Menu

КООМ

Иштен алынган кызматкер мэрия менен соттошууда

Бишкек мэриясынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген Сейил Маданбекова жоолук салынганы үчүн кызматтан алынганын билдирүүдө.

Анын айтымында, аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев жоолук маселесине байланыштуу бир-эки жолу сүйлөшүп, иштен өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазуусу керек экенин айткан.

– Аппарат жетекчиси 2016-жылдын мартында келип мени чакырып, жеке суроолорду берди. “Ким жоолук салын деп кыйнады? Менин кызым намаз окуйт, бирок жоолук салынбайт, бутуңарды мындай жуугула, тигиндей жуугула деп. Анан Москвага барсаңар террористтерден балдары өлгөн ата-энелер сизди түшүнбөйт” деди. Эртеси кайра чакырып дагы сурады. Кийин арыз жазып өзүңүз кетиңиз деди. Мен жазбайм, кетпейм деп айттым. Анан сөгүш берип кайра чакырды, арыз жазыңыз деп. Кетпесеңер берене менен кетиребиз деди. Кетире бергиле, мен сотко берем дегем. Мен жети жыл мамлекеттик кызматкер болуп жакшы эле иштеп жаткам. Бир дагы сөгүш алган эмесмин. Жаңы аппарат жетекчиси келип менин жоолугум жакпай, экинчиден ордум керек болуп эле кетиришти.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы Маданбекованын кызматтан алынышы жоолукка тиешелүү эмес экенин жана ал ишине байланыштуу бир нече жолу сөгүш алганын “Азаттыкка” кабарлады.

Буга чейин Ленин райондук соту Сейил Маданбекованын арызын карап, арыз ээсинин пайдасына чечип берген. Эми бул иш 24-майда шаардык сотто каралат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы мектептердеги «Акыркы коңгуроо» салтанаттары учурунда коомдук коопсуздукту кѳзѳмѳлдѳѳнү күчѳтѳт. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирет.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын буйругуна ылайык, шаардагы «акыркы конгуроо» иш чаралары учурунда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш чаралар күчѳтүлѳт. Анын негизги максаты билим берүү мекемелеринде бул күнү ѳтѳ турган иш чаралардын учурунда кандайдыр бир укук бузуулардын, кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.

Бул күндѳрү:
-Шаардагы бардык мектептерге милиция кызматкерлери болүнүп, алар күчѳтүлгѳн тартипте кызмат ѳтѳшѳт;
-Шаардын ар бир кичи районуна Ош ШИИБнын жетекчилик курамынан жооптуу кызматкерлер дайындалат;
-Катталган укук бузууларды, мыйзамсыз иш аракеттерди видео, аудио тасмага тартуучу топтор түзүлѳт;
-Шаардагы эс алуучу жайларды, коомдук тамактануучу жайларды жана шаардан сырткары эс алуучу жайларды кѳзѳмѳлгѳ алуучу мобилдик топтор түзүлѳт, билим берүү министрлигинин буйруктарын аткарбаган окуучулар ( балким мугалимдер болсо дагы) болсо, видеотасмага тартылат, жетекчилигине кабар берилет, мыйзам чегинде чаралар кѳрүлѳт;
-Калкка кызмат кѳрсѳткѳн кымбат баалуу автомашиналардын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүрүзүлѳт;
-Бардык мектептерде милиция, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда жыйындар ѳткѳрүлүп, аларга «акыркы коңгуроо» салтанаттарын мыйзам чегинде ѳткѳрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлѳт;
-Коомдук тартипти бузган окуучуларга жол эрежелерин бузган айдоочуларга мыйзам чегинде жаза берилет;
Ош шаарынын аймагында мугалимдер менен милиция кызматкерлеринин биргелешкен алдын алуу аракетинен улам, «акыркы коңгүроо» иш чаралары учурунда акыркы 3-4-жылдары шаар аймагында кандайдыр бир кырсыктар менен кылмыштар катталган жок. Кырсыктын алдын алуу-жалпыбыздын колубузда. «Жаман айтпай-жакшы жок» Андыктан, өспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Кыргызстан менен Таджикистандын чектеш тоо кыркаларында жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча 2017-жылдын 22-май күнү саат 15:23дө Кыргыз Республиканын аймагында очогунда 6 баллга чейин жер титирөө катталган. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Жер титирөө Ош облусу менен Таджикистан Республикасы менен чектеш тоо кыркаларында катталган.

Ош облусунун Бор-Дөбө, Кара-Киндик айылында 5 баллга чейин, Нура айылында 4,5 баллга чейин, Сары-Таш айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жок.

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда бала бакчадагы балдар жүрүм-турум эрежелерди билеби?

Ош шаарында Ош облусунун райондорунан келген мектепке чейинки билим берүү (бала бакча) жетекчилерин республиканын аймагында катталып жаткан өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм-турум эрежелери жөнүндө сабактар уюштурулду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул окутуулар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуунун адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ага-окутуучулар тарабынан уюштурулуп, өзгөчө кырдаал учурунда жүрүм-турум эрежелери, турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери, өрт коопсуздугу жөнүндө сабактар лекция-презентация түрүндө өткөрүлүп.

Окуу жүрүшүндө табият кырсыгы тууралуу бала-бакча жетекчилери кеңири маалымат ала алышты.

Мындан ары биргеликте машыгуу өткөрүү боюнча сунуштарды киргизишти.

Ош облусунун райондорунан 13 адам катышты.

Сооронбай Жээнбеков ИКАО Кеңешинин Президенти Олумуива Бенард Алиу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү маселесин талкуулады

Сооронбай Жээнбеков ИКАО Эл аралык жарандык авиация уюмунун Кеңешинин Президенти Олумуива Бенард Алиу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү маселесин талкуулады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтыкк амсыздоо бөлүмү  билдирет.

Тараптар жарандык авиация системасын жакшырту жана ИАКО эл аралык стандарттарын Кыргызстанга киргизүү тууралуу  сүйлөштү.

Өкмөт башчысы өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, жана Өкмөт бул багытта Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына бир катар тапшырмаларды койгонун билдирди. учурда Өкмөттүн тапшырмасы менен Кыргызстандын жарандык авиациясын жакшыртуу максатында атайын жол карта иштелип чыкты.

Премьер-министр белгилегендей, учуу коопсуздугун камсыз кылуу  үчүн учурда жарандык авиация бардык тармактан ИКАО тарабынан көрсөтүлгөн эл аралык талаптарга жооп бере тургандай иш аракеттерди жүргүзүүдө.

ИКАО Кеңешинин Президенти Олумуива Бенард Алиу, ИАКОНнун жалпы мүчөлөрү 191 мамлекет экенин жана Кыргызстан уюмдун эң бир маанилүү мүчөлөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Ал өзүнүн буга чейин Бишкек шаарында өткөн  «Кыргызстандын экономикасы үчүн аба транспортунун мааниси» атту жыйынга катышканын билдирди. Иш чаранын жүрүшүндө жарандык авиациянын экономиканын тармактарына тийгизген таасири жана анын айрым маселелерди чечүүдөгү маанилүүлүгү жана Кыргызстандын ЕС тыюу салынган тизмесинен чыгуу тууралуу маселелер талкууланган.

Видео - Эски үйлөрдүн жашоочулары Астана акимчилигин сотко беришти

Астанадагы эски үйлөрдүн жашоочулары шаардын акимчилигин сотко беришти.

Астана акимчилиги шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан, 1960-жылдары салынган эски үйлөрдүн жашоочуларын “Жагалау-4” аттуу аймакка көчүрүү боюнча токтом чыгарган. Жаңы турак жай комплексинде батирлер пилоттук программанын негизинде берилүүдө.

Үч бөлмөлүү батир ээлери жаңы үйлөрдөн эки бөлмөлүү батирлер бөлүнгөнүнө нааразы болушууда. Алар жаңы турак-жай жайгашкан аймакка дагы канааттанбай жатышат. Эски үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон Наталья Навицкаянын айтымында, ал жерде жаман суулар топтолгон Талдыкөл көлү жайгашкан. Маал-маалы менен анын жыты бүтүндөй шаарды каптайт. Көлдүн абалын былтыр Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дагы сынга алган.

Жергиликтүү бийлик авариялык үйлөрдө жашаган жарандардын шартын жакшыртууга аракет көрүлгөнүн, жаңы батирлер эски үйлөрүнүн жалпы аянтына жараша берилип жатканын билдирүүдө.

Таза шайлоону добуш берген эл гана камсыздай алат

Ар бир бийликтин тушунда мурдакы шайлоолорду таза эмес өткөн деген таризде наалыган сөздөр көп айтылат. Бирок эгемендүү мезгилдеги шайлоолордун тарыхы башкача фактыларды эске салат. Мисалы Абсамат Масалиев өлкөнүн тынчтыгын ойлоп өзүн колдогон элдин толкунун токтотсо, Акаев мезгилиндеги парламенттик шайлоодо дүйнөдө сейрек кездешкен көрүнүштөр болгон. 2000-жылы Кадамжай районунан ыраматылык Баяман Эркинбаев Жк депутаттыгына ат салышат. Бирок аны Кадамжай районунун соту шайлоодон четтетет. Бул үчүн ошол сот Баяман палвандын муштумун да жейт. Натыйжада талапкер катары жападан-жалгыз Айдаркен сымап комбинатынын директору Сартбаев калат. Бирок шайлоодогу добуш берүүдө акыйкатсыздыкка каршы болгон эл шайлоону өздөрү көзөмөлдөп, жалгыз талапкерге 96 пайыз каршы добуш беришет. Ушундай эле көрүнүш Кочкордо азыркы депутат Акылбек Жапаров менен маркум Усубалиевдин ортосунда да кайталанган. Кочкорлуктар акыйкат шайлоо үчүн Усубалиевдин эмгегин эске албай жалгыз талапкер болсо да аны колдобой коюшкан. Ошондуктан шайлоону биометрика же башка ыкмалар чечпей, добуш берген эл гана чечери турмушта далилденген.

Булак: “Жаңы Ордо”

2040-жылдын жомогу

Карапайым эл канчалык өзү менен өзү болуп, оокат кылгысы келген менен саясый бийликтин аракети эл турмушуна таасир берери анык. Бир кезде кыргыз эли үркүндүн азабын унута электе замандын күрөө тамырын сезген Жусуп Абдыракманов, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Иманалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов жана башка кыргыздын бир топ азаматтарынын аракети менен Кыргызстан өз алдынча автономдуу облус, андан кийин республика болуп түзүлөт. Мына ошол азаматтар күнү-түнү эл менен болуп, оор курулуштарда эл менен бирге болуп, элден кийин тамак жеп, элден кеч жатып, элден эрте туруп совет мамлекетин курушту. Бирок алардын көпчүлүгү сталиндик саясый режимдин курмандыгы болуп, бири бирин каралаган арыз жазып «улутчул» жарлыгы менен бир чуңкурга жатып калышты. Андан ары «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген Исхак Раззаков эң татаал учурда тазалык менен мамлекетти башкарды. Советтик Кыргызстан өнүгүү учуруна туш келген жылдарда Турдакун Усубалиев мамлекетти башкарып, анын учурунда көптөгөн жаңы курулуштар салынып, мыкты кадрлар такшалды. Усубалиев өмүрүнүн акырына чейин элдин жүзүнө тик карап, таза болгонун далилдеп өттү. Соңкусу Абсамат Масалиев бир да жолу ыйманына каршы иш жасабай, өз пайдасын ойлоп кутум иштерге аралашпай, хан сарай салбай Кыргызстандагы жапайы менчиктештирүүдөн тарта элим деп жүрөгү ооруп, Акаевдин ойлонбой жасаган аракеттерине зээни кейип, ал да ааламдан өттү. Бирок Кыргызстан мындан ары кандай жолдо барары дагы эле так эмес. Анткени 2024-жылга чейин кандай өзгөрөбүз дебестен, 2040-жылдын камын жеп, стратегия деп жатабыз. Ооба, кагазга жазып, оозеки түрдө план куруп кыргыздарды Марс менен Айга кондуруп жашатса да болот. Бирок жерде турганыбызда жумушчу орун, айлык-маяна, аз болсо да эл жыргалчылыгы тууралуу аракет көрүлсө ошондо 2040-жылдын жомогуна кичине ишенмекпиз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Видео - Алмаз Атамбаев "Энекем" деген жаңы кусалык ырын чыгарды, бирок абактагы Текебаев баштаган саясый атаандаштарынын энелерин да ойлоду бекен?

Кечээ, 20-майда Алмаз Атамбаев Энелер күнүнө утурлап, “Энекем” аттуу ырынын видеоклипин  бул тармакта адистешкен “Топташ” студиясы аркылуу жарыялады.

Анда Атамбаев адатынча гитаранын коштоосунда баягы эле стилине салып, энесине арналган жылуу сезимдерин, сагынычын, кусалыгын билдирген.

 

“Көптөн бери түшүмөн кетпей койдуң,

Алыстап менин асыл энем.

Жаш баладай энеке, куса болдум,

Ооруп жатат жүрөк сени эстеп.

кайрыма:

Сагындым энеке сөзүңдү,

Сагындым сүйкүмдүү жүзүңдү.

Өзүңдү, нур төккөн көзүндү

Бир эле көрсөм, бир эле өпсөм…

 

Көз жашымды төгүп, шак ойгоном,

Энекемди эстеп ой толгоном.

Өз балдарым балалуу болсо дагы,

Энем менен түшүмдө бала болом.

 

Жылдар өтүп бир күнү мен да кетем,

Жараткандын кайтпас жолу менен.

Бирок неге эле баладай мен ишенем,

Тосуп чыгат алдыман асыл энем…”

Атамбаевдин Энелер күнүн утурлап, “Энекем” аттуу ырын чыгарып, энесине асыл ойлорун айтканы алгылыктуу иш. Ошол эле учурда саясый буйрутма менен, бийликти сындап койгону үчүн гана жасалма айыптар тагылып, күнөөсүз абакта олтурушкан Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Кубаныч Кадыровдун, Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун, Тойгонбай Калматовдун энелерин да Атамбаев Энелер күнүндө эстеп койсо жакшы болмок. Алар да айыпсыз абакта олтуруп, энелерин эстеп куса болушууда. Алардын да энелерине Атамбаев сыяктуу таза сезимдери бар. Алардын ата-энелери да айыпсыз абакта олтурган балдарын көрүүгө зар болуп какшашууда. Саясый атаандаштык да энеге болгон таза сезимдер сыяктуу таза жолдор, таза колдор, таза ойлор менен жасалса болмок.

https://www.youtube.com/watch?v=SZg4bERo4tM

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Меню