Menu

КООМ

Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

2017-жылдын 20-майында Ысык-Көл областынын Түп районунун Түп айылында Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Оморов Алмаз Усупбековичтин жаркын элесине арналган жана мамлекетибизде “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялангандыгынын алкагында Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдайт.

Бул мелдештин уюштуруучусу Түп райондук соту. Спорттук иш-чара жылына бир жолу жергиликтүү соттордун командаларынын арасында өткөрүлөт.

Жалпысынан мелдеште областтык соттун, райондук жана шаардык соттордун, Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын жана Ысык-Көл областынын адвокаттар коллегиясынын кызматкерлеринен түзүлгөн 8 команда ат салышты.

Бул иш-чаранын башкы максаты болуп сот системасынын кызматкерлеринин арасында сергек жашоого үндөө, достук жана спорттук алаканы бекемдөө жана мыкты кичи-футбол командасын аныктоо саналат.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Жети-Өгүз райондук сотунунун командасы багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга Ысык-Көл областтык Сот департаментинин башкармалыгынын командасы, үчүнчү орунга Ысык-Көл областтык сотунун командасы ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Окуучулар эми бир китепке 25 сом төлөшөт

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын айткан. Буга Венгрияга окууга сынак тапшырган балдардын документтери жиберилбей, тизмеге чиновник, депутаттардын уул-кыздары кирип калганын мисал катары келтирген. Мындай жагдай коомчулукта чоң талкуу жаратты. Мындан улам Билим берүү министрлиги: «Грантка катышкандар кимдин балдары экенинин бизге кызыгы жок. Бизге баланын билим деңгээли, анын жарандык позициясы, өз өлкөсүнө жардам берүүгө умтулуусу жана албетте сырт жакта окууга эмне үчүн кызыгып жаткандыгынын мотивациясы маанилүү», – деген жообун берип, чиновниктердин балдары тууралуу маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Бул ызы-чууга чекит коюла электе, министрлик башталгыч класстардын китептерине ижара акысын киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Токтом ишке аша турган болсо, окуучулар 1-сентябрдан тартып бир китеп үчүн 25 сом төлөшү керек болот. Коомчулук буга дагы нааразы. Айтор элди иренжиткенден башка иш жүрбөй калды.

Булак: “Фабула”

Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер: «Кыргызстанга Европанын фабрикасын алып келдим, саясий системасын алып келип киргизсем, менде бул дүйнөдө арман болбойт эле»

Саясатта өзүнүн көз карашы бар саясатчы Өмүрбек Абдрахманов көптөн бери эл көзүнө көрүнбөй, саясатка активдүү аралашпай кетти эле. Көрсө, Өмүрбек мырза Кемин районундагы Алтымыш деген айылында 22 гектар жерге Европадан алма көчөт алып келип олтургузуп, алма бак өстүрүү менен алек болуп жатыптыр. Абдрахмановдун бул иши колдоого аларлык. Саясатта бири-бирине асылып, ит-мышык болгондор да пайдалуу бир иш жасап, элге өрнөк болгонго качан өтөт дейсиң да.  Өмүрбек Абдрахманов башкалардан өзгөчөлөнүп, ошол ишти жасоого киришиптир.

— Өмүрбек мырза, сизди көпчүлүк саясатчы катары билет. Сиз болсо Италиядан алма көчөттөрүн алып келип, алма өстүрүү менен алектенип кетиптирсиз. Бул ой качан пайда болду?

— Менин саясатчы болсом, Кыргызстанга демократиялык системаны орнотсом деген максатым бар болчу. Бирок, Кыргызстанда мындай ойду колдогондор дээрлик жок экен. Саясаттан сырткары оокат кылыш керек да. Мурун европа тибиндеги 150 киши иштеген мебелдик фабрика ачкам. Кыргыздын мебель фабрикасын базарком жок кылган. Саясатка аралашып жүргөнүмдө Бакиев фабрикамды талкалаганда, аны сатып АКШга качып кеткем. Эгер адам бир нерсени жасайм десе анын кесиби эч кандай роль ойнобойт.

— АКШга качып кеткениңиз сизге жакшы нерселерди үйрөттү да?

— АКШга баргандан кийин ал жактагы коомду, экономиканы, маданиятты үйрөндүм. Алардын коому мага абдан жагат. Эртедир-кечтир кыргыздар ошол коомго барабыз. Ал коомду америкалыктар ойлоп тапкан жок. Ар бир коомдун өнүгүү деңгээлине жараша өзүнүн маданияты болот. Илгери чокой кийип, ат минип жүрсөк, азыр кымбат баалуу кийим кийип, машина менен жүрөбүз. Эгер кимдир бирөө же кайсыдыр бир мамлекет жогору чыкпай калып калса, ал адамдын, мамлекеттин келечеги жок. Ошондуктан мамлекет да заманга жараша өсүп турушу зарыл. Кийин депутат болуп беш жыл олтурдум. Ачыгын айтайын, беш жыл убакытым текке кетти. Анткени, ал жерде демократияны куралы, системаны өзгөртөлү деген киши жок экен. Жалгыз эмне кыла аласың? Кыйкырып-кыйкырып тим болосуң. Сени карап күлүп коюшат. Ал жерде баарысы “шабашка” жасашат, акча алышат, өзүлөрүнүн кадрларын жумушка орноштурушат, андан башка эч кандай идея жок. Ошондой жерден кутулганыма сүйүндүм да, бир иш кылсам деген аракет болду. Биз кааладыкпы-каалабадыкпы Бажы биримдигине кирип калдык. Биз биримдикте эмне сатышыбыз керек? Кыргыздар азыркы абалыбыз менен үч дөңгөлөктүү велосипед да жасай албайбыз. Бир гана айыл чарбасы менен гана рынокко чыксак болот. Эгер Европанын мыкты сортторун алып келип өстүрсөк, анын стандарттарын мыкты карасак эле Европадагыдай товар чыгат. Ал үчүн биздин аба ырайыбыз да абдан мыкты. Өндүргөн товарды кааласаң сыртка алып чык, кааласаң өзүбүздө сат. Кыргызстандын баардык алмасын жыйнап барсаң, Россиянын бир шаарына жетпейт. Россия биздин айыл чарба үчүн океан. Ошон үчүн биринчиден өзүм ушул ишти жасайын, экинчиден элге өрнөк болоюн деп ушул ишти жасап жатам. Сүйлөшүп олтурган фермердин үйү. Бул жерге вагон коюп алып олтурсаң деле болот. Бирок, жашооң, сезимиң ошол вагон менен өтүп кетет. Андыктан, заманбап, баардык шарты бар, ушул жерге келгиң келген нерсени жасаш керек. Быйыл олтургузган алма көчөттөрдүн баары жүз пайыз көктөдү. Булар сертификаттары бар дүйнөдөгү эң мыкты сорттор. Ушундай жаңылыкты алып келсең да Кыргыз Өкмөтү 20 миң алма көчөт үчүн 20 миң доллар алып коюшту. Ушундай мамлекет өнүгүүгө мүмкүнбү?! Мүмкүн эмес. Кыргызстанга тарап, өрнөк боло турган жаңы нерседен жан талашып коррупционерлерге акча чогулткан системадан эч нерсени күтүүгө болбойт.

— Өзүңүз депутат болуп олтурдуңуз. Депутат кезиңизде эле ушундай иштер тууралуу мыйзам киргизип койсоңор болбойт беле?

— Депутат деген мыйзам жазбаш керек. Ушул нерсени такыр түшүндүрө албай койдум. Депутаттардын арасында бир нерсени түшүнгөнү, түшүнбөгөнү бар. Бизде оюна келгенди жаза беришет. Текебаев миң мыйзам жазыптыр. Бирөөсү иштейби? Бирөөсү заманды өзгөрттүбү? Жок. Ал популизм үчүн жазыла берет. Элге, экономикага керектүү мыйзам дегенди Өкмөт жазышы керек. Мен жазган мыйзамдарым да өтпөй калган. Себеби, көпчүлүгү туура көрбөйт. Маселен, кайберен, кийиктерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзамды Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков үчөөбүз жазганбыз. Аны да өткөрбөй коюшкан. Быйыл Жанар Акаев ошол мыйзамды сурап алып кеткен. Ал дагы өтпөй калды. Анткени, бүт чиновниктердин “шабашкасы” ошол жерде. Алар Кыргызстанды урганы жок.

— Сиздин алма багыңызды көргөнү Өкмөт башчы келе турган болуп жатыптыр. Ал келгенде ушул маселени коёсузбу?

— Премьер-министр райондорду кыдырат эмеспи. Ушул райондун чоңдору жаңы нерсени көргөзсөк десе керек. Аким өзү премьер-министрди алып келели деп келип кетти. Мен эл көрсүн, үйрөнсүн деп ушул ишти жасадым. Башкалар бөлөк адамды киргизбей, баардык жагын курчап алат. Себеби, конкуренция күч алышын каалабайт. Мен ушул идея элге канчалык кенен тараса, ошончолук сүйүнөм. Премьер-министр келип калса 20 миң долларды сөзсүз айтам. Андан башка да айтчу маселелер бар. Ал киши келечекте президент болот деген кеп айтылып жүрөт. Ошондуктан ал кишиге ачык айтып бериш керек. Кабыл алса өзү билет, кабыл албаса өзүбүздүн ишибизди кыла беребиз.

— Азыр канча гектар жерди иштетип жатасыз? Жерди сатып алдыңызбы же арендага берилген жерби?

— Былтыр 22 гектар жерди сатып алдым, миңден ашып столба куюп орнотуп, сетка менен короолоп чыктым.

Андан кийин 5 миң столба куюп, алмаларды байлоо үчүн орноттук. Бул столбалардын баарын өзүбүз куйдук. Жер менчик, менчик болбосо иш алдыга жылбайт. Арендага алсаң бир күнү ээси келет да “Түшүмү жакшы болуп кетти, кайра кайтарып бер” деп чыгат. Өкмөттөн алсаң аким келет да “Мурунку аким туура эмес берип койгон экен, кайра кайтарып алабыз” дейт.

— Көчөттөрдү Италиядан алып келиптирсиз. Бул жакка келгиче эле “алтын көчөт” болуп калса керек. Эмне үчүн Италиянын көчөттөрүн тандадыңыз?

— Италиянын алма көчөттөрү немецтердин “Мерседес” машинасындай. Кайсыл жер болбосун кабыл ала берет. Ошондуктан баардык нерсени Европадан үйрөнүшүбүз керек. Өзүңөр көрдүңөр, орустардын 400 килограммдык суу насосун инженерлер коюп кетишти эле, анысы жакшы иштебей, азыр анын ордуна италиялыктардын 30 кг салмактагы насосун коюп жатабыз.

— Көчөттөрдү Венгрия, Словениядан алып келип жаткандар көп. Ал деле Европа эмеспи. Сиз алып келген италиялык алма көчөтүнүн алардан эмне айырмасы бар?

— Биздин жаныбызда контейнер менен тосуп, Түркиядан көчөт алып келип тигишиптир. Менин оюмча ал бай болбойт. 3 жылда бою бир жарым метр болуптур. Биздики болсо бир жылдык көчөттөрдүн бою 1,5–2 метр болуп турат.

— Боюнун узундугу канча метрге жетет?

– 3 метрге чейин көтөрүлөт. Көпчүлүгүбүз мыкты өлкөнүн машинасын сатып алабыз. Түркия, Польша, Венгрия чыгарган машиналарды эмне үчүн сатып алышпайт? Бул дагы ошол сыяктуу. Стандарты аябай мыкты, ар кандай ооруларга кепилдиги менен келген көчөттөр. Мыкты нерсени алыш керек да.

— Сиз айыл чарба тармагында жаңылык киргизем деп аракет кылып жатасыз. Айыл чарбасына жаңылык киргизүүнү каалабаган, дыйкан менен фермерге жарытылуу жардам жасабаган айыл чарба министрлигинин кереги барбы?

— Айыл чарба министрлиги реформаларды колдоп, дыйкандарга шарт түзсө, 20 миң доллар алып калбаса, кереги бар. Мен бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошевге да барып айткам. Ал жигиттин деле иши жок. Алгыңар келсе түшүм болгондо алгыла. Жаңы ишти баштап, керектүү нерселерди сатып алып, жетишпей жатсаң да ушул жерден 20 миң долларды жулуп калып жатпайбы. Душман дагы мындай болбойт.

— Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды беребиз, дыйкандар бутуна турсун деген идеяны көтөрүп чыкпадыбы. Бирок, ал акча дыйкандарга толук жетпей, бийликте олтургандар акчаны алышып, башка максатта колдонушуп жатпайбы. Мисалы, Өмүрбек Бабанов 17 млн долларды соода борборун куруу максатында алганын айтып чыкты. Сиз дагы ошол фондго кайрылып көрдүңүзбү?

— Көчөттөрдү алып келгенге 100 миң доллар кетти. Жол акысын кошкондо ар бир көчөт 5 долларга туура келди. Ушул үчүн Кыргыз-Орус фондунан насыя алсамбы деп ойлогом. Алар дагы келип көрүшүп, бизден акча алыңыз деп кетишкен. Бирок, алганым жок. Акчасы түгөнүп калыптыр. Көрсө, Бабановго окшоп жулкунгандар аялына магазин салып берем деп акчанын баарын шыпырып кетишиптир. Азыр эл арасында 7 пайыздан алып, “Кыргызстан” банкынан 24 пайыздан насыяга берип жатыптыр деп айтып жүрүшөт. Мына ушуга окшогон адамдар президент болобуз деп жулкунуп жүрүшөт. Кыргыздан шыпырып алган акчаларына Россияга барып алып цемент завод куруп жатат. Ушуга окшогон кыргыз элин, жерин сүйбөгөн адам президент болсо, биз эмне болобуз? Адам акчага жанталашпай, жакшы ишке жанталашышы керек.

— Ишти баштап жатканда кеткен чыгаша канча жылда жабылат, качан таза киреше кирет деген эсептелип чыгат эмеспи. Сиздин алма багыңыз кеткен чыгашаны канча жылда актай алат?

— 5 жылда чыгашанын баарын жабат. Калган жылдарынын баары таза пайда. Бул алмалардын түшүм бере турган өмүрү 20 жыл. Андан кийин деле кармаса болот. Бирок, түшүмдүүлүгү азая баштайт. Мен баштап жаткан бизнестин мыйзамы боюнча 20 жылдан кийин жулуп таштайсың. Алмалардын тамыры болгону 30 см гана жерге кирет. Кыйынчылыкты жаратпайт.

— Азыр канча түрүн алып келип олтургуздуңуз?

— Быйыл 3 түрүн алып келдим. Кийинки жылы дагы 3 түрүн алып келем.

— Алма көчөттөргө тамчылатып сугарууну колдонуптурсуз. Өлкөгө кеңири жайылып жаткан системаны эле колдондуңузбу же андан башка жаңы системаны алып келдиңизби?

— Система ошол эле. Бирок, мен абдан сапаттуусун колдондум. Материалдарды Кытайдан, Түркиядан алганым жок.

Израилден алдырдым. Анткени, дүйнө боюнча тамчылатып сугаруу боюнча Израиль биринчи орунда. Байкасаңар, башкалар системаны жерге эле жаткызып коёт. Ал учурда топурак толуп калышы мүмкүн, алманы буйтап кетет. Биздики 50 см бийиктикте асылып турат. Мунун дагы бир артыкчылыгы тамчылап жатканын көрүп турасың. Алманын астындагы нымдуулук ар дайым 65–75 болуш керек экен. Ошол чектен түшүп баратса тамчылатабыз, ашып кетсе токтотобуз.

— Суу чогулткан чоң бассейн куруптурсуз. Бул кандай функцияны аткарат?

— Бассейн 3 функция аткарат. 60–70 метр аралыктан каналда агып жаткан сууну алып келип бассейнге куябыз. Бассейндин чоңдугу 1200 куб. Олимпиадага катышабыз десеңер ушул жерден сүзгөндү да үйрөнсөңөр болот. Күн жааганда суу кир болуп агып жатса, бассейндин наркы башынан куйганда, берки башына жеткиче тунуп калат. Ошону эсептеп жасадык. Кокус каналды суу жырып кетип, суу жок болуп калса алмалар өлүп калбашы үчүн бир жумалык запасы болушу керек. Бул бассейнге 10 күндүк запасты кармайбыз. Бул бактарга жылуу суу бериш керек. Тоодон түшкөн муздак суу берген болбойт. Суу бассейнде туруп жылып калат. Ошол үчүн чоң бассейн курдук. Астына 50 жылга чыдай турган өзгөчө плёнка төшөлдү. Аны геомембрана деп коёт, калыңдыгы 1,5 мм.

— Бакты кароо үчүн жумушчуларды алыптырсыз. Булардын айлык акысы кандай? Кимдер иштеп жатат?

— Алма тиккенде аябай көп жумушчулар керек болду. Ал учурда кырктай киши бир ай иштеди. Жумушчулар күнүнө 700 сомдон акча алышат. Түшкү тамакты ушул жерден берем. Саат беште “полдник” кылышат. Ушул айылдын балдары иштеп жатышат. Шартка алар да ыраазы, жумушка мен да ыраазы.

— Акчалуу саясатчылар, олигархтар шаарга оюн-зоок борборун курганга өтүп алышпадыбы. Сиз эмне үчүн ошондой кирешелүү жайды кургандан баш тартып, түйшүгү көп айыл чарбасына ыктадыңыз?

