Menu

КООМ

Апрель окуясына 7 жыл: “Элдин тилеги талаада калып кеттиби?”

 

7-апрелдеги кандуу революцияга туура жети жыл болду. Революциядагы үмүттөр, тилектер орундалдыбы?

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын тең-төрагасы:

“РЕВОЛЮЦИЯ ӨЗҮНҮН МАКСАТЫНА ЖЕТЕ ЭЛЕК”

– Башталган системдүү реформалар тынымсыз тыгында тыгылып, багыттарын жоготту. 2017-жылдын күз айында жалпы жумурай журт үмүт менен күткөн президенттик шайлоо келатат. Шайлоонун мааниси эбегейсиз зор окуя болорун бардыгыбыз сезип турабыз. Себеби, 1991-жылдан тарта биринчи жолу өлкө башчысын атаандаштык жол менен тынчтык шартта шайлаганы турабыз! Буга чейин шайлоолор элдик толкундоолордун шарапаты менен өтүп келген. Муну менен, революциянын бир максаты же чоң тилегинин бири аткарылды деп айтсак болот. Кудайым буйруп, тынч шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик маданияттуу, адептүү жана ыймандуу жол менен алмашса, мамлекет жана анын келечеги үчүн чоң жеңиш болот деп эсептеймин! Сиз сурагандай революцияга 7 жыл болуптур, андан бери жөнөкөй элдин турмушунда жакшы өзгөрүүлөр болдубу? Так айтайын, болгон жок. Бүгүн мамлекет дүйнөдөгү 50 кедей өлкөлөрдүн ичине кирди. Демек, карапайым калктын турмушу начар дегенди билдирет. Бүгүн 6 млн калкыбыздын болжолдуу 73-74% жакырчылыкта жашап келет. Кыргызстандын жалпы карызы Финансы министирлигинин билдирүүсүнө ылайык 2017-жылдын 7-февралына карата 4 млрд. 92,7 млн. АКШ доллларын чапчып, ИДПнын 64% түзөт. Алынган кредиттерди коротуу боюнча эсеп-кысабыбыз дагы элге түшүнүксүз! Орточо айлык маяна, пенсия 2-3 эсе көтөрүлдү дегенибиз менен, жашоо баасы кымбаттап атканы анык. Негизинен элдин жашоосу оор. Жогоруда белгиленген жетишкендиктер менен кемчиликтерди эске алуу менен, революция өзүнүн максатына жете элек деп эсептейм. Революциянын тилектери уурдалып жатканы анык. Революцияны карапайым элдин уулдары кылса, үзүрүн башкалар көрүп жатканын кантип жашырабыз. 7 жыл ичинде элдин жашоосу оңолгондун ордуна, капчыктуулар капчыгын калыңдатты. Кийинки келчү президентке өтө оор болоору көрүнүп калды. Алгач, рево­люциянын баштапкы максаттарына көз чаптырып, башталып бүтпөй калган реформаларды жандандырыш керек. Кандай болбосун, өлкөбүздө тынччылык, бейкуттук болуп, элибизден биримдик качпасын!

Надира Нарматова, экс-депутат:

“ЧЫНЫГЫ КҮНӨӨЛҮҮЛӨР МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ТҮЗ СОТТОЛУП, АЙЫБЫ УГУЗУЛМАЙЫН ЭЛДИН КӨКСӨӨСҮ КАНБАЙТ

-2010-жылдагы апрель окуясы төңкөрүшпү, революциябы, көтөрүлүшпү, жети жыл өткөнү менен тарых барактарында такталып, баа бериле элек. Анткени, болуп өткөн кандуу окуяда 87 баланын, андан кийин көзү өткөндөрдү кошкондо 100дөн ашык өмүрү кыйылды. Миңдеген адамдар ошондо алган жараатынан майып болуп, ден-соолугунан ажырады. Эң негизгиси күнөөлүүлөр, себепкерлер мыйзам чегинде аныкталып, такталып, жоопкерчиликке тартылган жок. Сот иштери жүргөнү менен түз эмес, кыйыр түрдө тиешеси барлар жана эл алдында өздөрүнүн “моралдык жоопкерчилигим бар” дегендер түрмөгө олтурушуп, сот жообуна тартылышты. Ал эми негизги канды көксөгөн, кылмышкер экендиги так мойнуна, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган жок. Тек тана болжолдуу дооматтар менен сыртынан соттолгондор болгону менен аны бир жараткан Кудай билет. Кыскасы, тарых барактарына кара тамга менен жазылып калган кандуу окуянын тагдыры менимче жоопсуз, ачык бойдон келе жатат деп айтсак болчудай. Анткени, бул ачык , жоопсуз, жыйынтыксыз калган апрель окуясы темасына буюрса келечекте көптөгөн адамдар кайрылып, тактап өз ордуна коёт деген менде үмүт бар. Бирок, революция өз максатына толук жетти деп ойлобоймун. Өзгөчө өзгөрүү болуп кеткен жери жок. Тескерисинче, карызыбыз көбөйүп, элдин жашоосу күндөн-күнгө начарлап, кыйынчылык сезилип жатат. Анча-мынча иштер, проектилер башталганы болбосо, жыйынтыгы же конкреттүү түшүмү өлкөбүздө байкалып жаткан жери жок. Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн жоопкерчиликти өз моюндарына алып ошондогу берген анттары уруп кетпесе эле болду. Биримдигинин жоктугун көрсөтүп, бири-бирин чукулай башташты. Демек, арасында таза адам калбай калгандыгынын далили. Ырас ошондой болуп, өздөрү бири-бирин күнөөлөп далилдеп жатышса, биз кантип максатына жетти деп айтабыз. Болгону жети жылдан бери митингдер, жол тосуулар, айрым нараазычылыктар менен коштолгон тынчтык өкүм сүрдү. Мен 7-апрель майрам эмес, кандуу окуяны эскерүү деп түшүнөм. Ошондой эле күнөөлүүлөр так аныкталып, мыйзам чегинде түз соттолуп, айыбы угузулмайын, элдин көксөөсү канбайт.

 Нуразиз Шайырбек,“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү:

“АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ МАКСАТЫНА КАРШЫ КЕЛГЕН СӨЗ ЗРКИНДИГИН ЧЕКТӨӨ, САЯСИЙ КАМООЛОР ГҮЛДӨП ӨСҮП БАРАТАТ

– Жакында эле Американын Global Finance каржы басылмасы дүйнө жүзүнүн эң бай жана эң кедей өлкөлөрүн аныктап, рейтинг түздү. Анда Кыргыз­стан 148-орунга илинген. Башкача айтканда, дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн катарын толуктап жатабыз. Бул көрсөткүч атамбаевдик режимдин чабалдыгын, өлкөнү башкарууга жөндөмсүздүгүн көрсөтүп тургандай… 2010-жылы эл өлкөдө өнүгүү болсун, жакшы жашоодо жашасак, мамлекеттик бийликти президенттин айланасындагы бир ууч адам ээлеп алып, өз билгенин жасабаса деген үмүт-тилек менен көчөгө чыгып, Бакиевдик бийликти кетирген эле. Арадан 7 жыл өттү, өзгөрүү жок. Элдин үмүт-тилеги талаада калды. Учурунда Акаевдин балдыздарын Бакиевдин инилери алмаштырган сыяктуу, мамлекеттик бийликти Атамбаевдин айдоочусу, жан-сакчылары, катчылары, чарба башчысы жана кайниси ээлеп отурат. 7-апрель революциясынын негизги максатына каршы келген сөз эркиндигин чектөө, журналисттерди, адвокаттарды куугунтуктоо жана саясий камоолор күндөн-күнгө гүлдөп өсүп баратат.

 Бурулкан Карагулова, акын:

“7-АПРЕЛДЕ ЧЫНЫГЫ РЕВОЛЮЦИЯ БОЛГОН ДЕП ДА ЭСЕПТЕБЕЙМ”

– Революциянын үмүтү акталмак турсун мен 7-апрелди чыныгы револю­ция болгон деп да эсептебейм. Жөн эле көкүрөктөрүн окко тосуп туруп беришти. “Жатып өлгүчө, атып өл” деген бар. Аталбагандан кийин октон алыс туруш керек болчу. Бир нече эле адамдардын кызыкчылыгын калкалаган төңкөрүш болду.

 Руслан Бекназаров, “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү:

БАКИЕВДЕРГЕ ЭЛЕ АСЫЛА БЕРБЕЙ, МЕН ЭМНЕ КЫЛЫП ЖАТАМ ДЕП АЖО ӨЗҮНӨ ДА СУРОО БЕРСЕ ЖАКШЫ БОЛОТ ЭЛЕ”

– Революцияга катышкан адам ката­ры революциянын үмүтү акталган жок деп айтат элем. Тилекке каршы, рево­люциянын максат, тилектери орун алган жок. Себеби, биз революцияга жакшы жашоо, жаркын келечек, күчтүү мамлекет болот деп чыкканбыз. Бирок, 7 жыл өткөнү менен Бакиевдерди күнөөлөө менен гана отурабыз. Бакиевдер өз жазасын алып жатат. Элине, жерине келе албай, туугандары менен катташа албай азабын тартып жатышат. Эми аларга асыла бербей, “мен эмне кылып жатам?”- деген суроону ажо өзүнө да берсе жакшы болот эле. 4 жылдан бери экономикабыз көтөрүлдү деген менен электр энергиясы кымбаттап, тышкы карыз өсүп жатат. Жашоо күндөн-күнгө кым­баттап баратат. Мамлекетте алга жылуу жок. Кыскасы, революциядагы үмүтгөр акталган жок.

Булак: “Майданkg”

Премьер-министр Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө калкты кооптуу жайлардан тез арада көчүрүү иштерин тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 3-апрелде, 2017-жылдагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жазгы талаа иштерине карата даярдык тууралуу жыйын өткөрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өлкөнүн аймактарында болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар тууралуу толук маалымат берди. Ал министрдин орун басары аймактарда  жүргөнүн, ар бир ишти жеке көзөмөлүнө алып, келип чыккан маселелерди жеринен чечүү аракетин көрүп жатканын билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу баарыбыздын жалпы милдетибиз болгонун жана бул иштерге өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарыл экенин баса белгиледи.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-апрелиндеги №289 токтомунун негизинде жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү жоопкерчилиги райондордун жетекчилерине жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчыларына жүктөлгөнүн эскертти.

«Бүгүнкү күндө аймактарда ушул күнгө чейин коопсуз аймактарга көчүрүлбөгөн жарандар бар. Алардын арасында дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен коопсуз аймактарга көчүрүү иштерин камсыз кылуу зарыл», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр ошондой эле райондордогу жана айыл аймактарындагы өзгөчө кырдаалдар тууралуу облус жетекчилери билбегендигин айтып, алардын ишин сынга алды.

«Силер ушундай маселелерди чечүүдө ыкчам уюшкандыкта ишти чече албай жатасыңар. Бүгүн бул багытта силердин жасаган ишиңер ачык көрүнүп турат. Кээ бир райондордо суу арыктары тазаланган эмес, мында абал кийин калк жашаган аймактарда суу каптоого алып келип жатат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчысы тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилерине жана Өкмөттүк облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча бардык тийиштүү чараларды көрүп, ар кандай абалга даяр болууну тапшырды.

Ошондой эле облус жетекчилерине келип чыккан маселелердин убагында чечүү үчүн аймактардагы кырдаалдан улам, жер-жерлерде ыкчам штаб түзүүнү тапшырды.

