Menu

КООМ

4-апрелде калаанын айрым жерлеринде таза суу токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, эртеӊ 4-апрелде саат 9:00дон 20:00го чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Батыш» суу алгычын оӊдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу Садыгалиев, Профсоюз, Фучик көчөлөрүндө жана темир жол сызыгы чектешкен жерлерде, анын ичинде: «Кызыл-Аскер», 110 квартал, жаӊы конуштарында, «Достук» кичи районунда, «Шоро» ЖАКда, «Жашылча», «Нургаз»,  «Глобал Групп» ЖЧКларында, Улуттук гвардиянын бөлүмдөрүндө, «Алтын Тамыр» ЖАКда, «Кыргызконьягы»,  «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКларында, «Транс Союз Азия» ААКда, «Кыргызмебель» ААТКда,  «Бишкек-Петролиум» май куюу жайында, КР ИИМ атайын мектебинде, Сельсовет көчөсү боюнча №1 ҮМБ филиалында, Кайназарова көчөсүндөгү  Республикалык наркология борборунда,  «Илбирс» АК №4 филиалында,  «Ак Жол» ЖЧКсында,  «Асскон» ААКда,  №№15, 49, 50, 54 орто мектептеринде, №159 бала бакчасында,  «Полибетон» АКда,  «БПП Резьби» ЖЧКсында, №1 мектеп-интернатында, Газ шаарчасы жана анын буу казанында, аскер шаарчасында, П.Лумумбы көчөсү боюнча аскердик бөлүктө жана анын буу казанында, Чүй проспектиси боюнча райондун буу казанында, Л.Толстой көчөсү  234 дарегинде, П.Лумумбы көчөсүндөгү УКМКда,  Батыш  РЭС,  «Бишкек Эткомбинат» ЖЧКсында, Кондитердик фабрикада, Ленин районунун аскер комиссариатында, «Фрунзе-Плюс» гипермаркетинде таза суу берилбейт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана мекеме, уюмдарды таза суу камдап алууларын суранат.

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылынын КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына шашылыш Кайрылуусу

Кечээ, 2-апрелдин таңында экс-депутат Садыр Жапаров Бишкектеги N1-тергөө абагынан кескиленген жаракаттары менен, оор абалда  N47-абактагы ооруканага которулганы белгилүү болду.

Коомчулук бул кабарды, азыр абакта кармалып жаткан Садыр Жапаровдун өз эркинен ажыратылган абалда, мамлекеттик юрисдикциянын калкалоосу астында туруп, ага физикалык кепилдик камсыз кылынбаганына үрөйү учуу менен кабыл алды.

КР Жогорку Кеңешин өзүнүн парламенттик көзөмөл фуңкциясынын алкагында Садыр Жапаровдун жаракаттары кандай шартта, кандай мүнөздө жасалганын тыкыр медициналык документтештирүүнү кепилдөөгө чакырабыз.

Бул максатта КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Садыр Жапаровдун ден соолугун иликтөө үчүн мекемелер аралык врачтык комиссияны түзүп, ал комиссия мындай учурларды документтештирүү боюнча эл аралык стандарттардын – Стамбул протоколунун негизинде иш алып баруусу керек.

“Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы Садыр Жапаровго жана анын тарапкерлеринин митингине катышып кармалгандарга коопсуздук кепилдигин камсыз кылууну талап кылат.

“Конституциялык кеңешме үчүн”  кыймылы

Каныбек Осмоналиев Алмазбек Атамбаевге: "Чеке жазылып, ичим жылыган жери жок, тилекке каршы!"

Кыргызстан  элине жана Президент Алмазбек Атамбаевге

 КАЙРЫЛУУ

Урматтуу калайык!

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

 Быйылкы, 2017 жылдын күз айында  Конституцияга ылайык  өтө турган, эл  жакшы үмүт  менен күтүп жаткан Президенттик шайлоонун мааниси өлкөбүздүн жаңы тарыхында эбегейсиз зор окуя болорун сезип, туюп турабыз. Мен айтаар элем, бул иш чара биздин  элдин келечектеги тарыхында   эң чоң чечүүчү  ролду ойнойт, деп. Анткени, 1991 жылдан тарта  эгемен болгонубуздан бери карай  биринчи жолу өлкө башчысын атаандаштык жол менен тынчтык шартта шайлаганы турабыз! Буга чейин шайлоо кандай болду? 1991, 1994 (референдум), 1995,  2000, 2003 (референдум) жылдардагы прези-денттик шайлоо-референдумдар күчүркөнтүү, зордуктоо, ал эми андан кийинкилери элдик толкундоолордун шарапаты менен байланышып келди! Президенттик шайлоо деген жөнөкөй карапайым эл үчүн маанилүүлүгүнө караганда опурталдуулугу көбүрөөк боло тургандыгы басымдуулук кыла баштады! Эмне үчүн? Ар бир президенттин оң жана терс башкаруучулук  доорлору өттү.  Башкаруунун табияты ошондой дейли. Мейли! Каниет кылалы! Бирок, элдин турмушунда жакшы өзгөрүүлөр болдубу? Ким оң жооп бере алат? 26 жылдан бери Кыргызстан кандай шартта жашап келди? Дүйнөнү кандай өзгөчөлүгүбүз менен өзүбүзгө көңүл бура алдык! Аналитиктердин тыянагы боюнча “эркиндик жана демократия аралчасы”, “түстүү революциялардын мекени” ж.б пафостук аталыштарга ээ болуптурбуз. Анан Россия, Казакстан, Европага жана андан аркы мамлекеттерге эмгек кылууга көпчүлүк жарандарыбызды жайылтып жибериптирбиз. Бирок, мен ал мекендештеримди анык патриот жана өзүнүн ак эмгеги менен күн көргөн, чыгаан,  таза инсандар деп айтам! Алардын жардамы менен гана элибиздеги күндөн-күнгө өтө жукарып бара жаткан социалдык жарылуусу “эптеп-септеп” кармалып турат!

Бүгүн Кыргызстандын негизги проблемалуу экономикалык  көрсөткүчтөрү кандай?  Аны элдин бардыгы эле билет. Мен эң көйгөй жараткандарын гана мисал кылайын!

Кыргызстандын жалпы карызы Финансы министрлигинин билдирүүсүнө ылайык 2017 жылдын 7 февралына карата 4 млрд 92,7 млн АКШ долларын түзүптүр. Анын ичинен 3 млрд 763 млн $ тышкы карыз, ал эми 309,7 млн $ ички карыз. Мындай көрсөткүч өлкөбүздүн ИДПнын 64% ын түзөт экен! Сырттан карыз алуу аракетибиз жылдан-жылга көбөйүп бара жатыптыр. Бүгүнкү күнгө чейин инвестициялык стратегиябыз жок экен! Алынган кредиттерди коротуу боюнча эсеп-кысабыбыз дагы элге түшүнүксүз! Кудайы сурап жүрүп өнүгө алабызбы?

2017 жылдын башында Россиянын Федералдык кызматынын билдирүүсүнө ылайык Кыргызстандын эмгек мигрантарынын саны 553миң 910 адамга жеткен. Бул расмий маалымат. Бейрасмий пикирлер боюнча бул көрсөткүч   1 млнго жетет делинет.Акыркы жылдары Россиядагы тажик жана өзбек  эмгек мигранттарынын саны айына тиешелеш түрдө 3,8  жана 4,1 % га азайса, кыргыздардын саны, тескерисинче, бир айда 2% дан көбөйүп келет!  Ал эми өлкөбүздүн  Миграциялык кызматы  рассмий түрдө Казакстандагы кыргыз мигранттарынын санын 100 миңге жакындаштырып берип келишет.  Жарандарыбызды чет мамлекетке жамыратып айдап жиберип өнүгө алабызбы?

Сырткы соода – ар кандай эле өлкөнүн экономикасынын абалынын индикатору болуп эсептелетМен Кыргызстандын эгемендик алгандан берки экспорт, импорт, сырткы соода мамилелеринин сальдосун кунт коюп изилдеп келем. Респуликабыздын аймактарынын жалпы эле сырткы соода жүгүртүүлөрүбүзгө болгон  катыштыктарын жана салым-үлүштөрүн тыкыр баамдадым.  Чеке жазылып, ичим жылыган жери жок, тилекке каршы! Бүгүнкү күнү соода балансыбыз терс сальдого ээ болуп, көлөмү 814,8 млн $ ды түзүптүр! Өтө начар көрсөткүч. Башка цифраларды келтирүүнүн деле зарылдыгы жок. Импорттун жардамы менен өнүгө алабызбы?

Кыргызстандын экономикасы, негизинен, өндүрүштөн жана кызмат  көрсөтүү сферасынан тураары айгине. Өндүрүшүбүз энергетика менен кен байлыктарды казып алууга таянат. 90-чу жылдары одоно жол менен деиндустриализацияны ишке ашырып, чет элдик аферисттик “Песак” программасын колдоп, натыйжада, 1990-2001 жж. ИДПбыз 10,35 эсе төмөндөдү. Мисалга, ошол эле учурда Өзбекстандыкы 3,45 эсеге эле түшкөн. Айыл чарбасында колхоз-совходорубузду толук талкалап,  ага альтернативдүү эч нерсе түзгөн жокпуз. Жеке фермерлердин өз маңдай терин төккөн   аракеттерин айтпаганда! Туризмди эффективдүү индустрияга айланта албадык.  Ал дагы спон-тандуу жол менен жашап келет. Бажы жана салык саясаттары толугу менен коррупциянын сазына баткан! Бюджетке анча-мынча эле үлүшү түшөт. Мамлекеттик менчик ишканалардын 80%нан ашыгы приватташтырылган. Алардын жыйынтыгын бардыгыбыз билебиз. Ошол мүлктөр менен жер үлүштөрү калктын жалпы санынын  10% на жетпеген “ишмерлердин” колунда экен. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Россия менен Казакстандын экономикасынын эле саркындысы болуп калганыбыз ачуу чындык! Экономикабыздын ушундай саясаты менен өнүгө алабызбы?

Эгемен Кыргызстандын эң кейиштүү кешпири калктын социалдык аба-лынан даана байкалат. Мен статистиканын айныгыс фактылары менен сиздерди көп эле кыйнай кыла бербейин!  Аларды бардыгыбыз билебиз!  Билим берүү, илим, маданият, дин  саламаттыкты сактоо жааттарындагы көйгөйлөрдү тынбай эле жазып, айтып келем. Жалпы интеллигенция өз табиятына мү-нөздүү болгон сабырдуулук менен күн кечирип келет. Эл аралык рейтингдерге жана өтө эле оркоюп көрүнүп калган гана цифраларга  гана көңүл бурайын! БУУ нун алдында өтө таасирлүү эл аралык Sustainable Development Solutions Network компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасы бактылуу жашоо деңгээли боюнча 157 өлкөнүн ичинен 85 орунду ээлеп, кошуналарыбыздын ичинен эң бактысыз эл экенибиз белгилениптир. Кыргызстандыктардын 10%ы өтө же өлө бай, 60%ы ортозаар, ал эми 30%ы өтө же өлгүдөй кембагалдыгы кашкайтып көрсөтүлүптүр! Ошондон бир аз дурус  бааны бизге 2012 жылы  жылдын 10 апелинде АКШнын Колумбия университетинин эксперттери бергени эсимде! Демек, биздин “бактысыздыкка кулоо ылдамдыгыбыз” дагы эле жогору экен! Башка сөз менен айтканда, ИДПды жан башына бөлө келсек, эч кандай өсүүбүз жок болуп чыгат! Элибиздин са-ны өсүүдө! Инфляция өсүүдө! Доллардын курсу дагы өсүп келет! Инфляция менен доллар курсунун өсүүсү калкыбыздын турмушун төмөндөтүүдө! Башкача кандай жыйынтык чыгарууга болот? Демек, мындай социалдык саяса-тыбыз менен өнүгө алабызбы?

Жогорудагы көрсөтүлгөн өлкөбүздүн абалы алдыдагы турган Президенттик шайлоого кандай таасирин тийгизет? 26 жылдан бери эч  кандай жылыш болбоптур.  Эки революция же төңкөрүш жана  кандуу Аксы окуясы менен Ош кыргыны орун алыптыр! Ушу аянычтар менен экономикалык кризисибизди  эгемендүүлүктөгү активибизге киргизебизби? Бардыгын биз байлык менен бийликти өтө жакшы көрүп, аларды чыныгы баалулуктар катары көрүп алганыбыз менен түшүндүрүшүбүз керек, го!  Башка себеп жок! Бийлик менен бизнести жуурулуштуруп кармап келгендигибиз себеп болуп жүрбөсүн! Мамлекеттин, өкмөттүн негизги милдеттерин унутта таштап коюп? Кайсы саясатчы ошол  элди онтолоткон псевдокасиетти катуу кармап келсе, ошону ийгиликтүү “азамат жана кыйын” деп келдик! Этегине жармаштык. Жасакерленип, бийликтин түрдүү бутактарын ээлөөгө шарт түзүп колдоп бердик. Натыйжасын көрүп жатабыз! Мамлекеттик башкаруунун шал болгон формасын кечирүүдөбүз. Билими жок кадрлардын жетегинде калдык! Алдын, үй-бүлөөлүк, тууганчылык, абийирсиз жегич кландарга баш ийсек, эми партиялык ж.б. жакындык, “бири-бирин кыйышпас” төбөлдөрдүн алдына таазим берип калды, эл!

Ушундай саясий парадигма менен 2017 жылдагы Президенттик шайлоого кирип бара жатабыз! Ойлогонубуз эле бийликти алып же  аны колдон коё бербей мамлекеттик ресурстун эгедери болуп отура бермей.  Жашоонун бардык тармактары ушуга баш ийдирилиши керек. От менен ойноп жаткан жокпузбу? Президенттик шайлоонун булганыч өтүлүшү Кыргыз Республика-сынын мамлекет катары жок болуп кыйрашынын башаты болуп калаарын туюп жатабызбы? Же кандай жол менен болсо дагы бийлик меники болуш керек деген сокур аракет күчүндөбү, кээ бирлер үчүн? Аягы эмне болот? Түрдүү жосунсуз жоруктар менен жыйналган байлык-мүлк талоонго түшүп, чы-ныгы Элдик Көтөрүлүштүн себеби болуп калбайбы, ошолор? “Сен томояксың! – деп кекээр сүйлөгөн ууру, коррупционер “бай сөрөйлөр” калктын ичиндеги кагылышуунун чордонуна айланып калбайбы? Кудай сактасын!

Ошондуктан, алдыдагы  Президенттик шайлоо жалпы жумурият үчүн эң жооптуу жана таза өтүлүшү абдан маанилүү.  Кыргызстан өзүнүн тары-хында чоң бурулуш алдында турат! Болочок Президенттин адамдык сапаты бийик болуп, Мекен үчүн  чыныгы күйүмдүүлүгү, карапайым-жупуну жашоосу, адилеттүүлүгү, акылдуулугу кыргыз элинин көксөгөн талабы болуп турат!  Ошондой сапаттагы инсандар  барбы элибизде?  Менимче толтура!  Аны калыс тандап, калың катмардын ичинен сууруп чыгуу жана ага эриш аркак болуп, колдогон  аракеттерибиз гана келечегибизге жол ачат!

Кыргыз Республикасынын келечегине кайдыгер болбогон ар бир жаранды бир тууганы катары сыйлаган, профессор Каныбек Осмоналиев

2 апрель, 2017 жыл

“Мекенчил” партиясынын теңтөрөгасы, жаш саясатчы Мелис Аспеков кайрадан камакка алынды.

Аспековдун жактоочусу (адвокат) Динара Медетованын айтымында, азыр Мелис “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №48 мекемесинде”. Администрациянын айтымында, Аспеков 25 март күнү, Садыр Жапаровдун колдоо митингинде медициналык маскачан байкалган, бул ички тартипти бузууга жатат деп түшүндүрүштү. Ошол себептен Аспековго сөгүш (выговор) жарыяланып, андан тышкары ортодогу иш келишимди жокко чыгарышып, мындан ары калган жаза мөөнөтүн №48 жатак абагында улаанарын билдиришти.
Аспеков, жок, мен митинг күнү үйдө болгом, эч жакка барган эмесмин, деп туруп алса болмок. Эч ким далилдеп бере алмак эмес, капюшон менен маска кийип турган адамдын көзү эле көрүнөт да. Бирок “Биздин партиянын лидерин, мыйзамсыз чек ара бекетинен уурдап кетип жатышса, кайсыл бетим менен мен үйдө чыдап олтурам”  деп көнбөй койду. Азыр Мелистин акыбалы стабилдүү, болгону Мелис бир канча китеп жана тартынгыч (турник) жазаганга электрод менен керектүү тетиктерди алып келишин суранды, деп жактоочу Динара Медетова кошумчалады.

Улуттук банк финансылык сабаттуулукту жогорулатуу ишин улантууда

Улуттук банк Германия аманат кассасы фондусу менен биргеликте 2017жылдын 28-мартынан 30-мартына чейинки аралыкта орто мектептердин мугалимдерин финансылык сабаттуулук негиздерине окутуу тренингинин экинчи баскычын ишке ашырды. Тренингдер Токмок шаарындагы А.С. Пушкин атындагы № 1 мектеп-гимназиясынын жана Кара-Балта шаарындагы № 6  мектеп-гимназиясынын базасында өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Республика аймагында 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейин республиканын бардык региондорунда өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында  каралган бул иш-чарага Чүй областынан 88 мугалим катышкан.

2016-жылдын июнь айында финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерди даярдоо программасынан өткөн орто мектептердин 17 мугалими тренер катары иш алып барган. Алардын ичинен сегизи Эпштайн шаарында (Германия) Аманат кассасы фондусу академиясынан кошумча даярдыктан өтүшкөн.

Тренингдердин алгачкы эки баскычы Бишкек шаарында күзгү жана жаңы жыл алдындагы эс алуу учурунда өткөрүлүп, андан 180 мугалим билим деңгээлин жогорулатууга жетишкен.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

Германия аманат кассасы фондусунун «Банк иши. Банк кызматкерлерин дуалдык кесиптик окутуу» долбоорунун алкагында жаңы иш багыты – калктын, атап айтканда мектеп жашындагы балдардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы ишке ашырылып жатат. Долбоор Улуттук банктын бул багыттагы алгачкы долбоору болуп саналат жана Германия аманат кассасы фондусу менен Улуттук банк ортосунда узак мөөнөттүү кызматташуу меморандумунун алкагында 2015-жылдан бери ишке ашырылып келет. Долбоор жаш адистерди банк иши жагында окутуу максатын көздөйт.

В Бишкеке прошла игра КВН на Кубок мэра столицы

В День смеха – 1 апреля в Кыргызском национальном драматическом театре им. Т. Абдумомунова состоялась игра КВН Кыргызстана на Кубок мэра города Бишкек-2017. Об этом сообщила пресс-служба мэрии г. Бишкек.

Поддержать команды пришел вице-мэр города Бишкек Эркинбек Исаков, который поблагодарил всех участников за незабываемый вечер юмора и смеха и поздравил Днем основания КВН Кыргызстана.

За право обладания кубком боролись сборные команды города Кара-Балты, “Своя волна” КГТУ имени Раззакова, женская команда БГУ имени Карасаева, команда “Табирис” из Алматы (Казахстан) и мужская команда БГУ имени Карасаева.

По итогам игры победителем стала команда “Табирис” (Казахстан). Эркинбек Исаков вручил победителям главный приз – Кубок мэра города Бишкек и поздравил с заслуженной победой.

Меню