Menu

КООМ

Айгүл Керменбаеваны издесеңиз “Здоровье” клиникасына келиңиз!

Буга дейре адамды репродукциялоо кыргыз илимий борборунда иштеп келген тажрыйбалуу дарыгер Айгүл Керменбаеваны мындан ары ишинен таппай кыйналсаңыз анда дароо төмөндөгү дарекке келсеңиз болот. Айгүл айым ушул күндөрү “Здоровье” аталышындагы жеке менчик клиникасында кардарларды кабыл алып, бийик тажрыйбасы аркылуу операцияларды жүргүзмөкчү. Эмесе, бүгүнтөн тарта алтын колдуу дарыгер Айгүл айымдан дартына дабаа табам дегендер дароо баш калаабыздагы Гоголь-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Здоровье” клиникасына эч буйдалбастан келип, мындагы билимдүү, тажрыйбалуу ак халатчандардын кеп-кеңеш, жардамдарынан пайдалана берсеңиздер болот. Айгүл айым калкыбыздын саламаттыгы үчүн ак кызматын “Здоровье” клиникасынан аркаламакчы.
Тел: 0 551 55-77-74, 0 706 43-93-13
Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Аксыда суунун деңгээли көтөрүлүп, күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калды

2017-жылдын 7-июнь күнү Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Бүркүт тилкесинде Авлетим дарыясынын суунун деңгээли көтөрүлүп жээкти жеп, жээкке жакын жайгашкан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерге жетип калган (катталганы 1984-жылы 27-июну экспертиза №272, паспорт №55, бетондолгон жер 50м2). Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан күйдүргү жарасынын очогу көмүлгөн жерди коргоо үчүн, жээк бекемдөө иштерин 2017-жылдын 10-июнуна чейин тез арада аткарууга алуу жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын –Жарындык коргонуу башчысына жана Жалал-Абад облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысына №01-15/28-э атайын эскертме менен милдеттендирилген.

Эске салсак, күйдүргү — кишиге малдан жугуучу катуу кармама эң коркунучтуу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат.

2017-жылы 3000ден ашуун милиционерлер туристтик мезгил маалында жарандардын эс алуу коопсуздугун камсыздайт

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүмдөрү 2017-жылы туристтик мезгил маалында жарандардын эс алуу коопсуздугун, коомдук тартипти камсыздоого багытталган бир нече уюшулган иш-чараларды өткөрөт. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Бүгүнкү күндө республикада 369 курорттук- ден соолукту чыңдоо мекемелери, анын ичинен 31 өспүрүмдөр балдардыкы. Бул аймактарга элдер көп эс алуучу жайлардын аймагында, коомдук тартипти 3000 миңден ашык ички иштер кызматкерлери жана 800 жогору элдик кошуундун мүчөлөрү камсыздашат.

Ысык-Көл облусунун аймагында 500 ашуун милиция кызматкерлеринен сырткары, кошумча күч катары ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун 100 ашык кызматкерлери тартылат. Милициянын саны туристтердин келүүсү жана ыкчам түзүлгөн абалына жараша көбөйөт. Ысык-Көл жээгинде жайкы курорттук маалдагы түзүлүш курорттук- ден соолукту чыңдоо мекемелеринин башчыларынын сунушунун негизинде ишке ашат.

Коомдук тартипти жана жолдо жүрүүнүн коопсуздугун сактоого багытталган ИИОнун күчтөрү менен кошо каражаттарын натыйжалуу пайдаланууда, алардын ишмердигин координациялоо максатында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлүп иш чараларды жүргүздөө. Жарандардын арыздануусун жана доосун ыкчам кароодо, андан сырткары аларга жардам берүү үчүн күнү-түнү иштөөчү кызмат түзүлдү.

Өздүк курамды даярдоо, туристтер менен сүйлөшүүдө милиционер тарабынан кызматтык тартип жана мыйзам жагынан каталар кетпеш үчүн иштер өткөрүлдү. Кызматтык тартипти жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоо максатында, жайкы туристтик мезгилге Ысык-Көл облусттук ИИБнын кызмат жетекчилеринен жана ага офицердик курамынан офицердик патруль уюштурулат.

Жолдо жүрүү коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Патрулдук милициясынын башкы башкармалыгы тарабынан (ПМББ) “Кордай (Казакстан)– Бишкек”, “Аэропорт “Манас”–Бишкек”, “Бишкек–түндүк айланма жолу”, “Бишкек–Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол” унаа жолдорунда Патрулдук милициянын жылып жүрүүчү күзөттөрү коюлат жана атайын Патрулдук милициянын авто унааларына ишеним телефону көрсөтүлүп, автоунаада бекитилген жайгашуу кайгуул орундарында (күзөт орду) кызмат өтөшөт. Бул патрулдук унаалар ылдамдык ченемин аныктоочу, тасмага түшүрүүчү “Визирь” аталыштагы радардык жабдыктар менен жабдылган. Ар бир экипажда жол жүрүү эрежелерин бузгандар үчүн карточка менен айып төлөөгө ыңгайлаштырылган РОS-терминалдар бар.

 

Видео - Жамгырда калган МАИ кызматкери сыркоолоп калса, анын үй бүлөсүн Улан Исраилов багабы?

Жамгырда шөмтүрөтпөй МАИ кызматкерлерине плащ берип койбойсуңарбы. Коңшу өлкөлөрдүн баарында МАИ кызматкерлери жамгыр жааганда атайын суу өтпөгөн плащтар менен көчөдө турушат. Ден сак улут, дени сак коом деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргыз эли үчүн кызмат кылып жаткан укук коргоо орган кызматкерлеринин дени сак болсо анан коомдук тартип да жакшы сакталат эмеспи. Кечээ мурдагы күнү катуу шамалда жааган жамгырда МАИ кызматкерлеринин бири Ахунбаев-Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылын көзөмөлдөп, машинелерди тыгындан чыгарып турду. Шодокондун бүркүтүндөй болуп, жеңи жок жука көйнөкчөн. Өпкөсүнөн суу өтүп эртең ооруканага жатып калса анын үй-бүлөсүн ким багат? Улан Исраиловбу?! Мына ушундай элементарный маселелерди чече албаган жетекчини кантип айга-күнгө теңеп мактайбыз да, кантип килейген ИИМге реформа кылат деп ишенип отурабыз? Кыскасын айтканда уят!

Булак: “Ачык саясат”

Видео: “super.kg”

Ошто кармалган Ирак жарандары абактан бошотулду

Жасалма паспорт боюнча мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып менен Ошто кармалган Ирактын төрт жаранын бүгүн облустук инстанция сот залынан эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу алардын коомдук жактоочусу, “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова кабарлады.

“Чек араны мыйзамсыз өткөн” деген айып калтырылып, ар бирине бир жылдан жаза мөөнөтү чегерилди, бирок камакта отурган 7,5 айды эске алуу менен алар бошотулду.

Азиза Абдирасулова алар толук акталышы керек болчу деп эсептейт:

– Жасалма паспорт деген факт Кыргызстанда болгон эмес. Түркиянын жарандары “силерге виза ачтык” деп алдап, колуна паспорт карматып коюшкан. Жазууну билбегендиктен булар виза деп ойлогон. Мамлекеттик чек ара деле бузулган эмес. Себеби Оштун аэропортунан транзиттик, чек ара көзөмөл зонасы аркылуу өтүшкөн.

Ирактын төрт жараны 2016-жылдын октябрында Түркия-Кыргызстан-Орусия-Германия багыты аркылуу немис жергесине кетип жатканда Ош аэропортунан кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш иш козгоп, Ош шаардык соту аларга 10 миң сомдон айыппул салып бошотуу өкүмүн чыгарган. Бирок прокуратура бул чечимге нааразы болуп, облустук сотко кайрылган жана алар ал жактан 4,5-5 жылга абакка кесилишкен. Ирактык үч жигит Ош шаардык тергөө абагында, ал эми 76 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы аялдар колониясында жаткан.

Быйыл 2-майда Жогорку Сот облустук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда «экстремисттик тасмаларды» алып жүргөн казак жараны кармалды

Өзбекстанда экстремисттик материалдарды алып жүргөн деген айып менен 37 жаштагы казак жараны Виталий Ненченко кармалды. Ал бул айыптоолор боюнча кеминде 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

КТК телеканалынын маалыматына караганда, Ненченко майдын аягында үй-бүлөсү менен Ташкент, Самарканд жана Бухара шаарларына саякаттоо жана жубайы Тамила Бекшеневанын коңшу өлкөдөгү туугандарына жолугуу үчүн Өзбекстанга барган. Бирок чек арадан анын телефонунан шектүү видеолор табылып, ал камакка алынган.

Чек арачылар тасмалардын экстремисттик мүнөздө экенин айтышып, Ненченкону бир жумадан ашык камакта кармашкан. Кийин окуяны териштирүү үчүн анын телефонун алып калып, өзүн кое беришкен. Бирок бир нече күндөн кийин казак жаранын кайрадан «маектешүүгө» чакырышкан.

