Menu

КООМ

Паспорттон кыргыз аты өчүрүлдү, эми жер бетинен өчүшү керекпи?

Биздин бийлик акыркы кезде каратаман зл менен такыр эсептешпей калды. Бул – ачуу чындык! Ошондуктан, бийликте турган адамдар змне жасабасын, аны биз жөн гана театрга келген көрүүчү сымал гана карап олтура беришибиз керек экен. А эгерде ошол кыйшык иштерине сын айта турган болсоң, куугунтукка алынып, жаманатты болосуң. Бул бери эле жагы. Коркутуу чаралары жакшы эффект бергенин ушундан көр, учурда эл алдында жүргөн аттуу-баштуу саясатчыларың деле. “Текени камагандан кийин, мен ким болул калыпмын”,- дел башын кумга катып олтурушат. “Көч башы болом”- дегендер ушинтип жаткандан кийин, бей-бечара эл кайда бармак эле…
Дегенибиз, коомчулукта, тагыраагы, бир аз активдүүрөк журттун бөлүгү бук чыгарчу аянтчага айлантып алган соцтармактарда баягы Тайыр Сарпашев “паспорттогу улуту тууралуу графаны алыш керек”,- деп чамынып киргенде эле, катуу ызы-чуу башталды эле. Кол топтоо, терегек үстөлгө чогулуу, ач-айкырык салуу, тилекке каршы, мындай каршылык билдирүү жолдорун бийлик чымын чакканчалык дагы көрбөдү. Ушундай жол менен паспортунан улуту тууралуу графаны алып салып, убакыт өтүү менен караса улут өлө баштаганын байкап, кокуйлап аны кайра киргизип жакасын кармап калган мамлекеттердин тажрыйбасы да бийликке сабак болгон жок. Дүйнөнү тымызын башкарган жашыруун бирикмелер ушинтип кичинекей өлкөлөрдү жок кылуу үчүн каржысын таптакыр аябай чачарын канча айттык. Муну таңуулагандардын максаты – кыргыз улутун жер бетинен жок кылуу экендигин да көп кишилер айтып чыгышкан. Бирок, аттин, бийликте чечим кабыл ала турган адамдардын кулагы укпай, көзү көрбөй калган кебетеге жетиптирбиз. Анткени, мына 1-майдан баштап улуту жазылбаган биопаспорттор элге бериле баштады.

Тарых үчүн Кыргыз Өкмөтүнүн токтомунун (03 04.2017 № 197) текстин жарыялай кетебиз. Эртең кыргыз жоголуу коркунучуна тушукканда бул долбоорду кимдер жүзөгө ашырганын биле жүрүңүз, окурман.

Булак: “Майдан.kg”

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 токтому

Идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) идентификациялык картасын киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

– Идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

– идентификациялык картанын – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) үлгүсү,   2-тиркемеге ылайык.

2. Идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) киргизилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун даярдоого документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 30-апрелинен тартып токтотулаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын 1-майынан тартып идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) даярдоого документтерди кабыл алууну баштасын.

4.  Идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) шашылыш даярдоо жана жоготуу же бузуу себептери боюнча кайрылуу учурларынан тышкары, идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) баштапкы тариздөө жана берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү (ID-карта) жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун алмаштыруу 2017-жылдын 1-майынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына чейин акысыз жүргүзүлөөрү белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасына идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын  2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жекелештирүүгө жана даярдоого ыйгарым укуктар берилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын  2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) берүүгө байланыштуу иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын  1-майынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                 С.Ш.Жээнбеков

Абайлагыла, алдамчы калемгер!

Мурда чыгармачылык менен алектенген бир калемдешибиз соңку жылдары ишенчээк адамдарды алдоо менен алектенип, “сиз жөнүндө, ата-энеңиз жана жакындарыңыз жөнүндө китеп жазам, давайте, баланча жүз миң сом бериңиз… керек болсо, айылдаштарыңыз жөнүндө да энциклопедия чыгарам. Ар бир кожолуктан акча чогултуп бериңиз” деп, алганын ошол бойдон жеп, кумга сиңген суудай из жашырып кеткендиги айтылып жүрөт узун кеп. Көп адамдар “ошол журналистти тааныйсыңарбы?” деген суроолор менен бизге кайрылууда.
Албетте, кылмышы толук далилденбеген адамдын аты-жөнүн биз гезит бетине жарыялай албайбыз. Бирок, окурмандарыбызды сак болууга чакырууну эп көрдүк.

Булак: “Майдан.kg”

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүү айлыгы өтүп жатат

Жалал-Абад шаарында 25-апрелден бери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, майыптарына, курман болгон жоокерлердин жесирлерине, ооруктун каармандарына ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында бир айлык өтүп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаардын вице-мэри Айзат Раматиллаеванын билдиришинче, шаар мэриясы 25-апрель-25-май аралыгын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагелерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү акцияларын өткөрүүнүн бир айлыгы деп жарыялаган.

-Бул боюнча атайын иш-чаралар иштелип чыгып, ар бир мекеме-ишканага, коомдук бирикмелерге, окуу жайларына согуш ардагерлерин, жоокерлердин жесирлерин, ооруктун каармандарын социалдык-маданий жактан колдоого алуу боюнча сунуштар берилген. Мындай кайрымдуулук акциялар азыр өтүп жатат. Айрыкча биз жаш муундар менен ардагерлердин өз ара карым-катнашына, жаш муундардын аталар эрдиги боюнча кененирээк билишине умтулуп жатабыз. Бул багытта шаардагы бардык мектептерде иш-чаралар өткөрүлүүдө, – дейт ал.

Эскерте кетсек, өз мезгилинде Мекенди коргоого Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун киши фронтко жөнөп кеткен, алардын 5024ү кайтып келишсе, 4976сы катпай калган. Азыркы тапта шаарда 11 согуш ардагери бар. Андан тышкары, концлагерлерде туткун болушкан 2, оорукта каармандык көрсөтүп, Жеңишке салым кошушкан 8 ардагерлер катарда.

Дача СУга деп чогулган акчаны баягы эле шылуун-шумпайлар жымырып кетпесе болду

Сыягы, жыл башында 39 адамдын өмүрүн алган сырдуу учактагы жүктүн ээси аныкталбай, маркумдардын туугандары үчүн элден (мамлекеттен эмес) чогулган 100 млн. сомдон ашык акчаны да бийликтегилер жеп коёт окшойт. Ал эми күн сайын, ар бир самолет учканда жүрөгү оозуна тыгылып жашап жаткан карапайым дача сулуктар же үйдө, же Чүйдө жок ээн талаада, ачык асман алдында кала берери түшүнүктүү болуп калды. Алгач башка жактан үй эмес, жок дегенде жер участогун бөлүп берүү талабы менен Ак үйдүн алдына чыккан айылдыктарды ИИМдинби, УКМКнынбы жасоолдору түн жамынып үйлөрүнө барышып, коркутуп-үркүтүп, айрымдарын уурдап кетишкен болчу. Андан соң айыл жашоочуларынын ар бирине 10 миңден 25 мин сомго чейин акча берип, “Доом жок” деген кат жаздырып алышты. Бул ошол элден чогулган 100 млн.дун 5 эле миллиону экен. Калган 95 млн. сом кайда, кимге берилери тууралуу бийликтин бир өкүлү ооз ачып койгон жок. Мындан тышкары “күнөөлүү” деп табылган туркиялык компания бөлгөн 600 миң АКШ доллары бар. Алганды гана билип, бергенди унутуп калган кыргыз бийлиги бул акчанын да кандай максатта жумшалары тууралуу ооз ачпай келет. Акыры ушинтип отуруп, өлкөбүздөгү бир кырсыкты экинчиси басып, Дача СУдагы трагедия унутулуп, эл чогулткан акчаны баягы эле шылуун-шумпайлар жымырып кетет окшойт…

Булак: “Майдан.kg”

Кыргызстандын эл аралык айдоочулук күбөлүгү Орусияда иштебейби?

Орусиянын “Жол коопсуздугу” боюнча мыйзамынын өзгөртүлүшү чет элдик айдоочуларды тынчсызданууга салды. 2017-жылдын июнь айында күчүнө кире турган мыйзам боюнча Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги айдоочулук күбөлүктөрү менен Орусиянын аймагында жүк же адам ташып иштегенге тыюу салынат. Ошентип Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү Орусияда таанылбайт.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев өлкө түштүгүн кыдырып жүрүп, ушул маселеге токтолду. “Бул Өкмөттүн түздөн-түз иши. Менин оюмча, бул багытта жумуш жүрүп жатат. Анткени, паспортко каттоого туруу, “кара тизме”, медицинага болгон укук, балдарды мектепке орноштуруу, жумушка кирүү маселелери чечилип аткандан кийин, бул деле чечиле турган маселе”,- деди Оторбаев.

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдиргендей, КРнын Эл аралык деңгээлдеги айдоочулук күбөлүгү менен Орусияда жеңил унаалар менен мурдагыдай эле жүрө беришет. Болгону оор жүк ташуучу унаа же коомдук транспорт айдагандар РФтин айдоочулук күбөлүгүн алышы керек болот.
Вена конвенциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2011-жылдын март айынан тарта улуттук күбөлүктөр эл аралык документсиз мамлекеттин аймагынан чыккандан кийин өзүнүн юридикалык күчүн жоготот. Ошого байланыштуу Кыргызстандагы “Айдоочулардын эл аралык ассоциациясы” эл аралык айдоочулук күбөлүк бере баштаган.

Эл аралык айдоочулук күбөлүк “Жол кыймылы тууралуу” эл аралык конвенциянын шарттарына ылайыкташып түзүлгөн документ. Ал улуттук күбөлүккө тиркеме катары берилет. Документ Кыргызстандан тыш унаа айдоого уруксат берип, мөөнөтү улуттук күбөлүк менен бирдей болот.

Муну менен бирге эл аралык күбөлүк айдоочулук чеберчиликти тастыктоочу экзамендерден бошотот. Ал БУУнун 193 мамлекетинде ратификацияланган.

Булак: “Майдан.kg”

УИАда “Улуу жеңиш: тарых жана бүгүнкү күн” аталышындагы конференция өтөт

4-майда саат 09:30да боло турган, улуу жеңишке арналган конференцияны УИАнын Тарых жана маданий мурастар институту уюштурууда. Бул туурасында КР УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Тарыхчы-окумуштуулардын бүгүнкү күндөгү милдети Улуу ата мекендик согуш туурасындагы тарыхый маалыматтарды жана фактыларды анык берүү менен жаштарды патриотизмге тарбиялоо, ошондой эле азыркы тапта коомдо болуп жаткан нацизм жана фашизм сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө аракети болуп эсептелинет.

Аталган иш-чарага окумуштуулар, ЖОЖдун окутуучулары, коомдук ишмерлер жана аспиранттар чакырылат. Тегерек столдун катышуучуларынын макалалары  те индексине ээ (РИНЦ) “История.Археология. Этнология” илимий журналына жарыяланат.

5-класстын окуучусу өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында 5-класстын окуучусу 23-апрелде өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет касап, тилекке жараша, аман калган, учурда аны мындай ишке барууга эмне түрткү болгондугу иликтенүүдө. Бул ууралуу Билим берүү жана илим миистрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, өзүнө кол салган кыз аз камсыз болгон үй-бүлөнүн улуу ызы. Андан кийин үй-бүлөдө дагы төрт бала бар. Энеси балдар менен үйдө отурат, өгөй атасы ар кайсы иште иштеп, каражат табат. Алар ижарага алынган үйдө турушат.

Мектеп директорунун айтымында, кыздын классташ курбулары бар жана жакшы окуйт.

“Окуядан соң мектепте ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, мектептин администрациясы кызга психологиялык комфорт түзүүнү сунуштады. Кыздын ата-энеси менен сүйлөшүүлөр болду. Учурда мектеп жетекчилиги кызга психологиялык консультация алууга каражат издешүүдө”, – деп кабарлады министрлик.

Булак: “Майдан.kg”

Видео - Дача-СУ: жардамдан кийинки нааразылык

Авиакырсык болгон “Манас” аба майданынын жанындагы Дача-СУ конушунда элден чогулган жардам калыс бөлүштүрүлгөн жок деп нааразы болгондор бар. Алар Өкмөт бөлгөн акча толук берилбей, текши болбогондугун айтып чыгышты.

Булак: “Азаттык”

ОшМЮИнин жамааты терроризмге каршы

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун окумуштуу окутуучулары жана студент жаштары « Биз терроризмге каршыбыз!» деген акцияга чыгышты. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы маалымдады.

Алар алгач терроризмге каршы үгүттөгөн чакырыктар жазылган түрдүү  лозунгдарды көтөрүп  Ош шаарынын көчөлөрүндө жөө жүрүш жасашты. Аталган жогорку окуу жайдын ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов баш болгон жөө жүрүштүн катышуучулары шаардын жашоочуларын жергебизде тынчтыкты бекемдеп, терроризмге каршы күрөшүүдө бирге болууга чакырып өттү.

Алардын демилгелүү чакырыктарына кошулган шаар тургундары, дагы башка окуу жайлардын жамааттары да ордолуу Оштун борбордук аянтына келишти. Борбордук аянтта терроризмге каршы минтинг болду. Анда  Ош шаарынын  мэри  Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов жана башка атуулдар соңку мезгилдердеги саясый абал тууралуу сөз сүйлөп, митингдин катышуучуларын терроризмге каршы кайраттуулук  менен күрөшүүгө, дайыма сергек болууга үндөдү.

Садыр Жапаров Аюу-Сайлыктарга көңүл айтты...

Учурда Бишкектин №1-СИЗОсунда камакта жаткан экс-депутат, оппозиционер Садыр Жапаров Өзгөндөгү жер көчкү тууралуу угуп, адвокаты аркылуу жаратылыш кырсыгынын натыйжасында жакындарын жоготкондорго жана андан жабыр тарткандарга көңүл айтты. Өзгөртүүсүз беребиз…

“Урматтуу замандаштар!

Өзгөндөгү карапайым калктын өмүрүн алган жаратылыш кырсыгы баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып, сай-сөөгүбүздү сыздатып. калың журттун жүрөгүн ыйлатты. Асманыбызды кара булут каптап, бир эле күндө 24 жараныбыз уктап жаткан жеринен бул дүйнө менен кош айтышканга да жетишпей түбөлүк уйкуга кетти. Күнөөсүз жарандардын, өзгөчө жаш балдар он гүлүнүн бири ачыла электе эрте көз жумганы чоң трагедия.

Ооба – трагедия. Анткени, башка кырсыктардан айырмаланып жер көчкүнү алдын алса болот эле. Ошол ишти жасабаганыбыз үчүн тирүүлөр өзүбүздү күнөөлүү сезишибиз керек.

Бул – жакындарын жоготуп, кан жутуп отурган маркумдардын үй-бүлөсүнүн эле эмес, жалпы элдин кайгысы. Шаарда болобузбу, айылда болобузбу, кырсык баардык жерде капыстан келиши мүмкүн. Табалап же кайдыгер карап жаткан учурда ошол окуя биз менен, биздин жакындарыбыз менен болгонун элестетип кабыл алсаңыздар, бул чоң жоготуу экенин туясыздар. Андыктан, кырсык биздики эмес деген ой менен жашоо улантпай, “биз ошол жерде болуп калсак эмне болот эле?”- деп көмөк көрсөтүп, колдоп, ынтымакта, биримдикте бололу. Анткени, элдин пейили бузулган учурда, ыйманы жоголуп бараткан коомдо жер титиреп, сел жүрүп, көчкү басып Жер эненин ыйы, үнү, кайгырганы билинип турат экен.

Жалпы элимди ынтымакка, биримдикке, жакынын жоготкондорду сабырдуу болууга чакырып, кайрат кылыңыздар демекчимин. Өзгөндүк туугандарга терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Маркумдардын жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко, жандары жаннатта болсун!”.

Булак: “Майдан.kg”

Меню