Menu

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ХАЙ ТЕК

Кубатбек Боронов: “Коопсуз шаар” долбоорун күзүндө баштайбыз

Бул тууралуу бүгүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча өкмөттүк саат учурунда билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу боюнча бир ай ичинде сынак жарыяланат жана күзүндө Бишкек шаарында камералар коюла баштайт.

– Биринчи этабында негизги басымды жол эрежелерин бузуу жана кырсыктарды төмөндөтүүгө басым жасап жатабыз. Биринчи тапта коюлган камералар алты түрдүү жол эрежелерин аныктайт. Линиядан ашып кеткенди (стоп линия), ылдамдын режимин ачуу, кызыл түстө өтүп кетүү, каршы тилкеге чыгуу, жол чиймесиндеги линияларын бузуу, токтоо жана токтотуп туруу эрежелерин бузуу. Муну 14кө чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Бороновдун айтымында, учурда Бишкекте тест түрүндө төрт камера иштеп жатат. Ал эми “Коопсуз шаар” “Акылдуу шаар” же “Санарип шаар” долбоорунун бир компоненти.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Чет тилин билген мекендештерибиз Кыргызстанды кризистен куткарат

Ош шаарындагы №3-М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназияда “Learn English, Change Your Life!” аттуу сыноочу долбоор тушоосун кести. Аяктаган окуу жылында 5-класстын 60 окуучусу англис тилин DynEd ыкмасында кыска аралыкта ыкчам үйрөнүштү. Мындай саамалык Борбор Азиядага гана эмес, дегеле КМШ өлкөлөрүндө дагы алгачкы ирет жүзөгө ашырылып олтурат.

Гульмира Осекова, Ош шаарындагы #3 Ломоносов атындагы мектептин директору: Мындай мыкты жөрөлгөгө туңгуч аянтча болгондугубуз үчүн, албетте, абдан сыймыктанабыз. Анын үстүнө бул болочоктуу долбоорду биздин мектептин биргездеги бүтүрүүчүсү – Кыргызстандагы “Мөл Булак” көрүнүктүү каржы компаниясынын башкы директору Бабур Төлбаев бүтүндөй каржылады. Эми аны жаңы окуу жылында дагы улантабыз деп жатышат. Албетте, окуучуларды иргөө бул сапар деле адилет жүргүзүлөт. Тааныш-билишчилик, бийликтин өкүмзордугу таптакыр өтпөйт. Атайын сынакта балдардын кыйындары жана тыңдары гана тандалмакчы.

Даниэль Асилбеков, Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын 5-Альфа классынын окуучусу: – Жашырып не, англис тилин жакшылап окубай жерип, атүгүл өлгүдөй жек көрчүбүз. “Learn English, Change Your Life!” долбооруна ылайык сабактарга үзгүлтүксүз катышып, англис тилин өтө эле бат үйрөндүм. Жаңылышпасам, азыр ээн-эркин сүйлөшкөнгө, бей-марал ой-пикир алмашканга, анан кат жазышканга дагы жарап калдым. Мында мугалимдеримдин дагы мээнети өтө чоң экендигин баса белгилеп кетүүгө тийишмин!

Алишер уулу Миртилек, Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын 5-Альфа классынын окуучусу: – Биз мындан ары дагы жакшылап окуп, сүйүктүү мектебибизди жана ата-энелерибизди таптакыр уяткарбаганга катуу аракет жасамакчыбыз. Жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги ар кандай мелдештерге, сынактарга байма-бай катышып, билим журтубуздун ар-намысын жана беделин үзгүлтүксүз коргогонго далалат кылабыз. Анткени, бизди бул мыкты класска ылгаганда эч кандай жемкорлукка жана тууганчылык жоруктарга жол берилген жок!

Кубанычбек Ташмамат уулу, ата-энелер комитетинин өкүлү, Ош шаарынын тургуну: – Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын 5-Альфа классын бүтүрүп жаткан Айчүрөктүн атасымын. Эң ириде аталган билим уясынын англис тили мугалимдерине башыбызды бекем ийиип, терең таазим кылабыз! Балдарыбызды зерикпестен окутуп, ата-энеси билбеген тилди жетиштүү үйрөтүштү. Ушул тапта кызым, көз тийбесин, чет өлкөлүктөр менен беймарал сүйлөшкөнгө жарап калды. Аман турса, ушул нуктан эч тайыбайт го.

Бахтияр Төлбаев, “Мөл Булак” каржы компаниясынын төрагасынын орун басары: – “Learn English,

Change Your Life!” долбоорун, буюрca, Ош шаарындагы №3-М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында быйылкы жаңы окуу жылында дагы улантабыз. Кыргызстанда, жашырып не, биз өңдөнгөн меценаттар толтура.