ОшМЮИда Элдик революцияга арналган жумалык

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда элдик революцияга арналган жумалык башталды. Бул жумалык аталган жогорку окуу жайдын ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторовдун жетекчилигинде түзүлгөн атайын программанын алкагындагы түрдүү   иш чаралар менен коштолууда. Бул тууралуу ОшМЮИнин басма сөз катчысы Сабыр Буркашев маалымдады.

Жуманын алгачкы күнү 7-апрель-Элдик революцияга арналган ачык сабактар менен башталды. Анда окутуучулар студенттерди Алмазбек Атамбаевдин «Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү» Жарлыгы менен тааныштырып, айрыкча Апель революциясынын тарыхый мааниси жана ээлеген орду  боюнча кеңири маалымат беришти. Ачык сабактар жараянында студенттер өздөрүнүн Элдик революция боюнча кызыктырган түрдүү суроолоруна жооп алышты.
-Мындай иш-чаралардын уюштурулуп турушу жаштарыбыз үчүн илимий жана тарбиялык мааниси чоң-,дейт ОшМЮИнин ректору Э.Токторов.

Эми мындан ары жумалыктын ар бир күнү жогорку окуу жайдын факультеттеринде 7-апрель-Элдик революцияга арналган  тегерек стол, илимий конференциялар, тарыхый китептердин көргөзмөсү, студенттер жазган дилбаяндардын конкурстары менен  уланмакчы.

Жалал-Абад мамлекеттик университети 24 жашын белгиледи

Жалал-Абаддагы 15 миң 500дөн ашуун студентке билим берип келе жаткан  Жалал-Абад мамлекеттик университети 24 жашын белгиледи. Майрамдык салтанатка окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамааты жана суденттери, коомчулуктун, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Окуу жайынын ректору Кеңеш Усеновдун айтымында, аталган университет 1993-жылы атайын кесиптерге багытталган жогорку билим берүүчү окуу жай катар ишин баштаган. Бул жылдар аралыгында жалпы студенттерге билим жана тарбия берип, бул жерден билим алышкан жана билимдерин жогорулатышкан бир катар мугалимдер илимий жогорку даражаларга жетишти.

-Биздин бул майрамыбызды куттуктап келгендерге ыраазычылык билдирүү менен бирге, студенттерге окуудагы, жашоодогу ийгиликтерди каалайм. Ал эми мугалимдердин оор, ары түйшүктүү болгон иштерин жаңы изденүүлөр, ошондой эле  ийгиликтер коштосун. Биздин окуу жайыбыз өклөдөгү эң алдыңкы окуу жайларынан болоруна ишеним чоң, – дейт ал.

Салтанатка катышкан Жалал-Абад шаарынын вице-мэри  Айзат Раматиллаева учурда шаарда кандай гана иш-чаралар болбосун ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мугалимдери жана студенттери активдүү катышып келе жаткандыгын белгилеп,  окуу жайдын жалпы жамаатын  окуу жайдын 24-жыдыгы менен куттуктады жана  алдыңкы мугалимдерге шаар мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

 

Ажыга баруунун баасы кымбаттады

Быйылкы 2017-жылга Мекеге барып зыярат кылуу 160 долларга кымбаттаптыр. Ошондо жалпысынан алганда, буга чейин 2600 доллар менен зыярат кылып келүүгө мүмкүн болсо, быйыл 2760 долларга көтөрүлгөн. Бул кымбаттоону муфтият Араб өлкөлөрүнөн келген зыяратчыларга шарт түзүү менен байланыштырды. Башкача айтканда, зыяратчыларга шарт түзүү максатында Арафат аймагына күнгө, отко чыдамдуу чатырлар тигилет экен. Чындыгында Сауд Арабияда күн аябай ысыгандыктан, дайыма күндө жүрүү мүмкүн эмес.

Булак: “Фабула”

Базар-Коргон районунун  Чарбак айылында жер көчкү жүрдү

 

Бүгүн, 4-апрелде Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагына караштуу Чарбак айылынын Улачы участкасында эртең мененки саат 9-00дөр чамасында  көлөмү 50 миң метр кубду түзгөн жаңы жер көчкү жүрдү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Табигый кырсык адам өмүрүнө зыян алып келгени жок. Жаңы түшкөн жер көчкү Улачы участкасында жашаган, 1981-жылы туулган Нооман Чолоевдин жашап жаткан үйүнө жетип токтогон. Аталган үй-бүлөнүн беш адамдан турган мүчөлөрү  коопсуз жайга, туугандарыныкына көчүрүлүп чыгарылды. Жаңы жүргөн жер көчкү Курманбек Акматалиевдин 8 адамдан турган эки турак-жайына жана Өмүрали Асрановдун 7 кишиден турган үйүнө дагы олуттуу коркунуч жараткандыктан аталган 2 үй-бүлөнүн тургундары дагы коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат.

Могол айыл аймагына караштуу Улачы участкасындагы жер көчкүнүн жүрүшү күтүлгөн эмес болчу. Акыркы күндөрү жааган катуу жамгырдан улам бул жерде жер көчкүнүн жүрүшүнө алып келип олтурат. Базар-Коргон районунун Жарадар айылында 16 үй-бүлө жер көчкү жүрүүсү күтүлгөн коркунучтуу аймакта жашап жатышса, азыр 3 үй-бүлө коопсуз жайларга чыгарылып, калгандары дагы коопсуз жайларга көчүрүлүп жатат.

Бүгүн, 4-апрелде Базар-Коргон районундагы жер көчкү жүрүү коркунучу бар кооптуу аймактарда жашап жатышкан эл менен КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусндагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Айбек Бегимкулов жеринде калк менен жолугушуп, элге коопсуз аймактарга тез арада көчүп чыгуулары зарылдыгын белгилешип, калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Базар-Коргон району боюнча КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын адистери тарабынан изилденип аныкталган 67 кооптуу жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар аныкталган.

Укук, бизнес, билим берүү академиясынын студенттерине судья лекция өттү

2017-жылдын 29-мартында Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес, билим берүү академиясынын студенттерине “Экономикалык иштерди кароонун негизги маселелери” темасында лекцияны Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун төрагасы Мажитов Бакыт Омурзакович өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык сотунун пресс-кызматы маалымдады.

Областтын райондор аралык сотунун төрагасы Б. Мажитов теманы студенттерге түшүндүрүп, экономикалык иштерди кароодо теориялык билим практикада кантип ишке ашаарын, тараптардын сотко берген далилдерине жана жүйөлөрүнө мыйзамдын талаптарында көрсөтүлгөндөй кантип баа берилип, чечим кабыл алынаары тууралуу маалымат берди.

Студенттер лекцияда өздөрүнүн суроолорун беришип, экономикалык талаш-тартыштын пайда болуусунун себебин, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын кандай укуктарын жана эркиндиктерин райондор аралык соту коргогондугу жөнүндө жоопторун алышты.

Бул күнү белгиленген темадан сырткары, төрага Б. Мажитов студенттерге жаш кезинен эле мыйзамды сактоого жана сыйлоого чакырып, коомдогу ар кандай терс көрүнүштөгү топторго кошулбоого жана мыйзамдарды бузгандыктын кесепеттери тууралуу маек куруп берди.

​                                              ​

​                                              ​

 

“Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуу теориясы жана практикасы” аталышында ЖОЖдор арасында отурум болот

2017-жылдын 6-апрелинде саат 10:00дө Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде “Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуу теориясы жана практикасы” аталышында ЖОЖдор арасында отурум болот. Жыйынга КР Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, КР Билим берүү жана илим министрлиги, ЖОЖдун проректорлору, декан, кафедра башчылары, интеллигенция өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Күн тартибиндеги маселелер:

  1. Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык ылайык деңгээлдер боюнча окутуу теориясы жана практикасы боюнча ой бөлүшүү (баяндамачылар):
  • “ЖОЖдордо мамлекеттик тилди окутуудагы маселелер” З.Дербишева, ф.и.д. профессор.
  • “Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык окутуу теориясы” К.Биялиев, ф.и.д., профессор.
  • “Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди Кыргызтесттин талаптары аркылуу окутуунун ыкмалары” Б. Ставинская-Топоева, Кыргызтест башкармалыгынын жетекчиси
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди деңгээлдер менен окутуу практикасы” А.Исманкулова, Окуу-маалымат борборунун директору.

 

  1. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын ЖОЖдордо аткарылышы:
  • Ж.Баласагын атындагы КУУ (С.Тиллебаев. мамлекеттик тил проректору)
  • . К.Карасаев атындагы БГУ (С.Искендерова, мам тил проректору)
  • . И.Раззаков атындагы КТУ (Б.Төрөбеков, мам тил проректору)
  • . Н.Исанов атындагы КМКТАУ (А.Маданбеков, мам тил проректору
  1. Ар кандай маселелер

Бакиевдерге таандык болгон 47 обьектинин тогузу гана сатылды

-Кыргыздын карт тарыхына өчпөс кара так менен жазылып калган, элин аткан, эл жеринен безип качкан, качкын президент КурСалиевич Бакиев үй-бүлөсү менен бирге, инилери баш, баласы Максим төш болуп учурунда баскынчылык жол менен ээлеп алган үй мүлктөрүн, ири компанияларын бүгүнкү бийлик улутташтырып сатыкка койгону менен кыймылсыз мүлктөрдүн баасы чыкпай, ала турган кардар жок өтпөй келе жатат. Мамлекеттик мүлктөрдү көзөмөлдөгөн мүлк фонду Бакиевдерден калган имарат-ишканаларды менчиктештирүү үчүн кайра-кайра аукцион өткөргөнсүйт, бирок тилекке каршы сатып алууга арыз бергендер жок. Өкмөт бул жагдайды коомчулуктагы каржылык каатчылык менен байланыштырса, адистер талаштуу мүлктөрдү сатып алуудан инвесторлор чочулап жатканын белгилешүүдө.

Эске сала турган болсок, 2010-жылдан кийин улутташтырылган 47 объекттин бүгүнкү күндө тогузу гана сатылган, калганы сатыкка коюлуп, ээси табылбай өтпөй турганы маальм. Сатыкка коюлгандардын арасында Бакиевдердин Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылындагы 1,5 гектар аянты менен курулушу бүтө элек үч кабаттуу конок үйү, Бишкектин жогору жагындагы 12 гектар аймакты ээлеген Максим Бакиевге таандык делген 48 коттедж, ошондой эле “Мегаком” ишканасы бар. Мамлекеттик мүлк фонду бул объектилер буга чейин беш-алты жолу аукционго коюлганын, кардар табылбай өтпөй жатканын айтышат. Аталган фонддун билдирүүсүнө таянсак, мисалы, Максим Бакиевге таандык делген жогоруда айткан Бишкектен Кой-Таш айылын көздөй бараткандагы жол жээгинде жайгашып, катар тизилип, бири-бирине коёндой окшош салынган “Идеал Хаус” деген аталыштагы 48 коттедж турак жай комплекси ушуга чейин алты жолу сатыкка коюлуп, алам деген бир киши болгон эмес. Каралбагандыктан жыл өткөн сайын көз жоосун алган аталган кооз коттедждер эскирип, бүгүнкү күнү кирпичтери урай баштаганын өз көзүбүз менен көрүп келдик. Андан тышкары “Мегаком” компания-сы. Белгилүү болгондой, Мамлекеттик мүлк фонду “Мегакомду” жарнамалап, сатуунун аракетин көргөнү менен эч майнап чыкпай келет.

Ал эми 2010-жылдан бери улутташтырылып сатылган мүлктөргө токтолсок, Бакиевдерге таандык деп улутташтырылган мүлктөрдүн ичинен “Азияуниверсалбанк” азырынча эң кымбат сатылган объект болуп саналат. Ал 193 млн. сомго бааланып менчиктештирилген. Андан кийинки “Петрол групп” ЖЧКсынын 100 пайыз акциясы 170 млн. сомго бааланган. Ошондой эле “Бавария круиз” яхтасы 2 млн. сомго ээсин таап, эң арзан сатылган мүлк болуп калган. Акыркы беш жылдан бери Мүлк фонду 300 млн. сомго чукул каражатты Бакиевдин мүлктөрүн сатуудан тапкан. Мындан тышкары Өкмөт дагы бир катар ири ишканаларды сатыкка чыгараары маалым болгон. Алардын катарында “Нарынгидростройдун” 90 пайыз акциясы, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ААКнын 71 пайызы, “Чакан ГЭСтин” 100 пайызы, “Континент принт” ЖЧКнын 65 пайызы, “Ташкөмүр”, “Каприз” жана башка обьекттер бар. Бирок азырынча бул боюнча Өкмөт негедир үн катпай турат. Мамлекеттик мүлк фондунун айтуусуна караганда, аталган ири мекемелерди азырынча баалоо иштери жүрүп жатыптыр. Жогорку Кеңеш депутаттары сатууну туура көрүп колдоп берсе, бул мүлктөр дагы жакын арада сатыкка коюлаары айтылууда. Бул боюнча биз Мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаковго кайрылганыбызда, ал бул маалымат боюнча кол астында иштеген кыз жооп берээрин айтып, өзү жооп берүүдөн баш тартты. Кол алдындагы кызга кайрылганыбызда ал маалыматты азыр тактап берем деген боюнча жок болду. Эмнеге алар биздин суроолорубузга жооп бергенден качышты биз түшүнө алган жокпуз. Убагында Максим Бакиев жашаган, 7-апрелде өрттөлгөн Исанов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бакиевдерден калган үйгө барганыбызда үйдө киши жашап жаткан сыяктуу, короодо кир жайылып турат, эшигин каксак үй ичинен эч ким чыккан жок. Апрель окуясынан кийин аталган үй убактылуу КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин карамагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар баш калкалап туруу үчүн берилип, кийин алар чыгарылган эле. Азыр ким жашап жатканы белгисиз. Ал үйдүн тагдыры келечекте кандай болот, аны да биле албадык…

Искендер Шаршеев, экономикалык эксперт:

– Алгач Бакиевдин мүлктөрү сатыкка коюлганда көптөгөн инвесторлор сатып алууну каалап жатышкан. Бирок конкурска катыша келгенде сатып алуу оңой эмес экенин түшүнө башташты. Анын үстүнө кызыкчылыктар кагылышынан улам бул объекттерди сатып алууга аракет кылган өзүбүздүн эле адамдар аукционду өткөрбөөгө кызыкдар.

Улутташтырылган мүлктөрдүн айрымдары мамлекеттик мекемелердин балансына өткөрүлүп берилген. Маселен, Спорт агенттиги, Маданият министрлиги, Жалал-Абад администрациясы, Конституциялык сот жана Жалал-Абад прокуратурасы айрым имараттарды колдонуп жүрөт. Ошондой эле Бакиев жана анын жакындарына таандык кымбат баалуу унаалар 2010-жылы эле Президенттин иш башкармалыгына, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана УКМКга берилген.

Булак: “Фабула”

Видео - Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы Садыр Жапаров тууралу видеотасманы таратты

Бүгүн, 4-апрелде КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы N47-түзөтүү абагынын ооруканасында дарыланып жаткан оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров тууралу видеотасманы таратты.

 

Меню