Menu

КООМ

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбевге Ат-Башы районунун айымдары: "Куугунтукту токтоттуруңуз!"

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Биздин сизге кайрылып жатканыбыздын себеби- биз сиздин, коррупцияны жоюуга болгон аракетиңизди, мамлекетибиздеги жасалып жаткан жакшы иштериңиздин бардыгын көрүп, колдоп эле турабыз. Тилекке каршы, ошол изги тилектериңизди сизди жандап жүргөн жандоочторуңуз аткарбай жатканын карапайым калк билип көрүп турат. Өзүңүз билгендей 2009-жылкы президенттик шайлоодо, азыркы жаныңызда жүргөн көпчүлүк арзыматтар Бакиевдин камчысын чаап турганда, касиеттүү атбашылыктар сиздин талапкерлигиңизди колдоп, кылычынын кан тамган ошол бийликке да добушун саткан эмес. Бүгүн да атбашылыктардын басымдуусу акты “ак” деп, караны “кара” деп айрып билет.

Сизден өтүнүч, өлкөбүздө болуп жаткан ак жерден каралоону, баягы эски эки бийликтин саркындылары дагы да болсо сасытып жатканын туйсаңыз жакшы болот эле. Ошол эле Акаевдин мөөнөтүн кайра-кайра узартканга шарт түзгөн, Бакиевдин «Ак жол» партиясынын сап башына туруп алып, анын бийлигин бекемдеген Ч.Баекованын жээни Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кыргыз элине, жерине болгон жоопкерчилигин көрүп эле турабыз. Түз айтканда Аида Салянованын бучкагына теңеле алдыбы? “Албетте, жок!” – деп кесе айтсак болот. Тайсалдатпай, түзүн айтканда, мурдагы башкы прокурор, кыргыздан чыккан Маргарет Тетчердей Аида Саляновага кандай гана каралоолор жүрүп жатканын көрүп алып төбө чачыбыз тик турууда. Пенде болгондон кийин адам кемчиликсиз болбойт. Аида Жеңишбековнанын да кемчиликтери болсо керек. Эгемендикке ээ болгондон берки башкы прокурорлордун фонунда ат көтөргүс эмгекти, кайра тартпас көкжалдыкты көргөзүп койгонун кантип танабыз. Азыркыга чейин коррупционерлерди каччысы качып, качалбаганы чөгөлөп турушпайбы. “Мен”- деген жигиттер жасай албаган эрдикти көргөзгөн Аида айымга болуп жаткан каралоолорду журт атасы катары токтотууңузду суранабыз. Аида Жеңишбековнаны каралап сизге жеткирип жаткандар “темирди да отко кактаса эрип, жашып ийилчээк болуп калгандай эле «А» десе «А» деп, «Б» десе «Б» деп калат” – дегендер терең жаңылат. Артында айгайлаган эли турганда кайра курчуп чабылаарын ошол бузукулар унутпаса. Эмитеден алардын жүзүн ачып, сизге жеке адам катары жакпаса да жалпы эл үчүн жан үрөп ак иштегендерди колдоп сүрөп турбасаңыз тарых кимдин-ким экенин бат эле тастыктап коет.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сиздин адамкерчилигиңизге  ишенип , канчалаган эр азаматтар, ал мончоктой кыздарыбыз ак жеринен караланып жатканын көрүп кайрылып отурабыз. Мунун баарын “жети өлчөп, бир кесип” тыянак чыгарбасаңыз эртең кеч болуп калчудай. Ал эми сиздин Кыргызстаныбызды бардык тарабынан өнүктүрүп өстүрөйүн деген ак дилден жасап жаткан аракеттериңизден кыпындай да  шегибиз жок. Болгону акмактардын айынан сиздей эле “элим-жерим”- деген кыздар балдарыбыздын  шагы сынып жатканын көрүп-билип туруп тынч отура алган жокпуз. Башынан ак жеринен кара булут айланып жаткан кыргыздын кыйындарынын башынан өткөн окуялар мындан да оор, мындан да жаман абалда сиздин башыңыздан да өткөнүн билебиз. Андыктан, “ак жеринен караланып жаткандарга жол бербесе экен”- деген тилекте жазган кайрылуубуздан тыянак чыгарат деген ойдобуз. Биз да сизге кайрылаардан мурун  айлап толгонуп, анан бул ишеничтин күчөп бара жатканына чыдабай кайрылып отурабыз. Аида Саляновага болгон кастык, атайылаган пастык токтобой турган болсо, биздин үнүбүз жетпесе, анда биздин Сизге болгон ишеним да өчөөрүн, анда тоолук элдин чындап назары сынып, Сиз жасап жаткан саясаттын аягы жакшы бүтпөсүн да өтө сылыктык менен эскерте кетмекчибиз…

Сизди урматтоо менен  Ат-Башы районунда жашаган энелердин атынан

Күлбүбү Кулешова, Жейренди Исмаилова, Сабира Асанова ж.б

Булак: “Алиби”

Ачык эшиктер күнү Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунда

Жалал-Абад областынын райондор аралык соту 2017-жылдын 5-апрелинде Укук, бизнес жана билим берүү академиясынын студенттерине ачык эшик күнүн уюштуруп берди. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Соттун төрагасы Б.О.Мажитов жана судьясы Н.К.Каипова меймандар менен саламдашып, аларды соттун имаратына чакырышып, ал жерден райондор аралык сот менен жалпы юрисдикциядагы соттун айырмасын айтып беришти, андан кийин студенттердин келечекке койгон пландары менен таанышышып, өздөрүнүн тажрыйбалуу кеңештерин келечектеги адистерге беришти. Фемиданын өкүлдөрү жаштарды өз мекенинин мыйзамды сыйлаган атуул болуусуна жана юрист катарында өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө үлгү болуп берүүсүнө чакырышты.

Райондор аралык соттун бөлүм башчысы Г. Маматова студенттерди сотко арыздардын келип түшүүсүнөн баштап каралып бүткөн ишти архивге тапшырганга чейинки соттун иш жүргүзүүсү менен тааныштырды.

Иш-чараны улантып, студенттер өтүп жаткан административдик иш боюнча соттук процесске катышып, райондор аралык сотто процесстин жүрүшү жана анын өгөчөлүктөрүн да өз көздөрү менен көрө алышты.

Ачык эшиктер күнүн жыйынтыктап, райондор аралык соттун төрагасы Б.О.Мажитов жана судья Н.К.Каипова студенттерге экзамендерин ийгиликтүү тапшырып алуусун  жана келечекте жогорку даражадагы юрист болуусун каалашты.

Таласта Апрель элдик революциясында курман болгон баатырлар эскерилди

Бүгүн 6-апрель күнү Талас шаарынын борбордук аянтына Апрель элдик революциясынын баатырларына арналып коюлган эстеликтин жанына эртең мененки саат 10.00.до облустун бардык райондорунан, Талас шаарынан келишкен Апрель элдик ынкылабынын катышуучулары, облустун жана шаардын жетекчилиги, жалпы коомчулук өкүлдөрү чогулушуп,  эстеликке гүлчамбарларды коюшуп, баатырлардын жаркын элестерин эскерип, таазим кылышты. Бул тууралуу Талас облусунан журналист Мухамеджан Суранчиев маалымдады.

Андан соң Талас шаардык паркындагы Баатырлар аллеясында Апрель революциясында курман болгондордун эстелигинин алдында курман болгон баатырларга куран окулуп, элдик ынкылабдын 7 жылдыган арналган митинг-реквиемде Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев эл алдында чыгып сүйлөп:  “Азыркы учурда ушул эстеликтин алдында 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөнүн келечеги үчүн жанын берген эр азамат баатырларбыздын жаркын элестерин эскерип турабыз.   Зулум бийликтин мөндүрдөй жаадырган огунан 87 баатырыбыз шейит кетип, жүздөгөн жигиттерибиз түрдүү жаракаттарды алышты. Алардын арасында Таластык он төрт баатыр уулдарыбыз бар эле. Облусубуздун борбордук аянтында “Баатырларга түбөлүк таазим” деген ат менен биздин баатыр жердештерибиздин сүрөттөрү илинип турат” –деп айтты. Андан соң митинг-реквиемге катышкан “Мекен шейиттери” коомунун төрайымы Кишимжан Таштакеева, Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова, Кыргыз эл артисти Дарика Жалгасынова, республикалык акскалдар кеңешинин төрагасы Шадыбеков Дөөлөтбек жана Апрель революциясынын баатыры, академик Оморбай Нарбеков чыгып сүйлөшүп, 2010-жылкы апрель ынкылабынын өлкө өнүгүшүнө тийгизген таасири, элдик баатырлар жөнүндө кеңири айтып беришти.

Апрель революциясынын жети жылдыгына арналган иш-чара шаардык А. Огомбаев атындагы музыкалык мектептин концерттик залында уланып, облус жетекчиси Дайыр Кенекеев элдик ынкылабдын урматына  мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн дил маектердин, сүрөт жана дубал газеталарынын   сынагынын жеңүүчүлөрүнө облустук өкүлчүлүктүн атынан Дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул иш-чара кичинекей бөбөктөрдүн жана мектеп окуучуларынын патриоттук темадагы ыр-бийлерден турган концерттик программасы менен аяктады.

 

Кыргыз Республикасынын жарандарын Санкт-Петребург шаарына бирдиктүү уюштуруп кетирүү жумушка орноштуруу маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы М.Айдаралиев 2017-жылдын 6-апрелинде Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик автономдук Эмгек ресурстары борборунун өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушунун алкагында  тараптар Кыргыз  Республикасынын жарандарын Санкт-Петребург шаарына бирдиктүү уюштуруп кетирүү жумушка орноштуруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу миграция боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.

Төрага М.Айдаралиев өз сөзүндө бирдиктүү уюштуруп кетирүү мыйзамдуу миграциянын башкы булагы жана жарандарды укуктук жактан коргоого, тез жардам берүүдө башкы механизм экенин белгилеп, буга чейин жетишилген ийгиликтер чек эместигин айта кетти. Өз учурунда жогоруда аталган мекеменин жетекчиси А.Чистяков Санкт- Петербург шаарынын экономикалык жактан өнүгүшүнө эмгек мигранттарынын чоң салым  кошуп жатканын белгилеп өттү, ошондой эле азыркы күнү 1740 вакансияга кыргызстандык жарандар мыйзамдуу ишке орношо ала турганын баса белгилеп өттү.

Тараптар эмгек мигранттарынын укуктук жактан корголушу жана квалификациялуу адистердерди  иш менен камсыз кылууну мындан ары да жакшы колго алып, эки тараптуу кызматташуунун  жогорку деңгээлде көтөрүү макулдашуулар болду.

Адилет Айтикеев, журналист: "Мындан 7 жыл мурда 7-апрель күнү кыска ойлуулук, регионалдык көз караш менен элибизди, мамлекетибизди эң тунгуюктуу жолго түрткөнүбүздү эми сезип отурам"

Эртең 7-апрель. Мен үчүн жүрөк эзген оор күн. 7 жыл мурда 7-апрель күнү аянтта кансыраган жигиттерди, ары-бери сүрүлүп, “тарс” эткен үндөрдөн далдаага качып кирип, кайра ок чыгарган тарапка жаалдана чуркаган көпчүлүктүн ичинде кейиштүү трагедияны көзүм менен көрүп, жүрөктөн өткөрүп, буруксуган кандын жыты мурдума келгенде шолоктоп ыйлап жүргөнүм бүгүнкүдөй эсимде. Андан кийин да көпкө ыйлап жүрдүм. Уулунан, жакынынан ажыраган, сыздаган энелердин, келиндердин көз жашы мени көпкө ыйлатты. Мен ошондо үркөрдөй кыргыз бирин-бири тебелеп, бирин-бири өлүмгө кыйганын көрүп ыйладым.

Ошол кезде эмоциянын, кыска ойлуулуктун, регионалдык көз карашка ширелген идеологиянын таасири менен көп нерсеге бир тараптуу мамиле жасап, копол жыйынтык чыгарып гана тим болбостон, аны гезиттин, интернеттин жардамы менен элге жайылтып келгеним үчүн бүгүн уялам. Мына ошол 7-апрель кандуу гана күн эмес, кыргыз мамлекетинин тагдырына тескери бурулуш жасаган оор күн болгондугун эми сезип отурам. Биз ошондо элибизди, мамлекетибизди эң тунгуюктуу жолго түрткөнүбүздү, түпсүз баш аламандыкка, тартипсиздикке жетелеп гана тим болбостон, биротоло байлап бергенибизди азыр түшүнүп отурам.

Мына ушундай оор күн үчүн ошол окуяларга катышкан ар бирибиздин үлүшүбүз бар. Анын ичинде менин да үлүшүм бар.

