу таанып турат. Ага камера, проектор орноттук, ал аркылуу кино көрсө болот.

Роботто үч камера бар, бирөөсү iPhone сыяктуу – документти сканерлеп, санариптейт да, компьютерге же телефонго жөнөтөт. Робот толугу менен кожоюну менен телефонго байланган, кожоюнду ээрчип жүрөт, буйруктарынын бардыгын аткарат. “Альфреддин” дөңгөлөктөрү бар, үй ичинде жүрө берет.

Аккумулятору 5 саат иштейт. Wi-Fiдын жардамы менен Netflix, Amazon Alexaга өзү кошула алат. YouTube аркылуу видео көрө аласың, эстутуму 256 гб. Аны менен жөн эле ойносоң болот, балдар үчүн да оюндары бар: кубалашып ойнойт, же балдарга алфавит үйрөтөт, сандарды эсептетет.

– Дүйнөдө “Альфред” сыяктуу башка роботтор барбы?

– Жок. Биз биринчилерден болуп жасадык. Прототибин жасаганга эле 140 миң доллар кетти. Азыр акча чогултуп жатабыз. Массалык түрдө чыгара баштасак, бирөөсү 1000 доллар туруп калат. Азыр Жапониядан жазып жатышат, ошол өлкөдө саткылары келет экен. Негизинен Жапонияга, Кореяга жана АКШга сатабыз го дейм.

– Кыргызстанда кызыккандар жокпу?

– Кыргызстанга бул долбоор кызыктуубу, билбейм. Ошондуктан башка рынокторго басым жасадык. Робот азырынча англисче гана сүйлөйт. Кийин орус, кытай, жапон тилдерин кошобуз. Бул өтө көп акчаны талап кылат. Жаңы тил – сөздөрдү тааный билүү, өтө-өтө кыйын. Эгерде жетиштүү деңгээлде роботторду сата алсак, анда сөзсүз башка тилдерди кошобуз.

– А эмнеге ысымы “Альфред”?

– Альфред – Бэтмендин жардамчысы (DC комикси). Ошондон эргүү алдык. Бардыгын кылат жана ар дайым жаныңда жүрөт.

“Альфредди” жасаганга төрт киши катышкан: Музарбек Жолошев өзү, идеянын автору жана инженери, программист Энтони Маринелла, инженер-электроник Мэттью Монели жана мурдагы аскер кишиси, анын ысымы жашыруун.

– Дагы пландарың барбы?

– Албетте, бар. Эмдиги жылы Кыргызстандан космоско ракета учурсакпы деп турабыз. Аны өзүбүз эле жасайбыз, ашыкча мээнин деле кереги жок. Ракета 4 метр бийиктикте болот, GoPro камераларын орнотобуз да, учурабыз. Ал Кыргызстандын үстүндө гана айланып жүрүп, анан парашют менен кайра жергебизге конот.

– Муну эмнеге жасаганы жатасың?

– Биринчилерден болуу үчүн. Кыргызстандын кадыр-баркын көтөргүм келет, бизден ракета учса, жаманбы?

KyrgyzToday.kg кыргызчылады

Булак: АКИpress

 

Кыргызстандык ойлоп табуучулар “акылдуу куртка” ойлоп табышты

Кыргызстандык ойлоп табуучулар ойлоп тапкан “акылдуу куртка”  сыяктуу нерсе бүткүл дүйнөдөгү өндүрүлүшчүлөрдө жок. Бул тууралуу долбоордун авторлору өздөрү билдиришти, – деп жазат vesti.kg сайты.

“Буга окшош нерсе Xiaomi компаниясында бар, бирок биздики бир нече эсе акылдуу жана функциялары көп, – дейт ойлоп табуучулардын бири Вячеслав. – Биздин продуктта чубалгысыз кубаттуулук бар, ичи менен сыртындагы температураны ченеген датчиктер жана башка көптөгөн элементтер киргизилген, чындап эле акылдуу. Куртканы жылыткан компьютери бар, аны каалагандай башкара аласың”.

Ойлоп табуучулардан, программисттерден жана электронщиктерден турган команда башка дагы “акылдуу буюмдардын” үстүнөн иштеп келишет. Бирок куртка – жаш жигиттердин сыймыгы.