— Менин чоң атам бий болгон деп сизге айтып бербедимби. Мен бирөөгө кызмат кылгым келбейт. Жалаң гана жаңы нерсени жасагым келет. Сиз айткан адамдар кимдир бирөөгө кызмат кылып, кул мүнөз болуп, кызматын жасап же болбосо дүкөнүн ачып берип, базарком болуп чуркап жүрүшөт. Кыргыздын олигархтарынын баары базарком болуп кетишкен. Кыргызстанга завод же фабрика болобу жаңы нерсени алып келген жок. Мен жаңы нерсени алып келгим келет. Европанын фабрикасын алып келдим, эми алмасын алып келип жатам. Европанын саясий системасын алып келип киргизсем, менде арман болбойт эле бул дүйнөдө. Тилекке каршы, аны кабыл ала турган кишилер жок.

– 22 гектар жерге олтургузулган алма түшүм бергенден кийин аны сактоо керек болот. Логистикалык борбор куруу идеяңыз дагы барбы?

— Кийинки жылы жок дегенде 500 тонналык заманбап бирок жөнөкөй эле муздаткыч жасайм. Наркы жылы газ камерасын жасайм деп пландаштырып жатам. Жөнөкөй муздаткычта 6 айга чейин кармоого жараса, газ камерасында бир жылга чейин алма эч нерсе болбой сакталып тура берет.

— Өмүрбек агай, сизди Суусамырлык деп билишет. Бирок Базар-Коргон районундагы Акман айылында төрөлгөнүңүздү, бир жерде чогуу олтура албай турган Өмүрбек Текебаев менен жердеш экениңизди көпчүлүк биле бербейт. Ал жакка кантип барып калгансыздар?

— Чоң атамы коммунисттер кулакка тартып, Бишкекке алып келип өлтүрүшүптүр. 18 жаштагы атам келинчегин жетелеп качып кетиптир. Илгертен эле түндүк-түштүк байланышта болуп, соода жүргүзүп турушкан. Ал учурда товарлардын баары Анжиандан келчү. Түштүк кыргыздары ал жактан товар алып келип, бул жактан мал айдап кетчү экен. Атамды ошол жигиттердин бири менен дос кылып коюшуптур. Ошол досун издеп күндүз уктап, түндө жүрүп олтуруп түштүккө барат. Ал жакка баргандан кийин училищени бүтүп алыптыр. Өзү тентиген киши акылдуу, тың чыгат. Бир колхоздун мал чарбасы боюнча башкармасы болот. Биз баарыбыз ошол жакта төрөлдүк. Өмүрбек Текебаев менен жердеш болуп калгандыгым ошол. Ал жактан 7 жашымда кеткенбиз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Жазы дарыясына түшүп кеткен 67 жаштагы адам изделүүдө

Өзгөн районунда 2017-жылдын 20-май күнү саат 17:00 чамасында Мырзаке айыл аймагынын Адыр айылынын тургуну А.Т. Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен Жазы дарыясына түшүп кеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдайт.

Издөө иштерине КР  ӨКМнин өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 6 суучулдар тартылган, бирок табылган жок. Издөө иштери уланууда.

Асыкбек Оморов,  профессор: "Кантөрө аке, асыл адам эле…"

Кантөрө Шарипович менен туптуура мындан он жыл мурун Ош аэропортунан Бишкекти көздөй чогуу учканы калганда кокусунан аэропорттун ичинен таанышып калдым. Кантөрө Шарипович Токтоматов 27-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Кантөрө Шарипович адамдын жакшы сапаттарын санаса бардыгына төп келген адамдын асылы эле. Эч качан адамдын көңүлүн оорутуу дегенди такыр билген эмес. Дайыма колу ачык, жолу да ачык аябай кең пейил, адамдык касиеттердин бардык жакшы сапаты мына ушул адамда эле.

Ошол кезде Кантөрө Шарипович “Ии, Асыкбек, кандай, иштериң жакшыбы, сени мен дайыма кыргыздын тарыхы боюнча телевидениелерден, көбүн эсе “Улутман” берүүсүнөн көрүп калам, кыргыздын тарыхы жана идеологиясы боюнча жакшы иштерди жасап жатасың”, деп калды. Ошол таанышкан күндөн баштап Кантөрө Шарипович менен экөөбүз алгач жолугушканда ага-инилик байланышта жакшы мамиледе болдук. Кийин мамилебиз артып үй-бүлөлүк карым-катнашта ал тургай бир-туугандардай бири-бирибиз менен катнашта болуп жүрдүк. Негизи кээ бир адам менен бир эле көргөндөн баштап жакшы мамиледе болуп ошол адамдын жакшы касиеттерин баамдап калсаң өмүрүңдүн аягына чейин ал адамга сый мамиле менен өтөт эмессиңби. Ал эми кээ бир адам менен канча жолу жолугушуп мамиле жасай баштасаң да ал адам менен үй-бүлөлүк катнашта боло албайсың же досчулук касиетте мамиле улантылбай калат. Кантөрө Шарипович дайыма адамды өзүнө тартып ала турган, мына ушундай жогорку адамдык касиетке ээ болгон бир сөз менен айтканда адамдын асыл инсаны эле. Бир көргөн адам ал кишини ошол замат эле урматтап калаар эле. Кийин эң кичүү кызы Айдай турмушка чыкканда дагы Бишкектеги достору менен кошуп мени кошо тойго Жалал-Абад шаарына чакырып калды. Үйлөнүү тоюна үй-бүлөм менен чогуу комузчу Кылымдар деген балам жана кичүү уулум Алтай менен кошо барып, үйлөнүү тоюнда жалпы тойдун катышуучуларынын көңүлүн да ачып келдик.