Элим, мекеним, боордошум, мен ошол калабалуу күндөргө тарапташ болуп, жигердүү аралашканым үчүн кечир мени!

Жакшы ниет менен аянтка келип, өмүрүн белекке берген мекендештеримдин жаткан жери жайлуу болсун! Бул күндү унутпайлы, ар бирибиз кетирген кемчиликтерден сабак алалы…

Адилет Айтикеев, журналист

Жалал-Абад шаарындагы балдардын “Ариет” чыгармачылык борбору район-шаарларга жомок театрын тартуулап жатат

Жалал-Абад шаарында жайгашкан балдардын “Ариет” чыгармачылык борборунун шыктуу өнөрпоз балдары “Кумурска жана ийнелик” аталышындагы жомокту сахнага алып чыгышып, түштүк аймагындагы район-шаарлардагы мектептердин окуучуларына тартуу кылып жатышат. Алар алгачкы аракеттерин Көк-Жаңгак шаарындагы мектептерден башташты. Балдар чыгармачылык борборунун мындай аракеттери АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) “Бирге окуйбуз” долбоорунун алкагында жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган борбордун жетекчиси Жыпара Аманкулованын айтымында, бул долбоор балдардын аң-сезиминин өсүшүнө зор таасирин тийгизет, себеби жомок жана аны сахналаштыруу аркылуу келечек муундардын дүйнөгө болгон туура көз караштары калыптанат.

-USAIDдин “Бирге окуйбуз” долбоорунын алкагында биз ушул жомокту таланттуу окуучуларыбыздын күчү менен сахнага алып чыктык. Балдар дүйнөнү куру создөр эмес, жомок жана көркөм чындык менен жакшыраак кабыл алышат. Бул жомокто китепти сүйүү, жалкоолуктан арылуу, келечекти туура тандоо сыяктуу баалуулуктарды окуучуларга жеткирүүнү максат кылдык. Биз сахналаштырган жомоктор көрөрман-окуучуларга аябай жагып жатканы байкалууда, – дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы балдардын “Ариет” чыгармачылык борбору 2016-жылы 25 жашын белгилеген. Анда ар кайсы багыттагы чыгармачылык ийримдер уюштурулуп, шаардагы мектептерде окуган окуучулар ал жерде өздөрүнүн кругозорун, чыгармачылык дараметин өнүктүрүү менен алек болушат.

Каратаевди эмес, сот Козуевди соттош керек

 

Аллергия

Чынымды айтсам Базаралы Каратаевден качууга да аракет кылып көрдүм. Мыйзам талаптарын каалагандай калчаган паракор соттордун айласын таба албай, өлкө Президентине эски мамилебизди эске салып кат жазып, анын аппарат жетекчисинин кабыл алуусунда болуп, абалды түшүндүргөн соң өзүм баштаган иш эски арабадай кыйчылдап, аздан алга жыла баштагандай болгон. Бирок, Башкы прокуратурага жазган кайрылуулардан, арыздардан, даттануулардан майнап чыгарына ишеним өчкөндөн өчүп, адилеттикке болгон үмүт гана андан күдөр үздүрбөй турган учурда Базарали баш болгон бир топ адамдардын телефон чалып, кеңеш сурашы мени жарга такап койду.

Биринчиден, сот-прокурорлордун зомбулугуна, кара ниет иштерине каршы канчалык күрөш ачканың менен алардын сенин айтып жазгандарыңды чымын чакканчалык көрбөй, учурда колдорунда турган бийликтерине таянып мыйзамды тебелеп-тепсеп берээрине толук көзүм жетип турган убакта «эчки тууй албай жатып койго арачы болбоюн», – дедим эле. Ошол эле убакта, экинчиден Президент А.Атамбаевге жазган кайрылуумду окуп алып, анан кеңеш сурап, жардам издеп кайрылган алайлык, аксылык, лейлектик, нарындык, ат-башылык, кадамжайлык жана башка бир топ жердештеримдин ансыз да басылып балчыкта, тебеленип тепсендиде жаткан үмүттөрүн ого бетер өчүрүүгө адамдык нарк-насилим чыдабады. Ата-журтунда кор болуп, ыза тарткан,тикелей милдеттүү кызматтар алардын көз жашын жамгырдын тамчысындай көрбөгөн мындай адамдардын Кыргызстанда миңдеп санааларын, алардын баарына жардам берүү эмес, кеңеш берүүгө да мүмкүнчүлүгүм чектелүү экенин билип турсак дагы  алгачкы жардамды Каратаев Базаралиден баштоону туура таптым. Адам тагдырын, жарандардын кудай берип, Конституция баш болгон толгон-токой мыйзамдар коргоого алган укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын кайра ошол мыйзамдарды бетке кармап тебелеп-тепсөөгө көнгөн укук коргоо, сот, прокуратура органдарынын «кара жемсөө кузгундары» жөнүндөгү алгачкы баян Базарали Каратаевден башталмай болду.

Адегенде эле мен бир нерсени эскерте кетмекчимин. Бул макала жалаң гана документтердин негизинде, көп жылдык юридикалык иш стажы бар, чындыкты туу туткан журналист-юристтин калеминен чыгып жатат. Ошондуктан, 99 пайызы калп, бурмаланган, 1 пайызы гана чын (тараптардын аты-жөнү, жашаган жери ж.б.у.с. маалыматтар) сот тергөө, прокуратура, сот органдарынын айрым актыларына караганда менин бул журналисттик-юристтик аналитикалык изилдөөмдүн 99 пайызы чындык экендигине бөркүңүздөй ишене берсеңиз болот. Себеби, менин алдымда бир гана максат бар. Ал көчөлөрдө чыркырап, боздоп ыйлап жүргөн чындыкты «калың» элге жеткирүү. Бүгүн албаган жазасын, күнөөлүү сот, прокурорлор эртең сөзсүз аларына ишенели.

2015-жылдын 17-сентябрында Ош облусундагы Өзгөн районунун прокурорунун улук жардамчысы Р.Жумаканов Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары аралык аймактык бөлүмү тарабынан Чаңгет айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча аудиттик текшерүү актысынын негизинде №147-15-439 кылмыш ишин козгоп, ага райондун прокурору Ж.Айтыкулов макулдугун берет.

Эсептөө палатасынын эсеби боюнча Чаңгет айыл өкмөтү 67080 сомдук 1720 литр АN-92 маркасындагы бензинди кириш кылбай, белгисиз максатта жок кылган.

Экинчиси, айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси М.Ормонов айыл өкмөтүнүн кассасынан 15500 сом алып, аны жасалма документтерди жасоо жолу менен өзүнүн жеке кызыкчылыгына сарп кылып салган.

Үчүнчүсү, ошол эле М.Ормонов айыл өкмөтүнүн кассасынан 14800 сом акча каражатын алып, аны айыл өкмөт башчысы Д.Акматовго берип, анысы аны «ап» этип койгон.

Төртүнчүсү, (көңүл буруп коюңуз) Чаңгет айыл өкмөтүндөгү М.Жумабаев атындагы орто мектептин мурдагы директору Б.Каратаевге берилген 18 000 сом, жер адиси А.Кадыровго берилген 14 400 сом жана салык кызматкери Т.Ниязовго берилген 10590 сом акча каражаттары боюнча тийиштүү очеттор тапшырылбастан, өз кызыкчылыктарына иштетилип, жок кылынган.

Кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөндөй М.Жумабаев атындагы орто мектептин директору Базарали Каратаев 18 000 сом акчаны айыл өкмөтүнүн кассасынан алып, аны кайда сарптагандыгы тууралуу отчет берген эмес, демек тергөө айтмакчы «өз кызыкчылыгына иштетип, жок кылган».

Прокурордун улук жардамчысынын чала сабат бул токтому 2015-жылдын 17-сентябрында Базаралы Каратаевдин андан аркы тагдырына балта чаап, бир кездеги жаркылдаган адамды бүгүн мүнкүрөп ар кимден жардам сурап, акыйкаттык издеген адамга айлантып отурат.

Чала сабаттуу жардамчы өзүнүн чала сабат токтому менен Б.Каратаев тарабынан 18 000 сом кайда кеткендигин, кайсыл же эмне иштерге сарпталгандыгын, эмне үчүн өз убагында отчет тапшырылбагандыгын тактабай, аныктабай туруп элге аны «акча жегич» кылып, мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлгө алууга милдеттүү прокурор М.Айтикулов ал формулировкага макул болуп, колун коюп берген. Тергөө учурунда 18 000 сомдун 10 000 сомун Чаңгет айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Мамытов алгандыгы, б.а. ал Б.Каратаевге 8 000 сомун гана берип, «калганын кийин берем» деп ордерге кол койдуруп алгандыгы аныкталган. Аны М.Мамытов тергөөдө да, сотто да мойнуна алып, ал акчаны кассага кайра төгүп берген.

Калган 8000 сомдун 2650 сому мектепке мөөр-штамп, 770 сому лозунг жана 650 сому вывеска жасатууга жумшалган. Бул сумма 4070 сомду түзөт жана документ далилдер менен тастыкталат.

Мындан сырткары 2014-жылдын 5-сентябрында Б.Каратаев тарабынан райондук «Өзгөн нуру» гезитинин редакциясына мектеп турмушун чагылдырган материал даярдоо үчүн 3000 сом акча төлөнгөн. Анын квитанциясы кылмыш ишинин ичинде тиркелүү, 930 сом Чаңгет-Өзгөн-Ош каттамы менен 2 жолу жогорудагы заказ берилген буюмдарга буйрутма берүү жана алып келүүгө кеткендигин, бирок аларды тастыктоочу документтердин жоктугун Б.Каратаев өзү да мойнуна алат.

Анда эмне, Б.Каратаевге 930 сом үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, сот жообуна тартылып отурабы? Бул сумманы бардыгыбыз көнүп бүткөн американын акчасына которсок бүгүнкү курс менен 13 доллардын ар жак, бер жагын түзөт экен. Анда Б.Каратаев 13 доллар үчүн соттолуп жатабы?Күлкү келтирерлик иш эмеспи мунубуз?

Б.Каратаевди эмес, судья А.Козуевди соттош керек

2015-жылдын 16-декабрында Өзгөн райондук сотунун судьясы А.Козуев Каратаев Базарали Тагаевичтин жана Чаңгет айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Мамытов менен ошол эле айыл өкмөтүнүн кассири Акылбек Кадыровдун кылмыш ишин караган. Сот өкүмүндө «Б.Каратаевге карата Кыргыз Республикасынын КЖКнын (Кылмыш-жаза кодексинин-автор) 315-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын квалификациялык белгилери болуп, кызматтык жасалмачылык, жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын же коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келгендиги  болуп саналат.

Андан сырткары, соттолуучу…Б.Каратаевге угузулган айып мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 12-беренесине ылайык оор кылмыштардын катарына киргендигин сот эске алат»- деп көрсөтүлгөн.

Сот өкүмүнө ишенсек Б.Каратаевди «күнөөсүн» жеңилдетүүчү бир топ жагдайлар эске алынган. Ошол эле убакта, «кызмат абалынан кыянаттык  менен пайдаланып, ишенип берилген мүлктү жок кылгандыгы» анын «кылмышын» оордотуучу жагдай болуп эсептелип, ал Кыргыз Респуликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30 (кылмышка шериктеш болуу)-171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу (туурасы-жок кылып коюу) жана 315-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш жасаган деп табылып, 6 жылга эркинен, 1 жылга белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылган. Жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн жатак абагында өтөө белгиленген. КР КЖКнын 63-беренесинин негизинде бул жаза шартуу деп эсептелинип 2 жылдык сынак мөөнөтү берилген. Бул мөөнөт ичинде Б.Каратаевдин жашаган жерин алмаштырууга, андан башка жакка чыгууга, түнкүсүн көчөдө жүрүүгө, эл топтошкон жерлерге барууга укугу жок.

Бул жазадан тышкары сот Б.Каратаевди мамлекеттин эсебине эсептик көрсөткүчтүн 4 миң өлчөмүндө айып төлөөгө кошумча милдеттендирген, б.а 400000 сом айыпка жыккан.

Жаза белгилөөдө Өзгөн райондук сотунун судьясы А.Козуев, Ош областтык сотунун апелляциялык инстанциясынын судьялары А.Кубатов, А.Абдылдаев, М.Токтомушов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көзөмөл иретинде даттанууну «караган» судьялары К.Бокоев, Б.Бактыгулов, А.Акыевдердин соттук «баасына», алардын чечимдеринин мыйзамдуулугуна жана адилеттүүлүгүнө мен кийинчерэээк токтолмокчумун. Азыр болсо, макаланын подтемасы эмне үчүн «Б.Каратаевди эмес, судья А.Козуевди соттош керек»- деп берилгенине түшүнүк берейин.

Жардам сурап, электрондук почтама жиберген катында Б.Каратаев минтип жазыптыр: «2015-жылдын 15-декабрында Өзгөндө сот болду. Сот А.Козуев «баарыбызды мугалим окуткан. Ишиң бүтөт, бир сом акча жебепсиң»- деп кабинетинде сүйлөшүп, баалашып, 40000 сом акчаны өз колум менен бердим. Өкүм окуларда адвокат Каныбек уулу Эркин «10000 сом берсин. Агайды актап коелу деп сот сурап жатат»-дегенинен дагы 10000 сом бердим. Өзгөн районунун соту А.Козуевге жалпы 50000 сом өткөрдүм. А.Козуевге ишенип жүрө бериптирмин. Соттун өкүмүн колума алган эмесмин. 2016-жылдын 17-июнунда мугалимдиктен бошоткон буйрук колума тийгенде анан соттолгонумду билип, облус сотунун өкүмүн мектептен көчүрүп алдым»

Мына  өзүнүн соттолгондугун бир жарым жылдан кийин, ошондо дагы тийешелүү органдарга кайрылуунун ордуна өзүндөй эле катардагы бир жаран мага билдирген баё, ишенчээк, момун, элеттик кыргыз жигитинин баё каты. Буга, б.а судья А.Козуевдин бул жоругуна укуктук бааны ким берет? Соттор кеңешиби? Башкы прокуратурабы? Же Президенттин соттук реформалар боюнча бөлүмүбү?

Пара алып жатканда колунан кармаган судьялардын ишин эптей албай жаткан бул органдарга деле ишеним аз. Бирок, «сот реформасын жасап жатабыз, соттор сааттын жебесиндей чыкылдап иштеп жатат»- деген ооз көптүрмө сөздөрдү жакшы көргөн «чоңдорубуз» соттордун жана өзүлөрүнүн ар намысы үчүн А.Козуев маселесинин моралдык жагын карап койсо, Б.Каратаевге окшоп оозунан жулдурган миңдеген адамдардын сообуна эле калмак.

Деги Б.Каратаев деген ким жана ал эмне үчүн соттолгон?

«Мамлекеттин казынасынан бир сом акча жебей 6 жылга эркинен ажыратылган, мугалимдиктен бошотулган, түнкү убакта көчөөдө жүрбөөгө, эл топтошкон жайларга барбоого милдеттендирилип, 400 000 сом акчага айыпталган агай мен-Каратаев Базарали. Жалпы эмгек стажым 34 жыл, педагогикалык стажым 29 жыл. 7 жыл катардагы дене тарбия мугалими, 2 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, 20 жыл мектеп директору болуп иштедим. Мугалимдердин республикалык 2-курултайынын делегаты болуп, адеп, ахлах, ыйман туурасында сөз сүйлөгөм. «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээсимин. Райондук, областтык, республикалык ардак грамоталар, дипломдор ыйгарылган. Өзгөн районундагы Чаңгет айылдык кеңешинин депутатымын».

(Б.Каратаевдин мага жазган катынан)

-2008-ылы Өзгөн райондук мектептер аралык конкурста жылдын мыкты мектеби аталып, облусттук сынакка катышып, байгелүү орунга жетишкен. Учурда Чаңгет айылдык кеңешинин депутаты, өзүнүн жетекчилик оң сапаттарын көрсөтүп, өзгөчө сезгичтик менен ар бир мугалимге мамиле жасап, алар менен кенен-кесир баарлашып, өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын жайылтып келүүдө.

Б.Каратевдин демөөрчүлүгү менен өз каражатынан эки жүз элүү миң сом акча жумшап, мектеп муктаж болгон 3 бөлмөлүү китепкана, ашкана куруп, 2007-жылдан азыркы мезгилге чейин ремон иштерин өз каражатына бүткөрүп келүүдө».

(Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Эшиев менен айыл башчысы А.Ташмаматов кол койгон мүнөздөмөдөн)

2006-жылы «Мамлекет мага эмне кылып берет деп күтүп отурбастан,мен мамлекетке эмне кылдым деген максатта айылдык кеңештин депутаты Базарали Каратаев өз каражатына китепкана, ашкана куруп, ичине килем төшөп, 2007-жылдын 17-майында Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзаибраимова Ибадат Бекмаматовнанын жетекчилиги астында Өзгөн району боюнча мектеп директорлорунун арасында «Жаш демилгечил күчтөр келечектин татыктуу инсандарын тарбиялайт»- деген темада семинар өткөргөн. 2007-жылдан азыркы мезгилге чейин жыл сайын ремонтко кеткен каражатты Базарали Каратаев өз чөнтөгүнөн чыгарып, күнүмдүк тазалыгын үй-бүлөсү менен камсыз кылып жаткандыгы анык».

(Ардагер мугалимдер Мурат Баизов, Зеби Абакирова, Чаңгет айылдык кеңешинин депутаттары Туратбек Ашырбеков, Табылды Исаев, учурдагы мугалимдер Замира Ажиматова, Үмүтай Бекболотова жана Икрам Абазовдордун болуп 2016-жылдын 20-октябрдагы актысынан)

Бул айтылгандарга кошумча иретинде мен төмөндөгү маалыматтарды окурмандарга жеткирип коюуну туура көрүп отурам.

Соттолгон убакта Б.Каратаев КСДП партиясынын мүчөсү болгон. Партиялык билетинин номери 002121. Партияга 2010-жылы июнь айында кирген.

Сот өкүмүн угузган учурда Б.Каратаев Чаңгет айылдык кеңешинин депутаты болгон. Күбөлүк номери 7. Депутаттык мөөнөтү 2016-жылдын 25-ноябрында аяктаган. 6 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес.

Мен санап өткөн жагдайларда коомго анчалык коркунуч келтирбеген, анын иш- аракеттеринен мамлекет же башка жактар зыян тартпаган учурда күнөөлүү адамга жеңилдетилген жаза колдонуу татипби мыйзамда да каралган.

Анда эмне үчүн мамлекетке дагы, жеке же юридикалык жактарга дагы бир тыйын зыян келтирбеген Базарали Каратаев 2 жылдык сыноо мөөнөтүн колдонуу менен 6 жылга эркинен ажыратылып, анысы аз келгенсип 400 000 сомго айыпка жыгылып отурат? Жадагалса, Б.Каратаев 15 000- 20 000 сом акчаны жеп койгон күндө да ага ушунчалык оор жаза колдонуп, очойгон айыпка жыгуу мыйзамдуулукка, кылмыш менен жазанын тең салмактуулугуна жатабы?

Райондук сот өз өкүмүндө «Б.Каратев Чаңгет айылдык округунун башкы эсепчиси М.Мамытов менен алдын-ала макулдашып алып, ал тарабынан 10 000 сом акча каражаты мудатан ыйгарылып алынгандыгын билип туруп, анын кылмыштуу аракетине шериктеш болуп, кассадан 8 000 сом акча каражатын алып, бирок 18 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы жөнүндө чыгыштоо ордерине кол коюуп берип, М.Мамытов тарабынан 10 000 сом акча каражатын өзүнө ыйгарып алышына шарт түзүп берген»- деп көрсөтүп, аны КР КЖКны 30-171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда (кылмышка шериктеш болуп, ага ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жок кылуу),171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда (ишенип берилген мүлктү кызмат абалын пайдалануу менен ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 315-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка күнөөлү деп таап отурат.

Бирок, тергөө органдары дагы, сот дагы М.Мамытов менен Б.Каратаевдин алдын-ала макулдашып алгандыгын далилдеген эмес. Тескерисинче, сот өкүмүндө М.Мамытовдун минтип көрсөтмө бергендиги жазылган: «2014-жылдын 21-майында Б.Каратевдин атынан 18 000 сом акча каражатын чыгыштап, бирок мен ага 8 000 сом гана бергенмин. Ал эми 10 000 сом акча каражатын өзүмдүн иштериме жумшап жибергенмин».

Кана «алдын-ала макулдашуу?» Б.Каратаев ал 10 000 сомду М.Мамытовду «мурдатан ыйгарып алгандыгын» кайдан билүүгө тийиш эле? Акча берип жатканда М.Мамытов ага ошентип айткан бекен? Ал иштин ичиндеги кайсы далил менен коштолот? Минтип тастыктоого сот А.Коузевдин кандай акысы бар эле? Же ар бир сот өз фантазиясына, ой чабытына ылайыкташтырып өкүм токуй берсе болот деген мыйзам барбы? Өкүм иштин ичиндеги материалдарга, далилдерге гана негизделип чыгарылышы керектигин билбеген соттун адам тагдырын чечүүгө укугу барбы? Кеп мына ушунда.

Сот Б.Каратевди КР КЖКнын 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда көсөтүлгөн кылмыштуу иш-аракететерди жасаган, б.а ага ишенип берилген 8 000 сомдун 3930 сомун кызмат абалынан пайдаланып өзүнө ыйгарып алган деп айыптап отурат. Бул айыптоо дагы сот А.Козуедин фантазиясынан келип чыккан айыптоо экендиги көрүнүп турат.

Бул акчанын 3000 сому  «Өзгөн Нуру» гезитине 2014-жылдын 5-сентябрында берилгени редакцияны квитанциясы тастыкталып турат. Аны сот «гезиттин кабарчысы Т.Адышевдин ишеничине кирип, аны алдоо жолу менен төлөнгөндүгү тууралуу жалган квитанция жаздыртып алып, өзүнүн жоопкерчилигинен чыгыштаган»- деп белгилептир. Бирок, соттун бул тастыктоосу бир дагы көрсөтмө менен коштолгон эмес, тескерисинче Т.Адышевдин мектеп жөнүндөгү материал өз убагында даярдалбай, ортодо кылмыш иши козголуп кеткендиктен 3000 сомду кайтарып бергендиги, аны Б.Каратаев кассага төгүп бергендиги жөнүндө көрсөтмөсү иштин ичинде тургандыгы, сотто да ошондой эле көрсөтмө бергендиги эске алынган эмес.

Калган 930 сомго Б.Каратаев тарабынан тастыктоочу документтер тергөөгө да, сотко да берилген эмес. Б.Каратаевди «бул акчаны жеп койдуң»-деп айтууга негиз бар. Бирок, анын канкакшап, «Ош, Өзгөн шаарларына барып, буйрутма берилген мектепке керектүү буюмдарды алып келдим»-деген көрсөтмөлөрүн эмне кылабыз? Же ал буюмдарды Б.Каратаев Ош шаарынан бери жонуна көтөрүп келиш керек беле? Деги эле, соттук изилдөөнүн максат-маңызы эмнеде? Күнөөсү болбосо да адамды бир илинчек таап, тагдырына балта чаап, соттоп жиберүүбү же адилеттикке жетүүбү? Бул суроого Б.Каратаевдин ишин караган соттор кандай жооп берээр экен? Сот А.Козуевдин М.Мамытов жок кылган 10 000 сомду дагы Б.Каратаевдин мойнуна илип «өзүнүн бул кылмыштуу аракетинин кесепетинин мамлекетке 13930 сом өлчөмүндөгү олтуттуу материладык зыян келтирген»-дегени адилеттүүлүкпү?

Ош областтык соту дагы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту дагы, райондук соттун бул алешемдигин оңдоп, сот адилеттүүлүгүн ордуна коюунун ордуна «мундир намысын» коргоо менен чектелип калганы кандай гана өкүнүчтүү.

Каратаев карайлап жардам күтүүдө

Өзгөн райондук сотунун 2015-жылдын 16-декбрындагы өкүмүн аткарууга багытталган Б.Каратаевден 400 000 сом айып пулду өндүрүү жөнүндөгү аткаруу барагы 2015-жылдын 30-майында Өзгөн райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө келип түшүп, ошол эле күнү аткаруу өндүрүшү ачылат. Б.Каратевдин жашап турган үй-жайы жер участогу менен камакка алынат.

Ошондон бери бүтпөгөн ызы-чуу «Айып пулду төлөбөй жатат»-деген негизде сот аткаруучу Н.Жусупов эки жолу райондук сотко Б.Каратаевди камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. «Кудай сактады» болуп Б.Каратаев азырынча эркиндикте.  Бирок, эртең аны камап койбойт деген кепилдик барбы?

Б.Каратаевдин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына 2016-жылдын октябрь айында жазган арызына көнүмүш отписка берилип, аны «иттен чыгарып» коюшкан. Адам тагдырына кызыгып, ишти калыс чечүүгө жардам бере албаган Акыйкатчы институтунун деги кимге кереги бар?

2017-жылдын 7-февралында Б.Каратаев башкы прокуратурага да кайрылган. Анын кайрылуусу Ош областтык, андан Өзгөн райондук прокуратурасына жиберилген. Баягы эле көнүмүш жооп.

Бүгүнкү күндө акыйкатчылыктан үмүтү үзүлгөн Б.Каратаев бөөдө кесилип кетпеш үчүн бир кезде жакшы үмүт менен салып, мектепке өткөрүп берген китепкана менен ашкананы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө, ошонун эсебинен райондук сот мыйзамсыз салган 400 000 сом айыппулду жабууга да даяр. Анын бул аргасыз сунушуна кулак салган мамлекекеттик бир дагы орган жок. Б.Каратаевге мыйзамсыз иш козгогон прокуратура дагы, мыйзамсыз соттолгон соттор дагы тымпыйгандан тымпыйышат.үмкүн бул ишке Жогорку Кеңештин тийешелүү эки комитети көз кырын салып, иликтеп көрөөр? Адам тагдыры менен ойногон, бир бечаранын 50 миң сом акчасын жеп алып, анан аны азапка, шорго салып койгон А.Козуев өңдүү сотторго мүмкүн алардын айтчу сөзү бар чыгаар?

Же, аларыбыз дагы ашмалтайы чыккан даяр, стандарттуу жоопторду айтып, тагдыры кылдын учунда турган шайлоочуларынын арыз-арманы көңүл сыртынан кетирип коөбу?

Күтө туралы.

Бабырбек Жээнбеков

Булак: “Алиби”

Генерал Бакирдин Субанбековго таандык мончолор катар-катары менен ачылганда...

Эл өкүлү Бакирдин Субанбеков өмүр бою аскердик жана мамлекеттик кызматта жүрүп, мээ чөйчөгүнө бизнестин миң түрлүү сырларын сиңирип жүргөнбү, кызматтан кеткен соңку он жылдан бери бул жаатта ийгилик жаратып келгенинен кабардар болуп калабыз. Депутат болгону бизнестен тапкан олжосун карапайым эл менен бөлүшө калганы, өзгөчө Чүйдүн күн батыш тарабына камкордук көрүп жүргөнү айтыла калып жүрөт. Бизнестин битин сыкканды кыйла өздөштүргөнбү, баш калаабыздын Кызыл-Аскер аймагындагы Месароша көчөсүндө жакындан тарта Бакирдин аксакалга таандык «Бодрость» аттуу укмуштуудай шарттагы ири мончо ишке кирип, калкка сапаттуу кызмат көрсөтө баштады. Генералга таандык ушундай эле аталыштагы заманбап мончолор буга дейре борборубуздагы Аламүдүн-l кичирайонунда жана кичи мекени Кара-Балта шаарында ачылып, кирген кишини кайдыгер калтырбаган шартта иштеп келгени белгилүү. Кудай берем деген пендесине өмүр бою бере берет тура. Ошого жараша берешен да болушса эмне?

Булак: “Азия ньюс”

Дастан Сарыгулов: “Сизге коюлган эки айыпта тең күнөөңүз жок экенин билебиз. Акаев Кумтөрдөн миллиондогон пара алган” – деп көрсөтмө жазып берсеңиз, кылмыш иштери жабылып, эркиндикке чыгасыз”

“Мурдагы “Алибиден” айырмаланып, бүгүнкү “Алиби” “тили буулуп, көзү таңылган” чындыкты калың элге жеткирүүнү эң негизги, эң маанилүү милдет деп түшүнүп…. укуктук маселелерге өзгөчө басым жасайт, гезит беттерине жарыяланган материалдардын 50 пайыздан ашыгы сот, прокуротура, милиция,  тергөө органдарынын иш-аракеттерин чагылдырууга багытталат” – деп “Алиби” гезитинин 23- март күнү чыккан биринчи санында окурманга убада бердик эле.

Сөзүбүзгө туруп бийлик, УКМК, сот тармагынын, Башкы прокуратуранын көп былык иштеринин бири жөнүндөгү талашсыз  далилденген фактыларды айтып беребиз. Биздин көздөгөнүбүз – чындык, адилеттик, калыстык”.

2016-жылдын март айынын аягында КТР жана көптөгөн маалымат каражаттары “К.Кадыров, Б.Асанов, Э.Карыбеков, Д.Сарыгуловдор бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн” – деп  алардын сүрөттөрүн, сүйлөшкөн сөздөрүн байма-бай элге көрсөтүп жатты.

Эки ыңкылаптан жакшылык көрбөй көңүлү калган эл бул “мансапкорлорду камаганы ырас эле болду, жөн жүрүшпөйбү бийликке умтулбай” – деген  терең  ишенимде  болуп, камалгандарды  жаман көрдү..

Андан бери беш ай тергөө жүрүп, сегиз ай бою соттук териштирүү бүтпөй келет. Гезит беттерине материалдар, радиоберүүлөр, адвокаттар жана саясий туткундарды коргоо комитети тараткан маалыматтар менен таанышып, окуя кандай болгонун аныктап  чыктык. Эң алды белгилеп айтчу чындык – элге көрсөтүлгөн үн жана сүрөт-тасма жасалма, жалган экендиги аныкталган. Атайын бурмаланып, ар бөлөк тасмадан жана үн жазуулардан алынган үзүндүлөрдү бири-бирине чаптап, чындыкка окшоштуруунун негизги максаты – күнөөсү жок адамдарга кылымыш иш козгоп, айып тагып, камап, коомдук- саясий турмуштан жок кылуу болгону  ачыкка чыгууда. Бийлик бул максатына жетип, бир жылдан бери төрт адам темир тор артында.

Ал эми жалган, жасалма  үн-сүрөт тасманы “чындык” – деп  далилдөө  үчүн тергөөчүлөр  Конституцияны жана Кылымыш-процессуалдык кодексинин ондон ашык беренелерин  одоно бузганы соттук териштирүүдө далилденген. Демек, мыйзамдарды одоно бузуу менен түзүлгөн тергөө материалдык соттук  териштирүүдө далил болуп бералбайт деп Кылымыш-процессуалдык кодексинде көрсөтүлгөндөй, алар сот өкүм чыгарганга негиз боло албайт жана жараксыз деп табылышы  шарт. Ошондой эле, соттук териштирүүнүн  жыйынтыгында:

  • Б.Асанов, К.Кадыров акыркы жолу Дастан Сарыгулов менен кокусунан 2013-жылы жолукканы, андан кийин 2014, 2015, 2016-жылдары бир дагы жолукпаганы, байланышпаганы;
  • бийликти басып алууга далил болчу акча, курал, ок-жарак, план, рация, адамдардын тизмеси ж.б. керектүү нерселердин бири дагы табылбагандыгы, жоктугу;
  • 2016-жылдын март айында Дастан Сарыгуловго айып коюп, үй камакка алууга, тергөө иштери бүткөн 2016-жылдын август айында ишти сотко өткөрүп берүүгө негиз болчу бир дагы факт болбогондугу;
  • Д.Сарыгулов 2016-жылдын апрель-август айларында Башкы прокурорго 6 арыз, тергөө башкармалыгына 5 арыз менен кайрылганы, бирок, көлөмү 44 барак 11 арыздын бири да каралбай, ал гана эмес алардын жарымы ишке атайлап тиркелбей калганы тастыкталган.

Бийликти басып алганга төрт адам эмес, 400, атүгүл 4000 адамдын күчү жетпей  тургандыгы акылы соо адамга түшүнүктүү эмеспи. Түрк  мамлекетинде 2016-жылы бийликти басып алууга тиешеси бар деп 100дөн ашык  генерал, 8000 армия аскерлери , 9000 полиция, 300 улуттук гвардиянын офицерлери, 270 сот камалганын гезиттер жазып чыкканы белгилүү. Ал эми “төрт адам (бири 70 жаштагы таяк менен басып жүргөн ардагер) Кыргызстанда бийликти басып алууну көздөгөн” – деген жомокко бир дагы адам ишенбесе да, прокурор  соттон төрт соттолуучуга 65 жыл эркинен ажыратуу жазасын сураганы эмненин каңкуулайт?  “Бул прокурорлордун акыл-эси ордундабы же ошондой буйрукту берген адамдын  акыл-эси сообу” – деген  суроо туулбай койбойт экен. Ушундай “чындыктан” кийин Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүүлүгү, тергөө,  прокуратура, соттордун адилет, акыйкат, калыстыгы жөнүндө сөз кылуу мүмкүнбү? Эми мыйзамды козгобой, ыйман, адеп салт, нарк жөнүндө сөз кылалы. 2016-жылдын июнь айында УКМК бүт элди алдап, элге калп айтып, “Д.Сарыгуловдун  Кумтөрдөгү коррупцияга тиешеси бар экен, Хоменюк ошондой көрсөтмө берди” – деп камакка алгандыгына барыбыз күбөбүз. Кийин Хоменюк “мен андай көрсөтмө берген эмесмин” – деп УКМКнын калпын ачыкка  чыгарды.

Эч бир негизи жана далили жок Сарыгуловго “мамлекетке чыккынчылык  кылды” –  деген айып коюп, үйүндө 10 саат тинтүү жүргүзүп, 105  күн УКМКнын жер төлөсүндө кармап, бир дагы сурак жүргүзбөй, айласы кеткенде козголгон кылымыш ишин кыскартууга УКМК аргасыз болгон экен. Д.Сарыгуловдун күнөөсү жок экенин УКМК жакшы билип, “жазуучуларга берилген 50 млн. рублди А.Атамбаев жеп койгон”- деген Акаевдин билдирүүсүнө жооп берүү максатында  Сарыгуловду камап, “Акаев Кумтөрдөн баланча миллион доллар пара алган” – деген  көрсөтмө алуу УКМКнын негизги милдети болгондугу бүгүн ачыкка чыгууда.

Бул жөнүндө УКМКнын жооптуу кызматкери “Козголгон кылымыш иштерде сиздин күнөөңүз жок экенин билебиз. “Акаев Кумтөрдөн пара алган” деп көрсөтмө берсеңиз, кылымыш иштер кыскартылат, сиз абактан чыгасыз” – деп айтканын далилдеп берчү күбө  да бар. Өздөрүнүн арам, мыйзамсыз, абийирсиз, ыплас иштери үчүн элге белгилүү карыя-ардагерди ушунча кордоп, 165 күн абакта кармап, бир жылдан бери күнөөсү жок болсо да айып коюп, соттоп, 12 жыл эркинен ажыратууга  алып баргандар ыйман, адеп, абийир  жөнүндө кантип уялбай  айтып  жатышат? Айтылган маалыматтардан ким күмөн санаса бизде анын баарын далилдеген материалдар бар экенин кошумчалап кетебиз. Бул кыска маалымат алгачкы гана карлыгач.

Булак: “Алиби”

ОшМЮИде революцияга арналган тегерек стол болуп өттү

  Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Элдик революциялар элдин эсинде сакталат» деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу  ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады.

«Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы» кафедрасы уюштурган иш-чарада аталган жогорку окуу жайдын окутуучулары менен студенттери катышты. Аны ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов 7-апрель- Элдик революциянын тарыхы боюнча илимий доклады менен баштады. Андан кийин ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот Абытов элдик революциянын жетилүүсү жана жеңиши тууралуу кеңири маалымат берип өттү. Ал эми окуу департаментинин башчысы тарых илимдеринин кандидаты, доцент Акбаралы Сатарбаев революциянын тарыхый себептери тууралуу илимий докладын окуду.

«Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы «  кафедрасынын ага окутуучусу Маматкайым Кодолов «Аксы окуясынын тергөө иштеринин натыйжалары» деген темада баяндама жасап, укуктук баа берүүдөгү ойлорун ортого салды. Ал эми ага окутуучу Максат Жолдошов Март окуяларына илимий талдоо жүргүзүүдөгү көз караштарын билдирип өттү. «Мамлекеттин, укуктун теория жана тарыхы» кафедрасынын башчысы Төрөбай Насыров Элдик апрель революциясы жана Конституциялык реформанын 8-чи, 9-чу этаптары боюнча окуган илимий доклады катышуучулардын арасында кызыгууну жаратып, кызуу талкууларга себеп болду. Ушундан улам ал катышуучуларды кызыктырган түрдүү суроолоруна жооп  кайтарды.  Ошентип талкуулар менен уланган тегерек столдо студент жаштар  Март жана апрель революцияларынын маани-маңызы, Кыргыз мамлекети үчүн ээлеген тарыхый-саясый жана укуктук орду тууралуу терең түшүнүккө ээ болушту.

 

 

Меню