“Бул жөн эле электронщиктердин оюнчугу эмес, толугу менен бүткөн товар, мындайды дүйнөдө бир дагы компания чыгара элек. А биз Кыргызстанда жасап койдук”, – дейт Вячеслав.

Азыр продукт бүтөйүн деп калыптыр. Ага Орусия өндүрүшчүлөрү кызыгып жаткан экен.

Бирок бул кыргызстандык жигиттер жөнүндө маалыматты эч жерден таппадык. Ал эми “акылдуу smart-курткасын” 2016-жылы Кытайдын Xiaomi компаниясы чыгарганын билебиз. Бирок ал колдонууга ыңгайсыздык жаратып, өндүрүшкө салынган эмес. Levi’s жана Googl компаниялары да “акылдуу куртка” чыгарышкан. Бирок кардарлардын кызыгуусун жаратпады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Кыргызстанда Интернеттеги эң сулуу кызды тандашты. Ал –Наоми Ибрагимжанова

Miss Virtual Kyrgyzstan  деген сынак уюштурулуп, эл онлайн добуш берип олтуруп, Наоми деген бийкечти тандап алышты. Эми 29 жаштагы сулуу Miss Virtual World эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан катышат. Кыз юридикалык академияда окуйт, бийге кызыгат, сулуулук тармагында иштейт.

“Мен өнүгүп-өсүп тургум келет. Өзүмдү моделдик бизнестен сынап көргүм бар”, – дейт Наоми.

Miss Virtual World конкурсунун таажысын кийүү үчүн дүйнө жүзү боюнча 20 сулуу тандалып алынат. Добуш берүү inDriver мобилдик тиркемеде жүрүүдө. 20-октябрда жыйынтыгы чыгат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык

«Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Биздин өлкөбүз үчүн мааниси чоң — бүгүнкү конференциянын баардык катышуучуларына, сиздерге салам айтам.

Кымбаттуу коноктор,

IT-тармагынын интеллектуалдык лидерлери, компаниялардын жетекчилери, биздин күнөстүү жергебизге кош келиңиздер.

Өзүңөрдүн билимиңер, тажрыйбаңар менен бөлүшкөнү келгениңерге, биздин өлкөбүздө жүрүп жаткан санариптик реформаларга салым кошууга даяр экениңерге ыраазылык билдирем.

Өзүбүздүн, жергиликтүү IT коомчулугунун өкүлдөрү!

Жаңыланган Кыргызстанды — Санариптүү Кыргызстанды курууда — силердин ишиңер негизги мааниге ээ.

Бүгүн силер — жаңы өзгөрүүлөрдү демилгелеп, санарип философиясын биздин коомго киргизип жатасыңар.

Мекенчил, жаңычыл ишиңерге ийгилик каалап, мындан ары да силерди дайыма колдоп турууга даяр экенимди билдирем.

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Азыркы учурда санарип технологиялары дүйнө экономикасынын жүзүн өзгөртүп, бардык өлкөлөр үчүн глобалдык процесстерге кеңири катышуу мүмкүндүгүн жаратты.

Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн мамлекеттик башкарууда, бизнесте жана коомдо жаңылыктарды кабыл алууга даяр чөйрөнү түзүү керек.

Өзгөрүүлөрдөн качпай, жаңыланууну ыкчам кабыл алып, турмушка тездетип киргизген өлкөлөр гана ийгиликке жетип жатышат.

Биз дагы башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табууга умтулуп жатабыз.

Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык.

Бирок, бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан бир катар көйгөйлөрдү кечиктирбей чечүү зарыл.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта санарип технологиялары терең колдонулбай келген.

Санарип инфраструктурасынын начардыгы -бизнестин сапаттуу продукция чыгарып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна тоскоолдуктарды жаратууда.

Кеӊири тилкелүү интернеттин жоктугунан, айыл жергесине санарип технологиялары толук жете элек.

Бул өлкөнүн, өзгөчө региондордун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген фактор.

Ушул жана башка көйгөйлөрдү тездик менен чечүү үчүн — менин Жарлыгым менен 2019-жыл — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган.

