Menu

КООМ

Темирлан Ормуков, акын, I-топтогу майып: “Бардык чатактын башаты – Дастан Бекешев”

 

Темирлан Ормуков майып, көзү жакшы көрбөйт. Бирок, көкүрөгүндөгү курч ойлору менен бийликтин кыргыз элине жасаган адилетсиз мамилесин коркпой сынга алып келүүдө. Бишкек милициясы тарабынан акын, активист Темирлан Ормуковго карата “жалаа жабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ормуков депутат Д. Бекешев экөөнүн ортосунда көптөн бери өз ара тирешүү бар экенин айтып берди.

Майыптардын митингин Дастан Бекешев уюштурган

2015-жылдын сентябрь айынан баштап 2016-жылдын июнь айына чейин “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомунда координатор болуп иштедим. Биздин коомдогу ызы-чуу 2015-жылдан баштап 2016-жылдын 14-июнуна чейин уланды. Анткени,  майыптар коомундагылар үй бөлүштүрүү боюнча тартибине нааразы болушуп, нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралып, бирок арыздар такталбагандыктан токтогон . Митингдер тынчып калып, май айында кайра башталган. Анда 15 киши “үй туура эмес бөлүштүрүлдү” десе, үйү бар кишилер чыгып: “Дастан Бекешев май айында митингге чыккыла” деген деп ачык эле айтышкан. Мындан улам мен прокуратурага кайрылып: “Митингди Дастан Бекешев заказ кылган. Буга бөгөт коюп, текшерүү керек” дедим. Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов кызматынан кетмек эмес.

Дастан Бекешев Калык Мамбетакуновго келип: “Сизди Алмаз Шаршенович отставкага кетсин деп жатат” –дейт. Мындан улам, ал өз макулдугу менен жумуштан кетти.

Бекешевдин  азиздер жана дүлөйлөр коомундагы коррупциялык иштер менен байланышы бар экендигин да жаздым. “Жалган маалымат таратты” деп, Бекешев арыз менен прокуратурага кайрылды. Мен өз чындыгымды укук коргоо органдарына далилдеп бердим. Д.Бекешевдин 4 ирет арыз жазганына карабастан “Темирлан Ормуковдун кыймыл аракетинде кылмыш жок” деген чечим чыккан. Бирок, бешинчи жолу арыз жазганда кылмыш иши козголду. Мага карата Бекешев 5 жолу арыз жазып, майнап чыкпагандыктан Башкы прокуратурага менин ырымды көтөрүп барган.

“Ажонун ооруп жүрөгү”

Акаев убагында “Жал” кичи районуна 90 батир салынып, Фучик көчөсүндөгү 116 батир да майыптарга берилген. Демек, 206 батир майыптарга Акаев тарабынан берилген.

Бакиев убагында сациалдык турак-жай программасы кабыл алынып, 235 батирлүү үй түптөлгөн. 2008-2009-жылдары 135 батир майыптарга берилсе, ал эми 2010-жылы 90 батир берилмек. Бирок, 7-апрель революциясы, Ош окуясы чыгып кетип, башаламандыктар башталды. Ошол салынган үйлөр 5 жыл туруп калып, 5 жылдан кийин анча-мынча түзөмүш болуп, Атамбаев майыптарга даяр үйдүн ачкычын гана берген. Ошондуктан, Бакиев баштаган үйдү Атамбаев салды деген туура эмес.

Мен Д.Бекешевге: “Сенин президентиң эмне үчүн биздин жумушка кийлигишет” деп айттым. Андан сырткары Атамбаевдин: “Нарындыктар койсуңар” деген сөзүнө нааразычылыгым күч эле. Ушундан улам 20-сентябрда Президент тууралуу “Ажонун ооруп жүрөгү” деген ыр жаздым. КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев “Президенттин аброюна шек келтирген сөздөр бар” деген жүйө менен Башкы прокуратурага кайрылды. Башкы прокуратура кызматкерлери ал ырда “аймак аралык козутуунун” белгилери аныкталганын айтышты. Интернет булактарында Президенттин дарегине мындан жаман ырлар жазылып, сөздөр айтылып жүрөт. Бекешев Президентке күйөт экен, эмне үчүн алардын үстүнөн арыз жазбайт? Эмне үчүн жалпы интернеттеги терс маалыматтарды тыйгыла дебестен, менин ырыма асылып жатат? Үй, дүкөн мыйзамсыз салынган деп доомат коюп, ар кандай маалымат кызматтарына жарыялады. Бирок, бул тууралуу финполицияга, милицияга, прокуратурага кайрылган жок. Анын ордуна мыйзам бузууга жатпаган менин ырымды Башкы прокуратурага алып барып экспертиза дайындаткан.

Жумакун Сыдыков президенттен кечирим
сура деп…

Бул иш боюнча Президенттик Аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жумакун Сыдыковго бардым.  “Президенттин аброюн коргогон киши ушундай иш жасайбы?”- деп суроо салдым. “Дастан Бекешевге айтып, түшүндүргүлө? Эмне үчүн мага кысым жасап жатасыңар?” – дедим. Ж.Сыдыков болсо: “телевидениеге чыгып, Алмаз Шаршеновичтен кечирим сура!” –дейт.

Мейли, кечирим сурайын, бирок Д.Бекешевге дагы айткыла десем: “Биз силердин ишиңерге кийлигише албайбыз. Бул сенин проблемаң” –  деп жооп кайтарды. “Анда биздин ишке аралашпагыла”- деп сурандым. Эгер Бекешев мени менен болгон чатагына президент А.Атамбаевдин атын аралаштырбаганда, мен да Президенттин дарегине негативдүү ырларды жазмак эмесмин. Мен ырларымды жазганды токтоткон жокмун. Ырыма карата “аймак аралык козутуунун белгилери бар”- деген аныктама чыгып, мен дагы Атамбаевдин үстүнөн арыз жаздым. Эгерде менин ыр саптарымда аймак аралык козутуунун белгилери болсо, анда Атамбаевдин сөзү дагы “аймак аралык козутуу” болуп саналат. Анткени, менин ырым анын сөзүнө негизделип жазылган. Дача-Суудагы авиакырсык боюнча да “Жүк Атамбаевдики” деген ыр жазып чыктым.

Депутатка өтпөсөң,
карайт беле соо катын?

Дастан Бекешев депутат болгондон кийин биринчи жубайы, 2-топтогу майып Аксананы тыштап кеткен. Экөө ажырашып, ортосунда ызы-чуу башталат. Аргасы кеткен Бекешев биринчи жубайына батир үйүн өткөрүп берген. Бирок ал үйдү өткөрүп берүүгө мыйзам жол бербейт. Анткени ал азиздер жана дүлөйлөр үчүн берилген жатаканада жайгашкан батир гана болчу. Д.Бекешев депутаттык кызматынан пайдаланып, 2011-жылдары мамлекетке караштуу мүлктү өз менчигине өткөрүп алган. 2008-жылы Д.Бекешевге батир үй берилсин деген токтом чыкса, ал үйдү жубайына берген. Бул факты анын кандай адам экендигин көрсөтүп жатат. Анда дагы “Депутатка өтпөсөң, карайт беле соо катын?” –деп ыр жазып чыктым.

Экинчи жубайы Кундуз Американын жараны. 2007-жылдын 27-майында ошол убактагы премьер А.Атамбаевдин автоунаасына кол салган аялдардын бирөөсү Д.Бекешевдин кайненеси болот. Ал аялдар конгрессинин мурдагы төрайымы Лира Тандабаева болчу. Таласта “Жер Үй” боюнча митинг болуп, ага премьер катары Атамбаев барганда автоунаасы талкаланган. Мындан улам кылмыш иши козголуп, булар Швецияга качып кетишкен. Ал жерде бир жыл жашап, андан кийин Американын жарандыгын алышкан. Ал эми Дастан Бекешевдин бир тууганы Руслан Бекешев бангизат менен кармалып, 5 жылга шарттуу соттолгон. Ушундай эле кылмышка шектүү катары кармалган башка жаран 3 жылга камалган. Биз кандай адамды депутат кылып алганыбызды эл-журт билүүгө тийиш.

Дастан Бекешев, ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты: “Элге оппозиционер көрүнүп, ыр жазып жүрөт”

Мындай ыр жазгандар жоопкерчиликке тартылышы керек. Темирлан Ормуков болсо, жоопко тартылбайт жана тартылган да эмес. Ар-намыска шек келтиргендер, кылмыш жообуна тартылат деген мыйзам жок. Шек келтирүү боюнча жарандык кодекстин негизинде гана жоопко тартуу каралган. Бирок, Башкы прокуратура Т.Ормуковду бул боюнча да жоопко тарта алган жок. Азыр жалган жазган журналисттерди гана сотко берүүгө болот. Темирлан Ормуков кыргыз коомчулугунда жөн эле “жылдыз” болуп жатат. Анын сырын эч ким билбейт. Ал өзү мамлекеттен үй алып, аны сатып жиберген. Үчүнчү үйдү сурап, Ак үйдүн алдында митингдерди уюштурган. Учурда элге оппозиционер көрүнүү үчүн гана ырларды жазып жатат. Менде ар бир сөзгө далил кагаздар бар.

Чындыгында, мен Ормуковду жакындан тааныбайм. Буга чейин “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомунда батирлер кандайча берилгенин карап чыктык. Бул боюнча атайын топ түзүлүп, Ормуковдун мыйзам бузуулары табылган. Мындан улам мага ар кандай СМСтерди жазды. Ал Башкы прокуратурага чейин арыз жазып, “Д.Бекешев пара алып жатат”- деп да чыккан. “Прокурорлор текшербей жатат”- деп, аларга карата да нааразычылыгын билдирген. Текшерүүнүнү жыйынтыгында, мыйзам бузуулар табылган эмес.

Мен дагы Ормуковдун үстүнөн арыз жаздым. Жалган жалаа жазгандыгы үчүн 329-берененин негизинде иш козголсун.

Ал эми Президенттин дарегине жазылган ырды Башкы прокуратура текшерүүгө алуу керек. Ормуков биздин мамилебиз болгондугун айтып жүрөт. Бизде эч качан тааныштык мамиле болгон эмес. Мен жөнүндө көптөгөн ушак сөздөрдү жазды. Башкы прокуратурага кайрылгандан кийин өзү жооп берсин. Фейсбукка ар кандай нерселерди жазып жыргап жатат. “Журналисттер мен жөнүндө жазып, бүт Кыргызстан билди” – деп кубанууда. Ал жашаган үйгө барып, кошуналардан сурап чыгыңызчы? Алар ал кандай адам экендигин айтып беришет.

Булак: “Алиби”

Дастан Сарыгулов: “Сизге коюлган эки айыпта тең күнөөңүз жок экенин билебиз. Акаев Кумтөрдөн миллиондогон пара алган” – деп көрсөтмө жазып берсеңиз, кылмыш иштери жабылып, эркиндикке чыгасыз”

“Мурдагы “Алибиден” айырмаланып, бүгүнкү “Алиби” “тили буулуп, көзү таңылган” чындыкты калың элге жеткирүүнү эң негизги, эң маанилүү милдет деп түшүнүп…. укуктук маселелерге өзгөчө басым жасайт, гезит беттерине жарыяланган материалдардын 50 пайыздан ашыгы сот, прокуротура, милиция,  тергөө органдарынын иш-аракеттерин чагылдырууга багытталат” – деп “Алиби” гезитинин 23- март күнү чыккан биринчи санында окурманга убада бердик эле.

Сөзүбүзгө туруп бийлик, УКМК, сот тармагынын, Башкы прокуратуранын көп былык иштеринин бири жөнүндөгү талашсыз  далилденген фактыларды айтып беребиз. Биздин көздөгөнүбүз – чындык, адилеттик, калыстык”.

2016-жылдын март айынын аягында КТР жана көптөгөн маалымат каражаттары “К.Кадыров, Б.Асанов, Э.Карыбеков, Д.Сарыгуловдор бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн” – деп  алардын сүрөттөрүн, сүйлөшкөн сөздөрүн байма-бай элге көрсөтүп жатты.

Эки ыңкылаптан жакшылык көрбөй көңүлү калган эл бул “мансапкорлорду камаганы ырас эле болду, жөн жүрүшпөйбү бийликке умтулбай” – деген  терең  ишенимде  болуп, камалгандарды  жаман көрдү..

Андан бери беш ай тергөө жүрүп, сегиз ай бою соттук териштирүү бүтпөй келет. Гезит беттерине материалдар, радиоберүүлөр, адвокаттар жана саясий туткундарды коргоо комитети тараткан маалыматтар менен таанышып, окуя кандай болгонун аныктап  чыктык. Эң алды белгилеп айтчу чындык – элге көрсөтүлгөн үн жана сүрөт-тасма жасалма, жалган экендиги аныкталган. Атайын бурмаланып, ар бөлөк тасмадан жана үн жазуулардан алынган үзүндүлөрдү бири-бирине чаптап, чындыкка окшоштуруунун негизги максаты – күнөөсү жок адамдарга кылымыш иш козгоп, айып тагып, камап, коомдук- саясий турмуштан жок кылуу болгону  ачыкка чыгууда. Бийлик бул максатына жетип, бир жылдан бери төрт адам темир тор артында.

Ал эми жалган, жасалма  үн-сүрөт тасманы “чындык” – деп  далилдөө  үчүн тергөөчүлөр  Конституцияны жана Кылымыш-процессуалдык кодексинин ондон ашык беренелерин  одоно бузганы соттук териштирүүдө далилденген. Демек, мыйзамдарды одоно бузуу менен түзүлгөн тергөө материалдык соттук  териштирүүдө далил болуп бералбайт деп Кылымыш-процессуалдык кодексинде көрсөтүлгөндөй, алар сот өкүм чыгарганга негиз боло албайт жана жараксыз деп табылышы  шарт. Ошондой эле, соттук териштирүүнүн  жыйынтыгында:

  • Б.Асанов, К.Кадыров акыркы жолу Дастан Сарыгулов менен кокусунан 2013-жылы жолукканы, андан кийин 2014, 2015, 2016-жылдары бир дагы жолукпаганы, байланышпаганы;
  • бийликти басып алууга далил болчу акча, курал, ок-жарак, план, рация, адамдардын тизмеси ж.б. керектүү нерселердин бири дагы табылбагандыгы, жоктугу;
  • 2016-жылдын март айында Дастан Сарыгуловго айып коюп, үй камакка алууга, тергөө иштери бүткөн 2016-жылдын август айында ишти сотко өткөрүп берүүгө негиз болчу бир дагы факт болбогондугу;
  • Д.Сарыгулов 2016-жылдын апрель-август айларында Башкы прокурорго 6 арыз, тергөө башкармалыгына 5 арыз менен кайрылганы, бирок, көлөмү 44 барак 11 арыздын бири да каралбай, ал гана эмес алардын жарымы ишке атайлап тиркелбей калганы тастыкталган.

Бийликти басып алганга төрт адам эмес, 400, атүгүл 4000 адамдын күчү жетпей  тургандыгы акылы соо адамга түшүнүктүү эмеспи. Түрк  мамлекетинде 2016-жылы бийликти басып алууга тиешеси бар деп 100дөн ашык  генерал, 8000 армия аскерлери , 9000 полиция, 300 улуттук гвардиянын офицерлери, 270 сот камалганын гезиттер жазып чыкканы белгилүү. Ал эми “төрт адам (бири 70 жаштагы таяк менен басып жүргөн ардагер) Кыргызстанда бийликти басып алууну көздөгөн” – деген жомокко бир дагы адам ишенбесе да, прокурор  соттон төрт соттолуучуга 65 жыл эркинен ажыратуу жазасын сураганы эмненин каңкуулайт?  “Бул прокурорлордун акыл-эси ордундабы же ошондой буйрукту берген адамдын  акыл-эси сообу” – деген  суроо туулбай койбойт экен. Ушундай “чындыктан” кийин Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүүлүгү, тергөө,  прокуратура, соттордун адилет, акыйкат, калыстыгы жөнүндө сөз кылуу мүмкүнбү? Эми мыйзамды козгобой, ыйман, адеп салт, нарк жөнүндө сөз кылалы. 2016-жылдын июнь айында УКМК бүт элди алдап, элге калп айтып, “Д.Сарыгуловдун  Кумтөрдөгү коррупцияга тиешеси бар экен, Хоменюк ошондой көрсөтмө берди” – деп камакка алгандыгына барыбыз күбөбүз. Кийин Хоменюк “мен андай көрсөтмө берген эмесмин” – деп УКМКнын калпын ачыкка  чыгарды.

Эч бир негизи жана далили жок Сарыгуловго “мамлекетке чыккынчылык  кылды” –  деген айып коюп, үйүндө 10 саат тинтүү жүргүзүп, 105  күн УКМКнын жер төлөсүндө кармап, бир дагы сурак жүргүзбөй, айласы кеткенде козголгон кылымыш ишин кыскартууга УКМК аргасыз болгон экен. Д.Сарыгуловдун күнөөсү жок экенин УКМК жакшы билип, “жазуучуларга берилген 50 млн. рублди А.Атамбаев жеп койгон”- деген Акаевдин билдирүүсүнө жооп берүү максатында  Сарыгуловду камап, “Акаев Кумтөрдөн баланча миллион доллар пара алган” – деген  көрсөтмө алуу УКМКнын негизги милдети болгондугу бүгүн ачыкка чыгууда.

Бул жөнүндө УКМКнын жооптуу кызматкери “Козголгон кылымыш иштерде сиздин күнөөңүз жок экенин билебиз. “Акаев Кумтөрдөн пара алган” деп көрсөтмө берсеңиз, кылымыш иштер кыскартылат, сиз абактан чыгасыз” – деп айтканын далилдеп берчү күбө  да бар. Өздөрүнүн арам, мыйзамсыз, абийирсиз, ыплас иштери үчүн элге белгилүү карыя-ардагерди ушунча кордоп, 165 күн абакта кармап, бир жылдан бери күнөөсү жок болсо да айып коюп, соттоп, 12 жыл эркинен ажыратууга  алып баргандар ыйман, адеп, абийир  жөнүндө кантип уялбай  айтып  жатышат? Айтылган маалыматтардан ким күмөн санаса бизде анын баарын далилдеген материалдар бар экенин кошумчалап кетебиз. Бул кыска маалымат алгачкы гана карлыгач.

Булак: “Алиби”

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбевге Ат-Башы районунун айымдары: "Куугунтукту токтоттуруңуз!"

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Биздин сизге кайрылып жатканыбыздын себеби- биз сиздин, коррупцияны жоюуга болгон аракетиңизди, мамлекетибиздеги жасалып жаткан жакшы иштериңиздин бардыгын көрүп, колдоп эле турабыз. Тилекке каршы, ошол изги тилектериңизди сизди жандап жүргөн жандоочторуңуз аткарбай жатканын карапайым калк билип көрүп турат. Өзүңүз билгендей 2009-жылкы президенттик шайлоодо, азыркы жаныңызда жүргөн көпчүлүк арзыматтар Бакиевдин камчысын чаап турганда, касиеттүү атбашылыктар сиздин талапкерлигиңизди колдоп, кылычынын кан тамган ошол бийликке да добушун саткан эмес. Бүгүн да атбашылыктардын басымдуусу акты “ак” деп, караны “кара” деп айрып билет.

Сизден өтүнүч, өлкөбүздө болуп жаткан ак жерден каралоону, баягы эски эки бийликтин саркындылары дагы да болсо сасытып жатканын туйсаңыз жакшы болот эле. Ошол эле Акаевдин мөөнөтүн кайра-кайра узартканга шарт түзгөн, Бакиевдин «Ак жол» партиясынын сап башына туруп алып, анын бийлигин бекемдеген Ч.Баекованын жээни Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кыргыз элине, жерине болгон жоопкерчилигин көрүп эле турабыз. Түз айтканда Аида Салянованын бучкагына теңеле алдыбы? “Албетте, жок!” – деп кесе айтсак болот. Тайсалдатпай, түзүн айтканда, мурдагы башкы прокурор, кыргыздан чыккан Маргарет Тетчердей Аида Саляновага кандай гана каралоолор жүрүп жатканын көрүп алып төбө чачыбыз тик турууда. Пенде болгондон кийин адам кемчиликсиз болбойт. Аида Жеңишбековнанын да кемчиликтери болсо керек. Эгемендикке ээ болгондон берки башкы прокурорлордун фонунда ат көтөргүс эмгекти, кайра тартпас көкжалдыкты көргөзүп койгонун кантип танабыз. Азыркыга чейин коррупционерлерди каччысы качып, качалбаганы чөгөлөп турушпайбы. “Мен”- деген жигиттер жасай албаган эрдикти көргөзгөн Аида айымга болуп жаткан каралоолорду журт атасы катары токтотууңузду суранабыз. Аида Жеңишбековнаны каралап сизге жеткирип жаткандар “темирди да отко кактаса эрип, жашып ийилчээк болуп калгандай эле «А» десе «А» деп, «Б» десе «Б» деп калат” – дегендер терең жаңылат. Артында айгайлаган эли турганда кайра курчуп чабылаарын ошол бузукулар унутпаса. Эмитеден алардын жүзүн ачып, сизге жеке адам катары жакпаса да жалпы эл үчүн жан үрөп ак иштегендерди колдоп сүрөп турбасаңыз тарых кимдин-ким экенин бат эле тастыктап коет.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сиздин адамкерчилигиңизге  ишенип , канчалаган эр азаматтар, ал мончоктой кыздарыбыз ак жеринен караланып жатканын көрүп кайрылып отурабыз. Мунун баарын “жети өлчөп, бир кесип” тыянак чыгарбасаңыз эртең кеч болуп калчудай. Ал эми сиздин Кыргызстаныбызды бардык тарабынан өнүктүрүп өстүрөйүн деген ак дилден жасап жаткан аракеттериңизден кыпындай да  шегибиз жок. Болгону акмактардын айынан сиздей эле “элим-жерим”- деген кыздар балдарыбыздын  шагы сынып жатканын көрүп-билип туруп тынч отура алган жокпуз. Башынан ак жеринен кара булут айланып жаткан кыргыздын кыйындарынын башынан өткөн окуялар мындан да оор, мындан да жаман абалда сиздин башыңыздан да өткөнүн билебиз. Андыктан, “ак жеринен караланып жаткандарга жол бербесе экен”- деген тилекте жазган кайрылуубуздан тыянак чыгарат деген ойдобуз. Биз да сизге кайрылаардан мурун  айлап толгонуп, анан бул ишеничтин күчөп бара жатканына чыдабай кайрылып отурабыз. Аида Саляновага болгон кастык, атайылаган пастык токтобой турган болсо, биздин үнүбүз жетпесе, анда биздин Сизге болгон ишеним да өчөөрүн, анда тоолук элдин чындап назары сынып, Сиз жасап жаткан саясаттын аягы жакшы бүтпөсүн да өтө сылыктык менен эскерте кетмекчибиз…

Сизди урматтоо менен  Ат-Башы районунда жашаган энелердин атынан

Күлбүбү Кулешова, Жейренди Исмаилова, Сабира Асанова ж.б

Булак: “Алиби”

Темирлан Ормуков, акын, I-топтогу майып: “Бардык чатактын башаты – Дастан Бекешев”

 

Темирлан Ормуков майып, көзү жакшы көрбөйт. Бирок, көкүрөгүндөгү курч ойлору менен бийликтин кыргыз элине жасаган адилетсиз мамилесин коркпой сынга алып келүүдө. Бишкек милициясы тарабынан акын, активист Темирлан Ормуковго карата “жалаа жабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ормуков депутат Д. Бекешев экөөнүн ортосунда көптөн бери өз ара тирешүү бар экенин айтып берди.

Майыптардын митингин Дастан Бекешев уюштурган

2015-жылдын сентябрь айынан баштап 2016-жылдын июнь айына чейин “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомунда координатор болуп иштедим. Биздин коомдогу ызы-чуу 2015-жылдан баштап 2016-жылдын 14-июнуна чейин уланды. Анткени,  майыптар коомундагылар үй бөлүштүрүү боюнча тартибине нааразы болушуп, нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да каралып, бирок арыздар такталбагандыктан токтогон . Митингдер тынчып калып, май айында кайра башталган. Анда 15 киши “үй туура эмес бөлүштүрүлдү” десе, үйү бар кишилер чыгып: “Дастан Бекешев май айында митингге чыккыла” деген деп ачык эле айтышкан. Мындан улам мен прокуратурага кайрылып: “Митингди Дастан Бекешев заказ кылган. Буга бөгөт коюп, текшерүү керек” дедим. Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов кызматынан кетмек эмес.

Дастан Бекешев Калык Мамбетакуновго келип: “Сизди Алмаз Шаршенович отставкага кетсин деп жатат” –дейт. Мындан улам, ал өз макулдугу менен жумуштан кетти.

Бекешевдин  азиздер жана дүлөйлөр коомундагы коррупциялык иштер менен байланышы бар экендигин да жаздым. “Жалган маалымат таратты” деп, Бекешев арыз менен прокуратурага кайрылды. Мен өз чындыгымды укук коргоо органдарына далилдеп бердим. Д.Бекешевдин 4 ирет арыз жазганына карабастан “Темирлан Ормуковдун кыймыл аракетинде кылмыш жок” деген чечим чыккан. Бирок, бешинчи жолу арыз жазганда кылмыш иши козголду. Мага карата Бекешев 5 жолу арыз жазып, майнап чыкпагандыктан Башкы прокуратурага менин ырымды көтөрүп барган.

“Ажонун ооруп жүрөгү”

Акаев убагында “Жал” кичи районуна 90 батир салынып, Фучик көчөсүндөгү 116 батир да майыптарга берилген. Демек, 206 батир майыптарга Акаев тарабынан берилген.

Бакиев убагында сациалдык турак-жай программасы кабыл алынып, 235 батирлүү үй түптөлгөн. 2008-2009-жылдары 135 батир майыптарга берилсе, ал эми 2010-жылы 90 батир берилмек. Бирок, 7-апрель революциясы, Ош окуясы чыгып кетип, башаламандыктар башталды. Ошол салынган үйлөр 5 жыл туруп калып, 5 жылдан кийин анча-мынча түзөмүш болуп, Атамбаев майыптарга даяр үйдүн ачкычын гана берген. Ошондуктан, Бакиев баштаган үйдү Атамбаев салды деген туура эмес.

Мен Д.Бекешевге: “Сенин президентиң эмне үчүн биздин жумушка кийлигишет” деп айттым. Андан сырткары Атамбаевдин: “Нарындыктар койсуңар” деген сөзүнө нааразычылыгым күч эле. Ушундан улам 20-сентябрда Президент тууралуу “Ажонун ооруп жүрөгү” деген ыр жаздым. КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев “Президенттин аброюна шек келтирген сөздөр бар” деген жүйө менен Башкы прокуратурага кайрылды. Башкы прокуратура кызматкерлери ал ырда “аймак аралык козутуунун” белгилери аныкталганын айтышты. Интернет булактарында Президенттин дарегине мындан жаман ырлар жазылып, сөздөр айтылып жүрөт. Бекешев Президентке күйөт экен, эмне үчүн алардын үстүнөн арыз жазбайт? Эмне үчүн жалпы интернеттеги терс маалыматтарды тыйгыла дебестен, менин ырыма асылып жатат? Үй, дүкөн мыйзамсыз салынган деп доомат коюп, ар кандай маалымат кызматтарына жарыялады. Бирок, бул тууралуу финполицияга, милицияга, прокуратурага кайрылган жок. Анын ордуна мыйзам бузууга жатпаган менин ырымды Башкы прокуратурага алып барып экспертиза дайындаткан.

Жумакун Сыдыков президенттен кечирим
сура деп…

Бул иш боюнча Президенттик Аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жумакун Сыдыковго бардым.  “Президенттин аброюн коргогон киши ушундай иш жасайбы?”- деп суроо салдым. “Дастан Бекешевге айтып, түшүндүргүлө? Эмне үчүн мага кысым жасап жатасыңар?” – дедим. Ж.Сыдыков болсо: “телевидениеге чыгып, Алмаз Шаршеновичтен кечирим сура!” –дейт.

Мейли, кечирим сурайын, бирок Д.Бекешевге дагы айткыла десем: “Биз силердин ишиңерге кийлигише албайбыз. Бул сенин проблемаң” –  деп жооп кайтарды. “Анда биздин ишке аралашпагыла”- деп сурандым. Эгер Бекешев мени менен болгон чатагына президент А.Атамбаевдин атын аралаштырбаганда, мен да Президенттин дарегине негативдүү ырларды жазмак эмесмин. Мен ырларымды жазганды токтоткон жокмун. Ырыма карата “аймак аралык козутуунун белгилери бар”- деген аныктама чыгып, мен дагы Атамбаевдин үстүнөн арыз жаздым. Эгерде менин ыр саптарымда аймак аралык козутуунун белгилери болсо, анда Атамбаевдин сөзү дагы “аймак аралык козутуу” болуп саналат. Анткени, менин ырым анын сөзүнө негизделип жазылган. Дача-Суудагы авиакырсык боюнча да “Жүк Атамбаевдики” деген ыр жазып чыктым.

Депутатка өтпөсөң,
карайт беле соо катын?

Дастан Бекешев депутат болгондон кийин биринчи жубайы, 2-топтогу майып Аксананы тыштап кеткен. Экөө ажырашып, ортосунда ызы-чуу башталат. Аргасы кеткен Бекешев биринчи жубайына батир үйүн өткөрүп берген. Бирок ал үйдү өткөрүп берүүгө мыйзам жол бербейт. Анткени ал азиздер жана дүлөйлөр үчүн берилген жатаканада жайгашкан батир гана болчу. Д.Бекешев депутаттык кызматынан пайдаланып, 2011-жылдары мамлекетке караштуу мүлктү өз менчигине өткөрүп алган. 2008-жылы Д.Бекешевге батир үй берилсин деген токтом чыкса, ал үйдү жубайына берген. Бул факты анын кандай адам экендигин көрсөтүп жатат. Анда дагы “Депутатка өтпөсөң, карайт беле соо катын?” –деп ыр жазып чыктым.

Экинчи жубайы Кундуз Американын жараны. 2007-жылдын 27-майында ошол убактагы премьер А.Атамбаевдин автоунаасына кол салган аялдардын бирөөсү Д.Бекешевдин кайненеси болот. Ал аялдар конгрессинин мурдагы төрайымы Лира Тандабаева болчу. Таласта “Жер Үй” боюнча митинг болуп, ага премьер катары Атамбаев барганда автоунаасы талкаланган. Мындан улам кылмыш иши козголуп, булар Швецияга качып кетишкен. Ал жерде бир жыл жашап, андан кийин Американын жарандыгын алышкан. Ал эми Дастан Бекешевдин бир тууганы Руслан Бекешев бангизат менен кармалып, 5 жылга шарттуу соттолгон. Ушундай эле кылмышка шектүү катары кармалган башка жаран 3 жылга камалган. Биз кандай адамды депутат кылып алганыбызды эл-журт билүүгө тийиш.

Дастан Бекешев, ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаты: “Элге оппозиционер көрүнүп, ыр жазып жүрөт”

Мындай ыр жазгандар жоопкерчиликке тартылышы керек. Темирлан Ормуков болсо, жоопко тартылбайт жана тартылган да эмес. Ар-намыска шек келтиргендер, кылмыш жообуна тартылат деген мыйзам жок. Шек келтирүү боюнча жарандык кодекстин негизинде гана жоопко тартуу каралган. Бирок, Башкы прокуратура Т.Ормуковду бул боюнча да жоопко тарта алган жок. Азыр жалган жазган журналисттерди гана сотко берүүгө болот. Темирлан Ормуков кыргыз коомчулугунда жөн эле “жылдыз” болуп жатат. Анын сырын эч ким билбейт. Ал өзү мамлекеттен үй алып, аны сатып жиберген. Үчүнчү үйдү сурап, Ак үйдүн алдында митингдерди уюштурган. Учурда элге оппозиционер көрүнүү үчүн гана ырларды жазып жатат. Менде ар бир сөзгө далил кагаздар бар.

Чындыгында, мен Ормуковду жакындан тааныбайм. Буга чейин “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр” коомунда батирлер кандайча берилгенин карап чыктык. Бул боюнча атайын топ түзүлүп, Ормуковдун мыйзам бузуулары табылган. Мындан улам мага ар кандай СМСтерди жазды. Ал Башкы прокуратурага чейин арыз жазып, “Д.Бекешев пара алып жатат”- деп да чыккан. “Прокурорлор текшербей жатат”- деп, аларга карата да нааразычылыгын билдирген. Текшерүүнүнү жыйынтыгында, мыйзам бузуулар табылган эмес.

Мен дагы Ормуковдун үстүнөн арыз жаздым. Жалган жалаа жазгандыгы үчүн 329-берененин негизинде иш козголсун.

Ал эми Президенттин дарегине жазылган ырды Башкы прокуратура текшерүүгө алуу керек. Ормуков биздин мамилебиз болгондугун айтып жүрөт. Бизде эч качан тааныштык мамиле болгон эмес. Мен жөнүндө көптөгөн ушак сөздөрдү жазды. Башкы прокуратурага кайрылгандан кийин өзү жооп берсин. Фейсбукка ар кандай нерселерди жазып жыргап жатат. “Журналисттер мен жөнүндө жазып, бүт Кыргызстан билди” – деп кубанууда. Ал жашаган үйгө барып, кошуналардан сурап чыгыңызчы? Алар ал кандай адам экендигин айтып беришет.

Булак: “Алиби”

Кыргыз Республикасынын жарандарын Санкт-Петребург шаарына бирдиктүү уюштуруп кетирүү жумушка орноштуруу маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы М.Айдаралиев 2017-жылдын 6-апрелинде Санкт-Петербург шаарынын Мамлекеттик автономдук Эмгек ресурстары борборунун өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушунун алкагында  тараптар Кыргыз  Республикасынын жарандарын Санкт-Петребург шаарына бирдиктүү уюштуруп кетирүү жумушка орноштуруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу миграция боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.

Төрага М.Айдаралиев өз сөзүндө бирдиктүү уюштуруп кетирүү мыйзамдуу миграциянын башкы булагы жана жарандарды укуктук жактан коргоого, тез жардам берүүдө башкы механизм экенин белгилеп, буга чейин жетишилген ийгиликтер чек эместигин айта кетти. Өз учурунда жогоруда аталган мекеменин жетекчиси А.Чистяков Санкт- Петербург шаарынын экономикалык жактан өнүгүшүнө эмгек мигранттарынын чоң салым  кошуп жатканын белгилеп өттү, ошондой эле азыркы күнү 1740 вакансияга кыргызстандык жарандар мыйзамдуу ишке орношо ала турганын баса белгилеп өттү.

Тараптар эмгек мигранттарынын укуктук жактан корголушу жана квалификациялуу адистердерди  иш менен камсыз кылууну мындан ары да жакшы колго алып, эки тараптуу кызматташуунун  жогорку деңгээлде көтөрүү макулдашуулар болду.

“Ичип-жемей” идеологиясы!

Бир топ жылдан бери экономикабыз өрүш албай орго түштү. Калп деңизчи? Жеп-ичмейдин желегин желбиретип баратканыбызды тана албайсың. 26 жыл бою таланып-тонолуу үстүндө болгон Кыргызстан баарына түттү.  Чыдады…Кай жерге барып токтоор экенбиз? Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз экендигибизди, адилеттиги жок журт жакшылардын залымына каршы болгон митинг-пикеттерде көрсөтүп, өсөөр жагыбыздан жакшы эле аксадык. Кызарган жерден кылчайбай өтпөгөн бийлигибиз болбоду. Тарп талашкан кузгундай, бар ырыскыбызды баса калып, бөдөнөдөй бөктөрүм болсо да,“өз казаныма алып барам” дегендер жайнады. “Кыргызстанды оңоп-түзөп кетсек экен” деген изги тилегибиздин башатында, мамлекеттин  оңолууга болгон дымагын камтыган идеологиябыздын жоктугу, багытыбызды башаламандык  чырмады. “Акаев кезде бар эле”-деп, алты сөөмөйүбүздү ачып-жаап, жети осуятты айтканыбыз болбосо, казаныбызга аш толуп кеткен жок. Кандай жолду издеп көрбө,ойлогон ойго кыргыз эли оңой оодарылып түшүп кетпестигин көрсөттү.  Көрсө, биз идеологияны качандыр бир кездерде эле өздөштүрүп, өз ырыскыбызды “ичип-жемей” идеологиясынын алкагында жолго салыптырбыз. Эгер макул эмесмин десеңиз, анда өтө жөнөкөй түшүндүрүп көрөлүчү…

Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө саясат дегендин тубаса мүнөзү- балит, эки жүздүү, алдамчы, анан калса акыркы кездерде ажобуз атап бергендей “сасык” экен. Анда эмне үчүн мындай экенин билип туруп, чоң-кичинебизге чейин саясатчы болууну каалайбыз? Адам болуунун ачкычы саясатта жаткандай жанталашып, “кресло”, “кабинет” дегенде көз кызарып, жантая калабыз? Акыркы кездерде адистикти тандоонун түрдүү багыттары бир эле саясий жетекчиликтин кумарынан алыстай албай калды. “Чоңойгондо космонавт болом” деп айга учкусу келгендер,  Айтматов менен Ахунбаевдин жеткенине жерде басып жүрүп деле  жетсе болчу жазуучу, врач, мугалим, окумуштуу, актер, музыкант, акын болом дегендерди ит менен издеп таппастыгыбыз таасын көрүнүүдө. Кыргызстанда “киши сыяктуу жашайм” десең жер баспас министр, депутат, сот, прокурор бол, жашоо жайында болот” деген түшүнүк орноп калды. Бул түшүнүк 26 жыл ичинде “ичип-жемей” идеологиясы“жакшы жолдо” иштегендиги үчүн, ар бир ата-эненин баласына мына ушул идеологиянын айланасында тарбия бергендиги кадимки эле көрүнүшкө айланды.

Айрым ата-энелер төрөлгөн баласынын кулагына азан чакырып ат койгон эскилердин жакшы үмүтүнөн калган каадалар эмес  “чоңойгондо чоң болот, заңгыраган үй салат, кымбат машина алат”-деп, бешиктен бели чыкпаган баласын тарбиялоодо маданиятка, киши болмогу бар сапаттарга эмес, байлык  күткөн барандуулардан болсун деген тилекте. Анын маңызында адептүүлүктүн, ыймандын эмес, “аппетиттин” болуп жаткандыгы капка катылбаган шибегедей оркоюп жатканын кайда катат элек?

Япондордун “бала курсакта жаткан кезинен эле энеси эмнелер жөнүндө ойлонсо, ошонун негизинде калыптанат”-деген практикасына таянсак, биз балдарыбызды түйүлдүк кезинен эле “сасык” делген саясатка,  байлык-бийликке, башындагы бар мыдыры галстугунун түйүмүнө түйүлүп калма көрпенделикке тарбиялап жатыптырбыз…

«Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген куштардын жашоосу деле адамдарга Шодокондун бүркүтүнүн кыял-жоруктары аркылуу, аңгеме болсо да ачкөздүктүн таасирлүү мисалы болуп бербедиби. Адамдардыкы, анын ичинде айрыкча биздеги үй-бүлөдөн алган үлгүлөр, тарбия, мисалдар Шодокондун бүркүтүнөн бүткөн кыялдар, канат күүлөп талпынып уядан учаар кездерде да бир кайталана ата-эненин тарбиясы кайрадан эле“ичип-жемей” идеологиясына байланыштуу болуп атпайбы.

Адис тандоодо да ата-эненин балага болгон кеңеши баласынын эмнеге жөндөмдүү экендигине, пендечилик дараметине, ой-жүгүртүүсүнө, кыялындагы көксөөсүнө эмес, адат болгон атаандыштыктагы куру намыстар менен бай болмогу бар чиновниктик чийимдердин сызыгынан кандай болбосун аттап өтүү аракетин көрүп:  “Балтабайдын баласы бажы башчысы болду эле, Бишкектен бир үй алды, сарай салды, мал-жандуу болуп калды, жыргагандан ошол жыргады, ошонун окуусу эмне экен? Тапшыр… Же тиги Желдеңбайдын уулу окуган жанагы ала таяк кармагандардын окуусу деле жаман эмес, жерде калбайсың? Өзүң бил, Өндүрүштүн Өмүрбеги өмүрү китеп бетин карамак тургай, өз бетин дурустап жуучу эмес эле, тигине сот болуптур. Өзүн эмес бир өзөн элин багып, басканы изине гүл жайнап жатат”-деп, окуу тандоону да “ичип-жемей” идеологиясынын айланасында көз чаптырганыбыз бар.

Бул оюбуз бактысы тоодой болуп, бар дараметин пайдаланып, кыр ашып, кыл чайнап, турмуштун ысык-суугуна бирдей чыдап, каруусун казык, жанын азык кылып, турмуштун туташ кыйынчылыктарын жеке өзүнүн билими, маданияты, эрк, күчү менен өз ордуна коюп, жашоодогу адам абийиринин кулу болуп, максат-тилектерин элге-жерге арнап, чыныгы атуулдук милдеттерди сактап келе жаткандардын кыжырын келтиргени менен турмуштун оош-кыйыш жолдорунда мындайлардын бар экендиги талашсыз чындык. Жерпайы жеп ичмейдин тарбиясы менен эмес, аларга туура тарбияны ириде коомго аралашканга чейин үй-бүлөдө калыптандырсак деген ой! Ойлорубуз бир сындырым нанга окшогону менен “ичип-жемейдин” башаты үй-бүлөдөн көз жарып жатканы чыныгы көрүнүшкө айланганына өзүңүз да назар салаарсыз. Канча жылдан бери ак чачтуу академиктер, саясый чөйрөнүн салмактуулары, ташка тамга басаар тарыхчысы, майнаптуу маданиятчысы, Манасчысы, ал турсун камакчысы да изилдеп, бирок ордуна кое албаган Кыргызстанды гүлдөтүп, коррупциядан арылтабыз деген идеологиянын кыркаар тамырынын бир учу ушул жактарда болуп жүрбөсүн? Айрым ашкере сыппаталып жүргөн кемчиликтерди кээде жөнөкөй эле кыргызча ойлонуп, толгонуп, чындыгына жете турган мезгил келди көрүнөт.

Булак: “Алиби”

Базар-Коргон районунда жер көчкү жүрүүчү кооптуу аймактар көбөйдү

 

Базар-Коргон районунун тоо зонасына кирген аймактарында акыркы мезгилдерде тынбай жааган жамгырлардан улам жер көчкү жүрүү коркунучу туулган аймактар көбөйдү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Базар-Коргон районунун тоо зонасына кирген Талды-Булак, Могол жана Арстанбап айыл аймактарындагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар бир катар айылдарында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов жана КРнын ӨКМнин Базар-Коргон району боюнча адиси, улук лейтенант Жеңишбек Матназаров жеринде элге коопсуз аймактарга тез арада көчүп чыгуу боюнча атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагына караштуу Көк-Алма айылынын Мазар участкасында Сөгөт жайытындагы жер көчкү жүрүү коркунучу 4 турак-жайга реалдуу коркунуч жаратып олтурат. Учурда 3 үй-бүлө кооптуу аймактан көчүп чыгып кетишти. Базар-Коргон районунун тоо зонасынан өтүүчү Датка-Кемин электр линиясы тартылган 3 темир мамыларына дагы коркунуч жаралып олтурат. Мазар айылында 47 түтүн эл жашаса, 4 үй-бүлө көчүрүлүп жатат. Ал эми Арстанбап айыл аймагына караган Жарадар айылында 120 кожолук жашаган айылда  жер жарылып,  ал ажырым акырындап чоңойуп, жер жыла баштаган Жарадар айылында 30 турак-жайга коркунуч жаралып, 16 үй-бүлөнүн тез арада көчүп чыгуулары керектиги өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан катуу эскертилди.

–    Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери эскертүү бергенден кийин сөзсүз көчүп чыгышыңар керек. Алардын бүтүмү жөн жеринен чыгарылбайт. Жаз айлары жаан-чачындуу келип, жер көчкү жүрүү коркунучу көбөйүп жатат. Адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок экендигин билгиле. Арендага алган жаңгак токойлорунун түшүмдөрүн өзүңөр күздө жыйнап аласыңар. Ага эч ким тийбейт,- деди Жарадар айылынын эли менен болгон жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

–      Жергиликтүү бийликтин милдети кооптуу аймактарда жашап жатышкан тургундарга турак-жай салуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү болуп саналат. Бул маселенин үстүндө биз азыр иштеп жатабыз. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дейт элибизде. Сактанганды кудайым сактаптыр дегендей биринчи кезекте  өзүбүздүн коопсуздугубузду ойлонуштуралы. Жер маселеси болсо чечилет,- деди Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов.

Жергиликтүү бийлик башчыларына Жарадар айылынын жашоочулары Жалал-Абад шаарындагы Биосфера институтуна таандык болгон 7 га жердин тегиздикте жайгашкан 4 гектарына турак-жай салуу үчүн ажыратып берүү өтүнүчтөрүн билдиришкенде, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов аталган жер 49 жылга жеке адамга мыйзамсыз арендага берилип кеткендигин жана тараптар азыр соттошуп жаткандыгын айтты. Бул аймак дагы келечегинде кооптуу аймакка кирип кетээрин аким жергиликтүү тургундарга билдирди.

Арстанбап айыл аймагына караштуу Кызыл-Суу айылында 137 кожолук эл жашаса учурда 5 турак-жайга жер көчкү жүрүү коркунучу жаралган. Азыр бул айылда 3 үй-бүлө коопсуз аймактарга көчүрүлүп, калган 2 үй-бүлө дагы туугандарыныкына көчүрүлүп жатат. Тынбай жааган жамгыр жер көчкүлөрдүн козголушуна алып келээрин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын адистери кооптуу аймактардын жашоочуларына тынбай эскертип, айтып келишүүдө.

Сузак районунун билим берүү тармагын мурда соттолгон киши жетектеп калды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен соттолгон, ишиндеги кемчиликтери себептүү мектеп директорлоугунан бошотулган Алмазбек Бечеловду дайындады. Азыркы күндө бул жетекчи райондун бүтүндөй элге билим берүү тармагын жетектеп, келечек муундарга таалим-тарбия берүү ишин колго алды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облусунун тургуну Нурболот Бекишев билдирди.

А. Бечелов мурда райондук айрым бийлик структураларында иштеп жүргөн, билим берүү тармагында да иштеп көргөн. Бирок, 2006-жылы 25-апрелде Сузак райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 184-статьясынын 1-бөлүгү, 166-статьясынын 2-бөлүгүнүн 4-пункту, 166-статьясынын 3-бөлүгүнүн 2-пункты менен күнөлүү деп табылып, жаза катары 6 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, сот айрым жеңилдетүүчү жагдайдарга көңүл буруп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жазаны аткаруудан бошоткон. Ага чейин ал баш коргоо чарасы катары камакта жаткан.

Кийин А. Бечеловдун апелляциялык арызы менен бул ишти Жалал-Абад областтык сотунун коллегиясы карап, Сузак райондук сотунун өкүмүн бузуп, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 171 статьясынын 1-бөлүгү менен күнөлүү деп таап, 1 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, кайра эле КЖКнын 68-статьясы боюнча жазаны өтөөдөн бошоткон.

Мындай соттук жазага кириптер болушуна А. Бечеловдун айрым кылмыш аракеттери себеп болгон. Ал айылдык Сагынбек Тапаев аттуу жарандын муктаждыктарынан пайдаланып, ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде таанышы барлыгын, ага мамлекеттик ссуда алып берерлинин айтып, андан жалпысынан 17 миң 400 сом акча алып, кийин убадасын да аткарбай, акчаны өз кызыкчылыгына жумшап жиберген.

Кийин ал Сузак районундагы О. Тажибаев атындагы орто мектепте директор болуп жүрүп, системалык түрдө ишке чыкпай, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинин буйругу менен кызматтан алынган.

Эми ушундай жүрүм-туруму менен жалпы районго аты чыккан кишини Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 4 миңден ашуун ак ниети менен таза иштеп жаткан мугалимдердин жетекчиси катары баалап, сый-урмат менен дайындаганына райондогу мугалимдер таң калып жатышат. Мындай кадрды райондун жакында эле соттолгон акими да колдоп жатканы кызык. Калыбы, тынч жаткан Сузак районундагы билим берүү тармагында тополоң чыккан калды окшойт.

Сузакты жалаң соттолгондор башкарабы?

Садыр Жапаров: "Өмүрүм өтө коркунучта, аябай катуу кысым болуп жатат..."

– Садыр Жапаров менен бир жарым саат отуруп сүйлөшүп чыктым. Учурда Жапаров капельница алып жатат. Абалы анча эмес. “Өмүрүм коркунучта. кол салынышы мүмкүн, үй -бүлө, жакындарыма дагы коркунуч бар. Аябай катуу кысым болуп жатат”,- деп айтты. Ага аябагандай басым болууда, өмүрү, үй-бүлөсү да кооптуу. Мен, жетекчилигине айтсам, алар “эч кандай коркунуч жок” деп, биздин келтирген жүйөөлөрдү четке кагып, эске албай жатат. Азыр деле Садыр Жапаров жалпы дарылануучу жайда жатат” -дейт камактагы С. Жапаровдун адвокаты Динара Медетова.

Булак: “Майданkg”

А. Атамбаевге энелердин кайрылуусу: "Бир эне жүрөгү зыркыраса, сыздаса, миллион энелердин жүрөгү ыйлайт, сыздайт, түйшөлөт, кыйналат"

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Биз, ЭНЕлер бүгүнкү мамлекетибизде болуп жаткан окуяларга унчукпай коё албадык! Биз, ЭНЕлер тынчтык үчүн күрөшөбүз деп чечим чыгардык! Акыркы болгон окуялар бизди түйшөлтүп, жүрөгүбүздү оорутуп жатат. Биз, Сизге эң ыйык ЭНЕ деген жүрөк менен кайрылып жатабыз!

Сиз өлкө башында турган башчы катары кыргыз энелеринин жүрөгүндөгү үндү угат деген ишенимдебиз. Биз Сизди улуттун тагдырын, улуттун келечегин сактайт деп журт башчы кылып тандап алганбыз. Биз, Сизди 25 жыл аралыгында болуп келген акыйкатсыз окуялардын кайталанып кетпешине кепилдик болуп берет деген үмүт менен ишеним артканбыз. Акыркы кездерде болуп жаткан саясый тирешүүлөр, акыйкатсыз чечимдер, адилетсиз, мыйзамсыз кадамдар келечекке коркунуч туудуруп жатат! Окуя курчуп, арты жаманчылык менен аяктай электе гумандуу, айкөлдүк чечимдерге барып, эл менен бийликтин ортосундагы чыңалууну токтотуп калат деген эне тилеги менен кайрылуубузду жасап отурабыз!

“ЭНЕ ЖҮРӨГҮ” касташууга, зомбулукка, агрессияга жол бербейт. Себеби, ЭНЕнин жүрөгүндөй кең, ЭНЕнин жүрөгүндөй таза, ЭНЕнин жүрөгүндөй бийик, айкөл эч нерсе жок. Бир ЭНЕжүрөгү зыркыраса, сыздаса, миллион ЭНЕлердин жүрөгү ыйлайт, сыздайт, зыркырайт түйшөлөт, кыйналат. Бүгүнкү күндө бүтүндөй кыргыз журтунун ЭНЕлери так ушундай болуп, жүрөгу ооруп турган учур. ЭНЕбиз чыдабадык, жазабыз, айтабыз дедик.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Бардык бийлик сиздин колунузда. Жазылбаган “мыйзамдардын” мыйзамдан жана сизден өйдө болуусуна, күч алышына жол бербеңиз!

Улуу Манастын осуяттарын туу кылып, алакандай кыргыз элйбиздин тагдыры, жашоосу, кайгысы-кубанычына түйшөлүп, ар бир баланын башынан сылап, ар бир эненин көз-жашын аарчып, биримдик деген тилек менен акыйкат орнотуңуз. Биз, ЭНЕлер кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жок болуп кетишине каршыбыз! Биз ЭНЕлер ар кандай провокациялык иштерден улам мамлекетибиздин жок болушуна, жаш балдардын тагдырларына балта чабылышына каршыбыз! Сиздин баштан да оор саясый сыноолор өткөн. Жакындарыңызга коркунуч келгенде алардын тагдырларына жүрөгүңүз эзилген. Сизди дагы ЭНЕ жарыкчылыкка алып келип, тарбия берген, ушул деңгээлге жеткирген. Сиздин балдарыңызга дагы ЭНЕси тарбия берип, эрезеге жеткирип олтурат.

ЭНЕ ЖҮРӨГҮ Сизге кайрылат!

Биз ЭНЕлер мамлекетибизде тынчтык, биримдик. ынтымак өкүм сүрүп, кең-келечек орношун талап кылабыз! Биз Энелер өлкөбүздө мыйзамсыз иш аракеттердин жүрүшүнө каршыбыз! Кечээки 25-марттагы окуяда эч күнөөсү жок, кылмыш кылбаган бейкүнөө жаш балдар саясаттын, өч алуунун курмандыгы болуп калышты. Кыргыздын чырактай болгон балдарынын келечегин, тагдырларын ойлоп, боштондукка чыгырып бериниз деп кайрылабыз. Апрель, июнь окуяларындагыдай энелер зыркырабасын! 7-апрель күнү кырчындай балдар, бийликтин акыйкатсыздыгы күч ала баштаганда, баштарын көтөрүп, төштөрүн окко тоскон. Ушул кан төгүүлөрдү бир көз сыдырымга салып, Сиз да акыйкат башкаруучу болунуз. Эне жүрөгү ар качан кагылыштарды, согушту токтотуп келген. Эне башатына ызаат көрсөтсөңүз, чыркыраган Эне жүрөгүн угасыз деген ишенимдебиз. Кыргыздын түндүгүн көтөрө турган эр азаматтардын келечегине балта чабылышына жол бербениз! Биз бир ууч жана алакандай элбиз!
Эне жүрөгү” коомдук кыймылы

Булак: “Майданkg”

Меню