Menu

КООМ

Аскердегилер неден каза болушту

2016-жылы кыргыз армиясында кызмат өтөгөн алты жоокер каза болгон. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди. Аскерлердин өлүмү боюнча көп учурда «өз жанын кыйды» деген негизде кылмыш иши козголбой каларын белгилеген омбудсмен факты боюна ишти токтотпой тергөө сунушун айтты. 2015-жылы он жоокер, ага чейинки үч жылда 52 аскер каза тапкан.

Дээрлик баардык фактылар боюнча тергөө «алар өз жанын өзү кыйган» деген тыянак чыгарган. Бирок, бир да ата-эне мындай бүтүмгө макул болгон эмес жана уулдары зомбулуктун курмандыгы болгонун айтып келишет.

Булак: “Азия Ньюс”

Тамара Старостина, Тарых жана маданий мурастар институтунун жетектөөчү илимий кызматкери: “Жеңишке жетүүдө кыргыз элинин дагы эмгеги чоң”

УИАда Улуу Ата Мекендик согушка арналган тегерек стол болуп өттү. Анда адамзат тарыхындагы чоң жоготуу болгон кандуу согуштун жалпы совет эли, Кыргызстан үчүн болгон мааниси, Улуу жеңиштин баркы тууралуу эскерүү пикирлери айтылып, докладдар окулду. Бул тууралуу Илимдер Академиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Тарых жана маданий мурастар институту тарабынан уюштурулган конференцияга УИАнын кызматкерлери, Россиялык мамлекеттик кызматташуусунун, “Жеңиштин мураскорлору” Эл аралык Кошунунун өкүлдөрү катышып, Улуу Ата Мекендик согуш темасын изилдеген институттун кызматкерлерине “Жеңиштин мураскорлору” аталган уюмдар тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Тарых жана маданий мурастар институтунун директору А.Асанканов иш-чараны ачып жатып, Кыргызстанда мурдагы СССРдин тутумунда болгон  өлкөлөрдүн кээ бирине салыштырмалуу Ата Мекендик согушка тийиштүү бир дагы эстеликтин талкаланбагандыгын белгилей кетти.

“Улуу Ата Мекендик согуш темасы биз үчүн ыйык тема болуп эсептелинет. Жаш муун маңкуртка айланып кетпеши үчүн биз аны ар дайым эскертип, жаштарга улам айтып турушубуз керек” – деген оюн билдирди.

Тарых илимдеринин кандидаты, Тарых жана маданий мурастар институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Тамара Старостинанын Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу 3 томдук китеби жарык көргөн.

Ал өз сөзүндө китептин биринчи томун Улуу Жеңишке, андагы окуяларга, экинчи томун – Кыргызстан элинин Жеңишке кошкон салымына арнаганын  белгилей кетти.

“Үчүнчүсү “тарых сабагы” болду. Муну менен мурдагы болгон кандуу согуштун акылга сыйгыс коркунучтуу сценарийи кайталанбасын деген тилегимди билдиргим келди. Ал тарыхты унутпайлы” – деди окумуштуу.

Тамара Старостина ошондой эле:  “Ата Мекендик согуштун катышуучулары, майданды эсинен чыгара электер чекесинен азайып бара жатат. Ал эми муундардын байланышын үзгүлтүккө учуратуу биз үчүн чоң катачылык болуп калат. Быйылкы 2017-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп белгиленгендиктен, патриотизм азыркыдай кыйын кырдаалда мамлекетти кармап турган күчтүү компоненттерден болуп бере алат жана ал бизге түздөн-түз Улуу Жеңишти эске салып турат. Анткени, совет эли Жеңиш үчүн жанын берген, анын ичинде кыргыз элинин дагы эмгеги чоң. Андыктан, бул Жеңиш биз үчүн ыйык, өлкөнүн, элдин гүлдөшү үчүн зарыл болуп саналат.

Өзүңөр күбө болуп жаткандай, тарых бурмаланып, фальсификация болууда. Мурунку союздук республикаларда фашизм менен нацизм өөрчүп жатат. Биз ага каршылык көрсөтүшүбүз зарыл” – деп баса белгилеп кетти.

Иш чарада Кыргызстандагы Орусиялык мамлекеттик кызматташуусунун өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Крусткалн катышуучуларды Орусия Федерациясынын элчилиги жана аталган өкүлчүлүктүн атынан алдыдагы Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, бүгүнкү күндө жаш муундун көпчүлүгүнүн Жеңиштин маанисинен кабары аз экенин, ошондуктан аны жалпы баалуулук катары сактап калуу зарыл экендигин белгилей кетти.

Ичимдик ичкендерге айып пул көтөрүлсө

Салыштырсак, 2016-жылы 1033 автокырсык катталса, 2017-жылдын биринчи кварталында эле 1169 жол кырсыгы болгону белгилүү. Жол эрежелерин эң көп бузган беш себептин бирине спирт ичимдик ичип алып айдагандар кирет. Белгилей кетсек, 2014-жылы спирт ичимдигин ичип алып айдагандарга карата айып пул көтөрүлгөн. Бүгүнкү күнү айып 10 миң сомго барабар жана укук бузуучу бир жылга айдоочулук күбөлүктөн айрылат. Эгерде анын кесепетинен автокырсык жаралса, анда күбөлүк эки жылга алынат. «Айып пул мындан да жогору көтөрүлсө, кырсык азаяр беле?» деп көпчүлүк эл талап кылууда.

Булак: “Азия Ньюс”

Зергерде издөө иштеринен натыйжасында жер көчкүнүн астынан 8 адам табылды

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 000 м3 болгон жер көчкү түшүп, 11 турак үйдү басып калган (4 турак үйдө эч ким жашаган эмес). Маалымат боюнча жер көчкү 24 адамды басып калган.

Издөө иштерине КР ӨКМнин Республикалык өзгөчө куткаруу отрядынан 50 куткаруучу, КР ӨКМнин РӨКОнын 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынанан 31 куткаруучу, КР ӨКМнин Ош облустук КР ӨКМнин Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучулар, КР ӨКМнин Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, КР РИИМден 30 кызматкер, Жалал-Абад облусунун аскер бөлүгүнөн 50 (улуттук гвардия), Ош шаарынан аскер бөлүгүнөн 50 жоокер, райондук медицина бөлүмүнөн 8 кызматкер, райондук архитектурадан 4 кызматкер, РЭТнан 15 кызматкер, Төрт-Көл айыл аймагынан 20 адам,  райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен 1 экскаватор, райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнен 1 экскаватор тартылган. Бул тууралуу өз маалыматын КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдын 3-майында саат 17:40 чамасында 2 кыздын (2003-жылы туулган, жана 2007-жылы туулган) жансыз денелерин, саат 18:10до 1 баланын (2000-жылы туулган) жансыз денесин  табышып, туугандарына өткөрүп беришкен. Издөө иштери улантылууда.

Ошондой эле 2017-жылдын 1-майында издөө иштери жүргүзүлүп жаткан учурда, 100 миң сом акча жана зергер буюмдары андан сырткары  3-майда издөө иштери жүрүп жатканда 11220 сом акча каражаты табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ажатканада төрөп, баласы чукурга түшүп кеткен

Жалал-Абад шаарында 30 жаштагы келин ажатканадан көз жарып, ымыркайы чуңкурга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, ымыркай айына жетпей жети айлык болуп төрөлгөн. “30 жаштагы келин ажатканадан төрөп, баласы чуңкуруна түшүп кеткен. Куткаруучулар ымыркайды аман-эсен алып чыгып, тез жардам кызматкерлерине тапшырышкан. Аңдан соң эне-бала Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө жеткирилген” деп жазылат маалыматта. Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Мамажон Мияновдун айтымында, ымыркай ооруканага оор абалда алып келинип, бир күндөн кийин чарчап калган.

Булак: “ПолитКлиника”

Кайрадан Чоң-Алай районунда 4 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык 2017-жылдын 4-май күнү саат 12:57де жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Таджикистан жана Кыргызстан Республикасынын чек арасынын аймагында катталып, очогунда 4 баллга чейин жеткен. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Алга, Кара-Тейит айылдарында 3,5-4 балл, Карамык айылында 3,5 балл сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.

МУКК: Сириядан КР жараны кайтарылды

2017-жылдын 29-апрелинде КР МУКК Сириядагы согуш аракеттерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандардын чыгуусуна жол бербөө боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш чаралардын алкагында 1989-ж.т., Кыргызстандын жараны Баткен облусунун тургуну «И.М.» мекенине кайтарылып келди. Бул туурасында МУККнун басма сөз кызматы маалымдады.

Аныкталган боюнча «И.М.» эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү аркылуу үгүткө кабылып, Сирияга баруу максатында Түркияга жөнөткүлгөн.

Азыркы убакта «И.М.» баласы менен кошо туугандарына өткөрүлүп берилди.

МУКК «И.М.» үгүтөөгө жана башка мамлекетке жөнөтүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштерин улантып жатат.

Түштүк магистраль жолу сапатсыз курулууда

Кыргызстанда курулуп жаткан жолдордун сапатына токтоло турган болсок, ооз толтура мактап айта тургандары азырынча жок. Балыкчы Корумду жолунун азыркы абалы адам ыйлаарлык абалга келип, 4 саат дегенде Караколго кирип бара турган жол, азыр 6-8 саат дегенде бара турган абалга жеткен. “Манас” аба майданына бара турган жол 6 ай өтпөй кайра жасалууда. Кара балта-Бишкек жолундагы талаштын таржымалы ЖКда баш оору болду. Калаанын ичиндеги жолдордун сапатын айтып болбойт.

Жол куруудагы чоң акчаларды “алкымга кунга” алуудан улам, ушундай абалга келип жаткандыгыбыз жашыруун болбосо керек. Канчалык какшанып айткан менен, камырабаган жол куруучулар кайдыгерликтин чегинен чыкпай коюшту. Мындай кенебестиктер эми түштүк магистралында дагы байкалганы депуттар тарабынан сынга алынды. Жакында шаар ичиндеги жол курулушун өз карамагына алган «Бишкекасфальтсервис» түштүк магистралын оңдоо үчүн 1 млрд, сомго тендер жарыялап, утуп алган компания өз ишин баштаган. Тилекке каршы, шаар тургундарынан нааразычылыктар болуп, жол бүткөнү же бүтпөгөнү белгисиз абалда турганын депутат Алтынбек Жунус уулу айтып чыкты. Анын айтымында, кээ бир көчөлөр оңдолгону менен, ушул кезде ал жерлерге кайрадан оңдоо иштерин жүргүзүү зарылчылыгы пайда болууда. Жол өтө сапатсыз курулган. Эптеп салынган жол көпкө чыдабасы, ал жерге көп убакыт өтпөй кайра эле куруу иштери болоору айтылууда.

Булак: “Алиби”

Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот бүгүн өтөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кытайдын Кыргызстандагы элчилигиндеги жардыруу боюнча иш күбөлөрдүн бири гана келип, башкалары келбей калганына байланыштуу 4-майга жылган. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти. Маалыматка караганда, сотто күбөлөр көрсөтмө берип жатышат. Буга чейинки териштирүүлөрдө 20га чукул күбө суралды. Өткөн жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон. Жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн «Жабхад-ул-Нусра» жана «Жамаат Таухид ва жихад» тобунун мүчөлөрү экенин, шектүү беш киши кармалып, төрт адамга издөө жарыяланганын билдирген. Алардын баары Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары экени айтылган.

Булак: “ПолитКлиника”

Россия Кыргызстандын 161 тонна товарын киргизбей койду

Баягы эле бүтпөгөн илең-салаң ишибиздин арты мына ушундай чыгым болууга алып келүүдө. ЕАЭБге кирүүнүн жолдорун дыкат иликтеп, өз дараметине жараша кадам таштабаган Кыргызстандын өндүргөн товарлардын фитосанитардык талаптарга жооп бербегендигинен улам Россиянын аймагына киргизүүдө 161,15 тонна жүк артка кайтарылган.

Текшерүүдө алма, лимон, капуста, кызылча, редиска, петрушка, күрүч жана башка жашылчалардан фитосанитардык шектенүүлөр бар деген жүйөөлөр менен бирге, тиешелүү документтердин жоктугу да себеп болгон.

Ушундай эле себептер менен Казакстандын 355 тонна, Өзбекстандын 50 тонна жана Кытайдын 18 тонна жүгү киргизилбей, ээлерине кайтарылган.

Булак: “Алиби”

Меню