Бул багытта комплекстүү иштер аткарылып жатат.

Кудайга шүгүр, өлкөнү санариптештирүү боюнча алгачкы жыйынтыктар көрүнө баштады.

“Түндүк” ведомстволор аралык электрондук системасы аркылуу Мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусу жолго коюлду.

Айрым мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү калкыбыз санарип форматында ала баштады.

“Коопсуз шаар” долбоору ишке активдүү кирип жатат.

Бул долбоор — Өкмөт пайда издөөчү экономикалык долбоор эмес, ал жол кырсыктарын азайтууга, адам өмүрүн сактоого багытталган долбоор экенин баса белгилейм.

Бул долбоор ишке киргенден тартып жолдо жүрүү эрежесин бузгандар 50 пайызга азайды.

Жол кырсыгынын саны эки эсеге жакын кыскарды.

Сот системасын, прокуратура органдарын санариптештирүү жүрүп жатат.

Бул чөйрөлөрдө ачык-айкындуулук орнотула баштады.

Социалдык чөйрөнү санариптештирүүдө айрым жетишкендиктер орун алды.

Электрондук китеп, электрондук кезек, мобилдик түзүлүш аркылуу төлөмдөр сыяктуу жаңылыктар пайда болду.

Адистердин жана жетекчилердин санариптик квалификациясын көтөрүүгө багытталган масштабдуу окутуулар жүрүп жатат.

Санарип технологиясынын маанисин жана пайдасын түшүнүп, бул процесске катышкан жарандардын катары өсүүдө.

Алардын мамлекеттик органдар менен болгон байланыштарында чиновниктин катышуусу азайып, техникалык каражаттарды пайдалануу арбындоодо.

Ошентсе да, кырдаалга объективдүү баа берип, алдыда дагы көп иштер аткарылаарын белгилейбиз.  Жакынкы жылдарга коюлган максаттарыбыз төмөнкүлөр:

Биринчи, санарип технологиялары мамлекеттик жана муниципалдык кызматты олуттуу өзгөртөт.

Жарандардын талабын тез аныктап, коомдун муктаждыгын ыкчам „өлчөп“, кечиктирбей чечим кабыл алуу үчүн „санарип чечимдери“ кеңейет жана тереңдейт.

Чечимдерди кабыл алуунун айкындыгы, жарандар менен болгон байланыштын ачыктыгы жана ыкчамдыгы санарип аркылуу жаңы деңгээлге чыгат.

Санариптештирүү — мамлекеттик органдардын  эффективдүүлүгүн жогорулатат, адам факторун азайтат, коррупцияны кыскартат.

Ар кайсы кырдаалга ыкчам жооп берген, мобилдүү жана ийкем мамлекеттик башкаруу —   мамлекеттик кызматкерлердин мобилдүү болушун шарттайт.

Өкмөт — санариптик платформа болот, бизнестин катышуусу менен, мобилдик түзүлүштөр аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйөт.

Аны менен катар „Санарип аймак“ платформасы ишке киргизилет.

Жергиликтүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр электрондук форматка которулуп, стационардык жана мобилдик түзүлүштөр аркылуу көрсөтүлө баштайт.

Санариптештирүү жараткан жаӊы шарттарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өзүнүн ой-жүгүртүүсүн өзгөртүп, реформанын алдыңкы сабында болууга милдеттүү.

Экинчи, жарандарыбыздын санариптик билимин, жөндөмүн жогорулатып, санариптик коомду калыптандырууга барабыз.

Санариптештирүү — жашоонун баардык чөйрөлөрүн, адамдардын жашоо образын өзгөртөт.

Коомдун менталитети өзгөрөт, санарип технологиялары ар бир жарандын турмушуна кирет.

Жаӊы билимдерди алып, жаӊы ыкмаларды такай өздөштүрүп туруу керек.

Бул — адамдын атаандаштыкка жөндөмүн арттырат, заман талабына ылайык эмгек рыногунда керектигин жогорулатат.

Өзгөрүүлөргө даяр болбосок, санарип дүйнөсү биз үчүн жабык бойдон калат.

Ошондуктан ар бир жаран дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды кабыл алып, үйрөнө билүү муктаждыгы жаралды.

Интернет мейкиндигинде баарлашуунун этикасы, киберкоопсуздуктун ыкмалары, санарип маданияты — турмушубузда сөзсүз орун алчу талаптар болуп калышы керек.

Ошентип, коомду санариптештирүү — башка көрсөткүчтөр менен катар, биздин дүйнөдөгү ордубузду аныктай турган маанилүү процесс.

Санариптештирүүнүн ийгилиги — баардык кызыкдар тараптардын —  коомдун, мамлекеттин, бизнестин, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн аракети бириккенде гана болот.

Үчүнчү, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарын санарипти колдонуу аркылуу жалпы республиканын масштабында мындан ары жакшыртуу милдети турат.

Эки стратегиялык багытка өзгөчө көңүл бурулат.

Биринчиси, адамдардын жашаган жери шаар же айыл экенине карабай сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу, ал үчүн жаӊы санарип технологияларын дагы тереӊ киргизүү.

Экинчиси, билимдин сапатын жогорулатуу.  Анын ичинде элет жеринде тереӊ билим алуу мүмкүндүгүн жаратуу. Ал үчүн аралыктан билим берүү технологияларын жайылтуу.

Келечектин мектебинде жана бейтапканасында санарип технологиясы кеңири колдонулат.

Социалдык чөйрөдөгү мына ушул ийгиликтер элдин турмушун жакшыртууга биринчи кезекте таасирин тийгизет.

Төртүнчү, жаӊы мүмкүнчүлүктөр экономиканын көнүмүш секторлорун өзгөртөт, жасалма интеллекти пайдалануу аркылуу эмгектин өндүрүмдүүлүгү жогорулайт.

Инновациялык чечимдер — бизнес жүргүзүүгө, жалпы эле экономикалык өсүшкө оӊ таасирин тийгизет.

Мурда таптакыр болбогон жаӊы мүмкүндүктөр ачылат.

Аларга таянып, эӊ кыска убакта, өнүгүүнүн жаӊы деӊгээлине чыга алабыз.

Маалымат технологияларды колдонуу менен жаңы жумуш орундарын түзүүнү кеңейтебиз.

Бул мүмкүндүк элет жеринде жаңы бизнестин пайда болушуна шарт түзөт.

Дагы бир маанилүү жагдай.

Кыргызстандын энергетикалык потенциалы зор.

Ал жасалма интеллект, ири маалыматтар (большие данные), блокчейн технологиялары үчүн зарыл болгон регионалдык эсептөө инфраструктурасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Бирок, биз криптовалютанын экономикага тийгизе турган таасирине кылдат мамиле кылышыбыз абзел.

Келечекте маалыматтын өзү — санариптик алтын катары баалана баштайт.

Натыйжада, биз санарип экономикасын, билимге таянган экономиканы курууну максат кылабыз.

Бешинчи, биз, Кыргызстан, технологиялык трансфердин регионалдык борбору болушубуз керек.

Бул биздин амбициялуу максатыбыз.

Биз алдыӊкы технологияларды өздөштүрүп, башкаларга жайылтуубуз зарыл.

Келечекте өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон, жаӊы технологиялык чечимдерди, инновацияларды ЕврАзЭС, Шанхай кызматташтык уюмунун жана Дүйнөлүк соода уюмунун мейкиндигине жеткирип турган өлкө болушубуз абзел.

Ошондуктан өзүбүздүн IT продуктуларыбызды чыгарууга дем берип, технологиялык долбоорлорду, стартап– демилгелерди, бул багыттагы изилдөөлөрдү колдоо керек.

Технологиялык парктарды жана лабораторияларды түзүү зарыл.

Жогорку технологиялар паркынын базасында инновациялык кластерди түзүү — максатка ылайыктуу болот.

Алтынчы, өтө кылдат мамилени, зор түйшүктү талап кылган багыт — бул маалыматтарды коргоонун коопсуздугу.

Мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо — мамлекеттик сырды коргоодон башталат.

Ошол эле учурда жарандарыбыздын кызыкчылыктары — кол тийгис.

Адамдын уруксатысыз анын персоналдык маалыматын билүүгө эч кимдин акысы жок.

Ошондуктан санарип этикасын сактоонун, киберкоопсуздукту камсыздоонун жана жарандардын ички маалыматтарын коргоонун жетиштүү деӊгээли камсыз болуш керек.

Киберкоопсуздук боюнча Өкмөт стратегия кабыл алды.

Эми бул багыттагы эӊ жаӊы технологияларды киргизүүгө муктажбыз.

Уважаемые наши партнеры,

Мы хорошо понимаем, что успех цифровизации страны зависит от объединения усилий всех заинтересованных сторон.

Требует консолидации усилий государства, бизнеса и общества.

Совместная работа с зарубежными партнерами, международными организациями имеет очень важное значение для нас.

Мы нуждаемся в помощи партнеров как в сфере знаний и технологий, так и финансовой поддержке для реализации новых проектов.

Партнерство и совместные инициативы для нас — острая необходимость, и мы намерены сформировать новую культуру широкоформатного взаимодействия.

Наши цели мы изложили и теперь вы знаете, чего мы хотим достичь.

В связи с этим, я предлагаю рассмотреть возможность создания Клуба цифровых лидеров с вашим участием.

Думаю, предлагаемый мною Клуб может стать эффективной форсайт площадкой в нашем регионе по вопросам цифрового развития.

Тем самым мы заложили бы основу для нашего долгосрочного партнерства.

От имени государства в предлагаемом Клубе будет участвовать Государственный комитет Кыргызской Республики по информационным технологиям и связи.

Ардактуу меймандар,

Биздин өлкөбүздү санариптештирүү процессине катышып жатканыңар үчүн дагы бир жолу  рахмат айтам.

Биз өнөктөштүккө, чогуу иштешүүгө даяр экенибизди дагы бир ирет белгилейм.

Баарыбыз чогуу аракет кылсак, Кыргыз Республикасы санарип дүйнөсүндө бараандуу орунга   жетишет.

Ошону менен катар санариптештирүү процессин алдыга жылдыруу милдети — ушул жерде отурган мамлекеттик органдардын жетекчилерине таандык экенин дагы бир жолу баса белгилейм.

Мамлекет тарабынан санариптештирүү багытында бир катар чоң кадамдар жасалды, дагы жасалат.

Өлкө Президенти катары бул багытка өзгөчө көңүл буруп, бул менин ишимдеги артыкчылыктуу багыт экенин эсиңерге салам.

Тиешелүү министрликтер, ведомстволор аныкталган тапшырмаларды кечиктирбей ишке ашырууга милдеттүүсүңөр.

Жогоруда билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармагындагы милдеттерди айттым.

Ага кошумча тез жардам системасын автоматташтыруу, телемедицина, онлайн консультация алууну республиканын баардык аймактарына жеткирүү керек.

Архитектура жана курулуш секторуна санарип технологияларын активдүү киргизүү милдети турат.

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу үчүн электрондук реестр, электрондук эсеп-кысап каражаттарын бул секторго киргизүүнү ылдамдатуу зарыл.

Энергетика жана тоо кен секторун реформалоого барабыз.

Бул чөйрөдө ачык-айкындуулукту орнотуу үчүн санариптештерүү — негизги курал болот.

Мамлекеттик каттоо кызматын санариптештирүү жүрүп жатат, бирок, анын темпи жана тереңдиги жетишсиз.

Азыр жүрүп жаткан сот системасын, прокуратура жана укук коргоо органдарын санариптештирүү процессин ылдамдатуу зарыл.

Санариптештирүүнү элге жеткирүү үчүн областтык жана райондук бийликтер өздөрү санарип технологиясын жакшы өздөштүрүп, областтын жана райондун деңгээлиндеги кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү милдети коюлат.

Жергиликтүү бийлик жаңылыктарды кечеңдетпей кабыл алып, өз функцияларын аткарууда санариптик чечимдерди көбөйтүүсү зарыл.

Элдин санариптик сабатын көтөрүүдөгү негизги милдет силерге таандык экенин унутпагыла.

Бизнес чөйрөсүн санариптештирүүнү тездетебиз.

Жаңы жумуш ордун түзгөн фирмаларга, өзгөчө элет жеринде иш алып барган IT компанияларга мамлекет тарабынан чечкиндүү колдоо көрсөтүлөт.

Урматтуу катышуучулар,

Сөзүмдүн аягында, бүгүнкү конференциянын уюштуруучуларына — Борбордук Азия Университетине, Жогорку технологиялар паркына, Маалымат технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетине ыраазылык билдирем.

Бул конференция санариптик трансформация боюнча чыгармачылык идеялардын аянтчасы болуп калат деп ишенем.

Баарыңыздарга ийгиликтерди каалайм.

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун».

Фото - Президент Сооронбай Жээнбеков «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясында кыргыз калпак кийген робот менен учурашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда, «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясына катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө өлкөнү санариптештирүү процессин тездетүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи, аны жарандардын жашоосуна киргизүү боюнча негизги көйгөйлөр жана чечүү жолдорун атады.

Өлкөнү санариптештирүү анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыты экенин эске салды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Дастан Догоев, Ага Хан Уюмунун өнүгүү боюнча Кыргызстандагы өкүлү Шамши Кассим-Лакха, Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов, «Etihad Airways» компаниясынын маалыматтык технологиялар жана инновациялар боюнча вице-президенти Кашиф Рана, Мичиган Университетинин Маалыматтык технологиялар департаментинин вице-президенти Рави Пендсе, Корея Республикасынын Суньчуньян Университетинин Регионалдык саясий изилдөөлөр институтунун директору Хак-Мин Ким, SAP компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европадагы бөлүмүнүн Башкы менеджери Наталья Панина жана башкалар өз презентацияларын сунушташты.

Конференциянын иши үч күнгө улантылат — эки күн Бишкекте жана бир күн Нарын облусунда.

Конференцияга чет элдик IT-компанияларынын, ишкер жана илимий чөйрөнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Пленардык жыйындарда жана талкууларда Борбордук Азиядагы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө даярдыктардын ыкмалары, технологиялар чөйрөсүндөгү глобалдык тенденциялар жана башка темалар талкууланат.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Борбордук Азия Университети, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Жогорку технологиялар паркы.

 

 

Virgin Galactic компаниясы космоско туристтик учууларды аткара баштайт

Британиялык миллиардер Ричард Брэнсондун Virgin Galactic компаниясы бир жылдан кийин космоско туристтик учууларды баштоого ниеттенип жатат. Бул идеяны ишке ашырууга компаниянын акцияларын фондулук биржаларга жайгаштыруудан түшкөн каражат жардам бериши керек.

Маалыматка караганда, учурда компаниянын суборбиталдык учагында космоско саякаттоонун баасы 250 миң долларды түзөт. Учуу узактыгы эки сааттан ашыгыраак болот.

Компаниянын өкүлү Хамат Палихапитинин айтымында, билет баасынын жогору экендигине карабастан, космоско учууга 2 500дөн ашык киши билдирме берген.

Жыл башында Virgin Galactic суборбиталдык бийиктикке сыноо иретинде эки жолу учууларды аткарып, экөөсү тең ийгиликтүү аяктаган. Компаниянын Unity деп аталган космостук кемесине эки учкучту кошкондо алты киши батат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Нарындын Чет-Булак айылынан чыгып, АКШнын Даллас шаарындагы Outmach компаниясында программист болуп иштеген кыз

Нарындын Чет-Булак айылынан 2000-жылы 7-классты бүтүрүп, Бишкекке келген Райхан Ибираева, орто мекепти N5-мектеп интернатта аяктаган.
Мектептен кийин Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинен жогорку билим алган.
Азыр АКШнын Даллас шаарындагы Outmach компаниясында программист болуп иштейт.
Бүгүн, 29-июнда Райхан Ибираевадан өз ийгилигинин тарыхын айтып берүүнү сурандык, өз оозунан укканга не жетсин, тыңдаңыздар.

Булак: Kyrgyztoday.kg

SpaceX глобалдык интернет үчүн орбитага 60 спутник учурду

SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета ташыгычы орбитага 60 кичи спутнигин учурду, ал интернет-трафигинин глобалдык түйүнүн түзүүгө багытталган. Алардын баары интернетке кошулду. Бул тууралуу Илон Масктын SpaceX компаниясы “Твиттер” баракчасында билдирди.

Эки баскычтуу ракета Флорида штатындагы Канаверал космодромунан учурулду.

Falcon-9 ракетасынын биринчи баскычы Атлантикалык океандагы платформага конду. Экинчи баскыч дагы ийгиликтүү бөлүнүп чыкты. Ракета учуруу жараяны SpaceX компаниясынын YouTube-каналында түз чагылдырылды.

Биринчи жолу начар аба ырайына байланыштуу, кийин жабдууларды кайра текшерүү үчүн ракетаны учуруу мөөнөтү эки жолу жылдырылган.

Starlink долбоору 2015-жылы иштелип чыккан, ал жер жүзүнүн бардык аймагын ишенимдүү жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого багытталган. Эки тесттик спутник 2018-жылы февралда ийгиликтүү түрдө учурулган. Илион Маск орбитага бир нече миң космос аппаратын учурууну пландоодо. Долбоордун жалпы наркы 10 миллиард долларга бааланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы 5 жылда эмне иш кылды? Цифралар жана фактылар

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы – Кыргызстандагы алдыңкы IT-компания, 2007-жылы уюштурулган, 2009-жылдан тартып КРӨгө караштуу МККнын алдына өткөрүлүп берилген.

2014-2019-жж.мамлекеттик масштабдагы IT-долбоорлорду активдүү ишке ашыруу

-бардык каттоо кызматтарын автоматташтыруу, Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (КБМР) түзүү;

-өлкөдө алгачкы жолу сандардын өзгөчө комбинация менен номерлерине карата сертификаттарды сатып өткөрүү боюнча онлайн аукцион кызматы ишке ашырылган;

-2017-жыл – ачык жеткиликтүүлүктө болгон portal.srs.kg, Электрондук кызматтар порталы иштелип чыгарылган. Порталда электрондук түрдө алуу үчүн 27 кызмат жеткиликтүү.

Кыргызстанда алгачкы жолу жарандардын биометрикалык малыматтарын колдонуу менен шайлоолор өткөрүлүшкөн

-2015-жылдын 04-октябры – Кыргыз Республикасынын калкынын реестринде калыптандырылган маалыматтардын негизинде жарандарды идентификациялоонун биометрикалык технологияларын колдону уменен парламенттик шайлоолор;

 Жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборлору

-бүткүл республика боюнча 17 ири жана үч кичи КТБлар ачылган жана иш алып барышууда;

-мини КТБларда жарандар паспорт алууга карата документтерин дем алыш күндөрү дагы (ишемби, жекшемби) тапшыра алышат.

Мамкызматтардын алыс жайгашкан калктуу пункттардагы жеткиликтүүлүгү

-өлкөнүн алыскы аймактарындагы калкка каттоо кызматтарын көрсөтүү боюнча 363 маалымат күркөсү уюштурулган;

-16 мобилдүү КТБлар (атайын микроавтобустар) иш алып барышууда, алардын максаты болуп калктын аярлуу катмарларына, анын ичинде алыс жайгашкан калктуу пункттарда жашагандарга баруу эсептелет.

Өздүк мамлекеттик номер белгилерин чыгаруу

  • 2016-жыл – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Инфоком» МИсине мамлекеттик номер белгилерин даярдоого ыйгарым укуктар берилген, бул алардын баасын бир топ төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген.

Улуттук паспортторду өндүрүү

-май, 2017-жыл – жаңы муундагы паспортторду – Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук идентификациялык карталарын ишке киргизүү боюнча долбоор башталган. еID-карта жеке жана биометрикалык маалыматтарды жазуу үчүн кошо орнотулган чипти пайдалануу менен коргоо элементтерине ээ.

 Мамбюджетке которуулар

-“Инфоком” МИси тарабынан мамлекеттин бюджетине салыктар жана социалдык чегерүүлөр түрүндө төлөнгөн жалпы сумма 577 409 101,04 сомду түзүп турат.

Ишке ашырылган IT-долбоорлор

– «Инфоком» МИде элүү үч IT-долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2014-жылдын 12-майында премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тескемеси менен Талант Абдуллаев “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган.

Меню