Алар дагы биздин демилгебизди кубатташып, “Аймактарды өнүктүрүү жылында” республикабыздын бардык булуң-бурчунда жайылтышса, абдан чоң соопко калышаар эле. Мындан өлкөбүз дагы утмак. Анткени, канча тил билсең, ошончолук көп инвестиция тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт эмеспи.

Айнура Сагныбаева, SL.KG компаниясынын директору: – DynEd – англис тилин инновациялык мультмедиа ыкмасы аркылуу абдан ыкчам үйрөнүү ыкмасы. Бул саамалык 1987-жылы АКШнын Калифорния штатынын Силиконов өрөөнү шаарында негизделген. Ушул тапта дүйнөнүн 80 өлкөсүндө абдан ийгиликтүү иштеп жатат. Ал эми Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясындагы бул “Learn English, Change Your Life!” долбоору Борбор Азияда гана эмес КМШ өлкөлөрнүдө дагы биринчи жолу жүзөгө ашырылып жатат. Биринчиден, бул долбоор аркылуу окуучулар англис тилин кыска аралыкта үйрөнүп, абдан эле бат өздөштүрүп жатышат. Экинчиден, жаш муундардын дүйнө таанымы оң жагына дагы кескин түрдө өзгөрүүдө. Үчүнчүдөн, эми дүйнөлүк англис тилин билген мекендештерибиз чет өлкөлөрдөн ортомчусуз байма-бай инвестор тартып, Кыргызстанды кризистен жакын арада куткарууга шарт дагы жаралып олтурат.

Ошентип, эң абройлуу “Learn English, Change Your Life!» долбоору бара-бара толук кандуу үзүрүн берээринен үмүт абдан чоң. Анткени, Туркия, Чехия жана Кытай өңдөнгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик мектептеринде жогорудагы долбоорду кыска аралыкта мыкты өздөштүрүшкөндөн кийин гана аталган мамлекеттердин агартуу мекемелеринде ар тараптуу, ал эми экономикасында чоң секириктер жасалгандыгын тарых тастыктабадыбы.

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан”

КР Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү

Кыргыз Республикасында санариптик трансформациялоо үчүн жагымдуу шарттарды, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнү, мамлекеттик башкарууда жана киберкоопсуздукту камсыз кылууда инновациялык ыкманы колдонууну камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

Кенешти түзүү тууралуу Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңеш маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны экспертизадан өткөрөт жана аны өркүндөтүү боюнча, анын ичинде эл аралык интеграциялык процесстер жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.

Ошондой эле санариптик трансформациялоонун маселелери, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле санариптик трансформациялоо менен байланышкан башка маселелер боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эксперттик кеңештин жүктөлгөн функцияларды аткаруусуна ар тараптан көмөк көрсөтүп, анын ичинде мамлекеттик сырды жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды камтыган документгерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берет.

Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басарына жүктөлөт.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Санариптик трансформациялоо маселелери боюнча эксперттик кеңештин курамы

Догоев Дастан Давлетович – Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Санарип Борбордук Азия – Туштук Азия: Кыргыз Республикасы” долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору, Эксперттик кеңештин координатору;

Аденисов Адилет Аденисович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;

Турдалиев Эдуард Климович – Кыргыз Республикасынын биринчи вице- премьер-министринин кеңешчиси;

Абдуллаев Талант Тынычбекович – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору;

Саккараева Элина Джанарбековна – Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Ачык маалыматтар боюнча аракеттердин планы” долбоорунун менеджери;

Закенаев Кубанычбек Акимгазиевич – “Кыргыз инвестициялык-кредиттик банк” жабык акционердик коомунун маалыматтык коопсуздук программаларынын башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Абакиров Азис Джумабекович – Программалык камсыз кылууну жана кызмат  көрсөтүүлөрдү   иштеп чыгуучулардын кыргыз ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Исмаилова Рита Асанкуловна – “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин инженердик факультетинин улук окутуучусу (макулдашуу боюнча);

Казыбай Темир – көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).

СИП панель жана ОСПнын жардамы менен курулган үйлөр

Аз убакытта үй куруп берүү идеясы кыргызстандык ишкер Азиз Төрөкулов тарабынан демилгеленип, учурда ал үйлөрдүн пайдубалы түптөлүүдө. Бул практика Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө эчак эле ишке ашырылган. Үй негизинен СИП панель жана ОСПнын жардамы менен тургузулат. СИП панель менен пено­полистирол жана эки тарабынан ОСП плитасы менен чапталат. ОСП жана пенополистирол атайын клейдин жардамы менен 18 тонна басымдуулукта жабыштырьшат. Үй жер титирөө жана катуу шамал сыяктуу табият сыноолоруна туруштук бере алат. ОСП жыгачка караганда өрткө сегиз эсе туруктуу, кокус үйдө өрт чыгып кете турган болсо, бир саат бою жалындап кетпей «быкшып» тура берет. Кышкысын жылуулукту узак убакыт бою сактап, жайкысын салкын абаны камсыздап берет. СИП панель 1500-1800 тонна салмакты көтөрөт. Тике турган калыбында 15 тонна салмакты көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экен.