Кыргызда “Аял жакшы, эр жакшы” дегендей “Атына жараша заты” деп айткандай үйүнө кирсең Майрам эженин да берекелүү жайыл дасторкону бир нече күндөрү жайылып тамак-аштын түрлөрү көздүн жоосун алып тураар эле. Кыргыздын салты менен ал үйгө өз кошумчаңды кошсоң, кетээрде кайра өзүңө эселентип элде жок кийит кийимдерди кийгизип өзүңдү аябай ыраазы кылып узатаар эле. Мындай сыйчыл адамдар чанда кезигишет. Кантөрө Шариповичке Кудай “оомат менен кененчиликти ченебей берген го” деп кетесиң.

Үйдөн кызды узатаарда кыргыздын салты менен күйөө бала менен кызы Айдайды кыргызча кийинтишип; “күйөө баланын көрүндүгү” деп 40 миң сомду күйөө баланын тумагына кыстарганы Кантөрө Шариповичтин колу ачыктыгын далилдеп турду. Мына ушул сыяктуу Кантөрө Шариповичтин адамдык касиеттерин санап отурса баа жеткис касиеттери абдан көп эле.

Кыргыз Республикасынын “Ардактуу Инсандары” коомдук бирикмеси республика боюнча “Журт атасы” деген ардактуу 12 бурчтуу Алтын медалы наамы менен сыйлоо алдында республика боюнча тандалган 140 адамдын ичинен 12 кишинин бири болуп ушул Кантөрө Шарипович ыйгарылган эле. Ошол кезде бу да болсо Кантөрө Шариповичтин жакшы касиеттеги адам экендигине бир далил болду.

“Артыңды караба, анда сени азапка салуучу өткөн күн бар”,

Алдыңды караба, анткени сени ойлондуруучу келечек бар” — ​дегендей Кантөрө Шарипович келечекти гана ойлоп, кыска мөөнөттүн ичинде Жалал-Абад экономикалык жана коммерциялык университетинде ректор болуп иштеп турганда ал адамдын иштемчил экендигине далил болуп университеттин базасында “Кыргыз-Түрк” биргелешкен институт, колледж жана лицей ачканга да үлгүрдү.

“Байлык — ​колдогу муз, бийлик — ​колдогу куш, бала — ​арттагы из” дегендей Кантөрө Шарипович байлык да, бийлик да чогулткан жок. Тескерисинче илимдин артынан түшүп балдарды тарбиялады, артында миңдеген балдардын изи калды. Ондогон илимдин кандидаттары менен докторлорун даярдады.

Ар бир адамдын коомдо жашаган орду жана социалдык абалы ал адамдын ата-энесинин тарбиялоосуна негизделет эмеспи.

Илгери казактардын улуу акыны Абай Кунанбаев жаш кезинде жакшы акын чыгып, эл арасына барктуу болуп атагы алыска угула баштаганда, Абай атасына кайрылып; “Ата, мен сизден кыйын болуп калдым, мен кайсы жерге барсам да эл мени Абай, Абай дешип жакшы кабыл алат” деп мактанган экен. Ошондо атасы Абайга “ээ балам, сен адегенде үйлөн, балалуу бол, ошол балдарыңды өзүңдөн кыйын тарбияла, ошондо сен менден кыйын болосуң” — ​деген экен. Кийин убакыт көргөзгөндөй Абай да үйлөндү, балалуу болду, бирок балдарынын бирөө да эл арасына атагы чыккан адамдардан болгон жок. Ал тургай Абайдын балдары ким экендигин элдер да билишпеди.

Кыргызда кеп бар “атага тең, атадан кем, атадан артык бала” деген, анын сыңарындай менин элден укканыма караганда Кантөрө Шариповичтин атасы Шарип атабыз балдарын жалаң өзүнөн кыйын тарбиялаган, бул адамдын үйүндө бир нече күнгө чейин дасторкону кем болбой дайыма жайылып, ал тургай кокус коноктордон өйдө элдерди коноктоп турган дешет. Мындай элдик адамдарды тарбиялаган адамга “асмандан Теңир жалгап, үй-бүлөсүнө Нур түшкөн, Нурдун касиети менен ушундай болгон” деп да элибизде кеп кылып калышат. Шарип аксакал дайыма элдерден өзүнө эмес балдарына бата алып берчү дешет. Учурунда адам баласына билинбейт, бирок мындай окуялар адам баласы менен жогору жактан табигаттын сырдуу дүйнөсү менен байланышкан окуялар болуп эсептелет. Мындай окуяларга биз 2010-жылы 10-июндагы Оштогу окуядан кийин мен жалпы кыргыз элин ынтымакка чакыруу максатта август айында Манас атабыздын туулган жери Алтай Республикасына барганда көптөгөн табигаттын сырдуу окуяларына туш болдук. Анын сыңарындай Кантөрө Шариповичтин бир туугандары азыр жалаң эл башкарган элдик адамдардан болуп иштеп жатышат, ар биринин ээлеген кызматы, социалдык абалы тууралуу кеп кылып кереги да жок, аларды жалпы кыргыз эли жана кыргызстандыктар билет. Кантөрө Шариповичтин бир туугандарынын мындай кызматтарды ээлеп турушу жалаң гана бир адамга – ата-энесинин тарбиясына гана таандык деп бүтүм чыгараар элем. Атаңдын «ботосун албай, батасын ал» дегендей бул адамдарга жалпы элдин батасы тийген, ата-энесинин тарбиясы менен ушундай даражаларга жеткен бир туугандардан болушту.

Кантөрө Шарипович андан сырткары биздин “Санжыра” борборунун долбоорлук ишине да жан дили менен жардам берип; “кыргыздын келечекте идеологиясын калыптандырууда жакшы иштерди жасап жатыпсыңар” деп материалдык жана моралдык жактан дайыма бизге жардам берип жүрдү. Эмне үчүн ушундай асыл адамдардын өмүрү кыска болот, аябай өкүнүчтүү, ар бирибиз арман менен тиги дүйнөгө кетет эмеспизби, кыргызда “жетимиш жаш желек жаш” дегендей быйыл 20-декабрда 70 жашка толот эле, атаганат жок дегенде ушул юбилейлик тоюн өткөрүп анан кетсе арманы аз болот беле деген арман менен биз “Санжыра” борборунун жетекчиси, тарых жазуучулар жамааттары өтө кайгыруу менен Кантөрө Шариповичтин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакын туугандарына көңүл айтабыз. Кыргыз элинде пенде баласы жарык дүйнө менен коштошуп кетип бара жатканда “Кандай адам эле?” деген суроо алакан жайып отурган элге коюлат эмеспи. Кантөрө аке мыкты бир тууган, эң жакшы жетекчи ага, мыкты дос катары жүрөгүбүздүн тереңинде калды. Чындыгында өзгөчө жаралган, биз анын басып өткөн жолу, өмүр таржымалынан көптү үйрөнө турган асыл адам эле. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Булак: “Жаңы Ордо”

Тармактык комитетте Өзгөн районундагы жер көчкүдөн улам жергиликтүү тургундарды башка жерге көчүрүү жагдайы боюнча маселе каралды

Бүгүн, 22-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги П№132-VI протоколдук тапшырмасы жөнүндө маселе каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселенин демилгечиси депутат Улукбек Ормонов Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүлөрдөн улам жалпысы 31 адам каза болгондугун эске салып, бүгүнкү күндө жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерге көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Анын белгилөөсүндө, КР Өкмөтү тарабынан Өзгөн районун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Ничке-Сай айылынын тургундарына көчүп, там салууга Жаман-Адыр аймагынан кайракы жер бөлүнүп берилүүдө. Бирок айыл тургундары бул жерден эмес, Жазы айыл өкмөтүнүн карамагындагы сугат жерлерден там салууга жер тилкесин берүүнү өтүнүп жатышат. Кайракы жерди көрүп келген депутат У.Ормонов бийлик убада кылгандай бул аймактан ичүүчү дагы, сугат суусу дагы азырынчы чыгышы кыйын экенин баса белгиледи. “Мындан сырткары, бул жерге көчө тургандардын үлүш жерлери менен жайыттары 50 км алыстыкта калып калууда. Андыктан, жергиликтүү эл жок дегенде барып дыйканчылык кылганга ыңгайлуу болгон 25 км алыстыктагы Жазы айыл өкмөтүнө караштуу сугат айдоо жеринен жер суроодо”,- дейт депутат.

Талкууда депутат Дастан Жумабеков кайракы жерге көчүрүлсө бул түптөлүүчү айылдын инфратүзүмү кандай болот деген суроону коюп, мындай шартта элдин көйгөйү толук кандуу чечилбестигин белгиледи.

Жыйынга катышып отурган КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жер сурагандардын арасында мурда кооптуу аймактан көчүп, там-тарак салам деп ссуда жана жер үлүшүн алгандар дагы бар экенин маалымдады. Депутат Улукбек Ормонов албетте мурда жер үлүшү менен катар ссуда алгандарга кайрадан мындай жардамдар көрсөтүлбөстүгүн билдирди.

Жыйынтыгында кооптуу делген аймактардан көчүрүлүп чыгуучу элдин саны арбын экени (1710 үй-бүлө) белгиленип, КР Өкмөтү бөлүп берип жаткан жерден сырткары, Ничке-Сай айылынын тургундары койгон маселени дагы кошумча кароо тапшырмасы берүү боюнча чечим кабыл алынды. Кайракы делген жерге суу чыгаруу зарылдыгы бул чечимге дагы белгиленмей болду.

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Эльмурза Сатыбалдиев, коомдук ишмер: «Апам мени прокурор болот деп үмүт кылчу»

Атактуу акын Турар Кожомбердиевге таандык сонун ыр саптары бар:

Баягыдай, короз үнүн улаган

Түндүктөрдүн түтүндөрү булаган.

Баары турат.

Бир гана сен энем жок,

Эркелетип маңдайымдан сылаган.

Тааныш тоолор, далай сыры чечилген

Тааныш торгой,

күүсүн көңүл көчүргөн.

Баары мында.

Жалгыз гана энем жок,

Шоктук кылган чактарымды кечирген… дегендей биз кандай тентектик кылсак дагы кечирген, ким болоорубузду энелик жүрөгү менен сезип, дем берип, жалгыз болсо дагы бүт жүгүбүздү көтөрүп, адам болсун деп канатын жайып, кара жанын карч урган апа гана болот эмеспи. Бүгүнкү каарманыбыз Эльмурза Сатыбалдиев агабыздын апасы дагы баласынын ким болоорун алдын-ала сезген, акылдуу аял болуптур. Эльмурза Ракиевич апасын ушунчалык баалаганын, азыр апасы тирүү болсо деген арманын ар бир сөзүндө кошуп олтурду. Биз анын саясый ишмердүүлүгүн гана билип жүрчүбүз. Бүгүн колунан жетелеп, ак сүтүн берип баккан апасы тууралуу кенен маегин сунуштайбыз.

Апам жөнүндө…

Менин апам Камчыбекова Аят Ош областынын Кара-Кулжа районунун кызы болчу. Кара-Кулжа районунда Кара-Кочкор деген айыл бар. Ошол менин тайжуртум болуп эсептелинет. Апам 1930-жылы туулган. Жалпысынан апам алты баланы тарбиялап, эрезеге жеткизген, мен бешинчисимин. Менден кийин иним, менден улуу төрт эжем бар. Эне деген бул ыйык, асылзат. Биздин дагы апабыз башка энелердин катарында “балдарымды чоңойтуп жогорку билим берсем, адам кылсам”- деп эңсесе керек. Мүнөзү боорукер, шайыр, анча-мынча ырдап дагы койчу. Баардык эле апалардай апам бизди эч нерседен кем кылбай бактылуу чоңойтту.

Бизди жалгыз чоңойтту…

Апам менен атам келише албай эки жолго түшүп кетип, алтообуз апамдын колунда чоңойдук. Турмуштун кыйынчылыктарынын баарына моюн сунбай апам бизди жалгыз чоңойтту. Атам экөө атайын өз ара ошентип чечишкен окшойт. Ошондуктан эненин гана тарбиясын алганмын. Апамда көпчүлүк жалгыз бой аялдарга таандык катуу мүнөз жок болчу. Ал тескерисинче абдан жумшак, балдарына катуу айтпаган боорукер жан эле. Балдарына үнүн көтөргөн эмес. Айрыкча өзүм жөнүндө айтсам катуу айтканын такыр укпаптырмын. Ушунчалык эркелетип, келечегимден жакшы нерселерди үмүт кылып өстүрсө керек.

Катуу айтып урушканын эстей албайм..

Алты баланын ичинен мени жалгыз кыргыз мектепке окутуп тарбиялаган. 1-классымдан эле интернатка берип койгону дагы өз алдынча адам болсун деп тилек кылса керек. Апамдын мени жада калса катуу айтканын да эстей албайм. «Атасыз өстүрүп жатам. Мен дагы катуу айтсам балам өзүн кем сезип чүнчүп калбасын»- деп ойлосо керек. Жада калса кыздарын дагы катуу айтып урушканын эстей албайм. Апам бизди урушпай акырын сөз менен тарбиялап, сөз менен өстүргөн. Башка балдардай көк-ала болуп токмок жедим деп айта албайм. Бизди апам жылуу мээрими менен өстүргөн. Бул үчүн апама өмүр бою ыраазыбыз.

Даамдарын азыр дагы сагынам…

Кадимки эле биз жеп жүргөн тамактарды апам абдан таттуу кылып жасачу. Эт кошуп картошка кууруганы, маставасы азыр дагы таңдайымда турат. Түндө туруп пельмен жейм десем аны дагы эрикпей жасап берип оюм менен болчу. Апама ушунчалык эркелеп чоңойгонмун.

Дайыма жакшылык жаса дегенин көп эстейм

Апамдын кыймыл-аракетин, айткан сөздөрүн, жасаган мамилесин кийин түшүнүп калдым. Мисалы апам “ бирөө сага жакшылык кылса, сен аны жакшы дей бербе. Демек сен бир жерде жакшылык кылгансың. Ошол кайтып келип жатат. Дайыма жакшылык жаса. Бул дайыма кайтып келет”- деп айтчу. Мисалы интернатта окуп жүргөндө “мени эле жалгыз интернатка берип койду”- деп ызалана берчүмүн. Көрсө балдарымдын ичинен бирөө тыңыраак болсун, улутун сыйлап, мамлекетин сүйгөн инсан болсун дептир. Аны жылдар өтүп, апамдын көзү өтүп кеткенден кийин азыр түшүнүп жатам. Балким мени интернатка берип койбогондо мамлекетимди мынчалык сүйбөйт элем. Бүгүнкүдөй мекенчил болбой калмакмын. Нукура кыргыз тилинде окуткан. Апам мени интернатка берип келечегиме чоң кам көргөн экен. Жума сайын тамак-ашын, таттууларын көтөрүп интернатка көтөрүнүп келип калчу. Апамдын келээрин аябай күтчүмүн. “Мени эле интернатка берип койдуң”- деп кыйла эле таарынып жүргөм түшүнбөй. Көрсө апам мени абдан туура тарбиялаган экен. Бирөөдөн көз карандысыз болуп бой жеттим, анын пайдасы азыр дагы тийет. Апамдын акылмандык кылып интернатка берип койгонунун пайдасы мени өмүр бою коштоп келе жатат. Өзүңөргө белгилүү болгондой 2010-жылдагы окуядан кийин 4 жылдай сот иши менен жүрүп калдым. Андан кийин түрмөгө олтуруп чыктым. Түрмөдө жатканда интернаттагыдай эле тартип, өзүңдүн керебетиңди өзүң жыйнайсың, тамак жасайсың дегендей.

Өз алдынча болсун деген аракети азыр дагы пайдасын берип жатат…

Апамдын “баламдын өз алдынча болсун” деген аракети мен мектепте окуп жүргөндө эле пайда болуптур. Жумуштарды табыштап, жумшап турчу. Өзүмдү ошол убакта апамдын оң колу сезип жүрчүмүн. Башкалардай апам экөөбүз эч кайда ээрчишип барбаптырбыз. Өмүр бою иштеп жүрүп эле мен 4-курста окуп жүргөндө кайтып кетти. Жаштайымдан эле “төрт эжең, бир иниң бар. Ушуларга кам көр, колуңдан келген жардамыңды бер”- дей берчү. Эжелерим турмушка чыкканда төрдө олтуруп уча устукан тартышчу. Апам “үй-бүлөдө эркек жок, ушул баш көз болсун” десе керек. Кудалар келгенде “ушул эң чоң уулум, ушул баарын чечет” дей берчү. Ошол убакта эле акыркы чечимди мен кабыл алчумун.

Конок бөлмөсүндө апамдын чоң сүрөтү илинип турат

Апамдын караанын издеп кыйналбайын деп үйүмдүн конок бөлмөсүнө апамдын чоң сүрөтүн илдирип койгонмун. Апам биз менен эле кошо жүргөндөй сезиле берет. Кайсыл убакта түштүк жакка барбайын баардык иштеримди жыйыштырып туруп апамдын жайына барам. Олтурам, сүйлөшөм, гүл коём, куран окутам. Андан кийин кадимкидей жеңилдеп калам. Бул мага адат болуп калган. Мен эр жетип көп нерсе жасаарда өтүп кетти. Ошондуктан апама эч нерсе жасай алган жокмун. Бирок апам ойлогондой жигит боло алдым деп эсептейм. Апамдын тилектеринин баарын орундаттым деп ойлойм. Кыйналганда сөзсүз Жалал-Абадка барып жай башына барсам жеңилдеп калам. Ошол сүрөттү карап кичүү кызым Элиманы карасаң экөө тим эле тамчы суудай окшош. Бирок мүнөзү башкача. Мени апама окшоштурушат, демек кызым мага окшош деп ойлойм.