«Биз териштирүүнүн жыйынтыгын күтүп саякаттап жүргөнбүз. Анан бизге айып пул төлөп койсоңор бүтөт деп айтышты. Биз ага ишенип алганбыз. Бирок 28-майда аны прокурор менен сүйлөшүүгө деп чакырып кетишти. Ал ошол жактан мага телефон чалып, «адвокат таап, мага кел» деди», – деп билдирди Тамила Бекшенева.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сергей Шойгу: "Россия өзүнүн аскердик базаларын Кыргызстан жана Таджикстанда жаңы куралдар менен күчтөндүрүүдө"

Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбордук Азия региондоруна көчүүсүнө каршы туруу үчүн Россия өзүнүн аскердик базаларын жаңы куралдар менен Таджикстан жана Кыргызстанда күчтөндүрүп жатат. Бул туурасында Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу кечээ, 7-июнда Астанада болгон ШКУ мамлекеттеринин куралдуу күчтөр жетекчиликтеринин отурумунда билдирди.

РИА Жаңылыктарынын билдиришине караганда, бул ишти Россиянын Коргоо министрлиги Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбордук Азияга жылышына каршылык көрсөттү үчүн жасап жатат. “Ушул максатта биз россиялык аскердик базаларынын согуштук даярдыктарын Таджикстан жана Кыргызстанда күчөтүп, заманбап куралдар жана аскердик техникалар менен камсыз кылуудабыз”, – деди министрликтин башчысы.

Бул максатта Борбордук Азия мамлекеттеринин аскердик күчтөрүнө жардам берилип, алардын согуштук мүмкүнчүлүктөрүнө көбүрөөк көңүл бурулат, деп белгиледи.

“2017-жыдын мартында Таджикстанда республиканын күч структуралары менен антитеррордук командалык-штабдык үйрөтүүлөр өткөрүлгөн, сентябрга ушуга окшош эле улуттук аскердик контингенттердин катышуусундагы үйрөтүүлөр ЖККУга мүчө мамлекеттерде болоору пландалууда” – деп эскерте кетти Шойгу.

Дача-Су айылындагы «Боинг-747» учагынын кыйрашынан каза болгондордун туугандары Түркияга эс алууга кетишти

Бүгүн, 8-июнда, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Дача-Су айылындагы «Боинг-747» учагынын кыйрашынан каза болгондордун туугандары Түркия Республикасынын Анталья шаарына эс алууга кетишти. Бул Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссиянын түрк тарап менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы. Эс алууга кеткен бардык 39 жарандын чыгымдарын түрк тарап өзүнө алды. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалмдайт.

Каза болгондордун туугандары менен  болгон жолугушууда Мухамметкалый Абулгазиев Өкмөттүк комиссия түрк тарап менен, анын ичинен  «ACT Airlines»  жана камсыздандыруу компаниялары менен каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга компенсация төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.

«Түрктөр тарап менен сүйлөшүүдө каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды реабилитациялык этаптан өткөрүүдө балдар үчүн эс алуу уюштуруу боюнча да шарттар коюлган. Өкмөттүк комиссиянын иши аягына чыгар алдында турат. Компенсациялар төлөнүп берилгенден кийин түрк тарап менен биргеликте, берилген компенсациялар жана жарандардан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралуу кеңири отчет берилет», – деди Биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр бул жолку эс алуу болуп өткөн окуядан кийин стресстен арылып, жеңилдөөгө жардам берерине ишеним артарын билдирди.

Бир жумалык эс алууда маданий программалар, реабилитациялык бөлүк жана муктаж болгондорго психологиялык жардамдар каралган. Бул аралыкта Туркияга кеткен каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды эки медицина кызматкери, бир психолог жана жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери коштоп жүрөт.

Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Кең-Булуң-автодорожный» модернизацияланган көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилди

Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Кең-Булун-автодорожный» модернизацияланган көзөмөл-өткөрүү пункту ишке берилди. Көзөмөл-өткөрүу пункту суткасына 700 автоунааны жана 5000 жаранды өткөрүүгө ылайыкталган.

«Кең-Булуң-автодорожный» жаңыланган көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылыш аземине бүгүн, 8-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө мамлекеттик чек араны бекемдөө, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялап, материалдык-техникалык жактан жаңыртуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргызстандын ЕАЭБ интеграциясынын алкагында негизги иш багыттарынын бири болуп саналарын билдирди.

«Мурдагы жылдарга салыштармалуу чек ара кызматкерлеринин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлгөнүн көрүп турабыз. Бул багытта алгылыктуу иш алып баруунун натыйжасында биз жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик. Өкмөт мамлекеттик чек ара кызматына өзгөчө көңүл бурат. Акыркы жылдары өлкөнүн бардык аймагындагы мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу жана аларга бардык шарттарды түзүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы белгилегендей, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу  – бул Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири.

«Кыргызстан кыска убакыт аралыгында ЕАЭБ кирүүнүн астында койгон шарттарды аткарууга бардык күчүн жумшады. ЕАЭБ каражат күтпөстөн, Кыргызстан өз  күчүнө ишенип, республикалык бюджеттеги каражаттардын эсебинен көрсөтүлгөн аймактарды куруу, оңдоо жана реконструкциялоо иштерин бүтүрдү. «Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүу пункту да ЕАЭБ талаптарына ылайык, мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандарга жагымдуу шарт түзүү максатында толук оңдоодон өттү. Биз ар бир туристтин Кыргызстан тууралуу көз карашы, ою, андагы чек араны кесип өткөндө жана чек ара кызматкерлеринин аларга жасаган мамилесинен улам түзүлөрүн эстен чыгарбашыбыз керек», – деди Премьер-министр.

Архитектура курулуш турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, Премьер-министрдин кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын   оңдоодон өткөрүү тапшырмасынын негизинде 2016-жылдын 25-сентябрында «Токмок – автодорожный» жана  «Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын курулуш иштери башталган.

«Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоого 26,5 млн сом каражат сарпталды. Мындан сырткары бүгүнкү күндө, «Ак-Тилек-Автодорожный»  жана  «Чалдывар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Алардын курулуш иштери жакынкы аралыкта аягына чыгат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Данияр Сатимов,  чек араны кесип өткөн жарандар жана чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн максималдуу шарттар түзүлгөнүн билдирди. Мыйзам бузуулар жана туристердин укугун бузуу фактыларына жол бербөө максатында пункт толугу менен видео байкоодо турат. Аны менен бирге жарандардын убактысын албай паспорттук текшерүүлөрдү тездетүү үчүн атайын кошумча бөлмөлөр курулган.

Чек араны кесип өткөн жарандар үчүн эл аралык деңгээлде жагымдуу шарт түзүү максатында эки кабаттан турган көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагына жүргүнчүлөрдүн документтерин катоо жана паспорттук текшерүү бөлүмдөрү бар.

Автоунааларды текшерүү үчүн чоң үстү жабылган сарай курулган. Мындан сырткары модернизациялоо маалында жеңил унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өзүнчө катар эске алынган.

«Кең-Булуң-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту 2003-жылдан бери түнү-күнү, токтоосуз мөөнөттө  иштеп келе жатат.

Андан ары Өкмөт башчы  Сооронбай Жээнбеков «Ак-Тилек-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, «Кант-Чүй көпүрөсү» жолун модернизацяилоо долбоору иштелип чыгып, «Ак-Тилек-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы көпүрөнүн жанына жанаша куруу пландалууда.

Премьер-министр КР Мамлекеттик чек ара кызматына чоң жүк ташуучу унааларды текшерүү процедураларын кароону  тапшырды.

Мирзиёевдин сапарын утурлай Ташкент облусунда он күндүк ишенбилик жарыяланды

Ташкент облустук элдик билим берүү башкармалыгы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин ыктымал сапарын утурлай он күндүк ишембилик жарыялады.

Билим берүү башкармалыгы мугалимдерге гүл менен райхандарды отургузуу, мектептин тегерегиндеги бак-дарактарды иретке келтирүү, ажатканаларды тазалоо тапшырмасын берди.

Зангиата облусундагы мектептердин мугалимдеринин бири ар бир классты ремонттоп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздоо үчүн 120-130 доллар керек экенин билдирди. “Мындан тышкары бизге эгин жыйноого катышуу жана пахта терүү үчүн акчаларды камдап туруу керектигин дагы эскертишти. Мунун баары бизди тажатты. Алар мугалимдерди чыныгы кара жумушчуларга айлантып алышты”, -деди ал.

Ахангаран районундагы дагы бир мектептин жетекчилиги материалдык базаны чыңдоо үчүн керектүү жабдууларды коңшу мектептен ижарага алууга аргасыз болду. “Мектепте компьютер, ал гана эмес окуу куралдары дагы жок. Учурда биз аларды коңшу мектептерден ташып келип жатабыз. Химия бөлмөсү үчүн үстөл, отургуч, шкафтарды алып келдик”,-деди мугалимдердин бир.

Билим берүү башкармалыгы Ташкент облусунда он күндүк ишембилик жарыяланганын тастыктады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню