Menu

КООМ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун бактарды кыюуга каршы чыккан 10 адамга карата билдирүүсү

2017-жылдын 2-июнунда Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүнө митинг уюштуруп, бактарды кыюуну токтотууну талап кылып, Токтоналиев көчөсүндө жолду тоскон 10 адамга карата административдик материалдар келип түшкөндүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту билдирет.

Ошол күнү, 2-июнда сот иштерди карап, анын жыйынтыктары боюнча бардык укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 29-беренесин колдонуу менен токтомдорду чыгарган. Администрациялык жаза-чара катары эскертүү түрү чыгарылган.

Жаңы окуу жылы башталганга чейин жол четинде жайгашкан мектептердин жолунун инфраструктурасын жабдуу боюнча комплекстүү чараларды аягына чыгаруу керек

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда, балдардын жол коопсузудугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы дагы бир ирет белгилегендей, бүгүнкү күндө жол коопсуздугу жана  балдардын  жол-транспорт кырсыктарынан алган жаракаты  менен байланыштуу абал  коомдогу курч темалардын бири болуп саналат. Ички иштер министрини орун басары  Алмазбек Орозалиев маалымдагандай, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында  республика боюнча 537 орто мектеп жол четинде, чоң жолго жакын аймакта жайгашкандыгы аныкталган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  тийиштүү мамлекеттик органдарга  чол четиндеги мектептердин коркунуч даражасы боюнча топторго бөлүп,  жол инфраструктурасын этап-этабы менен жабдуу тапшырды.

«Аталган иш ыраттуу жана өтө ыкчам жүргүзүлүшү керек. Биринчи кезекте жол кырсыгы коркунучу  жогору болгон мектептерде атайын жол чырактар, жол белгилери коюлушу керек», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ички иштер министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлиги жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 2017-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө  жол четинде жайгашкан мектептердин жолунун инфраструктурасын жабдуу боюнча комплекстүү чараларды аягына чыгаруу   тапшырылды. Финансы министрлигине  жогоруда көрсөтүлгөн чараларды ишке ашырууга акча каражатын өз убагында бөлүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин маалыматында 2017-жылдын 5 айында, 2016-жылдын 5 айына салыштырмалуу 89 жол кырсыгына (575-486) же 15,4% балдардын катышуусунда жол кырсыктары аз катталган.

«Үстүбүздөгү жылы 130 жүргүнчүлөрдү ташыган ишканаларды комплекстүү текшерүү жана жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды 370 жолу текшерүү болгон. Жыйынтыгында 405 автобус жана кичи автобустар каттамдан чыгарылып, административдик жоопкерчиликке тартылып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бул багытта 87 көрсөтмө өткөрүлүп берилген», – деди Алмазбек Орозалиев.

Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадыханов маалымдагандай, өлкөнүн бардык мектептеринде балдарга түшүндүрүү чаралары көрүлүп, ата-энелердин катышуусунда жол эрежелерин сактоо боюнча жыйындар өткөрүлүүдө.

Мындан сырткары өлкөдөгү авто унаа айдоону үйрөткөн мектептердин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Ага ылайык 102 жана 210 мектептерге аныкталган эскертүүлөрдү жок кылуу боюнча көрсөтмөлөр берилген.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Гүлмира Абдралиева билдиргендей, оор кесепеттери менен катталган жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында жол инфраструктурасын жакшыртуу чаралары көрүлүп жатат. Бугүнкү күндө эл аралык маанидеги «Бишкек-Нарын-Торугарт» (102-169 км чейин), «Бишкек-аэропорт Манас» ( 7-30 км чейин), «Алма-Ата-Бишкек-Ташкент» (235-255 км чейин) жолдоруна бөлүп туруучу темир бетон парапеттер коюлду. Мындан сырткары бөлүп туруучу темир бетон парапеттер Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүнө да орнотулду.

 

Дачаларга "айыл" макамын берүүнүн алдында бир катар жагдайларды тыкыр иликтөө зарылдыгы белгилүү болду

Бүгүн, 5-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Экмат Байбакпаев, Пархат Тулендыбаев. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Демилгечилердин бири депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоору республика аймагындагы дача шериктештиктеринине “айыл” макамын берүүгө багытталып жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен сунушталып отурат. Дачаларга “айыл” макамын берүүдө колдонуудагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамдын 20-беренесинде, маселен, дачалык жерлерди трансформациялоодо алгач дачалык жерлер белгиленген тартипте муниципиалитеттин же мамлекеттин пайдасына алынып коюп, анан жеке турак жай курулушуна которулаары белгиленген. Баяндамачы Э.Байбакбаевдин пикиринде, бул ченем жеке менчик институтунун негизги принциптерин бузат. Мындан улам, аталган мыйзамдын 20-беренесин дачалык жерлерди кошпогондо шаардагы жана айылдагы калктуу пункт жайгашкан жерлерди белгиленген тартипте алынгандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жеке турак жай курулушуна которулат деп өзгөртүү сунушталган.

Талкуунун жүрүшүндө дачаларга “айыл” макамын берүүдө алардын баарына эле бул макам бериле бербестиги, калктуу пунктка киргизүүдө коюлуучу талаптарга жооп бере тургандарына гана берилери айтылды. Маселен, азыркы тапта дачалар сайдын же жардын жээктеринде, коргоо жана өнөржай мекемелерине тиешелүү жана башка калктуу пунктка киргизүүдө коюлуучу талаптарга жооп бербеген жерлерде жайгашкан. Мындай шартта коюлган талаптарга жооп бергендерин киргизилип, калганын киргизбей тандалмалуу мамиле болуп каларын айткан депутаттар бүгүнкү күндө дээрлик баардык эле дача тургундары “айыл” макамын талап кылып жатканын, мындай бөлүп-жарган мамиле туура болбостугун белгилешти. Ошол эле маалда дача деген түшүнүктө эмне жазылса, демек, дачалык жер тилкелери ошол өз максатында гана пайдаланылышы керек деген да пикирлер айтылды. Мындан сырткары, айдоо жерлерин дачалык участок деп документтештирип берген шылуундар эми бул жерлерди дача деген ат менен трансформация кылып кетиши мүмкүн экени кошумчаланды.

Депутат Мирлан Бакиров бул маселе боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүнү сунуш кылды. Ал чет өлкөлөрдө 1 мыйзам 3-4 жыл тыкыр иликтенип, андан кийин аткаруу бийлигинин башына көйгөй жаралбагандай кабыл алынган тажырыйбалар бар экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында демилгечи депутат Экмат Байбакпаевдин макулдугу менен жогоруда айтылган жагымсыз жагдайларды болтурбоо үчүн мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жиберилди.

Кыргызпатенттин, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жана Финансы рыногун жөнгө салуу кызматынын статс-катчылары кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы үчүн КР Премьер-министринин атынан сыйланышты

Сооронбай Жээнбеков Кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы, статс-катчылардын иштеринин рейтингинде жогорку жетишкендиктери үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык буйрукка кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Ташиев Жапаркул Актаевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Мамыралиев Айбек Абаскановичке,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыяланды.

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

5 июня 2017г. в 00:45ч. в сейсмологической станции Института сейсмологии НАН КР зарегистрировали землетрясение с силой в эпицентре 3.5 балла по 12 балльной шкале MSK-64 (магнитуда Mpv=4.1,энергетический класс K=9.8), сообщает Пресс-служба МЧС КР.

Очаг землетрясения был расположен на территории  Таджикистана в 24 км к юго- западу от селе Кара-Тейит, в 91 км к юго-востоку от г.Баткен, в 167 км к юго-западу от г.Ош.

Координаты  эпицентра φ =39  ° 26  ´с.ш.  λ = 71° 28´  в.д.

В населённых пунктах Кыргызской Республики интенсивность землетрясения составляла в селах Кара-Тейит, Карамык 3.0 балла, в селе Шибээ-2,5 балла.

Жертв и разрушении нет.

Абдилла Андакулов, Март жана Апрель революцияларынын, Аксы окуясынын катышуучусу: "Биз эки революцияны коомдо адилеттүүлүк болор деген үмүт менен жасаган элек…"

Коомдо ушунчалык кемтерин, сырдуу инсандар бар.  Андайлар тарыхта кала турган өзгөчө манилүү иштерди аткарып койсо да мактанбай, унчукпай, элдин катарында жөнөкөй жашап жүрө беришет.   Ошто жашаган журналист Сабыр Буркашевди мен жогоркудай инсандардын катарына кошомун.     Себеби мен 2005-жылы март жана 2010-жылы апрель революцияларына өзүм катышып, эң оор кырдаалдарда журналист Сабыр Буркашевди карапайым элдин арасында кызуу иш үстүндө жүргөнүнө күбө болгонмун. Өзүнүн чыгармачылык кесибине чын дилинен берилгендиктен ар кандай кыйын шарттарда да элдин мүдөөсүн коомдогу абал менен айкалыштырып,  массалык маалымат караражаттары аркылуу калыс чагылдырып тургандыгы азырга чейин калкыбыздын эсинде.

Журналист Сабыр Буркашев  биринчи болуп Жалал-Абад шаарынын негизделиши жана анын шаар катары түптөлүшүнө себепчи Мурзакул болуш тууралуу тарыхый китепти жазган. Ал китеп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты   Асилбек Жээнбековдун демөөрчүлүгү менен 1993-жылы он миң тиражда басылып чыккан. Кокон, Ташкент, Маргылан жана башка шаарлардагы мамлекеттик архивдерди изилдеп, жазылган ушул китептин негизинде Жалал-Абад шаарында бир нече жолу эл аралык илимий –практикалык конференциялар уюштурулуп, бул жерде Мурзакул болуштун айкели орнотулган.

2004-жылы «Мекен астанадан башталат» деген публицистикалык чыгармасы үчүн журналисттердин арасында  Алтын калем сыйлыгынын лауреаты болгон.

2014-жылы  кыргыз журналисттеринин арасында биринчи болуп мындан жүз жыл мурда астрономия, алгебра, геометрия жана Ислам философиясы боюнча илимий эмгектерди жаратып кеткен Молдо Кошбак тууралуу китеп жазууга жетишти. Буга чейин бул киши тууралуу биздин тарыхчылар такыр билген эмес. Журналист Сабыр Буркашев  дайыма тынымысыз изденгендиктен эч ким жазбаган, байкабаган актуалдуу темаларды көтөрүп чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул китеби да көптөгөн окурмандардын арасында кызыгууну ойготуп, жогорку окуу жайларда жолугушуулар уюштурулду.

Айрыкча 2010-жылы апрель революциясында С Буркашев активдүү катышкандыгын өз көзүм менен көрүп жүрүп, ал чыныгы элдин журналисти экендигине ынанганмын. Сабыр ошол мезгилде «ЭлТР» телерадиокампаниясынын Жалал-Абад областы боюнча редактору болуп эмгектенчү эле. Жалал-Абад областындагы революциялык кыймылдарды, карапайым элдин ой-талаптарын  Сабыр  ушунчалык оперативдүү жана калыс чагылдырып турчу эле. Биз революционерлер анын журналисттик калыс позициясына жана кесиптик чеберчилигине өтө жогору баа берип, ошондо эле бул жигитке алкышыбызды айтып, ыраазычылыгыбызды билдиргенбиз.

Кыйладан бери жүрөгүмдү өйүп келаткан ушул темага кайрылып калган соң дагы бир эсте каларлык тарыхый окуяны айта кетейин. 2010-жылдын июнь айында улуттар аралык жаңжал чыгып, Сузак жергесинде ок атылып турган эң оор кырдаалдарда  Сабыр Буркашев журналисттик кайраттуулугун иш жүзүндө далилдеп койгон.  Себеби убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү генерал-лейтенант Исмайил Исаков, Азимбек Бекназаров Сузактын кире беришиндеги айлампа жолдо журналисттерди күткөндө жалгыз ушул Сабыр Буркашев  видеоаппараты менен  жетип  барган.  Исаков менен Бекназаров жалгыз ушул тележурналист менен  эң кооптуу абал өкүм сүрүп турган Сузакка кирип чыгышкандыгын унутуп коюшпагандыр. Милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Бакыт Алымбековдор журналист Буркашевди Жалал-Абад  жергесинде эң оор кырдаал өкүм сүрүп турган учурларда да   өтө кооптуу участкаларда иш үстүндө көрүп, кызматына ыраазы болуу менен жылуу мамиледе жүрүшкөндүгүн мен жакшы билемин.  Кийинчерээк абал турукташып, тынчтык орной баштаганда адаттагыдай эле мурда такыр көрүнбөгөн журналисттер пайда боло берди.

Жергебизде тынчтык орноп, журналисттер сыйлана баштады. Ошондо да Сабыр сыйлыкка умтулбады, тааныш, тууган издебеди. Бирок мында генерал лейтенант Исмайыл Исаков чыныгы калыстык позициясын жана чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Жалал-Абад облусундагы чоң жыйында ал эң оор кырдаалдарга карабай кооптуу жерлерде жалгыз Сабыр Буркашевди кызмат үстүндө көрүп жүргөндүгүн эскере айтып, аны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин медалы менен сыйлады. Ушул жыйында катышып отуруп бул журналисттин эрдигине мен да сыймыктана алкыш айтканым азырга чейин эсимде.  Журналисттик эрдиги үчүн төшүнө медал тагынган С.Буркашев эки жумадан кийин эч кандай негизсиз кызматтан бошотулган. Ушунчалык адилетсиздиктин курмандыгы болсо да Сабыр азырга чейин эч кимге арызданбай, эч ким жөнүндө жаман сөз айтпай, же оппозиционер болбой жалгыз өзүнүн таза жан дүйнөсү, чыгармачылыгы менен жашап келүүдө.

Азырга чейин ушундай замандашымды кесиптик тармагына кызматка жакындатпай келаткандыгына өкүнөмүн. Көрсө, ал өзбекстанда төрөлгөн экен.  Кызматка  баруу үчүн анын жердеши да, тууганы да жок экен бул жерде. Мына сага, коомдогу адилетсиздик! Жок дегенде журналистика тармагында адилеттүүлүк болсо керек деп туура эмес  ойлоп жүрө бериптирмин. Кээде ойлонуп, таң каламын. Адилетсиздиктин курмандыгы болуп, укугу басмырланган кесиптешинин аянычтуу абалын башка журналисттер көрүшпөйбү? Мен муну абдан иликтеп, анализдеп көрдүм. Алар көрсө да, жазууга дарамети жетпейт экен. Мына ошондуктан  кыйынсынган журналисттерибиз жаза албаган чындыкты мен өзүм жазып салдым. Себеби мындай адилетсиздике азырга чейин менин инсандык абийирим, ыйманым ушунчалык кыйналып келүүдө. Биз эки революцияны коомдо адилеттүүлүк болор деген үмүт менен жасаган элек…

Абдилла  Андакулов, 2005-жыл Март жана 2010-жыл Апрель  революцияларынын, Аксы окуяларынын  катышуучусу.

Ош областынын Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылы.

 

«Радио байланыш жетпеген» аймактагы 45 айылга 18 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулду

Бүгүнкү күндө «Радио байланыш жетпеген» аймактагы 45 айылга 18 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслятор орнотулду. Буга чейин аталган 45 айылдын санариптик берүүнү көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон. Белгилүү болгондой Кыргызстан боюнча  326 айыл радио байланыш жетпеген зоналарда жайгашкан. 326 айылдын жашоочуларын 2017-жылдын 30-июлуна чейин санариптик телеберүү менен камсыздоо пландалууда.  Ага чейин аналогдук берүүлөр, көрсөтүлгөн айылдык пунктарда  өчүрүлбөйт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Санариптик автоматтык телевизиондук ретранслаторлорду орнотуу Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын планына ылайык жүргүзүлүүдө. План боюнча 211 санариптик автоматтык ретрансляторлор коюлду. Учурда 18 санариптик автоматтык ретрансляторлор: Чүй облусуна – 1, Ысык-Көл – 4, Нарын- 4, Ош– 7, Жалал-Абад– 1 жана  Баткен облусуна – 1 орнотулду.

Аталган айылдарга 211 санариптик автоматтык телевизиондук ретранслаторлорду орнотуу 227 айылды санариптик телеберүү менен камсыз кылат. Жашаган калкы 100 кожолуктан ашпаган калган 99 айыл жеке спутник кабыл алуучу антенналар аркылуу санариптик телерадиоберүүгө кошула алышат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасында 2017-жылдын 15-майынын баштап санариптик телерадиоберүүгө өтүү Программасын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасы санариптик телерадиоберүүгө өткөн.

Абдилла Андакулов, Март жана Апрель революцияларынын, Аксы окуясынын катышуучусу: "Биз эки революцияны коомдо адилеттүүлүк болор деген үмүт менен жасаган элек…"

Коомдо ушунчалык кемтерин, сырдуу инсандар бар.  Андайлар тарыхта кала турган өзгөчө манилүү иштерди аткарып койсо да мактанбай, унчукпай, элдин катарында жөнөкөй жашап жүрө беришет.   Ошто жашаган журналист Сабыр Буркашевди мен жогоркудай инсандардын катарына кошомун.     Себеби мен 2005-жылы март жана 2010-жылы апрель революцияларына өзүм катышып, эң оор кырдаалдарда журналист Сабыр Буркашевди карапайым элдин арасында кызуу иш үстүндө жүргөнүнө күбө болгонмун. Өзүнүн чыгармачылык кесибине чын дилинен берилгендиктен ар кандай кыйын шарттарда да элдин мүдөөсүн коомдогу абал менен айкалыштырып,  массалык маалымат караражаттары аркылуу калыс чагылдырып тургандыгы азырга чейин калкыбыздын эсинде.

Журналист Сабыр Буркашев  биринчи болуп Жалал-Абад шаарынын негизделиши жана анын шаар катары түптөлүшүнө себепчи Мурзакул болуш тууралуу тарыхый китепти жазган. Ал китеп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты   Асилбек Жээнбековдун демөөрчүлүгү менен 1993-жылы он миң тиражда басылып чыккан. Кокон, Ташкент, Маргылан жана башка шаарлардагы мамлекеттик архивдерди изилдеп, жазылган ушул китептин негизинде Жалал-Абад шаарында бир нече жолу эл аралык илимий –практикалык конференциялар уюштурулуп, бул жерде Мурзакул болуштун айкели орнотулган.

2004-жылы «Мекен астанадан башталат» деген публицистикалык чыгармасы үчүн журналисттердин арасында  Алтын калем сыйлыгынын лауреаты болгон.

2014-жылы  кыргыз журналисттеринин арасында биринчи болуп мындан жүз жыл мурда астрономия, алгебра, геометрия жана Ислам философиясы боюнча илимий эмгектерди жаратып кеткен Молдо Кошбак тууралуу китеп жазууга жетишти. Буга чейин бул киши тууралуу биздин тарыхчылар такыр билген эмес. Журналист Сабыр Буркашев  дайыма тынымысыз изденгендиктен эч ким жазбаган, байкабаган актуалдуу темаларды көтөрүп чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул китеби да көптөгөн окурмандардын арасында кызыгууну ойготуп, жогорку окуу жайларда жолугушуулар уюштурулду.

Айрыкча 2010-жылы апрель революциясында С Буркашев активдүү катышкандыгын өз көзүм менен көрүп жүрүп, ал чыныгы элдин журналисти экендигине ынанганмын. Сабыр ошол мезгилде «ЭлТР» телерадиокампаниясынын Жалал-Абад областы боюнча редактору болуп эмгектенчү эле. Жалал-Абад областындагы революциялык кыймылдарды, карапайым элдин ой-талаптарын  Сабыр  ушунчалык оперативдүү жана калыс чагылдырып турчу эле. Биз революционерлер анын журналисттик калыс позициясына жана кесиптик чеберчилигине өтө жогору баа берип, ошондо эле бул жигитке алкышыбызды айтып, ыраазычылыгыбызды билдиргенбиз.

Кыйладан бери жүрөгүмдү өйүп келаткан ушул темага кайрылып калган соң дагы бир эсте каларлык тарыхый окуяны айта кетейин. 2010-жылдын июнь айында улуттар аралык жаңжал чыгып, Сузак жергесинде ок атылып турган эң оор кырдаалдарда  Сабыр Буркашев журналисттик кайраттуулугун иш жүзүндө далилдеп койгон.  Себеби убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү генерал-лейтенант Исмайил Исаков, Азимбек Бекназаров Сузактын кире беришиндеги айлампа жолдо журналисттерди күткөндө жалгыз ушул Сабыр Буркашев  видеоаппараты менен  жетип  барган.  Исаков менен Бекназаров жалгыз ушул тележурналист менен  эң кооптуу абал өкүм сүрүп турган Сузакка кирип чыгышкандыгын унутуп коюшпагандыр. Милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Бакыт Алымбековдор журналист Буркашевди Жалал-Абад  жергесинде эң оор кырдаал өкүм сүрүп турган учурларда да   өтө кооптуу участкаларда иш үстүндө көрүп, кызматына ыраазы болуу менен жылуу мамиледе жүрүшкөндүгүн мен жакшы билемин.  Кийинчерээк абал турукташып, тынчтык орной баштаганда адаттагыдай эле мурда такыр көрүнбөгөн журналисттер пайда боло берди.

Жергебизде тынчтык орноп, журналисттер сыйлана баштады. Ошондо да Сабыр сыйлыкка умтулбады, тааныш, тууган издебеди. Бирок мында генерал лейтенант Исмайыл Исаков чыныгы калыстык позициясын жана чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Жалал-Абад облусундагы чоң жыйында ал эң оор кырдаалдарга карабай кооптуу жерлерде жалгыз Сабыр Буркашевди кызмат үстүндө көрүп жүргөндүгүн эскере айтып, аны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин медалы менен сыйлады. Ушул жыйында катышып отуруп бул журналисттин эрдигине мен да сыймыктана алкыш айтканым азырга чейин эсимде.  Журналисттик эрдиги үчүн төшүнө медал тагынган С.Буркашев эки жумадан кийин эч кандай негизсиз кызматтан бошотулган. Ушунчалык адилетсиздиктин курмандыгы болсо да Сабыр азырга чейин эч кимге арызданбай, эч ким жөнүндө жаман сөз айтпай, же оппозиционер болбой жалгыз өзүнүн таза жан дүйнөсү, чыгармачылыгы менен жашап келүүдө.

Азырга чейин ушундай замандашымды кесиптик тармагына кызматка жакындатпай келаткандыгына өкүнөмүн. Көрсө, ал өзбекстанда төрөлгөн экен.  Кызматка  баруу үчүн анын жердеши да, тууганы да жок экен бул жерде. Мына сага, коомдогу адилетсиздик! Жок дегенде журналистика тармагында адилеттүүлүк болсо керек деп туура эмес  ойлоп жүрө бериптирмин. Кээде ойлонуп, таң каламын. Адилетсиздиктин курмандыгы болуп, укугу басмырланган кесиптешинин аянычтуу абалын башка журналисттер көрүшпөйбү? Мен муну абдан иликтеп, анализдеп көрдүм. Алар көрсө да, жазууга дарамети жетпейт экен. Мына ошондуктан  кыйынсынган журналисттерибиз жаза албаган чындыкты мен өзүм жазып салдым. Себеби мындай адилетсиздике азырга чейин менин инсандык абийирим, ыйманым ушунчалык кыйналып келүүдө. Биз эки революцияны коомдо адилеттүүлүк болор деген үмүт менен жасаган элек…

Абдилла  Андакулов, 2005-жыл Март жана 2010-жыл Апрель  революцияларынын, Аксы окуяларынын  катышуучусу.

Ош областынын Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылы.

 

Видео - Жашыл шаарды кумсарткан КСДП мэрлериби?

Шаардагы Токтоналиев көчөсүн 4 багыттуу автотрасса кылуу үчүн мэрия дарактарды кыюуда. “Зеленстройдун” бригадасы аталган көчөдөгү дарактарды массалык түрдө кыйып башташкан. Жергиликтүү эл каршы болуп нааразычылыкка чыгышты.

 

 

 

Булак: “Сентябрь”

Корейлердин чалдары кыргыз кыздарын алышууда

Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 16-майында чет өлкөгө турмуш курууга чакырган нике агенттиктердин жарнамаларын, кулактандырууларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тыюу салган токтом кабыл алган. Ага нике агенттиктери аркылуу чет өлкөгө турмушка чыккандардын көбү зомбулукка кабылып, “бактысыз болууда” -деген жүйөөлөр негиз болгон.

Аталган токтомду кабыл алгандан кийин нике агенттиктердин жарнамалары ЖМКлардан жок болуп кеткен. Бирок, азыркы учурда бул жарнамалар интернет аркылуу жарыяланып, чет өлкөгө турмушка чыгуу азгырыктарынын аягы суубай келет. Гезитке материал даярдоо үчүн атайы интернеттеги нике агенттигинин биринин байланыш номурун терип, Кореяга күйөөгө чыгуу тууралуу оюбузду айтсак, дароо эле шаардагы кафелердин бирине чакырды. Белгиленген саатта айткан жерине бардык. Бизди корей улутундагы орто жаштагы аял жадырап жайнап тосуп алды. Өзүн тааныштыргандан кийин Түштүк Кореянын экономикасы кандай өнүккөндүгүн, корей жигиттеринин билимдүү жана акчалуу келишерин баса белгилеп айтты. Биз “канча жаштагы корей жигитке турмушка чыгабыз?” – деп сураганыбызда, ал буларды белгиледи “келечекте күйөө бала болуучу жигиттердин жашы 35 жаштан 45 жашка чейин. Алар бул жашка чейин талыкпай билим алып, иштеп жүрүп үйлөнбөй калышат. Жакында эле бир кыргыз кыз 70 жаштагы кишиге турмушка чыкты. Корей жигиттердин жаш курагы өйдө болгону менен абдан жаш көрүнүшөт”. Бул ортомчу “жеңеге” көпчүлүк кыргыз кыздар корей жигиттеринин байлыгына кызыгып келишет экен. Анын айтуусунда 10 жылдан бери ушул багытта иштеп, 600гө жакын кыргыз кыздарын Кореяга турмушка узатыптыр. Бир сааттай лекция окуган бул “жеңе”, акыры бизди дагы корей жигитине турмушка чыгуубузду сунуш кылды.

2015-жылы Бишкектеги “Бакыт” өргөөсүнөн үч миңге жакын жаш жубайлар ак никеге турушкан. Алардын арасында кыргыз кыздарынын чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыккандар  да бар. Баш кошкон жубайлар никеге Бишкектеги төрт райондун, Кыргызстандын жети облусунун, ондогон райондорунун никеге каттоо бөлүмдөрүндө туруп, күбөлүк алса болот. Ошондуктан, канча кыргыз кыздары чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жаткандыгы белгисиз. Кыргыз кыздарынын башка улуттар менен үй-бүлө куруп жаткандыгы коомдо кайчы-пикирлерди жаратып келет. Айрым улутчулдар “кыргыз кыздары жалаң гана кыргыз жигиттерине турмушка чыгышы керек”-деп билдирсе, аны адам укугун чектөө, кыздардын бактысын басмырлоо катары баалагандар да бар.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, жазуучу:

«АЯЛ ЗАТЫ ЖЕТИШТҮҮ ЖАШООНУН БУЛАГЫН ИЗДЕЙТ»
– Кайда турмушка чыгат же кайдан аял алып келет, ал ар кимдин жеке каалоосундагы иш. Жогорку токтом чындыгында адам укугуна чек койгон. “Темир көшөгөсү” бар СССРдин учурунда деле четке турмушка чыгып кеткен кыздар бар болчу. Кеткендер кайра келишчү эмес. Себеби, кесилип кетишчү. Азыр болсо кайра кайтып келишет. Совет мезгилинде да четке кеткен кыздардын кор болгондору тууралуу укчубуз. Бирок, мындай процесс токтогон эмес. Токтобойт дагы. Анткени, анын баары адамдын ички эңсөөсүндө жатат. Айрымдар кыялында ушул Кыргызстандан чыгып кетсе эле жыргал турмушка туш келчүдөй ойлошот. Ошентип бала күнүнөн кыялданышат. Анан аны биринчи эле мүмкүнчүлүктө ишке ашырып жатат. Аял заты негизинен дайыма эркектен таяныч, жетиштүү жашоонун булагын издейт.

Бирок, мындай кыял Кыргызстандын чөйрөсүндө дайым эле табыла бербейт. Өмүр бою эркек менен тең жарышып, ал түгүл андан ашып иштеш керек болот. Ошондо араң орточо жашоо курушуң мүмкүн. Болбосо, ал да жок. Дайым “жетишсиздик” дегендин өзүнөн чарчайсың. Ошондуктан, биздей экономикалык жактан артта калган, жашоо турмуш шарты төмөн мамлекеттердин кыздары чет өлкөлөргө чыгып кеткилери келет.

Рита КАРАСАРТОВА, укук коргоочу:

«КОРЕЙ КИНО ТАСМАЛАРЫНДАГЫ ЖОМОК ЖАШООНУ ЭЛЕСТЕТКЕН КЫЗДАРЫБЫЗ БАР»

– Чет жерге турмушка чытууда ар бир кыздын жоопкерчилиги болушу шарт. Кыздарыбыз 18 жашка чыкканда, алардын бутунан кармап калтыра албайбыз. Мамлекет элге туура маалымат жеткирүү менен “зордук-зомбулук”, “кулчулукка кабылгандар” тууралуу социалдык жарнамаларды көрсөтүү керек. Ар бир мамлекетте элчиликтер жарандар менен иш алып баруу керек. Чет жердеги биздин элчиликтер, кыргыз жарандарын коргоодо алгылыктуу иштей албай жатышат. Ал эми кыздарыбыз башка улутка чыгууга, албетте, укуктуу. “Кыргыздын кыздары башка улуттарга турмушка чыкпайт”-деген мыйзамды эч бирөө чыгара албайт. Укуктук калыпка салып, бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Кыздарга каада-салт, накыл кептерди үйрөтүү менен туура жолго салуу зарыл. “Чет элдиктерге турмушка чыкпагыла”-деп кыздарга чек коё албайбыз. Корей кино тасмаларындагы укмуштуудай жомок жашоону элестеткен кыздарыбыз көп. Чыныгы жашоо кинодогудай болбойт. Ал эми нике агенттиктеринин жүргүзгөн иштеринин артында чоң күчтөр турат. Алар кийлигишпесе, нике агенттиктери жападан жалгыз адамдарды сыртка кантип алып чыкмак эле?!

Булак: “Алиби”

Меню