Аскерде жүргөндө жума сайын кат жазчумун

Мен алыскы Чехославакияда аскердик милдетимди аткаргам. Анда Чехия, Словакия болуп бөлүнбөй бир эле мамлекет болчу. Аскерге барган күндөн баштап апама кат жазып турчумун. Апам болсо бир айда бир посылка жөнөтүп турчу. Анын баарын апам берип жибериптир, Жалал-Абад деген шаардан жөнөтүптүр деп аскерлерге таратып берчүмүн. Аскерден келгенде такси менен келүү деген көйрөңчүлүк бар болчу. Мен дагы өзүм дүпүрөп келгеним аз келгенсип, апамды кыйнап акчасын төлөткөм. Апам мени аскерден келгенде чоң шаан-шөкөт менен тосуп алган. Баарынан кызыгы аскерден келгенден кийин болгон. Кадимки эле тиш жуугуч пастанын тюбиктери болот эмеспи. Чехославакияда ошондой тюбиктердин ичинде атайын коюлтулган таттуу сүттөрдү сатчу. Аскерден келе жатканда үйдөгүлөргө белек деп конфет, печенье, бир сыйра апама кийим анан ошол тюбиктеги таттуу сүттөрдөн беш-алтыны салып койгом. Армиядан келгенден кийин апамдан “апа, мен таттуу сүттөрдү ала келгем кана, таппай жатам го” десем, “Жо-ок балам, чемоданыңда андай нерсе келген жок, көргөн жокмун” деп койду. Бети-колду жууган умывальниктин жанында тиш жуугуч пасталар турат эмеспи. Карасам бешөөнү тең жакшынакай кылып ошол тиш жууган пасталардын жанына тизип коюптур. Апа муну жейт десем аябай күлгөн.

Апам тирүү болсо 87 жашка чыкмак…

Апам биздин жакшылыгыбызды деле көрбөй 60 жашында көз жумуп кетти. Эгер тирүү болсо быйыл 20-майда 87 жашка чыкмак эле. Менде азыр баардык шарт бар. Мектепте окуп жүргөндө прокурор деген сөздүн эмне экенин билбейт элем. Апам болсо мени прокурор болот деп үмүт кылчу. Биринчи ирээт прокуратура тармагына ишке кирип, өз алдынча прокурор деген кызматка келген күндөн бери “ушунун баарын апам көрсө болмок” деген өкүнүч мени коштоп келе жатат. Менин кызматка жеткенимди көрсө үмүтү орундалганын көрүп абдан кубанмак болуш керек. Жакшылык-жамандыкта апамдын орду бош болуп дайыма билинип турат. Кээде үйдө бир жакка кетейин десем балдар жалгыз калат. Ошондойдо “азыр апам болгондо баардыгын топтоп алып неберелеринин кучагында балпайып төрдө олтурса”- деп өкүнүп кетем. Эми апама азыр алакан жайып куран түшүргөндөн башка эч кандай аргам жок. Кудайым апамдын жайын бейиштен кылсын.

Апа ыйык жан ал баарына чыдайт

Кудай ушундай жаратып коюптур. Апа ыйык жан, ал баарына чыдайт. Арманыңды укса бөлүшөт, кубанычыңды өзүнүкүндөй кабыл алат. Эне сыйлаган адам эч качан жерде калбайт. Мен кыргыздын апаларынын баарын аман болушун, балдарынын сый-урматын көрүшүн каалайм. Апалар күнү кечээ гана өттү. Баардык апалар неберелеринин маңдайында, балдарынын төрүндө олтурсун. “Баланын жамандыгын көрсөтпө” деп коёт эмеспи. Ылайым балдарынын жакшылыгын гана көрсүн. Ар бир энеге ден-соолук, жакшы маанай каалайм. Эч бир адам апасынын караанын издеп, томсорбосун. Энеси бар адам баардык маселени жеңе алат. Энеден артык ыйык эч ким болбойт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Өкмөттө «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо долбоорунун бет ачаары болду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда, «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо жана модернизациялоо  боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  билдирет.

Жыйында «Ак-Кула» ат майданын толук реконструкциялоонун эскиздик долбоору көрсөтүлдү. Сунушталган жаңы долбоорго ылайык, ат майданда көрүүчүлөрдүн орундары 10 миң кеңейтилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ипподром эл аралык стандартка дал келиши керектигин  баса белгиледи.

«Спорттук ат оюндары жана башка маданий иш чаралардын бардыгы «Ак-Кула» ат майданында өткөрүлөт. Объекттин бардык инфраструктуралык  маселелерин карап чыгып, аны сапаттуу реконтсрукциялоо керек», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйын соңунда Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жана Архитектура курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине «Ак-Кула» ат майданын реконструкциялоо долбоорун аягына чыгарып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна  кайрадан жиберүү тапшырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Ак-Кула» ат майданына барып, абалды жеринен көрүп, бул багытта бир нече ирет жыйын өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга ат майданды реконструкциялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Түркмөнстан Молдовага бала бакча салып берди

Молдованын Гагаузия автономдуу аймактык бирикмесинин Чишмикиой айлында Түркмөнстан курган бала бакча ачылды.

Түркмөн ММКларынын маалыматына караганда, “Достук” бала бакчасы Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун демилгеси менен бир тууган өлкөгө белек иретинде салынып берилди.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземине Молдова президенти Игорь Додон, Түркмөнстан тышкы иштер министри Решид Мередов жана Гагаузия автономдуу аймактык бирикмесинин башчысы Ирина Влах катышты.

Бала бакча 160 балага ылайыкташтырылган. Мындан тышкары информатика, лингвистика, гимнастика, музыка бөлмөлөрү жана бассейин бар.

Акыркы жылдары Түркмөнстан Молдовага белек иретинде бир нече мектеп, бала бакча жана медициналык мекемелерди куруп берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню