Убакыт өткөн сайын интернет адам баласынын жашоосунда кеңири пайдаланыла баштады. Америкалык адистердин айтымында 2025-жылы интернетти колдонгон адамдардын саны 4 млрдга жетет. Бул көрсөткүч Жер планетасындагы адамдардын 60%ын түзөт. Ал эми Кыргызстанда калктын 80%ы интернетти толук кандуу түрдө колдонушат.Алардын басымдуу бөлүгү өспүрүм балдар жана жаштар. Дүйнөлүк торчонун торуна түшкөн жаш муундун кулк-мүнөздөрү, жүрүм-турумдары кайсы тарапка өзгөрүүдө? Деги эле виртуалдык жашоого канча убакыт сарпталууда?
Азыр интернет аркылуу дүйнө кыдырып, каалаган учурда жаңылыктардын топтому менен таанышып, товар сатып, билим алып, акча таап, керек болсо жаңы адамдар менен таанышып, жубай табууга да болот. Жаңы технологиянын өнүгүшү менен дүйнөлүк торчодогу мүмкүнчүлүктөр дагы да көбөйдү. Бирок, интернетти жигердүү пайдаланып жатканыбыз менен анын аң-сезимибизге, жүрүм-турумубузга, ден-соолугубузга терс таасири бар экени да айтыла баштады. Мисалы, интернеттен көз каранды абалга жеткен жеткинчектер маселенин бир өңүтү болсо, мурдагыдай китеп окуп, лекция жазбай калган жаштардын изденбестен даяр оокатка качыра баштаган амалы экинчи өңүт. Британиялык окумуштуулар бул эки маселени кооптуу көрүнүш катары белгилешет.
Интернеттин балдарга тийгизген терс таасирин тестиер эки баланын энеси Жылдыз айым өз мисалында айтып берди.
“Биринчи балам 5-класста окуйт, экинчи балам 3-класс. Балдарыма компьютер алып берген күндөн тарта экөөнүн тең жүрүм-турумдары өзгөрүп, айтканымды угушпай, тил албай башташты. Кээде экөө компьютер талашып уруша да кетишет. Анысы аз келгенсип экинчи балам бир нече айдан бери ооруп жүрөт. Тамакка табити жок. Алсыз, башы бат-бат ооруйт. Мектепке баргысы келбейт. Мурункудай жүгүрүп, күлүп ойнобойт. Эртеден-кечке компьютерде эле отурат. Мурун балдарым менен чай-пай ичип, аңгемелешип отуруп калчык эле. Тилимди алып, “апаке” деп эркелеген балдарымдын мындай нукка бурулганы сай сөөгүмдү сыздатат” – дейт, Жылдыз айым.
Эртели-кеч интернеттен башы чыкпай, керек болсо, телефон кучактап уктап, балалыгынын таттуу күндөрүн виртуалдык дүйнөгө арнаган өспүрүмдөрдүн катарында Анадолу лицейинин 8-классынын окуучусу Хамил да бар. Көчө кыдырып, чаң сапырып, топ тээп ойногон күндөрү менен ондогон кошуна досторун минтип миңдеген интернет досторуна алмаштырып отурат.
“Убакыттын өтүшү менен интернет аркылуу көп нерсеге жетишүүгө шарттар түзүлдү. Жаңы ачылган социалдык тармактардан тарта ар кыл тармактагы видеолор, сүрөт, кинолор жашоону бир топ кызыктуу кыла баштады. Каалаган жерде, каалаган учурда каалагандай көңүл көтөрсөң болот. Башында жөн гана бош убакытымда баш бага калчым. Азыр интернет, телефонсуз жашоону кызыксыз көрөм. Андан да кызыгы азыр жаштар арасында инттернеттеги досторунун көптүгү менен мактанып, “жактыруу” белгилери менен сыймыктанып калгандар көп. Менин “Instagram” баракчамда да беш миңге жакын досум бар. Көп болсо 50сүн гана тааныйм. Баары менен сүйлөшпөсөм да, комментарий калтырып, бири-бирибиздин сүрөттөрүбүздү “жактырып” кое беребиз. Чынын айтсам убакыттын кантип өтүп кеткени да билинбей калат. Таңкы беш-алтыга чейин отурган күндөрүм деле болот” – дейт Хамил.
Хамилге окшоп интернетсиз күнү өтпөй калган өспүрүмдөр миңдеп саналат. Статистикалык маалыматтар боюнча 4 млндон ашык киши мобилдик интернет аркылуу маалымат алат, андан сырткары 400 миң киши компьютер аркылуу интернетке чыгат. Бул Кыргызстан атуулдарынын 80 пайызы интернетти активдүү колдонот дегенди билдирет. Алардын басымдуусу жаштар экендигин дагы баса белгилейбиз. Ошондой эле 2017-жылы жарыяланган изилдөөдө корей өспүрүмдөрүнүн 20%ы интернетке башы байланып калганы көрсөтүлгөн. Немис изилдөөчүлөрү болсо, интернеттеги оюндардын таасиринен өз жанын кыйган жеткинчектер 30% экенин жарыялаган. Түркияда өспүрүмдөрдүн 22%ы интернеттин айынан окууну таштаганы белгилүү болгон.
Ал эми интернет клубдарда кардарлардын аягы тыйылбайт. Айрымдар суткалап компьютер алдында отурса, беш мүнөткө кире калгандар да бар.
“Интернет күнүмдүк жашоодо абадай эле керек нерсе болуп калды. Азыркы жаштардын жүгүн бир топ жеңилдеткени менен анын терс жактары да бар. Мурункудай китеп окуп, ой жүгүртүп, барактап лекция жазышпайт. Бул билим деңгээлине да таасир берет, деп ойлойм” – деди интернет клубдун оператору Нурсултан мырза.
Бирок, ой-жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонуп, кыраакы болсок, интернет пайда алып келерин да айткан адистер бар. Бишкек шаарындагы Бишкек Гуманитардык университетинин окутуучусу, программист Кубанычбек Асаматов интернеттин пайдалуу жактарын санап берди.
“Интернет десе эле оюбуз жаман жакка кетет. Негизи азыр интернеттин күчү чексиз. Эгер акылдуулук менен колдонулса, убакытыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды үнөмдөйт. Алсак, үйдөн чыкпай эле бир нерсе сатып ала алабыз, бааларды салыштыруу менен акчабызды үнөмдөй алабыз. Интернет аркылуу жүргүзүлгөн банк кызматтары көптөрдүн жашоосун жеңилдетүүдө. Ал каржы маселелерин үйдө жылуу-жумшак отуруп алып эле каалаган убакта чечүүгө, бир жакка аттанганы жатканда ыңгайлуу, арзан жол табууга жана зарыл заказдарды кылууга жол ачты. Мындан тышкары көп күч-аракет жумшабай эле керектүү телефон номурларын, даректерди жана көздөгөн жерибизге жетүүнүн ар кандай жолдорун табууга шарт түздү” – дейт, программист, Кубанычбек мырза.
Жылдыз оорусунан айыкса болобу?
Социалдык тармактарда “жылдыз оорусу” менен ооруган жаштардын саны күн өткөн сайын арбып барат. Кооз ракурстан сүрөткө түшүп, ага кооздоп сөздөрдү жазып киргизүү менен кулк-мүнөзү бир топ өзгөргөн улан-кыздар четтен чыгат. “Instagram” баракчасында 15 000 досу бар Асеманын 1000ден ашык сүрөтү бар. Күнүн күлүмсүрөп сүрөткө түшүү менен өткөргөн Асема төмөндөгүлөрдү айтып берди:
“Instagram баракчама күнүгө төрт-беш сүрөт киргизип турам. Чынын айтсам сүрөттөрүмдүн алган “жактыруу” белгилеринин саны дайыма кубантып турат. Дагы көбүрөк алгым келип, жаңы, сапаты жакшы сүрөттөрдү, видеолорду, музыкаларды киргизем. Айтор таранып, жасанып сүрөткө түшкөнүмдү кошкондо ары жак бери жагы күнүгө бул ишке төрт саат убакытымды кетирем. Үй жумуштарын аткарганды айтпай эле коеюн. Апамдан тил угуп, кечки идиштерди жууганды унутуп калсам да сүрөттөрүмдү киргизүүнү унутпайм. Чыныгы жашоодо жөнөкөй эле студент кыз болушум мүмкүн. Бирок, интернетте чыныгы жылдызмын” – дейт, (күлүп) 20 жаштагы Асема.
Социалдык тармактардан көз каранды болгон адамдардын мүнөзү түнт болуп, депрессиялык абалга бат берилүү, таарынчактык, стресске туруктуулуктун жоктугу, тынчсыздык, өзүн төмөн баалоо сыяктуу факторлору жараларын психолог Айжан Азаматова айтып берди:
“Өзүн чыныгы коомдо көрсөтө албаган адамдар, бара-бара виртуалдык дүйнө менен алектенип, анын күнүмдүк “жашоочусуна” айланат. Виртуалдык дүйнөгө кирип кетүү – иллюзия болсо дагы, бир жагынан бардык маселелерди чечүүнүн оңой-олтоң жолу болуп эсептелет. Мындай көз карандылыктан жабыркаган адамдар, көпчүлүк учурда курдаштары, карама-каршы жыныстагы адамдар менен тил табыша албай, жамаатка начар ыңгайланышат. Өздөрүнүн эмоциясын көрсөтүүдө, жакындары менен мамиле курууда татаалдык жаралып, чөйрө менен өз ара мамиле кылууну интернеттен же оюндардан, виртуалдуу жашоодон издешет” – деди психолог, Айжан айым.
Убакыттын укмуштай учкул, өмүрдүн өтө кыска экендигин өлчөп, ченеп, аздыгына өкүнгөн эч ким жок. Бир саат, эки саат айтор эптеп баракчанын барактарын ачкылап калганга жетишсем болду деген учур. Виртуалдык дүйнөгө алтындай убакытыбызды уурдатып жатканыбыз маселенин бир гана тарабы болсо, экинчи тарабы анын таасиринен өзгөргөн мүнөздөр, кыялдар.
Асел Шамилова
Булак: kyrgyztoday.kg