Menu

КООМ

Улуттук китепкананын юридикалык адабий бөлүмүндө 5 - май Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө китеп-сүрөт көргөзмө коюлду

2017-жылдын 4 – майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын юридикалык адабий бөлүмүндө 5 – май Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө китеп-сүрөт көргөзмө коюлду. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматы маалымдады.

5-май ХХ кылымдын соңунда ээ болгон жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизинде адам эркиндиги жана укуктарынын, мамлекеттик түзүлүштүн,  коомдук куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн, биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн.

Тарыхка  кайрылсак 1924-жылы Россиянын курамында автономиялуу облус, 1926-жылы автономиялуу республика. 1936-жылы өз алдынча республика болуп, өз алдынча эгемендүү мамлекеттүүлүккө жетиштик деп айтып келдик. 1991-жылы союздук республикада шарт чукулунан өзгөрүп, союз кулап, СССР өзүнөн – өзү бүлүнгөндөн кийин Кыргыз Республикасы СССРдин конституциясынын негизинде жашап келди.

Өз алдынчалуулукка  жетишип, 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи чыныгы конституциясы кабыл алынды.  Жаңы конституция кабыл алууга негиз жана башат болгон. 1990-жылдын 15-декабрындагы мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө жана 1991-жылдын 31-августундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларациялар сыяктуу тарыхый, саясий укуктук документтер азыркы кыргыз конституциясынын бийик имараты өсүп чыккан пайдубалдардан болуп калышты.

Биздин эл, мамлекет бул бийиктикке карай миңдеген жылдарды, ондогон кылымдарды, узак жолдорду басып өттү.

Конституция – бул укуктук база болгондуктан, кийинки кабыл алына турган бардык мыйзамдар да ушул Конституциянын негизинде гана жүргүзүлүп турушу зарыл.

         Көргөзмөгө: Кыргыз Республикасынын конституциясы = Конституция Кыргызской Республики. –  1993-1998, 2003-2007, 2009, 2010 жылдар,  Кыргыз жумуриятынын конституциясынын долбоору = Проект Конституции Республики Кыргызстан / Т.К. Тургуналиев, К. Асаналиев, М. Керимбаев, Т. Чоротетегин. – 1992 ж, Кыргыз Республикасынын конституциясы: [Он тилде] =  Конституция Кыргызской Республики  (Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын 10 жылдыгына арналат). – 2003 ж, Н. Т.Шерипов,  Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу – 2012,    Кыргыз Республикасынын Конституциянын түшүндүрмө / Түз.: К. М. Осмоналиев, Р. Ш. Азыгалиев. – 2009    ж.б. китептер коюлду.

 

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч.208

Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүлүмү. Тел: 30-50-64

 

Маданият-Кыпчак-Талаа-Майлуу-Суу жолуна 2 жаңы көпүрө курулат

Быйылкы жылы Маданият—Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу жолуна жаңы 2 көпүрө курулат. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Бул максатта КРнын транспорт жана жол министрлигинен 6 млн. 362 миң сом каражат каралды. Аталган 2 көпүрөнү куруунун заказчиги Жалал-Абаддагы ДЭП-22 автожолдорду тейлөө ишканасынын башкармалыгы болсо, курулуш иштерин  тендерден жеңип алган Ош шаарындагы “Элита аймак курулуш”  ЖЧКсынын куруучулары бүткөрүшөт.

—     Маданият—Кыпчак-Талаа—Майлуу-Суу жолуна быйылкы жылы 2 көпүрө курулуп бүткөрүлөт. Ачык тендерди жеңип алган “Элита аймак курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) куруучулары 3 айдын ичинде көпүрөнү куруп бүткөрүүнү өз моюндарына алышкан. Азыркы тапта көпүрөнүн курулуш иштери кызуу жүргүзүлүп жатат,- деди Жалал-Абаддагы ДЭП-22 автожолдорду тейлөө ишканасынын жетекчиси Рашид Курбанов.

Көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов жеринде барып таанышты. Быйылкы жылга карата аталган жолдун 3 км аралыгына жаңы асфальт төшөө жумуштары дагы мерчемделген. Жолдун сапаттуу болуусу Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу завод тарабынан чыгарылган  продукциялардын ташылуусундагы коромжунун көлөмүн кескин кыскартаары анык.

КР УИА президентин шайлоо маселесине байланыштуу Өкмөттүн түшүндүрмөсү

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентин шайлоого байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан бир катар жаңылыктар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет. Бул туурасында Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-апрелиндеги чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин ыйгарым укуктары токтотулган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Уставына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, вице-президенттери, Президиумдун башкы илимий катчысы жана Президиумдун мүчөлөрү, Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиктери жана мүчө-корреспонденттеринин арасынан шайланат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынынын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.

Ошондой эле көрсөтүлгөн Уставда каралгандай, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри шайлоо өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучуну дайындайт.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия радио кызматкерлерине сыйлык тапшырды

 КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 7-май – Радио жана байланыш күнүнө карата радио кызматкерлерин куттуктады. Маалымат майданында талбай эмгек өтөп, ошол эле учурда Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө салым кошуп жаткан радиолорго жана анын кызматкерлерине төрага Назаркул Ишекеев Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшыруу менен, иштерине ийгилик каалады.  Бул туурасында тил комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Радио жана байланыш күнүнүн урматына КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Алкыш барагы” “Кыргыз радиосуна” , “Биринчи радиого”, “Азаттык” үналгысына, “Марал” радиосуна, “Балдар FM” радиосуна жана “Достук” радиосуна ташырылып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Ардак грамотасы” менен “Кыргыз радиосунун” кабарчылары Элмира Ажыканова, Бермет Камбарбекова, Адилет Дастан уулу, “Марал” радиосунун кабарчысы Каныкей Бозгунова жана “Достук” радиосунун” продюссери Таттыбү Назаркулова сыйланды.

Абдывахаб Нурбаев, ЖК депутаты: "Биз "Семетейди" текшерүү боюнча башкы прокуратурага тапшырма бердик"

– Абдывахап мырза, коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетке караштуу «Семетей» мейманканасы көптөгөн суроолорду пайда кылууда. Чындыгында эле шаардын чок ортосунда жайгашкан мейманканадан айына 26 миң сом гана акча түшкөнү акылга сыйбаган көрүнүш эмеспи?

– Негизгиси пайда аз болуп калган. Муну эми текшериш керек да. Салык төлөшүптүр…

– Сиздин кесиптешиңиз Акылбек Жаманкулов 4 миң 400 чарчы имараттан канча пайда тапса болорун чотко салып, эсептеп бербедиби?

– Ооба. «Арендага бергенде 500 миң доллардай түшөт эле» деп айтты. Аны биз деле сунуш катары айттык. «Аскер кызматкерлерине бир бөлүгүн коюп койгула дагы, калганын өз алдыңарча иштеткиле» деп. Реклама кылыш керек, ал жерде менеджмент болуш керек. Мамлекеттик ишканаларда ушул нерсе жок болуп атат.

– Бул жерде кандайдыр бир коррупциялык схема жаткан жокпу?

– Биз башкы прокуратура менен эсеп палатасына тапшырма бердик. Алар карайт. Билбей туруп айтыш кыйын да. Болушу деле мүмкүн.

– Ошол жыйынга катышып отурган эсеп палатасынын өкүлү «башкы штаб мейманкананы көбүрөөк пайдаланып, тапшырманы көп берип, ошондон улам пайданы аз таап жатышат» деди. Бул канчалык чындык?

– Туура эле. Анткени, бизде ар кандай аскердик окуулар, жыйындар болгондо региондордон аскер кызматкерлери келишет да.

– Сиз депутат катары бул шикана мамлекеттин колуна өтүшүн колдойсузбу?

– Ал ансыз деле мамлекеттин менчигинде. Маселе болгону коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттен маммүлктү башкаруу фондусуна өткөрүп берүү жөнүндө болуп жатат. Эң башкысы, көзөмөлдү күчөтүп, аутсорсингге бериш керек да. Ошондо алар пайда алганга кызыкдар болот.

Булак: “Азия Ньюс”

Ташкент Бабур театрына убада кылган жардамдын бир бөлүгүн берди

Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы өзбек драма театрына өзбек өкмөтү убада кылган 50 миң долларлык жардамдын 30 миң долларга жакыны келди. Калганы кийинчерээк берилет.

Театрдын көркөм жетекчиси Набижон Мамажанов «Бабурдун жан дүйнөсүнүн дүрбөлөңү» атуу спекталь үчүн артисттерге түрдүү образдарга кийим-кече жана сахна жасалгалары жөнөтүлгөнүн жана алардын жалпы баасы эки миллион сомду (30 миң АКШ долларына жакын) түзөрүн билдирди.

«Бабурдун жан дүйнөсүнүн дүрбөлөңү» спектаклин коюуну расмий Ташкент өткөн жылы сунуштаган. 2016-жылдын соңунда Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрү жана маданий ишмерлери Ошко достук сапары менен келишкен. Шаар башчылыгы менен жолуккандан соң вице-премьер-министр Адахам Икрамов Бабур театрына барып, 50 миң долларлык жардам берүүнү убада кылган.

2017-жылы июнда Ошко Анжиян облустук музыкалык-драмалык театрдын, сентябрда «Бабур» атындагы Ош Мамлекеттик музыкалык-драмалык өзбек театрынын Анжиянга барары күтүлүүдө. Анда театр артисттери «Бабурдун жан дүйнөсүнүн дүрбөлөңү» спектаклин коюшат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Абдымалик Акматбаев аксакал 80 жашка чыкты

Айтылуу Рыспек, Тынычбек Акматбаевдердин атасы Абдымалик Акматбаев 80 жашты карытты. Кыргыздын эр жүрөк, легенда уулдарынын атасы мааракесин Чолпон-Атадагы «Мирсултан» кафесинде 7-май күнү белгилегени туру. Эки жүздөн ашык коноктор күндүзгү саат 12ге чакырылып, келген меймандардын катарын Абдымалик аксакалдын ага-тууган, жакын жолдош, куда-сөөгү түзмөкчү. Кезегинде Рыспек, Тынычбектин жакшылыгын көрүшкөн, алардын жакшылык-жамандыктарынан калбай барышкан учурдагы саясатчы, чиновниктердин кимиси Абдымалик аксакалдан кабар алганга жарап жатышты болду экен? Мааракесине барып, жылуу сөз айтышты мындай кой, Ысык-Көлгө каттаганда кабар алышкангажарашпаса керек. Кайран дүйнө…

А биз Абдымалик аксакалдын мааракесине карата жылуу пикирибизди жолдоп, байбичеси экөөнө маркум Рыспек менен Тынычбектин учугун улаган уул-кыздардын урмат-сыйын көргүлө демекчибиз.

Булак: “Азия Ньюс”

Тажикстанда балдар өлүмү көбөйүүдө

Согди облусунда акыркы үч айда бир жашка чейинки 240тай ымыркай чарчап калган. Кош бойлуу кезинде жана төрөт учурунда үч аял каза тапкан. Прокуратуранын маалыматы боюнча, үч дарыгерге карата кылмыш иши козголгон.

Прокуратура 2017-жылы 9-январда Пенжикентте кан көп кеткендиктен төрөт учурунда каза тапкан аялды мисал келтирди.

Маркум боюнда бар кезинде буту шишип, аз кандуулук менен жабыркаган. Бирок дарыгерлер түйүлдүк 22 жума болгондо гана кош бойлууну каттоого алышкан. Аны эрте көзөмөлгө алышканда, балким мындай кайгылуу учур болмок эмес деп эсептейт көзөмөл орган.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Тажикстанда ар бир 100 миң учурга 65 аялдын өлүмү туура келет. Балдар арасындагы өлүмдүн 43үн беш жашка чейинкилер түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кулматов ден соолугунун камы менен Алтайга чейин барып келди

«Кыргыз-орус» фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов өткөн жуманын соңунда Алтайдан кайтып келди. Ал жактан тажрыйбалуу, абройлуу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөндүгүн, учурда дени-карды жакшырып, өзүн сергек сезип калгандыгынан кабардар болдук. Ага удаа каарманыбыз жакында аталган фонддун жылдык ишмердүүлугү, эл өкүлдөрү тарабынан өзүнө карата айтылган сындарга, Бабановдун жакындарынын фонддон алган насыялары боюнча ж.б д.у.с. соболдорго үн катары каңкууланды. Тагдырдын эркеталтаңына айланган Кулматов ден соолугу үчүн Алтай эмес, океандын ары жагына дейре барып келсе деле жарашпайбы? Неси болсо да сак-саламатта жүрө берсин!

Булак: “Азия Ньюс”

Түркмөнстанда дыйкандар сугат суусунун жоктугуна даттанышууда

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунун тургундары сугат суунун жоктугуна нааразы. Алар жергиликтүү калкты акыркы 30-40 жылдан бери суу менен камсыз кылып келген каналдарда тазалоо иштери жүргүзүлбөй жатканын, андан улам айрым айылдарга сугат суу таптакыр жетпей калганын билдиришүүдө.

«Биздин айылдагы жер тилкелер 20 жылдан бери сугарыла элек, талаалар ээн жатат. Бактардын куурап калганына 15 жыл болду», – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Облустун башка райондорунун тургундары да бул маселе аларды узак жылдардан бери түйшөлтүп келерин билдиришүүдө. Айтымдарында, калкты суу менен камсыз кылууга байланышкан көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик эч кандай аракет көрбөй жатат.

Ирригациялык жана ичүүчү сууга байланышкан көйгөйлөр Түркмөнстандын бардык аймактарында бар. Түркмөн бийлиги менен расмий ММКлар тескерисинче, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ири мастабдагы иштер аткарылып жатканын билдирип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню