Menu

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР – ХАЙ ТЕК

NASA менен Uber учуучу таксилерди ишке киргизет

Америкалык NASA космикалык агенттиги менен Uber такси кызматы Uber Elevate деп аталган учуучу таксинин үстүнөн биргелешип иштөө тууралуу макулдашты.

NASA Uber Elevate аппараттарын көзөмөлдөп, алардын шаардын аба мейкиндигинде аэропорттор үчүн тоскоолдук жаратпагыдай башкарылышын камсыздайт. Uber кызматы учуучу таксилерди өз алдынча өндүрүү менен алектенбейт. Компания авиатехникаларды өндүрүүчүлөрдүн бири менен өнөктөштүктө инфраструктура түзө тургандыгын билдирүүдө.

Uber Elevate таксисин тестирлөө 2020-жылы башталат. Кызматты 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимп оюндарына карата коммерциялык эксплуатацияга берүү болжолдонууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстан өз мессенджерин ишке киргизет

«Өзбектелеком» жакында Telegram, Skype, Viber жана WhatsApp мессенджерлеринин аналогу болчу Uzphone тиркемесин ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Учурда Uzphone тестирлөөдөн өтүүдө. Азыр ал аркылуу тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүп, өз ара чалышууга мүмкүн.

«Азырынча ал кеңири аудиторияга жеткиликтүү эмес. Эки айдын ичинде бета-тестирлөө баскычына чыгабыз. Кийинки жылы расмий түрдө коомчулукка чыгарабыз», – деп билдирди «Өзбектелеком» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн директору Марат Фаттахов.

Анын айтымында, дүйнөгө белгилүү тиркемелердин жергиликтүү вариантын иштеп чыгуу зарылдыгы чет өлкөлүк компаниялар Өзбекстанда таап жаткан кирешелердин бир бөлүгүн алуу, ошондой эле колдонуучуларга чет өлкөлүк аналогдорундай көп траффик талап кылбаган мессенджер сунуштоо сыяктуу бир нече фактор менен шартталган.

Болжол менен бир жылдан кийин тиркемени смарт-телевизорлор жана көзөмөл камералар менен интеграциялоо пландалууда. «Өзбектелекомдон» билдиришкендей, компаниянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү аталган тиркемени жүктөп алган 1 миллиондон ашык колдонуучуну тейлөөгө шарт түзөт.

Буга чейин Өзбекстанда «Одноклассники» жана «Фейсбуктун» аналогу катары жергиликтүү социалдык түйүндөр ишке киргизилген. Бирок алар өзбекстандыктардын арасында тиешелүү деңгээлде популярдуулукка ээ боло алышкан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - MakerSpace - жаш инженерлердин уясы

3D принтер, компьютердик программалоо, ДНК жана молекулалардын макеттери, роботтор жана асманга учуучу дрондор – мунун баарын кадимки эле шаардык китепканадагы лабораториядан көрүүгө болот. MakerSpace деп аталган мектеп окуучулары үчүн жаңы робототехника, инженерия жана так илимдердин атайын борбору балдар-кыздарды жашынан инженерликке болгон кызыгуусун арттырып, техникалык кесиптерди тандоого түрткү берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

WhatsApp Кытайда толугу менен колдонуудан чыгууда

Телефон менен жазышкан WhatsApp мессенджерин Кытай бийлиги жапты. Гонконгдогу интернет-коммуникациялар университетинин адиси Локман Тсуи WhatsAppтa көйгөйлөр өткөн жекшембиде эле башталганын белгилешти. Бирок, ошондой болгон күндө да, кээ бир колдонуучулар эч жолтоосуз эле колдоно алышат экен. Бирок, Кытай бийлиги андай кадамга барбаарын билдире кетти. Ватсап менен сүрөт, аудиожазуу, текст да жөнөтө албай кытайлык колдонуучулар убара болуп жаткан маал. Буга чейин 19-июлда эле WhatsAppтын колдонуучулары жазыша албай калышкан. Кытайда интернет катуу цензураланат.

Булак: “Багыт”

Lenovo бүктөлө турган планшеттин бет ачарын жасады

Кытайлык “Lenovo” компаниясы ийилчээк аппараттардын үлгүсүнүн үстүндө иштеп, бүктөлө турган планшетин коомчулукка көрсөттү. 2016-жылы “Lenovo” компаниясы ортосунан бүктөлө турган планшет жана ийилчээк смартфондордун баштапкы үлгүсүнүн сүрөтүн жарыялаган. Учурда аталган компания ийилчээк аппараттардын үлгүсүнүн үстүндө иштеп, бүктөлө турган планшетти “Tech World 2017” презентациясында көрсөттү. Folio планшетинин экраны 7,8 дюймга барабар жана бүктөлгөн түрүндө 5,5 дюймдук смартфонго айланып калат. Атайын жасалган механизм аркылуу планшетти ар кандай бүктөөгө болот.

Булак: “Багыт”

Робот дарыгер операция жасады

Роботту иштеп чыккандар жетишпеген дарыгерлердин ордун толуктап турууну көздөөдө. Кытайда робот-стоматолог биринчи жолу адамдын тишине имплант койду. “Операция учурунда медициналык кызматкерлер иш процессти көзөмөлдөп турушту. Робот имплантты бир сааттын ичинде салып бүтүрдү. Серепчилер операция ийгиликтүү өткөнүн
белгилешти”, – деп жазылат маалыматта. Акыркы маалыматтар боюнча Кытайда 400 миллионго чукул адам жаңы тишке муктаж. Аны менен катар тишке жасалган бардык операциялар ийгиликтүү болбой, айрымдар кайра оңдотууга мажбур болгон учурлар кездешет. Инженерлер менен медиктер тажрыйбалуу тиш доктурга караганда робот ишин мыкты жана сапатуу жасаарын айтышууда.

Булак: “Багыт”

Apple компаниясы үч жаңы «айфондун» бет ачарын өткөрдү

Америкалык Apple компаниясы 12-сентябрда “айфон” ысымы менен таанымал үч смартфонунун бет ачарын өткөрдү. Компания жетекчиси Тим Кук iPhone X моделин “чоң секирик” деп атады.

iPhone X жеңил, ичке жана ачык түстүү. Ал 999 доллар турат.

iPhone 8 менен iPhone 8 Plus – 699 жана 799 долларга бааланууда.

Смартфондун үч түрү тең зымсыз дүрмөттөлөт.

«Онунчу» модель сатыкка 3-ноябрда чыгат, калган экөө – ушул айдын соңунда дүкөн текчелеринен орун алат.

Мындан тышкары Apple компаниясынын бет ачарында “акылдуу сааттардын” жана телевизор үчүн видеостримингдин жакшыртылган түрү тааныштырылды.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Европада бекер Wi-Fi түйүндөрү пайда болот

Европа биримдиги “wifi4eu” программасынын алкагында өз аймагында акысыз Wi-Fi түйүндөрүн ачууга 120 миллион евро бөлүүдө. Программанын максаты — аз калктуу райондорду интернет менен камсыз кылуу. Бул тууралуу Европарламенттин сайтында жазылган.

Чечимге ылайык, интернетке эркин кирүү мүмкүндүгүн берчү терминалдар 8 миң калктуу конушта, анын ичинде сейил бактарда, ооруканаларда, мектептерде жана коомдук транспорттордо пайда болот. Алардын ишин муниципалитеттер менен мамлекеттик мекемелер камсыз кылышат.

Евробиримдик зымсыз интернет таркатуу терминалдары 2018-жылдан тарта иштеп баштайт деп болжолдоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сапар Исаков: «Бизнес «Таза Коом» программасына көмөктөшө баштады»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-сентябрда, Борбордук Азиядагы Америка Университетинде Коомдук ТВ жана радио менен биргеликте уюштурулган бизнес, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлдөрдүн жана студенттердин катышуусунда өткөн  Namba One жаңы мобилдик сунуштамасынын бет ачарына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Долбоордун бет ачарынан кийин Премьер-министр  өз сөзүндө КР Өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан «Таза Коом» программасын, бизнес калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн алкагында мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барууну колго алганын билдирди.

«Namba One салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдө жарандарга онлайн режиминде кызмат көрсөтүүгө шарт түзүү менен бизнес сектор менен мамлекеттик ишмердүүлүгүн оптимизациялоого жол ачат. Өкмөт тарабынан ишке ашырылып жаткан, мамлекетти санариптик трансформациялоо «Таза Коом» программасын колдоого алганы мени абдан кубандырат. Бизнес мамлекеттик органдардын демине дем кошуп, кайсы бир жерде алардан өтүп көмөктөшүүдө.  Мындай долбоорлорду мамлекетте бизнестин колдоосусуз ишке ашыруу оңой эмес», —деди Премьер-министр.

«Келерки жылдан баштап, түрдүү долбоорлорду колдоо иретинде мамлекеттик тейлөөлөрдүн порталын ишке киргизебиз. Биздин максат, республиканын ар бир жараны үйүнөн чыкпай отуруп, мамлекеттик тейлөөлөр менен толук камсыз болушуна шарт түзүү болуп саналат. Мисалы: паспорт алуу үчүн үйүнөн документтерин толтуруп, почта аркылуу даяр болгон паспортту алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Ушул максат менен  биз «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасын Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагына өткөрүп бердик. Көп мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматка өткөрүүгө болот. Мисалы: справкаларды берүү, бала бакча жана мектептерге электрондук кезекке туруу жана башка тейлөө кызматтарын электрондоштурсак болот», — деди Сапар Исаков.

«Бул үчүн мамлекет бардык маалыматтардын базасын ачышы керек, биз ага даярбыз. Мени кубандырганы айрым мамлекеттик компаниялар менен органдар жарандардын суроо-талабына ачык жооп бере баштады», —  деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Видео - Программист кыздар — хай-тектин келечеги​

Америкалык программа жогорку технологиялык адистиктердеги гендердик ажырымды кыскартууга жардам берүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню