Menu

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ХАЙ ТЕК

Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде, Ош шаарында өтүп жаткан «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу 1-телекоммуникациялык форумга катышты.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу Биринчи телекоммуникациялык форумдун катышуучулары!

2019–жыл — региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган.

Биз башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табышыбыз керек.

Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү биздин региондогу алдыӊкы орунга алып чыгуу максатын койдук.

Эӊ татаал, көп түйшүктү, убакытты талап кылган көйгөй ушул.

Мындай тарыхый мүмкүнчүлүк бир келет.

Бул максатка жетпесек, санарип дүйнөсү биз үчүн жабык бойдон калат.

Жакынкы келечекте Кыргызстандын санарип экономикасын өнүктүрүү төмөнкү үч приоритеттүү багытта жүргүзүлөт:

Биринчи. Бизнес-процесстерди, өндүрүш байланыштарын санариптик трансформациялоо;

-финансы жана банк секторуна инновацияларды киргизүү;

— компетенттүү адистер менен камсыз кылуу, ата-мекендик компаниялардын натыйжалуулугун арттыруу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү;

— экономиканын артыкчылыктуу тармактарында санариптик инфраструктураны жана санариптик платформаларды өнүктүрүү.

Экинчи. Өнөктөш-өлкөлөрдүн санарип экономиканы өнүктүрүү боюнча стратегияларын пайдалануу;

— „Евразиялык экономикалык биримдиктин 2025 санарип күн тартибин“ колдонуу;

— „Бир алкак — бир жол“ программасы аркылуу санарип Жибек жолун кайра жандандыруу жана регионалдык санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча эл аралык дагы башка демилгелерди колдоо.

Үчүнчү. Санарип технологияларды өнүктүрүү, аларды иштеп чыгууда тоскоолдуктарды азайтуу.

Бул багыттарды ишке ашырсак жеке сектор үчүн сатуу рынокторун кеңейтүү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрүн түзүү жана глобалдык өндүрүш байланышына катышууга мүмкүндүк алабыз.

Өлкөдө жаңы экономикалык кластерлер түзүлөт.

Биздин күч-аракет улуттук санарип инфраструктурага дем берүүчү инвестициялардын келишине шарт түзүүгө багытталат.

Өлкөнүн бир дагы региону байланышы жок калбашы керек. Ансыз „Санарип Кыргызстан“ куруу мүмкүн эмес.

Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,

Калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши — силердин түздөн-түз милдетиңер.

Бул максатка жетүүгө кедерги болуп жаткан көйгөйлөрдү ыкчам чечүү мезгили келди.

Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, бардык кыйынчылыктарды жеңип, чечкиндүү аракеттенүү талап кылынат.

Урматтуу Форумдун катышуучулары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Бул процесс бүт дүйнөнү кучагына алды.

Бүгүн дүйнө калкынын жарымына жакыны интернетке кошулган.

Жакынкы келечекте санариптик экономика активдүү өнүгөт.

Ал дүйнө жүзүндө инновациялардын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жана экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы болуп калат.

Азыр санарип инструменттери толук колдонулбай, кызмат көрсөтүү жана документ жүгүртүү — негизинен кагаз түрүндө болууда.

Бул кабыл алынган чечимдердин ачыктыгын камсыздай албай, коррупциялык мүмкүнчүлүктөргө шарт түзүп жатат.

Санарип технологиялары бизге аба менен суудай зарыл. Мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, коом муну толук андап, түшүнүшү керек. Мунсуз өлкө өнүкпөйт.

Сиздерге белгилүү болгондой, Коопсуздук кеңеши „Санарип Кыргызстан 2019-2023“ санариптик трансформациялоо концепциясын бекиткен. Аны ишке ашыруу боюнча „Жол картасы“ иштелип чыкты.

Ага ылайык, глобалдык процесстен артта калбоо үчүн 2019-жылдын аягына чейин төмөнкү милдеттер кынтыксыз аткарылышы керек.

»Түндүк« системасы аркылуу керексиз процедураларды жана справкаларды жокко чыгарууну талап кылам.

Анын натыйжасында кошумча маалымкаттар жана документтерди талап кылуу токтойт.

Мамлекеттик органдар жана жеке сектор документтерди электрондук форматта алмашат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бизнес-түзүмдөр „Түндүк“ системасы аркылуу гана иштешет. Өз ара иш-аракеттеринде кагазды колдонууну токтотушат.

Социалдык кызматтар боюнча пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу абзел. Бул керексиз справкаларды жана документтерди жокко чыгаруу аркылуу ишке ашат.

Ушул милдетти толугу менен „Түндүк“ системасы аркылуу электрондук форматта жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүү зарыл.

Эскертип кетейин, мамлекеттик органдардын „Түндүк“ системасына кошулуусу жана өз ара маалымат алмашуусу менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Ошондуктан 189 мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана бирдиктүү интернет порталын толук кандуу иштетүү процесси аягына чыгуусу керек.

Белгилеп кетчү жагдай, бул иш 2016-жылы башталгандыгына карабай, дагы эле аягына чыга элек. Бул иш мен Премьер-министр кезде эле башталган.  Конкреттүү жылыштарды күтөбүз.

»Түндүк« системасы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук көзөмөлдөөгө, электрондук документти жүгүртүүнү ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

»Түндүк« системасы толук кандуу ишке кириш үчүн тез аранын ичинде системага кошулган мамлекеттик органдардагы иш процесстерин автаматташтырууну тездетиш керек.

Улуттук банк менен биргеликте „Түндүк“ системасына коммерциялык банктардын жана башка жеке тараптардын кошулуусу үчүн шарттар түзүлөт.

Электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкинг кызматтарын региондордо камсыз кылуу тууралуу Улуттук банкка буга чейин тапшырма берилген, жыйынтыгын күтөбүз.

Азыр „Санарип аймак“ платформасын „Түндүк“ системасы менен айкалыштыруу милдети турат.

Санариптештирүү процессинде электрондук кол тамга өтө маанилүү, ошондуктан электрондук кол тамганы кеңири колдонууга багытталган иш-чараларды тез арада иштеп чыгып, аны турмушкка киргизүү зарыл.

Мындан тышкары санарип долбоорлорун тездетүү үчүн кийинки багыттар аткарылышы керек:

2019-жылдын сентябрь айына чейин персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча тиешелүү мамлекеттик орган түзүү өтө зарыл.

Электрондук коммерция жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу зарыл.

Салыктык жол жоболорду фискалдаштыруу, товарларды маркирлөө, электрондук эсеп-фактурасы жана онлайн контролдук кассалык машиналар механиздерин киргизүү боюнча долбоорду баштоо кечендеп баратат.

Өткөрмө пункттарда экспорттук жана импорттук операцияларды көзөмөлдөө үчүн онлайн санарип технологияларын киргизүүнү тездетүү зарыл.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодо бирдиктүү терезени Авто ЦОН долбоорунун алкагында 2019-жылдын 1-октябрына чейин ишке киргизүү милдети турат.

»Коопсуз шаар« долбоорлорунун 2-фазасы башталууда. Бул жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу негизги долбоорлордун бири.

Digital CASA долбоорунун алкагында региондорду интернет менен камсыздоо, жана регионалдык Дата-борборлорду куруу иштерин ылдамдатуу керек.

Аталган чаралар боюнча жылдын аягына чейин керектүү мыйзамдарга жана укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбесе, биз алга жыла албайбыз.

Эл аралык тажрыйбага ылайык, санариптик теңсиздик региондордун арасында пайда болуу тобокелчилиги кыйла жогору.

Айтылган максаттар региондордун өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ.

Буга чейин мен айтып келгендей, киреше булактарынын жана финансылык каржылоонун региондор арасындагы теңсиздиги аймактардын өнүгүүсүн кечеңдеткен.

Эми санарип теңсиздигин жое албасак, анда аймактарды өнүктүрүү максатына жете албайбыз.

Ошондуктан биз бул жылды Региондорду өнүктүрүү менен катар өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялаганбыз. Эки багыт бири-бири менен тыгыз байланышта.

Республиканын 20 шаарынын базасында „акылдуу шаар“ долбоорунун негизги компоненттерин борбордук бийликтен жардам, колдоо күтпөй эле, өз алдынча иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Мисалы, Балыкчы шаарында бүгүнкү күнү муниципалдык мүлктүн электрондук реестри, шаардын электрондук картасы сыяктуу долбоорлор даярдалууда.

Коопсуз шаар долбоорунун алкагында 84 видео камералары орнотулуп, атайын кырдаалдарды башкаруу борборуна кошулду.

Шаар ичинде 38 километр опто-волокно кабели тартылды.

Демек, жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өзүнүн аракети менен өзгөрүүлөрдү жасаса болот. Болгону демилге жана аракет керек.

Буга чейин да айткам, дагы бир жолу токтоло кетейин. Аймактарды колдоо максатында төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

Киреше салыгынын үлүшүн жергиликтүү бюджетке этап-этабы менен өткөрүп берүү алкагында 2019-жылы киреше салыгынын эсебинен жергиликтүү бюджеттерге кошумча  2,1 млрд. сом бөлүнүүдө.

Мындан тышкары региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 млрд сом каралды.

Бул каражаттарды колдонуу механизмин тездетүү абзел.

Дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейин киреше салыгын, сатуудан алынган салыгын, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду.

Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду.

Региондорду өнүктүрүүнү финансылык колдоо максатында мамлекеттик жеңилдетилген кредиттөө программалары да иштеп жатат.

Эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн демилге-аракети, талыкпас эмгеги чечүүчү роль ойнойт.

Биздин жарандардын татыктуу жашоосун камсыз кылуу, алардын бекем саламаттыгы, сапаттуу билими — биздин негизги милдетибиз.

Ошондуктан, региондордо социалдык кызматтардын санарипке өтүүсүнө өзгөчө басым жасайбыз.

Ушул жол менен гана биз калкыбызга сапаттуу, ыкчам, даректүү мамлекеттик кызмат көрсөтө алабыз.

Кээ бир долбоорлорду жер-жерлерде кичи шаарлардын жана дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн өз каражаттарынын эсебинен эле ишке ашырса болот.

Билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарында санарипти колдонуу аркылуу кызматтардын сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү арбын.

Биз аларды толук колдоно албай жүрөбүз. Мындан региондордун жашоочулары өзгөчө жапа чегүүдө.

Медицина тармагында заманбап маалымат технологияларын тереӊ колдонуу менен тез жардам системасы кескин түрдө өзгөрөт.

Бишкектеги тез жардам кызматы автоматташтырылган башкаруу системасы 2019-жылдын декабрь айында толугу менен бүтүшү керек.

Бул долбоор 2020-жылы Ош жана Каракол шаарларына да иштеп баштайт, башка шаарларда да бул системаны жайылтуу керек.

Ар бир адамга, ар бир үй-бүлөгө үй-бүлөлүк врач жана медайым дайыма жеткиликтүү болушу керек.

Ошондуктан, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иши таптакыр жаӊы принцип менен уюштурулат.

Бул борборлор элге күнү-түнү үзгүлтүксүз кызмат көрсөтөт.

Ал үчүн интернет аркылуу, телефон аркылуу онлайн консультация берүү, электрондук кезек кызматтары киргизилиши керек.

Бул долбоор пилоттук түрдө Бишкек шаарында 2019-жылдын июль айында башталат.

Долбоорду ишке киргизүүдө биздин байланыш операторлору активдүү катышат деп терең ишенем.

Жарандардын эң көп нааразычылыгы — ооруканалардагы кезек күтүү. Ушул көйгөйдү чече албай жатасыңар, ошондуктан санариптештирүүнү талап кылам. Анткени, мамлекеттик бийликке болгон нааразылык мына ушундай кезек күтүүлөрдөн улам күчөйт.

»Акылдуу мектеп« долбоору боюнча мектептин негизги процесстерин санариптештирүү зарыл.

Бул долбоордун алкагында мектепке окуучуларды алууда электрондук кезек киргизилүүдө.

Мугалимдердин иш процессин, окуучулардын окуу процессин көзөмөлдөө санариптештирилет.

Ал үчүн Өкмөт 2019-жылдын 1-июнуна чейин калган мектептерди толугу менен интернетке кошуу ишин аяктоосу керек. Бүгүнкү күнгө республикадагы мектептердин 86 пайызы интернетке кошулган.

Мындан тышкары республика боюнча социалдык жактан маанилүү болгон баардык мекемелерди интернетке кошуу башталат.

Бүгүн бул жерде облус жеткечилери отурасыңар.

Силердин ишиңерди баалоодогу негизги критерий катары ар бир региондо бирден инновациялык мектеп ачуу талабы коюлат.

Ал үчүн Билим берүү министрлиги атайын методиканы жана окуу стандарттарын иштеп чыгып, бекитип берет.

Инновациялык мектептер аркылуу информатика, математика жана чет тил сабактары дистанттык түрдө региондогу мектептерге дагы жайылтылат.

Аймактарда электрондук муниципалитет долбоорун ишке ашыруу реалдуу. Бул долбоорлордун ийгилиги акимдер, мэрлер, айыл өкмөт башчыларына байланыштуу болот.

Бул долбоордун алкагында электрондук бирдиктүү терезе аркылуу калкка кызмат көрсөтүү, калктуу конуштардын электрондук карталарын түзүү, муниципалдык менчиктин электрондук реестирин киргизүү каралууда.

Бул кызматтардын ишке кириши боюнча мэрлердин, акимдердин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларынын ишин баалайбыз.

Заманбап технологиялар аркылуу биз бизнеске кедергесин тийгизген тоскоолдуктарды да жое алабыз.

Өкмөт тарабынан лицензияларды жана уруксат кагаздарды электрондук түргө өткөзүү маселеси 2015-жылдан бери бүтпөй келет.

Ал эми электр тармактары боюнча ишкерлердин сунушу менен киргизилген „Энергетикалык карта“ долбоору толук кандуу иштеген жок.

2017-жылдан бери бул карта жаңыланбагандыктан, ишкерлерге электр тармактарына кошулууда тоскоолдуктар болууда.

Ишин токтоткон ишканаларды жабуу процедуралары татаалдашкан.

Электрондук салык отчеттуулукту берүүдө электрондук кол тамганы колдонуу процедуралары да ыңгайсыз.

Бул жерде крипто коддорду колдонууда ар кандай стандарттар болгондуктан, программалык камсыздоодо башаламандык пайда болууда.

Буга байланыштуу мамлекеттик органдар жарандарга жана бизнеске жагымдуу шарт түзүү үчүн электрондук кол тамганын бирдиктүү стандарттарын колдонуусу зарыл.

Дагы бир милдет — Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай агенттигине курулуш жана архитектура тармагында бирдиктүү терезени 2019-жылдын 1-ноябрына чейин толук кандуу ишке киргизүү милдети жүктөлгөн.

Бул долбоор азыр пилоттук түрдө ишин баштады.

Таза суу тармагында абоненттердин бирдиктүү маалымат базасындагы билинг системасын кичи шаарларга жайылтуу зарыл.

Юстиция министрлиги нотариалдык кызматтарды электрондук түргө өткөзүү үчүн „Электрондук нотариат“ долбоорун 2019-жылдын 1-июлуна чейин киргизет.

Мындан тышкары справка, көчүрмө сыяктуу жарандарга жана бизнеске керектүү документтерди санарип түргө өткөрүү, башкача айтканда электрондук архив керек.

Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы архивдик документтерди санариптештирип, электрондук архив түзүштү.

Жарандарга жана бизнеске кызмат көрсөткөн бардык мамлекеттик органдар тез арада электрондук архив түзүү ишин аякташы керек.

Санариптештирүү боюнча биздин амбициялык максаттарды ишке ашыруу чоң көлөмдөгү каражат талап кылат.

Ошондуктан, Каржы министрлиги санарип долбоорлорун каржылоого бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыксын.

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Санариптик трансформацияда мамлекеттик органдардын, жарандардын санарип сабаттуулугун жогорулатуу, санарип инфраструктуралык түзүмдү жана платформаларды өнүктүрүү маанилүү.

Бул жерде жергиликтүү бийликтин бардык бутактары отурасыңар. Аймактарды, жалпы өлкөнү санариптештирүү үчүн биринчи кезекте силер өзүңөр санарип боюнча жогорку деңгээлде сабаттуу болушуңар керек. Жаңы нерсени үйрөнүп, окуп, элге түшүндүрүп, алдыга жылбасаңар, убакытка уттуруп коесуңар. Эсиңерде бар, санарип маселесин Коопсуздук кеңешинде караганбыз. Бүгүн дагы жаңы тапшырмалар берилди.

Мен региондорго чыкканда дагы көзөмөлдөйм, айтылган сөз айтылган бойдон калат деп ойлобогула. Бул маселе жылдын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинде дагы каралат.

Урматтуу форумдун катышуучулары,

Жакынкы жылдары төмөнкү маселелер актуалдуу.

Биз экономиканы санариптештирүү шартында адам ресурстарын толук пайдаланууну биринчи орунга коебуз.

Биздин адистер алган билимин өндүрүш менен айкалыштыра билген деңгээлге жетиши керек.

Башкача айтканда, жогорку квалификациялуу инноваторлорду, инновациялык кадрларды даярдоо — замандын негизги талабы.

Баарыбызга белгилүү болгондой, адам ресурсу — бул экономиканы өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы.

Ал үчүн, бардык кошумча билим берүү институттары аркылуу туруктуу окутуу жана адистердин квалификациясын кайра өзгөртүү үчүн шарттарды түзүү керек.

Инновациялык борборлордун аянтчалары аркылуу академиялык жана бизнес структуралардын өз ара пайдалуу кызматташуусун камсыз кылуу зарыл.

Ошондо, ишкерлер өздөрүнө гана эмес, мамлекет үчүн да пайдалуу, конкреттүү инновациялык чечимдерди иштеп чыгып, пилоттук түрдө жаңы долбоорлорго инвестиция салышат.

Дагы бир маанилүү жагдай.

Укук коргоо органдарынын жана сот бийлигинин ишине санариптик инструменттерди кеңири киргизүү милдети кынтыксыз аткарылышы керек.

Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери, бул тапшырмага өтө олуттуу мамиле жасагыла.

Санариптештирүү аркылуу силер өз ишиңердин ачыктыгын күчөтүп, адам укугун коргоо багытындагы ишиңерди дагы да бекемдейсиңер.

Санариптештирүү процессинде жогорку окуу жайлардын мүмкүнчүлүгүн да кеңири пайдалануу керек.

Жогорку окуу жайлары старт-аптарды  сыноо, жаңы окутуу модулдарын апробациялоо үчүн эң сонун аянтча болуп бере алат.

Санариптик трансформациялоо аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык чечимдерди кабыл алуу процесстерине жарандарды кеңири тартуу — мезгил талабы.

Сапаттуу санариптик кызматтарды көрсөтүү, натыйжалуулукту, ачык-айкындуулукту арттыруу жана мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияны жоюу — негизги милдет!

Бул багытта ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү керек.

Бул айрыкча жарандар жана бизнес-түзүмдөрдүн өз ара мамилесине тийиштүү.

Ал үчүн ички процесстерди толук автоматташтыруу керек.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КЖБР) жана Бузуулардын бирдиктүү реестри (ББР) сыяктуу негизги системалардын сааттай так иштешин камсыз кылуу абзел.

Урматтуу өнөктөштөр!

Санариптик трансформациялоону ишке ашыруу мамлекеттик же муниципалдык органдарга гана тиешелүү эмес.

Бизнес „Санарип Кыргызстанды“ илгерилетүүдө маанилүү өнөктөш боло алат.

Ийгиликке жетишүү үчүн бардык күч-аракетибизди бириктирүү абдан маанилүү.

Мамлекет, бизнес жана коомчулук өлкөнү санариптешүүнү артыкчылыктуу багыт катары карашы керек!

Жарандык сектордун, коммерциялык уюмдардын катышуусу менен гана „Санарип Кыргызстан“ ишке ашат!

Урматтуу мекендештерим,

Санариптештирүү менин президенттик ишимдин  артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет.

Ошондуктан мен бул чөйрөдөгү бардык маселеге кылдат көнүл бурам.

Жакында эле ГРС тармагындагы тендерге байланыштуу жооптуу кызматкерлер кармалды.

Бул коомдо резонанс жаратты.

Мен коомчулуктун ой-пикирине чоң сый-урмат менен мамиле кылам.

Биздин жарандык коом абдан кучтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш.

Бирок, тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат.

Ошондуктан, шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам.

Бардыгы мыйзамдын алкагында болушу керек.

Мыйзамдуулук баарына бирдей. Эгерде мыйзам бузулса, анда ким болсо да жоопкерчилик тартышсын.

Укук коргоо органдары да мыйзамды катуу карманышы керек.

Мен премьер-министр болуп иштеп жатканда Кара-Балта жолун куруу боюнча тендердин тегерегинде да чоң ызы чуу чыккан.

Эми азыр паспорт тендери да ызы чуу жаратты, эл аралык коомчулуктун көнүлүн бурду.

Ошондуктан, мыйзам базасын жакшыртып, коррупциялык элементтери болсо, алып салуу керек.

Азыр парламент сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Тендер процедураларынын ачыктыгын жана аларга карата ишенимди жогорулатуу зарыл.

Санарип технологияларды ишке киргизүү, байланыш технологиялары, телекоммуникациялар жана санариптик контент абдан маанилүү.

Алыскы аймактардагы санарип инфраструктурасынын начардыгы бизнестин сапаттуу продукция чыгарып, атаандаштыкка жөндөмдүү болушуна кедерги болууда.

Кеӊири тилкелүү интернеттин жоктугунан айыл жергесине санарип технологиялары аркылуу жашоо-тиричиликти жеӊилдеткен мүмкүндүктөр жетпей калууда.

Санарип инфраструктурасы трафикти толук берүүнү камсыз кылууга жана интернеттин өсүшүнө өбөлгө болууга тийиш.

Радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдалануу зарыл.

Ошондо байланыш технологиялары жаатындагы инвестицияларды жана инновацияларды кеңири тартууга мүмкүндүк болот.

Жакынкы жылдарда Кыргызстандын бүткүл аймагын кең тилкелүү жана кымбат эмес Интернет камтыш керек.

Жаны технологиялар, регионалдык дата-борборлор эл аралык өнөктөштүк үчүн шарттардын бири болууга тийиш.

Заманбап санариптик инфраструктура мамлекет, жеке сектор жана жарандар ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө өбөлгө болот.

Бизнестин жана байланыш операторлорунун жардамы менен ар бир региондо бирден аймактык дата-борболорун куруу максаты коюлууда.

Бул борборлор жер-жерлерде санарип технологияларын жайылтуу мүмкүнчүлүгун берет.

Акыркы жылдары байланыш тармагында иштеген компаниялар сектордун өнүгүшүнө зор салым кошууда.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча телекоммуникациялык компаниялардан салыктык чегерүүлөрдүн көлөмү 5,8 млрд сомдон ашык каражатты түздү.

Мобилдик абоненттерди персонификациялоо, электрондук коммерция, мобилдик төлөмдөргө окшогон заманбап технологиялары киргизилүүдө.

Мындан ары да ачык-айкындуулукту күчөтүп, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнүн үстүндө иштешибиз керек.

Эл аралык деңгээлдеги инфраструктураны куруу — өлкөнүн маанилүү приоритети болуп саналат.

Учурда байланыш операторлорунун корпоративдүү социалдык жоопкерчилигинин айкын мисалына күбө болуп жатабыз.

Байланыш операторлорунун ассоциациясы биздин операторлор менен бирдикте Ош шаарында интернет трафигин алмашуу боюнча аймактык пунктун ишке киргизүүдө.

Бул жергиликтүү компаниялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачат.

Кызматтардын баасын төмөндөтүүгө жана сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.

Телекоммуникациялык компаниялар маалыматтык коомду түзүүдө негизги күч, башкы тирек болуп берет деп терең ишенем.

Бул милдеттерди ишке ашыруу мамлекеттик башкарууну өзгөртүүнү, күчтүү тармактык жөндөгүчтөрдүн (регуляторлордун) пайда болушун жана ченемдик-укуктук базаны жаңыртууну талап кылат.

Урматтуу бизнес өкүлдөрү, сиздерди бул ишке активдүү катышууга чакырам!

Урматтуу Форумдун катышуучулары!

Биз бизнес менен мамлекеттин ортосундагы ишенимдүү жана натыйжалуу мамилелерди түзүүгө багыт алдык.

Бүгүн биринчи жолу өтүп жаткан телекоммуникация Форуму Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгат деп ишенем.

Форум келечекте жыл сайын актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн туруктуу аянтча болуп калат деп үмүттөнөм.

Бүгүн IT-тармагынын эң мыктылары отурасыңар. Өлкөнү санариптештирүү милдетин татыктуу аткарасыңар деп мен силерге жаран катары да, өлкө жетекчиси катары да ишенем.

Ишиңерге ийгилик каалайм!»

Кыргызстан арзан мобилдик интернет боюнча экинчи орунда

Кыргызстан дүйнөдө эң арзан мобилдик интернети бар өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. Британиялык Саble компаниясынын изилдөөсүнүн жыйынтыгына ылайык Индиядан кийин эле экинчи орунда экенбиз. Саblе дүйнөдөгү 230 өлкөнүн мобилдик интернетинин баасын иликтеп чыккан. Бул үчүн компания мобилдик трафиктин 1 гигабайтынын орточо баасын эсептеген. Аталган изилдөө үчүн керектүү маалыматтарды 2018-жылдын октябрынан ноябрь айына чейин чогултушкан.

Саblедын маалыматында, Кыргызстанда 1 ГБ мобилдик трафиктин орточо баасы 27 центти же 18 сомду түзөт. Эң эле арзан тариф — 8 цент же 5 сом, ал эми эң эле кымбаты 1 ГБ үчүн – 48 цент же 33 сом.

Кыргызаанда үч мобилдик оператор иштейт: «Мегаком», «Билайн» жана «0!».

Мобилдик интернети арзан алгачкы беш өлкөнүн катарына Индия менен Кыргызстндан кийин Казакстан, Украина жана Руанда кирди.

Бирок ошол эле Индияга же башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызаанда айлык маяна, пенсия, элдин кирешеси сыяктуу көрсөткүчтөр да өтө төмөн экендигин да эске алып коюуга тийишпиз. Мисалы, кошуна Казакстанда орточо маяна 600 доллар болсо, бизде андан үч эсе төмөн. Демек, баа элдин чөнтөгүнө же төлөм жөндөмүнө жараша болууда.

Булак: «Жаңы Ордо»

Өкмөт "Түндүк" электрондук тутумунда маморгандардын маалымат алмашуу процессин кеңейтүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутумун кошуу жана ал аркылуу мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө Өкмөтү жарандар үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу киргизүүнүн бардык зарыл чараларын көрүүгө тийиш.

«Белгилүү болгондой, жер-жерлерде маалым каттарды берүүдө коррупциялык көрүнүштөр бар, мындан тышкары, алыскы аймактардын жашоочулары тигил же бул маалым катты алуу үчүн алыс жол тартууга жана узак кезектерге турууга мажбур болушууда. Эми мамлекеттик органдардын «Түндүк» тутумуна кошулуусу жана маалыматтык технологиялардын киргизилиши менен бул маселе автоматтык түрдө чечилет. Бирок бул үчүн мамлекеттик органдар ар бири өз багытында санариптештирүү боюнча иштерге киришүүгө тийиш. Бүгүнкү күнү бул мамлекеттик органдардын алдында турган негизги милдеттердин бири», – деди биринчи вице-премьер-министр жана коюлган милдеттерди аткаруудагы ар бир жетекчинин жоопкерчилигин белгиледи.

Кубатбек Боронов басым жасагандай, маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана киргизүү, аларды «Түндүк» тутумуна кошуу бардык мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдети болуп саналат.

Ошондой эле анын айтымында, маалым каттарды кагаз түрүндө берүүнү жана талап кылууну токтотуу керек, андан соң «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу маалым каттар менен алмашууну камсыздоо зарыл. Ошондон улам иштелип чыккан автоматташтыруу Планына ылайык иштөө жана аны баскычтуу ишке ашырууну баштоо керек.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, учурда 56 ведомство жана 8 коммерциялык уюм менен келишимдер түзүлгөн. 39 министрлик («Түндүк» тутумунун коопсуздук тутуму орнотулган), ведомство жана алардын ведомстволук түзүмдөрүн кошуу боюнча техникалык иш-чаралар аткарылды. 12 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу камсыздалган.

Мындан тышкары бүгүнкү күнү 18 мамлекеттик органда 56 маалымат базасы иштелип чыккан.

Мамлекеттик органдар тарабынан кагаз түрүндө берилген айрым маалым каттарды электрондук түргө өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн талдоо тууралуу маалымат угулуп жана талкууланган соң жетекчилерге тийиштүү тапшырмалар берилди, анын ичинде маалыматтар базасын толук иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Кыргыз тили технологиянын тили менен сүйлөй баштады

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы эне тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында заманбап технологияга кыргыз тилин шайкеш келтириш үчүн былтыр 4 иш чара пландалып, тендер жарыяланган. Конкурста «УЛУТ Софт» ЖЧКсы жеңүүчү болуп тандалып, иш жүрүп баштады. Бекитилген план боюнча «Бал тил» колдонмолор сериясы катары коомчулукка берилди. Бул мобилдик колдонмолор сериясы, кеңири тараган мобилдик чөйрө аркылуу башталгыч класс жана мектепке чейинки курактагы балдарга кыргыз тилин оңой үйрөтүү максаты менен иштелип чыкты. Колдонмолордо мобилдик чөйрөнүн интерактивдик өзгөчөлүгү болгон оюндар, анимациялар жана аудио кеңири колдонулуп, балдардын кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу көздөлдү. Продукттар «Балтил 1» жана «Бал тил 2» аталышы менен Аndroid жана iOS платформаларына тиешелүү порталдарда жарыяланды.

Ошондой эле мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоонун бирдиктүү системасы – «Кыргыз-тест» долбоору алкагында Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан «Кыргыз – тили, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн окуу куралы» иштелип чыкты. Бул окуу куралынын максаты мамлекеттик кызматкерлерге аталган тестке даярдануусуна жана кыргыз тилин жеңил үйрөнүусүнө шарт түзүү болуп саналат. Окуу куралында камтылган сабак жана көнүгүүлөрдү веб жана мобилдик колдонмо аркылуу интернет айдыңына жайгаштыруу максаты менен «Тилтест» кыргыз тилин үйрөнүү платформасы иштеп чыкты. Бул платформа www.tiltest.kg дарегине жайгаштырылды.

Мындан сырткары, кыргыз тилин табигый түрдө иштетүүчү программалык аппараттарды иштеп чыгып, жасалма интеллект негизинде кыргыз тилин толугу менен түшүнгөн жана кыргыз тилинде сүйлөгөн бир жасалма интеллектке жетүү иш-чараларынын алгачкысы болуп тексти үнгө айландыруучу программалык аппарат иштелип чыкты.

Бул Кыргызстан тарыхында алгачкы жасалма интеллект принцибинде иштеген программалык аппарат. Кыргыз тилиндеги санарип тексттерди табигый үнгө айландырып, башкача айтканда, берилген кыргыз тилиндеги текстти табигый үн менен окуп, колдонуучуларга текстти оңой жана ыкчам түшүнүүсүнө жардамчы ролун аткарат. Бул программа кийинки этаптарда текстти үнгө айландыруу учурунда интонация жана эмоция элементтерин да камтуусу күтүлүүдө. Кийинки тепкич үндү текстке айландыруу.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видео камера орнотула турган көчөлөрдүн тизмеси

Кечээ, 28-декабрда Советский жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Автопатруль” видео көзөмөлү орнотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик технологиялар жана байланыш маалымат комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында биринчи көзөмөлдөөчү камералар орнотула баштаган. Ошондой эле, бул камералар жогорку ылдамдыкта бара жаткан же каршы тилкеге чыккан автоунааларды каттайт. Мындан тышкары, камералар жол эрежелерин бузгандардын мамлекеттик каттоо номерлерин сактайт.

Мамлекеттик келишимге ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабындагы 10 кесилиш жана 17 шаар четиндеги чек араларды камтыган долбоор 2019-жылдын 12-февралынан баштап иштей баштайт.

Маалымат үчүн:

Кесилиштер:

Жибек Жолу – Жаш Гвардия

Чүй – Ю. Фучик

Чүй – Бейшеналиева

Жибек Жолу – Ю. Фучик

Чүй – Жаш Гвардия

Ж. Бөкөнбаев – Ж. Абдрахманов

Жибек Жолу – Ж. Абдрахманов

Чүй – Курманжан Датка

Москва – Ж. Абдрахманов

М. Горький – 7-Апрель

Байтик Баатыр

Манас

Чек аралар:

Бишкек-Ош 61 км

Бишкек-Ош 64 км НПЗ “Джунда”

Бишкек-Ош 71,5 км Бекитай айылы

Бишкек-Ош 74,5 км Бөксө-Жал айылы

Бишкек-Ош 78 км Сосновка айылы

Бишкек-Ош 146,3 км

Бишкек-Ош 149 км

Бишкек-Ош 153 км

Бишкек-Торугарт 7,6 км Лебединовка айылы, Ж. Бөкөнбаев-Победа көчөлөрүнүн кесилиши

Бишкек-Торугарт 10,3 км Новопокровка айылы, Ленина көчөсүнүн жаны 378

Бишкек-Торугарт 12,9 км Новопокровка айылы, Ленина көчөсү 196

Бишкек-Нарын-Торугарт 9 км АЗС “Газпром”

Бишкек-Нарын-Торугарт 13км ГЭС-5

Бишкек-Нарын-Торугарт 58 км “Гавайи” кафесинин жаны

Бишкек-Нарын-Торугарт 105 км Нур айылына кайрылган жол

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мамлекетибиз жакынкы 5 жылдын ичинде региондогу санариптик экономиканын лидерлерине жетүүсү зарыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйындын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорун негиз катары кабыл алып, айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Биз талкуулап жаткан Концепция мамлекет жүргүзө турган саясаттын негизги багыттары менен гана чектелбейт.

Ал жарандык жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү берген сунуштарды да камтып турганын айта кетейин.

Эми төмөнкү маселелерди кечиктирбей чечүү — өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейм.

Биздин коом санариптешүүнүн ийгилигин толук сезиш үчүн мамлекетте азыртадан бекем пайдубал түптөлүшү керек.

Жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн бүгүнтөн тартып иш алып баруу зарыл.

Өзгөчө калктын калың катмарына жеткирүү, айрыкча айыл жергесинде кеңири масштабдагы окутуу иштерди баштоо керек.

Эл аралык стандарттарга шайкеш келген инфраструктураны түзүү — эң башкы милдеттердин бири.

Кыргызстандын бүт аймактарында ишенимдүү, жеткиликтүү жана анча кымбат эмес Интернетке жетүүнү камсыз кылуу зарыл.

Маалыматтардын коопсуздугун камсыздап, бүт республика боюнча аймактык дата-борборлорун түзүшүбүз керек. Аймактык дата-борборлору эл аралык кызматташууга жардам берет.

Дата-борборлорун түзүү — ишенимдүү, анча кымбат эмес кубаттуулуктарды пайдалануу аркылуу ишке ашат. Бул ишке энергетиктердин жигердүү катышуусу талап кылынат.

Заманбап санариптик инфраструктура мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы платформасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

»Акылдуу шаар«, „акылдуу мектеп“, „акылдуу бейтапкана“, „акылдуу ферма“, „акылдуу фабрика“ жана „акылдуу транспорт“ сыяктуу „акылдуу ыкмаларды“ бүт жерде киргизүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

Ошондо биздин өлкө жаңы технологиялык чечимдердин жана инновациялардын катализатору болуп калат.

Мамлекет өзү жаңы технологиялык чечимдерди кеӊири сунуштоосу керек. Ал үчүн жаӊы технологиялык долбоорлордун жаралышына түрткү берүү зарыл.

Компаниялардын демилгелерин, академиялык коомчулуктун илимий изилдөөлөрүн колдоо керек.

Инновациялык технологиялык парктардын жана лабораториялардын түзүлүшүнө өбөлгө болуу абзел.

Өнүккөн өлкөлөрдүн технологияларын өздөштүрүү жана жайылтуу талап кылынат.

Ушул максатта Кыргызстан эл аралык технологиялык трансфер борборун түзүшү керек.

Жогоруда айткандарды жасасак, Кыргызстандын эл аралык финансы рынокторуна жетүүсү жакшырат.

Бизге эл аралык технологиялык компаниялардын келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт.

Кыргызстанга түз инвестициялардын тартылышына жана өлкөбүздө жаңы технологиялардын пайда болушуна жардам берет.

Мен айткан багыттар өлкөнү санариптештирүүнүн шарттарында экономиканы өнүктүрүүгө негиз болот.

Жаңы технологияларды киргизүү — биринчилерден болуп туризм, айыл чарбасы, банк сектору, жеңил өнөр жайы, курулуш секторлордон башталат.

Бул тармактар Улуттук стратегияда артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген.

Ошону менен катар жаӊы технологияларды бардык тармактарда, бийликтин бардык бутактарында, өзгөчө укук коргоону ишке ашырууда, сот процессин жүргүзүүдө, саламаттык сактоодо, билим берүүдө, салык жана бажы төлөмдөрүн автоматташтырууда кеӊири колдонуу абзел.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасы шайлоо системасын санариптештирүүдө бир катар ийгиликтерге жетишти.

Эми бирдиктүү „Түндүк“ системасы аркылуу мамлекеттик органдардын санариптик интеграциясы ишке ашат.

Бирдиктүү электрондук мамлекеттик портал аркылуу элге кызмат көрсөтүүнүн көбү электрондук форматка өтөт.

Азыркы учурда мамлекеттик органдардын айрым кызматтары санариптик форматка өткөрүлүп, Интернет аркылуу жеткиликтүү болуп калды.

Мындан ары бардык мамлекеттик органдар көрсөтүүчү кызматтар санариптик форматта жеткиликтүү болушу керек.

Санариптик технологияларды киргизүү менен Өкмөттө бизнес коомчулугу менен жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызматтарды сунуштаган жаӊы аянтча пайда болот.

Баса белгилей кетчү нерсе — мамлекеттин жана жарандардын санариптик кызыкчылыктарын камсыздоо абдан маанилүү.

Бул үчүн дайыма киберкоопсуздукту жана жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоо деңгээлин жогорулатуу өтө зарыл.

Биздин максат — таза бийликти, адилет коомду куруу. Ага жетиш үчүн жаӊы технологиялардын заманынан артта калбашыбыз керек.

Интернетти жана санариптик технологияларды колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды сунуштоо — коррупциялык көрүнүштөрдү максималдуу кыскартууга мүмкүндүк берет.

Анткени, мамлекеттик кызматчылар менен жарандардын ортосундагы түздөн-түз катнаштар минималдуу деӊгээлге түшөт.

Урматтуу кеңештин катышуучулары!

Бир-эки мисал келтирип кетейин.

Жакында Ички иштер министрлигиндеги мамлекеттик кызмат көрсөтүү Борборуна бардым. Ал жерде ар түрдүү уруксат каттары, ошондой эле соттолбогондугу тууралуу маалым каттар берилет экен.

Буга чейин бул нерсе узак жылдар бою элдин нааразычылыгын туудурган, өтө коррупцияланган процесс болчу.

Мына, бүгүн бул көрүнүш жок. Аталган Борбордун курулушуна 11 млн сомдон бир аз ашык каражат жана болгону 4 ай убакыт кеткен.

Мамлекеттик каттоо кызматынан мен ушуга окшогон мамилени канча жолу сурадым. Премьер-министр болуп турганда да айткам. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок.

Мамлекеттик каттоо кызматы кызматтарды санарипке өткөрүү боюнча алдыңкы позицияда болушу керек.

Бирок учурда паспорт алуу процессинде гана ийгиликтүү.

Эмне үчүн ушундай эле процесс транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодо, жарандык актыларды каттоо системасында байкалбайт.

Кечээ эле биз Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн ишин көрдүк.

Көчөдө кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт, жарандардын баары нааразы.

Ал эми ичинде жетекчиси жана анын кол алдындагылар акча табууга шарт түзгөн коррупциялык схемасын түзүп алышкан.

Мындан улам — автомектептердин бүтүрүүчүлөрү сапатсыз болуп, ар кандай жол-транспорт кырсыктарын жаратууда. Алардын айынан жарандарыбыздын, айрыкча балдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралып жатат.

Жарандарыбыздын ою боюнча Мамлекеттик каттоо кызматкерлери коррупциялык механизмдерди жок кылууга жакшы аракет кылбай жатат. Мен алардын оюна кошулам.

Урматтуу мекендештер!

Жарандар шаар бою кыдырып ар кайсы эшиктерди жыртып, керектүү маалым каттарды, кээде таптакыр кереги жок кагаздарды алуу үчүн чуркап жүрүшөт. Буга канчалаган убакыт, каражат, нервдер кетип жатат.

Жарандарыбыз үйлөнүп, балалуу болуп, билим алып жатышат — чиновниктер алардан ар кандай маалым кат талап кылып жатат.

Ал түгүл өлгөндөн кийин да туугандары маалым кат алыш үчүн зарыгып кезек күтүп турушат.

Бюрократия биздин бардык жакшы пландардын баарына тоскоол болуп жатат. Бардык жерде майда чиновниктер пара ала турган шарттар түзүлгөн.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү органдардын баары теӊ керек болсо түшкү тыныгуусуз иштесин. Элди жумалап күттүрбөсүн.

Буга окшогон фактылар түп-тамырынан бери жок кылынып, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Мындай болбойт, мындайга жол берилбеш керек!

Жогорудагы мисалдардын баары мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө санариптик технологияларды масштабдуу киргизүүнү шарттайт.

Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, ар кандай кагаздарды жана бюрократияны азайтат.

Мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулукту жогорулатат.

Бул максатка жетүү үчүн азыркы учурда Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы пилоттук режимде иштей баштады. Учурда 10 кызмат электрондук форматта көрсөтүлүп жатат. Эки жума ичинде, ушул жылдын аягына чейин электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 25ке жеткирилет. Андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын 25 кызмат көрсөтүүсү бирдиктүү порталга киргизилиши зарыл.

Жыйынтыгында 2019-жылдын аягына чейин 189 кызмат электрондук форматка өткөрүлөт.

Бул иштер белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей аткарылышы керек.

Жарандарыбыз айтылган кызматтарды электрондук форматта толук бойдон ала башташ үчүн „Түндүк“ электрондук системасын ишке киргизүүнү тездетүү өтө чоӊ мааниге ээ.

Бул иш бардык мамлекеттик органдардан көз каранды.

Жалпысынан бул багыттагы жумуштар  бекитилген план боюнча жүрүп жатат. З мамлекеттик орган — Ички иштер министрлиги, Кыргызпатент жана Финансы чалгындоо кызматы жумушту планда көрсөтүлгөн мөөнөттөн  эрте бүткөрүштү.

Бекитилген пландан артта калып жаткан 2 министрликти белгилей кетиш керек. Булар — Транспорт министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги.

Транспорт жана жолдор министрлигине бул ишти бүтүрүү үчүн 1 айлык мөөнөт берилет. Жаӊы жылдын январь айынын ичинде министрликтин маалымат системасын „Түндүккө“ кошулуусун камсыз кылыӊыз.

Урматтуу катышуучулар!

Дагы бир маанилүү жагдайды белгилей кетүү зарыл. Мындан ары интернет компаниялардын да ачык айкын иштөөсү зарыл.

Азыркы учурда байланыш операторлору тарабынан салыкты жашыруу фактылары көп кездешип жатат. Мисалы, азыр „Акнет“ жана „Элкат“ компанияларынын иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ушул кемчиликти жоюу максатында Экономика министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети интернет трафикти  так эсепке алууну ишке ашыруу үчүн тиешелүү укуктук-ченемдик акт иштеп  чыгып, кабыл алуусу зарыл.

Урматтуу катышуучулар!

Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Өкмөт жана тиешелүү мамлекеттик органдар жол картасын кабыл алышы керек. Аны толук бойдон ишке ашыруу үчүн Өкмөт өзүнүн болгон ресурстарын жумшоосу зарыл.

Баардык кызыкдар тараптардын кызматташуусу үчүн Жогорку технологиялар паркы аянтча болуп берет. Ал санариптик бизнести өнүктүрүүдө жана санариптик кызматтарды экспорттоодо Өкмөттүн колдоосуна абдан муктаж болот.

Өлкөбүз үчүн өтө маанилүү бул реформаны ишке ашыруу процессине такай мониторинг жүргүзүп, иштин жүрүшүн баалап туруу — Коопсуздук кеӊештин Секретариатына тапшырылат.

Ал эми „Санариптик Кыргызстан“ концепциясын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьери Кубатбек Бороновду жооптуу кылып бекитүүнү сунуштайм.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында Концепцияны ишке ашырууну башкаруу боюнча Улуттук борборду түзүү — максатка ылайыктуу иш болот.

Ушул Концепцияны ишке ашыруу өлкөнү санариптик трансформациялоону тездетет. Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

Урматтуу Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү жана жыйындын катышуучулары!

Сөзүмдүн аягында жаңы санариптик технологияны киргизүүнүн үстүндө чымырканып иштебесек, биз өнүккөн дүйнөдөн четте калуу коркунучунда калабыз.

Мамлекетибиз жакынкы 5 жылдын ичинде региондогу санариптик экономиканын лидерлерине жетүүсү зарыл.

Уланып жаткан коррупция жана бюрократизм алдыңкы өнүккөн Кыргызстанды курууга жол бербейт.

Бүгүнкү Коопсуздук кеңешинде кабыл алган санариптик трансформациялоо Концепциясы Кыргыз Республикасынын тарыхындагы бурулуш учурлардын бири болуп калат деп толук ишенем».

“Кибергрипптен” кантип коргонобуз?

Суук түштү . Эми  ооруп калбаш үчүн абдан сак болуш керек. Үйлөрдү жылуулап, терезе-тешиктерди бүтөдүк, сандыктан апабыз токуп берген байпакты алып чыктык.   Ал эми кибергрипптен кантип коргонобуз? “Киберкылмыш” деген эмне, жана анын алдын алуу жолдору барбы? Акчабызды  уурдатып албоо үчүн эмне кылышыбыз шарт? Бул суроолорго материалда жооп издеп көрдүк.

Эл аралык электр байланыш биримдигинин маалыматы боюнча дүйнөдө  2 миллиарддан ашык мобилдик жабдуулар: смартфон, планшет жана ноутбуктар колдонулат. Аларда бул планетадагы миллиондогон адам , компаниялардын каржылык жана жеке жашоосуна байланышкан купуя сырлары сакталган. Адистердин эсеби боюнча ар бир гаджет ээси бир суткада эң аз 30 жолу  интернетке кирет, бирок смартфондорду колуна алганда кибер кылмышкерлердин курмандыгы болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин ойлонбойт.  Ал эми дүйнөдө күн сайын 300дөн ашык түрдүү зыяндуу программалык камсыздоо ойлонуп табылып, колдонууга сунулууда.

Кибер кылмышкерлер мамлекетке , жеке бизнеске жана жөнөкөй жарандарга зыянын тийгизүүсү мүмкүн. Алар коопсуздук тутумдарын бузуп, карталардагы сыр сөзду уурдайт. 2017-жылы Wannacry,  Expert  жана BadRabbit аттуу вирустардын  ири кибер чабуулдары дүйнөнүн үрөйүн учурду. Айта кетсек Wannacry вирусунун кесепетинен Европа, Орусия,  Казахстанда, жалпы 200дөн ашык мамлекетте  500 миң компьютер иштен чыкты. Вирус укмуштай тездик менен тарап өкмөттөрдүн, банктардын, клиникалардын ишин үзгүлтүккө учуратты. Программа компьютерде сакталган баардык маалыматтарды кулпулап салган жана аны ачуу учун акча талап кылган. Дээрлик 4 кун ичинде Wannacry дүйнөлүк экономикага 1 млрд АКШ доллар өлчөмүндө зыян келтирди. Компьютердик кылмыштуулук менен бирге дүйнөлүк желеде  террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүк да байкалып келет. Алар да абдан чоң коркунуч жаратууда.

Кыргыз Руспубликасынын инженердик академиясынын “Инженердик даңк” Алтын Медалы менен сыйланган Кыргыз-Турк “Манас” университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнүн  профессору Улан Биримкулов: “Интернетти контролдоо абдан оор. Анын штаб-квартирасы жок, бул дүйнөлүк желе. Албетте,  интернетке цензура коюу аракеттери болгон. Кайсы бир сайттарды жаап койсо болот.  Бирок толугу менен  көзөмөлгө алуу абдан оор”. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын (ИКТ)  эл аралык кагылышууларда  колдонуулусу укук жагынан чектелген эмес. Бул  жарандар, коом жана мамлекет үчүн коркунуч  туудурат.   Киберчабуулдар келтирген зыяны мурдакы кинетикалык курал колдонуудагы зыянга  жетүудө.

Мындан сырткары санариптик сабаттуулуктун жетишсиздиги жана компьютердик гигиенанын жоктугу жарандарга, бизнеске жана мамлекетке карата болгон  массалык киберчабуулдардын алгачкы себептеринин бири  болгондугун айрым эксперттер баса белгилеп кетишти. Санариптүү трансформация боюнча президенттик кеңештин мүчөсү  Рита Исмаилова: “ Албетте, биздин мамлекетте кибермейкиндикте болуп жаткан нерселерге чара көрө турган түзүмдөр бар. Бирок, менин оюмча, жазалоодон мурун  алгач  кибермаданият  билимин киргизиш керек. Мектеп жашынан  баштап “кибермаданият” жана “кибергигиена” түшүнүктөрүн  үйрөтүү зарыл.  Бардык нерсени интернетке салуу өкүнүчтүү натыйжаларга алып келет.”

“Интернет саясатынын жарандык демилгесинин” башчысы Артем Горяйновдун айтымында  кибер гигиенаны сактоонун 7 эреже бар:

-лицензиясы бар программалык камсыздоону колдонуу жана аны убагында жаңылап туруу;

-программаларды расмий сайттардан гана жүктөө;

-антивирусту ар дайым жаңыртып туруу;

-татаал жана уникалдуу сыр сөздөрдү  колдонуу;

-смартфон, планшет, компьютериңизди  башка адамдар арасында көзөмөлдөө;

-келген каттарды антивирустун текшерүүсүнөн өткөзмөйүнчө ачпоо;

-коомдук компьютерде иштегенден кийин бардык аккаунттардан чыгып, сыр сөздөрдүн өчүрүүнү унутпоо.

Киберкоопсуздук маселеси  мамлекеттик деңгээлде  дагы эле ачык калууда.  Бирок эрте же кеч  бардыгын мамлекет камсыздап берет деген ойдон алыспыз.  Гриппке чалдыкпаш үчүн ар дайым витаминдерди ичип, иммунитетти жогорулатып туруу абзел . Демек кибергрипптин курмандыгы болуп калбаш үчүн  антивирустарды колдонуп, эрежелерди сактап, жалпысынан маалымат технологияларды туура колдонуубуз шарт. Киберкоопсуздук биринчиден колдонуучунун жоопкерчилиги.                                                                                                                                      Айгерим Рыскулбекова,

Кыргыз-Түрк “МАнас” университетинин журналистика бөлүмүн студенти

Айыл чарба министрлиги абаны тазартуунун жаңы жолун "ойлоп тапты"

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Бишкекти каптаган кара түтүндөн арылуунун  жаңыча  жолун “ойлоп тапты”. Бул туурасында бүгүн, 27-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Жогорку Кеңешке биоотун жөнүндөгү мыйзам долбоорун айыл чарба министрлиги сунуштады. Министрлик республикада 40 миллион кубометрди түзгөн биоэтанолду өндүрүүгө болот деген ишенимде. Бул отундун жаңы түрү болушу мүмкүн. Аны колдонуу менен абаны булгаган зыяндуу заттарды азайтып, андан сырткары, күйүүчү майдын наркын да арзандатууга болот.

Демилгечилер Кара-Балтадагы спирт заводунда иштетилген кызылчанын калдыгын биоотун катары пайдаланууну сунуштоодо. Бул компанияда кошумча  жумуш ордун гана камсыз кылбастан, мамлекеттик бюджетке 125 миллион сомго жакын каражат пайда алып келиши мүмкүн.

Булак: KyrgyzToday

Видео - Дубайдын полиция кызматкерлери учкан мотоциклдер менен жүрө башташат

Бириккен Араб Эмирлигинин полиция кызматкерлери Орусияда чыгарылган Hoverbike S3 2019 үлгүсүндөгү учкан мотоциклдерге өтүүнү пландоодо. Бул тууралуу The National гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, азыркы күндө полициянын эки экипажы эксперименталдуу мотоциклдерди башкарууну үйрөнүшүүдө. Бир мотоциклдин баасы 150 миң долларды түзөт. Аларда кадимки унаалар жүрө албаган аймактарда колдонуу пландалууда.

Эгерде алгачкы текшерүүлөр ийгиликтүү аяктаса, ага дагы 40 полиция кызматкери кошулат.

Дубайдын жасалма интеллект бөлүмүнүн жетекчиси Халиль-Аль-Марзукинин билдирүүсүндө, полиция учкан мотоциклдерди 2020-жылы ишке киргизүүгө үмүтү бар.

Дубай учкан мотоциклдерди алып келүүгө 2017-жылы келишим түзгөн. Аларды Орусиялык бизнесмен Алексанндр Атамановго таандык Hoversurf компаниясы чыгарат.

Hoverbike жеңил кычкылтек волокнолорунан жасалган, анын 4 четинде электр кыймылдаткычтары орнортулган. Мотоцикл жерден 5 метр бийиктикте туруп, ар кайсы тарапка жыла алат.

Учкан мотоциклдин салмагы 115 килограммды түзөт, ал эми ылдамдыгы болсо саатына 100 чакырымга жетет. Пилоту менен мотоцикл абада 25 мүнөт жүрө алат, пилотсуз 40 мүнөт. Аккумуляторду толук кубаттандыруу үчүн 2,5 саат керектелет

Булак:KyrgyzToday

Меню