Menu

КООМ

Бишкек-Ош жолунда унаа кырсыгы болуп, экинчи айдоочу окуя болгон жерден качып кетти

Токтогул районунда 2017-жылдын 7-июну күнү саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 281-чакырымында “Фольксфаген Гольф” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 5793 S унаа менен “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Натыйжада жЖол кырсыгынан “Фольксфаген Гольф” унаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү жеңил жаракат алса, ал эми “Хонда Одиссей” унаасынын айдоочусу кырсык болгон жерден качып кеткен.
КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан жаракат алган адамдар унаадан чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүлүп беришкен. Алар Токтогул райондук ооруканага жеткиришкен.

Сергей Шойгу: "Россия өзүнүн аскердик базаларын Кыргызстан жана Таджикстанда жаңы куралдар менен күчтөндүрүүдө"

Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбордук Азия региондоруна көчүүсүнө каршы туруу үчүн Россия өзүнүн аскердик базаларын жаңы куралдар менен Таджикстан жана Кыргызстанда күчтөндүрүп жатат. Бул туурасында Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу кечээ, 7-июнда Астанада болгон ШКУ мамлекеттеринин куралдуу күчтөр жетекчиликтеринин отурумунда билдирди.

РИА Жаңылыктарынын билдиришине караганда, бул ишти Россиянын Коргоо министрлиги Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбордук Азияга жылышына каршылык көрсөттү үчүн жасап жатат. “Ушул максатта биз россиялык аскердик базаларынын согуштук даярдыктарын Таджикстан жана Кыргызстанда күчөтүп, заманбап куралдар жана аскердик техникалар менен камсыз кылуудабыз”, – деди министрликтин башчысы.

Бул максатта Борбордук Азия мамлекеттеринин аскердик күчтөрүнө жардам берилип, алардын согуштук мүмкүнчүлүктөрүнө көбүрөөк көңүл бурулат, деп белгиледи.

“2017-жыдын мартында Таджикстанда республиканын күч структуралары менен антитеррордук командалык-штабдык үйрөтүүлөр өткөрүлгөн, сентябрга ушуга окшош эле улуттук аскердик контингенттердин катышуусундагы үйрөтүүлөр ЖККУга мүчө мамлекеттерде болоору пландалууда” – деп эскерте кетти Шойгу.

Сергей Шойгу: "Россия өзүнүн аскердик базаларын Кыргызстан жана Таджикстанда жаңы куралдар менен күчтөндүрүүдө"

Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбордук Азия региондоруна көчүүсүнө каршы туруу үчүн Россия өзүнүн аскердик базаларын жаңы куралдар менен Таджикстан жана Кыргызстанда күчтөндүрүп жатат. Бул туурасында Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу кечээ, 7-июнда Астанада болгон ШКУ мамлекеттеринин куралдуу күчтөр жетекчиликтеринин отурумунда билдирди.

РИА Жаңылыктарынын билдиришине караганда, бул ишти Россиянын Коргоо министрлиги Афганистандагы террордук активдүүлүктүн Борбордук Азияга жылышына каршылык көрсөттү үчүн жасап жатат. “Ушул максатта биз россиялык аскердик базаларынын согуштук даярдыктарын Таджикстан жана Кыргызстанда күчөтүп, заманбап куралдар жана аскердик техникалар менен камсыз кылуудабыз”, – деди министрликтин башчысы.

Бул максатта Борбордук Азия мамлекеттеринин аскердик күчтөрүнө жардам берилип, алардын согуштук мүмкүнчүлүктөрүнө көбүрөөк көңүл бурулат, деп белгиледи.

“2017-жыдын мартында Таджикстанда республиканын күч структуралары менен антитеррордук командалык-штабдык үйрөтүүлөр өткөрүлгөн, сентябрга ушуга окшош эле улуттук аскердик контингенттердин катышуусундагы үйрөтүүлөр ЖККУга мүчө мамлекеттерде болоору пландалууда” – деп эскерте кетти Шойгу.

Тажик депутаты: ИМ тобу тажикстандыктарды SMS аркылуу азгырууда

«Ислам мамлекети» террордук тобу күн сайын Тажикстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына уюмдун катарына кошулуу чакырыктары жазылган 90 миңден ашык SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүп турат.

Бул тууралуу 7-июнда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын укук тартиби, коргонуу жана коопсуздук комитетинин башчысы Журахон Мажидзода билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү 3 миллион интернет колдонуучунун 80 пайыздан ашыгы социалдык түйүндөрдө террордук мүнөздөгү маалыматтарга жана ал багыттагы үгүттөргө кабылышат.

Парламентарий өткөн жылдын декабрында Тажикстан Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясын кабыл алганын билдирди. Айтымында, анын кабыл алынышына террорчулардын өз максаттары үчүн заманбап технологияларды, анын ичинде интернетти жигердүү пайдаланып жаткандыгы түрткү болгон.

Тажикстандагы «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдун фондунун маалыматы боюнча, ИМ тобунун үгүттөөчүлөрү социалдык түйүндөрдө активдүү иш алып барышып, алар аркылуу тажикстандыктарды өз катарына үгүттөп келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев EXPO учурунда коопсуздукту камсыздоону тапшырды

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев эл аралык EXPO-2017 көргөзмөсүнүн алдында күч түзүм органдарынын жетекчилери менен жолукту.

«Толкундатуучу учурга – көргөзмөнүн ачылышына өтө аз калды. Казакстан борборуна өтө көп сандагы коноктордун келери күтүлүүдө. Учура ЭКСПО-2017ни көрүү үчүн 1,2 миллион билет сатылды. Бул биз күткөндөн алда канча көп», – деди Назарбаев.

Акордо тараткан маалыматка ылайык, жыйында EXPO-2017 көргөзмөсүн өткөрүүнүн жалпы тартиптери жана шаар тургундары менен коноктордун коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды.

Нурсултан Назарбаев өлкө жарандарынын жана коноктордун коопсуздугун Астанада эле эмес, бардык аймактарда сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Бир күн мурун президент улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Карим Масимов менен жолугушуу учурунда дагы ушул маселени талкуулаган.

EXPO-2017 көргөзмөсү 10-июндан 9-сентябрга чейин болот. «Казинформ» агенттигинин билдиришинче, иш-чарага ондон ашык мамлекеттин жетекчилери катышат. Ага чейин Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Чайкоочу кеңеш" чайкоочу бойдон эле калабы?

Өлкөбүздүн башкы маалымат каражаты болгон КТРКнын ишин, редакциялык саясатын көзөмөлдөп, тескеп турган Байкоочу кеңеш бар. Анын курамы эки жарым жылда жаңырып, президент, Жогорку Кенеш жана коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлөт. Бирок иш жүзүндө КТРК оңолуп, чыныгы элдик деле болуп кеткен жок. Тескерисинче элдин акчасына каржыланып, жалаң бийликтин сөзүн сүйлөп, саясатын жүргүзүп, барабанын дүңкүлдөткөн адатын коё элек. Адистер мындай абалдын себебин Байкоочу кеңешке телевидениенин “Т…сын” да билбегендердин келип жаткандыгынан көрүшүүдө. Ошондуктан эл арасында Байкоочу кеңеш “Чайкоочу Кеңеш” аталып калган. Себеби алар жогоруда айтылган бийлик бутактарынын кызыкчылыгын гана көздөп, ошолордун жеке аброюн коргоо менен алек. Натыйжада экран менен эфирден эл угуп, көрө турган бир да кызыктуу берүүлөр кетпестен, көпчүлүк учурда бийликти мактап, оппозииияны сындаган гана көрсөтүүлөр орун алууда. Жакында кезектеги жаңы курам шайланды. Бул ирет да телевидение менен радиодо бир күн иштебеген, иштесе да, макала, репортаж даярдабай, текстти гана окуп берген денгээлдегилер келишти. Ал эми төрагалыкка “бийликтин дежур чалына” айланган адамдын шайланышы көпчүлүк журналисттердин нааразычылыгын жаратууда.

Булак: “Майдан”

УКМК: Фейсбукта улут аралык кастыкты козуткандарга иш козголду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдагандай, буга чейин Фейсбукта улут аралык кастыкты козуткан пикирлерди жазуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иштин алкагында иликтөө жүрүп, социалдык тармакта мындай багытта маалымат тараткан адамдардын тек-жайы аныкталган. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун билдиришинче, алардын айрымдары улуттар аралык тирешүүгө ачык эле чакырык таштаганы аныкталды:

– Айрым Фейсбук колдонуучулар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда болгон жаштардын чатагы боюнча пост же пикир жазганда ачык эле улуттар аралык кастыкты козутууга чакырышкан. Муну Улуттук илимдер академиясынын филологиялык экспертизасы да тастыктады.

Сулаймановдун маалыматы боюнча, буларга кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча (расалык, улут, диний жана аймак аралыккастыкты козутуу) кылмыш иши козголду.

8-май күнү Ноокендин Масы айылында жергиликтүү жаштар чатакташып, бирөө башкаларын бычактап, качып кеткен. 19-май күнү бычак жеген жаштардын жакындары райондук милициянын алдына барып, бычактаган жигитти таап, жазалоосун талап кылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

“Фергана.ру” сайты Кыргызстанда жабылабы?

Журналист Улукбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жарыялаган макаласы коомчулукта катуу талкууну жаратты. Аны кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы мамилеге “чагым таштады” дегендер көбүрөөк болду. Макалада автор “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучулары тарабынан жазылган пикирлерге орун берген. Ал жакта улуттар аралык кастыкты козуткан пикирлер айтылат. Айрымдар журналист Бабакуловду “эл душманы” атап, “Фергана.ру” сайтын Кыргызстанда жаап салууга чакырышты. 2010-жылдагы кандуу июнь окуясынын 7 жылдыгынын алдында бул макала жарыяланып, коомчулукта талкуу күчөгөндөн кийин кыргыз, өзбек улутундагы Ош шаарынын айрым аксакалдары элге кайрылуу жасашты. Окуянын баары Ноокен районундагы массалык мушташтан башталган. Милициядан кабарлашкандай, Ноокендин Масы айылында 18-май күнү болгон мушташтан бир адам бычактан жеңил жарат алган. Жабыркаган баланын ата-энеси шектүүнү табууну талап кылышкан. Журналист Бабакуловдун макаласында айтылгандай, жарат алган бала кыргыз болгон, издөөдөгүсү “өзбек” деп көрсөтүлөт. ИИМдин маалымат кызматы Ноокенде эч кандай улут аралык араздашуу болбогондугун, жөн гана катардагы чыр-чатак экендигин билдирди.

Булак: “Майдан”

Өзбекстанда пенсионер велосипед менен ажылык сапарга чыкты

Наманган облусунун Чартак районунун пенсионери Хусан Хожибаев ажылык үчүн велосипед менен Сауд Арабиясына жол тартты. Учурда ал Бухара облусуна жетти.

75 жаштагы Хусан Хожибаев велосипед менен жолго 2-июнда чыккан. Ал Түркмөнстан чек арасына 7-июнь күнү кечинде же 8-июндун таңында жетерин айткан.

Пенсионер Хожибаев Сауд Арабиясына баруу үчүн Түркмөнстан жана Ирандын жолдорун басып өтүшү керек. Бирок ал бул өлкөлөргө кирүү үчүн виза алган эмес. Анын айтымында анын колунда Өзбекстандан “чыгуу” визасы гана бар.

Былтыр сентябрда Хусан Хожибаев маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөзүнө куран түшүрүү үчүн Самаркандга барган. Пенсионер анда 500 чакырым жол баскан эле. Фейсбуктун колдонуучулары аксакалдын сапарын “кичи ажылык” менен салыштырып, ага жаңы велосипед белекке беришкен.

Ажылык мусулмандар үчүн ыйык беш парздын бири болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аталап ыйлаган бөбөктөр

Өткөн жумада интернет желесине эки сот процессиндеги көрүнүш чагылдырылган тасма тарап, көргөн адамдын көңүлүн оорутту. Анын бири “Ата Менен” фракциясынын лидери, учурда абакта отурган Өмүрбек Текебаевдин соту болсо, экинчиси экс-депутат Садыр Жапаровдун таламын талашам деп чыга коюп, камакка алынган тарапташтарынын процесси.

Сот кадимкидей сот, айыпталган тарап да, актаган жана айыптаган жак да бар. Бирок, процесске кичинекей балдардын аралашканы, айрыкча ыйлашкандары жүрөк оорутарлык нерсе.

Садыр Жапаровдун тарапташтарынын биринин эки жашар баласы темир тор артындагы атасын көрүп калып, “аталап” ыйлады. Бирок, конвойлор баланы атасына жакындатышпады. Текебаевдин сотунда да ушул эле көрүнүш кайталанды. Саясатчынын кичүү кызы Айсараны атасынан ортодогу конвойлор бөлүп турушту. Айсара эсине кирип калгандыктан, эки жашар баладай, үн чыгарып, буркурабаса да, көзүнөн жашын агызып, апасына жөлөнүп турду.

Процесске катышып аткандардын кийлигишүүсү менен гана Текебаев кызынын маңдайынан сүйө алды.

Муну карап туруп, “саясатың менен сайда кал, чоңдордун оюнунан запкы тартып, балдар ыйлабасынчы”,- дегиң келет.

Булак: “Майдан”

Меню