Menu

КООМ

Ашхабаддыктар айрым банктардан чет өлкөлүк валюта ала албай жатышат

Ашхабадда жашоочулар кеминде төрт банктын филиалынан чет элдик валютада акча ала албай жатышат.

Өз булактардын маалыматына караганда, күн сайын мамлекеттик банктардын алдында 50-60 киши кезекке турууда. Алардын арасында чет өлкөдөн айлык алгандар дагы бар.

“Мен жана дагы 100дөй кесиптешим он күндөн бери Өндүрүш Банкынын филиалынан айлыктарыбызды ала албай жатабыз. Акча түшкөндө чалабыз дешип, бирок чалышпайт. Күн сайын ушундай окуя кайталанууда”,- деди Пушкин атындагы орусиялык мектептин мугалими.

Өнүрүш банкынын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, мындай кырдаал Түркмөнстанда чет өлкөлүк валютанын азайгандыгынан келип чыгууда. Бул маалыматты бийлик өкүлдөрү тастыктап же четке каккан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - “Ата Мекен” кыйылган дарактар маселесин парламентте кароону сунуштайт

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү дарактарды кыюу маселесин парламентте кароону сунуштайт. Бул тууралуу аталган фракциядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, фракция Бишкек шаарынын мэри бул маселе боюнча депутаттарга маалымат бериши керек деп эсептейт.

Бишкек шаарынын бийлиги Токтоналиев көчөсүнүн жээгиндеги 140тан ашуун түп бак-даракты кыюу чечимин кабыл алган. Муну аталган көчөдөгү жолду кеңейтүү чечими менен түшүндүрүшкөн.

2-июнда бак-дарактарды кыюу башталганда Бишкектин бир нече тургуну каршылык билдирип чыккан эле.

Нааразылык акциясына чыккан он кишини милиция кармап кетип, кийинчерээк бошоткон.

Бишкекте кыйылган бактарга аза күтүштү

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Абдилла Андакулов, Март жана Апрель революцияларынын, Аксы окуясынын катышуучусу: "Биз эки революцияны коомдо адилеттүүлүк болор деген үмүт менен жасаган элек…"

Коомдо ушунчалык кемтерин, сырдуу инсандар бар.  Андайлар тарыхта кала турган өзгөчө манилүү иштерди аткарып койсо да мактанбай, унчукпай, элдин катарында жөнөкөй жашап жүрө беришет.   Ошто жашаган журналист Сабыр Буркашевди мен жогоркудай инсандардын катарына кошомун.     Себеби мен 2005-жылы март жана 2010-жылы апрель революцияларына өзүм катышып, эң оор кырдаалдарда журналист Сабыр Буркашевди карапайым элдин арасында кызуу иш үстүндө жүргөнүнө күбө болгонмун. Өзүнүн чыгармачылык кесибине чын дилинен берилгендиктен ар кандай кыйын шарттарда да элдин мүдөөсүн коомдогу абал менен айкалыштырып,  массалык маалымат караражаттары аркылуу калыс чагылдырып тургандыгы азырга чейин калкыбыздын эсинде.

Журналист Сабыр Буркашев  биринчи болуп Жалал-Абад шаарынын негизделиши жана анын шаар катары түптөлүшүнө себепчи Мурзакул болуш тууралуу тарыхый китепти жазган. Ал китеп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты   Асилбек Жээнбековдун демөөрчүлүгү менен 1993-жылы он миң тиражда басылып чыккан. Кокон, Ташкент, Маргылан жана башка шаарлардагы мамлекеттик архивдерди изилдеп, жазылган ушул китептин негизинде Жалал-Абад шаарында бир нече жолу эл аралык илимий –практикалык конференциялар уюштурулуп, бул жерде Мурзакул болуштун айкели орнотулган.

2004-жылы «Мекен астанадан башталат» деген публицистикалык чыгармасы үчүн журналисттердин арасында  Алтын калем сыйлыгынын лауреаты болгон.

2014-жылы  кыргыз журналисттеринин арасында биринчи болуп мындан жүз жыл мурда астрономия, алгебра, геометрия жана Ислам философиясы боюнча илимий эмгектерди жаратып кеткен Молдо Кошбак тууралуу китеп жазууга жетишти. Буга чейин бул киши тууралуу биздин тарыхчылар такыр билген эмес. Журналист Сабыр Буркашев  дайыма тынымысыз изденгендиктен эч ким жазбаган, байкабаган актуалдуу темаларды көтөрүп чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул китеби да көптөгөн окурмандардын арасында кызыгууну ойготуп, жогорку окуу жайларда жолугушуулар уюштурулду.

Айрыкча 2010-жылы апрель революциясында С Буркашев активдүү катышкандыгын өз көзүм менен көрүп жүрүп, ал чыныгы элдин журналисти экендигине ынанганмын. Сабыр ошол мезгилде «ЭлТР» телерадиокампаниясынын Жалал-Абад областы боюнча редактору болуп эмгектенчү эле. Жалал-Абад областындагы революциялык кыймылдарды, карапайым элдин ой-талаптарын  Сабыр  ушунчалык оперативдүү жана калыс чагылдырып турчу эле. Биз революционерлер анын журналисттик калыс позициясына жана кесиптик чеберчилигине өтө жогору баа берип, ошондо эле бул жигитке алкышыбызды айтып, ыраазычылыгыбызды билдиргенбиз.

Кыйладан бери жүрөгүмдү өйүп келаткан ушул темага кайрылып калган соң дагы бир эсте каларлык тарыхый окуяны айта кетейин. 2010-жылдын июнь айында улуттар аралык жаңжал чыгып, Сузак жергесинде ок атылып турган эң оор кырдаалдарда  Сабыр Буркашев журналисттик кайраттуулугун иш жүзүндө далилдеп койгон.  Себеби убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү генерал-лейтенант Исмайил Исаков, Азимбек Бекназаров Сузактын кире беришиндеги айлампа жолдо журналисттерди күткөндө жалгыз ушул Сабыр Буркашев  видеоаппараты менен  жетип  барган.  Исаков менен Бекназаров жалгыз ушул тележурналист менен  эң кооптуу абал өкүм сүрүп турган Сузакка кирип чыгышкандыгын унутуп коюшпагандыр. Милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Бакыт Алымбековдор журналист Буркашевди Жалал-Абад  жергесинде эң оор кырдаал өкүм сүрүп турган учурларда да   өтө кооптуу участкаларда иш үстүндө көрүп, кызматына ыраазы болуу менен жылуу мамиледе жүрүшкөндүгүн мен жакшы билемин.  Кийинчерээк абал турукташып, тынчтык орной баштаганда адаттагыдай эле мурда такыр көрүнбөгөн журналисттер пайда боло берди.

Жергебизде тынчтык орноп, журналисттер сыйлана баштады. Ошондо да Сабыр сыйлыкка умтулбады, тааныш, тууган издебеди. Бирок мында генерал лейтенант Исмайыл Исаков чыныгы калыстык позициясын жана чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Жалал-Абад облусундагы чоң жыйында ал эң оор кырдаалдарга карабай кооптуу жерлерде жалгыз Сабыр Буркашевди кызмат үстүндө көрүп жүргөндүгүн эскере айтып, аны Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин медалы менен сыйлады. Ушул жыйында катышып отуруп бул журналисттин эрдигине мен да сыймыктана алкыш айтканым азырга чейин эсимде.  Журналисттик эрдиги үчүн төшүнө медал тагынган С.Буркашев эки жумадан кийин эч кандай негизсиз кызматтан бошотулган. Ушунчалык адилетсиздиктин курмандыгы болсо да Сабыр азырга чейин эч кимге арызданбай, эч ким жөнүндө жаман сөз айтпай, же оппозиционер болбой жалгыз өзүнүн таза жан дүйнөсү, чыгармачылыгы менен жашап келүүдө.

Азырга чейин ушундай замандашымды кесиптик тармагына кызматка жакындатпай келаткандыгына өкүнөмүн. Көрсө, ал өзбекстанда төрөлгөн экен.  Кызматка  баруу үчүн анын жердеши да, тууганы да жок экен бул жерде. Мына сага, коомдогу адилетсиздик! Жок дегенде журналистика тармагында адилеттүүлүк болсо керек деп туура эмес  ойлоп жүрө бериптирмин. Кээде ойлонуп, таң каламын. Адилетсиздиктин курмандыгы болуп, укугу басмырланган кесиптешинин аянычтуу абалын башка журналисттер көрүшпөйбү? Мен муну абдан иликтеп, анализдеп көрдүм. Алар көрсө да, жазууга дарамети жетпейт экен. Мына ошондуктан  кыйынсынган журналисттерибиз жаза албаган чындыкты мен өзүм жазып салдым. Себеби мындай адилетсиздике азырга чейин менин инсандык абийирим, ыйманым ушунчалык кыйналып келүүдө. Биз эки революцияны коомдо адилеттүүлүк болор деген үмүт менен жасаган элек…

Абдилла  Андакулов, 2005-жыл Март жана 2010-жыл Апрель  революцияларынын, Аксы окуяларынын  катышуучусу.

Ош областынын Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылы.

Видео - Ташкентте жүздөгөн адам студенттин өлүмүн иликтөө талабы менен акцияга чыгышты

4-июнда Ташкенттин «Достук» сейил багында жүздөгөн адам 17 жаштагы Жасур Ибрагимовдун өлүмүн иликтөөнү талап кылып чогулушту. Медициналык колледждин жанында катуу токмок жеген бала бир айдан кийин ооруканада көз жумган.

Жасурга беш жолу хирургиялык операция жасалып, бирок 1-июнда каза тапкан. Ташкенттин Ички иштер башкы башкармалыгы бир нече кишиге карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

Акцияга чогулган Ташкенттин жашоочулары укук коргоо органдарынан уландын өлүмүн иликтөөнү талап кылып, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевге ачык кат жолдошту.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, акциянын катышуучулары менен Ташкенттин ИИБ башчысынын орун басары, Тергөө башкармалыгынын жетекчиси жолукту.

4-июнда акция өтөрү тууралуу маалымат социалдык түйүндөрдө бир күн мурун жарыяланган. Бир сутка ичинде бул кабар менен 13 миң колдонуучу бөлүшкөн.

Маркум Жасур Ибргаимов медициналык колледждин 2-курсунун студенти болгон.

Жалал-Абадда бойдон алдыруулар саны азайып жатат

 Жалал-Абад шаарында гана эмес, жалпы областта да аялдар арасында бойдон алдыруулар саны улам барган сайын азайып баратат. Бул тууралуу областтык репрордукция борборунун жетекчиси, төрөт кызматынын координатору Айнура Давлетова билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары медицина кызматкерлеринин эл арасында жүргүзгөн аракеттери аркылуу област аймагында бойдон алдыруулар саны азайып бара жатат.

-Мисалы, 2015-жылы област аймагында жалпысынан 1936 бойдон алдыруу учуру катталса, кийинки 2016-жылы анын саны 1666 болгон. Анын ичинен, 16-17 жаштагы кыздар арасындагы бойдон алдыруулар саны 2015-жылы 32ни түзсө, 2016-жылы 19ду түздү. Булардын ичинен биринчи жолу бойго бүткөндөрүнүн саны 2015-жылы 23 болсо, 2016-жылы 14 болду, – дейт ал.

Алынган маалыматтарга караганда, областта бойдон алдыруу жагынан алдыда бараткандар 20-24 жаштагылар болуп саналат. Алар арасында бойдон алдыруулар саны 2015-жылы 548 болсо, 2016-жылы 440 болду.

А. Давлетованын айтымында, мында негизинен медиктердин жүргүзгөн түшүндүрүү иштери жана контрацептивдерди пайдалануу боюнча калк арасындагы маалымдуулук роль ойногон. Бирок, Эгер эл аралык донорлор калк арасында контрацептивдерди акысыз таркатууну колдоого алышпаса, абал кыйындап кетиши ыктымал.

Ала-Букада катуу жааган жамгырдын кесепетинен айрым жерлерди суу каптады

Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 2017-жылдын 1-июнь күнү түндө саат 02:00-03:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Ак-Башат сел сайынан жана Өрүктү-Сай суусунан сел суулары ашып кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

2017-жылдын 1-июнь күнү КР ӨКМ райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМ Мониторинг департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзгөн.

Ак-Башат сел сайынан келген сел суулары Өрүктү-Сай айылынын жогору тарабынан өткөн Эшме суугат каналына курулган түтүкчөдөн ашып, 1 турак жайдын короолоруна кирип, там аркаларындагы  эгилген бак дарактарын кулаткан.

Өрүктү-Сай суусунан келген сел суулары оң жээгинде жайгашкан 2 турак жайдын короолоруна кирип, 1 кожолуктун үлүш аянттарынын жээктерин  жеп, эгилген  бак дарактарын алып кеткен.

Колоттордон агып келген сел суулары Өрүктү-Сай суусуна кошулуп,  сайдан ашып, сайдын сол жээгиндеги 1 турак жайдын короосун каптап (2006-жылы КР ӨКМ тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн) үйдүн арткы дубалы кулап түшүп, авариялык абалга келген.  Ал турак үйдө учурда эчким жашабайт, көп жылдан бери кароосуз калган. 4 кожолуктун үлүш жерлеринин жээктерин сел суулары жеп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Өрүктү-Сай суусунун нугун буруу, түздөө жана сайдын жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылган, ага  райондук №17 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган. Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

Каныбек Осмоналиев,профессор: “Кыргыз интеллигенциясы болбогон нерсеге алданып, бийликтин камчысын чаап жатат”

Кыргыз интеллигенциясынын коомдогу орду кандай? Эмнеден өксүп жатат? Дүйнө өлкөлөрүнүн интеллигенциясы менен кыргыз интеллигенциясынын айырмачылыктары эмнеде? Интеллигенция менен бийликтин байланышы кандай? Кыргыз парламентинин кайсы чакырылышында интеллигенттер активдүү боло алышкан? Партиялык система менен шайлоонун оош-кыйыштары эмнеде? Мына ушул маселелердин тегерегинде профессор, физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев менен сукбат курдук.

Интеллигенциянын ролу канчалык күчтүү болсо мамлекет ошончолук күчтүү болот

-Интеллигент өкүлү катары учурдагы коомубузга баа берсеңиз?

-Эгемендик алгандан бери эле көп мамлекеттердин контексинде карап көрсөк, заманбап мамлекетибизди кура албай келе жатабыз. Акаев, Бакиев, Отунбаева, эми азыркы бийликтин мезгилинде деле элдин мүдөөсүн аткарган бийликке жетпедик. Карапайым адамдардын мүнөздөрүнө, мүдөөлөрүнө бап келген функциялар аткарылбай келет. Баалуулуктар жоголуп, байлык, бийлик, акчага көз каранды болуп калдык.  Бийлик жана материалдык ресурстарды колдонуу менен байысак, бийликке келсек деп гана калдык.

-Коомубузда ага каршы турган күч жокпу?

-Ага каршы турган күч бул жарандык коом, элдин өзү болуш керек. Башмыйзамыбызда да “бийликтин ээси – эл” деп жазылып турат. Анын ичинде эң активдүүсү – биздин интеллигенция болушу керек. Кандай гана бийлик болбосун интеллектуалдык көрөңгөсүн биринчи орунга коюп, ага таасир этиши керек болчу. Тескерисинче, биздин интеллигенттер башын кумга сайып алышып, болбогон нерсеге алданышып, бийликтин камчысын чаап келе жатышканы мени өкүндүрөт. Мына акыркы кездери бийликте жаатташып, тирешип жатышат. Жылаңач саясатта эле эмес, экономикабыздын гүлдөп өнүгүшүндө да интеллигенция чечүүчү ролду ойнош керек болчу.

Биздин интеллигенттердин бийликке көз карандылыгына, чечкинсиздигине мисал келтирсеңиз?

-Мисалы, мамлекет “Кумтөр” кенинен түшкөн пайданын ондон бирин гана көрүп жатат. Илим, билим, маданият менен алектенген интеллигенция өкүлдөрү муну билип турат да. Илимий баа берилип деле жатат . Мен физик катары өз пикиримди айткам. “Кумтөрдөн” канча пайда түшөрүн билип туруп “казынага мынча акча түшүшү керек болчу” дешип талап кылышкандын ордуна кээ бир интеллигенттерибиз, анын ичинде геологдор ж. б. да бар “мөңгү ээрибейт экен, Нарын дайрасына эч нерсе агып түшпөйт ” дешип жүзүкаралыкка барышты. Андай интеллигентерди албетте бийлик колдонот да. Акаев, Бакиев, Отунбаева колдонду, мына эми азыркы бийлик да колдонуп жатат. Интеллигенциянын ролу канчалык күчтүү болсо мамлекет ошончолук күчтүү болот. Россияны эле алалычы. Орус интеллигенциясы президент Путиндин бетине эле айтып, амбициясын ооздуктап коюп эле жатпайбы. Путин эмне аларды кырып таштадыбы?! Батыш Европада, АКШда интеллигенция чечүүчү ролду ойнойт. Жакында эле Трамп обу жок указдарды кабыл ала баштады эле, АКШ интеллигенциясы Жогорку сотко чейин кайрылып, кайтарып алууга аргасыз кылды. Биздин бийлик деле андай указдарды чыгарып жатат. Бирок биздин интеллигенция үн катпады. Алтургай айрым маселелерди илимдин тилинде түшүндүрүп бергиле дегенде, билмемиш болушуп, качышып,  бир-бирине шылтоолошуп, Илимдер академиясы Юстиция министрлигине, Юстиция министрлиги Билим берүү, илим министрлигине шылтап, качып жүрүшөт.

Кыргызстан псевдоэксперттердин лабораториясына айланып калды

-Экономикабыздын өнүгүүсүнө интеллигенцияны тартыш үчүн эмне кылыш керек?

-Биринчи кезекте билим, илим, медицина системасын саясаттан оолактатышыбыз, саясатка таптакыр жолотпошубуз керек болчу. Европанын,Түштүк -Чыгыш Азиянын, АКШнын, Япониянын эң чоң куралы,күчү ушунда. Биз мектептерден бери саясатка аралаштырып, бүт баарын көз каранды кылып алдык. Билим, илим, медицина системасын саясаттан оолактатсак, алар эч кимге, эч нерсеге көз каранды болбой калмак. Мугалимден тартып академикке чейинкилердин бекем ордун аныктап, алардын көз карашы, ой-пикирлери депутаттарды, министрлерди, керек болсо президентти сестендире турган жагдайды түзүшүбүз керек. Ошондо гана бизде бири-бирин уккан коом түзүлүп Кыргызстан өнүгөт. Азыр биздин мамлекетте эч кимди эч ким укпайт. Дагы белгилеп айтам, айрыкча билим бери системасын саясаттан оолактатышыбыз керек. Ансыз коомубуз оңолбойт. Билим берүү системасы мышык ыйлай турган абалга келип калды. Билим бери системасы Кыргызстанда дүйнөдө жаны жок, билим берүүнүн псевдоэксперттеринин полигонуна, лабораториясына айланып калды. Каалагандай эксперименттерди жүргүзүп жатышат.

-Кыргыз парламенттинин кайсы чакырылышындагы интеллигенттерди баалайсыз?

-Коомчулук “Легендарлуу парламент” деп атап алган чакырылыштагы интеллигенттер активдүү болушкан. Ал чакырылышта интеллигенттер көп болгон. Алар А.Акаевдин бийликти узурпациялоосун токтотуп коюшкан. Акаев “менде бийлик калган жок, Англиянын королевасына окшоп калдым” дегенине карабай, 1993-жылы айтылуу Башмыйзамды кабыл алып коюшкан. Бийликтердин бири-бирин көзөмөлдөө функцияларын камсыз кылышкан. Акаев кийин гана жаны жоктук кылып, митайымдык менен парламентти таркатып жиберип бүт бийликти узурпациялап алган. Ошондой эле нерсени Бакиев жасады. 2007-жылы октябрда Башмыйзамды өзгөртүүгө Бакиевге жол берилген эмес. Кийин оппозиция, интелгигенция дымып калганда декабрда өзүнө ылайыктаган Башмыйзамды кабыл алдырып алды.

-Президент менен интеллигенциянын мамилеси кандай болушу керек?

– Мында Кыргызстандын, жалпы эле чыгыш элдеринин менталитетин эске алып, биринчи кезекте президентибиз өзү толеранттуу болушу керек. Президентибиз керек болсо өзү интеллигенттердин күчтүү лагерин камсыз кылышы керек. Бул биринчи кезекте президенттин өзүнө жакшы болот. Абсолюттук бийликти өз колуна топтоп алгандын аягы эмне менен бүткөнүн көрдүк го. Тилекке каршы азыркы коом да ошол жакты көздөй кетип жатат. Бир гана оң жол – интеллигенцияны басынтпоо керек, аны тескерисинче көтөрмөлөө зарыл. Интеллигенция коомдун авангарды болуп, алдыңкы катарда туруп, коомду айыктыра турган даарыгерине айланышы абзел. Ошондо гана бийлик интеллигенциядан сестенип турат, тетири иштерге барбайт.

 6-чакырылыш мурда болуп көрбөгөндөй бийликке, акчага, байлыкка кулдук урган чакырылыш болуп калды

-Легендарлуу парламентти эске албаганда андан берки кыргыз парламенттинде көзгө көрүнүктүү интеллигенция өкүлдөрү болбой келет. Себеби эмнеде?

-Ооба легендарлуу парламентте интеллигенттер көп болгон. Коомдун алга жылышышында алар маанилүү ролду ойношту. Парламенттин андан кийинки чакырылыштарында деле интеллигенттер болуп келе жатат. Тилекке каршы парламенттин ал чакырылыштарында илим, билим, маданият менен шугулдангандар өз позицияларын билдире албай келишти. Айрыкча азыркы 6-чакырылышта олтурган интеллигент депутаттар. Учурдагы чакырылышта 10 чакты депутат олтурат. Алар кимдер экенин, аты-жөнүнөн өйдө билебиз. 6-чакырылыш мурда болуп көрбөгөндөй бийликке баш ийген, акчанын, бийликтин, байлыктын аркасынан жүгүрүп, аларга кулдук урган чакырылыш болуп калды. Жогору жактагылар бийлигине маашырланып, элдин кыжырын келтирип, жинине тийбеши керек. Аймактарга тынбай каттап, эл менен аралашып жүрөм. Азыр эл жакырланып, жаралуу арстанга окшоп калды. Бийлик оюнун токтотпосо, элди укпаса аягы жакшылык менен бүтпөйт. Бийлик “менин колуман баары келет” дегенин токтотушу керек.

-Партиялык система менен шайлоого көз карашыңыз?

-Партиялык система менен шайлоо дүйнөдө эң сонун, туура система. Биз аны амбицияга айлантып алдык. Партиялык системаны оюнчук катары көрүп келебиз. Анын негизги маңызын пайдалангандын ордуна ага баш ийдире турган механизмдерди биринчи орунга коюп койдук. Элибиз караңгы эмес, элибиз чыдамдуу. Бир мандаттуу деле системадан өтүп көрбөдүкпү. Аялы менен күйөөсү, баласы менен атасы сүйлөшпөй калбады беле. Партиялардын күчүн президент баш болгон бийликтегилер өздөрү камсыз кылышы керек болчу. Президент өзүнүн эле партиясын көкөлөтө бербеши керек. Япония менен Америкага чейин партиялык система эң сонун эле иштеп жатат. Бизде партияны чөнтөк партияга айлантып алышты. Мунун өзү кылмыш. Аны интеллигенция көзгө сайып көрсөтүшү керек эле. Тилекке каршы билмексен болуп олтурушат. Айталы, эмне үчүн партиянын атынан кандидатураларды райондук округдарга коюуга болбосун? Округдарга койгондо аларды эл таанып билмек, тандашмак. Ал эми бизде андай эмес. Биз жалпы эле тизмелештирип койдук да партиянын лидерлерине болгон бардык рычагдарды колдоруна карматтык. Алар болсо өз билген иштерин жасап, өздөрү каалагандай “талкан чайып” жатышат.

Маектешкен Дайырбек Мейманов

Булак: “Алиби”

Фото - «Муундар маеги» – “Generanions talk” аталышындагы кайрымдуулук долбоору 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү

Бүгүн борбор калаадагы Д. Асанов атындагы “Жеңиш” паркында “Ассанабил” коомдук фонду тарабынан 1-июнь эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өспүрүм балдардын катышуусунда флешмоб өткөрүлдү. “Муундар маеги” аттуу   саамалыкка 500дөн ашуун томолой жана жарым жетим балдар балдарга арналган.  Майрамдык иш КРнын ЖКнин депутаты Тазабек Икрамов, КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова жана ”Катар Хайрия”  фондунун мүдүрү Халид Вакил, “Ассанабил” коомдук фондунун жетекчиси Саид Баюми, белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер жана   эстрада жылдыздары катышышты.

Салтанатта алгач балдар үчүн оюн-зоок уюштурулуп андан соң өспүрүмдөр тайпаларга  бөлүнүшүп алар көрүнүктүү инсандар менен  ар кыл темада кенен маек курушту. Маектин темасына жараша балдар өз ойлорун сүрөт кылып шайы кебез бетине түшүрүп жатышты. Ал арада келген коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды. Соңунда балдар тарткан сүрөттөрү жөнүндө ой бөлүшүп, ар бир тартылган сүрөттөр шарларга байланып асманга учурулду. Майрамдык иш чара жыйынтыкталып жатып балдарга белектер жана шириндиктер таркатылды. Ошондой эле майрамга келген  500 баланын ар бирине ар квартал сайын берилип туруучу алты миң сомдон жөлөк пул таркатылды. Майрамдын сонунда келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, баары бир ооздон – “келечек муундарды  өстүрүүдө ушундай иш чаралар керек” экендигин басап белгилеп өтүштү.  Аягында  майрамды уюштурган “Ассанабил” жана “Катар Хайрия” коомдук фондторунун мүдүрлөрү сөз сүйлөп, бүгүнкүдөй иш чара жыл сайын кайталанып тураарын айтышты.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук иштери менен алектенген «Ассанбил» коомдук фондунун камкордугунда бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 2000 бала бар. Алар ай сайын жөлөк пул жана атайын жардамдардан тышкары өзгөчө майрамдык күндөрдө көңүл сыртында калтырылбай келет. Ал эми  бүгүнкү 1-июнь эл аралык балдары коргоо күнүнө карата Катар элчилиги менен биргеликте өткөрүлгөн иш чарага болгону Чүй өрөөнүндөгү 500 бала катышты.

Меню