Куруучунун айтымында, мындай типтеги үйлөрдү куруу тилеги буга чейинки турмуштук практика жана чет өлкөдө иштеп жүргөндөгү тажрыйба сабак болгон. Бул технология менен ишкерлер эки бөлмөлүү чакан үйдөн баштап үч кабаттуу үйлөргө чейин курушат. Үйгө кете турган каражат анын аянтынан көз каранды. Үйдүн бир кв/метри 100 доллардан башталат.

Булак: Азия Ньюс 

Голландияда картон менен курулган үйлөр

Голландиялык «Fiction Factory» компаниясы калың картон кагаздарынан куралган чакан үйлөрүн сунушташууда. Мындай үйдү 24 саатта салууга болот жана ал 100 жыл турат. Инновациянын баасы 30 миң евро. Азыркы убакта үйлөр Европанын кээ бир бөлүктөрүндө гана сатылат жана кезек күткөндөр да бар. Бул тууралуу «Daily Mail» маалымат булагы билдирет.

Голландиялыктардын сөзү менен «Wikkelhouse» «катмар үй» деп которулат. Өзгөчө үйдү куруу чындыгында картон кагаздарын 24 кабат кылып биринин үстүнө бирин ороп чыгышат. Ар бир үй өзүнчө жеке жобо, себеби алардын өлчөмү бир аз айырмаланып турат.

Ар бир үй үчүн 500 кг бол­гон картон кагаздарынын беш-алты модулу жыйналып, алар экологиялык таза клей менен жабыштырылат. Кардар керектүү өлчөмдөгү үйдү өзү тандайт. Ошондой эле «Wikkelhouse» үчүн терең пайдубалдын кереги жок.Үйдүн жалпы салмагы болгону 3 тонна болот. Үйдүн сырты жана ичи суу кирбеген пленка менен капталган. Бул аба ырайынын күтүүсүз жагдайларына үйдүн интерьерин жана экстерьерин коргоого жардам берет.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Кыргызстанда электр кубатын жана күйүүчү майды талап кылбаган гидронасос өндүрүлүүдө

Кыргызстандагы суу жетпеген кайрак жерлерге суу чыгарып жеткирүүнү  кыргыз-казак биргелешкен “АКСАСИЛЬВЕР” компаниясы бир жылдан бери колго алып, жигердүү иштете баштаган экен.

Бул тууралуу аталган компаниянын башкы директору Адашбек Жунушалиев, анын коммерциялык иштер боюнча орун басары Бактыбек Амангелдиев, башкы директордун өндүрүш иштери боюнча орун басары, гидронасосту ойлоп табуучу Александр  Рогозин, Кыргызпатент мекемесинин инновация боюнча өкүлү Өскөнбай Козубаев баштаган бир катар адамдар жакында “Акипресс” маалымат агентттигине жыйын өткөрүп, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө гидронасоско байланышкан көптөгөн суроолорго жооп беришти.

Башкы директор Адашбек Жунушалиевдин айтуусуна караганда учурда жалпы республика боюнча буйрутмалардын саны 4 миңден ашып калыптыр. Компания керектөөчүлөргө гидронасостун иштешине 3 жыл кепилдик берсе да, бирок 10 жылга чейин иштей берет экен. Андыктан, Кыргызстандагы 550 миң гектар кайрак жерге ушул гидронасосту колдонуу дыйкандар үчүн жемиштүү болорун баса белгилеп кетмекчибиз. Учурда мындай гидронасос дыйкан чарбачылыкка абдан керек. Ошон үчүн бул тууралуу эл кеңири билип, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша колдонгону оң.

Бүгүнкү күндө аталган компаниянын Кыргызстан боюнча коюлган гидронасостору бир жылдан бери иштеп жатыптыр. Буга чейин компания  Беш-Күңгөй айлында иштеп жаткан гидронасосту  тартып ролик кылып, «Youtube» каналына жана башка сайттарга жайгаштыргандыктан эл ошол роликти көрүп компанияга кайрылып жатышыптыр.

Бул гидронасостун өзгөчөлүгү – аны иштетүүдө электр тогу, бензин жана солярканын эч колдонулбаганында. Мындай ойлоп табуу жеке эле биздин өлкө гана эмес, бүтүндөй Орто Азия үчүн да чоң жаңылык болоруна ишенебиз. Өкмөттүк деңгээлде суу маселеси жакшы  чечилбей жаткан учурда, дыйкандардын камын ойлоп, алардын түшүмдү мурункудан да көп алышына себепкер болуп жаткан бул компаниянын башкы директору Адашбек Жумалиев менен ойлоп табуучу Григорий Рогозиндин ишмердүүлүгү кубандырбай койбойт.

Булак: “Жаңы ордо”

АКШ окумуштуулары адам клеткаларынан турган койдун түйүлдүгүн өстүрүштү

Калифорния университетинин окумуштуулары адам менен жаныбардын клеткаларынан турган койдун түйүлдүгүн өстүрүп чыгышты. Жаңы технология жаныбарлардын ичинде адамдын органдарын өстүрүп, кийин аларды медицинада пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Окумуштуулар койдун ар бир он миң клеткасына бир адамдын клеткасы туура келген эмбрион өстүрүшкөн. Эми алар бул көрсөткүчтү бир пайызга чейин жеткирүүгө ниеттенип жатышат. Окумуштуулар эгер бул ишке ашса, анда органдарды өстүрүү тармагындагы кыйла оор тажрыйбаларга өтүүгө мүмкүн болот деп эсептешүүдө.

2016-жылы ушул эле окуу жайдын окумуштуулары чочконун эмбрионунда адамдын карын астындагы бездеринин ткандарын өстүрүшкөн. Бирок окумуштуулар мындай тажрыйбалар үчүн кой жакшы деп эсептешет. Анткени анда мыкты жыйынтыктарга жетүү үчүн кыйла аз эмбрион талап кылынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусиялык хакерлер АКШнын аскер-өндүрүш компанияларына чабуул жасады

Орусиялык хакерлер АКШнын Коргонуу министрлиги менен кызматташ ири компаниялардын маалыматтарын алган. Ракеталарды, учкучсуз учактарды жана истребителдерди жасоочу 90го жакын кызматкер чабуулга учураган. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Хакерлер бутага алгандардын арасында Boeing менен Airbus баштаган көптөгөн ири компаниялар бар. Кызматкерлердин жарымы хакерлердин жалган каттарын ачып окуган. Алар кандай маалыматтарды уурдап кетишкени белгисиз. Бирок документтердин көбү жашыруун сакталып келген.

Associated Press маалыматына караганда, чабуулга Fancy Bear тобунун тиешеси бар. АКШнын атайын кызматы аны 2016-жылы америкалык шайлоого аралашты, Кремлге кызмат кылат, деп айтыптаган. Москва хакерлерди колдой туурганын жокко чыгарып келет.

Айрым талдоочулар уурдалган маалыматтар Орусияга учкучсуз учактарды иштеп чыгууга көмөктөшөт, деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте $1,4 миллиарддык High Tech City комплексинин курулушу башталды

Ташкентте жалпы баасы 1 миллиард 400 миллион доллар болгон жогорку технологиялык High Tech City комплексинин курулушу башталды. Долбоор Түштүк Кореянын POSCO Daewoo корпорациясы тарабынан иштелип чыккан.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, жаңы комплекс 50 гектар аянтты ээлеп, анда бизнес-борборлор, турак-жайлар, билим берүү мекемелери, коммерциялык жана өнөр жай ишканалары, илимий-изилдөө борборлору жайгашат. Булардын баары «интеллектуалдык» технологияларды пайдалануу менен курулуп, энергияны үнөмдөө системалары менен жабдылат.

High Tech City долбоорун ишке ашыруу максатында Өзбекстан менен Түштүк Кореянын ортосунда биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн. Учурда жогорку технологиялык High Tech City районун жайгашуусу боюнча төрт вариант каралууда.

POSCO Daewoo болот куюу менен алектенген POSCO ири ишканасынын туундуу компаниясы болуп эсептелет. Ал Түштүк Кореяда гана эмес, башка чет өлкөлөрдө дагы чоң курулуш тажрыйбасына ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Гейтс "идеалдуу уй" үчүн 40 миллион доллар бөлдү

Америкалык ишкер Билл Гейтс идеалдуу жана продуктивдүү уйларды жаратуу үчүн 40 миллион доллар жумшады. Business Insider басылмасы кабарлагандай, акча генетикалык иликтөө үчүн GALVmed уюмуна берилди.

Гейтстин айтымында, жаңы уй катардагы уйлардай эле сүт берет, бирок ысыкка чыдамдуу болот. Уйдун жаңы түрү планетанын эң кедей аймактарындагы жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөктөшөт. Генетикалык өзгөрүүлөрдүн жардамы менен мал азыркыдан продуктивдүү болот деп эсептейт ишкер.

Билл Гейтс дүйнөдөгү ири Билл жана Мелинда Гейтс кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү. Ишкер кедей аймактардагы ооруларга каршы күрөшүү, вакциналарды иштеп чыгуу жана жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн бир нече жолу өз эсебинен акча бөлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню