Menu

КООМ

Өзбекстан: Жизакта дыйкандарга пахта гана өстүрүү буйругу берилди

Өзбекстанда жизактык дыйкандарга ижарага алынган жерлерге пахта гана өстүрүү буйругу берилди.

Апрелде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ижарага алынган жерлерге күнкарама, пияз жана жүгөрү эгип койгон дыйкандарды жашылча-жемиштерди алып, ордуна пахта эгүүгө мажбурлашкан.

Бул көрүнүштү жергиликтүү аткаминерлер видеого тартып, аны жергиликтүү администрациянын чогулушунда көрсөтүшкөн. Өлкөнүн айыл чарба министри Зойир Мирзаев катышкан кеңешмеде мектептерге барып, тартылган тасмаларды ижарага алынган жерлерге башка өсүмдүктөрдү эккен дыйкандардын балдарына көрсөтүү зарылдыгы айтылган.

«Дыйкандардын балдарын уяткаруу боюнча иш-чаралар жакында эле, президент Шавкат Мирзиёев келип кеткенден кийин башталды. Учурда биз аларга даярданып жатабыз. Азырынча окуу жайларда кайсыл тасмалардын көрсөтүлө тургандыгы так белгисиз», – деп билдирди Жизак облакимчилигинин атминерлеринин бири.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Токтогул ГЭСине кеткен чыгымга ГЭС куруп койсок болот беле?

Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Кубаттуулугу -1200 МВт. Бүткүл өлкөнүн орточо иштеп чыгарган электр энергиясынын 40 пайызы ага тийиштүү. Анын шаймандары жедеп эскирип калгандыктан, толугу менен алмаштырууга муктаж болуп, ага жылына миллиондогон акчалар которулуп келет. Аз күн мурда Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн 110 млн доллар бөлгөндүгү ачык болду. Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү 3 фазадан турат. Ушу тапта анын 1-2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия енүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылууда. 3-фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар каражат талап кылынат.
Мындай оңдоо иштери ай айланбай кайталана бергенине нааразы болгон айрым депутаттар акыркы 25 жылда өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө канча каражат жумшалганына кызыгышты. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев бул багытта 1,7 млрд доллар жумшалганын, анын ичинде 1,3 млрд доллар гранттык каражат экенин билдирди. Ал эми Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн баш-аягы 487 млн доллар жумшалаарын айтты. Депутат Абдывахап Нурбаев өткөн жылы авариялык абалдан кийинки ушундай долбоорлор кандай жыйынтык бергенине кызыгып, өмүр бою оңдоп-түзөп жүрө бербей, ошол кетирген акчаларга жаңы ГЭС куруп койгонго болмоктугун айтса камырабаган Калиев “Биз эми суу тосмолорун дагы жаңыртышыбыз керек” – деп жанды кашайтып отурбайбы.

Булак: “Алиби”

Түркмөнстанда мамкызматкерлер үйлөрүнө суу эсептегичтерди орнотууга милдеттендирилди

Түркмөнстандын Балкан облусундагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери үйлөрүнө суу эсептегичтерди орнотконун далилдөөгө милдеттендирилди.

Мамлекеттик «Түркмөннебит» концерининин кызматкерлеринин бири жетекчиликтин талабы суу эсептегичтерин орнотуу менен гана чектелбей турганын, алар орнотулган жабдууларды сүрөткө тартып барып көрсөтүшү шарт экенин билдирди.

Балкан облусунда сууга эсептегичтерди орнотуу иштери өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун тапшырмасы менен жүзөгө ашырылууда.

Буга чейин өлкөдө суу, газ жана электр энергиясы калк үчүн бекер берилип келген. 2016-жылы сентябрда бекер суу, газ жана электр энергиясын жоюу сунушу Аксакалдар кеңешинин жыйынында колдоо тапкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ЖАМУнун профессору Камил Ашимов шаардагы үйүндө күнөскана куруп, жаңгак көчөттөрүн өстүрүүдө

ЖАМУнун окутуучусу, профессор, биология илимдеринин доктору Камиль Ашимов Жалал-Абад шаарындагы Спутник шаардык аймактык башкармалыгына караштуу З. Жамашев атындагы көчөсүндөгү өзүнүн үйүнө күнөскана куруп, мыкты сорттогу жаш жаңгак көчөттөрүнүн ондогон формаларын аярлап өстүрүүдө. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Бою бир карыштан эми гана көтөрүлгөн айрым жаңгак көчөттөрү жангак мөмөсүн түйө баштады. Азыркы мезгилде окумуштуунун күнөсканасында 500 даана жаңгак көчөттөрүнүн  17 формалары  өстүрүлүп жатат

“Эл аралык экология, токой жана ландшафт илимдер академиясы” (МАНЭЛиЛ) 2015-жылдын февраль айында  өз алдынча, же тагыраак айтканда мамлекеттик мекеме-ишканаларга альтернатива катарында уюшулган. Учурда Академиянын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө 40тан ашуун мүчөлөрү бар. Анын курамына 6 академиктер жана 8 мүчө-корреспонденттер шайланышкан. МАНЭЛиЛдин президенти, академик, биология илимдеринин доктору, профессор, ЖАМУнун окутуучусу  Камиль Ашимов болуп саналат.

“Эл аралык экология, токой жана ландшафт илимдер академиясы” тарабынан 2017-жылы биология илимдеринин доктору, профессор Камиль Ашимов тарабынан жаңгак, мөмө-жемиш токоюунда жана айыл-кыштактардагы жеке менчик үй алдында өскөн жаңгактардын формалары тандалып алынып, жаңы усул ыкмасы менен улаштырылды. Бул усул чет мамлекеттерде, өзгөчө Европада, көбүнчө Италияда кеңири тараган. Кыргыз улуттук академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Жаңгакчылык жана мөмө өсүмдүктөр институтунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Советбек Кенжебаев атайын Италияга барып, улоо усулун үйрөнүп келген.

Негизинен кыйыштыруу, стимуляцияга коюу жумуштары жана аны көзөмөлгө алуу иштери  Өмүрбек Кожошевге жүктөлгөн.

Бул усулдун негизи жаңгак дарагынын эң жогорку түшүм берүүчү, мөмөсү чоң жана эрте түшүмгө кирүүчү, каңырты формаларын улоо жолу менен келечектүү (перспективный) көчөттөрдү алуу болуп саналат. Өзүңөргө жакшы белгилүү болгондой жаңгакты улоо башка дарак өсүмдүктөрүнө караганда бир кыйла татаалыраак. Ошондуктан биз жаңгак көчөттөрүн кыш мезгилинде (февраль айында) улап, аны атайын жабдыктарда жылуулап, улама жакшы тутуп кармап калышы үчүн өбөлгө (стимуляция) жараттык.  Эрте жазда уланган көчөттөрдүн кыюу үстүндө (уланган ноодасына) жайланышкан бүчүрлөрү ойгонуп, же жалбырак чыгарганда көчөт жылуу жерге – күнөсканага олтургузулат. Кийинчерээк кеч күздө, же эрте жазда атайын көчөт өстүрүлүүчү жайларга кайрадан олтургузулат, же болбосо сатыкка чыгарса болот. Бул ыкма менен алынган көчөттөрдөн 80%  чейин эң жогорку формадагы көчөттөрдү алабыз жана 100% кепилдик беребиз,- дейт биология илимдеринин доктору, профессор Камиль Ашимов.

Профессор Камиль Ашимовго күнөсканада өстүрүлүп жаткан жаш жаңгак көчөттөрүнүн формаларын аярлап асырап кароодо өмүрлүк жубайы Гүлнара Токторбаева жакындан жардам берип, кол кабышын аябайт.

"ИНФОТЕК”: "Сентябрдагы” жабдыктардын "Алиппе ТВга” тиешеси жок

Абакта отурган Алмазбек Абековдун “ӨмүрбекТекебаев менин “Алиппе ТВ” каналыма тийиштүү жабдыктарды тартып алып, өзүнүн “Сентябрь” телеканалына жайгаштырып алган” – деген айыптоосун жабдыктын чыныгы ээлери “калп” деп чыкты. Орусиялык “Инфотек” компаниясынын жетекчиси Александр Мих “Сентябрдагы” жабдыктар анын компаниясына таандык экенин, “Алиппе ТВга” эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Айтымында, эки тараптуу келишимдердин негизинде ал 2016-жылдын апрелинде бир жылдык мөөнөт менен “Сентябрга” жабдык
орнотуп берген. Ошондой эле, А. Мих айрым тараптар А.Абековду адаштырып жатышканын, ал чуулуу жабдыктарын 3 жыл мурун эле казактарга сатып жибергенин кошумчалады. Абековду кимдер адаштырып, кандай максатты көздөп жатышканын өзүңүздөр таразалап алыңыздар эми…

Булак: “Алиби”

Бабырбек Жээнбеков, "Алиби" гезитинин башкы редактору: "Жылдыз Мусабекова карандай калпты айтып жатат"

Депутат Жылдыз Мусабекова “Алиби” гезититин кабарчысы Үпөл Анаркулова менен “сүйлөшкөн сөзүнүн” эки-үч жеринде менин ысмымды күбөгө тартып кетиптир. Анын айтуусу боюнча, чуу жараткан материалды гезит бетине даярдаган Ү.Анаркулова экендигин ага мен айткан имишмин. Мен бул маалыматтын чындыкка дал келбестигин, анын карандай калп экендигин баса белгилеп айткым келет.

Жалган маалымат берип, жетекчи менен ага баш ийген кызматкердин ортосунда чагымчылык кылуу адамгерчилик ченемдерине жатпастыгын баарыбыз эле түшүнөбүз го деп ойлойм. Моралдык-этикалык себептерден улам болсо дагы экөөнүн ортосундагы чырга менин атымды аралаштырууга эч кимдин акысы болгон эмес. Бул менин гезиттин башкы редактору катары анын жоопкерчилигин алуудан качуу аракетим эмес. Мен жөн гана ачуу болсо да, оор болсо да, ортодо чындык гана айтылууга тийиш деп эсептейм.

25-апрель, шейшемби күнү, мен өз иштерим менен Көл кылаасына чыгып кетип, ал жактан 27-апрель күнү кайткан элем. Материалдарды даярдоо жана басмага берүү милдети орун басарым Кубатбек Айбашовго жүктөлгөн эле.

Мен айланма жол менен Токмок шаарына жете берген учурда, саат 18 дин тегереги болчу, чөнтөк телефонум шыңгырап калды. Карасам бейтааныш номер, “Ким болду экен?” – деп жандырсам, телефондун аркы учундагы адам мурдагы журналист, азыркы ЖК депутаты Жылдыз Мусабекова экен. Ал түз эле маселени кабыргасынан койду. “Мен өзүм окуган жокмун. Бирок мага курбуларым айтып жатышат, сиздин гезит мен жөнүндө макала жарыялап, мени Тоңдун акиминин “крышасы”, андан акча алган деп күнөөлөп жазыптыр” – деди ал.

Мен эмне болгон материал, ким даярдаганын эстей албадым. Ошондуктан, Ж.Мусабековага “Жылдыз, мен шаарга жетейин, тактайын. Экөөбүз андан кийин сүйлөшөлү. Азыр мен сага эч нерсе дей албайм” – деген сөздөрүмдү үч-төрт жолу кайталаганыма карабастан, аларды угуп да койбостон, ар нерселерди айта бергендигинен улам мен сүйлөшүүнү токтотуп салдым.

Орун басарыма телефон чалсам Тоң районунан бир мугалим аял келип, анын арыз-арманын Үпөл диктофонго жазып алып, гезитке ошону жарыялаганыбызды, Ж.Мусабекованын да пикирин алуу үчүн ага кайра-кайра телефон чалып, андан coң СМС жөнөтүп байланыша алышпаганын, ошондуктан Рита Исмаилованын баяндамасынын этегинде бул жөнүндө эскертүү менен кеткендигин айтты.

Мен түз эле редакцияга келдим. Гезитти алып тааныштым. Редакция жамааты Ж.Мусабекованын Р. Исмаилованын айткандарына каршы пикирин алууга болгон аракетин жасаптыр. Жооп бербей койсо редакциянын күнөөсү эмес деп эсептейм.

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ, “Алиби” гезитинин Башкы редактору

Булак: “Алиби”

Ашхабадда бензин үчүн узун кезек пайда болууда

Ашхабадда бенсиндин наркы жогорулай турганы жөнүндө кеп тарагандан кийин май куйуучу жайларда узун кезек пайда болууда.

Айдоочулар жеңил жана жүк ташуучу унаалары менен катар канистрлерге дагы бензин толтуруп кетишүүдө.

2-май күнү эртең менен шаардын четиндеги беш май куйуучу жайда бензин болгон жок.

Бензин наркынын жогорулоосу тууралуу айың-кеп чыккандан кийин дүрбөлөң башталды. Бул арада расмий медиа менен мамлекеттик мекемелер күйүүчү майлардын наркын көтөрүү боюнча өкмөттүн планын кабарлаша элек.

Түркмөнстанда акыркы жолу бензиндин баасы президенттин көрсөтмөсү менен 2015-жылы январда көтөрүлгөн. Анда автоунаалар керектөөчү майдын баасы 60% өскөн.

А-95 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 1 манатты түзөт. Өлкөдө расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

7 балл болгон жер титирөө катталган

2017-жылдын 3-апрель күнү саат 10:47де Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык Таджикистан Республикасынын аймагында очогунда 7 балл болгон жер титирөө катталган. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибе, Карамык айылдарында 5 балл сезилген жана түштүк олблустарда 4 балл сезилген.

“Германиядан келген коноктор музейге коюлган патефонду 500 еврого сатыңыз” дешти дейт  элеттик  мугалим Махамаджан Мадаминов

Сузак районундагы М. Хакимов атындагы №2 “Дом Ата” орто мектебинде Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдраманов атындагы “Адабият-маданият-искусство” музейи ачылды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Музейде Токтогул Сатылганов, Барпы Алыкулов баш болгон кыргыз элинин алп төкмө акындарынын, Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов, Жоомарт Бөкөнбаев баштаган кыргыз эл акындары менен жазуучуларынын чыгармалары менен портереттери коюлган. Мындан сырткары музейге искусство менен маданияттын чеберлеринин эмгектери, сейрек кездешүүчү буюмдары менен ар кыл улуттардын ондогон баалуу музыкалык аспаптары коюлган. Бул музейди ачуунун демилгечиси жана уюштуруучусу ушул мектептин музыка сабагынын мугалими, ардактуу эмгек ардагери Махамаджан Мадаминов болду. Элеттик мугалим Махамаджан Мадаминов музейди ачууга өзүнүн 20 жылдык талыкпаган изденүүчүлүк  эмгегин жумшады.

Музейдин ачылыш салтанатына кыргыз эл акындары менен жазуучулардын жакындары менен коомчулуктун өкүлдөрү, Кыргыз эл артисти Шахра Талипова, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана жазуучу Асанбай Жусупбеков, ЖАМУнун оуктуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Дилбар Чокоева, доцент Айтмамат Оморов, Кыргыз эл баатыры Дооронбек Садырбаевдин бир тууган иниси Кубанычбек Садырбаев, мамлекеттик жана муниципалдык бийликтин өкүлдөрү катышты.

—     Мектептин музыка сабагынын мугалими Махамаджан Мадаминов Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдраманов атындагы “Адабият-искусство-музыка” музейин ачуу демилгесин 1996-жылы баштаган. Музейге коюлган экспонаттар менен көркөм чыгармаларды топтоонун түйшүк машкатын айтпасам деле жакшы белгилүү. Агайдын демилгесин колдоп, мектептен эки класстык бөлмө ажыратып бергенбиз. Азыр музейге коюлган акын-жазуучулардын чыгармалары, экспонаттар менен буюмдар көргөндөрдү өтө таң калтырып жаткандыгын жашырууга болбойт. Агайдын эмгегинин үзүрү кайтып, биздин мектепте өткөндүн адабияты менен маданиятынын тарыхын баяндаган эң мыкты музей жаралып олтурат,- деди Сузак районундагы М. Хакимов атындагы №2 “Дом Ата” орто мектебинин директору Гүлнара Юлдашева.

—   Кыргыз эл жазуучулары менен акындарынын жакындарына терең ыраазычылык билдиремин. Алар музей үчүн баалуу китептерин жана өздүк буюмдарын аяшканы жок. Музейди ачуу үчүн 20 жыл ичинде Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарын кыдырып чыктым. СССРдин эл артисти Игорь Алексеевич Шаповалов, улуту немец, Жалал-Абадда туулуп-өскөн балетмейстер Медянова Эльза Григоревна (1918-1980) бийчинин туугандары музейге сейрек кездешүүчү уникалдуу сүрөттөр менен буюмдарды тартуулашты. Музейди көргөнү Германиядан келишкен чет коноктор музейге коюлган, иштеп жаткан патефонду мага 500 еврого сатуу сунушун айтышты. Мен аларга бул патефонду алтын берсеңер дагы алмаштырбаймын деп баш тарттым. Алар менден кечирим сурашып, ушундай музейди ачкандыгыма өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын билдиришти,- дейт музейди уюштуруп ачкан элеттик мугалим Махамаджан Мадаминов.

Азыркы мезгилде Сузак районундагы М. Хакимов атындагы №2 “Дом Ата” орто мектебинде ачылган Шабданбай Абдырманов атындагы “Адабият-искусство-музыка” музейине агылып, атайын көргөнү келгендер күн санап арбып барууда.

Жер титирөө учурунда Чоң-Алайда сарайдын дубалы кулап 1 адамды басып калды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-май күнү саат 10:47 де катталган жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагынын Карамык айылында 10 турак үйдүн дубалынан жарака пайда болуп, мындан ары жашоого кооптуу, андан сырткары 1 оорукананын имараты пайдаланууга жараксыз, 1 балдар бакчасы (абалы орто пайдаланса болот), 1 мектеп изилденген (абалы орто пайдаланса болот). Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Чулук айылында 1 сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган, жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. 1 турак-жайда 2 кыз  жалгыз болгондуктан чочуп калышкан ФАПтын медайымдары тарабынан 1 медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалдары жакшы.

Азыр изилдөө иштери улантылууда.

Меню